Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 550 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2023-жылдын 29-майындагы № 278 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси (мындан ары - Фонд) мекеме укуктук формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жак статусуна ээ. Фонд юридикалык жак статусуна, ошондой эле ал мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз ишин жүзөгө ашыруу боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот жана сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
2. Фонддун негизги максаты экономика тармактарын иш берүүчүлөрдүн заказына ылайык окутулган, жеке изденүүчүлөрдүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (ДМЧА) жана калктын башка социалдык жактан аялуу катмарынын арасынан квалификациялуу суроо-талапка ээ кадрлар менен камсыздоо боюнча эмгек рыногунун керектөөлөрүнө туруктуу жана оперативдүү чара көрүүнү колдоо болуп саналат.
3. Фонддун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат. Фонд чектелбеген мөөнөткө түзүлөт.
5. Фонддун иш кагаздары мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
6. Фонддун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемеси";
- расмий тилде: "Учреждение "Фонд развития навыков" при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
7. Фонддун кыскартылган аталышы:
- кыргыз тилинде: "КӨФ";
- орус тилинде: "ФРН".
8. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 22.
2. Фонддун милдеттери жана функциялары
9. Фонддун ишинин милдеттери иш берүүчүлөрдүн жана калктын керектөөлөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы заманбап тенденцияларды эске алуу менен суроо-талапка ээ адистиктер боюнча кызматкерлерди жана адистерди кесиптик жана жарандык кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу аркылуу даярдоону (кайра даярдоону), квалификациясын жогорулатууну уюштуруу болуп саналат.
10. Фонддун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) социалдык мобилизациялоону, окуу жайлары жана буга кызыкдар болгон башка тараптар менен биргелешип пландоону жана биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү үчүн окутуу, маалыматтык жардам көрсөтүү жана потенциалды өнүктүрүүнүн башка формаларын көрсөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
3) билим берүү чөйрөсүндө консалтингдик жана эксперттик кызматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте көрсөтүү;
4) өлкөнүн жарандарына кесип тандоо жана ар кандай кесиптик курстарды издөө маселелери боюнча маалыматтык жана консультациялык кызматтарды жана башка жардамдарды көрсөтүү.
Фонд өзүнүн функцияларын аткарууда төмөнкү принциптерди бекем сактайт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачык-айкындуулук, тартуу, өнөктөштүк, натыйжалуулук жана социалдык аң-сезим.
3. Фонддун укуктары жана милдеттери
11. Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз алдынча баланска, өзүнүн толук аталышы жазылган тегерек мөөргө жана бурчтуу штампка, банкта алыш-бериш жана башка эсептерге ээ болууга;
2) сотто доогер жана жоопкер болууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттер, башка юридикалык жана жеке жактар менен жарандык-укуктук келишимдердин бардык түрлөрүн түзүүгө;
4) негизги каражаттарды сатып алууга;
5) документтерге жана башка техникалык маалыматтарга жана пайдалануу укугуна ээ болууга жана берүүгө;
6) кызматкерлерди ишке кабыл алууга жана иштен бошотууга, эмгек мыйзамдарына ылайык алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоого.
Фонд Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карты келбеген башка укуктарды да жүзөгө ашыра алат.
12. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйруктары менен бекитилүүчү Фонддун ички Жобосун, Операциялык колдонмосун жана Фонддун ишине байланышкан башка документтерди жетекчиликке алууга;
2) Фонд катышуучу болуп саналган кол коюлган макулдашуулар жана келишимдер боюнча милдеттенмелерди сактоого.
4. Фонддун башкаруу органдары
13. Фонддун башкаруу органдары:
1) тейлөөчү органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) эсептелет;
2) жумушчу органы болуп Фонддун Тандоо комитети саналат;
3) башкаруунун аткаруу органы болуп Катчылык эсептелет, Фонддун региондук кызматкерлери да отчет берген директор жетектейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тейлөөчү орган
14. Фонддун уюмдаштыруучусунун атынан Фондду тейлөөчү орган болуп саналган Министрлик министр, Фондду тейлөөчү министрдин орун басары жана Министрликтин тиешелүү башкармалыгы/бөлүмү аркылуу Фонддун уюштуруу жана функциялык ишине катышат.
15. Тейлөөчү орган
1) ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Фонддун ишине тиешелүү юридикалык документтерге ылайык Фонддун ишине багыт берет жана контролдойт;
2) Фонддун жумушчу пландарын жана бюджетин, аларга өзгөртүүлөрдү, Фонддун кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторун, атайын изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду жана башка коштоочу документтерди бекитет.
16. Фондду тейлөөчү орган ошондой эле Фонддун жетишкен натыйжалары, көрсөткүчтөрү жана ишинин индикаторлору үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Тандоо комитети
17. Фонддун жумушчу органы болуп саналган Тандоо комитети Министрликтин тиешелүү буйругу менен түзүлөт жана бекитилет.
18. Тандоо комитети 5 адамдан - макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана тармактык ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турат.
19. Фонддун Тандоо комитетинин төрагасы болуп Министрликтин өкүлү эсептелет.
20. Фонддун Тандоо комитетинин жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт, аларда:
1) Фонддун Катчылыгы тарабынан сунушталган квалификациялык тандоодон өткөн окуу жайлар жана курстар каралат, макулдашылат жана протокол менен бекитилет;
2) адистиктер, региондор, мөөнөттөр жана республиканын окуу жайлары боюнча окутууга комплекттелген топтор бекитилет;
3) өзүнүн компетенциясынын чегинде Фонддун башка жумушчу маселелери макулдашылат жана бекитилет.
7. Директор
(Бөлүмдүн аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Фондду Директор жетектейт, ал кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Фонддун директору:
1) Фондго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Фонддун атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
3) Фонддун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
4) Фонддун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
5) иштеги жетишкендиктери жана демилге көрсөткөндүгү үчүн Фонддун кызматкерлерин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоого сунуштайт;
6) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине Фонддун бюджетин, чыгымдар сметасын, иш планын жана отчетторун бекитүүгө берет;
7) Фонддун каражаттарын белгиленген тартипте тескейт жана мүлкүн башкарат;
8) Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
9) Фонддун ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 278 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фонддун мүлкү жана каражаттары
23. Фонддун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) Фондго берилген мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
2) гранттар, кредиттер аркылуу түшүүчү каражаттардын;
3) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана донорлордун, ошондой эле айрым жарандардын ыктыярдуу которууларынын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын.
24. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Фонд мүлккө ээ.
25. Фонддун каражаттары бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат.
26. Фонддун финансылык жана операциялык жылы жыл сайын 1-январда башталат жана 31-декабрда аяктайт. Жылына бир жолу финансылык/операциялык жыл аяктагандан кийин Фонд өзүнүн финансылык ресурстарына жана ишине аудит жүргүзөт.
9. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
27. Фондду кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Фонддун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
29. Фонддун ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.".