Загрузка документа…
| 6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажы өкүлүнүн жана электрондук соода
операторлорунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Квалификациялык талаптар (мындан ары - Талаптар) бажы операцияларын түздөн-түз жүргүзгөн бажы өкүлдөрүнүн кызматкерлерине, электрондук соода операторлоруна (мындан ары - бажы операциялары боюнча адистер) талаптарды жана бул адамдарга мындай квалификациялык талаптарга алардын ылайык келүүсүн ырастаган документти берүү шарттарын белгилейт.
Орто же жогорку кесиптик билими бар, бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны бажы операциялары боюнча адис боло алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү болуп анын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бажы операциялары боюнча адис катары иш жүргүзүүгө анын ээсинин укугун күбөлөндүргөн документ саналат.
3. Бажы операциялары боюнча адис төмөнкү тармактарда бажы өкүлү же электрондук соода операторунун кызматкери катары бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон билимге ээ болууга тийиш:
1) бажылык жөнгө салуу жана бажы иши - бажы жол-жоболору, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүү тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү, бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү, товарлардын бажылык наркын жана чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери, Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштердин товардык номенклатурасына ылайык товарларды квалификациялоо, бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүү тартиби, бажы статистикасы, бажы иши чөйрөсүндө кылмыштар жана бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары, бажы кызматын уюштуруу, бажы органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери;
2) тышкы экономикалык иштер жана аны мамлекеттик жөнгө салуу - тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүү жана аткаруу тартиби, тышкы соодада ташуу жана камсыздандыруу баалары, шарттары, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, ички рынокту коргоо боюнча чаралар, товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүүдө техникалык жөнгө салуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер адамдардын билимин текшерүү квалификациялык экзамен формасында жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча ушул Талаптын тиркемесине ылайык формада бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү берилет.
5. Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин бажылык укук мамилесин жөнгө салуучу ченемдерди жана бажы иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы операциялары боюнча адистер үчүн квалификациялык экзаменди мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелөөгө укуктуу.
6. Квалификациялык күбөлүк квалификациялык экзамен тапшырган күндөн тартып он беш күндүн ичинде берилет.
Квалификациялык күбөлүк бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча журналга катталат жана квалификациялык экзамен тапшырган адам паспортун же ким экендигин ырастаган башка документти, экзамендик баракчасын көрсөткөндө берилет.
7. Квалификациялык экзаменди өткөрүү регламенти бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана төмөнкүлөрдү карайт:
1) экзаменди уюштурууда жана өткөрүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын иш аракеттеринин ырааттуулугун;
2) экзамендик комиссиянын квалификациялык экзаменди кабыл алуу тартибин;
3) квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин билимин баалоо критерийлерин;
4) экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн жана катчысынын укуктары жана милдеттери;
5) квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин укуктарын жана милдеттерин;
6) квалификациялык экзамендин жыйынтыктары боюнча чечимди кабыл алуу тартибин;
7) квалификациялык күбөлүктү алууга талапкер тарабынан берилген апелляцияны кароо тартибин жана мөөнөттөрүн.
8. Квалификациялык экзаменди кабыл алуу үчүн экзамендик комиссия түзүлөт, анын жеке курамы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
9. Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү, квалификациялык экзаменди өткөрүү датасы жана орду, экзамендик суроолордун тизмеси документтерди кабыл алууга чейин 30 (отуз) жумуш күндөн кечиктирбестен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
10. Квалификациялык экзаменден өтүү үчүн бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн алууга талапкер адам бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
- квалификациялык экзаменге кирүү тууралуу арыз;
- ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү (кийин квалификациялык экзаменди өткөрүүдө салыштыруу үчүн түп нускасы берилет);
- орто кесиптик же жогорку кесиптик билимин ырастаган документтин көчүрмөсү;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документ (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо);
- соттуулугу бар же жок экени жөнүндө маалым кат;
- эмгек китепчесинин (болсо) көчүрмөсү;
- 3,5x4,5 сантиметр өлчөмүндө эки түстүү сүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү эки жылды түзөт.
12. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү жоголгон (бузулган), ошондой эле аты-жөнү өзгөргөн учурда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү тиркөө менен эркин формадагы арызды берүү зарыл:
- салыштыруу үчүн түп нускасын берүү менен ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн;
- аты-жөнү өзгөргөндүгү тууралуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалым каттары;
- 3,5x4,5 сантиметр өлчөмүндө эки түстүү сүрөт.
13. Колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү жараксыз деп саналат.
14. Колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу квалификациялык күбөлүктүн колдонулушу токтотулган учурда, адис колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин эки ай мурун колдонуудагы квалификациялык күбөлүгүн тиркөө менен жаңы квалификациялык экзамен тапшырууга арыз берүүгө укуктуу.
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган учурда колдонуудагы квалификациялык күбөлүк жаңысы катталган учурдан тартып жараксыз деп саналат.
2. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык
күбөлүгүн кайра сурап алуунун негизи жана тартиби
15. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү төмөнкү учурларда кайра сурап алынат:
- бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгүн анык эмес, жасалма документтерди колдонуу менен алуу фактысы аныкталганда;
- соттун өкүмү, анын ичинде белгилүү мөөнөттүн ичинде бажы операциялары боюнча адис катары иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны караган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- бажы операциялары боюнча адис тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 405-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында, 4295-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген талаптар бузулганда;
- бажы операциялары боюнча адис бажы иши чөйрөсүндө бузуулар үчүн жоопкерчиликке бир нече (эки же андан көп) жолу тартылганда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү кайра сурап алынган адам аталган квалификациялык күбөлүгүн кайра сурап алуу жөнүндө чечимге "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-главасына ылайык даттанууга укуктуу.
17. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү кайра сурап алынган адам аталган квалификациялык күбөлүгүн алуу тууралуу арызы менен төмөнкү мөөнөттөрдө кайра кайрылууга укугу жок:
1) эгерде бул күбөлүк ушул Жобонун 15-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча кайра сурап алынса, квалификациялык күбөлүктү кайра сурап алуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдын ичинде;
2) эгерде квалификациялык күбөлүк ушул Жобонун 15-пунктунун үчүнчү абзацында каралган негиз боюнча кайра сурап алынса, соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмүндө каралган мөөнөттүн ичинде;
3) адам бажы иши чөйрөсүндө бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылды деп эсептелген мөөнөттүн ичинде.
|
| Бажы өкүлдөрүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарга тиркеме |
Форма
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫ
Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү № ___________________
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
_________________________________________________________________________
(бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган)
___________________________________________________________________ жаран
(аты-жөнү, туулган жылы)
ким экендигин ырастаган документ __________________________________________
(документтин аталышы, сериясы, номери)
_________________________________________________________________ берилген
(берген орган, берилген дата)
квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырганын жана бажы операциялары
боюнча адис катары иш жүргүзүүгө укуктуу экенин ырастайт.
Экзамендик комиссиянын чечими ___________________________________________
_________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
20___-жылдын "___" ______________.
Экзамендик комиссиянын төрагасы | ______________________ | _______________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.