Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 16
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешов, М.Э.Мавлянова жана башкалар тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абдылгазиев |
|
|
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешов, М.Э.Мавлянова жана башкалар тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Долбоордун 1-беренесинин бешинчи абзацында Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесин 9-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык кызматтык турак жайлар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун кезек тартибинде кызматтык турак жайларын алган жактарга жеке менчикке сатуу жолу аркылуу менчиктештирилет.
Ошол эле учурда Турак жай кодексинин 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кызматтык турак жайларды менчиктештирүү аталган Кодекстин 8-главасында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Бирок аталган Кодекстин 8-главасы долбоор менен көрсөтүлгөн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун кезек тартибин аныктоо механизмин караган эмес.
Ушундан улам укук колдонуу практикасында кемчиликтерди болтурбоо үчүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун кезек тартибин аныктоо механизмин жана тартибин караштыруу керек.
Мындан тышкары, долбоордун 1-беренесинин жетинчи абзацында Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесин 10-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык кызматтык турак жайлар өзгөчө эмгеги үчүн кызматтык турак жай алган жактарга жеке менчикке сатуу жолу аркылуу менчиктештирилет.
"Өзгөчө эмгеги үчүн" туюндурмасы коррупциогендүү факторду түзөт жана субъекттерге так, мыйзам аркылуу бекитилген критерийлерди жетекчиликке албай, тигил же бул кырдаалды өзү каалагандай чечмелөөгө жол берет.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда кызматтык турак жайларды жеке менчикке сатуу жолу аркылуу менчиктештирүүгө мүмкүн болгон өзгөчө эмгектердин толук тизмесин аныктоону сунуштайбыз.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, аталган мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Каралып жаткан мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда кайрадан карала турган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдыруу керек.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын талдоонун жыйынтыгы боюнча аталган долбоорду кабыл алууга байланыштуу кайрадан каралып чыгууга тийиш чечимдер аныкталбаса, сунушталган мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу керек.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле, ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат.
Ушундан улам аталган Мыйзамдын талаптарын сактоо максатында мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катын коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен толуктоо зарыл.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен аталган долбоорду кабыл алуу максатка ылайык келет деп эсептейт.