Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-ноябры № 550
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2022-жылдын 1-августундагы № 434 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле 2017-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (№ 0552-KGZ-(SF) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу"Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин иштөөсү үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында жай берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык )
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин ишин каржылоону тиешелүү жылга карата бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-ноябрындагы № 96 (3168) жарыяланды
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |
|
2-тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маянасынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Кызматтык маянанын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Аткаруучу директор | 23000 |
2 | Эмгек рыногу боюнча адис | 22000 |
3 | Окутуу боюнча адис | 22000 |
4 | Каржылоо боюнча адис | 22000 |
5 | Бишкек шаары боюнча координатор | 18000 |
6 | Баткен облусу боюнча координатор | 18000 |
7 | Жалал-Абад облусу боюнча координатор | 18000 |
8 | Ысык-Көл облусу боюнча координатор | 18000 |
9 | Нарын облусу боюнча координатор | 18000 |
10 | Ош облусу боюнча координатор | 18000 |
11 | Талас облусу боюнча координатор | 18000 |
12 | Чүй облусу боюнча координатор | 18000 |
Эскертүү:
1) ушул тиркеменин 1-4-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо 2022-жылдын 31-декабрына чейин Азия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жана андан ары 2023-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;
2) ушул тиркеменин 5-12-позицияларында каралган кызматкерлердин эмгек акысын каржылоо 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.".