Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 600
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-декабрындагы № 600 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун расмий тилде берилген аталышындагы жана 2-беренесиндеги "формы государственного управления" деген сөздөрдү "формы государственного правления" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Андан тышкары, Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде маселенин формулировкасы мамлекеттик башкаруунун формасы боюнча гана сунушталып жаткандыгын эске алуу менен мыйзам долбоорунун аталышын анын 2-беренесине шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору менен референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына (долбоордун расмий тилинде 2020-жылдын 10-январы көрсөтүлөт) белгилөө жана референдумда добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү маселенин формулировкасын бекитүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн формасын аныктоо боюнча маселенин формулировкасын бекитүү сунушталууда, ага ылайык шайлоочуларга сунушталган мамлекеттик башкаруунун эки формасынын (президенттик же парламенттик) бирин тандоо керек.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык референдумдун маселеси көптөгөн чечмелөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилбегендей жана бир беткей гана жооп бергендей түзүлүүгө тийиш экендигин көңүлгө алууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 2-беренесин "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
3. Долбоордун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо менен бирге, бир күнгө 2020-жылдын 4-октябрында белгилөө сунушталат.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун жоболорун эске алуу менен негиздеме-маалым катты актуалдаштырууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык шайлоону даярдоо жана өткөрүү, каржыланышын камсыздоо багытындагы негизги иш-чаралар боюнча үнөмдөө болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык 2016-жылы өткөн референдум үчүн (жалпы элдик добуш берүүгө) 2816065 бюллетень даярдоого 4138700 сом сарпталгандыгы белгиленген.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында 2021-жылы референдумду өткөрүү менен байланышкан финансы-экономикалык эсептөөлөр, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөө боюнча болжолдуу эсептөөлөр боюнча маалымат жок экендигин белгилөө зарыл.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кошумча чыгымдардын суммасы үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо каралбагандыгын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо референдум өткөрүүгө чыгымдарды көңүлгө алууну сунуштайбыз.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун талкуулоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыккан субъект тарабынан келип түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздеп, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо жолу менен камсыз кылынат. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалым катында чагылдырылат.
Ушундан улам долбоордун негиздеме-маалым катын жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарына ылайык коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө жалпыланган маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
6. Мамлекеттик жана расмий тилдердеги маанилик жана логикалык байланыштарды эске алуу менен ченемдик укуктук актынын долбоорунун тексттеринин аутенттүүлүгүн камсыздоо милдеттүү экендигин көңүлгө алып, долбоордун 1-беренесинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттерин бири-бирине шайкеш келтирүү үчүн толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
7. Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38-пунктунда белгиленген ченем жаратуу техникасынын эрежелерине шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн сунуштарды эске алуу менен аталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.