Загрузка документа…
| 9-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 139-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана бажы органдарынын товарларга, транспорт каражаттарына карата бажы контролун жүргүзүүдө техникалык каражаттарды колдонуу эрежелерин аныктайт.
2. Бажы контролунун техникалык каражаттары - бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана бажы иши чөйрөсүндө укук бузуу (кылмыштарды) фактыларын аныктоо максатында товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоо процессинде бажы органдары тарабынан колдонулуучу атайын техникалык каражаттардын комплекси.
3. Бажы контролунун техникалык каражаттары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) алынып келүүчү радиоактивдүү жана бөлүнүүчү материалдарды, коркунучтуу калдыктарды табуу, чектөө жана идентификациялоо, алардын сандык жана сапаттык мүнөзүн өлчөө үчүн арналган радиациялык контролдун техникалык каражаттары. Аларга дозиметрлер, радиометрлер, чакан жана туруктуу орнотулган спектрометрлер, радиоактивдүү жана бөлүнүүчү материалдарды табуучу туруктуу орнотулган системалар;
2) автотранспорт каражаттарынын салмактык жана габариттик параметрлерин өлчөөнү контролдоо үчүн бажы органдары тарабынан колдонулуучу видео байкоо жана транспорт каражаттарынын салмактык жана өлчөмдүк параметрлерин аныктоонун автоматташтырылган системасы;
3) бажы органдары тарабынан транспорт каражаттарын, транспорт каражаттарынын жүк салуучу бөлүгүнүн ичиндегилерди, контейнерлерди, жүргүнчүлөрдүн коштолуучу жана коштолбоочу жүгүн, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн жана майда, орто өлчөмдөгү жана чоң өлчөмдөгү идиштердеги товарларды көрүнөө текшерүү, ошондой эле жеке адамдарды интрузивдик эмес (контактсыз) метод менен кароо үчүн колдонулуучу интраскопиялык кароо техникалары, анын ичинде сүрөттөрдү анализдөө жана иштеп чыгуу системалары менен жабдылган техникалар. Интрузивдик эмес (контактсыз) кароонун туруктуу орнотулган, көчмө жана мобилдик системалары колдонулат;
4) жүргүнчүлөрдүн коштолуучу жана коштолбоочу жүктөрүн, эл аралык почта жөнөтүүлөрүн, товарларды жана транспорт каражаттарындагы кароого кыйын жерлерди бажылык кароодо пайдаланылуучу издөөнүн техникалык каражаттары.
Издөөнүн техникалык каражаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) металлодетекторлор - кара жана түстүү металлдардан жасалган буюмдарды табууга арналган электрондук приборлор. Чакан, көчмө жана туруктуу орнотулган металлодетекторлор колдонулат;
б) текшерип кароо күзгүлөрү - түрдүү формадагы жана өлчөмдөгү алмаштырылуучу күзгүлөрдүн топтому бар телескоптук кармагычтар, жарык кылуучу кол приборлору менен бирге кароого кыйын жерлерде товарларды, транспорт каражаттарын текшерип кароо үчүн колдонулат;
в) текшерип кароо шиштери - түрдүү диаметрдеги жана узундуктагы өзгөчө чыңалган металл өзөкчөлөр, оюк салынуучу объекттерден (жумшак жана картон таңгактар, транспорт каражаттарынын отургучтары, чубурма жүктөр) сынам алуу үчүн атайын формадагы оюгу менен даярдалат;
г) эндоскоптор - транспорт каражаттарынын кароого кыйын жерлерин жана ар кандай, анын ичинде агрессивдүү суюктуктар менен да толтурулган сыйымдуулуктарды текшерип кароо үчүн арналган оптикалык приборлор;
д) текшерип кароо фонарлары жана чырактары - сутканын түнкү мезгилинде жана начар жарыктандырылган жайларда оптималдуу жарыктандыруу үчүн арналган жарыктандыруучу приборлор. Мобилдик, көчмө жана туруктуу орнотулган фонарлар жана чырактар колдонулат;
е) тыгыздыктын өзгөрүшүн аныктоо үчүн приборлор - транспорт каражаттарынын күйүүчү май куюлуучу бактары, эшиктери, дөңгөлөктөрү, жүк ташуучу автомобилдердин чиркегичтеринин капталдары сыяктуу кароого кыйын жерлердеги бөтөн нерселерди табууга арналган приборлор;
ж) тепловизорлор - нерсенин өзүнүн динамикасындагы жылуулук чыгаруучу объекттерди ыкчам издөө, табуу жана байкоо үчүн арналган приборлор;
5) идентификациялоонун техникалык каражаттары, аларга төмөнкүлөр кирет:
а) бажы жана башка документтердин аныктыгын аныктоо приборлору;
6) баалуу металлдардын сынамынын аныктыгын аныктоо приборлору;
в) баалуу таштардын аныктыгын аныктоо приборлору;
г) баңги, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду идентификациялоо приборлору;
д) жарылуучу заттарды идентификациялоо приборлору;
е) рентгенофлуоресценттик анализаторлор;
ж) таразага тартуу приборлору;
з) энергия ресурстарын эсепке алуу приборлору;
и) хладагенттердин идентификаторлору, детекторлору жана анализаторлору;
к) тыгындап-пломбалоочу электрондук түзүлүштөрдүн (электрондук пломбалардын) эсептөө приборлору;
л) штрих-коддордун принтерлери;
м) штрих-коддорду эсептөө приборлору;
н) идентификациялоо каражаттары;
6) бажы органдары тарабынан бажы контролу ишке ашырылган объекттерде оперативдүү кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн колдонулуучу сырттан көз жүгүртүп байкоонун техникалык каражаттары.
Сырттан көз жүгүртүп байкоонун техникалык каражаттарына байкоо жүргүзүүнүн оптикалык приборлору, дүрбүлөр, монокулярдык жана стереотрубалар, түнкүсүн көрүүчү приборлор, ошондой эле бирдиктүү контролдук пульттан жана контролдук мониторлордон башкарылбоочу же аралыктан башкарылуучу обзордук телекөрсөтүүнүн локалдуу (жабык) системалары - телекөрсөтүү камераларынын тармагы;
7) аудио жана видео маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү контролдоочу техникалык каражаттар, аларга магнитофондор, видеомагнитофонддор, жаздыруунун бардык системасындагы жана форматындагы плейерлер, телемониторлор, телевизорлор, атайын компьютердик контролдук системалар, фото, кино, слайд долбоорлору, микрофишаларды көрүү үчүн түзүлүштөр, ошондой эле аудио, видео маалыматтарды өчүрүүчү түзүлүштөр;
8) бажылык контролдоо процессин ыкчам башкарууну камсыздоо үчүн бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан колдонулуучу ыкчам байланыштын техникалык каражаттары. Комплекске төмөнкүлөр кирет: бажы органдары тарабынан атайын бөлүп берилген радио жыштыкта иштеген көчмө, туруктуу орнотулган (базалык), автомобилдик радио байланыш аппаратурасы.
2. Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартиби
4. Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн коопсуз болууга тийиш жана товарларга, транспорт каражаттарына зыян келтирбеши керек.
5. Бажы контролун жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы ушул Тартипке ылайык бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонот.
Бажы органдары тарабынан колдонулуучу бажы контролунун техникалык каражаттарынын тизмеги ушул Тартиптин тиркемесинде белгиленген.
6. Бажы контролун жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы бажы контролунун формасына, бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылган чараларга жана адамдардын, товарлардын жана транспорт каражаттарынын өтүү өзгөчөлүгүнө жараша бажы контролунун тигил же бул техникалык каражаттарын колдонуу зарылдыгын аныктайт.
7. Бажы контролун бажылык байкоо түрүндө жүргүзүүнү камсыз кылган чараларды колдонууда бажы контролунун төмөнкү техникалык каражаттары колдонулат:
1) транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номери боюнча автотранспорт каражаттарын каттоо жолу менен бажы чек арасынан өтүүчү автотранспорт каражаттарына карата колдонулуучу автотранспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы.
Автотранспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонуунун натыйжасы боюнча алынган маалыматтар бажы чек арасынан өткөн автотранспорт каражаттарын борборлоштурулган эсепке алуу үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга байланыш каналдары аркылуу берилет.
2) бажы контролунун зонасында жайгашкан товарларга, транспорт каражаттарына жана адамдарга сырттан көз жүгүртүп контролдоо үчүн колдонулуучу сырттан көз жүгүртүп байкоонун техникалык каражаттары.
8. Бажы контролунун бажылык кароо жана бажылык текшерип кароо сыяктуу формаларын колдонууда бажы контролунун төмөнкүдөй техникалык каражаттары колдонулат:
1) радиоактивдүү материалдардын бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүлүшүн аныктоо максатында бажы чек арасынан өтүүчү товарларга, транспорт каражаттарына жана адамдарга карата колдонулуучу радиациялык контролдун техникалык каражаттары;
2) контролдоо жана алынган маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүү менен эсепке алуу максатында бажы чек арасынан өтүүчү автотранспорт каражаттарына карата колдонулуучу видео байкоонун жана транспорт каражаттарынын салмактык жана өлчөмдүк параметрлерин аныктоонун автоматташтырылган системалары;
3) кол жүктөрүндөгү, контейнерлердеги, транспорт каражаттарындагы, эл аралык почта жөнөтүүлөрүндөгү, адамдардын дене-боюндагы жана ички органдарындагы мыйзамсыз салынган товарларды табуу максатында бажы чек арасынан өтүүчү товарларга, транспорт каражаттарына жана жактарга карата колдонулуучу текшерип кароочу интраскопиялык техника, анын ичинде сүрөттөрдү иштеп чыгуу жана талдоо системалары менен жабдылган техника;
4) транспорт каражаттарын, товарлардын таңгактарын ачпастан товарларды жана транспорт каражаттарын, текшерилүүчү объекттин бүтүндүгүн бузбастан жана демонтаждабастан кароо жүргүзүүдө колдонулуучу техникалык издөө каражаттары;
5) төмөнкү товарларды кароо жүргүзүүдө колдонулуучу идентификациялоонун техникалык каражаттары:
а) баалуу таштардын жана металлдардын сынамдарын идентификациялоо үчүн баалуу таштардагы нурлардын өзгөрүүлөрүн анализдөөнүн негизинде иштеген приборлор жана эритмелерди аныктоонун ар кандай методдору пайдаланылуучу приборлор колдонулат. Баалуу таштарды жана металлдарды кооздоонун бардык учурунда колдонулат;
6) баңги, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду табуу жана (же) текшерүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
- кагаз майлыктын жардамы менен микро бөлүктөрдү чогултуу жана аларды детектордун компрессорун иштетүү менен анализ, ошондой шектүү участоктон бууларга анализ жүргүзүү үчүн детекторго жайгаштыруу методу аркылуу баңги заттардын детекторлору жана экспресс-анализаторлору;
- атайын тунук идиштердеги баңги заттардын түстөрүн айырмалоо үчүн ампулалар же ампулалардын топтому;
в) жарылгыч заттарды табуу жана (же) текшерүү үчүн кагаз майлык менен микро бөлүктөрдү чогултуу жана аларды шектүү участоктордон детектордун компрессорунун жардамы менен бууларды чогултуу аркылуу анализ жасоо үчүн аларды детекторго жайгаштыруу жолу менен микро бөлүкчөлөрдүн детектору жана жарылгыч заттардын буусунун анализи колдонулат;
г) катуу, суюк жана порошок сыяктуу абалдагы заттарды анализдөө үчүн рентгенофлуоресценттик анализаторлор колдонулат,
д) товарлардын жана транспорт каражаттарынын салмагын аныктоо үчүн таразага тартуучу приборлор колдонулат;
е) убакыт бирдигинде өтүүчү товарлардын көлөмүн аралыктан өлчөө үчүн энергия ресурстарын эсепке алуучу приборлор колдонулат, өлчөөнүн натыйжалары бажы органдарына маалыматтарды берүү каналдары менен байланышкан маалымат системаларына киргизилет;
ж) озонду бузуучу заттарды табуу максатында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүдө хладагенттердин анализаторлору, идентификаторлору, детекторлору колдонулат;
з) электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү санкцияланган ачууну текшерүү, эсептөө, алуу, ошондой эле контролдоо үчүн электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү (электрондук пломба) эсептөө приборлору колдонулат. Электрондук тыгындап-пломбалоочу түзүлүштөрдү (электрондук пломба) эсептөөнүн туруктуу орнотулган, көчмө жана мобилдик приборлору колдонулат;
и) этикеткаларга, өзү чапталуучу ленталарга маалыматтарды (штрих-кодду, тексттик маалыматты, ар кандай графикаларды) басып чыгаруу үчүн штрих-коддун принтерлери колдонулат, алар мындан ары товарларга, маркалоо үчүн таңгактарга, транзиттик декларацияга, транспорттук каражаттарга түшүрүлөт;
к) штрих-коду бар этикеткаларды, чаптагычтарды идентификациялоо үчүн штрих-коддорду эсептөө приборлору колдонулат (штрих-коддун сканери).
Эскертүү:
Идентификациялоонун техникалык каражаттарын колдонуу менен товарларды идентификациялоонун жыйынтыгы товарлардын маалыматтарын терең изилдөө үчүн экспертизага жөнөтүүгө негизи болуп эсептелет;
6) бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажы органдарынын администрациялык имараттарынын объектилерине жана бажы контролунун зонасындагы оперативдик кырдаалга күндүз жана түнкү убакта байкоо жүргүзүү үчүн бажылык контролдоо максатында дайыма колдонулуучу сыртынан көз жүгүртүп байкоонун техникалык каражаттары;
7) магниттик алып жүрүүчүлөрдө (бобинада, плёнкада, компакт-кассеталарда, дисктерде, электрондук эсептөөчү машиналардын дисктеринде) жазылган аудио маалыматтарды, видео маалыматтарды көрүү, угуу жана өчүрүү үчүн мындай маалыматтарды техникалык алып жүрүүчүлөрдү бажылык контролдоодо колдонулуучу аудио жана видео маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү контролдоонун техникалык каражаттары. Аудио жана видео маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү контролдоонун техникалык каражаттары өңүнө чыгарылган фото плёнкаларга жана кино плёнкаларга, слайддарга жана микрофишаларга сыртынан көз жүгүртүп контролдоо үчүн колдонулат.
9. Бажы органдары бажы контролунун зоналарында, ошондой эле талаа шартында ыкчам байланыш менен камсыз кылуу үчүн ыкчам байланыштын техникалык каражаттарын колдонушат.
10. Бажы органдарынын кызмат адамдары интраскопиялык текшерип кароо техникасын аны колдонуу боюнча атайын окуу курсунан, ошондой эле адамдын организмине, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, тирүү микроорганизмдери бар азык-түлүккө рентгендик нурдануунун таасири боюнча окуу жана радиациялык коопсуздук боюнча окуу курсунан өткөндөн кийин колдонууга укуктуу.
11. Бажы контролунун техникалык каражаттары бажы органынын кызмат адамдары тарабынан даярдоочу завод тиркеген техникалык маалыматтарга, нускамага ылайык пайдаланылат.
Интраскопиялык текшерип кароо техникасы анын бардык техникалык мүмкүндүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле заводдук нускамага же техникалык өзгөчөлүктөргө ылайык коопсуздук техникасынын жана радиациялык коопсуздук эрежелерин сактоо менен колдонулат.
Техникалык издөө каражаттары товарларга жана транспорт каражаттарына механикалык зыян келтирбестен техникалык коопсуздукту сактоо менен колдонулат.
|
| Бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу тартибине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүүдө колдонулуучу бажы контролунун техникалык каражаттарынын тизмеги
1. Бажы контролунун техникалык каражаттары
№ | Аталышы | Бажы контролунун формалары жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар | |||||||
Маалыматтарды жана документтерди текшерүү | Ооз эки сурамжылоо | Бажылык байкоо | Бажылык кароо | Бажы текшерип кароосу | Атайын маркалар менен товарлардын маркаланышын, аларда идентификациялык белгилердин болушун текшерүү | Жайларды жана аймактарды бажылык кароо | Бажылык текшерүү | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
1 | Текшерип кароочу рентгендик телекөрсөтүү техникасы (ДКРТТ) | ||||||||
1.1 | Кол жүгүнүн жана багаждын ичиндегилерди контролдоо үчүн (ДКРТТ) |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.2 | Багажды жана почта жөнөтүүлөрүн контролдоо үчүн ДКРТТ |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.3 | Орто жана ири өлчөмдүү жүктөрдү контролдоо үчүн ДКРТТ |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.4 | Көчмө рентгендик телекөрсөтүү түзүлүшү |
|
|
| + |
|
|
|
|
1.5 | Көтөрмө рентгендик телекөрсөтүү түзүлүшү |
|
|
| + |
|
|
|
|
2 | Инспекциялык-текшерип кароо комплекстери (ИДКК) | ||||||||
2.1 | Ири өлчөмдүү жүктөрдү жана транспорт каражаттарын контролдоо үчүн стационардык ИДКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.2 | Ири өлчөмдүү жүктөрдү жана транспорт каражаттарын контролдоо үчүн оңой тургузулуучу (жаңы орунга көчүрүлүүчү) ИДКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.3 | Ири өлчөмдүү жүктөрдү жана транспорт каражаттарын контролдоо мобилдүү ИДКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.4 | Авиациялык контейнерлерди контролдоо үчүн ИДКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
2.5 | Темир жол вагондорун контролдоо үчүн ИДКК |
|
|
| + |
|
|
|
|
3 | Издөө каражаттары | ||||||||
3.1 | Чакан металл издөөчү |
|
| + | + | + |
|
|
|
3.2 | Стационардык металл издөөчү |
|
| + |
|
|
|
|
|
3.3 | Текшерип кароо күзгүсү |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.4 | Текшерип кароо эндескобу |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.5 | Текшерип кароо шиши |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.6 | Алыскы аралыкты жарык кылуучу текшерип кароо чырагы |
|
|
| + | + | + | + |
|
3.7 | Кичине аралыкты жарык кылуучу текшерип кароо чырагы |
|
|
| + | + | + | + |
|
3.8 | Жарыктандыруусу бар лупа | + |
|
| + | + | + |
| + |
3.9 | Люминесценттик лупа | + |
|
| + | + | + |
| + |
3.10 | Катураак техникалык видеоскоп |
|
|
| + | + |
| + |
|
3.11 | Кароого кыйын жерлерди көз жүгүртүп текшерүү үчүн текшерип кароонун чакан телекөрсөтүү системасы |
|
|
| + | + |
| + |
|
4 | Атайын белгилерди түшүрүү жана эсептөө каражаттары | ||||||||
4.1 | Флуоресценттик фломастер | + |
|
| + | + | + |
| + |
4.2 | Ультра кызгылт чырактар | + |
|
| + | + | + |
| + |
5 | Текшерип кароо аспаптары | ||||||||
5.1 | Топтук колдонулуучу аспаптардын топтому |
|
|
| + | + |
|
|
|
5.2 | Жеке колдонулуучу аспаптардын топтому |
|
|
| + | + |
|
|
|
6 | Үстүртөн байкаштыруунун техникалык каражаттары | ||||||||
6.1 | Чубурма, үйлөмө гомогендик жүктөрдү аралыктан байкаштыруунун радио техникалык чакан приборлору |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.2 | Баңги жана жарылуучу заттарды аралыктан табуунун техникалык каражаттары |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.3 | Бир тектүү эмес жана жашырылган көңдөйлөрдү табуунун техникалык каражаттары |
|
|
| + | + |
|
|
|
6.4 | Адамдын денесинин ичинде жашырылгандарды табуу үчүн сканер |
|
| + |
|
|
|
|
|
7 | Идентификациялоонун техникалык каражаттары (ИТК) | ||||||||
7.1 | Баалуу металлдардын курамын талдоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.2 | Металлдардын жана куймалардын курамын талдоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.3 | Документтерди, акча белгилерин жана корголгон кагаздарды изилдөө үчүн программалык аппараттык комплекс | + |
|
|
|
| + |
| + |
7.4 | Документтердин, акча белгилеринин жана корголгон кагаздардын аныктыгын контролдоочу прибор | + |
|
|
|
| + |
| + |
7.5 | Чакан банкнот детектору | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.6 | Банкнот детектору | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.7 | Банкнотторду текшерүү жана эсептөө үчүн прибор | + |
|
|
| + |
|
|
|
7.8 | Баалуу таштарды идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.9 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.10 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн универсалдуу детектор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.11 | Баалуу таштарды жана баалуу металлдарды идентификациялоо үчүн электр химиялык анализатор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.12 | Геммологиялык изилдөөлөр үчүн жабдуулар |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.13 | Транспорт каражаттарынын агрегаттарынын номерлерин идентификациялоо үчүн приборлор |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.14 | Көркөм чыгармалардын аныктыгын идентификациялоонун программалык аппараттык комплекси |
|
|
|
| + |
|
|
|
7.15 | Акциздик маркалардын аныктыгын аныктоо үчүн прибор |
|
|
|
| + |
|
| + |
7.16 | Жыгачтын жалбырактуу жана ийне жалбырактуу породаларынын жыгач жана тактай материалдарын идентификациялоо үчүн прибор |
|
|
| + | + |
|
|
|
7.17 | Озонду бузуучу заттарды инструменталдык контролдоонун техникалык каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
|
8 | Идентификациялоонун химиялык каражаттары (ИТК) | ||||||||
8.1 | Баңги заттардын экспресс- анализинин химиялык каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
|
8.2 | Жарылуучу заттардын болушуна сынамдардын экспресс - анализинин тести |
|
|
|
| + |
|
|
|
8.3 | Иммуно-хроматиялык экспресс - тесттер |
|
|
|
| + |
|
|
|
9 | Документтештирүүнүн техникалык каражаттары | ||||||||
9.1 | Санариптик диктофон |
| + |
|
|
|
|
|
|
9.2 | Санариптик видеокамера |
| + | + | + | + |
| + |
|
9.3 | Санариптик фотокамера |
| + | + | + | + |
| + |
|
10 | Аудио жана видео маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү контролдоонун техникалык каражаттары | ||||||||
10.1 | Аудио жана видео маалыматтарды чыгаруучу түзүлүш |
|
|
|
| + |
|
|
|
11 | Жыгач жана тактай материалдарынын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн өлчөөнүн техникалык каражаттары | ||||||||
11.1 | Металлдан өлчөгүч рулетка |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.2 | Металлдан өлчөгүч сызгыч |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.3 | Жыгач өлчөгүч скоба |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.4 | Жыгач өлчөгүч вилка |
|
|
| + | + |
|
|
|
11.5 | Нымдуулукту өлчөгүч |
|
|
| + | + |
|
|
|
12 | Автотранспорт каражаттарынын номердик белгилерин окуу жана таануу системасы | ||||||||
12.1 | Автотранспорт каражаттарынын номердик белгилерин окуу жана таануу системасы |
|
|
| + | + |
|
|
|
13 | Транспорттук контроль жүргүзүү үчүн техникалык каражаттар | ||||||||
13.1 | Телескопиялык шест |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.2 | Курвиметр |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.3 | Сызгыч (штанген- циркуль) |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.4 | Жарыкты чагылдыргычы бар кызыл сигналдуу диск |
|
|
| + | + |
|
|
|
13.5 | Жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын габариттерин автоматташтырылган контролдоо системасы |
|
|
| + | + |
|
|
|
14 | Сырттан көз жүгүртүп байкоо системасы | ||||||||
14.1 | Ыкчам теле байкоо системасы |
|
| + |
|
|
|
|
|
14.2 | Чакан видео каттоочу |
| + | + | + | + | + |
|
|
15 | Оптикалык түзүлүштөр жана приборлор | ||||||||
15.1 | Дүрбү |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.2 | Түндө көрүүчү прибор |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.3 | Түнкүсүн көрүүчү система |
|
| + |
|
|
|
|
|
15.4 | Электрондук оптикалык приборлор (тепловизор) |
|
| + |
|
|
|
|
|
16 | Таразага тартуу приборлору | ||||||||
16.1 | 3 кг чейинки электрондук таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.2 | 150 кг чейинки электрондук таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.3 | 150 кг ашыкты тартуучу таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.4 | Автомобилдик таразалар |
|
|
| + | + |
| + |
|
16.5 | Темир жол таразалары |
|
|
| + | + |
| + |
|
2. Бөлүүчү жана радиоактивдүү материалдарды бажылык контролдоонун техникалык каражаттары (БРМКТК) жана радиациялык коопсуздукту камсыздоо
№ | Техникалык каражаттардын аталыштары | Техникалык каражаттарды колдонуу | ||||||
Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу БРМди мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюуга багытталган бажы контролу | Тышкы экономикалык иштин алкагында алып өтүлүүчү БРМны бажылык контролдоо | Жумушта радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу | ||||||
Бажылык байкоо | Бажылык | Бажылык текшерип кароо | БРМ менен | ТКРТга | ИТККга | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1. БРМди табуунун туруктуу орнотулган системасы | ||||||||
1.1 | Радиациялык контролдоонун туруктуу орнотулган темир жол үчүн системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
1.2 | Радиациялык контролдоонун туруктуу орнотулган автомобиль үчүн системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
1.3 | Радиациялык контролдоонун туруктуу орнотулган жөө жүрүү үчүн системасы <*> | + |
|
|
|
|
|
|
2. Бөлүүчү жана радиоактивдүү материалдарды табуунун мобилдик системасы | ||||||||
2.1 | Радиациялык контролдоонун көчмө бажы посту | + | + | + | + | + | + | + |
3. Радиациялык контролдоонун издөө приборлору | ||||||||
3.1 | Издөөчү өлчөө-сигнализатору <**> | + | + | + |
|
|
|
|
3.2 | Издөөчү өлчөө-сигнализатору <***> |
| + | + |
|
|
|
|
4. Дозиметрлер | ||||||||
4.1 | Гамма-нурлануунун жеке дозиметри |
| + | + | + | + |
|
|
4.2 | Рентген жана гамма-нурлануунун универсалдуу дозиметри |
| + | + | + | + | + | + <****> |
4.3 | Рентген жана гамма-нурлануунун жеке дозиметри |
| + | + | + | + | + |
|
4.4 | Термо-люминесценттик дозиметр |
|
|
|
| + | + | + <*****> |
4.5 | Издөөчү дозиметррадиометр |
| + | + | + | + |
|
|
5. Радиометрлер-спектрометрлер | ||||||||
5.1 | Универсалдуу радиометр- спектрометр |
| + | + | + |
|
|
|
5.2 | Дозиметр- радиометр |
| + | + | + |
|
|
|
6. Спектрометрлер | ||||||||
6.1 | Сцинтилляциондук детектору бар спектрометр |
|
|
| + |
|
|
|
6.2 | Жарым өткөргүчтүү детектору бар спектрометр |
|
|
| + |
|
|
|
7. Жеке коргонуу каражаттары | ||||||||
7.1 | Радиациялык жеке коргонуу каражаттары |
|
|
|
| + |
|
|
Эскертүү:
<*> Гамма жана нейтрондук нурлануу детекторлору;
<*> Гамма жана нейтрондук нурлануу детекторлору;
<***> Гамма-нурлануунун детектору;
<****> Радиациялык контролдоо жүргүзүү үчүн дозанын амбиенттик эквивалентин жана дозанын амбиенттик эквивалентинин кубаттуулугун өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү дозиметрлер колдонулушу жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ болуусу керек: энергетикалык диапазондун төмөнкү чеги - 50 кэВден жогору эмес, энергетикалык диапазондун жогорку чеги - 9 МэВден кем эмес; импульстун узактыгы - 1,0 мкс түзгөн импульстук фотондук нурланууну өлчөө мүмкүндүгү; импульстук нурлануу дозасынын орточо кубаттуулугун жана дозаны өлчөө режиминин болушу; импульстук нурлануу дозасынын орточо кубаттуулугун өлчөө убактысында максималдуу маанисин өлчөө мүмкүндүгү; импульстук фотондук нурлануунун дозасынын кубаттуулугун өлчөө диапазонунун төмөнкү чеги - 0,2 мкЗв/с ашык эмес; импульстук фотондук нурлануунун дозасынын өлчөө диапазонунун төмөнкү чеги - 0,01 мкЗв ашык эмес;
<*****> Прибор импульстук фотондук нурлануунун дозасын инспекциялык-текшерип кароо комплексинин конкреттүү тибинин мүнөздөмөсүн эске алуу менен тиешелүү энергетикалык диапазондо өлчөөнү камсыз кылуусу керек.