Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 409 токтомуна) | |
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясы
1-глава. Киришүү
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыкты жана мүмкүн болушунча азыраак сарптоолор жана акылга сыярлык тобокелдик менен зайымдык каражаттарды тартуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн керектөөлөрүн каржылоону камсыздоого, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун колдоого багытталган.
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мүмкүн болушунча азыраак сарптоолор жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээли менен карыз алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылоо керектөөлөрүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү;
- мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо.
3-глава. Стратегиянын камтуу чөйрөсү
Ушул Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин жөнгө салат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыздык милдеттенмелери ушул Стратегиянын колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Ушул Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2020-2023-жылдарга жайылтылат. Стратегия макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салыктык саясат параметрлеринин өзгөрүшүн жана финансылык рыноктогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жыл сайын жаңыланып турат.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго колдонулат.
Жаңы мамлекеттик тышкы карыздар зайымдардын жеңилдиктеринин 35 пайыздагы минималдуу деңгээлин (грант-элемент) сактоо менен тартылат.
Зайымдарды бир нече булактардан тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен кошуунун эсебинен мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууда бардык тартылуучу зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириккен грант-элемент) эсепке алуу менен жеңилдетилген деңгээлди эсептөөгө жол берилет. Бириккен грант элементтин мааниси да 35 пайыздан кем болбоого тийиш.
Тышкы карыздын портфелин диферсификациялоо жана карызды концентрациялоо менен байланышкан потенциалдуу тобокелдиктерди кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы карыздарды тартуу процессинде бир кредитордун алдында түзүлгөн - тышкы карыздын жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпаган карыздын сандык чектөөсүн жетекчиликке алат.
Мамлекеттик тышкы карыздын учурдагы өлчөмүн эске алуу менен жана потенциалдуу чоң сарптоолорду жана тобокелдиктерди болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү облигацияларды чет өлкөлүк валютада чыгаруу жана тышкы финансылык рыноктордо жайгаштыруу жолу менен карыздарды албайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыздарды тартуу бааны түзүүнүн рыноктук механизмдери, атап айтканда аукциондор аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) (мамлекеттик казыналык облигацияларды жана мамлекеттик казыналык векселдерди) чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен гана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн жалпы мөөнөтүн узартуу боюнча иш-чараларды төмөнкү жолдор менен улантат:
- мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагын көбөйтүү;
- 10 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигацияларды сунуштоо.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү каржылоо максаттары үчүн гана колдонулбастан, ошондой эле финансылык сектордун өнүгүшүнө маанилүү таасирин тийгизет, бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү финансылык ресурстарды натыйжалуу бөлүштүрүүгө алып келет. Бул максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик ички карыздар ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана өтүмдүүлүк принциптерин сактоо менен башкарылат жана анда төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:
- мамлекеттик баалуу кагаздарды кайта сатып алуу жана кайра сунуштоо операцияларын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын пайдалануу менен кайтарым РЕПО операцияларын жүргүзүү мүмкүндүгүн кароо;
- эмиссия календарын үзгүлтүксүз жарыялап туруу (ай сайын);
- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча рыноктун катышуучуларынын эмитент жана агент менен үзгүлтүксүз консультацияларын камсыздоо;
- мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө маалымдуулукту камсыздоо.
6-глава. Мамлекеттик карыз алуу инфраструктурасын өнүктүрүү
Мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке адамдарга мамлекеттик казыналык облигациялардын жана мамлекеттик казыналык векселдердин аукциондоруна катышууга мүмкүндүк берүүчү мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыз жөнүндө интеграцияланган форматта маалыматтарды топтоого, сактоого жана талдоого мүмкүндүк берген мамлекеттик карызды эсепке алуунун жаңы системасын (маалымат базасын) орнотуу боюнча иштерди жүргүзөт.
7-глава. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Тобокелдиктин жана белгисиздиктин жогорку деңгээлиндеги финансылык аспап катары мамлекеттик кепилдиктин табиятын, ошондой эле мамлекеттик кепилдик тигил же бул ишкана, мекеме, адам үчүн кыйыр жана тандалма проекциянын каражаты катары чыгышын эске алуу менен, бул өз кезегинде атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзбөйт, ушул Стратегиянын колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыздык кепилдиктерди бербейт.
8-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана ал боюнча кадимки тобокелдиктерди үзгүлтүксүз контролдойт жана белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун жана мамлекеттик карыздын туруктуулугунун индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү камсыздайт.
Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун ортосундагы координациялоо мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү Стратегиянын максаттуу критерийлерине ылайык макулдашылат деп кепилдөөгө мүмкүндүк берет.
9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр
Стратегияны аткаруунун ачык, ченелүүчү натыйжаларын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул главанын таблицасында берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөр белгиленген. Максаттуу көрсөткүчтөр Стратегиянын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле мамлекеттик карыз алуулар менен байланышкан конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлердин же багыттардын функциясын аткарат.
Таблица
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун 2020-2023-жылдарга карата стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрү
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси |
ИДПга(1) карата мамлекеттик карыздын келтирилген наркы(2) | 56%дан ашык эмес(3) |
ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын келтирилген наркы | 36%дан ашык эмес(4) |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карыздын келтирилген наркы | 250%дан ашык эмес(5) |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 20%дан ашык эмес(6) |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли(7) | 35% |
Бириккен грант-элементтин минималдуу мааниси | 35% |
Бир кредиторго болгон карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан %) | 50%дан ашык эмес |
Мамлекеттик кепилдиктерди чыгаруу (сом) | 0 |
МБКларды аукциондук негизде жайгаштыруу | 100% |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндө мамлекеттик казыналык облигациялардын салыштырма салмагы | оң динамика |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 3,8 кем эмес(3)(8) |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды чет өлкөлүк валютада чыгаруу жана тышкы финансылык рыноктордо жайгаштыруу | 0 |
Мамлекеттик карыздын чет өлкөлүк валютада салыштырма салмагы | 85%дан ашык эмес(3)(9) |
Эскертүү:
(1) карыздын келтирилген наркы - азыркы учурга карата дисконттоштурулган карызды тейлөөнүн келечектеги финансылык агымдарынын наркы. Келтирилген нарк кредиттин келечектеги пайыздарын кошуп алганда, келечекте кайтарыла турган кредиттин учурдагы наркын билдирет.
(2) ИДПнын жана эмгек мигранттарынын акчалай которууларынын суммасы.
(3) көрсөткүчтүн мааниси сунуштама мүнөзгө ээ.
(4) +1,8% диапазонунда четтөөгө жол берилет.
(5) +12,5% диапазонунда четтөөгө жол берилет.
(6) +1% диапазонунда четтөөгө жол берилет.
(7) тышкы карыздардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээлин сактоо боюнча Стратегиянын аракети Эл аралык валюта фондунун тез чара көрүү (Rapid Credit Facility) механизминин жана тез каржылоо (Rapid Financing Instrument) инструментинин алкагында тартылган карыздарга жайылтылбайт, алар экономикалык кризистердин кесепеттерин азайтууга шашылыш финансылык жардам көрсөтүүгө багытталган.
(8) -0,25 диапазонунда четтөөгө жол берилет.
(9) +2,25 % диапазонунда четтөөгө жол берилет.