Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Социалдык колдоого муктаж категориядагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 68-беренесинин 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды жүзөгө ашырып турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |