Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 23-июну № 354
"2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттарды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
1) "2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттарды ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2) 2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттарды ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттар ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-июнундагы № 354 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2020-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Шаарды өнүктүрүү", "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү", "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу", "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорлорун каржылоо жөнүндө, "Айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-каттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык макулдашуу-каттар ратификацияланууга тийиш. Макулдашуу-каттардын долбооруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2020-жылдын 16-июнундагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2020-жылдын 16-июнундагы чечими, Агрардык саясат, суу ресурстары, курчап турган чөйрө жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2020-жылдын 16-июнундагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 223-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу-каттарга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржылоонун үлүшүн 8,4 млн. АКШ доллары өлчөмүндө көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоонун үлүшүн азайтуу, ошондой эле 2020-жылы күзгү себүүгө жана 2021-жылы жазгы себүүгө үрөндөрдү жана жер семирткичтерди сатып алуу (темирдин жана фолий кислотасынын препараттарын сатып алуунун ордуна) боюнча долбоорлорду реструктуралаштыруу жана 3,5 млн. АКШ доллары суммасына коронавируска каршы чараларды көрүүгө багытталган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө эл аралык макулдашууларды реструктуралаштыруу максатында кол коюлган.
Макулдашуу-каттарды ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.