Загрузка документа…
| 11-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна) |
|
Кош коридор системасын колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип кош коридор системасын колдонуу менен өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажылык контролдоонун ырааттуулугун аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Кош коридор системасы - Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу (мындан ары - бажы чек арасы) өтүүчү жеке жактарга "кызыл" коридор (жазуу жүзүндө товарларды бажылык декларациялоо менен) менен "жашыл" коридорду өз алдынча тандоого мүмкүндүк берүүчү бажы контролунун системасы.
4. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүүчү жерлерде жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды бажылык контролдоону ушул Тартипте келтирилген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен регионунда өткөрүүчү жай жайгашкан бажы органы жүргүзөт.
5. Жеке жак милдеттүү жазуу жүзүндө декларациялоого жатпаган, бажы чек арасы аркылуу өтүүчү товарларды өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө декларациялоого укуктуу.
6. Кош коридор системасын колдонуу өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажылык декларациялоо менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү (жүргүзбөө) үчүн бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан жеке жак тарабынан тийиштүү коридорду ("кызыл" же "жашыл" ) өз алдынча тандоосун карайт.
7. Кош коридор системасы колдонулган бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү жайларынын тизмеги ушул тартиптин тиркемесинде аныкталган.
8. Бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларды бажылык контролдоочу бажы органы жеке жактын товарларды декларациялоонун формасын жана тиешелүү коридорду түшүнүү менен тандап алуу мүмкүндүгүнө ээ болуусу үчүн кош коридор системасынын алдында түздөн-түз маалыматтык зонаны уюштурат.
9. Өткөрүүчү жай мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде, ошондой эле эгерде Евразия экономикалык комиссиясынын актыларында башкасы белгиленбесе, конкреттүү өтүү жайында жайгашкан иш регионунда иштеген бажы органы аны пайдалануу максатка ылайык деп эсептеген кайсы гана болбосун башка тилде жазылган стенддер, такталар, таблолор, буклеттер жана башка маалыматтык материалдар менен жабдылат.
2. "Кызыл" коридордон өтүү
10. "Кызыл" коридорду тандаганда жеке адам товарларды декларациялоону жазуу жүзүндө жүргүзөт.
11. "Кызыл" коридорго кирүү атайын кызыл квадрат түрүндөгү графикалык белги менен, ошондой эле кызыл түстөгү кыргыз, орус жана англис тилдеринде "Кызыл коридор", "Красный коридор", ("Green channel") жана "Милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларациялануучу товарлар", "Товары, подлежащие обязательному письменному декларированию", ("Goods to declare") жазуулары менен белгиленет.
12. "Кызыл коридор" жеке адамдар тарабынан бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларацияланууга тийиш болгон коштомо жолжүктөгү товарларды декларациялоо, ошондой эле коштолбоочу жолжүктөгү товарларды өткөрүү ниети тууралуу маалыматтарды билдирүү үчүн арналган.
13. Жеке адамдар декларациялоонун жазуу жүзүндөгү формасын ("кызыл коридор") тандаганда, адам Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды бажылык декларациялайт.
3. "Жашыл" коридордон өтүү
14. "Жашыл" коридорду тандаган учурда жеке адам аракеттерди жасоо ("жашыл коридор" боюнча өтүү) жолу менен жеке жактын коштолуучу жолжүгүндө милдеттүү бажылык декларацияланууга тийиш болгон товарлар жок экендиги тууралуу билдирет.
15. "Жашыл" коридорго кирүү атайын ак фондо жашыл түс түрүндөгү графикалык белги менен, ошондой эле жашыл түстөгү мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде "Жашыл коридор", "Зеленый коридор", ("Green channel") жана "Милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларациялануучу товарлар жок", "Товаров, подлежащих обязательному письменному декларированию, нет" ("Nothing to declare") жазуулары менен белгиленет.
16. "Жашыл" коридор боюнча өтүүдө бажы органынын кызмат адамдары жеке адамдарга карата бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыздоо максатында бажылык контролдоо формаларын жана бажылык контролдоону камсыздаган чараларды тандап колдонууга укуктуу.
17. "Жашыл" коридордо бажылык контролдоонун айрым формаларын колдонбоо жеке жакты бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо милдетинен бошотот дегенди билдирбейт.
"Жашыл" коридордон өткөндөн кийин Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аныкталган учурда жеке адамдар Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
|
| Кош коридор системасын колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо тартибине тиркеме |
Кош коридор системасы колдонулган Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү жайларынын ТИЗМЕГИ
1. Торугарт автожолу
2. Эркеч-Там автожолу
3. Кайрагач автожолу
4. Кызыл-Бел автожолу
5. Карамык автожолу
6. Бор-Дөбө автожолу
7. Кызыл-Кыя автожолу
8. Кара-Багыш автожолу
9. Достук автожолу
10. Ынтымак автожолу
11. Баймак автожолу
12. Сейдикум автожолу
13. Бек-Абад автожолу
14. Сумсар автожолу
15. Кең-Сай автожолу
16. Манас аэропорту
17. Ош аэропорту
18. Ысык-Көл аэропорту