Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-марты № 143
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 333-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 46-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 336-1-берене менен толукталсын:
"336-1-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу
Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтому апелляциялык тартипте тараптар тарабынан даттанылышы мүмкүн.
Бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна даттануу ал чыгарылган күндөн тартып беш күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш ушул Кодекстин 44-главасында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө;
2) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу тууралуу иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;
3) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу тууралуу иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү кыскартуу тууралуу.
Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча чечим аныктама түрүндө чыгарылат.
Апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө дароо кирет жана даттанууга жатпайт.
Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсү беш күндүн ичинде бузуу жөнүндө иш боюнча тараптарга жөнөтүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти