КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 554
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын илим жаатындагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун уставында:
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун уставында:
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Институттун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бир адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Институттун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси Институттун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Институттун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун уставында:
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. УХБ директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам УХБ директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси УХБ директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну УХБ директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 228 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун уставында:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. ЖХОТИИнин директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам ЖХОТИИнин директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси ЖХОТИИнин директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну ЖХОТИИнин директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставында:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ''Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставында:
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. "ААМ" ИӨБ директору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам "ААМ" ИӨБ директору кызматына катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси "ААМ" ИӨБ директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну "ААМ" ИӨБ директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставында:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборун кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гемотология борборунун уставында:
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Хирургиялык реконструктивдөө-калыбына келтирүү илимий борборунун уставында:
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Борбордун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Борбордун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Борбордун директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткарууну Борбордун директорунун орун басарына үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт.".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун уставында:
- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Институттун директору кызмат ордуна саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 70 жаш курактан ашпаган, тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адистердин ичинен 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Тиешелүү багыттагы илимдин доктору окумуштуу даражасы бар адис жок учурда тиешелүү багыттагы илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
Бир эле адам Институттун директору кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындала албайт.";
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-декабрындагы № 99 (3171) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |