Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-марты № 189
Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Негизги жана/же орто жалпы билим берүү, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
2) Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында аккредитация жүргүзүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 381 "Негизги жана/же жалпы орто, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 844 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-июнундагы № 381 "Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 (3102) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
2-тиркеме |
Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар (мындан ары - Минималдуу талаптар) негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) карата милдеттүү минималдуу талаптарды белгилейт.
2. Ушул Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
коопсуз билим берүү чөйрөсү - окуучуларга жана персоналга зыяндуу же коркунучтуу факторлордун таасири жок болгон, же болбосо алардын таасиринин деңгээли белгиленген ченемдерден ашпаган окуу шарттарын камсыздоочу чөйрө;
кызыкдар тараптар - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), билим берүү уюму, жогорку сапаттагы билим берүүгө кызыкдар социалдык өнөктөштөр, коммерциялык эмес уюмдар;
билим берүү уюмунун миссиясы - кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, жамааттын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуучу билим берүү уюмунун багыты жөнүндө кабыл алынган чечим;
кайтарым байланыш - көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын натыйжалуулугу жөнүндө кызыкдар тараптардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү баалоолору, ошондой эле комментарийлери;
билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты - билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилген, билим берүүнүн сапатын башкарууга багытталган документтердин жыйындысы;
ресурстар - каалаган натыйжага жетүү үчүн окутуу процессине тартылган кадрдык, материалдык-техникалык, окуу-методикалык, маалыматтык ресурстар.
2-глава. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына карата минималдуу талаптар
3. Билим берүү уюму кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн эске алуучу бекитилген башкаруу түзүмүнө, билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана анын ишке ашыруу саясатына, иштин натыйжалуулугун баалоо системасына ээ болушу керек.
4. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына карата критерийлер:
1) билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу;
2) билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу;
3) билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушу;
4) персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы);
5) ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу;
6) кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу;
7) билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу.
3-глава. Билим берүү программасынын мазмунуна жана окуу-методикалык камсыздалышына карата минималдуу талаптар
5. Билим берүү программасынын мазмуну жана окуу-методикалык камсыздалышы Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары - билим берүү стандарты) жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши керек.
6. Билим берүү программасынын мазмунун жана окуу-методикалык камсыздалышын баалоонун критерийлери:
1) окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү;
2) окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү;
3) жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу - методикалык адабияттардын фонду) болушу;
4) билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушу.
4-глава. Компетенттүү окутууну ишке ашырууга жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоого карата минималдуу талаптар
7. Билим берүү уюму окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетенттүүлүк мамилесин ишке ашырат.
8. Окуучуларды окутууда жана жетишкендиктерин баалоодо компетенттүүлүк мамилесин ишке ашырууга карата критерийлер:
1) окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу;
2) окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу;
3) окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушу;
4) билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу;
5) окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу;
6) коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу;
7) ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы;
8) кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу.
5-глава. Кадрдык саясаттын натыйжалуулугуна карата минималдуу талаптар
9. Билим берүү уюмунун өз ишин компетенттүү персонал менен камсыздоо үчүн натыйжалуу кадрдык саясаты болушу керек.
10. Кадрдык саясаттын натыйжалуулугунун критерийлери:
1) педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;
2) штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү;
3) физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;
4) педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;
5) педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу.
6-глава. Материалдык-техникалык базага карата минималдуу талаптар
11. Билим берүү уюмунун жетиштүү, жеткиликтүү, коопсуз жана билим берүүнүн максаттарына ылайык келүүчү материалдык-техникалык базасы болушу керек.
12. Материалдык-техникалык базаны баалоонун критерийлери:
1) билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу;
2) билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери);
3) материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.
7-глава. Финансылык ресурстарды башкарууга карата минималдуу талаптар
13. Билим берүү уюму билим берүү максаттарына жетишүү үчүн финансы ресурстарын башкарууга тийиш.
14. Финансы ресурстарын башкарууну баалоо критерийлери:
1) финансылык пландоо системасынын болушу;
2) кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу;
3) финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| 2-тиркеме |