Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук дараметти жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну камсыздоо, эсепке алынган датаны аныктоо, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын жана товарлардын көзөмөлдө болушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (6-2-тиркеме);";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 62-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер, 2-тиркемеге ылайык.";
2) 3-пунктунун экинчи абзацы "Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол")," деген сөздөрдөн кийин "Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы)," деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
- 1-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы "Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка-автожол")," деген сөздөрдөн кийин "Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы)," деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү импорттоочунун/жүк ташуучунун автомобилдик транспорт каражаты менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогундагы автожол контролдук-өткөрүү пункту аркылуу өтүүдө импорттоочу/жүк ташуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын маалым катын тиркөө менен товар коштоочу документтерин көрсөтөт.";
- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын:
"311. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы товар коштоочу документтерди, транспорт каражатынын техникалык паспортун, импорттоочунун/ташуучунун паспортун сканерден өткөрөт, маалыматтык системага сканерленген версияларды киргизет жана маалыматты реалдуу убакыт режиминде убактылуу/стационардык пунктка өткөрүп берет.";
- 4-главасынын аталышы, 32-40-пункттары "убактылуу" деген сөздөн кийин "/стационардык" деген сөз менен толукталсын;
- 32-пунктундагы "Стационардык пункт ишке киргизилгенге чейинки убактылуу" деген сөздөр "Убактылуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:
"321. Импорттоочу/жүк ташуучу мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин убактылуу/стационардык пунктка барат, ал жерде ташып келаткан товарын эсепке алуу, иш жүзүндө көрсөтүп жаткан товар коштоочу документтеги маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы), республиканын аймагына товарларды ташып келүүгө негиз болгон маалыматтар жана салмак-габариттик контролдоо пунктунан алынган маалымат менен салыштыруу жүргүзүлөт";
- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы карап көрүүсү үчүн автотранспорт каражатын ачуу, автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланган болсо пломбасын ачуу;";
- 34-пунктунда:
- 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы "товарлар боюнча" деген сөздөрдөн кийин "электрондук" деген сөз менен толукталсын;
- 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы "товарлар боюнча" деген сөздөрдөн кийин "электрондук" деген сөз менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын:
"21) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн контролдоо максатында транспорт каражаттарын кароо, эгерде автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланса, зарыл болгон учурда кароо үчүн пломбасын ачуу;";
- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:
"371. "Маймак" темир жол станциясынын аймагына товарларды импорттоону (ташып келүүнү) ишке ашыруучу салык төлөөчүлөр "Маймак" темир жол станциясынын товарларды эсепке алуу пунктунда импорттолуучу жүктөргө документтерди эсепке алууга жана каттоого милдеттүү. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксаты менен салык төлөөчүгө жүктөрдү берүү боюнча иш-аракеттерди жасоого тийиш. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксатысыз жүктү бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.";
- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Төмөнкү фактылар аныкталган учурда:
- импорттоочуда/ташуучуда эл аралык транспорттук коштомо кагаз (СМК) же тиешелүү коштоочу кагаз, транзиттик декларация, "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн" деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалым кат же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган документтер болбосо;
- салык кызматынын маалыматтык системасында өткөн мезгилде ушул автотранспорт каражаты менен акыркы постто (токтобой өтүү менен) документтерди тариздебей коштомо кагазы жок чек арадан өтүү фактысы болбосо, ал башка ыйгарым укуктуу органдардын автоматташтырылган контролундагы маалыматтар менен салыштыруу жолу аркылуу ачыкка чыкса;
- товар коштоочу документтеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы) жана салмак габариттик контролдоо пунктунан алынган маалыматтар менен шайкеш келбесе;
- коштоочу кагаздагы көрсөткүчтөр импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчүнө шайкеш келбесе;
- товарды импорттоочуда жана/же ташуучуда товар коштоочу документ болбосо;
убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого милдеттүү:
а) тийиштүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына бул туурасында дароо маалымдоого;
б) ушул Тартипке ылайык маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазууга (7-тиркеме);
в) убактылуу/стационардык пункт аркылуу маалымат берүү мүмкүн болбогон шарттарда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-нөөмөттүк кызматтардын жана/же ички иштер органынын линиясы аркылуу тийиштүү мобилдик топко маалымдоого;
г) мында убактылуу/стационардык пункттун кызматкери транспорт каражатын кароону жүргүзбөйт;
д) тийиштүү мобилдик топтун кызмат адамына маалымдагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына товарды (жүктү) өткөрөт.";
- 5-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 53-пунктундагы "жана/же 48" деген сөздөр алып салынсын, ошондой эле "пункттарында" деген сөз "пунктунда" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын:
"55. Тийиштүү мобилдик топ төмөнкүлөргө укуктуу:
- жүктү убактылуу сактоочу кампаларга же сактоо үчүн дайындалган башка жерлерге чейин коштоп барууга;
- товардын иш жүзүндөгү көлөмүн, анын таандыктыгын контролдоого жана аныктоого, иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын жүк коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө, салыштырып кароо үчүн пломбаларды ачууга.";
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген (2-тиркемедеги) Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Контролдоо пунктунун аталышы | Пункттардын жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
Транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | Маймак | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибине 1-тиркеме |
КОШТОМО КАГАЗ (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) колдонулат)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
|
| 3-тиркеме |
|
| "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүдө товарларды эсепке алуу тартибине 3-тиркеме |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден консолидацияланган жүктү алуучулардын РЕЕСТРИ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМК, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ЧЕНЕМДЕР
№ | ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Адамдын товар алып келүү эселүүлүгү (мезгил) |
1 | 01 | Бодо мал | баш | 3 | Айдын ичинде |
2 |
| Кой-эчки | баш | 5 | Айдын ичинде |
3 |
| Жылкы | баш | 3 | Айдын ичинде |
4 |
| Башка тирүү жаныбарлар | баш | 10 | Айдын ичинде |
5 | 02 | Бодо малдын эти | кг | 11 | Айдын ичинде |
6 |
| Кой-эчкинин эти | кг | 11 | Айдын ичинде |
7 |
| Канаттуулардын эти | кг | 11 | Айдын ичинде |
8 |
| Башка эт жана тамак-аштык эт субазыктары | кг | 11 | Айдын ичинде |
9 |
| Тирүү балык | кг | 5 | Айдын ичинде |
10 |
| Тоңдурулган балык | кг | 5 | Айдын ичинде |
11 |
| Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар | кг | 5 | Айдын ичинде |
12 | 04 | Сүт азыктары | литр | 20 | Суткасына 1 жолу |
13 |
| Акмай | кг | 1 | Суткасына 1 жолу |
14 |
| Сыр жана быштак | кг | 3 | Суткасына 1 жолу |
15 |
| Жумуртка | даана | 45 | Айдын ичинде |
16 |
| Накта бал | кг | 10 | Айдын ичинде |
17 |
| Малдан алынуучу башка тамак-аш азыктары | кг | 20 | Суткасына 1 жолу |
18 | 07 | Картошка | кг | 50 | Айдын ичинде |
19 |
| Томаттар | кг | 50 | Айдын ичинде |
20 |
| Пияз | кг | 50 | Айдын ичинде |
21 |
| Капуста | кг | 50 | Айдын ичинде |
22 |
| Сабиз | кг | 50 | Айдын ичинде |
23 |
| Бадыраң | кг | 50 | Айдын ичинде |
24 |
| Буурчак жашылчалары | кг | 50 | Айдын ичинде |
25 |
| Башка жашылчалар жана айрым желүүчү тамыры жемиш жана тамыры мөмө байлоочу өсүмдүктөр | кг | 50 | Айдын ичинде |
26 | 08 | Жаңгактар | кг | 25 | Айдын ичинде |
27 |
| Банандар | кг | 25 | Айдын ичинде |
28 |
| Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго | кг | 25 | Айдын ичинде |
29 |
| Цитрус мөмөлөрү | кг | 25 | Айдын ичинде |
30 |
| Жүзүм | кг | 25 | Айдын ичинде |
31 |
| Коон, дарбыз | кг | 50 | Айдын ичинде |
32 |
| Алма, алмурут жана айва | кг | 25 | Айдын ичинде |
33 |
| Кызыл өрүк, алча жана чие, шабдаалы, кара өрүк | кг | 25 | Айдын ичинде |
34 |
| Башка жемиштер, желүүчү жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы | кг | 25 | Айдын ичинде |
35 | 09 | Кофе | кг | 10 | Айдын ичинде |
36 |
| Чай | кг | 10 | Айдын ичинде |
37 |
| Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы жана ташмалдар | кг | 10 | Айдын ичинде |
38 | 10 | Буудай | кг | 300 | Айдын ичинде |
39 |
| Кара буудай | кг | 300 | Айдын ичинде |
40 |
| Арпа | кг | 300 | Айдын ичинде |
41 |
| Сулу | кг | 300 | Айдын ичинде |
42 |
| Жүгөрү | кг | 300 | Айдын ичинде |
43 |
| Күрүч | кг | 100 | Айдын ичинде |
44 |
| Башка дандар | кг | 300 | Айдын ичинде |
45 | 11 | Ун | кг | 50 | Айдын ичинде |
46 |
| Угут | кг | 100 | Айдын ичинде |
47 |
| Крахмал | кг | 50 | Айдын ичинде |
48 |
| Ун-акшак өнөр жайынын башка азыктары | кг | 50 | Айдын ичинде |
49 | 15 | Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар | кг | 30 | Айдын ичинде |
50 |
| Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар | кг | 30 | Айдын ичинде |
51 | 16 | Колбасалар | кг | 20 | Айдын ичинде |
52 |
| Эт субазыктары | кг | 20 | Айдын ичинде |
53 |
| Даяр же консерваланган балык | кг | 20 | Айдын ичинде |
54 |
| Эттен, балыктан жасалган башка даяр азыктар | кг | 20 | Айдын ичинде |
55 | 17 | Кант | кг | 50 | Айдын ичинде |
56 |
| Кондитер азыктары | кг | 7 | Айдын ичинде |
57 |
| Канттан жасалган башка азыктар | кг | 7 | Айдын ичинде |
58 | 19 | Ундан жасалган даяр тамак-аш азыктары | кг | 50 | Айдын ичинде |
59 |
| Макарон азыктары | кг | 50 | Айдын ичинде |
60 |
| Нан, ундан жасалган кондитер азыктары | кг | 50 | Айына 1 жолу |
61 |
| Ундан жасалган башка кондитер азыктары | кг | 20 | Айына 1 жолу |
62 | 22 | Минералдуу жана газдалган суулар | литр | 20 | Айдын ичинде |
63 |
| Угуттуу пиво | литр | 20 | Айдын ичинде |
64 |
| Жүзүм шарабы | литр | 10 | Айдын ичинде |
65 |
| Спирт ичимдиктери | литр | 10 | Айдын ичинде |
66 |
| Этил спирти | литр | 10 | Айдын ичинде |
67 |
| Уксус | литр | 10 | Айдын ичинде |
68 |
| Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар | литр | 20 | Айдын ичинде |
69 | 24 | Тамеки сырьесу | кг | 10 | Айдын ичинде |
70 |
| Башка тамеки жана тамекини өнөр жайлык алмаштыруучулар | кг | 10 | Айдын ичинде |
71 | 25 | Туз | кг | 20 | Айдын ичинде |
72 |
| Мрамор, травертин | кг | 200 | Айдын ичинде |
73 |
| Гранит | кг | 200 | Айдын ичинде |
74 |
| Майда таш, шагыл, кырдуу шагыл же майдаланган таш | кг | 2000 | Айдын ичинде |
75 |
| Гипс | кг | 300 | Айдын ичинде |
76 |
| Акиташ | кг | 300 | Айдын ичинде |
77 |
| Портландцемент, цемент | кг | 200 | Айдын ичинде |
78 |
| Цемент | кг | 200 | Айдын ичинде |
79 |
| Асбест | кг | 300 | Айдын ичинде |
80 |
| Башка топурак жана таш, шыбак материалдары | кг | 500 | Айдын ичинде |
81 | 27 | Таш көмүр, брикеттер | кг | 2000 | Айдын ичинде |
82 |
| Кокс | кг | 2000 | Айдын ичинде |
83 |
| Автомобиль бензини | литр | Бак + 20 л. (канистр) | Суткасына 1 жолу |
84 |
| Дизель отуну | литр | Бак + 20 л. (канистр) | Суткасына 1 жолу |
85 |
| Мотор майлары | литр | 10 | Кварталына 1 жолу |
86 |
| Башка отундар | литр | Бак + 20 л. (канистр) | Суткасына 1 жолу |
87 | 30 | Дары каражаттары | даана | Эки аталышта, ар биринен 10 даанадан ашык эмес | Суткасына 1 жолу |
88 |
| Башка фармацевт продукциясы | даана | Эки аталышта, ар биринен 10 даанадан ашык эмес | Күнүнө 1 жолу |
89 | 31 | Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер | кг | 1000 | Айдын ичинде |
90 |
| Башка жер семирткичтер | кг | 1000 | Айдын ичинде |
91 | 32 | Сырлар жана лактар; шпатлевка, мастика | литр | 30 | Жылдын ичинде |
92 |
| Башка боёчу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь | литр | 20 | Жылдын ичинде |
93 | 33 | Атыр | таңгак | Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес | Айдын ичинде |
94 |
| Атырлуу суу | таңгак | Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес | Айдын ичинде |
95 |
| Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары | таңгак | Эки аталышта, ар бири 3төн ашык эмес | Айдын ичинде |
96 | 34 | Самын | таңгак | 20 | Айдын ичинде |
97 |
| Башка жуучу каражаттар, беттик-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана ага окшош буюмдар, жабыштыруу үчүн пасталар, пластилин, "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгердин гипстин негизиндеги курамдары | кг | 20 | Айдын ичинде |
98 | 36 | Фейерверктер | даана | 20 | Жылдын ичинде |
99 |
| Башка пиротехникалык буюмдар | даана | 20 | Жылдын ичинде |
100 | 39 | Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын пластмассадан жасалган фитингдери | даана | 50 | Айдын ичинде |
101 |
| Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган | даана | 2 | Айдын ичинде |
102 |
| Пластмассадан жасалган ашкана идиштери | даана | 30 | Айдын ичинде |
103 |
| Пластмассадан жасалган башка буюмдар | даана | 30 | Айдын ичинде |
104 | 40 | Жаңы резина шиналары жана покрышкалары | даана | 4 | Квартал ичинде |
105 |
| Мурда колдонулган резина шиналары жана покрышкалары | даана | 4 | Квартал ичинде |
106 |
| Резина камералары | даана | 8 | Айдын ичинде |
107 |
| Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар | даана | 5 | Айдын ичинде |
108 | 41 | Бодо малдын иштетилбеген терилери | даана | 5 | Квартал ичинде |
109 |
| Кой-эчкинин иштетилбеген терилери | даана | 5 | Квартал ичинде |
110 |
| Ийленген булгаары | даана | 2 | Айдын ичинде |
111 |
| Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары | даана | 5 | Квартал ичинде |
112 | 42 | Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары | даана | 2 | Айдын ичинде |
113 |
| Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары) | даана | 3 | Айдын ичинде |
114 | 44 | Иштетилбеген жыгач материалдары | м3 | 10 | Жылдын ичинде |
115 |
| Тактайлар | м3 | 10 | Жылдын ичинде |
116 |
| Желимделген фанера | м3 | 10 | Жылдын ичинде |
117 |
| Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү | м3 | 10 | Жылдын ичинде |
118 | 46 | Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар | даана | 10 | Жылдын ичинде |
119 |
| Башка токулган буюмдар | даана | 10 | Жылдын ичинде |
120 | 47 | Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон | м3 | 5 | Жылдын ичинде |
121 | 48 | Кагаз жана картон; кагаз массасынан, кагаздан же картондон буюмдар | даана/к г | 10 же 50 | Жылдын ичинде |
122 | 49 | Басма китептери, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары | даана | 10 | Суткасына 1 жолу |
123 |
| Башка басма продукциясы | даана/кг | 10 же 50 | Суткасына 1 жолу |
124 | 50 | Жибек | кг/метр | 20 | Айдын ичинде |
125 |
| Жибектен жасалган башка буюмдар | кг/метр | 20 | Айдын ичинде |
126 | 51 | Жүн | кг | 20 | Айдын ичинде |
127 |
| Жүн жиптен жасалган кездемелер | кг/метр | 10 | Айдын ичинде |
128 | 52 | Кебез | кг | 20 | Айдын ичинде |
129 |
| Кебезден жасалган башка буюмдар | даана | 10 | Айдын ичинде |
130 | 55 | Синтетика булаларынан жасалган кездемелер | кг/метр | 10 | Айдын ичинде |
131 |
| Химиялык буладан жасалган башка буюмдар | даана | 10 | Айдын ичинде |
132 | 57 | Килемдер | даана | 2 | Айдын ичинде |
133 |
| Башка килемдер жана полго салынуучу текстиль жабуулары | даана | 2 | Айдын ичинде |
134 | 59 | Линолеум | метр | 10 | Суткасына 1 жолу |
135 |
| Башка текстиль материалдары | метр | 10 | Айдын ичинде |
136 | 61 | Пальто, кыска пальто, жамынма, плащтар, күрмөлөр, ветровкалар, штормовкалар | даана | 2 | Айдын ичинде |
137 |
| Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор | даана | 2 |
|
138 |
| Көйнөктөр | даана | 10 | Айдын ичинде |
139 |
| Блузкалар, блузалар | даана | 10 | Айдын ичинде |
140 |
| Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар | даана | 10 | Айдын ичинде |
141 |
| Майкалар, жеңдүү фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалар | даана | 10 | Айдын ичинде |
142 |
| Свитерлер, пуловерлер, кардигаңдар, жилеттер | даана | 5 | Айдын ичинде |
143 |
| Балдар кийими | даана | 5 | Айдын ичинде |
144 |
| Спорттук костюмдар | даана | 5 | Айдын ичинде |
145 |
| Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар | даана | 10 | Айдын ичинде |
146 |
| Мээлейлер, кол каптар | даана | 5 | Айдын ичинде |
147 |
| Башка кийим предметтери | даана | 5 | Айдын ичинде |
148 | 63 | Жууркандар жана пледдер | даана | 5 | Айдын ичинде |
149 |
| Ич кийим | даана | 5 | Айдын ичинде |
150 |
| Көшөгө | даана | 5 | Айдын ичинде |
151 |
| Брезенттер; чатырлар | даана | 2 | Айдын ичинде |
152 |
| Башка даяр текстиль буюмдары | даана | 5 | Айдын ичинде |
153 | 64 | Бут кийим | даана | 10 | Айдын ичиңде |
154 |
| Башка бут кийим | даана | 10 | Айдын ичинде |
155 | 65 | Шляпалар | даана | 3 | Айдын ичинде |
156 |
| Башка баш кийимдер жана алардын бөлүктөрү | даана | 3 | Айдын ичинде |
157 | 66 | Кол чатырлар | даана | 5 | Айдын ичинде |
158 |
| Күндөн коргоочу башка кол чатырлар, тросттор, тросттор-отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 | Айдын ичинде |
159 | 68 | Брусчатка, бордюр таштары жана плиталар | даана | 200 | Айдын ичинде |
160 |
| Иштетилген таш | даана | 200 | Айдын ичинде |
161 |
| Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар | даана | 200 | Айдын ичиңде |
162 |
| Таштан, гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ушуларга окшош материалдардан жасалган башка буюмдар | даана | 100 | Айдын ичинде |
163 | 69 | Бышкан кыштар, блоктор, плиткалар | даана | 500 | Айдын ичинде |
164 |
| Отко чыдамдуу бышкан кыштар | даана | 500 | Айдын ичинде |
165 |
| Башка керамика буюмдары | даана | 5 | Айдын ичинде |
166 | 70 | Айнек тактасы | даана | 10 | Айдын ичинде |
167 |
| Айнек күзгүлөр | даана | 5 | Айдын ичинде |
168 |
| Ашкана идиши | даана/компл. | 20/3 | Айдын ичинде |
169 |
| Айнектен башка буюмдар жана алардан жасалган буюмдар | даана/компл. | 20/3 | Айдын ичинде |
170 | 71 | Табигый же жасалма бермет, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу металлдар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар | даана | 10 | Айдын ичинде |
171 |
| Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар | даана | 10 | Айдын ичинде |
172 | 72 | Кара металлдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
173 |
| Башка кара металлдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
174 | 73 | Кара металлдардан жасалган буюмдар | даана | 500 | Айдын ичинде |
175 |
| Кара металлдардан жасалган башка буюмдар | даана | 500 | Айдын ичинде |
176 | 74 | Жез жана андан жасалган буюмдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
177 |
| Башка жез жана андан жасалган буюмдар | даана | 500 | Айдын ичинде |
178 | 76 | Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
179 |
| Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
180 | 78 | Коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
181 |
| Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 500 | Айдын ичинде |
182 | 82 | Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, шаймандар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган алардын бөлүктөрү | даана | 50 | Айдын ичинде |
183 | 83 | Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган башка буюмдар | даана | 10 | Айдын ичинде |
184 | 84 | От казандар | даана | 2 | Айдын ичинде |
185 |
| Насостор | даана | 2 | Айдын ичинде |
186 |
| Машиналар, жабдуулар жана станоктор | даана | 2 | Айдын ичинде |
187 |
| Аспаптар | даана | 10 | Айдын ичинде |
188 |
| Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр | даана | 2 | Айдын ичинде |
189 | 85 | Кыймылдаткычтар | даана | 2 | Айдын ичинде |
190 |
| Трансформаторлор | даана | 2 | Айдын ичинде |
191 |
| Аккумуляторлор | даана | 3 | Айдын ичинде |
192 |
| Башка электр | даана | 2 | Айдын ичинде |
201 | 94 | Эмерек | даана | 2 | Айдын ичинде |
202 |
| Матрац үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушул сыяктуу эмерек буюмдары | даана | 10 | Айдын ичинде |
203 |
| Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү | даана | 2 | Айдын ичинде |
204 | 95 | Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь, алардын бөлүктөрү жана тетиктери | даана | 10 | Айдын ичинде |
205 | 97 | Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат | даана | 5 | Айдын ичинде |
Эскертүү:
Ушул Тизме төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;
2) ишкердик максаттарда колдонулуучу товарларга.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук дараметти жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну камсыздоо, эсепке алынган датаны аныктоо, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын жана товарлардын көзөмөлдө болушун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (6-2-тиркеме);";
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 62-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын ТИЗМЕГИ
№ | Контролдоо пунктунун аталышы | Пункттардын жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
Транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | Маймак | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |