Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 593
"2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жогоруда аталган Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-декабрындагы № 593 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясы (мындан ары - Конвенция) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Конвенциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 227 буйругу менен жактырылган. Конвенцияга 2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган.
Конвенция эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруу жана (же) бир мамлекеттин (жаза дайындалган Мамлекеттин) соту тарабынан башка мамлекеттин (жазаны аткаруучу Мамлекеттин) жаранына карата дайындалган жазык-укуктук мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин мамилелерин жөнгө салат.
Конвенциянын максаты соттолгондордун эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны өтөөсү үчүн шарттарды түзүү жана (же) алар жарандары болуп саналган мамлекетте жазык-укуктук мүнөздөгү чараларды колдонуу болуп саналат.
Конвенция жазаны аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапка тиркелүүчү документтердин тизмесин, жазаны аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруудан баш тартылган учурлардын тизмесин, жазаны аткарууну өткөрүп берүүнүн тартибин аныктайт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Конвенция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Конвенцияны ратификациялоо Кыргыз Республикасы үчүн социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана финансы-экономикалык терс кесепеттерге алып келбейт.
Конвенция ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар жылдык бюджетинин чегинде ишке ашырылат.