Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-июну № 319
"2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4008-VI "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4009-VI "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4010-VI "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР 2020-жылдын 1-августундагы № 107 "2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 319 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 16-декабрында Сауд Арабиясы Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) 2019-жылдын 16-декабрында кол коюлган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Андан сырткары, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 10-декабрындагы чечими; Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 11-декабрындагы чечими; Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2019-жылдын 10-декабрындагы чечими) тарабынан жактырылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрындагы № 475-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууга ылайык Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун (Корумду а.-Балбай а.) 104-184,5 км участогун реконструкциялоо каралган.
Араб координациялык тобу Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ), Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ), Абу-Даби өнүктүрүү фондунун (АДӨФ), ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) курамында долбоордук участокту төмөнкү шарттарда реконструкциялоого кредит каражатын бөлүүдө: СӨФ кредити - 35,00 млн. АКШ доллары (131250000 сауд риалы), кредиттин мөөнөтү - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 1%; КАЭӨФ кредити - 28,90 млн. АКШ доллары, кредиттин мөөнөтү - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 2%; АДӨФ кредити - 22,00 млн. АКШ доллары, кредиттин мөөнөтү - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставка - жылына 2%; ОПЕК кредити -10,00 млн. АКШ доллары, кредиттин мөөнөтү - 23 жыл, жеңилдетилген мезгил - 5 жыл, пайыздык ставкасы - жылына 2,5%; ИӨБ кредити - 20,00 млн. АКШ доллары, кредиттин мөөнөтү - 25 жыл, жеңилдетилген мезгил - 7 жыл, пайыздык ставка - жылына 1,5%.
Алдын ала эсеп боюнча АКТ долбоорунун жалпыланган грант-элементи 35%ды түзүүдө, б.а. көрсөтүлгөн кредит жеңилдетилген болуп саналат.
Курулуш иштери, товарлар жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан салыктардын ордун толтуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 12,1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө тең каржылоо берүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кредиттин негизги суммасын 2025-жылдан тартып 2044-жылга чейин, ар бир жылдын 15-январында жана 15-июлунда жарым жыл сайын төлөп турат.
Долбоордун жалпы суммасы 128,0 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоордун каражаттары курулуш иштерине, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, жол-курулуш техникасын, жолду тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга, долбоорду башкарууга, финансылык аудит жүргүзүүгө пайдаланылат.
Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттары консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жана курулуш иштерине: жер иштерине, жердин катмарын кеңейтүүгө, асфальттоого, дренаждык жумуштарга, көпүрө оңдоого жана курууга, велосипед жолун курууга, жарык берүүчү лампаларды орнотууга, тротуарларды салууга ж.б. багытталат.
Бул долбоор 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы) жана 2018-2022-жылдар мезгилине "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү программасына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 140 токтому) киргизилген.
Макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана коомдук талкууларды өткөрүүнү талап кылбайт.