Бажылык коштоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-евралындагы № 79 токтомуна)
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажылык коштоо жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо (мындан ары - Жобо) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоонун тартибин, ошондой эле бажылык коштоону жүргүзүүдө бажы органдарынын кызмат адамдарынын (мындан ары - кызмат адамдары) аракеттеринин (бажылык операцияларынын) ырааттуулугун жана мөөнөттөрүн аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда жана бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бажылык коштоо ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашырылат.
Бажылык коштоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген тартипте иштелип чыккан стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Бажылык коштоону жүргүзүү
4. Товарларды ташуучу транспорт каражаттарын бажылык коштоо функциялык милдеттерине бажылык коштоону жүзөгө ашыруу кирген бажы органдарынын бөлүнүштөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бажылык коштоо төмөнкү маалыматтарды камтыган товарларды ташуучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ишке ашырылат:
1) ташуучунун реквизити жөнүндө;
2) жөнөтүүчү жана жеткирүүгө багытталган жер жөнүндө;
3) транспорт каражаттары жөнүндө;
4) өткөрүлүүчү товарлар жөнүндө;
5) башка маалыматтар.
6. Бажылык коштоо үчүн Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген өлчөмдө бажы жыйымдары алынат.
7. Бажылык коштоону, эреже катары, бир бажы наряды (ушул Жобого ылайык товарларды ташуучу эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын коштоочу бир же бир нече кызмат адамы) жүзөгө ашырат.
Алгачкы дайындалган наряд менен товар ташуучу транспорт каражаттарын андан ары коштоо максаттуу эмес же мүмкүн болбогон учурларда коштоло турган товарды ташуучу транспорт каражаттарынын жүргөн жолунда бажы нарядын алмаштырууга жол берилет жана ушул Жобого ылайык жөнөтүүчү бажы органы менен макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат. Ушуну менен бирге, бажы нарядын алмаштыруу бажылык контролдоо зонасында товарларды ташуучу коштолуучу транспорт каражаттарын жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Бажылык коштоону кыйла үнөмдүү уюштуруу, бажы чек арасы аркылуу өткөн жерлерде товарлардын жана транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу максатында бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча тизмеси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бажы наряддарын алмаштыруу пункттарын түзүүгө укуктуу.
Иш жүргүзгөн аймакта бажы нарядын алмаштыруу пункту жайгашкан бажы органынын начальниги (аны алмаштырган адам) товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу үчүн, аларды коштоочу бажы наряддарын күнү-түнү режиминде алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
3. Бажылык коштоону уюштуруу
9. Ушул Жобонун 5-пунктунда аталган жактардын жазуу жүзүндөгү арызын алуучу бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) формасы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген каттоо журналында арыздын каттоого алынышын камсыз кылууга;
2) чечимди кабыл алуу жана бажылык коштоону уюштуруу үчүн байланыштын ыкчам каналдары боюнча жазуу жүзүндөгү арызды бажы органына жөнөтүүгө;
3) бажылык коштоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, ушул Жобонун 5-пунктунда аталган жактарга бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө кабыл алынган чечим жана бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдарын төлөө зарылчылыгы тууралуу кабарлоого;
4) кабыл алынган чечим менен бажылык коштоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарын тааныштырууга.
10. Бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө чечим бажы органынын буйругу формасында бажы органынын начальниги, же анын орун басарлары тарабынан кабыл алынат.
11. Бажылык коштоону уюштуруу жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) бажы нарядынын башчысынын аты-жөнү, наряддын курамы;
2) бажылык коштоонун башталган жана аяктаган жери;
3) эгерде товарларды ташуу белгиленген маршрут боюнча жүзөгө ашырылса, жүрүүнүн маршруту;
4) ок атуучу куралдын болушу жөнүндө маалымат (анын тиби, саны, номери, ок дарылардын саны);
5) коштолуучу транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери жөнүндө маалымат;
6) бажы нарядын алмаштыруу пункту (зарыл болгон учурда).
4. Бажылык коштоодо документтерди тариздөөнүн тартиби
12. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздөөдө бажы органынын өткөрүү пунктунун (бажылык тариздөө жеринин) кызмат адамы транзит декларациясынын бардык нускаларына штамп жана жеке номерлүү мөөрүн коёт жана колу менен күбөлөндүрөт.
13. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздеп бүткөндөн кийин, өткөрүү пунктунун (бажылык тариздөө жеринин) кызмат адамы:
- жеткирилген жердеги бажы органы үчүн дайындалган транзит декларациясын, ошондой эле транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана башка документтерди сейф-пакетке салат;
- товарларды ташыган бажылык коштоого тийиштүү транспорт каражаттарын ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысынын (мындан ары - кабыл алуу-өткөрүү актысы) үч нускасын тариздейт жана аларды жеке номерлүү мөөр менен күбөлөндүрөт;
- бажы нарядынын башчысына мөөр басылган сейф-пакетти, кабыл алуу-өткөрүү актысынын эки нускасын жана транзит декларациясынын экинчи көчүрмөсүн (бажы нарядынын башчысынын транспорт каражаттарын коштоого алгандыгы тууралуу белгиси менен кабыл алуу-өткөрүү актысынын жана транзит декларациясынын биринчи нускалары жөнөтүүчү бажы органында калат) өткөрүп берет.
14. Жеткирүү жерине же бажы нарядын алмаштыруу пунктуна келгенде товар ташыган коштолуучу транспорт каражаттары бажылык контролдоо зонасында жайгаштырылат.
Бажы нарядынын башчысы жеткирүүгө багытталган бажы органынын же кезметтин кызмат адамына мөөр басылган сейф-пакетти өткөрүп берет жана ушул бажы органынын кызмат адамы менен чогуу идентификациялоо каражаттарынын жана транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнүн бүтүндүгүн текшерет.
Бажы нарядынын катышуусу менен товарларга жана транспорт каражаттарына бажылык текшерип кароо идентификациялоо каражаттарынын, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнүн бүтүндүгү бузулган жана документтер жоголгон учурларда жүргүзүлөт.
Бажылык текшерип кароо жүргүзгөн учурда бажылык текшерип кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын жеке номерлүү мөөрүнүн (ЖНМ) белгиси менен күбөлөндүрүлгөн текшерип кароо актысынын нускасынын көчүрмөсү бажы нарядынын башчысына тапшырылат.
15. Жеткирүү жериндеги бажы органынын же кезметтин кызмат адамы жана бажы нарядынын башчысы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алуу-өткөрүү актысынын экинчи жана үчүнчү нускаларында товарларды ташыган коштолуучу транспорт каражаттарын кабыл алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү белгилерди коюп чыгышат. Жеткирүү жериндеги бажы органынын же кезметтин кызмат адамы транзит декларациясынын экинчи нускасында бажы нарядынын келиши жөнүндө белгини коёт.
Кабыл алуу-өткөрүү актысынын экинчи нускасы жеткирүү жериндеги бажы органынын же кезметтин көктөмөлөрүндө калат, кабыл алуу-өткөрүү актысынын үчүнчү нускасы жана транзит декларациясынын экинчи нускасы мындан ары бажылык коштоого транзит декларациясын берген бажы органына өткөрүп берүү үчүн бажы нарядынын башчысына берилет.
16. Коштолуучу транспорт каражаттарынын, транспорт каражаттарындагы товарлардын, аларга документтердин жок болушуна же жоголушуна алып келүүчү жагдайлар пайда болгон учурда бажы наряды алардын сактыгын камсыз кылуу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Бажылык коштоодо бажы наряды кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу.
18. Товарларды жана автотранспорт каражаттарын бажылык коштоодо:
1) бир бажылык наряд ташуунун шартына жана товарлардын мүнөзүнө жараша 10дон ашык эмес автотранспорт каражаттарын коштоп жүрө алат;
2) бажы наряды коштолуучу автотранспорт каражаттарында жүрүп бараткан учурда бажы нарядынын курамына кирген кызмат адамдары башкы жана аяккы автотранспорт каражатында жайгашышат;
3) бажы наряды коштоочу машинада (машиналарда) жүрүп бараткан учурда коштоочу машина коштолуучу автотранспорт каражаттарынын бардык колоннасына көзөмөлдү камсыз кыла турган тартипте жүрөт;
4) токтогон учурларда бажы наряды колоннанын эки тарабын тең контролдойт.
19. Автотранспорт каражаттарынын бири бузулса, авариянын же жеңилгис күчтүн аракетинин кесепетинен анын мындан аркы кыймылы мүмкүн болбогон учурда бажы наряды бардык колоннанын жүрүшүн токтотот жана жакынкы бажы органына болгон жагдай, анын колоннанын турган жери жөнүндө билдирет.
Аталган бажы органы кыска мөөнөттүн ичинде бузулган автотранспорт каражатынын ичиндеги товарларга бажылык контролдоону камсыз кылууга зарыл болгон чараларды көрүү үчүн бузулган автотранспорт каражаты турган жерине кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга милдеттүү.
Болгон жагдай тууралуу бузулган транспорт каражатын кабыл алуу-өткөрүү актысы (мындан ары - акт) эркин формада, эки нускада иштин жагдайын баяндоо, товарларды жана мындан аркы бажы контролун жүзөгө ашыруу жана бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүү менен түзүлөт. Актка бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы кол коюшат.
Бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишет жана өздөрүнүн кол коюусу менен күбөлөндүрүшөт.
20. Товар ташуучу бузулган автотранспорт каражатын жана товарлардын документтери бар мөөр басылган сейф-пакетти бажы органынын кызмат адамдарына өткөрүп бергенден кийин колоннанын башка автотранспорт каражаттары жүрүшүн уланта алышат.
Эгерде автотранспорт каражатынын бузулушу товарларды жоготуу же бузуу коркунучу жок тез жоюлса, анда бардык колонна оңдоо иштери аяктаганга чейин кармалат.
|
| Бажылык коштоо жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Товарларды бажылык коштоонун КАБЫЛ АЛУУ-ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ
______________________ |
| ________________________________________________ |
(датасы) |
| (бажы органынын буйругунун каттоо номери) |
Бажы декларациясы (№):_______________________________________________
Өткөрүп берди: _______________________________________________________
Кабыл алды: _________________________________________________________
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык коштоо үчүн
(толук аталышы): _____________________________________________________
_____________________________________________________________________
наркы ________________________________ салмагы _______________________
(суммасы) (кг, даана, ж.б.)
____________________________-жылдагы ________________ инвойско ылайык
________________________________________________ транспорттук каражатта
Идентификациялоо каражаттары: ________________________________________
Жөнөтүүчү: ___________________________________________________________
Алуучу: ______________________________________________________________
Жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы:
______________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, датасы/убактысы, ЖНМ)
Товарды бажылык коштогон кызмат адамы:
______________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, датасы, убактысы, ЖНМ)
Жеткирүү жериндеги бажы органынын кызмат адамы:
______________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу, датасы/убактысы, ЖНМ)