Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 312
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн символика белгилерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгиси жана анын сүрөттөлүшү, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символика белгиси жана анын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн символика белгилерин даярдоо менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин символика белгисинин СҮРӨТТӨЛҮШҮ
Сүрөт.
Пробация департаментинин символикасы көк түс менен жээктелген алтын түстөгү алкактан турат, анын ортосунда жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун символу катары тегерек калкандын сүрөтү жайгашкан, ошондой эле ал бекемдиктин, асылдыктын, күч-кубаттын белгиси болуп саналат.
Анын ортосунда жаңы жашоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышынын символу катары улуттук оймолору менен ачкычтын сүрөтү жайгашкан. Жогорку планда тараза - адилеттүүлүктүн атрибуту, төмөнкү планда эркиндикти, келечекке карай бийик ойлор менен көз караштарды билдирүүчү символ катары канатын жайган бүркүттүн сүрөтү тартылган.
Сүрөт алкакка алынып, анын жогорку иймегине "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөр, төмөнкү иймегине "ПРОБАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ" деген сөздөр жайгаштырылган.
Улуттук оймолордун элементтери улуттук тарых менен маданияттын өнүгүү динамикасын чагылдырып, кыргыздын байлыгын жана байыркы эл экендигин көрсөтүп турат.
Символикада үч түс колдонулган - көк, ак жана алтын түс. Ак түс аруулукту, ак ниеттүүлүктү, чындыкты, ал эми көк - адилеттүүлүктү, акылмандыкты жана адам укуктарынын жогорку баалуулугун, алтын түс - руханий агартууну жана тунук ойлорду билдирет.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символика белгисинин сүрөттөлүшү
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символикасы ак жана көк түстөгү эки квадратка бөлүнгөн тик бурчтуктан турат. Квадраттарда таразанын табактарынын сүрөтү симметриялуу түшүрүлгөн, бири көк фондогу квадратта ак түстө, экинчиси ак фондогу квадратта көк түстө берилген. Таразанын туткасы кыргыз улуттук орнаменттеги стилге салынып, симметриялуу формада аткарылган.
Таразанын табактары адилеттүүлүктү жана сот адилеттүүлүгүн билдирет. Таразанын туткасына бириктирилген 2 улуттук оймо жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоонун семантикалык символу болуп саналат.
Символикада эки түс колдонулган - ак жана көк. Ак түс тынчтыкты, аруулукту, ак ниеттүүлүктү жана чындыкты билдирет, ал эми көк - акылмандыкты, адилеттүүлүктү жана адам укуктарынын жогорку баалуулугун билдирет.
Тик бурчтуктун деңгээлинде оң тарабында "ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөр, ал эми "ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөрдүн деңгээлинде ылдый жагында андан кичирээк шрифт менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ" деген сөздөр жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын символикасынын вертикалдуу версиясы да бар, ал борбордогу тик бурчтуктун алдында "МАМЛЕКЕТ КЕПИЛДЕГЕН ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ" деген сөздөр жайгашкандыгы менен айырмаланат.