Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-июлу № 404
"2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 404 токтому менен жактырылган |
2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протокол кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 518-б буйругу менен жактырылган жана ага 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган.
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун № 2 тиркемесине ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы № 68 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын Кыргыз Республикасы колдоно турган товарлардын жана ставкалардын тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилген.
Тизмеге агроөнөр жай секторунун продукциясынын, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо каражаттарынын, айыл чарба техникасынын, дары-дармек каражаттарынын, медицина буюмдарынын, ветеринардык препараттардын, ошондой эле өлкөнүн ири ишканалары үчүн комплекттөөчү материалдардын 166 товардык позициялары киргизилген. Тизмеге Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн жана негизинен үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген маанилүү жана стратегиялык зарыл товарлар жана сырьёлор кирген.
Бул Тизмени колдонуу мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрында аяктаган.
2019-жылдын 12-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында бул Тизмеден "Темир жол же трамвайдын кыймылдуу курамынан тышкары, жерде жүрүүчү транспорт каражаттары, алардын бөлүктөрү жана шаймандары" ЕАЭБ ТЭИ ТН 87-тобуна ылайык 8701ден 8705 чейинки позицияларды алып салуу шарты менен Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде (мындан ары - ЕАЭБ ББТ) белгиленген алымдардын ставкаларынан айырмаланган ташып кирүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларын Кыргыз Республикасы колдоно турган товарлардын жана ставкалардын тизмесинин колдонуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасы үчүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда макулдашылган.
Протоколду ишке ашыруу бекитилген Тизмеге ылайык ЕАЭБ ББТ бажы алымдарын Евразия экономикалык бирлигинин бюджетине төлөөсүз айрым товардык позицияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартууга шарт түзөт.
Белгиленген жагдай өлкөнүн айрым секторлоруна Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн товарларды (агроөнөр жай секторунун продукциясын, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо каражаттарын, айыл чарба техникасын, дары-дармек каражаттарын, медицина буюмдарын, ветеринардык препараттарды, ошондой эле өлкөнүн ири ишканалары үчүн комплекттөөчү материалдарды) үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБ ББТ бажы алымдарын нөлдүк же төмөндөтүлгөн ставкалар боюнча ташып келүү мүмкүндүгүн берет.
Мында айрым товардык позициялар Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү жана стратегиялык зарыл товардын тизмесине кирет.
Жалпысынан бекитилген тизмеге ылайык ЕАЭБ ББТ бажы алымдарын Евразия экономикалык бирлигинин бюджетине төлөөсүз айрым товардык позицияларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жеңилдетилген мезгилдин мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу өлкөнүн экономикасынын айрым секторлоруна оң таасирин тийгизет, алардын өнүгүүсүнө дем берет, товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмүн жогорулатууга, даяр продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, чыгымдарды оптималдаштырууга жана сапатты жогорулатууга мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Белгилей кетүүчү нерсе, Протоколду ратификациялоо финансылык чыңымдарга, ошондой эле өлкө үчүн финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.