КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
2020-жылдын 12-июну № 329
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдик уюлдук байланыш операторлоруна, төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору тууралуу алынган маалыматты берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана аккредиттелген күбөлөндүрүлгөн борборлорго акы төлөөнүн негизинде маалыматты берүү жагында белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелесин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 23-июнундагы № 48 жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |