Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 10-июну № 328
"Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 24-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-статьясынын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 63-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж. № 7-8 (1292), 480-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 22-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
5-берене.
"Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2019-жылдын 29-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Коррупциялык укук бузуу жөнүндө билдирген адамга мамлекеттин бюджетине келип түшкөн коррупциялык укук бузуулардан орду толтурулган каражаттардын эсебинен бир миллион сомдон ашык эмес өлчөмдө акчалай сый акы төлөнүп берилет.";
- 11-беренесинин 3-бөлүгү "тартиби" деген сөздөн кийин "жана өлчөмү" деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|