Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-июну № 325
"Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3934-VI "2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош областында жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3935-VI "2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош областында жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3936-VI "2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош областында жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун (мындан ары - долбоор) негизги координатору катары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги долбоордун аткаруучу органдары катары;
- Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги долбоорду ишке ашыруучу орган катары.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июнундагы № 325 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.
Макулдашууда Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Ош облусунда жана Ош шаарында туризм жана айыл чарба, институттук потенциалды жогорулатуу чөйрөсүндөгү максаттуу багытталган иш-чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү каралган.
Бул Макулдашуу Ош облусун жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат, жумуш орундарын түзүүнү карайт, жакырчылыкты кыскартууга, айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Макулдашуу менен Дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоору (мындан ары - долбоор) аркылуу жалпы 60 млн. АКШ доллары суммасында (30 млн. АКШ доллары - грант жана 30 млн. АКШ доллары - кредит) колдоо көрсөтүүсү белгиленүүдө. Кредитти төлөө графигине ылайык төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-апрелине жана 15-октябрына белгиленген, ал 2026-жылдын 15-апрелинен башталып, 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт. Төлөнүүгө тийиш кредиттин негизги суммасы пайыз менен - 1,5625%.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ишке ашыруу механизми.
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (мындан ары - АРИС) тарабынан түзүлүүчү жылдык иш пландарын кароону жана АРИСке техникалык салымдарды ишке ашырууну кошкондо, жалпысынан долбоорду координациялоо үчүн жооптуу орган болуп аныкталды.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине (i) долбоордун алкагында айыл чарба иштери үчүн артыкчылыктарды жана милдеттерди белгилөө; (ii) долбоордун 1.2 жана 2-бөлүктөрүнүн алкагында иш-чараларды аныктоо жана жактыруу; (iii) долбоордун 2(b)-бөлүгүнүн алкагында максаттуу инвестициялык чакан долбоорлорду тандоого, баалоого мониторинг жүргүзүүгө катышуу жоопкерчилиги жүктөлгөн.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине долбоордун алкагында туризмди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарды аныктоо жана иш-чаралар пландарын жактыруу жоопкерчилиги жүктөлгөн.
4. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги долбоорду ишке ашыруу, бардык фидуциардык функциялар (мисалы, сатып алуулар, финансылык башкаруу, жылдык отчетторду, бюджеттерди даярдоо ж.б.) жана долбоордун коопсуздук чаралары үчүн жооптуу болуп аныкталган. АРИС ошондой эле долбоордун негизги техникалык аспекттери (мисалы, техникалык баалоолорду, долбоордук жана тендердик документтерди даярдоо, баалоону уюштуруу, консультациялар, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору тарабынан жүргүзүлүүчү айыл чарба иштерине мониторинг ж.б.), айрыкча туризм жана шаарды өнүктүрүү боюнча долбоордун аспекттери үчүн жоопкерчилик тартат. АРИСтин Бишкек шаарында долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон адистерден турган негизги командасы болот. АРИСтин Ош шаарындагы экологиялык коопсуздук боюнча техникалык кызматкерлери өз иш-аракеттерин региондук жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз координациялашат жана техникалык, экологиялык жана социалдык аспекттерге жараша долбоорду үзгүлтүксүз ишке ашырууну камсыз кылышат.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт. Мында Макулдашуунун кредиттик бөлүгү мамлекеттик карызды тейлөө графигине ылайык мамлекеттик бюджеттен төлөнө тургандыгын белгилейбиз.