Сравнение редакций…
| 8-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесине ылайык иштелип чыкты жана бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибин жана шарттарын, ошондой эле бажылык контролдоо зоналарынын укуктук режимин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда, бажылык укук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары-бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар), Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
3. Бажылык контролдоо зоналары туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
4. Туруктуу бажылык контролдоо зоналарына төмөнкүлөр кирет:
1) бажы органдарына тиешелүү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган же өткөрүү пункттарын кармоо үчүн жооптуу мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын чегиндеги аймактар (мындан ары - бажы чек арасы);
2) бажы органдарына тиешелүү болгон, бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу жерлердин чегиндеги аймактар же юридикалык жактарга тиешелүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу аймактар;
3) бажы органдары өз ишин жүргүзүп жаткан убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси катары бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүү реестрине киргизилген юридикалык жактарга тиешелүү убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактары, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган эркин экономикалык зоналардын аймактары.
5. Бажылык контролдоонун убактылуу зоналары болуп бажы органдары тарабынан аныкталган жерлер эсептелет:
1) бажы декларациясын берүүнүн алдында бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүү үчүн, - аларды жүргүзүү учурунда, эгерде мындай операцияларды жүргүзүүдө бажы органдары өзүнүн функцияларын тоскоолсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарылдыгына жараша бажылык контролдоо зонасын аныктоо талап кылынса;
2) бажылык контролдоо үчүн;
3) убактылуу сактоо кампаларында товарларды убактылуу сактоонун тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурларда бажылык контролдоодо турган товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо максаттары үчүн.
2. Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана аныктоо тартиби
6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын аймагынын тиешелүү участогу иш регионуна кирген бажы органынын сунушунун негизинде бажы чек арасына туш келген жана аны бойлой бажылык контролдоонун туруктуу зоналарын түзүү зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторун аныктайт жана мындай зоналарды түзүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоонун туруктуу зоналары Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү болуп саналбаган чектеш мамлекеттердин товарларын жана адамдарын өткөрүүгө байланыштуу участокторунда түзүлөт.
7. Бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоонун зоналары анын чеги боюнча транспорт каражаттарынын жолу менен кесилишкен жерлеринде, бажы чек арасын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өткөн жерлери, ГОСТ 10807-78 боюнча жол маалымат белгилери үчүн аныкталган техникалык шарттарга жана стандарттарга ылайык жасалган, жашыл бетине ак түстөгү "Бажылык контролдоо зонасы" деген жазуусу бар белги коюлат.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орнотулган жана ачылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу формасында кабыл алынат.
Бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунда түзүлүп жаткан бажылык контролдоо зонасына бажы контролу жана бажылык операциялар ишке ашырылган аймактын участоктору, имараттар, курулмалар, аянттар, мындай товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын токтотуу жерлери кирет.
9. Туруктуу бажылык контролдоо зонасынын чек арасы аба жана темир жолдорундагы өткөрүү пункттары орнотулган транспорттук инфраструктура объектисинин администрациясы менен макулдашылат.
10. Өткөрүү пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) түзүүнүн негизи жана максаты;
2) жайгашкан жери;
3) аларды адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары кесип өтүүчү чектери жана жерлери;
4) белгилөө үчүн пайдалануучу каражаттар.
Өткөрүү пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйруктун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
11. Ушул тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечимди бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган бажылык контролдоонун зонасын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын буйругу менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) түзүүнүн негизи жана максаты;
2) жайгашкан жери;
3) бажылык контролдоонун зонасынын чектери жана алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары менен кесилишкен жерлери;
4) белгилөө үчүн пайдаланылуучу каражаттар.
Ушул тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында аныкталган жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө бажы органынын буйругунун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
13. Ушул тартиптин 5-пункту менен аныкталган жерлерде бажылык контролдоонун убактылуу зоналарын түзүү жөнүндө чечимди бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
Аталган чечим убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүүнүн максатын, убактылуу бажылык контролдоо зонасынын жайгашкан жерин, иштөө мөөнөтүн, чек арасын жана адамдар, товарлар өтүүчү жерлерин, ошондой эле белгилөөнүн колдонулган каражаттарын көрсөтүп, бажы органынын буйругу менен таризделет.
14. Бажылык контролдоо зонасынын чек арасы жашыл фондо ак түс менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" (тиркеме № 1) жазуу жазылган тик бурчтуу формадагы белги менен белгиленет (1-тиркемеге ылайык форма боюнча). Көрсөтүлгөн белгилер бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн негизги каражаты болуп саналат.
Бажылык контролдоо зонасы мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" жазууларын периметри боюнча тосмолорго жана имараттардын дубалдарына түздөн-түз жазуу менен белгилениши мүмкүн.
Чет тилдеги жазууну конкреттүү бажылык контролдоо зонасын түзүүдө пайдалануу үчүн максатка ылайыктуу болгон, каалаган башка тилде жазууга жол берилет.
15. Бажылык контролдоо зонасын белгилөө анын чек арасы боюнча транспорт жолдору менен кесилишкен жерлерде, ошондой эле бажылык контролдоо зонасынын чек арасын адамдар, товарлар кесип өткөн жерлерде жүргүзүлөт. Бажылык контролдоо зонасын белгилөөдө анын чек арасы, чек арасын кесип өтүүнүн аныкталган жерлери, бажылык контролдоо зонасына уруксаты бар адамдардын тизмеси, аны белгилөөнүн каражаттары жана аны менен иштөөгө байланыштуу башка жагдайлар тууралуу маалыматты камтыган көрсөтмөлүү такта кошумча колдонулушу мүмкүн.
16. Автомобилдик жолдордо орнотулуучу бажылык контролдоо зоналарынын белгилери аныкталган тартипте даярдалат.
17. Убактылуу бажылык контролдоо зонасынын чек арасы тосмо лента (2-тиркемеге ылайык форма боюнча), ошондой эле убактылуу орнотулуучу белгилер менен белгилениши мүмкүн.
18. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын белгилөө аны түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.
19. Туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын жайгашкан жери алмашкан учурда, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункту жабылганда, бажылык контролдоодо турган товарлардын сактоо жери алмашканда, бажылык операцияларды жүргүзүүгө жол берилген жерлери алмашканда, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бөлүктөрүн бөлүү жана белгилөө талап кылган негиздер токтогон учурларда жокко чыгарылат.
20. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим аны түзүүгө негиз болгон иш-чаралар аяктагандан кийин же убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө бажы органынын чечиминде көрсөтүлгөн иштөө мөөнөтү аяктаганда жокко чыгарылат.
21. Бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу анын жоюлушуна алып келет.
22. Бажылык контролдоо зонасын жоюу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- ушул Тартиптин 6 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен;
- ушул Тартиптин 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда -бажы органынын буйругу менен.
23. Бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо зонасы жоюлгандан кийин, аны белгилөө каражаттарын алуу жана анын жоюлушу тууралуу кызыкдар болгон жактарга маалымдоо чараларын көрөт.
3. Бажылык контролдоо зоналарында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүргүзүү
24. Бажылык контролдоодо турган товарларды ташуу, жүк түшүрүү жана кайра жүктөө (которуштуруп жүктөө), сактоо; мындай товарларды ташуучу транспорт каражаттарын токтотуу жерлерин уюштуруу жана тейлөө; бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү юридикалык жана жеке жактарды тейлөө; бажы операцияларын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле алардын инженердик тармактарын куруу жана реконструкциялоо; жолдорду жана өткөрүү пункттарына кайрылуучу жолдорду, бажылык контролдоо зоналарындагы бажы чек арасы аркылуу, анын ичинде чек арасын бойлото түзүлгөн товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн (автомобилдик токтотмо жайларды, жол тосмолорун, жол белгилерин орнотууну кошкондо) пайдаланылуучу транспорттук-инженердик курулуштарды куруу жана кайра куруу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарба иштери бажы органдарынын уруксаты жана алардын контролу менен жүргүзүлөт.
25. Бажылык контролдоо зоналарынын чегинде ишке ашырылуучу өндүрүштүк жана башка чарба иши бажы органдарынын кызмат адамдарынын тоскоолсуз иштөөсүнө жолтоо болбошу керек.
26. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк же башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажылык контролдоо зонасы аймагында түзүлгөн бажы органынын начальниги тарабынан берилет.
27. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишине уруксат алуу арызында бажылык контролдоо зонасынын чегинде жүзөгө ашыруу болжолдонуп жаткан иштин түрү жана мүнөзү, ал ишти жүзөгө ашыра турган адамдардын тизмеси, аны ишке ашыруунун пландаштырылган мөөнөтү тууралуу маалымат камтылышы керек.
28. Кызыкдар жак тарабынан берилген арызды кароонун жыйынтыгы боюнча бажы органы бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүү жөнүндө чечимин чыгарат же баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
29. Кабыл алынган чечим тууралуу бажы органы кызыкдар жакка жазуу жүзүндө 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
4. Бажылык контролдоо зонасынын укуктук режими
30. Бажылык контролдоо зонасы болуп аймактын белгиленген участогу саналат, анын чегинде бажылык контролдоодо турган товарларды, анын ичинде транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыз кылган өзгөчө укуктук режим бажылык контролдоону, сактоону, ошондой эле алар менен жүк жана бажылык операцияларды жүргүзүү максатында орнотулат, ошол зонанын ичинде аталган операцияларды жүргүзүүгө катышпаган жеке жактардын өтүүсү, бажылык контролдоодо турбаган товарлардын, транспорт каражаттарынын жүрүшү чектелет.
31. Бажылык контролдоо зоналарына кирүүгө уруксат төмөнкүнүн негизинде берилет:
1) бажылык контролдоо зоналарында иштеген Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдарынын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмөнүн, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
2) юридикалык жактардын кызматтык милдеттерин аткаруу түздөн-түз бажылык контролдоо зонасында болуу менен байланыштуу болгондуктан, алардын кызматкерлери үчүн туруктуу өткөрмөнүн;
3) мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын бажылык контролдоо зоналарында кыска мөөнөттүн ичинде болушу менен түздөн-түз байланыштуу болгон функцияларды аткаруу максатында алардын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмөнүн.
32. Туруктуу өткөрмөлөр ушул Тартиптин 31-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы органынын начальнигинин, болбосо анын милдетин аткаруучунун чечими боюнча бир календардык жылга берилет.
33. Убактылуу өткөрмөлөр бажылык контролдоо зонасында адамдын убактылуу боло турган мөөнөтүнө, анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилет.
34. Өткөрмөлөрдү каттоо атайын журналда, ошол өткөрмөлөрдү берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Өткөрмөлөрдү тариздебей бажылык контролдоо зонасына кирүү үчүн төмөнкүлөргө уруксат:
1) өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды бажылык контролдоо зоналарында жумуш убактысында аткарган бажы органдарынын кызмат адамдарына, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
2) бажылык контролдоо зонасында товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөткөн адамдарга, ошондой эле бажылык чек арадан өтүүчү жеке жактарга берилет.
Эскертүү:
Өзүнүн жумуш убактысынан тышкары мезгилде бажы органынын начальнигинин, же анын милдетин аткаруучунун уруксаты жок бажылык контролдоо зонасында бажы органынын кызмат адамынын болушуна жол берилбейт;
3) почта автомашиналарына жана почтаны коштоп бараткан адамдарга.
36. Бажылык контролдоо зоналарынын чек аралары аркылуу жана алардын чектеринде товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсүнө бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
37. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууда бажы органдарынын кызмат адамдарынын бажылык контролдоо зонасына кирүүсү чектелбейт.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине 1-тиркеме |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн эн тамгасынын ҮЛГҮСҮ
"БАЖЫ КОЗОМОЛДОО ЗОНАСЫ" "ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ" "CUSTOMS CONTROL ZONE" |
Тактанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмдөрү: туурасы - 75 см, бийиктиги - 25 см.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине 2-тиркеме |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөө үчүн тосмо лентасынын ҮЛГҮСҮ
"БАЖЫЛЫК КОНТРОЛДОО ЗОНАСЫ" "ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ" "CUSTOMS CONTROL ZONE" |
Лента полимердик материалдан даярдалат.
Тактанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмү: туурасы - 10 см.
| 8-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана аныктоо тартиби
3. Бажылык контролдоо зоналарында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүргүзүү
4. Бажылык контролдоо зонасынын укуктук режими
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесине ылайык иштелип чыкты жана бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибин жана шарттарын, ошондой эле бажылык контролдоо зоналарынын укуктук режимин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда, бажылык укук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары-бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар), Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
3. Бажылык контролдоо зоналары туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
4. Туруктуу бажылык контролдоо зоналарына төмөнкүлөр кирет:
1) бажы органдарына тиешелүү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган же өткөрүү пункттарын кармоо үчүн жооптуу мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын чегиндеги аймактар (мындан ары - бажы чек арасы);
2) бажы органдарына тиешелүү болгон, бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу жерлердин чегиндеги аймактар же юридикалык жактарга тиешелүү бажы жол-жобосуна товарларды жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жасалуучу аймактар;
3) электрондук соода оператору, бажы органдары өз ишин жүргүзүп жаткан убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары бажы иши жаатындагы ишти жүргүзүү үчүн реестрге киргизилген юридикалык жактарга таандык убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн жана электрондук соода кампаларынын аймактары, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган эркин экономикалык зоналардын аймактары.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бажылык контролдоонун убактылуу зоналары болуп бажы органдары тарабынан аныкталган жерлер эсептелет:
1) бажы декларациясын берүүнүн алдында бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүү үчүн, - аларды жүргүзүү учурунда, эгерде мындай операцияларды жүргүзүүдө бажы органдары өзүнүн функцияларын тоскоолсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарылдыгына жараша бажылык контролдоо зонасын аныктоо талап кылынса;
2) бажылык контролдоо үчүн;
3) убактылуу сактоо кампаларында товарларды убактылуу сактоонун тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурларда бажылык контролдоодо турган товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо максаттары үчүн.
2. Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана
аныктоо тартиби
6. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын аймагынын тиешелүү участогу иш регионуна кирген бажы органынын сунушунун негизинде бажы чек арасына туш келген жана аны бойлой бажылык контролдоонун туруктуу зоналарын түзүү зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторун аныктайт жана мындай зоналарды түзүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоонун туруктуу зоналары Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрү болуп саналбаган чектеш мамлекеттердин товарларын жана адамдарын өткөрүүгө байланыштуу участокторунда түзүлөт.
7. Бажы чек арасын бойлото бажылык контролдоонун зоналары анын чеги боюнча транспорт каражаттарынын жолу менен кесилишкен жерлеринде, бажы чек арасын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары өткөн жерлери, ГОСТ 10807-78 боюнча жол маалымат белгилери үчүн аныкталган техникалык шарттарга жана стандарттарга ылайык жасалган, жашыл бетине ак түстөгү "Бажылык контролдоо зонасы" деген жазуусу бар белги коюлат.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орнотулган жана ачылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу формасында кабыл алынат.
Бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пунктунда түзүлүп жаткан бажылык контролдоо зонасына бажы контролу жана бажылык операциялар ишке ашырылган аймактын участоктору, имараттар, курулмалар, аянттар, мындай товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын токтотуу жерлери кирет.
9. Туруктуу бажылык контролдоо зонасынын чек арасы аба жана темир жолдорундагы өткөрүү пункттары орнотулган транспорттук инфраструктура объектисинин администрациясы менен макулдашылат.
10. Өткөрүү пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) түзүүнүн негизи жана максаты;
2) жайгашкан жери;
3) аларды адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары кесип өтүүчү чектери жана жерлери;
4) белгилөө үчүн пайдалануучу каражаттар.
Өткөрүү пунктунда туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө буйруктун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
11. Ушул тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө чечимди бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган бажылык контролдоонун зонасын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын буйругу менен таризделет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) түзүүнүн негизи жана максаты;
2) жайгашкан жери;
3) бажылык контролдоонун зонасынын чектери жана алардын адамдар, товарлар жана транспорт каражаттары менен кесилишкен жерлери;
4) белгилөө үчүн пайдаланылуучу каражаттар.
Ушул тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында аныкталган жерлерде туруктуу бажылык контролдоо зоналарын түзүү жөнүндө бажы органынын буйругунун тиркемесинде чек аранын жана көрсөтүлгөн бажылык контролдоо зонасынын аймагынын графикалык сүрөттөлүшү план же карта түрүндө берилиши зарыл.
13. Ушул Тартиптин 5-пунктунда аныкталган жерлерде бажылык контролдоонун убактылуу зоналарын түзүү жөнүндө чечимди кызыкдар жактын арызынын негизинде бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- имараттарга же ачык аянтчаларга ээлик кылууну ырастоочу документтер (жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк, ижара келишими ж.б.);
- бажылык контролдоонун убактылуу зонасын түзүү болжолдонгон жердин пландары жана чиймелери.
Аталган чечим бажылык контролдоонун убактылуу зонасын түзүүнүн максатын, бажылык контролдоонун убактылуу зонасынын жайгашкан жерин, колдонуу мөөнөтүн, чек арасын жана анын жактар, товарлар өтүүчү жерлерин, ошондой эле колдонулган белгилөө каражаттарын көрсөтүү менен бажы органынын буйругу менен таризделет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Бажылык контролдоо зонасынын чек арасы жашыл фондо ак түс менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" (тиркеме № 1) жазуу жазылган тик бурчтуу формадагы белги менен белгиленет (1-тиркемеге ылайык форма боюнча). Көрсөтүлгөн белгилер бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн негизги каражаты болуп саналат.
Бажылык контролдоо зонасы мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде "Бажылык контролдоо зонасы", "Зона таможенного контроля" жана "Customs control zone" жазууларын периметри боюнча тосмолорго жана имараттардын дубалдарына түздөн-түз жазуу менен белгилениши мүмкүн.
Чет тилдеги жазууну конкреттүү бажылык контролдоо зонасын түзүүдө пайдалануу үчүн максатка ылайыктуу болгон, каалаган башка тилде жазууга жол берилет.
15. Бажылык контролдоо зонасын белгилөө анын чек арасы боюнча транспорт жолдору менен кесилишкен жерлерде, ошондой эле бажылык контролдоо зонасынын чек арасын адамдар, товарлар кесип өткөн жерлерде жүргүзүлөт. Бажылык контролдоо зонасын белгилөөдө анын чек арасы, чек арасын кесип өтүүнүн аныкталган жерлери, бажылык контролдоо зонасына уруксаты бар адамдардын тизмеси, аны белгилөөнүн каражаттары жана аны менен иштөөгө байланыштуу башка жагдайлар тууралуу маалыматты камтыган көрсөтмөлүү такта кошумча колдонулушу мүмкүн.
16. Автомобилдик жолдордо орнотулуучу бажылык контролдоо зоналарынын белгилери аныкталган тартипте даярдалат.
17. Бажылык контролдоонун убактылуу зонасынын (мындан ары – БКУЗ) инфраструктурасына (жабдылышына) төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат (товарларды көргөзмөлөргө, жарманкелерге жайгаштыруу жана товарларды башка кампаларда сактоо учурларын кошпогондо):
1) БКУЗдун бүтүндөй периметри боюнча жана ичинде акыркы 30 календардык күндө болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматты көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген видеобайкоонун болушу;
2) товарларды эсепке алуу системасынын болушу;
3) БКУЗдун бүтүндөй периметри боюнча белгиленген, тосулган, жана корголгон аймагынын болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын белгилөө аны түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.
19. Туруктуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим бажы органынын жайгашкан жери алмашкан учурда, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункту жабылганда, бажылык контролдоодо турган товарлардын сактоо жери алмашканда, бажылык операцияларды жүргүзүүгө жол берилген жерлери алмашканда, Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бөлүктөрүн бөлүү жана белгилөө талап кылган негиздер токтогон учурларда жокко чыгарылат.
20. Убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечим аны түзүүгө негиз болгон иш-чаралар аяктагандан кийин же убактылуу бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө бажы органынын чечиминде көрсөтүлгөн иштөө мөөнөтү аяктаганда жокко чыгарылат.
21. Бажылык контролдоо зонасын түзүү жөнүндө чечимди жокко чыгаруу анын жоюлушуна алып келет.
22. Бажылык контролдоо зонасын жоюу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- ушул Тартиптин 6 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен;
- ушул Тартиптин 12 жана 13-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда -бажы органынын буйругу менен.
23. Бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо зонасы жоюлгандан кийин, аны белгилөө каражаттарын алуу жана анын жоюлушу тууралуу кызыкдар болгон жактарга маалымдоо чараларын көрөт.
3. Бажылык контролдоо зоналарында өндүрүштүк
жана башка чарба ишин жүргүзүү
24. Бажылык контролдоодо турган товарларды ташуу, жүк түшүрүү жана кайра жүктөө (которуштуруп жүктөө), сактоо; мындай товарларды ташуучу транспорт каражаттарын токтотуу жерлерин уюштуруу жана тейлөө; бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү юридикалык жана жеке жактарды тейлөө; бажы операцияларын жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле алардын инженердик тармактарын куруу жана реконструкциялоо; жолдорду жана өткөрүү пункттарына кайрылуучу жолдорду, бажылык контролдоо зоналарындагы бажы чек арасы аркылуу, анын ичинде чек арасын бойлото түзүлгөн товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн (автомобилдик токтотмо жайларды, жол тосмолорун, жол белгилерин орнотууну кошкондо) пайдаланылуучу транспорттук-инженердик курулуштарды куруу жана кайра куруу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарба иштери бажы органдарынын уруксаты жана алардын контролу менен жүргүзүлөт.
25. Бажылык контролдоо зоналарынын чегинде ишке ашырылуучу өндүрүштүк жана башка чарба иши бажы органдарынын кызмат адамдарынын тоскоолсуз иштөөсүнө жолтоо болбошу керек.
26. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк же башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажылык контролдоо зонасы аймагында түзүлгөн бажы органынын начальниги тарабынан берилет.
27. Бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишине уруксат алуу арызында бажылык контролдоо зонасынын чегинде жүзөгө ашыруу болжолдонуп жаткан иштин түрү жана мүнөзү, ал ишти жүзөгө ашыра турган адамдардын тизмеси, аны ишке ашыруунун пландаштырылган мөөнөтү тууралуу маалымат камтылышы керек.
28. Кызыкдар жак тарабынан берилген арызды кароонун жыйынтыгы боюнча бажы органы бажылык контролдоо зонасында өндүрүштүк жана башка чарба ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүү жөнүндө чечимин чыгарат же баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
29. Кабыл алынган чечим тууралуу бажы органы кызыкдар жакка жазуу жүзүндө 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
4. Бажылык контролдоо зонасынын укуктук режими
30. Бажылык контролдоо зонасы болуп аймактын белгиленген участогу саналат, анын чегинде бажылык контролдоодо турган товарларды, анын ичинде транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыз кылган өзгөчө укуктук режим бажылык контролдоону, сактоону, ошондой эле алар менен жүк жана бажылык операцияларды жүргүзүү максатында орнотулат, ошол зонанын ичинде аталган операцияларды жүргүзүүгө катышпаган жеке жактардын өтүүсү, бажылык контролдоодо турбаган товарлардын, транспорт каражаттарынын жүрүшү чектелет.
31. Бажылык контролдоо зоналарына кирүүгө уруксат төмөнкүнүн негизинде берилет:
1) бажылык контролдоо зоналарында иштеген Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдарынын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмөнүн, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
2) юридикалык жактардын кызматтык милдеттерин аткаруу түздөн-түз бажылык контролдоо зонасында болуу менен байланыштуу болгондуктан, алардын кызматкерлери үчүн туруктуу өткөрмөнүн;
3) мамлекеттик органдардын жана юридикалык жактардын бажылык контролдоо зоналарында кыска мөөнөттүн ичинде болушу менен түздөн-түз байланыштуу болгон функцияларды аткаруу максатында алардын кызмат адамдары үчүн туруктуу өткөрмөнүн.
32. Туруктуу өткөрмөлөр ушул Тартиптин 31-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы органынын начальнигинин, болбосо анын милдетин аткаруучунун чечими боюнча бир календардык жылга берилет.
33. Убактылуу өткөрмөлөр бажылык контролдоо зонасында адамдын убактылуу боло турган мөөнөтүнө, анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилет.
34. Өткөрмөлөрдү каттоо атайын журналда, ошол өткөрмөлөрдү берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Өткөрмөлөрдү тариздебей бажылык контролдоо зонасына кирүү үчүн төмөнкүлөргө уруксат:
1) өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды бажылык контролдоо зоналарында жумуш убактысында аткарган бажы органдарынын кызмат адамдарына, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө;
2) бажылык контролдоо зонасында товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөткөн адамдарга, ошондой эле бажылык чек арадан өтүүчү жеке жактарга берилет.
Эскертүү:
Өзүнүн жумуш убактысынан тышкары мезгилде бажы органынын начальнигинин, же анын милдетин аткаруучунун уруксаты жок бажылык контролдоо зонасында бажы органынын кызмат адамынын болушуна жол берилбейт;
3) почта автомашиналарына жана почтаны коштоп бараткан адамдарга.
36. Бажылык контролдоо зоналарынын чек аралары аркылуу жана алардын чектеринде товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүүсүнө бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
37. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууда бажы органдарынын кызмат адамдарынын бажылык контролдоо зонасына кирүүсү чектелбейт.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине 1-тиркеме |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөөнүн
эн тамгасынын
ҮЛГҮСҮ
"БАЖЫ КОЗОМОЛДОО ЗОНАСЫ" "ЗОНА ТАМОЖЕННОГО КОНТРОЛЯ" "CUSTOMS CONTROL ZONE" |
Тактанын түсү - жашыл.
Жазуунун түсү - ак.
Өлчөмдөрү: туурасы - 75 см, бийиктиги - 25 см.
|
| Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине 2-тиркеме |
Бажылык контролдоо зонасын белгилөө үчүн
тосмо лентасынын