Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 28-июлу № 401
"Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 9-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр "ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 18-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 32-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык граждандык, укуктук, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
31-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө кодекстерине ылайык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөр "тартипте, административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу сотко кайрылууга, ал эми жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьясынын 1-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынышы мүмкүн.
Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык Мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынышы мүмкүн.
2) 28-статьясынын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 38-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 39-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 40-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-статьясынын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
5-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
11-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|