Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 484 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө
Эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик контролду жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында (мындан ары - өткөрүү пункттары) режимди белгилөө жана камсыз кылуу, өткөрүү пункттарына адамдардын, транспорт каражаттарынын келүү (кирүү), анда болуу, жүрүү жана кетүү (чыгуу), жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүү, коюп туруу жана алып чыгуу, ошондой эле чарба жана башка иштерди ишке ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ар бир өткөрүү пункттарында жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдун түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен аныкталган.
3. Эрежелер Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, менчигинин түрүнө жана таандыгына карабастан, жүргүнчүлөрдү жана товарларды авто, аба жана темир жол транспорту менен эл аралык ташууларды жүргүзгөн ишканалар менен уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле өткөрүү пункттарынын ишине байланышкан жумуштарды аткарган кызматкерлер үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.
4. Ушул Эрежелерде режимди белгилөө деп жергиликтүү шарттарды эске алуу менен жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан бир же бир нече өткөрүү пунктунда режимди сактоо тартибинин укуктук жактан бекемделишин түшүнүү зарыл.
5. Режимди камсыз кылуу деп бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аба өткөрүү пункттарындагы авиациялык коопсуздук органдары жана кызматтары менен биргеликте өз ара аракеттенип Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өткөрүү пунктунда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын белгиленген режим эрежелерин сактоосун контролдоону түшүнүү зарыл.
6. Өткөрүү пункттарын күтүү анын иштеши, ишин камсыз кылуу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тарабынан режим эрежелеринин сакталышына шарттарды түзүү үчүн зарыл иш-чаралардын комплексин камтыйт.
2-глава. Өткөрүү пункттарында режимди белгилөө жана камсыздоо тартиби
7. Өткөрүү пункттарында чек ара режимин белгилөө жана камсыздоо тартиби Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, мында:
1) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобиль өткөрүү пункттарында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча;
2) темир жол станциясы же бекети, аэропорт же аэродром чегинде иштеген өткөрүү пункттарында өткөрүү жана ички объекттеги режимдердин талаптарын жана транспорттук инфратүзүм объекттериндеги башка коопсуздук эрежелерин эске алуу менен темир жол станциясынын (бекетинин), аэропорттун же аэродромдун администрациясы жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча.
8. Ушул Эрежелерге ылайык бажы жана чек ара кызматынын органдары темир жол станциясынын (бекетинин), аэропорттун же аэродромдун администрациясы жана башка мамлекеттик контролдоо органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өткөрүү пункттарындагы режим маселелерине тиешелүү болгон биргелешкен буйруктарды (нускамаларды) чыгарышат.
9. Өткөрүү пункттарындагы режим төмөнкүлөргө жол бербөөгө тийиш:
1) адамдардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) мыйзамсыз өтүшүнө;
2) Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды мыйзамсыз алып өтүшүнө;
3) өткөрүү пункттарындагы жабык жерлерге, жайларга (объекттерге), ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарына бөтөн адамдардын кирүүсүнө.
10. Өткөрүү пунктунун режимин белгилөөдө төмөнкүлөр аныкталат:
1) режим колдонулган убакыт аралыгы жана мейкиндик чектери;
2) өткөрүү пунктунун аймагынын, ошондой эле түздөн-түз чек ара жана бажы контролу жүргүзүлгөн аймактын, жайлардын чеги, ал эми Кыргыз Республикасы катышкан мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген учурларда мамлекеттик контролдун башка түрлөрү;
3) өткөрүү пункттарына адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүү (келүү) жана андан чыгуу (кетүү), ошондой эле жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу тартиби жана орду;
4) мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана тейлөө персоналы кызматтык иштерин жүргүзүү үчүн, ошондой эле өткөрүү пункттарында өздөрүнүн иштерин туруктуу ишке ашырбаган адамдардын өткөрүү пункттарына келүүсү үчүн өткөрмөлөрдү (уруксаттарды) алуу тартиби;
5) кошумча режимдик чектөөлөрдү киргизүү тартиби жана мүнөзү, кошумча чектөөлөр колдонулган убакыт аралыгы жана мейкиндик чектери;
6) мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, темир жол станциясынын (бекетинин), өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштерди жүргүзгөн башка ишканалардын жана уюмдардын кызматтык транспортту токтотуу жайлары, ошондой эле ошол транспорттун жүрүү маршруту. Мында аэропорттор менен аэродромдордо мындай токтотуу жайлары аэропорттун же аэродромдун администрациясы тарабынан аныкталат.
11. Өткөрүү пункттарынын чектери чек ара жана бажы контролунун зонасы болуп саналат, алардын чек аралары бири-бирине туура келиши мүмкүн.
3-глава. Мамлекеттик чек арадан өтүү максатында өткөрүү пункттарына адамдардын, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын кирүү (келүү) жана андан чыгуу (кетүү) эрежелери
12. Мамлекеттик чек арадан өтүү максатында өткөрүү пункттарына адамдардын кирүүсү (келүүсү) жана андан чыгуусу (кетүүсү), ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү пункттарына өткөрүү Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга жарактуу документтер, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда каралган башка документтер болгон учурда атайын мындай максаттар үчүн бөлүнгөн жайларда жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өткөрүү пункттарына адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсү (келүүсү) жана андан чыгуусу (кетүүсү), ошондой эле жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу үчүн белгиленген жайлар чек ара, бажы жана өткөрүү пункттарында жүргүзүлүүчү контролдун башка түрлөрүн уюштуруу үчүн зарыл болгон автомобиль жана темир жол өткөрүү пункттарын курууга (реконструкциялоого), ыңгайлаштырууга жана жабдууга карата коюлган талаптарга ылайык жабдылууга тийиш.
14. Өткөрүү пункттарындагы аймактын бөлүгү тосулууга жана "Өткөрүү пункту. Пункт пропуска. Check point" деген жазуу жазылган төрт бурчтуу формадагы атайын белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
4-глава. Чарба жана башка иштерди жүргүзүү максатында Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына адамдардын кирүү (келүү) жана андан чыгуу (кетүү), ошондой эле өткөрүү пункттарына транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү эрежелери
15. Чарба жана башка иштерди жүргүзүү максатында өткөрүү пункттарына адамдардын кирүүсү (келүүсү) жана андан чыгуусу (кетүүсү), ошондой эле чарба ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү пункттарына өткөрүү атайын бөлүнгөн жайларда бирдиктүү формадагы өткөрмөлөр боюнча жүргүзүлөт, алар төмөнкүлөр тарабынан берилет:
1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан - автомобиль өткөрүү пункттарынын аймагына;
2) аэропорттун (аэродромдун), темир жол станциясынын (бекетинин) администрациясы тарабынан - транспорттук инфратүзүм объекттеринин чегинде иштеген өткөрүү пункттарынын аймагына. Чек ара контролун ишке ашыруу үчүн арналган объекттер менен жайларга Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана зарыл болгон учурда иштеген регионундагы бажы органдары менен макулдашуу боюнча.
Өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу чек ара контролунун бөлүмдөрүнүн аскер кызматчылары, бажы органдарынын кызмат адамдары өткөрүү пунктунун аймагына инсандын күбөлүгү жана тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан кол коюлган тапшырмалар (иш сапар күбөлүктөрү) боюнча киргизилет (коё берилет).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Өткөрмөлөр кол койдуруп берилет жана милдеттүү түрдө эсепке алынат.
17. Өткөрүү пункттарына адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсү жана андан чыгуусу, ошондой эле жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу үчүн өткөрмөлөр мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле өткөрүү пункттарында чарба жана башка иштерди жүргүзүүчү уюмдардын жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын негизинде таризделет.
18. Адамдарга өткөрмөнү берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү кайрылууда өткөрмөнү берүүнү демилгелеп жаткан уюмдун (ишкананын) толук аталышы, өткөрмөнү тариздөө талап кылынган жарандын аты-жөнү, туулган күнү жана жери, жашаган (келген) жери, ээлеген кызмат орду, анын ким экендигин күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана берилген жери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле өткөрүү жайына келүү максаты жана өткөрмөнү тариздөө талап кылынган мөөнөт (мезгил) көрсөтүлөт.
19. Мамлекеттик контролдоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле өткөрүү пункттарында иш жүргүзгөн улуттук коопсуздук, тышкы иштер жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн өткөрмөнү алуу тууралуу жазуу жүзүндөгү кайрылууда тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн толук аталышы, кызмат адамынын аты-жөнү, өткөрмөнү тариздөө талап кылынган мөөнөт (мезгил) гана көрсөтүлөт.
20. Транспорт каражаттарына өткөрмөнү алуу тууралуу жазуу жүзүндөгү кайрылууда уюмдун (ишкананын) толук аталышы, өткөрмөнү тариздөө талап кылынган транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар, анын ичинде түрү, маркасы, модели, каттоо белгиси (номери), транспорт каражатын (каражаттарын) башкара турган адамдын (адамдардын) аты-жөнү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жөнүндө маалыматтар, ошондой эле өткөрүү жайына келүү максаты жана өткөрмөнү тариздөө талап кылынган мөөнөт (мезгил) көрсөтүлөт. Аэропорттордун, аэродромдордун аймагында жарактуу болгон өткөрмөнү берүү жол-жоболоруна карата талаптар авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актылар жана эрежелер менен белгиленет.
21. Адамдарга өткөрмөнү берүү жөнүндө кайрылуу, ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
22. Өткөрмөнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынат:
1) ушул Эрежелердин 18-20-пункттарында каралган маалыматтар толук эмес жана туура эмес берилген учурда;
2) өткөрүү пункту иштеген аймакта өзгөчө же аскердик абалды, контртеррористтик операциянын укуктук режимин киргизүү;
3) улуттук коопсуздук же укук коргоо органдары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сунуштамасы боюнча.
23. Өткөрмөнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымат кайрылуунун демилгечисине кабарланат.
24. Өткөрмө бланктары ушул Эрежелердин тиркемесинде көрсөтүлгөн реквизиттерди милдеттүү түрдө сактоо менен кагаз түрүндө же пластик (магнит) карта түрүндө даярдалат. Пластик (магнит) карта түрүндөгү өткөрмөдө анын ээсинин жеке маалыматтары жазылган электрондук маалыматтар камтылышы мүмкүн.
25. Аэропорттордун же аэродромдордун администрациясы тарабынан берилүүчү өткөрмөлөрдү даярдоо, сактоо, берүү жана эсепке алуу авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга жана эрежелерге ылайык ишке ашырылат.
26. Өткөрмөлөр туруктуу, убактылуу, бир жолку жана транспорт өткөрмөлөрү болуп бөлүнөт.
27. Аэропорттордо же аэродромдордо өткөрмөлөр төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) колдонулган мөөнөтү боюнча - туруктуу, убактылуу, бир жолку;
2) дайындалышы боюнча - жеке, транспорт жана материалдык.
28. Кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмеси менен аталган өткөрмөлөрдү берүү жана тариздөө тартиби транспорттук инфратүзүм объекттеринин чегинде аэропорттун (аэродромдун), темир жол станциясынын (бекетинин) администрациясы, ал эми автомобиль өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар боюнча башкармалыгынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан аныкталат.
29. Туруктуу өткөрмө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырган кызматкерлерге, тейлөө персоналына жана өткөрүү пункттарында дайыма иштеген башка адамдарга берилет. Туруктуу өткөрмөлөр андан ары узартуу (алмаштыруу) менен 1 жылдык мөөнөткө берилет жана төмөнкү реквизиттерди камтыйт: өткөрмөнүн номерин, өткөрмө ээсинин аты-жөнүн жана сүрөтүн, колдонуу мөөнөтүн, өткөрмөнү берген кызмат адамынын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле аталган адамдын конкреттүү иштеген ордун же участогун. Өткөрмөдөгү сүрөт мөөр же башка коргоо каражаттары менен күбөлөндүрүлөт.
30. Убактылуу өткөрмө (1 жылга чейинки мөөнөткө) өткөрүү пункттарында убактылуу иштеген, бирок кызматтык милдеттерине ылайык ал жакка үзгүлтүксүз кирип чыгуусу зарыл болгон адамдарга берилет. Убактылуу өткөрмө жумуш аяктаганга чейин, бирок 1 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет жана төмөнкү реквизиттерди камтыйт: өткөрмөнүн номерин, өткөрмө ээсинин аты-жөнүн, колдонуу мөөнөтүн, өткөрмөнү берген кызмат адамынын аты-жөнүн, кызмат ордун. Өткөрмөнү берген кызмат адамынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
31. Бир жолку өткөрмө берилген адамды мамлекеттик органдардын же өткөрүү пункттарында өз ишин жүргүзгөн уюмдун биринин жооптуу адамы коштогон шартта, бир сутканын ичинде өткөрүү пунктуна бир жолу кирип чыгуу үчүн берилет. Бир жолку өткөрмө төмөнкү реквизиттерди камтыйт: өткөрмөнүн номерин, өткөрмө ээсинин аты-жөнүн, анын ким экендигин күбөлөндүргөн документтеги маалыматтарды, колдонуу мөөнөтүн, өткөрмөнү берген адамдын аты-жөнүн, кызмат ордун. Өткөрмөнү берген кызмат адамынын колу мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
32. Бир жолку өткөрмөнү алуу үчүн өтүнгөн адам жазуу жүзүндө төмөнкүлөргө кайрылат:
1) автомобиль өткөрүү пункттарына - Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара контролунун түзүмдүк бөлүмүнүн тикелей начальнигине;
1) транспорттук инфратүзүм объекттеринин чегинде иштеген өткөрүү пункттарына - аэропорттун (аэродромдун), темир жол станциясынын администрациясына.
33. Транспорт каражаттарына өткөрмө (транспорт өткөрмөлөрү) 1 күндөн 1 жылга чейинки мөөнөткө берилет жана төмөнкү реквизиттерди камтыйт: транспорт каражатынын түрүн, маркасын, моделин, каттоо номерин, менчик ээси жөнүндө маалыматты, колдонуу мөөнөтүн, өткөрмөнү берген адамдын аты-жөнүн, кызмат ордун.
34. Жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүү (алып чыгуу) үчүн өткөрмөлөр (мындан ары - материалдык өткөрмөлөр) транспорт (ташуу) документтерине ылайык таризделет. Материалдык өткөрмө бир жолу берилет жана конкреттүү товарларды бир эле жолу алып кирүү (алып чыгуу) үчүн колдонулат. Материалдык өткөрмө төмөнкү реквизиттерди камтыйт: товардын категориясын (түрүн), өткөрүү пунктунун аймагына алып кирилген товардын салмагын (көлөмүн); товар ташыла турган транспорт каражатынын каттоо номерин; айдоочунун жана товарды коштогон адамдын аты-жөнүн.
35. Колдонуу мөөнөтү аяктаганда же өткөрүү пунктунда болуу үчүн негиздер токтогон учурда туруктуу, убактылуу, бир жолку жана транспорт өткөрмөлөрү милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш.
36. Аэропорттордо/аэродромдордо жайгашкан өткөрүү пункттарында колдонулган туруктуу өткөрмөдөн тышкары, өткөрүү пункттарына кызмат адамдарынын кирүүсү (өтүүсү) үчүн өткөрмөлөр кызматтык күбөлүк же ким экендигин күбөлөндүргөн документ болгон шартта анык болуп саналат жана аларга өткөрүү пунктунун аймагында өз кызматтык милдеттерин аткарган жерлерде гана болууга укук берет.
37. Чек ара контролунун зонасына өтүүгө уруксат өткөрмөдөгү тиешелүү белги коюлган учурда же Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара контролунун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин уруксаты менен гана берилет.
38. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар өткөрүү пункттарына ким экендигин жана кызмат абалын күбөлөндүргөн (ырастаган) документтер боюнча өткөрүлөт.
39. Аэропорттордун (аэродромдордун) чегиндеги өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар авиация коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык өткөрүлөт.
40. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, прокуратура органдарынын, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын жана укук коргоо органдарынын конкреттүү кызматтык тапшырмаларды аткаруу үчүн келген кызмат адамдары кызматтык күбөлүктөр жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин макулдугу менен тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колу коюлган тапшырмалар (жазма буйруктар, командировкалык күбөлүктөр) боюнча өткөрүлөт.
41. Аэропорттордун же аэродромдордун чегиндеги өткөрүү пункттарында кызмат адамдарын өткөрүү ички объекти жана өткөрүү режимдери боюнча талаптарды, авиациялык коопсуздукту, транспорттук инфратүзүм объекттериндеги башка коопсуздук эрежелерин эске алуу менен ишке ашырылат.
42. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн өткөрүү пунктуна келген Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери өткөрүү пунктунун аймагына улуттук коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен актылары менен аныкталган тартипте кызматтык абалын күбөлөндүргөн документтер боюнча киргизилет.
43. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин дипломатиялык почтаны алууга жана өз өлкөсүнүн жарандары (эли) менен жолугушууга келген кызматкерлери эл аралык укук ченемдерине ылайык өткөрүү пунктунун аймагына улуттук дипломатиялык/кызматтык/расмий паспорттор жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген аккредитацияланган карточкалар боюнча өткөрүлөт.
44. Өрттүн, авариялардын, жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү башка өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, ошондой эле жабыркагандарды жана оор абалдагы бейтаптарды эвакуациялоо үчүн келген издөө-куткаруу, тоо аймактарында куткаруу, авариялык-куткаруу жана өрт-куткаруу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, тез медициналык жардам көрсөтүү бригадалары өткөрүү пунктунун аймагына ким экендигин жана (же) кызмат ордун күбөлөндүргөн документтердин негизинде киргизилет.
45. Мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, транспорттук ишканалардын же адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды тариздөө жана тейлөө ишин жүргүзгөн башка уюмдардын кызматкерлеринин өткөрүү пункттарына кирүүсү (келүүсү) мамлекеттик контролдоо органдарынын же башка уюмдардын начальниктери түзүүчү кезмет графигине ылайык ишке ашырылат.
46. Транспорт объекттеринин чегиндеги өткөрүү пункттарында чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарынын токтогон жери жана ал жерде туруу узактыгы аэропорттордун, аэродромдордун, темир жол станцияларынын жана бекеттеринин администрациясы тарабынан аныкталат, ал жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө маалымдалат.
47. Автомобиль өткөрүү пункттарында чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарынын токтогон жери жана токтоо узактыгы Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген технологиялык схемалар менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролду жүргүзгөн кызматкерлердин кызматтык, атайын жана жеке автотранспортунун токтогон жерлери темир жол станциясынын (бекетинин), аэропорттун (аэродромдун) администрациясы, автомобиль өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, мында аларды өткөрүү пункттарынын аймагынын чегинде жайгаштыруу чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана белгиленген режимди сактоого тийиш.
5-глава. Өткөрүү пункттарында режимдин сакталышын контролдоо
49. Өткөрүү пункттарында жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан режимдин сакталышын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара контролунун түзүмдүк бөлүмү, ал эми транспорттук инфратүзүм объекттеринин чегиндеги өткөрүү пункттарында транспорттук инфратүзүм объекттеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн жооптуу кызматтар жана адамдар өз ара аракеттешүү жолу менен контролдошот.
50. Өткөрүү пункттарында режимди камсыз кылууга олуттуу таасир этүүчү кемчиликтерди аныктоо максатында, өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролду жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен жана тиешелүү өткөрүү пункту жайгашкан транспорттук ишкананын администрациясынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт. Комиссия кварталда бир жолудан кем эмес режимдин абалын текшерип турат. Текшерүү материалдары акт менен таризделет жана аныкталган кемчиликтерди жоюу жана өткөрүү пункттарында режимди жакшыртуу боюнча чараларды көрүү үчүн транспорттук инфратүзүм объекттеринин администрациясына, мамлекеттик контролду жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдүн, өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан башка уюмдардын жетекчилерине берилет.
51. Мамлекеттик органдар, ишканалар, уюмдар же мекемелер тарабынан өткөрүү пунктундагы режимдин кемчиликтерин жоюу боюнча чаралар көрүлбөгөн учурда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыкчам чара көрүү жана кемчиликтерди четтетүү үчүн аталган органдардын жетекчилигине билдирүү менен бардык зарыл чараларды көрөт.
6-глава. Өткөрүү пункттарындагы кошумча режимдик чектөөлөр
52. Өткөрүү пункттарында түздөн-түз мамлекеттик контроль жүргүзүлө турган аймак, жай аныкталат.
53. Чек ара жана бажы контролу түздөн-түз жүргүзүлгөн жерлерде кошумча режимдик чектөөлөр киргизилет.
54. Кошумча режимдик чектөөлөр киргизилген жерлерге жана чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттарына кирүүгө уруксат Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара контролунун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин уруксаты менен берилет.
55. Чек ара контролу жүргүзүлгөн жерлерде, транспорттук инфратүзүм объекттеринин чегиндеги өткөрүү пункттарында режимди сактоо максатында, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрмө режимин киргизиши мүмкүн.
56. Өткөрүү пункттарында чек ара, бажы жана башка контролдун түрлөрүнөн өтүүдө Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга кызмат адамдарынын функцияларын аткарууга кандайдыр бир ыкмалар менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
57. Чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттары кеткен (келген) учурда жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү) чек ара контролунун органдарынын уруксаты менен жүргүзүлөт, ал эми жүк, почта, товарлар жана жаныбарлар - чек ара контролунун органдарынын жана бажы органдарынын уруксаты боюнча жүктөлөт (жүктөлүп түшүрүлөт).
58. Чет өлкөгө бара жаткан транспорт каражаттары өткөрүү пунктунун аймагынан чыгып кетүү же аймакка кирүү, ошондой эле токтогон ордун алмаштыруу үчүн кыймылды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чек ара контролунун органдарынын уруксаты менен гана баштай алат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүү пунктунда атайын иш-аракеттерди өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте режимдик чектөөлөр киргизилет, алар:
1) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү токтото туруу же токтотуу;
2) документтерди кайталап текшерүү жана транспорт каражаттарын атайын тинтип кароо;
3) адамдардын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүү пункттарынын өзүнчө жайларында аларды обочо бөлүп кармоо.
7-глава. Өткөрүү пункттарында режимди сактоо боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
60. Өткөрүү пункттарында болгон жеке жана юридикалык жактар өткөрүү пункттарында белгиленген режим эрежелерин сактоого милдеттүү.
61. Эл аралык ташууларга катышкан транспорт уюмдарынын кызматкерлери, анын ичинде тейлөөчү персонал жана транспорт каражаттарынын айдоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) чек ара жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүнөн өтпөгөн адамдардын транспорт каражатына кирүүсүнө, Мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган товарларды жана материалдарды контролсуз транспорт каражатына алып өтүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө;
2) мамлекеттик контролду жүргүзүүчү кызмат адамдарынын талабы боюнча пломба (мөөр) басылган вагондорду, контейнерлерди, автомобилдерди жана транспорт каражаттарынын башка бөлүктөрүн, ошондой эле таңгагы, басылган мөөрү, пломбасы бузулган учурда жана алардын ичине бөтөн адамдар менен алып кирүүгө (алып чыгууга) тыюу салынган буюмдарды бекитүү белгилери байкалган учурда ташылып бара жаткан товарларды, жүктөрдү карап чыгуу (тыкыр текшерүү) үчүн көрсөтүүгө;
3) жүргүнчүлөрдү өткөрүү пунктуна келгендиги жана өтө турган чек ара контролу тууралуу маалымдоого, мамлекеттик контроль жүргүзүлүп жаткан учурда жүргүнчүлөрдүн транспорт каражатында ары-бери басышын чектөөгө, жүргүнчүлөрдүн саны жана жол жүрүүдө өздөрүн шектүү алып жүргөндөр тууралуу чек ара органдарына билдирүүгө;
4) транспорт каражатында депортация болгон жана чет өлкөгө өткөрүлбөгөн адамдардын бар экендиги тууралуу, ошондой эле жол жүрүү учурунда болгон укук бузуулар тууралуу чек ара контролунун түзүмдүк бөлүмүнүн кызмат адамдарына маалымдоого.
62. Өткөрүү пункттарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул Эрежелер менен белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүү пунктундагы аймакка, имаратка, жайларга, курулмаларга жана транспорт каражаттарына кирүүгө;
2) өткөрүү пунктунун аймагында ким экендигин күбөлөндүргөн документтерсиз же өткөрмөсүз болууга, мөөнөтү өтүп кеткен, жараксыз, ошондой эле колдонуу мөөнөтү баштала элек документтер менен кирүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп жаткан адамдардын документтерин текшерүү жүрүп жаткан имараттарга жана кызматтык жайларга кирүүгө, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин уруксаты жок паспорттук контроль жүргүзүлгөн кабиналардын сызыктарынан өтүүгө;
4) тиешелүү коштомо документтерсиз өткөрүү пунктунун аймагынан материалдык баалуулуктарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өтүүгө (алып чыгууга);
5) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү уруксатсыз өткөрүү пунктунун аймагына курал-жарактарды, жардыруучу заттарды жана башка кооптуу жүктөрдү алып кирүүгө (ташып кирүүгө);
6) өткөрүү пунктунун режимдик аймагында жайгашкан кызматтык, чарба жана башка имараттарында жашоого;
7) өткөрүү пункттарында мыйзамсыз чарба жана башка иштерди жүргүзүүгө;
8) өткөрүү пунктуна жеке автотранспорт менен кирүүгө (аталган автотранспортту Кыргыз Республикасынан чыгуу же Кыргыз Республикасына кирүү максатында пайдаланган учурлардан тышкары);
9) Кыргыз Республикасына кирүүчү жана андан чыгуучу адамдарга (транспорт каражаттары менен кошо) чек ара контролу аяктаганга жана товарларды чыгарууга байланышкан бажы операциялары аяктаганга чейин кандайдыр бир буюмдарды берүүгө;
10) өткөрүү пункттарында баңгизаттык жана алкоголдук мас абалда болууга;
11) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын же транспорттук инфратүзүм объекттеринин администрациясынын уруксаты жок сүрөткө жана видеого тартууга;
12) өткөрүү пунктунун аймагы боюнча транспорт каражаты менен уруксаты жок ордунан жылууга, токтогон ордун которууга, жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө, ошондой эле жүктөрдү жүктөөгө жана түшүрүүгө.
63. Өткөрүү пункттарында режимди сактоо маселелери боюнча мамлекеттик контролдоо органдарынын ишин координациялоо төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) өткөрүү пункттарында режимди сактоо - чек ара контролу органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине;
2) бажы контролунун зонасында режимди сактоо - бажы контролу органдарынын жетекчилерине;
3) өндүрүш жана чарба ишин колдоо - өткөрүү пункттарынын администрацияларынын жетекчилерине.
64. Өткөрүү пункттарында режимди бузган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди белгилөө эрежелерине карата тиркеме |
Туруктуу өткөрмөнүн формасы
"____________________________________________" Өткөрмөнү берген органдын аталышы
3x4 сүрөт Ф. _________________________ үчүн А. _________________________ орун А. _________________________
М.О. Өткөрмөнүн мөөнөтү 20___-ж. "___" _________________________ чейин
Начальник _____________________________________ кол тамга 20___-ж. "___" _________________________ берилген күнү | Өткөрмө № _________________ Ушул өткөрмөнү көрсөткөн адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында функционалдык милдеттерине ылайык иш жүргүзүү жана кирип чыгуу укугуна ээ: "_________________________________________________" Өткөрүү пунктунун (пункттарынын) аталышы | |||
Иштеген жери, кызматы | Өткөрүү пунктуна келүүгө уруксат берилген зона | Иштөө убактысы | Ээсинин кол тамгасы | |
|
|
|
| |
Убактылуу өткөрмөнүн формасы | ||||
"____________________________________________" Өткөрмөнү берген органдын аталышы
Ф. _________________________________ А. _________________________________ А. _________________________________
Өткөрмөнүн мөөнөтү 20___-ж. "___" _________________________ чейин
Начальник _____________________________________ кол тамга 20___-ж. "___" _________________________ берилген күнү | Өткөрмө № _________________ Ушул өткөрмөнү көрсөткөн адам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында функционалдык милдеттерине ылайык иш жүргүзүү жана кирип чыгуу укугуна ээ: "_________________________________________________" Өткөрүү пунктунун (пункттарынын) аталышы | |||
Иштеген жери, кызматы | Өткөрүү пунктуна келүүгө уруксат берилген зона | Иштөө убактысы | Ээсинин кол тамгасы | |
|
|
|
| |
Бир жолку өткөрмөнүн формасы |
| Транспорт өткөрмөсүнүн формасы |
"_______________________________________________" Өткөрмөнү берген түзүмдүк бөлүмдүн аталышы
Өткөрмө № __________________
Ф. ________________________________________________ А. ________________________________________________ А. ________________________________________________ Паспорттун сериясы_______________ № _______________ Өткөрмө "___" ________________________ берилген жана ___________________________________коштоп жүрүүсүндө (ээлеген кызматы, аты-жөнү) Өткөрүү пунктуна бир жолу келүү үчүн жарактуу
Контролдоо-өткөрүү пунктунун (нөөмөт) начальниги М.О. ___________________________ кол тамга
20___-ж. "___" _________________________ |
| "_______________________________________________" Өткөрмөнү берген түзүмдүк бөлүмдүн аталышы
Транспорт өткөрмөсү № ____________
Т/к түрү ___________________________________________ (жеңил, жүк, жүргүнчү ташуучу, атайын) Маркасы ____________________________________________ Модели ___________________________________________ Мамлекеттик каттоо номери ____________ Менчиги (ишкана) _________________________ Өткөрмө "___" ________________________ чейин жарактуу
Контролдоо-өткөрүү пунктунун (нөөмөт) начальниги М.О. ___________________________ кол тамгасы
20___-ж. "___" _________________________ |
Эскертүү: туруктуу жана убактылуу өткөрмөнүн өлчөмдөрү ачылган түрдө: 7x16 см, бир жолку өткөрмөнүн жана транспорт өткөрмөсүнүн өлчөмү: 7x10.