Загрузка документа…
| 12-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
|
Бажылык текшерүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 134-138-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана бажы органдарынын кызматтык адамдары тарабынан бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Бажылык текшерүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн жана бажылык текшерүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары (мындан ары - адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн бажылык укук мамилелерди жөнгө салган эл аралык келишимдерде, актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар), Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - Кодекс), бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
Адистештирилген бөлүмдөр өз ишин пландоодо, бажылык текшерүүлөрдү аткарууда жана бажылык текшерүүлөр боюнча отчетторду даярдоодо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн көз карандысыз болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бажылык текшерүү Кодекстин 331-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана (же) катталган текшерилүүчү жактарга карата жүргүзүлөт.
4. Бажылык текшерүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) товарларды бажы жол-жобосуна коюу фактысы;
2) бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастаган документтердеги жана (же) бажы декларациясында билдирилген маалыматтардын тууралыгы;
3) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдүн сакталышы;
4) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда, Кодексте, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бажы иши чөйрөсүндөгү иштин ар бир түрү үчүн каралган милдеттерди бажы иши чөйрөсүндө иштеген жактар тарабынан аткарылышы;
5) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине кирүүгө талапкер болгон юридикалык жак тарабынан мындай реестрге кирүү шарттарынын сакталышы, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине кирүү шарттарынын сакталышы жана башка милдеттердин аткарылышы;
6) бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды пайдалануу шарттарынын сакталышы;
7) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда, Кодексте, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка талаптардын сакталышы;
8) бажылык текшерүүлөр эгерде бул бажылык текшерүүнүн максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылбаса аралыктан колдонулуучу технологияларды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бажылык текшерүү бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарды жана (же) бажы органына берилген же болбосо Кодекске же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органы тарабынан алынган башка маалыматтарды Кодексте, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Тартип менен белгиленген тартипте алынган документтер жана (же) бухгалтердик эсептин маалыматтары жана отчёттору, эсептер жана башка маалыматтар менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
6. Бажылык текшерүүдө Кодекстин 322-беренесинде белгиленген бажылык контролдоонун башка формалары, Кодекстин 338-беренесинде белгиленген бажылык контролдоону камсыз кылуучу чаралар колдонулушу мүмкүн.
7. Бажылык текшерүү камералдык же көчмө бажылык текшерүү формасында ишке ашырылат. Бажылык текшерүү тартиби Кодекс, Мыйзам жана ушул Тартип менен белгиленет.
Аларга карата бажылык текшерүү пландалган жактарды тандоо тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
8. Атайын билимди жана көндүмдөрдү талап кылган маселелерди изилдөө жана адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдарынан консультацияларды алуу үчүн бажылык текшерүүгө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын башка бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары тартылышы мүмкүн.
9. Бажылык текшерүүдө кылмыштын жана бузуунун белгилери аныкталган учурда адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
91. Адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинде белгиленген кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин сактоого милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Камералдык бажылык текшерүүнүн өзгөчөлүктөрү
10. Камералдык бажылык текшерүү текшерилүүчү жакка барбастан бажы органы жайгашкан жерде, ошондой эле бажылык декларацияларда, коммерциялык, транспорттук (ташуучу) жана бажы операцияларын жасоодо жана же бажы органдарынын талабы боюнча текшерилүүчү жак берген башка документтерде камтылган маалыматтарды, башка мамлекеттик органдардын документтерин жана маалыматтарын, ошондой эле бажы органдарында болгон жана текшерилүүчү жакка тиешелүү башка документтерди изилдөө жана талдоо жолу менен жазма буйрукту тариздебестен жүргүзүлөт.
11. Камералдык бажылык текшерүүлөрдүн мезгили жана мөөнөтү чектелбестен жүргүзүлөт.
12. Камералдык бажылык текшерүүлөрдү дайындоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу мүмкүндүгүн көрсөткөн маалыматтарды камтыган бажы органдарынан, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү органдардан, эл аралык уюмдардан келип түшкөн материалдар (маалыматтар);
2) тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу жыйынтыктары (мындан ары - ТБС);
3) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин, актылардын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгын күбөлөндүрүүчү колдо бар маалыматтарды талдоонун жыйынтыктары;
4) бажылык текшерүү формасында бажы контролун жүргүзүүгө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органынын тапшырмасы;
5) кылмыштар тууралуу же жазык иши боюнча билдирүүлөрдү текшерүү материалдары боюнча Кыргыз Республикасынын алдын ала тергөө органдарынын (жазык куугунтуктоо органдары) жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин алдын ала тергөө органдарынын (жазык куугунтуктоо органдары) тапшырмасы (суроо-талабы);
13. Камералдык бажылык текшерүү жөнүндө чечим адистештирилген бөлүмдүн начальниги тарабынан кабыл алынат жана кызматтык катта камералдык бажылык текшерүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө негизделген тыянакты камтыган резолюция түрүндө таризделет.
14. Камералдык бажылык текшерүүнүн башталган күнү болуп ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык аны жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күн саналат.
15. Бажы чек арасы аркылуу товарларды ташууга, аларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында же анын чегинен тышкары чыгарууга жана пайдаланууга тийиштүү коммерциялык жана бухгалтердик документтерди, башка маалыматтарды алуу зарылдыгында адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамы Кодекстин 335-беренесине ылайык товарлар менен операцияларга тиешеси бар декларанттан, башка уюмдардан жана (же) башка жактан кошумча документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
Суроо-талап ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө талап тиркелген кат менен таризделет жана тапшырылгандыгын кабарлоочу буйрутма почталык кат менен же аны алган фактыны ырастоочу башка ыкма менен жиберилет. Мамлекеттик катталган жеринде ал адамдын жоктугун күбөлөндүргөн белги менен почталык кат кайтарылган учурда текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы текшерилүүчү жак катталган салык органына бул жөнүндө маалымдайт.
16. Текшерүүчү жак Талапта көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды бербесе же аларды толук эмес көлөмдө берсе документтерди берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө текшерилүүчү жактын жүйөлүү кайрылуусу болбогон учурда же мындай документтердин жоктугу жөнүндө билдирүү берилгенде текшерүү жүргүзгөн кызмат адамы бузуу үчүн текшерилүүчү жакты жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрөт, бул ал адамды ТБСнын алкагында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин, актылардын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган жак катары тобокелдиктер категориясына киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
17. Камералдык бажылык текшерүүдө адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары Кодекстин 335-беренесинин 1-пунктунда каралган укуктарды пайдаланышат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Бажы органы текшерилүүчү жакка камералдык бажылык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлабайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Камералдык бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, анын ичинде бажы органынын талабы боюнча белгиленген мөөнөттө документтер жана (же) маалыматтар берилбеген учурда көчмө бажылык текшерүү дайындалышы мүмкүн.
20. Камералдык бажылык текшерүүнүн башталышы жана аякташы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган формада тиешелүү камералдык бажылык текшерүү журналына жазылат.
3. Көчмө бажылык текшерүүнүн өзгөчөлүктөрү
21. Көчмө бажылык текшерүү юридикалык жак жайгашкан жерге (жерлерге), жеке ишкердик жүргүзүлгөн жерге (жерлерге) жана (же) мындай жактардын иш жүзүндө иштеген жерине (жерлерине) (мындан ары - текшерилүүчү жактын объекти) баруу менен адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
211. Көчмө бажылык текшерүү бажылык контролдоонун башка формаларын колдонуунун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле камералдык бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча дайындалышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Көчмө бажылык текшерүүлөр төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) пландуу көчмө бажылык текшерүү;
2) пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү;
3) тосмо пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү;
4) контролдук көчмө бажылык текшерүү;
5) көчмө бажылык текшерүү.
23. Көчмө бажылык текшерүү ушул Тартипке 2-тиркемеге ылайык форма боюнча жазма буйруктун негизинде жүргүзүлөт. Жазма буйрук эки нускада басылып чыгат жана ага бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же орун басары кол коёт.
Зарыл учурда бажылык текшерүү башталганга же аяктаганга чейин барактарды толтуруу менен көчмө бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукка өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилиши мүмкүн, ага бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же орун басары кол коёт жана мөөр басылат.
Бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйруктун биринчи нускасы текшерилүүчү жакка адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан тапшырылат же тапшырылгандыгын кабарлоочу буйрутма почталык кат менен жиберилет.
Бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукту тапшырууда текшерилүүчү жактын жетекчиси же анын өкүлү бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйруктун экинчи нускасына таанышкандыгы жөнүндө, ошондой эле бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукту алган күнү жана убактысы жөнүндө белги коёт.
Бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукту алуудан баш тартылган учурда адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукка бул боюнча тиешелүү жазууларды жазышат.
Текшерилүүчү жактын бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукту алуудан баш тартуусу, ошондой эле жайгашкан жери боюнча жок болгондугуна байланыштуу дарек ээсине каттын тапшырылбагандыгын күбөлөндүргөн белги менен почталык каттын кайтарылышы көчмө бажылык текшерүүнү жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт. Бул учурда текшерүү башталган күн болуп бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукта аны алуудан баш тартуу жөнүндө жазылган күн же болбосо дарек ээсине тапшырылбагандыгы жөнүндө белги менен почталык каттын бажы органына келип түшкөн күн саналат.
Текшерилүүчү жактын объектинде көчмө бажылык текшерүүнү баштоонун алдында адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары текшерилүүчү жактын жетекчисине же анын өкүлүнө кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле бажылык текшерүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү.
Жазма буйрукка кошумча барактарды толтуруу аркылуу өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, текшерилүүчү жакка мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары кол койгон жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Көчмө бажылык текшерүүнүн башталган күнү болуп бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрук текшерилүүчү жакка берилген күн саналат.
241. Көчмө бажылык текшерүүнү баштоонун алдында адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары буйрутма почталык кат менен текшерилүүчү жакка тапшырылгандыгын билдирүү менен пландуу көчмө бажылык текшерүү жөнүндө билдирүү жиберишет же мындай аны алуу фактысын ырастоочу башка ыкма менен мындай билдирүүнү беришет.
Мамлекеттик катталган жери боюнча жок болгондугу тууралуу күбөлөндүргөн белги менен почталык кат кайтарылган учурда текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы текшерилүүчү жак катталган салык кызматына бул тууралуу маалымдайт.
Жайгашкан жери боюнча текшерилүүчү жактын жок болгондугуна байланыштуу дарек ээсине каттын тапшырылбагандыгын күбөлөндүргөн белги менен почталык каттын кайтарылышы ал жакты ТБСнын алкагында тобокелдик категориясына киргизүү үчүн негиз болуп саналат, бирок пландуу көчмө бажылык текшерүүнү токтотуу же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Пландуу көчмө бажылык текшерүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу текшерүү пландарынын негизинде жүргүзүлөт.
Текшерилүүчү жактарга карата пландуу көчмө бажылык текшерүүлөр 2 жылда бир жолудан көп жүргүзүлбөйт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Пландуу көчмө бажылык текшерилүүчү жактар төмөнкү булактардан алынган маалыматтарды колдонуу менен тандалат:
1) товарларды чыгарууга чейин же чыгаруудан кийин бажылык контролдоонун жыйынтыктары;
2) бажы органдарынын маалыматтык ресурстары;
3) мурдагы бажылык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары;
4) банктар, банктык эмес кредиттик (кредит-финансылык) уюмдар жана банктык операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашыруучу уюмдар;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы жана (же) башка мамлекеттик органдары;
6) жалпыга маалымдоо каражаттары;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
8) расмий жол менен алынган башка булактар.
27. Пландуу көчмө бажылык текшерүү текшерилүүчү жак билдирүүнү алган күндөн тартып же тапшырылбагандыгы жөнүндө белги менен почталык кат бажы органына келип түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндөн эрте эмес, бирок 30 календардык күндөн кеч эмес башталышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Пландан тышкары көчмө бажылык текшерүүлөрдү дайындоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бажы органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын маалымат базасында камтылган бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мүмкүн болгон бузууларды күбөлөндүргөн маалыматтарды талдоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар;
2) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мүмкүн болгон бузуулар тууралуу күбөлөндүргөн маалыматтардын болушу;
3) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине киргизүү тууралуу арыз;
4) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор реестрине киргизүүдө менчигиндеги, чарбалык карамагындагы, ыкчам башкаруусундагы же товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган ижарадагы курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүгү) жана (же) ачык аянтчалар (ачык аянтчалардын бөлүгү) тууралуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан билдирилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө бажы органына маалымат берүү;
5) тосмо пландан тышкары көчмө бажылык текшерүүнүн зарылдыгы;
6) чет өлкөлүк жак менен Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды ташуу менен байланышкан бүтүмдөрдү түзгөн жакты текшерүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттин компетенттүү органынын кайрылуусу (суроо-талабы);
7) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин алдын ала тергөө органдарынын (жазыктык куугунтуктоо органдарынын) жана Кыргыз Республикасынын алдын ала тергөө органдарынын (жазыктык куугунтуктоо органдарынын) кылмыштар жөнүндө же жазык иши боюнча кабарды текшерүү материалдары боюнча тапшырмасы (суроо-талап);
8) Кодекстин 373-беренесинин 3-пунктунун 1 жана (же) 3-пунктчасында каралган негиздер боюнча бажы органына тапшырма берилген, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана (же) катталган жакты көчмө бажылык текшерүү тууралуу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин бажы органынын Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттин бажы органына берген тапшырмасы;
9) чет өлкөлөрдүн салык, бажы жана укук коргоо органдары менен маалымат алмашуунун жыйынтыгында алынган маалыматтарды текшерүү;
10) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары менен каралган учурлар;
11) жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан жана башка жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мүмкүн болгон бузууларды күбөлөндүргөн маалыматтарды жана кайрылууларды алуу;
12) бажылык текшерүү жүргүзүү тууралуу демилгелүү кайрылуу.
29. Пландан тышкары бажылык текшерүүлөр аларды жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн чектөөсүз жүргүзүлөт.
Пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү, тосмо пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү же көчмө бажылык кайра текшерүү бажылык укук бузуулардын алдын алуу үчүн текшерүүнү токтоосуз жүргүзүү зарыл болгон учурларды кошпогондо, текшерилүүчү жак билдирүүнү алган күндөн тартып же каттын дарек ээсине тапшырылбагандыгы жөнүндө белги менен почталык кат бажы органына келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн эрте эмес башталышы мүмкүн. Мындай учурда бажылык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө жазма буйрук текшерүү башталган күнү тапшырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Текшерилүүчү жак берген маалыматтардын аныктыгын ырастоо зарыл болгондо адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары товарлар менен болгон бүтүмдөр (операциялар) боюнча текшерилген жак менен байланышкан жактарга карата тосмо көчмө бажылык текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.
Тосмо көчмө бажылык текшерүү пландан тышкары болуп саналат.
31. Контролдук көчмө бажылык текшерүү буга чейинки көчмө бажылык текшерүүдө аныкталган бузуулардын текшерилген жак тарабынан жоюлгандыгын аныктоо максатында гана жүргүзүлөт.
Контролдук көчмө бажылык текшерүү текшерилген жакка белгиленген бузууларды жоюу үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.
Контролдук көчмө бажылык текшерүү 15 (он беш) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
32. Көчмө бажылык кайра текшерүү текшерилген жак көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон учурда, ошондой эле актыда чагылдырылбаган же так эмес чагылдырылган көчмө бажылык текшерүү менен байланышкан айрым учурларды тактоо максатында гана жүргүзүлөт.
Мында бажылык кайра текшерүүнү жыйынтыктары кайра текшерилип жаткан бажылык текшерүүгө катышпаган адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш.
Бажылык кайра текшерүү 15 (он беш) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
Көчмө бажылык кайра текшерүү үчүн негиз болуп текшерилген жактын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө кайрылуусу саналат.
Көчмө бажылык кайра текшерүүдө көчмө бажылык текшерүүнүн даттанылган жыйынтыгы гана кайра текшерилүүгө тийиш.
33. Көчмө бажылык текшерүү мезгилинде текшерилүүчү жак ишине байланышкан текшерилип жаткан документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укукту эмес.
34. Көчмө бажылык текшерүүнүн мөөнөтү эки айдан ашпоого тийиш. Аталган мөөнөткө документтерди жана маалыматтарды берүү талаптары текшерилүүчү жакка берилген күн менен мындай документтер жана маалыматтар алынган күндүн ортосундагы мезгил кирбейт.
Көчмө бажылык текшерүүнүн мөөнөтү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими боюнча дагы бир айга узартылышы мүмкүн.
35. Изилдөөлөрдү же экспертизаларды жүргүзүү, товарды классификациялоо жөнүндө бажы органынын чечимин кабыл алуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жиберүү, текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерилүүчү жактын калыбына келтирүүсү, текшерүүнүн жыйынтыктарынын тыянактарына таасирин тийгизген текшерилүүчү мезгилге тийиштүү кошумча документтерди берүү, тосмо көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү зарыл болгон учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими боюнча көчмө бажылык текшерүү токтотула турат.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган чечим кабыл алынган учурда текшерүүлөр тосмо көчмө бажылык текшерүү, изилдөөлөрдү же экспертизаларды жүргүзүү, бажы органынын товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуусу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талаптарына жооп берүү, текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерилүүчү жак тарабынан калыбына келтирүү, текшерүү үчүн суралган кошумча документтерди текшерилүүчү жак тарабынан берүү мөөнөтүнө токтотула турат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Көчмө бажылык текшерүү мөөнөтү узартылганда, ошондой эле токтото турулганда көчмө бажылык текшерүү жөнүндө жазма буйрукка тийиштүү жазуулар киргизилет, бул жөнүндө текшерилүүчү жакка кабар берилет.
37. Көчмө бажылык текшерүүнү токтото туруу, кайра баштоо чечими кабыл алынганда мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлган жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилет.
38. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
39. Көчмө бажылык текшерүүнүн чыгымдары бажы органынын өздүк эсебинен каржыланат.
5. Көчмө бажылык текшерүүдө товарларды
инвентаризациялоонун өзгөчөлүктөрү
40. Көчмө бажылык текшерүүдө адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары товарларды инвентаризациялашат же текшерилүүчү жактан товарларды инвентаризациялоону талап кылышат.
Товарларды инвентаризациялоодо текшерилүүчү жак товарларды сапаттуу жана толук кандуу инвентаризациялоо үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Товарлар текшерилүүчү жактын ыйгарым укуктуу адамдарынын милдеттүү түрдөгү катышуусунда инвентаризацияланат.
41. Инвентаризация текшерилүүчү жактын иш жүзүндөгү товарларын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен салыштырып текшерүү максатында жүргүзүлөт.
42. Инвентаризация башталганга чейин текшерилүүчү жак адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамдарына инвентаризация жүргүзүлгөн учурга карата акыркы кириш жана чыгыш документтерин же товарлардын кыймылы жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш.
43. Инвентаризациялоодо иш жүзүндөгү товарлар милдеттүү эсептөө, таразага тартуу, ченөө жолу менен аныкталат, мында бардык товарлар текшерилүүгө тийиш.
44. Товарларды инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча инвентаризациялык каттоо түзүлөт.
Эгерде товарлар эки же андан көп кампа жайларында жайгашса, анда ар бир кампа жайына өзүнчө инвентаризациялык каттоо таризделет.
Инвентаризациялык каттоону колго жазууга, ошондой эле эсептөө техникалык каражаттарын колдонуу менен толтурууга болот, мында каттоодо жазып оңдоого жана кырып өчүрүүгө жол берилбейт.
Каталар каттоонун бардык нускаларында туура эмес жазууларды чийүү жана чийилген тексттин үстүнө туура маалыматтарды жазуу жолу менен оңдолот. Оңдоо инвентаризациялоого катышкан бардык жактардын колдору менен бекитилет.
Инвентаризациялык каттоого инвентаризациялоого катышкан адамдарын баары кол коюшат. Каттоонун аягында текшерилүүчү жак анын катышуусунда товарлардын текшерүүсүн ырастаган, ошондой эле адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамдарына кандайдыр бир дооматтарынын жоктугу жөнүндө тил кат берет.
45. Эгерде товарлар бир канча күндө инвентаризацияланса, товар сакталган кампа жайлары кетип. жатканда (түштөнүү убагында, түнкү убакта, башка себептер боюнча) мөөр коюлуп жабылууга тийиш.
Эгерде текшерилүүчү жак инвентаризациялоодон кийин каттоодо ката тапса, адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамдары бул фактыларды текшерүүгө жана алар ырасталган учурда белгиленген тартипте аныкталган каталарды оңдоого тийиш.
6. Бажылык текшерүүнүн жыйынтыктарын
тариздөө жана анын жыйынтыктары боюнча
чечимдерди кабыл алуу
(Главанын аталышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Камералдык жана көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжалары адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша ушул Тартиптин 3 жана 31-тиркемелерине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө камералдык бажылык текшерүү актысы жана көчмө бажылык текшерүү актысы (мындан ары – бажылык текшерүү актысы) менен таризделет. Кагаз жүзүндө документ түрүндөгү бажылык текшерүү актысы эки нускада түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Бажылык текшерүү аяктаган дата болуп бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча таризделген жана бажылык текшерүү актысы түзүлгөн дата эсептелет жана ага бажылык текшерүүнүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын колу коюлат.
Бажылык текшерүү актысынын биринчи нускасы бажылык текшерүү материалдарына тиркелет, экинчи нускасы бажылык текшерүү аяктаган датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбестен текшерилүүчү жакка (анын өкүлүнө) тапшырылат же тапшыруу жөнүндө билдирүү менен буйрутма почталык кат менен анын дарегине жиберилет. Текшерилүүчү жак (анын өкүлү) бажылык текшерүү актысын алуудан баш тарткан учурда, бажылык текшерүү актысына бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат жана тапшырылгандыгын билдирүү менен буйрутма почталык кат менен жиберилет.
Эгерде бажылык текшерүү Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик контролдоочу органдарынын тапшырмасынын негизинде жүргүзүлсө, бажылык текшерүү актысы үч нускада түзүлөт, мында актынын үчүнчү нускасы көчмө бажылык текшерүүнүн демилгечисине жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Эгерде бажылык текшерүүнүн аякташы боюнча бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аныкталбаса, бажылык текшерүү актысына тиешелүү жазуу жазылат.
49. Бажылык текшерүү актысына документтердин көчүрмөлөрү, адистештирилген бөлүмдүн кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн эсептер жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге, актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык текшерүүдө алынган башка материалдар тиркелет.
50. Текшерилүүчү жак бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон учурда бажылык текшерүү актысына тиешелүү жазуулар жазылат.
51. Эгерде бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизген эл аралык келишимдерди, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу аныкталса, бажылык текшерүүнүн актысында кошумча эсептелүүгө жана төлөнүүгө (өндүрүлүүгө) тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын болжолдуу суммалары жөнүндө маалыматтар чагылдырылат жана текшерилүүчү жакка (анын өкүлүнө) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммалары жөнүндө билдирүү жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизбеген бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча бузууларды жоюу тууралуу талап коюлат.
Бузууларды жоюу тууралуу талап текшерилүүчү жакка бажылык текшерүү акты менен бир мезгилде тапшырылат же жиберилет.
Бузууларды жоюу тууралуу талапты аткаруу мөөнөтү текшерилүүчү жакка талап тапшырылгандан кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпайт.
Текшерилүүчү жак бузууларды жоюу тууралуу талаптарды аткарбаган учурда бажылык текшерүүнүн материалдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укук коргоо бөлүмдөрүнө жиберилет, бул ТБСнын алкагында жакты эл аралык келишимдердин, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актылардын, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактабаган жак катары тобокелдик категориясына киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Бажылык текшерүү тартибине 1-тиркеме |
__________________________________________________ жетекчисине
(Жактын аталышы)
Бажылык текшерүү үчүн документтерди берүү жөнүндө № ______________ ТАЛАП
_______________________________ |
| 20___-жылдын "___" ______________ |
(калктуу пунктун аталышы) |
| (датасы) |
Бажылык текшерүү үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Бардыгы ____________________________ барак.
(алардын так санын аныктоого мүмкүн болгон учурда)
Документтер 20___-жылдын "___" ______________ чейин
___________________________________________________________________________
______________________________________________________________ дареги боюнча
берилсин
____________________________________
(кызмат орду, наамы)
________________________________ | ______________________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
|
|
Талапты алдым: | ______________________________________ |
| (жактын жетекчисинин аты-жөнү) |
|
|
20___-жылдын "___" ______________ | ______________________________________ |
(датасы) | (колу) |
|
| Бажылык текшерүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
алдыңкы бети
Көчмө бажылык текшерүүгө ЖАЗМА БУЙРУК
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Каттоо номери № ___________________________
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ________________________
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
(бөлүмдүн аталышы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
_________________________________________________________________________________ максатында
(көчмө бажылык текшерүүнүн предмети)
__________________________________________________________________________________ негизинде
___________________________________________________________________________________________
(жактын (аты-жөнү) аталышы, юридикалык дареги)
____________________________________________ ИСН ________________________________ ОКПО коду
карата _____________________________________________________________________________________
(көчмө текшерүүнүн түрү)
___________________________________________________________________________________________
көчмө бажылык текшерүүнү тапшырат.
Бажылык текшерүүгө тартылгандар: __________________________________________________________
(бөлүмдүн, мамлекеттик органдын аталышы,)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
Текшерилүүчү мезгил: 20___-жылдын "___" ______________ тартып 20___-жылдын "___" ______________ чейин
Текшерүү башталган күн: 20___-жылдын "___" ______________
Текшерүү мөөнөтү: 20___-жылдын "___" ______________ чейин узартылды.
Текшерүү мөөнөтү: 20___-жылдын "___" ______________ тартып 20___-жылдын "___" ______________
чейин токтото турулду
___________________________________________________________________________________________
(токтото туруу үчүн негиз)
* Текшерүү аяктаган күн: 20___-жылдын "___" ______________
* Тиркемелердин саны __________________________________
Жетекчи | __________________________ |
| (кызмат орду) |
|
|
________________________________ | ___________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
МО
20___-жылдын "___" ______________
(*) бажылык текшерүү аяктаганда толтурулат
Кошумча баракча
№ _______________ ЖАЗМА БУЙРУККА № ______________ ТИРКЕМЕ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ____________________
______________________________________________________________________________________
(бөлүмдүн аталышы)
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
______________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________ максатында
(көчмө бажылык текшерүүнүн предмети)
______________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________ негизинде
______________________________________________________________________________________
(жактын (аты-жөнү) аталышы, юридикалык дареги)
____________________________________________ ИСН ________________________________ ОКПО коду
карата _____________________________________________________________________________________
(көчмө текшерүүнүн түрү)
___________________________________________________________________________________________
көчмө бажылык текшерүүнү тапшырат.
Бажылык текшерүүгө тартылгандар: __________________________________________________________
(бөлүмдүн, мамлекеттик органдын аталышы,)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, наамы, күбөлүгүнүн №)
___________________________________________________________________________________________
Жетекчи | __________________________ |
| (кызмат орду) |
|
|
________________________________ | ___________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
МО
20___-жылдын "___" ______________
Арткы бети өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген учурда гана толтурулат.
|
| Бажылык текшерүү тартибине 3-тиркеме |
№ __________________ каттоо жазма буйругунун негизинде жүргүзүлгөн көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө АКТ
_______________________________ |
| 20___-жылдын "___" ______________ |
(калктуу пунктун аталышы) |
| (датасы) |
Биз (мен), __________________________________________________________________________________
(ээлеген кызмат орду жана бөлүмү, наамы, кызмат адамдарынын аты-жөнү)
20___-жылдын "___" ______________ № _______________________________ жазма буйругунун негизинде
___________________________________________________________________________________________
____________________________________________ ИСН ________________________________ ОКПО коду
коду
___________________________________________________________________________________________
негизинде
___________________________________________________________________________________________
(көчмө бажылык текшерүүнүн предмети)
максатында
___________________________________________________________________________________________
(жактын (аты-жөнү) аталышы)
карата ___________________________________________________ көчмө бажылык текшерүү жүргүздүк.
(көчмө текшерүүнүн түрү)
Бажылык текшерүүгө тартылгандар: __________________________________________________________
(бөлүмдүн, мамлекеттик органдын аталышы)
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызмат орду, күбөлүгүнүн №)
Текшерилүүчү мезгил: 20___-жылдын "___" ______________ тартып 20___-жылдын "___" ______________ чейин
Башталды: 20___-жылдын "___" ______________ аяктады 20___-жылдын "___" ______________
Текшерүү мөөнөтү: 20___-жылдын "___" ______________ чейин узартылды.
Текшерүү мөөнөтү: 20___-жылдын "___" ______________ тартып 20___-жылдын "___" ______________
чейин токтото турулду
___________________________________________________________________________________________
(токтото туруу үчүн негиз)
Текшерилүүчү мезгилде юридикалык жактын кызмат адамдары (жетекчи, башкы бухгалтер же алардын
милдетин аткаргандар):
___________________________________________________________________________________________
(кызмат ордунун аталышы) (аты-жөнү)
Жактын юридикалык дареги __________________________________________________________________
Жактын иш жүзүндө жайгашкан орду __________________________________________________________
Иш жүзүндө текшерилүүчү __________________________________________________________ мезгилде
_______________________________________________________________________________________ жак
(иштин түрү көрсөтүлөт)
ишке ашырган:
Мурунку бажылык текшерүү жүргүзүлгөн:
__________________________________________________________________________________________
(бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө мурунку акты жок болсо
актынын түзүү № жана датасы көрсөтүлөт)
Бажылык текшерүү ________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(берилген баштапкы бажылык, бухгалтердик документтердин, журнал-ордерлердин,
аналитикалык жана синтетикалык эсепке алуу ведомостторунун,
башкы китептин ж.б. тизмеси келтирилет).
негизинде жүргүзүлгөн.
Бажылык текшерүү менен байланышкан документтер толук эмес берилген учурда берилбеген
документтердин тизмеси келтирилет.
__________________________________________________________________________________________
Көчмө бажылык текшерүүдө жүргүзүлгөн бажылык контролдоонун, башка аракеттердин
формалары жөнүндө маалымат:
Жүргүзүлгөн аракеттер боюнча материалдар тиркелген (тиркеме ________________________________);
Төмөнкүлөр белгиленген:
__________________________________________________________________________________________
(документ менен ырасталган бажы мыйзамдарын бузуу фактылары же мындай
фактылар жоктугуна көрсөтмө келтирилет).
Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерге алып келбеген бажы мыйзамдарын бузуу
фактылары боюнча _________ № __________________ бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган
бузууларды жоюу тууралуу талап коюлган.
Тиркеме: Бажылык текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюу тууралуу талап.
Кызмат адамдарынын колу:
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(ээлеген кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(ээлеген кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Жактын колу: | _________________________ |
|
| (уюмдун аталышы же аты-жөнү) |
|
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
Актынын нускасын ________________________________________________ тиркемеси менен алдым:
(тиркеменин саны)
________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы же аты-жөнү)
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(колу) | (аты-жөнү) | (датасы) |
|
| Бажылык текшерүү тартибине 4-тиркеме |
Форма
__________________________________________________________________ (уюмдун аталышы же аты-жөнү, __________________________________________________________________ ОКПО коду, ИСН коду, паспорттук маалыматтар, дареги)
Бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюу тууралуу № _________________________ талап
_______________________________ |
| 20___-жылдын "___" ______________ |
(калктуу пунктун аталышы) |
| (датасы) |
Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын, бажы иши чөйрөсүндөгү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында
Сиз _________________________________ (талапты аткаруу мөөнөтү) кечиктирбей бажылык
текшерүүдө аныкталган төмөнкү бузууларды жоюуга тийишсиз:
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
____________________________________
(кызмат орду, наамы)
________________________________ | ______________________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) |
|
|
Талапты алдым: | ______________________________________ |
| (аты-жөнү) |
|
|
20___-жылдын "___" ______________ | ______________________________________ |
(датасы) | (колу) |
|
| Бажылык текшерүү тартибине 5-тиркеме |
Инвентаризациялык каттоо
__________________________________________________________________ (уюмдун аталышы же аты-жөнү, __________________________________________________________________ ОКПО коду, ИСН коду, паспорттук маалыматтар, дареги)
Башталган күн: 20___-жылдын "___" ______________ Аяктаган күн: 20___-жылдын "___" ______________
Товарлардын жайгашкан жери ________________________________________________________________
(дареги)
№ | Товарлардын аталышы жана кыскача мүнөздөмөсү | Товарлардын саны | Өлчөө бирдиги (кг, даана, метр ж.б.) | Эсепке коюу күнү | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
Кызмат адамдарынын колу:
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(ээлеген кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(ээлеген кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Жактын колу: | _________________________ |
|
| (уюмдун аталышы же аты-жөнү) |
|
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
__________________________ | _________________________ | ___________________ |
(кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
Нусканы алдым:
________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы же аты-жөнү)
__________________________ | _________________________ | _________________________ |
(колу) | (аты-жөнү) | (датасы) |
Ушул инвентаризациялык каттоодо № ________________ дан № ________________ чейинки
аталган бардык товарлар менин (биздин) катышуумда (катышуубузда) текшерилди
жана каттоого киргизилди, буга байланыштуу адистештирилген бөлүмдүн кызмат
адамдарына дооматым (дооматыбыз) жок.