Загрузка документа…
| 10-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 195-беренесине ылайык иштелип чыкты жана дайындоо тартибин, бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдин формасын, бажылык экспертиза жүргүзүүдө эксперттин корутундусун жана бажылык экспертиза жүргүзүүгө башка уюмдун экспертин (адисин) тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу тартибин, ошондой эле бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү тандоо тартибин белгилейт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажы укук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдер менен актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык келишимдер жана актылар) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
2. Бажылык экспертиза
3. Бажы органдары бажы операцияларын жасоодо жана (же) бажылык контролду жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди түшүндүрүү үчүн атайын жана (же) илимий билим талап кылынган учурда бажылык экспертизаны дайындайт.
Бажылык экспертиза товарларга, бажы операцияларын жүргүзүү жана алардын идентификациялык каражаттары үчүн зарыл болгон бажылык, транспорттук (ташуучу), коммерциялык жана башка документтерге карата дайындалат.
4. Бажылык экспертизаны бажы органынын кызмат адамы дайындайт жана бажы эксперттери же башка ыйгарым укуктуу уюмдардын эксперттери жүргүзөт.
3. Сынамдарды жана үлгүлөрдү алуу
5. Товарларга карата бажылык контролдоодо зарыл учурда аларды изилдөө үчүн товарлардын сынамдары же үлгүлөрү алынышы мүмкүн.
6. Төмөнкүлөр бажылык контролдоо процессинде товарлардын сынамдарын жана үлгүлөрүн алышат:
- бажы органынын кызмат адамы;
- эксперттер;
- декларанттар жана алардын өкүлдөрү;
- товарларга карата ыйгарым укукка ээ жактар жана алардын өкүлдөрү;
- укук ээси жана алардын өкүлдөрү.
7. Бажы органынын кызмат адамы товарларды туура эмес декларациялоо фактыларын аныктоо, бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана алуунун тууралыгын камсыздоо, тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулган товарларга таандык экендигин аныктоо максатында товарларга бажылык контролдоону ишке ашырууда дайындалган экспертизалар үчүн товарлардын сынамын же үлгүсүн алат.
8. Товарлардын сынамдарын жана үлгүлөрүн алууда бажы органынын кызмат адамы сынамдарды же үлгүлөрдү алуу актысын Евразия экономикалык комиссиясы белгилеген форма боюнча 3 нускада тариздейт. Актынын биринчи нускасы бажы органында калат жана бажы декларациясынын биринчи нускасы жана бузуулар жөнүндө иш менен бирге сакталат, экинчиси товарга карата ыйгарым укуктуу жакка же анын өкүлүнө тапшырылат.
9. Зарыл учурда сынамдар жана үлгүлөр эксперттин жана адистин катышуусу менен алынат.
10. Декларант жана анын өкүлдөрү жок болсо, экиден кем эмес күбөнүн катышуусу менен төмөнкү учурларда бажы органынын кызмат адамына товарлардын сынамдарын жана үлгүлөрүн алууга жол берилет:
1) декларант, товарларга жана (же) транспорт каражаттарына карата ыйгарым укуктуу башка адамдар жана алардын өкүлдөрү товарларды бажы органына Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келген жеринде көрсөткөн күндөн тартып 15 күн өткөнгө чейин келбесе;
2) мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке, адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, жаныбарларга, өсүмдүктөргө, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, маданий баалуулуктарды сактоого жана кийинкиге калтырууга болбогон башка жагдайларда коркунуч болгондо;
3) товарларды эл аралык почта менен жибергенде;
4) бажы жол-жоболорунун шарттарын бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына калтырганда.
4. Бажылык экспертиза жүргүзүү үчүн материалдарды, документтерди, сынамдарды жана үлгүлөрдү жиберүү
11. Бажылык экспертиза жүргүзүүдө аны дайындаган бажы органынын кызмат адамы бажылык экспертиза өткөрүүчү ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчисине бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимди жана аны өткөрүү үчүн зарыл материалдарды, документтерди, сынамдарды жана үлгүлөрдү ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча материалдардын, документтердин, изилдөө сынамдарынын жана үлгүлөрүнүн түрүн өзгөртүүгө, аларды жарым-жартылай же толук жок кылууга, бузууга уруксатты көрсөтүү менен жиберет.
12. Бажы органынын кызмат адамы бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кеч эмес декларантка же товарларга карата ыйгарым укуктуу башка жакка бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө кат жүзүндө кабарлайт.
13. Бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим жана ага тиркелген материалдар, документтер, сынамдар жана үлгүлөр алар келип түшкөн күнү бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынат.
14. Бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимге тиркелүүчү материалдар, документтер, сынамдар жана үлгүлөр таңгакталган жана мөөр басылган түрдө кабыл алынат. Таңгак түшүндүрмө жазууларды камтыйт жана аны бузбастан ичин кароо мүмкүндүгүн жокко чыгарат.
15. Эгерде материалдар, документтер, сынамдар жана үлгүлөр таңгакталбаса, бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимде таңгактын жоктугу көрсөтүлөт.
16. Бажылык экспертизаларды уюштуруу бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчилигине жүктөлөт.
17. Бажылык экспертизага келип түшкөн материалдар, документтер, сынамдар жана үлгүлөр бажылык экспертизаны жүргүзгөн ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси тарабынан каралат жана жумуш күндүн ичинде аткаруучуга өткөрүлүп берилет, ал эми жумуш эмес күндөрү келип түшкөн учурда - эс алуу күндөн же майрам күндөн кийинки биринчи жумуш күнү берилет.
18. Бажылык экспертиза үчүн келип түшкөн материалдарды, документтерди, сынамдарды жана үлгүлөрдү кароодо бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимди, боло турган изилдөөнүн көлөмүн иликтейт жана анын негизинде төмөнкүлөрдү аныктайт:
- бажылык экспертизанын конкреттүү аткаруучусун (аткаруучуларын), ошондой эле комиссиялык же комплекстүү бажылык экспертиза жүргүзүүдөгү экспертти аныктайт;
- бажылык экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн.
Бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмдун жетекчиси экспертке Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган анын укуктарын жана жоопкерчилигин түшүндүрөт.
19. Бажылык экспертизалар тиешелүү адистиги боюнча бажылык экспертизаны өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу эксперттер тарабынан өткөрүлөт.
20. Бажылык экспертизанын жыйынтыктары боюнча эксперттин ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы корутундусу берилет.
5. Кайталанган бажылык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу
21. Кайталанган бажылык экспертиза жүргүзүү үчүн бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмга материалдар, документтер, сынамдар жана үлгүлөр менен бирге мурда өткөрүлгөн бажылык экспертиза боюнча эксперттин корутундусу (корутундулары) берилет.
22. Кайталанган бажылык экспертиза жүргүзгөн эксперттин корутундусунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кайталанган бажылык экспертиза жүргүзүү орду, башталган жана аяктаган күнү;
2) кайталанган бажылык экспертиза дайындоого негиз;
3) баштапкы жана (же) кошумча бажылык экспертизалар жөнүндө маалыматтар;
4) кайталанган бажылык экспертиза жүргүзгөн эксперттин аты-жөнү, анын квалификациясы;
5) бажылык экспертиза жүргүзгөн ыйгарым укуктуу уюмдун аталышы (же эксперттин иштеген жери);
6) бажылык экспертиза жүргүзүүдө билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилгендиги жөнүндө эксперттин колу менен күбөлөндүрүлгөн жазуу;
7) эксперттин алдына коюлган маселелер;
8) бажылык экспертиза жүргүзүү үчүн экспертке берилген документтердин, материалдардын, сынамдардын жана үлгүлөрдүн тизмеси;
9) колдонулган методдорду көрсөтүү менен изилдөөлөрдүн мазмуну жана натыйжалары, изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалоо, коюлган маселелер боюнча тыянактар жана аларга негиздер;
10) бажылык экспертиза жүргүзүүгө башка эксперттик, илимий жана башка мекемелердин адистерин тартуу тартиби.
|
| Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү алуу тартибине 1-тиркеме |
Форма
___________________________________________________________________________
(бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюмдун атылышы) жетекчисине
Бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим
№ _________________________ |
| 20___-жылдын "___" ______________ |
ТД № _____________________________________________________________________
боюнча товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын өндүрүү
максатында _______________________________________________________________
__________________________________________________________________________
________________________________ бажылык экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилет.
1. Изилдөө объекттерин сүрөттөө _____________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
2. Изилдөөнүн милдеттери __________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
3. Берилген материалдар (сынамдардын, үлгүлөрдүн саны; товар коштоочу документтер)
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
Кызмат адамы | ||
(бажы органынын аталышы) | ______________________ | _______________________ |
(колу, ЖНМ) | (аты-жөнү) |
Багыттама менен таанышты: датасы | ______________________ | _______________________ |
(колу) | (декларанттын аты-жөнү) |
|
| Бажылык экспертиза дайындоо, бажылык экспертиза жүргүзүүдө сынамдарды жана үлгүлөрдү алуу тартибине 2-тиркеме |
__________________________________________________________ (бажылык экспертиза жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу уюм)
Эксперттин корутундусу
№ _________________________ |
| 20___-жылдын "___" ______________ |
Эксперт(тер) _______________________________________________________________
__________________________________________________________________________
(бажылык экспертиза жүргүзгөн эксперттин аты-жөнү, анын квалификациясы)
Бажылык экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдин № жана датасы _______________
__________________________________________________________________________
Изилдөө жүргүзүү үчүн негиз ________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
Жүк алуучу _______________________________________________________________
Жүк жөнөтүүчү ____________________________________________________________
Товардын аталышы жана анын саны _________________________________________
__________________________________________________________________________
Берилген документтер жана материалдар _____________________________________
__________________________________________________________________________
Изилдөөнүн милдеттери ____________________________________________________
__________________________________________________________________________
Изилдөө: __________________________________________________________________
(колдонулган методдорду, пайдаланылган приборлорду жана жабдууларды көрсөтүү)
__________________________________________________________________________
Тыянактар: ________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
Бажылык экспертиза жүргүзүүдө билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн
жоопкерчилик тууралуу эскертилди:
Эксперт(тер) ___________________________________
Органдын жетекчиси ____________________________
М.О.