Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-декабры № 674
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик имараттарды, курулмаларды жана жайларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 "Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
а) Жобонун бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "электрондук аукциондун оператору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "электрондук соода аянтчасынын оператору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-пунктунда:
- он биринчи абзацы "электрондук аукционду өткөрүү" деген сөздөрдөн мурда "автотранспорт каражаттарын сатууну кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- он жетинчи абзацы "электрондук аукциондун жыйынтыгы" деген сөздөрдөн мурда "автотранспорт каражаттарын сатууну кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 13-пунктундагы "Ушул Жобонун 12-пунктунда аталган билдирүүгө ылайык," деген сөздөр алып салынсын;
д) 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер менчиктештирүү объектисинин жарыяланган баштапкы баасынын эки эсе өлчөмүндө кепилдик төгүмүн маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке төгүүгө тийиш.
Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана сатып алып жаткан мүлктү төлөө эсебине кошулат. Электрондук тооруктун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
Жеңүүчү он күндүк мөөнөттө мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү жиберет, ал билдирүү түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга тийиш.
Катышуучуну, экинчи орунду ээлеген катышуучуну жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасы аркылуу ишке ашырылат.
Жеңүүчү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, баланс кармоочу төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет:
- экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүү жөнүндө;
- электрондук аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана кайрадан аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу жөнүндө.
Сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан жеңүүчүлөргө (эң чоң сумманы сунуштаган, экинчи орунду ээлеген жана жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү алган) кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана республикалык бюджеттин кирешесине жиберилет.";
ж) 15, 42-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
з) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
а) 3-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"шарттары менен электрондук аукцион - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна тооруктардын түрү, анда эң жогорку ар айлык наркты сунуштаган жана маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн суммага өз каражаттарынын эсебинен ижара объектисин капиталдык оңдоо боюнча милдеттенмени өзүнө алган катышуучу жеңүүчү болот, кийин ошол милдеттенме ижара келишимине киргизилет;";
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук соода аянтчасынын регламенти - ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктаган эрежелердин жыйындысы;";
- он экинчи абзацындагы "электрондук аукциондун оператору" деген сөздөр "электрондук соода аянтчасынын оператору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацы "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
- он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук кол коюу - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган жакты аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;";
б) Жобонун бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "электрондук санарип кол коюу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "электрондук кол коюу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 8-пунктунун экинчи абзацы "келишиминин мөөнөтү" деген сөздөрдөн кийин "шарттары менен электрондук аукцион аркылуу ижарага берилген учурду кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Баланс кармоочу ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин үч ай мурун ыйгарым укуктуу органга тиешелүү ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү берет.";
д) 11-пунктундагы "ижарага берүүчүнүн жана ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
е) 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Баланс кармоочу мамлекеттик мүлктү электрондук соода аянтчасында ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиркеме менен электрондук форматтагы өтүнмөнү жиберет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жетекчинин колу коюлган арызды;
- ижара акынын баштапкы өлчөмүнүн эсебин;
- баланс кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтеринин (схемасын, планын) көчүрмөлөрүн;
- талап кылынган оңдоо иштеринин мүнөздөмөсүн, конкреттүү көлөмдөрүн, мөөнөттөрүн жана наркын көрсөтүү менен сметасын.
Эгерде капиталдык оңдоого муктаж болгон аянты үч жүз квадрат метрден ашкан мамлекеттик мүлк шарттары менен электрондук аукцион аркылуу ижарага берилсе, ижара мөөнөтү он беш жылга чейин белгиленет. Мында, жүргүзүлгөн жакшыртуулардын наркы ижара төлөмүнүн эсебине кайтарылууга жатпайт.
Шарттары менен электрондук аукциондун жеңүүчүсү баланс кармоочу сунуштаган жумуштардын сметасына ылайык маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн суммага өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик мүлктү капиталдык оңдоону жүргүзүү боюнча милдеттенмени сөзсүз кабыл алат. Шарттары менен электрондук аукциондун жеңүүчүсү болуп ижара объектисине эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
Баланс кармоочу электрондук кол коюуну пайдалануу менен электрондук соода аянтчасына кирет.";
ж) 17-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "20" деген цифралар "7 жумуш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү электрондук соода аянтчасында жайгаштырылууга, ошондой эле баланс кармоочунун расмий интернет-сайтында (бар болсо) электрондук аукцион өткөрүлгөн күнгө чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга тийиш.";
- жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 18-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Электрондук соода аянтчасынын оператору регламентке ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:";
и) 20-пунктунда:
3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) электрондук соода аянтчасынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү регламенттин талаптарына ылайык келүүсү;";
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) электрондук соода аянтчасынын толук иштөөсү жана техникалык бузулуулар.";
к) 22-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Электрондук кол коюу менен же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүнүн тиркемеси менен өтүнмө, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган анын электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.";
л) 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Электрондук аукционго, шарттары менен электрондук аукционго катышууга электрондук кол коюу же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) менен күбөлөндүрүлгөн өтүнмөнү жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык документтердин электрондук үлгүлөрүн берген, электрондук соода аянтчалары тарабынан катышуучу болуп таанылган жактарга уруксат берилет. Катышуучулар электрондук кол коюунун же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) жардамы менен электрондук соода аянтчасына кирет.";
м) 28-пунктунда:
- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жарыяланган баштапкы ижара өлчөмүнүн төмөнкүдөй өлчөмүндөгү кепилдик төгүмдү төгүүгө тийиш:
- 400 пайыз - 30 квадрат метрге чейин;";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- 300 пайыз - 70 квадрат метрге чейин;
- 200 пайыз - 200 квадрат метрге чейин;
- 100 пайыз - 200 квадрат метрден ашык;
- 100 пайыз Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары;
- 300 пайыз - Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринин (пансионаттар, санаториялар) аймагында жайгашкан объекттер.
Электрондук аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына кепилдик төгүмү, жеңүүчүнү кошпогондо, алар электрондук соода аянтчасында катталууда көрсөткөн банк эсептерине электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып он банктык күндүн ичинде кайтарылат.";
н) 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Электрондук соода аянтчасынын системасы электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыяланган күндөн тартып электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган убакка чейин аукционго катышуу үчүн электрондук өтүнмө толтурган талапкерлерге уруксат берет.
Мында, электрондук аукционго, шарттары менен электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аякталуучу күн маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлөт.";
о) 35-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
п) 41-43-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Электрондук аукционду, шарттары менен электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан электрондук базада белгиленет, ал электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган убактан тартып электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыктары тууралуу протокол түрүндө чагылдырылат.
42. Жеңүүчү сунуштаган бааны көрсөтүү менен өткөрүлгөн аукцион жана ижара объектиси жөнүндө маалыматты камтыган электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протокол жеңүүчүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүүгө укугун күбөлөндүрөт.
43. Электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жол-жобосу жеңүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимине кол койгон убакыттан тартып аяктаган болуп эсептелет.";
р) 47-49-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47. Электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыктары чыккан күндөн тартып төрт жумуш күндүн ичинде баланс кармоочу менен жеңүүчү протоколдун негизинде электрондук форматта, жазуу жүзүндө мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзөт. Тараптар кол койгон ижара келишими ижарага берүүчүнүн расмий катына ылайык ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу орган төрт жумуш күндүн ичинде берилген материалдарды карайт жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- ижара келишимин каттоо жөнүндө;
- ушул Жобого ылайык келбеген учурда ижара келишимин толук иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө.
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими ушул Жобо боюнча белгиленген өзгөчөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык түзүлөт.
48. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүүдөн четтесе же баш тартса, ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңиш ыйгарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жиберет, ал билдирүү түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга тийиш.
Катышуучуну, экинчи орунду ээлеген катышуучуну жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасы, электрондук почта, телефон байланышы аркылуу ишке ашырылат.
Жеңүүчү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда баланс кармоочу төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет:
- экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу жөнүндө;
- электрондук аукциондун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана кайрадан аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу жөнүндө.
Сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан жеңүүчүлөргө (эң чоң сумманы сунуштаган, экинчи орунду ээлеген жана жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү алган) кепилдик төгүмү кайтарып берилбейт жана республикалык бюджеттин кирешесине жөнөтүлөт.
49. Жеңүүчү деп таанылган жана эки жолу ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан электрондук аукциондун катышуучусу (жеке же юридикалык жак) баш тарткан учурдан тартып бир жылдын ичинде бардык электрондук аукциондорго катышуу укугун жоготот жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. |
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |