Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 563
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өзгөчө кырдаалдардын жана/же согуштук абалдын шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо жана киргизүү жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 57-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу," деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына киргизилген өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу маселелери, өзгөчө жана/же согуштук абалдын режимин камсыз кылууга тийиштүү маселелери," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 1-декабрындагы № 98 (3170) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |