Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-январындагы № 10 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан турак жай берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык иштелип чыккан жана социалдык колдоого муктаж болгон жарандардын айрым категориялары үчүн турак жай берүүнүн бирдиктүү тартибин жана шартын аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 69-беренесине ылайык турак жай алуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулат.
Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фонду - социалдык колдоого муктаж болгон жарандардын айрым категориялары үчүн ушул Жободо аныкталган тартипте берүү үчүн арналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган турак жайлардын (айыптоо өкүмүнүн негизинде мамлекеттин менчигине өткөрүп берилген же конфискацияланган мүлктүн эсебинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими же тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде, ошондой эле жеке жак, юридикалык жак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар тарабынан ыктыярдуу тартипте жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өткөрүлүп берилген) жыйындысы;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылуу жана эмгекти коргоо, калкты социалдык коргоо, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды колдоо, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатындагы маселелер боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
социалдык колдоого муктаж жарандар - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 69-беренесинин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары;
өз ара аракеттенүү регламенти - иш-чарага катышуунун алкагында аныкталган функцияларды биргелешип ишке ашыруу боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган ведомстволор аралык документ.
3. Адистешкен турак жай фондун эсепке алуу, ошондой эле социалдык колдоого муктаж болгон жарандарды эсепке алуу, турак жай алууга кезекти белгилөө жана аны бөлүштүрүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын ведомстволук аймактык бөлүнүштөрү (райондордо, облустарда, шаарларда) тарабынан ишке ашырылат.
4. Социалдык колдоого муктаж жарандарга турак жай берүү ушул Жободо белгиленген тартипте туруктуу жашаган жери боюнча ишке ашырылат.
5. Адистешкен турак жай фондунун маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзүү мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда башкаруу ишин документтештирүүгө жана документтер менен иштөөнү уюштурууга коюлуучу бирдиктүү талаптарды регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы мамлекеттик адистешкен турак жай фондуна турак жай өткөрүп берүү механизми
6. Коюлган күнөөнүн негизинде соттун чечими менен мамлекеттик же муниципалдык менчикке алып коюу менен конфискацияланган мүлк, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу органдын адистешкен турак жай фондуна өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
7. Юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле эл аралык финансы институттары жана башка уюмдар, анын ичинде мамлекеттик органдар турак жайды Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Турак жай кодекстеринде (ижара келишими, үчүнчү жактын пайдасы үчүн соода-сатык келишими) белгиленген тартипте тиешелүү келишимдерди түзүү жолу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистешкен турак жай фондуна өткөрүп берет.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жайды Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде, анын ичинде тиешелүү келишимдерди түзүү аркылуу адистешкен турак жай фондунун карамагына өткөрүп бериши мүмкүн.
9. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында турак жайды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
10. Жарандарга турак жай берүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүү регламенти түзүлөт.
11. Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдар бири-бири менен тыгыз байланышта жана эриш-аркак иштеши керек.
12. Мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн сапаты жана өз убагында аткарылышы үчүн тиешелүү органдардын жетекчилери мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тартиптик жоопкерчилик тартышат.
13. Өз ара аракеттенүү регламентинде төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
- Өз ара аракеттенүү регламенти түзүлө турган мамлекеттик органдардын аталышы;
- Өз ара аракеттенүү регламентинин максаты;
- Өз ара аракеттенүү регламенти түзүлө турган мамлекеттик органдардын функцияларынын тизмеси;
- Өз ара аракеттенүү регламенти түзүлө турган мамлекеттик органдардын аткаруу функцияларынын тартиби;
- тараптардын укуктары жана милдеттери;
- Өз ара аракеттенүү регламентин ишке ашыруу процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон келишпестиктерди чечүү тартиби;
- Өз ара аракеттенүү регламенти түзүлгөн мөөнөт;
- тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары.
14. Өз ара аракеттенүү регламентине карата аны ишке ашыруу боюнча план түзүлүшү керек. Өз ара аракеттенүү регламентин ишке ашыруу боюнча план бул документтин тиркемеси болуп саналат жана милдеттүү түрдө функцияларды ишке ашыруу боюнча пландалган иш-чаралар жөнүндө маалыматты камтышы керек, мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- аны аткаруу мөөнөтү;
- күтүлүүчү натыйжалар;
- жооптуу аткаруучулар.
15. Өз ара аракеттенүү регламентине кол коюлгандан кийин бул документти ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар ошол замат анын ишке ашыруу планын аткарууга киришүүсү керек.
16. Функцияларды ишке ашырууда аныкталган чөйрөдөгү милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен чечими боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
3. Жарандарга турак жай берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби
17. Социалдык колдоого муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык, турак жай бөлүп берүү жөнүндө Комиссиянын төрагасынын атына жазылган арыз эсептелет.
Арызда аты-жөнү, үй-бүлө курамы, жашаган дареги, турак жай шартынын мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- жашаган жериндеги тийиштүү уюм тарабынан (калкты каттоо боюнча райондук бөлүм, муниципалдык аймактык башкармалык) берилген үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалым кат;
- жарандын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчик укугуна таандык болгон жашоого жарактуу турак үйдүн бар же жок экендиги жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалым каты;
- жарандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген категорияга таандыктыгын тастыктаган документтер.
Арыз белгиленген формада жүргүзүлүүчү, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын арыздарын каттоо китебинде катталат.
18. Социалдык колдоого муктаж болгон жарандарды эсепке алуу жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн баштап 14 күндүн ичинде каралат.
Турак жайларды берүүнүн кезеги эсепке алынган убактысы боюнча аныкталат.
Жаранды эсепке алуу же баш тартуу жөнүндө чечим ага жазуу жүзүндө билдирилет.
Жаранды эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө катта мындай баш тартуунун себептери көрсөтүлүшү керек.
19. Эсепке алынган жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу китебине киргизилет.
20. Көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка дал келбеген учурларда жарандарды эсепке алуудан баш тартылат.
21. Жарандарды эсепке алуу китеби боо өткөрүлүп байланат жана эсепке алган органдын мөөрү басылат жана жарандарды эсепке алууну туура жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Эсепке алуу китебинде оңдоолорго жана өчүрүүлөргө жол берилбейт.
22. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жаранды эсепке алуу китебине киргизилген жарандардын ар бир арызына бардык керектүү документтер сакталган эсепке алуу делосу жүргүзүлөт. Иштин номери эсепке алуу китебинин номерине дал келет.
23. Эсепке алуу делосу жана эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген тартипте сакталат.
24. Жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинен төмөнкү учурларда алынат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берген негиздер жок болгондо;
2) башка калктуу конушка туруктуу жашоого кеткенде;
3) каттоого турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берсе.
25. Жарандар эсепке коюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу орган тарабынан эсептен чыгарылат.
Эсептен чыгаруу тууралуу жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
Социалдык колдоого муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаганга кетсе же каза болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат.
26. Социалдык колдоого муктаждардын эсебинде турган жарандарга тиешелүү аймактан бош жана/же бошотулган турак жай аянтынын болушуна жараша Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен кезектүүлүк тартипте турак жай берилет.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алынган чечиминин негизинде жаран же каза болгон жарандын үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсү менен турак жайды пайдалануунун тартиби жана шарты жөнүндө келишим түзүлөт.
4. Турак жайды пайдалануунун тартиби жана шарты
28. Турак жай жаранга турак жайды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча берилет.
29. Турак жай ажыратууга, ижарага берүүгө, өзгөртүп курууга, планировкасын өзгөртүүгө, күрөө катары берүүгө жана башка бүтүмдөрдү жасоого жатпайт.
30. Турак жайдын шарттарына жана техникалык мүнөздөмөлөрүнө, анын жайгашкан жерине жараша турак жайды пайдалануунун тартиби жана шарты жөнүндө келишимдин жоболору Комиссия менен макулдашуу боюнча өзгөрүшү мүмкүн.
5. Жарандарды турак жайдан чыгаруунун негиздери
31. Мамлекеттик адистешкен турак жай фондунун турак жайын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер социалдык колдоого муктаж жарандардын ар бир категориясына карата ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
32. Турак жайдан чыгарууга тийиш болгон жарандарга ээлеп турган турак жайын бошотуу үчүн Комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айлык мөөнөт белгиленет.
33. Турак жайды жаран кабыл-алуу өткөрүп берүү актысы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнө өткөрүп берет.
6. Комиссиянын ишин уюштуруу
34. Ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн алдында социалдык колдоого муктаж болгон жарандардын арыздарын кароо боюнча комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамы жана анын ишинин тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү буйругу менен бекитилет.
35. Комиссиянын негизги максаты турак жайды бөлүштүрүү жана пайдалануу максатында эсепке алуунун эрежесин сактоо болуп саналат.
36. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
37. Комиссиянын негизги милдеттери:
1) турак жайды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселелери боюнча коомдук контролду камсыздоо;
2) турак жайды өз убагында жана туура бөлүштүрүү.
38. Комиссиянын негизги функциялары:
1) турак жайга муктаж жарандарды туура эсепке алууну камсыздоо;
2) турак жайга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча арызды кароо, тиркелген документтерди текшерүү жана арыз боюнча чечимдерди даярдоо;
3) турак жайга муктаж жарандарды эсептен чыгаруу;
4) турак жайды бөлүштүрүү боюнча сунушту даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин бекитүүсү үчүн берүү.
39. Жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Жобого ылайык оң же жүйөлүү терс чечимди кабыл алууга;
- чечим кабыл алууну керектүү документтер берилгенге чейин же маселени кошумча изилдеп чыгуу үчүн 14 күндүк мөөнөткө узартууга;
- жарандарды турак жай менен камсыздоого байланыштуу кошумча маалыматтарды жана документтерди сурап алууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча суроо-талаптарды мамлекеттик бийлик органдарына, мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга жиберүүгө.
7. Корутунду жоболор
40. Жарандардын турак жай мамилелери менен байланышкан маселелери ушул Жобо менен жөнгө салынат, ал эми бул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча турак жай мыйзамдарында каралган ченемдер колдонулат.
Ушул Жободо аныкталган ченемдер турак жай мыйзамдарынын ченемдерине каршы келип калган учурда турак жай мыйзамдарынын ченемдерине артыкчылык берилет.
41. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик адистешкен турак жай фондунан жарандарга жашоо үчүн берилүүчү турак жай белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бериши керек жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде, башка укуктук ченемдик актыларда белгиленген турак жай талаптарына шайкеш келүүсү, ошондой эле арналышы боюнча гана пайдалануусу керек.
42. Авариялык жана эски үйлөрдөн, барактардан, жертөлөлөрдөн жана жашоого ылайыкташтырылбаган башка курулуштардан, ошондой эле бузууга, капиталдык оңдоого же турак эмес жайга которулууга тийиш болгон үйлөрдөн турак жай берүүгө жол берилбейт.
43. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун, эсептен чыгаруунун жана жарандарга турак жай берүүнүн белгиленген тартибин бузган, турак үйгө жана турак жайга көчүп кирүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн сактабаган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.