Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 507
Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жол жоболорун ишке ашыруу үчүн электрондук соода аянтчасын киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
2.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
21.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |