Загрузка документа…
| 5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Эркин кампа жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо менен төмөнкүлөр жөнгө салынат:
- эркин кампаны уюштуруу жана жоюу тартиби;
- эркин кампалардын ээлери катары иш жүргүзүүгө кызыкдар болгон ата мекендик юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жана бул реестрден чыгаруу шарттары жана тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары ишти токтото туруу жана аны кайра жаңылоо тартиби;
- эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүү тартиби;
- эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана иштөөсүнө талаптар;
- товарларды эркин кампага жайгаштыруу жана товарларды эркин кампанын аймагынан ташып чыгуу өзгөчөлүктөрү.
2. Ушул Жободо терминдер жана алардын аныктамалары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде, ошондой эле төмөнкү терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат.
1) эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ата мекендик юридикалык жак;
2) инженердик-техникалык каражаттар - тосмолор, сигнализация системалары, видео байкоо каражаттары, ошондой эле товарларды контролдоону камсыз кылуу жана аларды корголгон зонанын периметри аркылуу санкцияланбаган өткөрүүлөрдү аныктоо үчүн зарыл болгон башка каражаттар;
3) эркин кампанын ээси - эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы;
4) экономикалык негиздеме - эркин кампалардын ээлеринин реестрине кирүүгө талапкер юридикалык жак тарабынан даярдалуучу, ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды өзүнө камтуучу презентациялык материал түрүндөгү документ;
5) текшерүү актысы - эркин кампа катары пайдаланууга багытталган аймактын, ошондой эле анда жайгашкан курулмалардын (жайлардын) белгиленген талаптарга ылайык келүүсүнө карата бажы органы тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн документ;
6) эркин кампалардын ээлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү эркин кампалардын ээлери тууралуу маалыматтардын жыйындысы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эркин кампалар болуп имараттар (имараттардын бөлүктөрү), имараттардын комплекси, жайгаштырылган жана жабдылган аймактар жана (же) ачык аянттар эсептелет, алар кайтарууда болот же жеке жактардын кирүүсүн контролдоо режимине ээ болот жана алардын чегинде Кодекске ылайык эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар, ошондой эле Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка товарлар жайгаштырылышы жана пайдаланылышы мүмкүн.
2. Эркин кампаны уюштуруу жана жоюу тартиби
4. Аймагында эркин кампаны түзүү болжолдонуп жаткан эркин кампанын ээси катары иш жүргүзүүгө кызыкдар юридикалык жак (мындан ары - юридикалык жак) эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө экономикалык негиздемени (презентация түрүндө) иштеп чыгат, анда төмөнкүлөр камтылат:
1) эркин кампаны түзүү максаттары;
2) эркин кампаны түзүү шарттары;
3) эркин кампаны уюштурууда экспорттук операциялардын болжолдуу көбөйүүсүн тиркөө менен өндүрүштүк кубаттуулуктары;
4) эркин кампаны түзүү үчүн зарыл болгон колдо бар өндүрүш ресурстары;
5) эркин кампаны түзүү жана иштөөсү үчүн уюштуруу иш-чаралары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга экономикалык негиздемеси менен эркин кампаны түзүү жөнүндө сунушту, төмөнкү документтерди тиркөө менен ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык Реестрге киргизүү жөнүндө арызды жөнөтөт:
1) уюмдаштыруу документтеринин (устав, уюмдаштыруу келишими, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк) көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жактын менчигиндеги, чарбалык карамагындагы, ыкчам башкаруусундагы же ижарадагы эркин кампа катары колдонууга арналган аймактын жана анда жайгашкан курулмалардын (имараттардын) бар экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү. Муну менен бирге, эркин кампа катары колдонууга арналган аймактын жана анда жайгашкан курулмалардын (имараттардын) ижара келишиминин колдонуу мөөнөтү эркин кампаны түзүү жөнүндө кайрылган күндөн тартып үч жылдан кем болбоого тийиш.
3) ушул Жобонун 14-пункту менен белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн ырастоочу документтер;
4) эркин кампа катары колдонууга арналган аймактын жана анда жайгашкан курулмалардын (имараттардын) тийиштүү жерлери (аймактын жалпы схемасынан көчүрмө) менен жалпы аймагын жана чек арасын көрсөтүү менен, мындай курулмалардын (жайлардын) курамына кирүүчү бардык элементтердин, ар бир элементтин аянтын жана алардын функционалдык багытын көрсөтүү менен, ошондой эле кирүү жолдорунун өндүрүш линиясынын жана аймактын түстүү сүрөтүн тиркөө менен пландары (схемалары);
5) юридикалык жактын менчигинде, чарбалык карамагында же ыкчам башкаруусунда негизги каражаттардын (фонддордун) бар экендиги жөнүндө маалым кат.
6) ачылган банк эсептери жөнүндө документтер;
7) жактын салык төлөөчү катары катталгандыгын ырастоочу жана карызы жоктугу жөнүндө салык органынын документтери;
8) эркин кампанын иштөө схемасы, анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- эркин кампанын иштөө убактысы;
- эркин кампадагы товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн сунуштардын жана документтердин ушул Жобого ылайык келүүсү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде каралат.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди кароонун жүрүшүндө иш регионунда эркин кампаны уюштуруу болжолдонуп жаткан тийиштүү бажы органын жайларды жана аймакты эркин кампа катары колдонууга арналган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүгүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын (ачык аянтчалардын бөлүгүнүн) ылайык келүүсү боюнча бажылык кароону жүргүзүү үчүн дайындайт.
Жайларды жана аймактарды берилген документтердин жана эркин кампа катары колдонууга арналган аймактын, ошондой эле анда жайгашкан курулмалардын (жайлардын) ылайык келүүсү боюнча бажылык кароонун жыйынтыгы боюнча, бажы органы тарабынан ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча берилген документтердин жана эркин кампа болжолдонгон аймактын ылайык келүүсү жөнүндө корутундуларды көрсөтүү менен текшерүү актысы (мындан ары - текшерүү актысы) түзүлөт.
7. Экономикалык негиздемени, ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык берилген документтерди жана текшерүү актысын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 21-23-пункттарына ылайык Реестрге киргизүү жөнүндө арызды кароого киришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эркин кампаны уюштуруу жөнүндө сунушту жана Реестрге киргизүү жөнүндө арызды кароонун жалпы мөөнөтү отуз жумуш күндү түзөт.
9. Эркин кампаны уюштуруу жөнүндө сунушту кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- ушул Жобонун 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар жана документтер жок болсо;
- берилген документтерде анык эмес маалыматтар болгондо;
- бажы төлөмдөрү, салыктар боюнча карыздар болгондо;
- бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн бир жылдын ичинде жоопкерчиликке тартуу фактылары болгондо;
- аймак жана анда жайгашкан курулмалар (жайлар) ушул Жобонун 3-главасында белгиленген талаптарга шайкеш келбегенде.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн негиздер боюнча эркин кампаны уюштуруу жөнүндө сунуштарды кабыл алуудан баш тартылган учурда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай чечим кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык жакка жазуу жүзүндө кабарлайт.
Муну менен бирге, Реестрге киргизүү жөнүндө юридикалык жактын арызы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кароосуз калтырылат.
10. Эркин кампаны жоюу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эркин кампаны жоюу жөнүндө юридикалык жактын арызы;
2) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу;
3) кайра түзүү формасында юридикалык жакты кайра уюштуруудан тышкары юридикалык жакты кайра уюштуруу;
4) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты банкрот деп таануу;
5) аймактарга жана анда жайгашкан курулмаларга (жайларга) менчик, пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укуктарын башка юридикалык жакка же жеке жакка өткөрүп берүү;
6) эгерде ижара келишиминин мөөнөтү жаңы мөөнөткө узартылбаса, аймактардын жана анда жайгашкан курулмалардын (жайлардын) ижара келишиминин мөөнөтүнүн аякташы;
7) эркин кампа бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштыруу шарттары бир календарлык жылдын ичинде эки жолудан ашык бузулса.
11. Эркин кампаны жоюу жөнүндө чечим бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
Эркин кампаны жоюу жөнүндө чечим ушул Жобонун 10-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн негизге ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органынын маалыматы боюнча кабыл алынат.
12. Эркин кампаны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан юридикалык жакка тиешелүү маалымат жөнөтүлөт.
3. Эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана иштөөсүнө
талаптар
13. Эркин кампа катары колдонууга арналган аймактар жана анда жайгашкан курулмалар (жайлар) (мындан ары - эркин кампалар) төмөнкүдөй болуп жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш:
- товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай;
- бажы органдарынын уруксатысыз эркин кампанын жумушчулары болуп саналбаган жана эркин кампадагы товарларга карата ыйгарым укугу жок бөтөн адамдар кире албагандай;
- бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай.
14. Эркин кампалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдерге ылайык келиши керек.
15. Эркин кампаларда эркин кампанын иштөөсүнө байланышы жок объекттер болбошу керек.
Иштеп жаткан бажы кампаларынын, убактылуу сактоо кампаларынын жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун аймактарында эркин кампаларды уюштурууга жол берилбейт.
16. Эркин кампалар кыймылдап жүрүүчү транспорт каражаттарында же ар кандай түрдөгү кыймылдап жүрүүчү транспорт жабдуусунда жайгашуусу мүмкүн эмес.
17. Эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана жайгашкан жерине карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) эркин кампа товарлардын сакталышын камсыз кылуучу кампанын, капиталдык имараттын (курулманын) ичинде жайгашкан тосмодон тышкары, бөтөн жактардын эркин кампага кирүүсүн чектөөчү жана темир бетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же бул материалдардын комбинациясынан жасалган жана 2,2 метрден (эки метр жыйырма сантиметр) кем эмес бийиктиктеги үзгүлтүксүз конструкциядан бардык периметр боюнча тосмого ээ болушу керек;
2) эркин кампаларда транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн жолдун болушу;
3) курулмалар (жайлар) төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш: өндүрүш максаттары (өндүрүш линиясы, конвейер) үчүн жабдуу; жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү, аларды текшерип кароо үчүн жетиштүү болгон, жүктөө-түшүрүү операцияларында товарлардын керектөөчүлүк касиеттеринин жоголуп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоочу инженердик курулмалар, техникалык каражаттар; бажы контролун талаптагыдай жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарыктандыруу, ошондой эле өрткө каршы сигнализация жана өрт өчүрүү системасы менен.
4) кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
5) эркин кампада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган бажы контролу зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Эркин кампа" белгиси болууга тийиш.
6) эркин кампада жайгаштыруу үчүн болжолдонгон товарларды таразага тартуу мүмкүндүгүн камсыз кылуучу ар кандай өлчөө чектери бар сертификацияланган тараза жабдууларынын болушу;
7) эркин кампанын аймагында акыркы отуз календарлык күндүн ичинде болгон окуялар жөнүндө видео маалыматтарды көрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген күнү-түнү режимде иштөөчү видео байкоонун болушу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Эркин кампа катары колдонууга арналган курулмалар (жайлар) төмөнкү элементтерди камтууга тийиш:
1) транспорт каражаттарындагы жана бажы контролунда жайгашкан товарларды жайгаштыруу үчүн токтотуу жайларын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ошол транспорт каражаттарынын маневр жасоолору үчүн жетиштүү болгон аянтчаны;
2) товарларды текшерип кароо үчүн аянтчаны;
3) көмөкчү жана кампа жайларын, ошондой эле бажы органынын чечими боюнча өзүнчө сактоону талап кылган товарларды жайгаштыруу үчүн жайды жана аянтчаны;
4) бажы органдарынын кызмат адамдарын жайгаштырууга арналган жана юридикалык жак тарабынан эмерек, уюштуруу техникасы, эсептөө техникасы, байланыш каражаттары, маалымат системасы жана технологиялар (анын ичинде эркин кампадагы товарларга бажы органдарынын кызматтык адамдары тарабынан контролдоо мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында ушул жайга видео байкоо системасынын маалыматын чыгаруу менен) менен жабдылган, санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык келген жайды.
5) бажы органдары тарабынан колдонулган программалык продукттар менен айкалышкан товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын, анын ичинде жасалган операциялар жөнүндө отчётторду берүү үчүн зарыл маалыматтык системаларды жана технологияларды.
Көңүл буруңуз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун 8-пунктуна ылайык 18-пункттун 5-пунктчасы берилген токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
19. Бажы органынын уруксаты менен төмөнкүлөргө жол берилет:
- жеке жактардын эркин кампанын аймагына контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу гана кирүүсү жана аталган аймактан чыгуусу;
- транспорт каражаттарынын эркин кампанын аймагына контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу гана кирүүсү жана аталган аймактан чыгуусу.
4. Юридикалык жактарды Реестрге киргизүү тартиби
20. Эркин кампалардын ээлери катары юридикалык жактардын ишине аларды Реестрге киргизүү шартында жол берилет.
Юридикалык жакты Реестрге киргизүү жана андан чыгаруу "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
21. Юридикалык жак Реестрге кирүү үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эркин кампаны түзүү жөнүндө сунуш менен бир убакта жетекчи тарабынан кол коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эркин формадагы арызды берет.
22. Арыз бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан он беш жумуш күндүн ичинде каралат.
23. Арыз жана ага тиркелген документтер "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 227-беренесинде жана ушул Жободо белгиленген шарттарга ылайык келген учурда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим чыгарат, анын негизинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жакты Реестрге киргизүү жөнүндө буйругу таризделет.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө юридикалык жакка беш жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
24. Реестрге киргизилген юридикалык жакка Реестрге киргизүү тууралуу күбөлүк берилет (мындан ары - күбөлүк), анын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Күбөлүк төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) эркин кампанын ээсинин аталышын, анын уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүүнү жана эркин кампанын ээсинин жайгашкан жерин;
2) эркин кампанын жайгашкан жерин жана анын аянтын;
3) күбөлүк берилген күндү, анын номерин жана колдонуу мөөнөтүн;
4) иш регионунда эркин кампа жайгашкан бажы органынын аталышын;
5) эркин кампанын ишинин түрүн (түрлөрү).
26. Юридикалык жактын бир нече эркин кампасы болсо - бул жак Реестрге ар бир эркин кампа боюнча өзүнчө киргизилет.
27. Юридикалык жак аны Реестрге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып Реестрге эркин кампа иштеген мөөнөткө киргизилет.
Эркин кампанын ээси Кодекске, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттерди аткарат жана жоопкерчилик тартат.
28. Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 227-беренесинде белгиленген шарттар аткарылбаган же шарттарга ылайык келбеген учурда кабыл алынат.
Муну менен бирге, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде баш тартуу себебин негиздөө менен жазуу жүзүндө юридикалык жакка кабарлайт.
Юридикалык жак тарабынан кемчиликтер жоюлгандан кийин арыз ушул Жободо белгиленген тартипте берилет жана каралат.
5. Реестрди жүргүзүү тартиби
29. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрди түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылат.
30. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- өзүнүн сайтында Реестрди жарыялоону камсыз кылат;
- Реестрди айына бир жолудан кем эмес Евразия экономикалык комиссиясына берет.
31. Реестрде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Реестрге киргизүү тууралуу күбөлүктүн номери жана күнү;
2) Реестрге киргизилген юридикалык жак жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын аталышы, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери, телефон номери, электрондук почтасынын дареги);
3) юридикалык жактын ИНН, ОКПО;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жакты Реестрге киргизүү жөнүндө чечиминин номери жана күнү;
5) эркин кампанын жайгашкан жери жана анын аянты;
6) иш регионунда эркин кампа жайгашкан бажы органы;
7) эркин кампадагы иштин түрү;
8) эркин кампанын ээси катары ишти токтотуп туруу жөнүндө маалымат, мындай токтотуп туруунун мөөнөтү;
9) эркин кампанын ээси катары ишти жаңылоо жөнүндө маалымат;
10) юридикалык жакты Реестрден чыгаруу жөнүндө маалымат.
32. Реестрди түзүүдө жана жүргүзүүдө Реестрде камтылган маалыматтарга санкциялоосуз ээ болуудан жана санкцияланбаган өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн коргоо камсыз кылынууга тийиш.
6. Эркин кампанын ээси катары ишти токтотуп туруу,
жаңылоо тартиби
33. Эркин кампанын ээси катары иш жүргүзгөн жак тарабынан чоң зыян алып келбеген бир жолку бузуудан улам, ушул Жободо камтылган талаптар жана шарттар аткарылбагандыгы үчүн бул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.
34. Ушул Жобонун 33-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө эскертилген жак ушул Жободо каралган талаптарды жана шарттарды аткарбаган учурда эркин кампанын ээси катары юридикалык жактын иши бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.
35. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн учур келген күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен Реестрге киргизүү жөнүндө чечимдин аракетин токтотуп туруу жөнүндө буйрук формасында чечимди кабыл алуу менен эркин кампанын ээси катары юридикалык жактын ишин токтотуп турат. Буйрукта Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин аракети токтотулган мөөнөт көрсөтүлөт.
Эркин кампанын ээси катары юридикалык жактын ишин токтотуп туруу башталган күндү белгилөөдө эркин кампанын ээсине анын ишин токтотуп туруу жөнүндө маалымдоо үчүн зарыл убакыт эске алынат.
36. Чечимдин аракети токтотулуп турган мезгилде:
- товарларды эркин кампага жайгаштырууга жол берилбейт;
- эркин кампага жайгаштырылган товарлар менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бажы органынын уруксатына ылайык жасалышы мүмкүн болгон зарыл операциялардан тышкары кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;
- эркин кампада товарларды сатууга тыюу салынат;
- эркин кампанын ээсинин жүйөлүү кайрылуусу боюнча эркин кампага жайгаштырылган товарлар чечимдин аракети токтотулганга чейин бажы контролунун астында башка бажы кампасына жайгаштырылышы мүмкүн.
37. Реестрге киргизүү жөнүндө чечимдин аракети, ошондой эле эркин кампанын ээси катары юридикалык жактын иши алардын аракетин токтотуп туруу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунун негизинде жаңыланат.
38. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишти жаңылоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен эркин кампанын ээсине бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
7. Реестрден чыгаруу тартиби
39. Юридикалык жакты Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) Реестрге кирүү шарттарынын сакталбагандыгы;
2) эркин кампанын ээси катары анын ишин токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон себептердин мындай токтотуп туруу мөөнөтү аяктаган күнгө карата жоюлбагандыгы;
3) бул иш токтотулуп турган мезгилде эркин кампанын ээси катары ишкерлик ишти жүргүзүү;
4) эркин кампанын ээси бажы иши чөйрөсүндөгү жазык жоопкерчилигине тартылгандыгына байланыштуу ага карата белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими;
5) эркин кампанын ээсинин аны Реестрден чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы;
6) юридикалык жактын жоюлушу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра түзүү формасында юридикалык жакты кайра уюштуруудан тышкары юридикалык жактын кайра уюштурулушу;
8) эркин кампанын ээси тарабынан Кодексте, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттердин сакталбагандыгы;
9) эркин кампанын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү эки же андан көп бузуулардын жасалышы.
40. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардын бири белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен эркин кампанын ээсин Реестрден чыгаруу жана берилген күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө буйрук формасындагы чечимди кабыл алат.
41. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эркин кампанын ээсин Реестрден чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык жакка аны Реестрден чыгаруунун негизин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жана берилген күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны жөнөтөт.
Эркин кампанын ээсин Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эркин кампа бажы жол-жоболоруна товарларды жайгаштырууга, ошондой эле бажы декларациялоого чейинки бажы операцияларын жүргүзүүгө байланышкан бажы операцияларын жасоого жол берилбейт.
42. Реестрге киргизүү жөнүндө юридикалык жактын кайталанган арызы юридикалык жакты Реестрден чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон кемчиликтерди жоюунун жыйынтыктары боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
8. Реестрге киргизүү тууралуу күбөлүктү кайра тариздөө
43. Уюштуруучулук-укуктук формасын же жайгашкан жерин өзгөртүүгө алып келбеген юридикалык жактын аталышы өзгөргөн учурда эркин кампанын ээси аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен Реестрге киргизүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арызды берүүгө тийиш.
Чечимди кайра тариздөө жөнүндө арыз эркин кампанын ээси тарабынан кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде берилет.
44. Чечимди кайра тариздөөдө бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда кабыл алынган чечим жана мурда берилген күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңыдан берилген күбөлүккө Реестрдин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт.
Күбөлүктү алганга чейинки кайра тариздөө мезгилинде эркин кампанын ээси мурда берилген күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде иш жүргүзөт.
Чечим эркин кампанын ээси тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кайра таризделет.
45. Эркин кампанын ээсинен ушул Жободо каралбаган башка негиздер боюнча күбөлүктү кайра тариздөөнү талап кылууга жол берилбейт.
9. Товарларды эркин кампага жайгаштыруу жана
товарларды эркин кампанын аймагынан ташып чыгуу
өзгөчөлүктөрү
46. Эркин кампанын аймагына Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) башка мүчө мамлекеттеринин аймагынан ташып келинген Бирликтин товарлары, ошондой эле Кодекстин 213-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында белгиленген операцияларды жасоо каралган, Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып келинген Бирликтин товарлары милдеттүү түрдө эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тийиш.
Бажы органынын уруксаты менен ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарлардан тышкары Бирликтин товарларын эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштыруусуз эркин кампага жайгаштырууга уруксат берилет.
47. Ушул Жобонун 46-пунктунун экинчи абзацында белгиленген учурда эркин кампанын ээси эркин формада түзүлгөн арызды бажы органына берет, анда Бирликтин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын аталышы жана коду, саны, наркы, ошондой эле товарлардын документтерин тиркөө менен (зарыл учурда) декларант товарларды эркин кампанын аймагына жайгаштырууга тийиш зарыл болгон себептерин кыскача баяндоо көрсөтүлөт.
48. Ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, эркин кампанын ээси эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын декларанты болот.
49. Башка жактар эркин кампанын ээси менен эркин кампанын аймагында товарларга карата жайгаштыруу, пайдалануу жана сактоо менен байланышкан операциялардан тышкары Кодекстин 213-беренесине ылайык аракеттерди жасоо жөнүндө макулдашууну (келишимди) түзгөн учурда эркин кампанын аймагына башка жактардын товарлары ташып келиниши мүмкүн.
50. Ушул Жобонун 49-пунктунда белгиленген учурда, эркин кампанын ээси менен макулдашууну (келишим) түзгөн башка жак төмөнкү учурларда товарлардын декларанты боло алат:
1) товарларды эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырууда;
2) эркин кампанын бажы жол-жобосун аяктоодо.
51. Бажы органынын уруксаты менен эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана (же) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан жасалган (алынган) товарларды эркин кампа бажы жол-жобосунун аракетин аяктабастан эркин кампанын аймагынан ташып чыгууга жол берилет.
52. Уруксат алуу үчүн декларант эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берет, анда Бирликтин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын аталышы жана коду, саны, наркы, ошондой эле товарлардын документтерин тиркөө менен (зарыл учурда) декларант товарларды эркин кампанын аймагынан ташып чыгууга тийиш болгон себептерин кыскача баяндоо көрсөтүлөт.
53. Функциялык милдеттерине бажы жол-жоболорун контролдоо кирген бажы органынын түзүмдүк бөлүмү декларанттын арызын жана ага тиркелген документтерди карап чыгат, эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана (же) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарларды эркин кампа бажы жол-жобосунун аракетин аяктабастан эркин кампанын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө уруксаттын же бажы органынын расмий бланкында мындай берүүдөн баш тартуунун долбоорун даярдайт жана бажы органынын начальнигине же анын ордун алмаштырган адамга киргизет.
54. Бажы органынын начальниги же аны алмаштырган адам эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана (же) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарларды эркин кампа бажы жол-жобосунун аракетин аяктабастан эркин кампанын аймагынан ташып чыгууга уруксат берүү же мындай ташып чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
55. Эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана (же) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарларды эркин кампа бажы жол-жобосунун аракетин аяктабастан эркин кампанын аймагынан ташып чыгуу же мындай ташып чыгуудан баш тартуу жөнүндө бажы органынын чечими декларантка жөнөтүлөт.
56. Декларанттын арызын кароо мөөнөтү арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндү түзөт.
57. Эркин кампанын иши токтогон учурда эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана пайдаланууга берилген жана эркин кампанын ээси пайдаланган жабдуу же эркин кампанын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү үчүн эркин кампанын ээси пайдаланган жана мындай кыймылсыз мүлк объекттеринин курамдык бөлүгү болуп эсептелген товарларга карата эркин кампа бажы жол-жобосунун аракети аталган товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруусуз аяктайт.
Аталган товарлар эркин кампа бажы жол-жобосунун аракети аяктаган күндөн тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болушат.
Муну менен бирге:
- эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана эркин кампанын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү үчүн колдонулган жана мындай кыймылсыз мүлктүн объекттеринин курамдык бөлүгү болуп эсептелген курулуш материалдары бажы алымдары, салыктар төлөнбөстөн, тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулбастан жана "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан бажы контролу астында турбаган Бирликтин товарлары деп таанылат;
- эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, пайдаланууга берилген жана эркин кампанын ээси тарабынан пайдаланылган жабдуулар бажы алымдары, салыктар төлөнбөстөн, тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулбастан жана алар "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан, мындай жабдуулар 5 (беш) жылдан кем эмес эркин кампа бажы жол-жобосунун аракети астында турган учурда бажы контролу астында турбаган Бирликтин товарлары деп таанылат.
Башка учурларда эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, пайдаланууга берилген жана эркин кампанын ээси тарабынан пайдаланылган жабдуулар Кодекске, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга тийиш.
58. Эркин кампа жоюлган учурда же ушул Жобонун 3-главасына ылайык эркин кампалардын аймактарын жайгаштырууга коюлган талаптардын нормалары бузулган учурда курулуш материалдарына карата эркин кампа бажы жол-жоболорунун аракетин аяктоо алынган кыймылсыз мүлк объекттерин бажы алымдарын жана салыктарды төлөөсүз "Реимпорт" бажы жол-жобосуна жайгаштыруу жолу менен жүргүзүлөт.
59. Эркин кампанын ээси бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган форма боюнча отчёт берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Чет өлкөлүк товарларды жана эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Бирликтин товарларын кайра иштетүү процессинде пайда болгон өндүрүш калдыктарына карата эркин кампа бажы жол-жобосу, эгерде аталган өндүрүш калдыктары аларды андан ары коммерциялык колдонуу үчүн жараксыз болсо - жок кылуу бажы жол-жобосуна, же эгерде аталган өндүрүш калдыктары аларды андан ары коммерциялык колдонуу үчүн жарактуу болсо бажы транзити бажы жол-жобосунан тышкары башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен аяктайт.
61. Эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан пайда болгон же операцияларды аткаруунун жыйынтыгында кайтарымсыз жок кылынган өндүрүштүк жоготуулар Кодекс менен аныкталган башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга тийиш эмес. Муну менен бирге, товарлар өндүрүш жоготуулардын санына шайкеш келген жана технологиялык процесс менен аныкталган бөлүгүндө эркин кампа бажы жол-жобосунун аракети астында турган жок деп саналат. Ушул товарларга карата эркин кампа бажы жол-жобосу аларды башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруусуз аяктайт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн өндүрүштүк жоготуулар бул товардык продукцияны даярдоодо өндүрүштүк процесстин натыйжасында пайда болгон жана/же кайтарымсыз жок кылынган материалдарды жана заттарды түшүндүрөт.
Өндүрүштүк жоготуулардын чыгуу ченемдери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын (уюмунун) корутундусу менен белгиленет.
|
| Эркин кампа жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Эркин кампанын аймагына, эркин кампанын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына коюлган талаптарга шайкеш келүүсүн текшерүү АКТЫСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Текшерүүнүн негизи: _________________________________________________________________________________
(бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каты, күнү, №)
2. Аталышы (жактын): __________________________________________________________________________________
- юридикалык дареги: ___________________________________________________________________________________
- юридикалык жактын өкүлү: _____________________________________________________________________________
(аты-жөнү, байланыш маалыматтары)
- бажы органынын иш региону: ___________________________________________________________________________
3. Текшерүү күнү: ______________________________________________________________________________________
№ | Эркин кампага карата бекитилген талаптар | Эркин кампанын инфраструктурасынын иш жүзүндөгү абалы (сүрөттөр жана (же) документтер тиркелет) | Эскертүү |
1 | Эркин кампа катары колдонууга арналган аймак жана анда жайгашкан курулмалар (жайлар) (мындан ары - эркин кампа) төмөнкү талаптарга ылайык жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш: |
|
|
1.1 | Товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай |
|
|
1.2 | Бажы органдарынын уруксатысыз эркин кампанын жумушчулары болуп саналбаган жана эркин кампадагы товарларга карата ыйгарым укугу жок бөтөн адамдар кире албагандай; |
|
|
1.3 | Бул товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай |
|
|
2 | Эркин кампа Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдерге ылайык келиши керек |
|
|
3 | Эркин кампада эркин кампанын иштөөсүнө байланышы жок объекттер болбошу керек. Иштеп жаткан бажы кампаларынын, убактылуу сактоо кампаларынын жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун аймактарында эркин кампаны уюштурууга жол берилбейт |
|
|
4 | Эркин кампа кыймылдап жүрүүчү транспорт каражаттарында же ар кандай түрдөгү кыймылдап жүрүүчү транспорт жабдуусунда жайгашуусу мүмкүн эмес |
|
|
5 | Эркин кампаны жайгаштырууга, жабдууга жана жайгашкан жерине карата төмөнкүдөй талаптар коюлат: |
|
|
5.1 | Эркин кампа товарлардын сакталышын камсыз кылуучу кампанын, капиталдык имараттын (курулманын) ичинде жайгашкан тосмодон тышкары, бөтөн жактардын эркин кампага кирүүсүн чектөөчү жана темир бетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же бул материалдардын комбинациясынан жасалган жана 2,2 метрден (эки метр жыйырма сантиметр) кем эмес бийиктиктеги үзгүлтүксүз конструкциядан бардык периметр боюнча тосмого ээ болушу керек |
|
|
5.2 | Эркин кампаларда транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн жолдун болушу |
|
|
5.3 | Курулмалар (жайлар) төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш: өндүрүш максаттары (өндүрүш линиясы, конвейер) үчүн жабдуу; жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү, аларды текшерип кароо үчүн жетиштүү болгон, жүктөө-түшүрүү операцияларында товарлардын керектөөчүлүк касиеттеринин жоголуп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоочу инженердик курулмалар, техникалык каражаттар; бажы контролун талаптагыдай жүргүзүү үчүн зарыл болгон жарыктандыруу, ошондой эле өрткө каршы сигнализация жана өрт өчүрүү системасы менен |
|
|
5.4 | Кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша); |
|
|
5.5 | Эркин кампада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган бажы контролу зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Эркин кампа" белгиси болууга тийиш |
|
|
5.6 | Эркин кампада жайгаштыруу үчүн болжолдонгон товарларды таразага тартуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу ар кандай өлчөө чектери бар сертификацияланган тараза жабдууларынын болушу |
|
|
5.7 | Эркин кампанын аймагында акыркы отуз календарлык күндүн ичинде болгон окуялар жөнүндө видео маалыматтарды көрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген күнү-түнү режимде иштөөчү видео байкоонун болушу |
|
|
6 | Эркин кампа катары колдонууга арналган курулмалар (жайлар) төмөнкү элементтерди камтууга тийиш: |
|
|
6.1 | Транспорт каражаттарындагы жана бажы контролунда жайгашкан товарларды жайгаштыруу үчүн токтотуу жайларын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ошол транспорт каражаттарынын маневр жасоолоруна жетиштүү болгон аянтчаны |
|
|
6.2 | Товарларды текшерип кароо үчүн аянтчаны; |
|
|
6.3 | Көмөкчү жана кампа жайларын, ошондой эле бажы органынын чечими боюнча өзүнчө сактоону талап кылган товарларды жайгаштыруу үчүн жайды жана аянтчаны; |
|
|
6.4 | Бажы органдарынын кызмат адамдарын жайгаштырууга арналган жана юридикалык жак тарабынан эмерек, уюштуруу техникасы, эсептөө техникасы, байланыш каражаттары, маалымат системасы жана технологиялар (анын ичинде эркин кампадагы товарларга бажы органдарынын кызматтык адамдары тарабынан контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ушул жайга видео байкоо системасынын маалыматын чыгаруу менен) менен жабдылган, санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык келген жайды |
|
|
6.5 | Бажы органдары тарабынан колдонулган программалык продукттар менен айкалышкан товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасын, анын ичинде жасалган операциялар жөнүндө отчётторду берүү үчүн зарыл маалыматтык системаларды жана технологияларды |
|
|
7 | Бажы органынын уруксаты менен төмөнкүлөргө жол берилет: |
|
|
7.1 | Жеке жактардын эркин кампанын аймагына контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу гана кирүүсү жана аталган аймактан чыгуусу; |
|
|
7.2 | Транспорт каражаттарынын эркин кампанын аймагына контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу гана кирүүсү жана аталган аймактан чыгуусу |
|
|
Бажы органынын кызмат адамы (адамдары): | ______________________ | _______________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Юридикалык жактын өкүлү: | ______________________ | _______________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
|
|