ЖобоКүчүндө

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

3-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна)

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 жана 97-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана товарларды чыгарууга чейин аларды убактылуу сактоо жерлери өзгөргөн учурларын, башка жерлерге товарларды убактылуу сактоого уруксат берүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампаларына жана товарларды убактылуу сактоо үчүн башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматты берүүнүн тартибин, товарларды убактылуу сактоо кампасына (кампасынан) жана товарларды убактылуу сактоонун башка жерлерине, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары-Мыйзам) белгиленген маанилерде берилген.

3. Кодексте белгиленген учурларда убактылуу сактоо бажы жол-жобосу алмашып жаткан товарларга колдонушу мүмкүн.

4. Бажы контролунда убактылуу сактоодо турган товарларга карата товарлар убактылуу сактоо кампасына иш жүзүндө коюлгандыгына же бул Жобонун 6-главасында аныкталган жайларда, ушул максатта атайын бөлүп берилген жана жайгаштырылган убактылуу сактоо кампасында тургандыгына карабастан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, товарларды чыгарганга жана башкарууга алганга чейин аларды жайгаштыруунун, сактоонун жана товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн тартибин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.

5. Бажы контролунда товарларды убактылуу сактоо төмөнкүдөй түрдө болушу мүмкүн:

- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген бажылык контролдоо зоналарындагы бажы контролунда болушу;

- убактылуу сактоо кампасында болушу;

- бул Жободо аныкталган башка жайларда болушу.

6. Товарларды башка жерлерде сактоо ушул Жободо каралган талаптар сакталган шартта жана учурларда жол берилет.

2. Транспорттун ар кандай түрү менен ташып келген товарларды убактылуу сактоо кампасында жайгаштыруунун жана убактылуу сактоодо турган товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартиби

7. Товарларды убактылуу сактоого коюу максатында тийиштүү жак убактылуу сактоо кампасынын (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоо жеринин) иштешин контролдоочу бажы органына товарларды ташыган (транспорттогон) транспорттун түрүнө жараша Кодекстин 100-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды көрсөтөт жана (же) электрондук документ түрүндө берилген транзиттик декларациянын каттоо номери жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди көрсөтөт.

Аталган маалыматтар жана документтер Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарлар келген учурда же транзиттик декларацияны түзүүдө бажы органына көрсөтүлсө, тийиштүү жак бажы органына эркин формада түзүлгөн жана ушул документтердин реквизиттери жөнүндө маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү кайрылууну берет.

Мындай документтер бажы органына электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

8. Чет өлкөлүк товарлардын кыймылын эсепке алуу максатында кайрылууда көрсөтүлгөн маалыматтын же берилген документтердин негизинде бажы органынын кызматтык адамы Кодекстин 100-беренесинде көрсөтүлгөн документтер берилген учурдан тартып 1 сааттан кечиктирбей ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген формада убактылуу сактоо документин түзөт (мындан ары - УСД).

УСДны түзүү бажы органдарынын маалыматтык системасын колдонуу менен ишке ашырылат.

9. Бажы органынын маалыматтык системасы УСДны каттайт жана ага каттоо номерин берет.

10. УСДны каттагандан кийин бажы органынын кызматтык адамы товарларды убактылуу сактоого жайгаштырган адамга өздүк номерлүү мөөр жана кол коюлган УСДнын кагаз жүзүндөгү нускасын берет.

Эгерде товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн зарыл болгон документтер бажы органына электрондук түрдө берилсе, УСДнын катталганы жөнүндө ырастоо электрондук түрдө берилет.

11. Товарларды убактылуу сактоо кампасына жайгаштыруу бажы органы УСДны каттагандан кийин жүргүзүлөт.

12. Ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоо жерлерине жайгаштыруу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилген товарларды копшогондо, бажы органы УСДны каттагандан жана ошондой эле ушул Жобонун 6-главасына ылайык бажы органынын тийиштүү уруксатынан кийин жүргүзүлөт.

Бул максатта кызыкдар тарап же убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоо жерлеринде товарларды убактылуу сактаган адам) товарларды жана транспорт каражаттарын бөлмөлөргө же убактылуу сактоо кампасынын ачык аянтчаларына (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жерине) иш жүзүндө жайгаштыруу боюнча чараларды көрөт.

13. УСД бажы органы тарабынан катталган күндөн тартып товарлар убактылуу сактоодо турган болуп эсептелет.

14. Темир жол транспорту менен ташып келген товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:

1) карамагында темир жол участогу жана/же контейнердик аянтча жайгашкан адамдын суроо-талабы боюнча темир жол транспорту менен ташылып жаткан товарларды темир жолдо жана/же контейнердик аянтчада турган транспорт каражаттарына түздөн-түз ташып түшүргөнгө чейин жайгашкан жери бажы органдары менен макулдашылган, убактылуу сактоо кампасы болуп эсептелбеген жерлерге убактылуу сактоого уруксат берилет.

Аталган жерлер бажылык контролдоо зонасы болуп эсептелет. Карамагында темир жол участогу жана/же контейнердик аянтча болгон адам товарлардын сакталышын камсыз кылууга жана аларга бөтөн адамдардын жетпей тургандыгын, ошондой эле бажылык контролдоо зонасы болуп эсептелген жерлерди бажылык контролдоо зонасын түзүү жана белгилөө тартибинде каралган белгилер менен белгилөөгө милдеттүү.

2) темир жолдо бажылык контролдоо зонасында турган транспорт каражаттарында сактоодо турган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо турган катары каралат. Товарларды жүктөп түшүрүүгө жана аларды каалаган башка жерге которууга бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

3) товарларды алуучуга темир жол станциясынан товарларга болгон документтерди тапшыруу станциянын товардык конторасы тарабынан жазуу же электрондук формада документтерди жана маалыматтарды берүү аркылуу бажы органын кабарлагандан кийин жол берилет. Маалыматтарды берүү фактысы станциянын товардык конторасынын кызматтык жактары тарабынан журналда чагылдырылат, анын формасы бажы органы жана темир жол станциясы тарабынан белгиленет.

4) бажы органынын кызмат адамы станциянын товардык конторасы берген документтердин жана маалыматтардын негизинде УСДны толтурат.

5) бажы органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрү жок болгон темир жол станцияларында станциянын жумушчулары товарлардын келгендиги тууралуу бажы органдарына кабар беришет. Жооптуу кызматкерлерге кабар берүүнүн формасы, тартиби жана милдеттүү минимумдук маалыматтардын тизмеси станциянын жана бажы органынын начальниктери тарабынан станциянын жана бажы органынын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.

15. Аба транспорту менен ташылуучу товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:

1) товарлар аба кемеси менен келгенде товарларды аэропорттун аймагында уюштурулган убактылуу сактоо кампасына коюу жана аларды убактылуу сактоо кампасынан берүү ыйгарым укуктуу кызматтар жана убактылуу сактоо кампасынын ээлери менен биргеликте бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2) аэропортто аба транспорту менен ташып келген товарлардын кыймылын эсепке алуу максатында, авиа транспорт келгенде аэропорттун администрациясынын кызматкерлери бажы органынын кызмат адамына кабар берип, документтерди өткөргөндөн кийин бажы органынын кызматкери тарабынан УСД түзүлөт.

16. Убактылуу сактоодо турган товарларга карата ыйгарым укугу бар адамдар мындай товарлардын өзгөртпөй сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл операцияларды жасоого, анын ичинде товарларды кароого жана өлчөөгө, аларды убактылуу сактоо жеринин чегинде которуштурууга укуктуу.

Ушул пункттун биринчи абзацында аталган операциялар, анын ичинде товарлардын сынамын жана (же) үлгүсүн алуу, бузулган таңгактарды оңдоо, товарлардын санын жана (же) мүнөздөмөсүн аныктоо үчүн таңгактарды ачуу, ошондой эле товарларды кийинки ташууга (транспорттоого) даярдоо үчүн зарыл операциялар бажы органынын уруксаты менен жасалат.

Ушул пункттун экинчи абзацында аталган операцияларды жүргүзүүгө уруксат товарларга карата ыйгарым укугу бар адамдын операцияларды жасоого жазуу жүзүндөгү суроо-талабын бажы органынын дарегине жөнөткөн учурда, эгерде аталган операцияларды жасоо товарлардын абалын жана мүнөздөмөсүн өзгөртүүгө алып келбесе, бажы органы тарабынан берилет.

3. Товарларды убактылуу сактоо кампасында жайгаштыруу жана сактоо

17. Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө тыюу салынган, Кодекстин 51-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан кармалган товарларды токтоосуз чыгарып кетүү жүзөгө ашпаса же мүмкүн болбосо, алар убактылуу сактоо кампасында же ушул жобонун 6-главасында аныкталган, бажы контролунун зоналары болуп саналган жерлерде товарларды ташыган адамдын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайгаштырылышы мүмкүн.

18. Башка товарларга зыян келтирүүчү же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар убактылуу сактоо кампасынын атайын ыңгайлаштырылган кампаларда (идиштерде) сакталууга тийиш.

4. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү

19. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн эсептөө бажы органы УСДны каттагандан кийинки күндөн башталат.

20. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү, Кодекстин 101-беренесинде аталган учурларды кошпогондо, төрт айды түзөт.

21. Убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күнү бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул жобонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөн фактысы жазылган актынын таризделишин (эки нускада) камсыз кылат. Акттын экинчи нускасы товарлардын ээсине (эгер ушул адам бажы органы тарабынан аныкталса) кол коюлуп, жеке өзүнө же почта аркылуу жөнөтүү жолу менен (берилгендиги жөнүндө кабарлап) тапшырылууга тийиш. Акттын көчүрмөсү убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоо жеринде убактылуу сактаган адам) кол коюлуп берилет.

22. Убактылуу сактоо мөөнөтү өткөн товарлар Кодекстин 51-главасына ылайык бажы органы тарабынан кармалат. Кодекстин 379-беренесинде каралган учурларда товарларды сактоо Кодекстин 380-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

23. Кодекстин 51-главасына ылайык кармалган жана (Кодекстин 101-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо) кийин аларды бажы жол-жобосуна коюу үчүн убактылуу сактоого кайтарылган товарлардын убактылуу сактоо мөөнөтү ушул товарлар кармалды деп саналган мөөнөттү эсепке албай эсептелет.

24. Бажы органдары тарабынан Кодекстин 379-беренесинде белгиленген негиздер боюнча кармалган жана Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Кодекстин 381-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан талап кылынбаган товарларды башкаруу алардын сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Убактылуу сактоо кампасынан товарларды берүү

25. Убактылуу сактоо кампасынан (товарларды ушул нускаманын 6-главасында аныкталган убактылуу сактоо жеринен) товарлар төмөнкү учурларда берилет:

а) товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда;

б) товарлардын үлгүлөрүн жана сынамдарын алууда;

в) бузуулар жөнүндө иш жана жазык иши боюнча өндүрүштүн алкагында процесстик аракеттерди жүзөгө ашырууда;

г) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган товарларды кайра ташып чыгууда;

д) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан товарларды ташып чыгууда, эгер ушул товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенден кийин Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу жеринен чыкпаса;

е) товарларды башка убактылуу сактоо кампасына же башка убактылуу сактоо жерине которгондо;

ж) көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы алынган товарларды кайтарып берүү жөнүндө чечимин чыгарганда;

з) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка учурларда.

26. Эгерде убактылуу сактоо кампасы жабылса, убактылуу сактоо кампасынан (товарларды ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жеринен) товарларды ташып чыгуу жана берүү, убактылуу сактоо кампасынан товарларды которуштуруу бажы декларациясынын жана ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга ылайык таризделген башка документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.

27. Бажы органы 1 сааттын ичинде убактылуу сактоо кампасынын ээсин (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жеринде товарларды убактылуу сактаган адамды) электрондук программалык каражаттарды колдонуу менен (аларды колдонуу мүмкүн болбогон учурда - электрондук почтаны жана(же) факсимилдик байланышты колдонуу менен маалыматтарды берүү аркылуу) ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө фактысы жөнүндө маалымдайт.

28. Товарды бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырган адам убактылуу сактоо кампасынын аймагынан товарларды ташып чыгууга чейин 1 саат мурда транзиттик декларациянын көчүрмөсүн убактылуу сактоо кампасынын ээсине берет.

29. Убактылуу сактоо кампасынан (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоо жеринен) Мыйзамдын 189-беренесинде көрсөтүлгөн товарларды берүү Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

30. Убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоо жеринен) бузуулар жөнүндө иштер жана жазык иштери боюнча өндүрүштүн алкагында тийиштүү процесстик аракеттерди жүргүзүү үчүн товарларды берүү Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Товарларды убактылуу сактоо жерлеринде Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоо

31. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоо жерлери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) товарларды сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу, мындай товарларды сактоо үчүн ылайыкташтырылган товарларды убактылуу сактоо жайлары;

2) эгерде товарларды алуучу болуп мамлекеттик органдар саналса, товарларды убактылуу сактай турган жерлер;

3) ачык аянтча жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ушул өңдүү аймагы, жайы;

4) эл аралык почталык алмашуу жерлериндеги айрым жайлар;

5) жүргүнчүлөрдү авиациялык же темир жол аркылуу ташуу келишиминин алкагында ташылуучу, алына элек же талап кылынбаган жүктү сактоо жери;

6) аэропорттун режимдик аймагынын чегинде чет элдик товарларды түшүрүүнүн жана кайра жүктөөнүн (которуп жүктөөнүн) атайын жабдылган жери, мындай товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү жери жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу жери дал келген шартта;

7) темир жол станцияларынын чегинде бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан жана товарларды транспорт каражаттарынан түшүрбөстөн убактылуу сактоо үчүн арналган темир жолдор жана контейнердик аянттар;

8) Кодекстин 259-беренесинин 2-пунктунда аталган жеке жактардын турак-жайлары;

9) эркин кампалардын, эркин экономикалык зоналардын аймактары;

10) бажы органынын уруксаты менен башка жерлер;

32. Ушул Жобонун 31-пунктунун 1, 2, 4-8-пунктчаларында белгиленген жерлерде (мындан ары - башка жерлер) товарларды убактылуу сактоо бажы органынын жазуу жүзүндөгү чечими менен жүргүзүлөт.

Башка жерлерде товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечимди кызыкдар жактын бажы органына жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы органы кабыл алат.

Убактылуу сактоонун башка жерлеринде товарларды убактылуу сактоого арыз ушул Жобонун 3-тиркемесинде белгиленген формага ылайык берилет.

33. Кызыкдар жактын товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу жөнүндө арызы төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) ошол жактын аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жана почталык даректери;

2) башка жерлерде товарларды убактылуу сактоо үчүн негиздер;

3) товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жери;

4) товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайларга (ачык аянттарды) ээлик кылуунун формасы, укуктарын белгилөөчү тиешелүү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;

5) тиешелүү негиздемени жана товарларды сактоо мөөнөтү тууралуу маалымат;

6) болжолдуу убактылуу сактоо жайынын материалдык-техникалык жактан жабдылышы.

34. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон (темир жолдордо убактылуу сактоо учурларын кошпогондо) жайларга (ачык аянтчаларга) ээлик кылууну ырастаган документтер;

2) товарларды убактылуу сактоонун болжолдуу жеринин планы жана чийими;

3) товарларды убактылуу сактоонун болжолдонгон жеринин материалдык-техникалык жабдуусун ырастаган документтер;

4) транспорттук жана коммерциялык документтер - эгерде кайрылуу Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар келгенге чейин же бажы органы жайгашкан жердеги жеткириле турган жерине транспорт каражатынын келгенине чейин товарлардын партиясына бир жолку уруксатка берилсе.

35. Кодекстин 259-беренесинин 2-пунктунда аталган жактар товарларды турак-жайларда сактаган учурда арызда товарлардын сакталышы пландалган орун-жайдын орду жөнүндө маалымат көрсөтүлөт, ага адамдын ким экенин күбөлөөчү жана туруктуу же убактылуу жашаган жерин ырастаган документтердин көчүрмөсү тиркелет.

36. Товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо жөнүндө чечими кабыл алынган жакка товарлардын сактыгын камсыз кылуу жана бажы органдарынын уруксатысыз товарлар менен операцияларды жүргүзбөө боюнча милдеттер жүктөлөт. Бажы органдары товарларды алмаштырбоо же алар менен тыюу салынган операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө максатында товарлардын таңгагына же алар сакталуучу жайларга идентификациялоо каражаттарын салат.

37. Бажы органдары тарабынан кызыкдар жактын арызын карап чыгуунун жана убактылуу сактоонун башка жеринде убактылуу сактоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун мөөнөтү ошол арызды каттоо күнүнөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн ашпоого тийиш.

38. Чечим арызга бажы органынын начальнигинин (анын орун басарынын) тиешелүү резолюциясын коюу жолу менен таризделет.

Бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда "Бажы алымдарынын, салыктардын төлөнүшү камсыз кылынган шартта уруксат берем" деп көрсөтүлөт.

39. Чечим бажы органы тарабынан атайын ушул максаттар үчүн түзүлгөн, үлгүсү ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн, убактылуу сактоо кампалары болуп саналбаган жерлерде товарларды убактылуу сактоого уруксаттарды каттоо журналында катталат.

40. Терс чечим кабыл алынган учурда бажы органы ушул Жобонун 37-пунктунда каралган мөөнөттүн ичинде кызыкдар жакка баш тартуунун себептери тууралуу жүйөлүү жазуу жүзүндө маалымдайт.

41. Эгерде товарларды башка жерге сактоого кабыл алуу процессинде (товарларды убактылуу сактоо процессинде) товарлардын бузулуу же жараксыз болуу, ошондой эле алардын транспорттук жана коммерциялык документтерде көрсөтүлгөн аталыштары жана саны, жүк орундарынын саны, таңгактоо жана маркалоо ыкмалары жана мүнөзү, брутто салмагы (килограмм менен) же көлөмү (куб. метр менен) дал келбөө фактысы аныкталса, товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечими кабыл алынган жак бажы органынын бөлүмүнө ырастоочу документтерди тиркөө менен эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен бул тууралуу маалымдайт.

Аталган арыз товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууда берилген документтерге тиркелет.

42. Бажы органы жакка, эгерде ушул жак бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде бир нече ирет (эки же андан көп жолу) бажы иши чөйрөсүндө бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган болсо, товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо чечимин берүүдөн баш тартат.

43. Товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечим юридикалык жактын жоюлушуна байланыштуу, ошондой эле аталган жак тарабынан ушул Жобонун 36-пунктунда каралган милдеттер аткарылбагандыгы жана (же) ушул Жобонун 42-пункту менен аныкталган тартипте бузуулар үчүн бир нече ирет жоопкерчиликке тартылгандыгы үчүн жактын арызынын негизинде ушул чечимди кабыл алган бажы органы тарабынан убактылуу сактоо тууралуу чечим жокко чыгарылууга тийиш.

7. Товарларды алуучунун кампасында убактылуу сактоо

44. Алуучунун кампасына убактылуу сактоо үчүн товарларды коюу ушул Жобонун 6-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

45. Алуучунун кампасына товарларды коюунун максатка ылайыктыгы төмөнкү шарттар аткарылганда аныкталат:

1) киргизилген товарларга бөлөк адамдардын чаржайыт жетүүсүнө жол бербөө шарттарын арыз берүүчү тарабынан түзүү;

2) бажы органдарынын кызматкерлеринин тоскоолсуз жетүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү;

3) товарларды өз алдынча жабдылган бөлмөдө жайгаштыруу, мындай бөлмөлөргө бажылык идентификация каражаттарын коюу мүмкүнчүлүгү болгон учурда;

4) алуучунун кампасында товарларды документ түрүндө эсепке алуу;

5) товарларга идентификациялоону жүргүзүү мүмкүндүгү.

46. Товарларды алуучунун кампасында үчүнчү жакка тиешелүү товарларды сактоого жол берилбейт.

47. Алуучунун кампасынын жабдылышы бажылык контролдоодон тышкары товарлардын жана транспорт каражаттарын кирүү жана аларды алуу мүмкүндүгүнө жол бербеши керек, ошондой эле товарлардын сактыгын жана аларга бөлөк адамдардын кирүүсүнө мүмкүндүк бербөөнү камсыз кылуусу керек.

48. Товарларды сактоого коюу ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилген формага ылайык бажылык контролдоо астында сактоого өткөрүп берүү актысы менен таризделет.

49. Товарлардын эсебин алуу убактылуу сактоого уруксат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Бажы алымдарын төлөө үчүн жоопкерчилик, товарларды жана транспорт каражаттарын мындай жерлерде сактоо мүмкүндүгү берилген жакка жүктөлөт.

8. Убактылуу сактоо кампасында сакталуучу товарлар тууралуу отчёт берүү жана аларды эсепке алуу

50. Убактылуу сактоо кампасында турган товарлар милдеттүү эсепке алынат.

51. Бажы органынын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча убактылуу сактоо кампасынын ээси же товарларына карата башка жерлерде убактылуу сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган жак сактоодо турган же буга чейин сактоодо турган товарлар тууралуу отчётту бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген формалар боюнча бажы органы тарабынан белгиленген мезгилдин ичинде берүүгө тийиш.

52. Убактылуу сактоо кампасында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасы менен айкалышкан товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулган учурда, анын ээси бажы органдарынын мындай системага кирүүсүнө мүмкүндүк берет.

53. Бажы органы убактылуу сактоо кампасында сактоодо турган товарларга инвентаризациялоо жүргүзүүгө укуктуу.

 

 

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 1-тиркеме

 

Форма

 

УБАКТЫЛУУ САКТООНУН ДОКУМЕНТИ

Катталган номери:

1. Жөнөтүүчү/Экспорттоочу

2. Алуучу

3. Транспорт каражаты

ТК түрү

4. Жөнөтүүчү өлкө

5. Буга чейинки документ

ТД

МДП

ТТ

УИНП

6. Товарлар (Бардык товарлар)

№

ТЭИ ТН коду

Товарлардын аталышы

Брутто салмагы

ӨКИ

ӨКИ саны

Товардын баасы

Валюта

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы

 

 

 

 

 

7. Кошумча маалыматтар/берилген документтер/сертификаттар

 

8. Сактоонун дареги

9. Сактоонун мөөнөтү

Бажы органы:

Кызмат адамы:

 

Колу

_______________________________________

Мөөр

 

 

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 2-тиркеме

 

Форма

 

___________________________________________________

(бажы органынын аталышы)

______________________ № ___________________________

(датасы)

Убактылуу сактоонун мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу АКТ

Бул акт № ____________________________________________ транзиттик декларациянын (Эл аралык

жол аркылуу ташуу китепчеси) 20___-жылдын "___" ______________ № __________________________

_________________________________________________________________________________________

(документтин түрү)

транспорттук документи боюнча жүк ташуучу _________________________________________________

_________________________________________________________________________________________

(уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)

________________________________________________________________________________ алуучунун

(уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)

дарегине киргизилген жана 20___-жылдын "___" ______________

________________________________________________________________ убактылуу сактоого коюлган,

(убактылуу сактоо жайынын аталышы)

убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестрине киргизүү тууралуу

20___-жылдын "___" ______________ № __________________________ күбөлүк берилген,

(убактылуу сактоонун башка жери) ___________________________________________________________

_________________________________________________________________________________________

(уюмдун аталышы, жеке жактын аты-жөнү)

товарлардын убактылуу сактоо мөөнөтү бажы органынын 20___-жылдын "___" ______________

№ __________________________ чечимине ылайык аяктагандыгы тууралуу түзүлдү.

 

______________________________

_________________

__________________________

(кызматы)

(колу)

(аты-жөнү)

 

 

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 3-тиркеме

 

Форма

 

Бажы органынын начальнигине

 

_____________________________________________ (бажы органынын аталышы)

Башка сактоо жерлеринде товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу тууралуу АРЫЗ

____________________________________________________________________________________

____________________________________________________________________________________

(башка убактылуу сактоо жеринде убактылуу сактоонун зарылдыгын негиздөө)

байланыштуу ________________________________________________________________________

__________________ дарек боюнча убактылуу сактоого уруксат берүүңүздү суранабыз

Уюм тууралуу маалымат ______________________________________________________________

____________________________________________________________________________________

(уюмдун толук аталышы, жеке жактын аты-жөнү, юридикалык жана почталык дареги)

Укугун аныктоочу тийиштүү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен убактылуу сактоо

үчүн болжолдонгон жайдын (ачык аянтчалары менен) ээси тууралуу маалымат ______________

____________________________________________________________________________________

Тийиштүү негиздөөнү келтирүү менен алынуучу чечимдин статусу

____________________________________________________________________________________

Болжолдонгон убактылуу сактоо жеринин материалдык-техникалык жабдылышы ____________

Товарлар ___________________________________________________________________________

(товарлардын аталышы)

Наркы ___________________________ Салмагы _________________________________________

(суммасы)                                                       (кг. даана ж.б.)

Төмөнкү документтер тиркелди: ______________________________________________________

__________________________________________________________________________________

 

Жетекчи: ______________

______________________

_______________________

 

(колу)

(аты-жөнү)

 

 

 

уюмдун мөөрү

 

 

 

 

 

Башкы бухгалтер

_________  ____________

20___-жылдын "___" ______________.

 

(колу)         (аты-жөнү)

                                       (датасы)

 

 

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 4-тиркеме

 

Форма

Товарларды убактылуу сактоо кампасы болбогон жерлерде убактылуу сакталышын каттоо ЖУРНАЛЫ

№

Бажы органынын аталышы

Чечим чыккан юридикалык жактын аталышы

Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жери

Транспорттук (жүк ташуучу) жана коммерциялык документтердин реквизиттери

1

2

3

4

5

 

  

 

 

 

 

 

 

Бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жобого 5-тиркеме

 

Форма

Бажы контролу астында сактоого өткөрүп берүү АКТЫСЫ 20___-жылдын "___" ______________.

Бажы органынын кызматкери ________________________________________ тарабынан

(аты-жөнү, кызматы)

____________________________________________________________________________

жүк ташуучунун өкүлүнүн катышуусунда ________________________________________

(аты-жөнү, кызматы)

_____________________________________________________________________________

(юридикалык жактын аталышы, жеке жактын аты-жөнү)

___________________________________________________________ убактылуу сактоого

келип түшкөн төмөндөгү товарлар ______________________________________________

____________________________________________________________________________

(алуучунун кампасы)

дареги боюнча бажы контролу алдында өткөрүлүп берилди

№

Товардын аталышы

Брутто салмагы (кг)

Орундардын саны

Транспорттук документтин номери

Транспорттук каражаттын номери

Эскертүү

 

   

 

 

 

 

 

 

    

 

 

 

 

 

_____________________________________________________________________________

(кошумча маалыматтар)

_____________________________________________________________________________

(жүк ташуучунун өкүлүнүн аты-жөнү, колу, кызматы)

Кабыл алды:

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 99, 101, 102, ошондой эле 110-беренелеринин жоболору, ошондой эле товарларды убактылуу сактоонун шарттары бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө тааныштырам.

 

_____________________________________________________________________________

(сактоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү, кызматы, колу)

М.О. _______________

Товарларды сактоо мөөнөтү 20___-жылдын "___" ______________.

20___-жылдын "___" ______________ чейин.

_____________________________________________________________________________

(Бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, колу жана жекече номерлүү мөөрү)

 

Эскертүү:

Акт 2 нускада түзүлөт, алардын бири бажы органынын контролунда калат.