Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүү тартиби жөнүндө жобо банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды, кредиттик бюролорду, нотариалдык контораларды жана жеке нотариустарды, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлорун (мындан ары - алуучулар) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жарактуу жана жараксыз паспорттору (ID-карта) жана идентификациялык карталары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору (ID-карта) тууралуу актуалдуу маалымат менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу камсыздоо максатында иштелип чыкты.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобо алуучуларды Мамлекеттик реестрден алынган актуалдуу маалымат менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен (мындан ары - Мамлекеттик реестр) алуучуларга маалыматты берүүдө иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт жана алуучулардын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - кармоочу) жана Мамлекеттик реестрди кармоочунун карамагындагы мамлекеттик ишкана (мындан ары - иштеп чыгуучу) менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт жана аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жобо "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестри жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
2. Алуучуларга Мамлекеттик реестрден алынган маалыматты берүү тартиби жана өз ара аракеттенүү
4. Мамлекеттик реестрде камтылган маалымат кармоочунун, иштеп чыгуучунун жана алуучунун ортосунда түзүлүүчү макулдашууда аныкталган шарттарда, акы төлөө негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алуучуларга берилет.
5. Уюштуруу-техникалык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү тартибин ушул Жобого ылайык кармоочу аныктайт.
6. Мамлекеттик реестрден маалыматты кармоочунун веб-сервистеринин, электрондук кызмат көрсөтүү порталынын жана/же "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын жардамы менен кармоочунун электрондук сервистери аркылуу иштеп чыгуучу берет.
7. Мамлекеттик реестрден веб-сервистердин жардамы менен маалыматты берүү алуучуда онлайн режиминде байланыштын корголгон каналдары боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга арналган программалык-аппараттык каражаттар болгон учурда ишке ашырылат.
8. Алуучунун ушул Жобонун 7-пунктунда каралган техникалык жабдуусу болбосо, Мамлекеттик реестрден маалымат кармоочунун электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын жардамы менен кармоочу бөлгөн байланыштын корголгон каналдары боюнча берилет.
9. Мамлекеттик реестрден маалымат жеке маалыматтар субъектисинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген тартипте жана формада алынган анын жеке маалыматтарын берүүгө макулдугу болсо берилет.
10. Мамлекеттик реестрден маалымат "суроо-талап - жооп" режиминде берилет. Киргизилген суроо-талап маалыматтык системада иштелип чыгат, дал келүүлөр болсо, алуучуга жеке маалыматтар субъектиси жөнүндө маалымат берилет.
11. Суроо-талапты түзүү үчүн алуучу төмөнкүлөрдү аткарат:
- жеке маалыматтар субъектисинин ушул Жобонун 10-пунктунда аталган тартипке жана формага ылайык анын жеке маалыматтарын берүүгө макулдугун алат;
- маалыматтык системага жарандын идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) жана паспортунун номерин киргизет;
- жеке маалыматтар субъектисинен белги коюу жолу менен анын жеке маалыматтарын берүүгө жазуу жүзүндө макулдугун алгандыгын маалыматтык системада ырастайт.
12. Суралган ИЖН жана паспорттун номери боюнча жооп катары төмөнкү жеке маалыматтар берилет:
- улуттук паспортунун түрү;
- идентификациялык жеке номери;
- фамилиясы, аты;
- атасынын аты (болсо);
- туулган күнү;
- документтин номери;
- документти берген орган жана анын коду;
- берилген күнү;
- жарактуулук мөөнөтү;
- жынысы;
- беттин санариптик сүрөтү;
- жашаган жери;
- үй-бүлөлүк абалы.
13. Мамлекеттик реестрден алынган маалымат алуучуга жеке маалыматтар субъектиси берген маалыматтарды ырастоо үчүн берилет.
14. Кармоочу, иштеп чыгуучу жана алуучу ай сайын жеке маалыматтар субъекттеринен алынган алардын жеке маалыматтарын Мамлекеттик реестрден алган маалыматтардын статистикасы боюнча берүүгө макулдугун кармоочу бекиткен тартипке ылайык салыштырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кармоочу же иштеп чыгуучу тарабынан алуучунун Мамлекеттик реестрден маалыматты санкцияланбаган, анын жеке маалыматтарын ушул Жобонун 9-пунктунда аталган тартипте жана формада берүүгө субъекттин макул эместигин билдирген алуу фактылары аныкталса, кармоочу Мамлекеттик реестрден маалыматты берүүнү ушул Жобонун 4-пунктунда аталган тийиштүү макулдашууну андан ары бузуу менен толук токтотуу чараларын көрөт жана тиешелүү материалдарды жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
3. Мамлекеттик реестрден алынган маалыматты берүү жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик
16. Мамлекеттик реестрди жүргүзүүгө жооптуу болгон адамдар маалыматтын толуктугу, аныктыгы жана бүтүндүгү үчүн, ошондой эле аны жайылтпоо үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.
17. Мамлекеттик реестрде аныкталбаган жана актуалдуу эмес маалыматтар болсо, кармоочу жана иштеп чыгуучу аларды актуалдаштыруу боюнча чараларды көрүшөт.
18. Жеке маалыматты алуучу "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- жеке мүнөздөгү алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо;
- жеке мүнөздөгү алынган маалыматтарды сактоо боюнча талаптарды бузбоо;
- жеке мүнөздөгү маалыматтарды алуучунун кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгаруу, таркатуу, жеке максаттарда пайдалангандыгы үчүн же санкцияланбаган жеке мүнөздөгү маалыматтарды үчүнчү жактарга бергендиги үчүн.
19. Кызматтык абалына байланыштуу жеке маалыматтар менен кабардар болгон адамдар бул жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча өздөрүнө милдеттенме алышат жана жоопкерчилик тартышат. Мындай милдеттенмелер бул адамдардын жеке маалыматтар менен иштөөсү токтогондон кийин дагы купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүндө күчүндө болот.