Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-июну № 338
"2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4020-VI "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4021-VI "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 4022-VI "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому;
КР 2020-жылдын 5-августундагы № 118 "2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн № 1 Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-июнундагы № 338 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2020-жылдын 4-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга № 1 Кошумча макулдашуу (мындан ары - № 1 Кошумча макулдашуу), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүмүнүн 13-пунктуна ылайык № 1 Кошумча макулдашуу ратификацияланууга тийиш. № 1 Кошумча макулдашуунун долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2020-жылдын 18-майындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2020-жылдын 19-майындагы чечими, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети - 2020-жылдын 12-майындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 199-б буйругу менен жактырылган.
Каржылоонун шарттарын жеңилдетүү максатында 2020-жылдын 4-июнунда № 1 Кошумча макулдашууга кол коюлган.
№ 1 Кошумча макулдашуунун шарттарына ылайык № 1 Кошумча макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып Инвестициялык кредиттин пайдаланылбаган суммасына жылына 0,5% өлчөмүндө резервдөө үчүн комиссия эсептелбей тургандыгы белгиленүүдө жана № 1 Кошумча макулдашуу күчүнө киргенге чейин резервдөө үчүн эсептелген комиссиянын суммасы алуучу тарабынан Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарага ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу боюнча № 1 Кошумча макулдашуу күчүнө киргенден кийин келүүчү төлөмдүн жакынкы датасында төлөнөт.
№ 1 Кошумча макулдашууда каржылоо шарттарын жеңилдетүү каралгандыгын эске алуу менен № 1 Кошумча макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
№ 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.