Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Талаптар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарга карата милдеттүү техникалык жана функциялык талаптарды, контролдук-кассалык машиналарды ишке ашырган жана/же тейлеген субъекттердин укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле фискалдык маалыматтарды топтоо жана жиберүү техникалык процессин ишке ашырууну регламенттейт.
2. Контролдук-кассалык машинанын ар бир модели субъектке сатылганга чейин же андан ары субъектке сатуу үчүн башка жакка сатылганга чейин байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ушул Талаптарга шайкештигин ырастоо жол-жобосунан өткөрүлүүгө жана контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилүүгө тийиш.
3. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) нөөмөттү жабуу - контролдук-кассалык машиналардагы бардык фискалдык маалыматтар сакталган жана/же ыйгарым укуктуу салык органына жана/же фискалдык маалыматтар операторуна берилген шартта суткалык отчет түзүү боюнча жумушчу нөөмөттүн аягында аткарыла турган операция. Нөөмөттү жабуу операциясы аткарылгандан кийин контролдук-кассалык машина кийинки нөөмөттөрдүн кассалык операцияларын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коёт;
2) нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгы - нөөмөттүн жүрүшүндө эсептешүү операцияларын каттоодо контролдук-кассалык машиналар таризделген документтердин жыйынтыгынын суммасы;
3) аутентификациялоо коду - маалымат булагын аутентификациялоону камсыз кылган фискалдык маалыматтардын операторунун автоматташтырылган маалыматтык системасы ыйгарган белгилердин атайын топтому;
4) контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фискалдык эс-тутуму бар аппараттык-программалык каражат же жаздыруу, түзөтүү киргизилбей турган сутка сайын (ай сайын) каттоо, узак мөөнөткө сактоо жана ыйгарым укуктуу салык органга корголгон түрдө реалдуу убакыт режиминде маалымат жиберүү функциясы бар программалык камсыздоо.
Ушул аныктаманын максатында:
а) фискалдык эс-тутуму бар аппараттык-программалык каражат (мындан ары - аппараттык ККМ) болуп саналган контролдук-кассалык машина катары программалык башкаруу орнотулган маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана жиберүү үчүн техникалык каражат;
б) программалык камсыздоо болуп саналган контролдук-кассалык машина (мындан ары - программалык ККМ) төмөнкүлөр менен интеграцияланып иштеген кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо:
- корголгон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органынын сервери менен, же;
- корголгон түрдө реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына берүүнү камсыз кылган фискалдык маалыматтар операторунун маалыматтык системасы менен;
5) контролдук-кассалык чек - ККМде түзүлгөн жана кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө берилген, эсептешүү операциясын жүргүзүүдөгү акчалай эсептешүү фактысын ырастаган алгачкы эсепке алуучу документ;
6) ККМдин модели - иштеп чыгуучу ыйгарган уникалдуу аталышы жана номери бар программалык камсыздоонун жана түзүлүштүн түрү (тиби) же версиясы;
7) фискалдык эс тутумду топтогуч - бир же бир нече микросхема же корголгон түрдөгү фискалдык маалыматтарды түзөтүү киргизилбөөчү энергияга көз карандысыз, узак мезгилге сактоону камсыз кылган микросхеманын эс тутумунун атайын бөлүнгөн бөлүгү;
8) фискалдык эмес режим - ККМ иштөө режими, мында фискалдык маалыматтарды каттоо, түзүү жана фискалдык белгилерди басып чыгаруу жана фискалдык отчет алуу иш милдеттери ишке киргизилбеген бойдон калат. Бул режим фискалдаштырууну жүргүзгөнгө чейин кассирлерди окутуу үчүн колдонулат;
9) ККМдин каттоо номери - ККМди каттоодо ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында ККМге ыйгарылган сериялык номер;
10) суткалык отчет - нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө акчалай эсептешүүлөр жөнүндө жыйынтык маалыматты ККМге киргизүү жана/же ыйгарым укуктуу салык органына жана/же фискалдык маалыматтар операторуна (мындан ары - ФМО) берүү менен милдеттүү жазуу, мында нөөмөттөгү биринчи чек басылгандан кийин нөөмөттүн узактыгы 24 сааттан ашпайт;
11) фискалдык маалыматтарды жиберүүчү түзүлүш - фискалдык эс тутуму жана фискалдык маалыматтарды зымдуу жана зымсыз байланыш каналдар аркылуу ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМО жиберүүнү камсыз кылган модулу бар, туюк корпуста салынган түзүлүш;
12) фискалдаштыруу - ККМде фискалдык режимди ишке киргизүү;
13) фискалдык эс тутум - түзөтүү киргизилбей турган жана ККМ пайдалануу менен ишке ашырылган акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты сутка сайын (ай сайын) каттоо жана узак мөөнөткө сактоону камсыз кылган программалык-аппараттык каражаттардын комплекси;
14) фискалдык маалыматтар - ККМде түзүлүп ККМде сакталган жана кассалык операцияларды жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерде жана кассалык отчеттордо көрсөтүлүүчү жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМО милдеттүү жибериле турган маалыматтар;
15) фискалдык белги - ККМде түзүлгөн жана ККМдин фискалдык режимде иштегендигин жана фискалдык маалыматтардын аныктыгын ырастаган чектерде жана отчеттордо көрсөтүлгөн белги.
Ушул аныктаманын максатында фискалдык белгилер катары, ККМдин конкреттүү моделинин эксплуатациялык документтерине ылайык фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн кийин гана басып чыгарууга берилген айырмалоочу (символдор) жана/же белгилер эсептелет;
16) фискалдык режим - фискалдык маалыматтарды ККМде каттоону жана фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго жиберүүнү камсыз кылган ККМдин иштөө режими;
17) ККМди техникалык тейлөө борбору (мындан ары - ТТБ) - ушул Талаптарга ылайык субъектке ККМди пайдаланууга берүүгө, техникалык тейлөөгө жана оңдоого даярдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн жеке же юридикалык жак;
18) окуяларды каттоочу электрондук журнал - ККМде болуп жаткан программалык же аппараттык окуялар жөнүндө маалыматты жазууга багытталган программалык каражаттардын комплекси;
19) энергияга көз каранды узак мөөнөттүү сактоо - тышкы жана ички кубаттандыруу булактарын пайдаланбастан маалыматты узак убакытка сактоо;
20) Х-отчет - отчет түзүлгөн учурдагы жыйынтык сумманын ортодогу отчету;
21) Z-отчет - жумуш нөөмөтүнүн аягында түзүлө турган суткалык отчет.
Ушул Талаптарда колдонулган башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
2. ККМге карата талаптар
4. ККМ карата жалпы талаптар 1-таблицада берилди.
1-таблица
№ | Параметрлердин аталышы | Эскертүү |
1. ККМдин жалпы параметрлери | ||
1 | ККМде төмөнкүлөр болууга тийиш: 1) аталышы; 2) иштеп чыгуучунун аталышы; 3) чыгарылган датасы; 4) заводдук номери/версиянын номери; 5) өндүрүүчүнүн фирмалык белгиси; 6) документтер (программалык продуктунун баяндалышы, иштеп чыгуучунун колдонмосу, пайдалануучунун колдонмосу ж.б.) жана фискалдык жана фискалдык эмес режимде басылып чыгуучу чектердин жана отчеттордун үлгүлөрү; 7) иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген программалык камсыздоону мыйзамсыз модификациялоодон коргоого жана ККМ пайдалануу менен жүргүзүлгөн кассалык операциялар жөнүндө маалыматка жетүүгө багытталган чаралардын комплекси; 8) иштеп чыгуучу тарабынан бекитилген фискалдык маалыматтарды мыйзамсыз модификациялоо, редакциялоо же жок кылуу фактыларын табуу үчүн текшерүү инструменттери жана методдору |
|
2 | Кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруу үчүн түзүлүштөрдү туташтыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн болуусу |
|
3 | Киргизиле турган дата жана убакыттын тууралыгына контролдун болуусу, алар реалдуулукка дал келиши керек жана ККМдеги акыркы жазуудагы дата жана убакыттан эрте болбошу керек | ККМдеги убакыт жана датанын мазмуну ЫСО жана/же ФМОдогу убакыт жана датанын маанисине дал келиши керек. Убакыт жана датанын маанисине түзөтүү киргизүүдө кокустан ката кетирип алуунун алдын алуу боюнча атайын чаралар көрүлүшү керек, мисалы убакыт жана датаны кайра суроо жана ал эки жолу дал келгенден кийин гана киргизүү |
4 | ККМдин комплектисине кирген программалык паролду же колдонуучуну аутентификациялоочу башка ыкмалардын болуусу, алар менен ККМдин төмөнкүдөй иштөө режимдери корголууга тийиш: 1) эсептешүү операцияларынын режими; 2) көрсөткүчтөрдү алуу режими; 3) фискалдаштыруу режими |
|
5 | Акчалай суммалар ККМдин эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн ажыраткыч аркылуу сом тыйындан бөлүп көрсөтүлөт |
|
6 | Нөөмөттүн узактыгын контролдоо функциясы, анын узактыгы 24 сааттан ашпашы керек | Нөөмөттүн узактыгын эсептей баштоо нөөмөттөгү биринчи чек басылгандан тартып эсептелет |
7 | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш үзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү чыгаруу функциясынын болуусу | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон учурда, ККМ кассалык чекте "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүүнү басып чыгарат |
8 | Аткарылган кассалык операциялардын курамы: | |
1) төмөнкү эсептешүү операциялары боюнча акчалай сумманын эсеби: |
| |
- сатуу/сатып алуу; |
| |
- алдын-ала төлөө (аванс)/ алдын-ала төлөөнү (авансты) жабуу; | Алдын ала төлөө (аванс) операциясы товарды сатып алуучуга бергенге чейин, кардарга кызмат көрсөтүлгөнгө жана жумуштар аткарылганга чейин төлөнгөн учурларда аткарылат | |
- кийин төлөө (кредит)/кийин төлөөнү (кредитти) жабуу; | Кийин төлөө (кредит) операциясы товар сатып алуучуга берилгенден кийин, кардарга кызмат көрсөтүлгөндөн жана жумуштар аткарылгандан кийин кийинчерээк төлөнгөн учурларда аткарылат | |
- сатууну кайтарып берүү/сатып алууну кайтарып берүү/алдын-ала төлөөнү кайтарып берүү/кийин төлөөнү кайтарып берүү | Кайтарып берүү операциясы кайтарып берүү таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен аткарылат, учурдагы жана кийинки нөөмөттөгү алмаштырган жыйынтык азайтылбайт (алмашылбайт). Отчеттордо кайтарып берүү суммасы өз алдынча сапта чыгарылат | |
2) сатылган/ кайтарып берилген товарларды, көрсөтүлгөн кызматтарды жана аткарылган жумуштарды каттоо; |
| |
3) сатылган/ кайтарып берилген товарлардын маркалоо коддордун каттоо; |
| |
4) орто аралык жыйынтыктарды эсептөө; |
| |
5) кайрып берилүүчү акчанын суммасын эсептөө; |
| |
6) эсептешүү операциялары боюнча жалпы жыйынтыктарды эсептөө; |
| |
7) төлөмдүн (накталай жана накталай эмес) түрлөрү боюнча эсеп; |
| |
- кассага төлөө/кассадан алуу; | Бул операциялар накталай акчалар салынганда жана төлөнгөндө аткарылат. Акчаны кассага төлөө/кассадан(-лардан) алуу операциялары учурдагы жана кийинки нөөмөттөгү эсептешүү операциялары боюнча нөөмөттүк жыйынтыгын өзгөртпөйт. Отчеттордо кассага төлөө/кассадан алуу суммасы өзүнчө сапка чыгарылат | |
9) чек тасмасы үзүлгөн, чек басып чыгарууда ката кетирилген, чек басып чыгарып жаткан маалда фискалдык маалыматтар ККМде сакталганга чейин жана/же ЫСОго жана/же ФМОго жибергенге чейин кубаттуулугу өчүп калган учурда чекти кайра басып чыгаруу; |
| |
10) пайыздык үстөктү/арзандатууну эсептөө; |
| |
11) маалыматтарды ККМде жазганга чейин жана кассалык чекти же отчетту басып чыгарганга чейин кассирдин каталарын оңдоо; |
| |
12) кошумча нарк салыгын же сатуудан түшкөн салыкты эсептөө |
| |
2. ККМде түзүлгөн чектерге жана башка документтерге карата талаптар | ||
9 | ККМде кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө (анын ичинде электрондук чек) төмөнкүлөрдү түзүүгө жана берүүгө тийиш: | Эсептөөлөр үчүн автоматтык түзүлүштүн курамында пайдаланылган ККМдин моделдеринде кассалык чектерди жана отчетторду электрондук формада гана түзүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө түзүлө турган кассалык чектерден сырткары. Ошондой эле, Интернет тармагында электрондук төлөө каражаттарын пайдалануу менен эсептөөлөрдө колдонулган ККМ моделдеринде кассалык чектерди жана отчетторду электрондук формада түзүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Эсептөөлөр үчүн автоматтык түзүлүштүн курамында жана Интернет тармагында пайдаланылган ККМдин моделдеринде электрондук түрдөгү контролдук-кассалык чекти абоненттик номерге же электрондук почта дарекке же башка ыкма менен сатып алуучуга же кардарга жиберүүчү функциясы болууга тийиш. Контролдук-кассалык чекти шилтеме (QR-код, интернет сайт, мобилдик тиркеме жана башка ыкмалар аркылуу чекти алуу үчүн атайын код) гана көрсөтүлгөн кыскартылган маалымат менен кагаз жүзүндө түзүүгө жана басып чыгарууга жол берилет, ал аркылуу сатып алуучу же кардар чектин толук электрондук вариантын ала алат. Мында контролдук-кассалык чекте милдеттүү түрдө субъекттин реквизиттери жана ККМ, чекти каттоо номери, датасы жана убактысы жана жыйынтык сумма көрсөтүлүүгө тийиш. Кассалык чекте жана отчеттордо көрсөтүлгөн маалымат ККМдин конкреттүү моделинин эксплуатациялык документтерине ылайык түзүлөт |
1) фискалдык отчет; | ||
2) эсептешүү операциялары көрсөтүлгөн контролдук-кассалык чек; | ||
3) суткалык отчет (Z-отчет); | ||
4) орто аралык отчет (Х-отчет); | ||
5) салуу жана төлөө чектери; | ||
6) секциялар боюнча отчет жана ККМдин конкреттүү моделинин эксплуатациялык документтерине ылайык башка отчеттор | ||
10 | Фискалдык отчетто көрсөтүлгөн маалымат: |
|
1) отчеттун аталышы; |
| |
2) субъекттин аталышы; |
| |
3) субъекттин идентификациялык салык номери (ИНН); |
| |
4) отчеттун өтмө катар номери; |
| |
5) отчет түзүлгөн датасы; |
| |
6) отчет түзүлө турган нөөмөттүн мезгили же нөөмөтү; |
| |
7) ККМдин заводдук номери/версиясынын номери; |
| |
8) ККМдин каттоо номери; |
| |
9) ФМЖТ/фискалдык эс тутумдун сериялык номери; | ФМЖТ/фискалдык эс тутум туташтырылган ККМ моделдери үчүн | |
10) конкреттүү жыйынтык катталган датасы жана нөөмөттү жабуу номери көрсөтүлгөн мезгилдеги нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын бардык жыйынтыктары (анын ичинде төлөмдүн түрлөрү боюнча) |
| |
11 | Контролдук-кассалык чекте көрсөтүлгөн маалымат: |
|
1) эсептешүү операциясынын аталышы; | Контролдук-кассалык чекте ушул Таблицанын 8-пунктунда көрсөтүлгөн эсептешүү операциясынын аталыштары көрсөтүлүшү керек | |
2) ККМдин заводдук номери/ версиясынын номери; |
| |
3) субъекттин аталышы; |
| |
4) субъекттин идентификациялык салык номери (ИНН); |
| |
5) ККМдин каттоо номери; |
| |
6) ФМЖТ/фискалдык эс тутумдун сериялык номери; | ФМЖТ/фискалдык эс тутум туташтырылган ККМ моделдери үчүн | |
7) чектин өтмө катар номери; | Контролдук-кассалык чекте көрсөтүлө турган катар номер ЫСО жана/же ФМОго жиберилген же сакталган номерге дал келиши керек | |
8) негизги чектин өтмө катар номери; | Бул талап эсептешүү операциялары менен чектерди тариздөө үчүн колдонулат: 1) сатууну же сатып алууну кайтарып берүү; 2) алдын ала төлөөнү же кийин төлөөнү кайтарып берүү | |
9) чекти каттоо датасы жана убактысы; |
| |
10) товар, кызмат көрсөтүү же жумуш жөнүндө маалымат: | Бул маалымат төмөнкүдөй эсептешүү операцияларын аткарууда көрсөтүлүүгө тийиш: 1) сатуу/сатып алуу; 2) кийин төлөө (кредит); 3) сатуу/сатып алуу/кийин төлөөнү кайтарып берүү; 4) алдын ала төлөөнү (аванс) жабуу | |
- товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун аталышы; |
| |
- товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун коду; |
| |
- товарды маркалоонун белгиси; | Маркаланган товарларды сатууда чекте товардын ар бир позициясы боюнча "М" белгиси көрсөтүлүүгө тийиш | |
- товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун 1 бирдигинин баасы; |
| |
- товар, кызмат көрсөтүү же жумушту ченөө бирдиги; |
| |
- товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун саны; |
| |
- товар, кызмат көрсөтүү же жумуштун суммасы арзандатууну эске алуу менен; |
| |
11) чек боюнча сумманын жыйынтыгы; | Бул маалымат бардык эсептешүү операциясынын түрлөрү жана төлөмдүн түрлөрү боюнча көрсөтүлүүгө тийиш | |
12) салык режими; |
| |
13) чек боюнча салыктын ставкалары жана жыйынтык суммалары (кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салык); | Субъект атайын салык режими боюнча ишкерлик кылган учурда салыктын суммасы көрсөтүлбөйт же "0" маанисинде берилет | |
14) төлөмдүн түрү (накталай жана накталай эмес); |
| |
15) ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жөнүндө маалымат; | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон учурда чекте "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш | |
16) фискалдык белги (фискалдык режим жөнүндө ырастоо); |
| |
17) 20x20 мм кем эмес өлчөмдөгү, чектеги маалыматты камтыган QR-код; |
| |
18) контролдук-кассалык чектин электрондук формасын текшерүү жана алуу маалыматтык порталынын дареги; |
| |
19) валютанын саны, тиби жана курсу; | Накталай чет элдик валютаны алмашуу операцияларын жүргүзүүдө пайдаланылган ККМ моделдеринин типтери үчүн талаптар | |
20) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында көрсөтүлгөн кошумча маалыматтар; | Банктык төлөм карталары, электрондук акчанын жана башка төлөм инструменттеринин жардамы менен накталай эмес эсептешүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген ККМ моделдери үчүн талаптар | |
21) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында көрсөтүлгөн кошумча маалыматтар. | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө пайдаланылган ККМ моделдери үчүн талаптар | |
12 | Суткалык отчетто (Z-отчет) жана орто аралык отчетто (Х-отчет) көрсөтүлгөн маалымат: |
|
1) отчеттун аталышы; |
| |
2) ККМдин заводдук номери/версиясынын номери; |
| |
3) субъекттин аталышы; |
| |
4) субъекттин идентификациялык салык номери (ИНН) ; |
| |
5) ККМдин каттоо номери; |
| |
6) ФМЖТнын/фискалдык эс тутумдун сериялык номери; | ФМЖТ/фискалдык эс тутум туташтырылган ККМдин моделдери үчүн | |
7) отчеттун өтмө катар номери (нөөмөттүн номери); | Суткалык отчетту (Z-отчет) түзүүдөгү милдеттүү талап. Суткалык отчетто көрсөтүлгөн өтмө катар номер ЫСО жана/же ФМОго берилген жана сакталган номерге дал келиши керек | |
8) отчет түзүлгөн датасы жана убактысы; |
| |
9) ЫСО жана/же ФМО менен байланыш бар экендиги жөнүндө маалымат; | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон учурда "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш | |
10) ЫСО жана/же ФМОдогу акыркы сигналдын датасы жана убактысы; |
| |
11) фискалдык белги (фискалдык режим жөнүндө ырастоо); | Суткалык отчет (Z-отчет) түзүүдө милдеттүү талап | |
12) нөөмөттүн ичинде түзүлгөн эсептешүү операциялары бөлүгүндө чектердин жана суммалардын жалпы саны; |
| |
13) нөөмөттөгү сатылган/кайтарып берилген товардын, берилген кызмат көрсөтүүнүн же аткарылган жумуштун жалпы суммасы; |
| |
14) нөөмөттөгү төлөмдөрдүн (накталай, накталай эмес) түрлөрү боюнча жалпы суммасы; |
| |
15) нөөмөттөгү салуунун жана төлөмдөрдүн жалпы суммасы; |
| |
16) ККМди фискалдык режимге өткөргөн учурдан тартып эсептешүү операциялардын жалпы нөлгө түшүрүлбөй турган суммасы; | Суткалык отчет (Z-отчет) түзүүдө милдеттүү талап | |
17) ККМди фискалдык режимге өткөргөн учурдан тартып төлөмдөрдүн (накталай, накталай эмес) түрлөрү боюнча жалпы нөлгө түшүрүлбөй турган суммасы; | Суткалык отчет (Z-отчет) түзүүдө милдеттүү талап | |
18) ЫСО жана/же ФМОго жөнөтүүдө (жөнөтүүгө кезек күтүүдө) күтүлгөн чектердин жана отчеттордун саны жөнүндө маалыматтар |
| |
13 | Салуу жана төлөм чектеринде көрсөтүлүүчү маалымат: |
|
1) чектин аталышы; |
| |
2) ККМ версиясынын аталышы жана номери; |
| |
3) субъекттин аталышы; |
| |
4) субъекттин идентификациялык салык номери (ИНН); |
| |
5) ККМдин каттоо номери; |
| |
6) салуулардын жана төлөмдөрдүн суммасы |
| |
3. ЫСО жана/же ФМОго маалыматтарды жиберүүгө жана кабыл алууга карата талаптар | ||
14 | ККМ зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча маалыматтарды кабыл алуу-жиберүү каналдарын колдоого тийиш |
|
15 | ККМден ЫСОго маалыматтарды ФМО аркылуу кабыл алуу-жиберүү төмөнкүдөй ыкмалардын жардамы менен аткарылат: 1) VPN корголгон байланыш каналы; 2) HTTPS корголгон байланыш каналы; 3) "Кыргыз Республикасынын электрондук колтамга жөнүндө" Мыйзамына ылайык аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук колтамга колдонуу менен ачык байланыш каналы; 4) байланыш каналдары же ЫСОдо аныкталган ЫСО жана/же ФМОнун маалыматтык системасына жетүүнү контролдоо үчүн пайдаланылган авторлоштуруучу электрондук каражаттары | ЫСОго маалыматтарды кабыл алуу-жиберүү, ЫСО тарабынан аныктаган тартипте ЫСО иштеп чыгуучу жана/же ээси болуп саналган ККМ аркылуу гана аткарылат |
16 | ККМ ЫСОдо жана/же ФМОдо аутентификациялоо коду боюнча авторлоштурулууга жана ЫСОдо жана/же ФМОдо жөнөтүлүүчү фискалдык маалыматтардын аныктыгын камсыз кылууга тийиш |
|
17 | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон учурда ККМ ЫСО жана/же ФМО байланыш жок мезгилде кассалык операциялар боюнча маалыматтарды корголгон түрдө сактоону жана байланыш калыбына келгенден кийин ЫСО жана/же ФМОго автоматтык түрдө жиберүүнү камсыз кылууга тийиш |
|
18 | ККМ контролдук-кассалык чекте жана ЫСО тарабынан бекитилген бирдиктүү формат боюнча суткалык отчетто (Z-отчет) камтылган фискалдык маалыматтарды ЫСО жана/же ФМО жиберүүгө тийиш | Фискалдык маалыматтарды ККМден ЫСОго жиберүү протоколун (өз ара аракеттенүү форматын) ЫСО бекитет. Фискалдык маалыматтарды ККМден ФМОго жиберүү протоколун (өз ара аракеттенүү форматын) ФМО бекитет |
5. Программалык ККМдерге карата атайын талаптар 2-таблицада берилди.
2-таблица
№ | Параметрлердин аталышы | Эскертүү |
1. Программалык ККМдердин жалпы параметрлери | ||
1 | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде, байланыш калыбына келгенден кийин автоматтык түрдө жибериле турган кассалык операциялар боюнча маалыматтарды шифрленген жана өзгөртүлбөгөн түрдө корголгон түрдө сактоону камсыз кылган аппараттык-программалык же программалык чечимдин болуусу | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде иштөө функциясы бар ПККМ үчүн милдеттүү талап 24 сааттан ашык болбошу керек |
2 | Бардык аткарылган операциялар боюнча фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде милдеттүү жиберүү, кассага/кассадан, ЫСО жана/же ФМО салуудан жана төлөөдөн сырткары, жана кассалык чектерди жана отчетторду түзүүнүн жана басып чыгаруу/жиберүүнүн алдында андан/алардан чектин номерин, чек катталган датасы жана убактысын алуудан сырткары | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде иштөө функциясы бар ПККМ үчүн, байланыш жок учурда ПККМге чектерге номерлерди, чек катталган датасын жана убактысын ыйгарууга жол берилет, аларды кийинчерээк ЫСО жана/же ФМОго автоматтык түрдө жиберүү менен |
3 | Автоматтык тестирлөөнүн болуусу: | Автоматтык тестирлөө ПККМ ишке киргизилген учурда (нөөмөттүн башында) гана жүргүзүлөт |
1) программалык камсыздоону модификациялоонун жоктугу; |
| |
2) ПККМде сакталган маалыматтардын бүтүндүгү; | Бул талап ПККМде сакталган маалыматтарды салыштыруу жолу менен аткарылат | |
3) ЫСО жана/же ФМО менен байланышы | Бул талап иштөө процессинде ЫСО жана/же ФМО тесттик билдирүүнү жиберүү жана жоопту алуу жолу менен аткарылат. Тесттик билдирүү жиберүү жана жоопту алуу убактысы 10 секунддан ашык болбошу керек. ЫСО жана/же ФМОдон 10 секунддан ашык убакытта жооп келбесе тестирлөөдөн өтүүнүн натыйжасы терс жыйынтык берди деп саналат | |
4 | ПККМдин ишине бөгөт коюу: |
|
1) ПККМдин фискалдык режимин активдештирүүдөн кийин фискалдык эмес режимде иштөөгө аракет кылууда; |
| |
2) автоматтык тестирлөө терс натыйжа берген учурда, ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок учурларды кошпогондо; |
| |
3) ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон мезгилдин узактыгы төмөнкүдөн ашык учурда: | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде ПККМ кассалык чекте "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүүнү басып чыгарууга жана бардык кассалык операциялардын ишине бөгөт коюуга тийиш, нөөмөттү жабуудан сырткары. ЫСО жана/же ФМО менен байланыш калыбына келгенден жана байланыш жок мезгилде топтолгон бардык маалыматтар жиберилгенден кийин бөгөт автоматтык түрдө алып салынат. | |
- 10 секунд; | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде иштөө функциясы жок ПККМ үчүн милдеттүү талап | |
- 24 саат; | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде иштөө функциясы бар ПККМ үчүн милдеттүү талап | |
3) нөөмөттүн узактыгы 24 сааттан ашкан учурда, нөөмөттү жабуу операциясы аткарылганга чейин; | ПККМдин каттоо функцияларына коюлган бөгөт нөөмөттү жабуу операциясы аткарылгандан кийин алып салынышы керек | |
4) ПККМдеги убакыттын жана датанын мазмуну ЫСО жана/же ФМОдогу убакыттын жана датанын мазмунуна дал келбегенде; |
| |
5) ПККМдеги убакыттын жана датанын мазмунун өзгөртүүгө жана кассалык чектердин датасын жана/же убактысын мурдагы кассалык чектин датасы жана/же убактысынан азыраак түзүүгө аракет жасалганда; |
| |
5) ПККМдин иши үзгүлтүккө учураганда же ПККМге жана фискалдык маалыматтарга мыйзамсыз жетүүгө же маалыматтарды ЫСО жана/же ФМО жиберүүгө чейин аткарылган операцияларды жок кылууга аракет жасалган учурларда; | Бул учурлар окуяларды каттоо электрондук журналында катталууга тийиш | |
7) ЫСО жана/же ФМОдон касса боюнча операцияларды токтото туруу жөнүндө салык кызматы органдары тарабынан талап коюлган билдирүүлөр алынган учурда | Салык кызматы органдарынын талабы боюнча ишке бөгөт коюуда ПККМ бардык кассалык операциялардын ишине бөгөт коюуга тийиш, нөөмөттү жабуудан сырткары, жана салык кызматы органдарынын талабы боюнча ПККМге бөгөт коюлгандыгы жөнүндө билдирүүнү экранга чыгарууга жана/же кассалык чекке басып чыгарууга тийиш | |
5 | ПККМ төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр болбошу керек: |
|
1) ПККМ колдонуучу программалык бөлүктү өзгөртүүсү; |
| |
2) ушул Талапта көрсөтүлгөн ПККМ функцияларын өзгөртүү каралган ПККМдин программалык бөлүгүн автоматтык жаңылоо; |
| |
3) маалыматтарга, ПККМде сакталган ЫСО жана/же ФМОго жиберилген маалыматтарга түзөтүү киргизүү; |
| |
4) ПККМде сактабастан жана/же ЫСО жана/же ФМОго жибербестен фискалдык белгиси жок басып чыгарууга жиберүү; |
| |
5) өзгөртүү үчүн жана фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды алуу үчүн башка аппараттык-программалык каражаттарды жана программаларды ПККМге туташтыруу; |
| |
6) ККМдеги бир каттоо номери жана ПККМди иштеп чыгуучу тарабынан түзүлгөн уникалдуу идентификатору менен эки программаны бир учурда ишке киргизүү; |
| |
7) ЫСО жана/же ФМОго фискалдык эмес режимде туташтыруу |
| |
2. Маалыматтарды ЫСО жана/же ФМОго жиберүү жана кабыл алууга карата талаптар | ||
6 | Кассалык чектерге жана суткалык отчетко (Z-отчет) номерин, алар түзүлгөндөгү датасын жана убактысын ыйгаруу бардык фискалдык маалыматтар ЫСО жана/же ФМОго кабыл алынгандан жана сакталгандан кийин ЫСО жана/же ФМОдо ишке ашырылат | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде иштөө функциясы бар ККМ үчүн ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок учурда кассалык чектин номери жана алар түзүлгөн дата жана убакыт ПККМде ыйгарылат. Мында ПККМ номерлердин, датанын жана убакыттын ырааттуулугун камсыз кылууга тийиш |
7 | ЫСО жана/же ФМОдон операциянын катар номерин жана суроо, алуу жана чекти түзүү убактысы 10 секунддан ашпашы керек |
|
8 | Фискалдык отчетту жана суткалык отчетту (Z-отчет) түзүүдө ПККМ бардык фискалдык маалыматтарды ЫСО жана/же ФМОдон гана алат | Фискалдык маалыматтарды ЫСОдон ПККМге алуу протоколун (өз ара аракеттенүү форматын) ЫСО бекитет. Фискалдык маалыматтарды ФМОдон ПККМге алуу протоколун (өз ара аракеттенүү форматын) ФМО бекитет |
6. Аппараттык ККМге карата атайын талаптар 3-таблицада берилди.
3-таблица
№ | Параметрлердин аталышы | Эскертүү |
1. Аппараттык ККМге карата жалпы параметрлер | ||
1 | Ушул Талаптын 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген фискалдык эс тутумдун болуусу | Фискалдык эс тутум жок болгон АККМ моделдеринде бул талап АККМди ФМЖТго туташтыруу же ачылбай турган корпуста аткарылган фискалдык эс тутумга туташтыруу жолу менен аткарылат |
2 | Кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруунун алдында бардык аткарылган операциялар боюнча фискалдык маалыматтарды фискалдык эс тутумда милдеттүү сактоо, кассага салуу жана кассага төлөө/кассадан алуудан сырткары | Кассага салуу жана кассага төлөө/кассадан алуу операцияларын аткарууда маалыматтар нөөмөт жабылганга чейин АККМдин оперативдүү эске тутуу түзүлүшүндө сакталат |
3 | Автоматтык тестирлөөнүн болуусу: | Автоматтык тестирлөө АККМ ишке киргизилген учурда (нөөмөттүн башында) гана жүргүзүлөт |
1) негизги блоктор, түйүндөр жана программалык камсыздоо; |
| |
2) АККМде сакталган маалыматтардын бүтүндүгү; | Бул талап АККМде сакталган маалыматтарды салыштыруу жолу менен аткарылат | |
3) ЫСО жана/же ФМО менен байланышы | Бул талап иштөө процессинде ЫСО жана/же ФМО тесттик билдирүүнү жиберүү жана жоопту алуу жолу менен аткарылат. Тесттик билдирүү жиберүү жана жоопту алуу убактысы 10 секунддан ашык болбошу керек. ЫСО жана/же ФМОдон 10 секунддан ашык убакытта жооп келбесе тестирлөөдөн өтүүнүн натыйжасы терс жыйынтык берди деп саналат | |
4 | АККМдин ишине бөгөт коюу: |
|
1) АККМдин фискалдык режимин активдештирүүдөн кийин фискалдык эмес режимде иштөөгө аракет кылууда; |
| |
2) автоматтык тестирлөө терс натыйжа берген учурда, ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок учурлардан сырткары; |
| |
3) ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок болгон мезгилдин узактыгы 72 сааттан ашкан учурда; | ЫСО жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде АККМ кассалык чекте "Сервер менен байланыш жок" деген билдирүүнү басып чыгарууга жана бардык кассалык операциялардын ишине бөгөт коюуга тийиш, нөөмөттү жабуудан сырткары. ЫСО жана/же ФМО менен байланыш калыбына келгенден жана байланыш жок мезгилде топтолгон бардык маалыматтар жиберилгенден кийин бөгөт автоматтык түрдө алып салынат | |
4) кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруучу түзүлүштө чек тасмасы жок же үзүлгөн учурда; |
| |
5) нөөмөттүн узактыгы 24 сааттан ашкан учурда, нөөмөттү жабуу операциясы аткарылганга чейин; | АККМдин каттоо функцияларына коюлган бөгөт нөөмөттү жабуу операциясы аткарылгандан кийин алып салынышы керек | |
6) фискалдык отчетту алып салуу жана нөөмөттү жабуу операциясы аяктаганга чейин датага түзөтүү киргизүү аракети көрүлгөндө; | АККМдин бул функцияларын аткарууга коюлган бөгөт нөөмөттү жабуу операциясы аткарылгандан кийин алып салынышы керек | |
7) АККМдеги убакыттын жана датанын мазмунун өзгөртүүгө жана кассалык чектердин датасын жана/же убактысын мурдагы кассалык чектин датасы жана/же убактысынан азыраак түзүүгө аракет жасалганда; |
| |
8) АККМде авариялык учур келип чыкканда же маалыматтар фискалдык эс тутумга жазылгандан кийин жана/же алар ЫСО жана/же ФМОго берилгенден кийин аткарылган операцияларды алып салуу аракети көрүлгөндө; |
| |
9) АККМ фискалдык режимде иштөөдө фискалдык эс тутум толуп калган жана/же бузулганда (анын ичинде ФМЖТ жана/же фискалдык эс тутум өчүрүлгөн); | АККМдин каттоо функцияларына коюлган бөгөт бөгөт коюуга алып келген себептер жоюлгандан кийин алып салынышы керек. Мында АККМ, фискалдык эс тутум толуп калган учурда ортодогу жана суткалык отчетту - фискалдык отчетту алууга уруксат берет | |
10) АККМге мыйзамсыз жетүү аракети көрүлгөн, анын ичинде АККМге (анын ичинде фискалдык эс тутумга) жетүү үчүн туура эмес пароль киргизилген учурда; | Бардык операцияларды аткарууга жана паролду киргизүү режиминен чыгууга бөгөт коюлат жана пароль туура киргизилген учурга чейин күчүндө калат | |
11) АККМдин программалык башкаруусун жана фискалдык маалыматтарды модификациялоо жана мыйзамсыз жетүү аракети көрүлгөндө; |
| |
12) ЫСО жана/же ФМОдон касса боюнча операцияларды токтото туруу жөнүндө салык кызматы органдары тарабынан талап коюлган билдирүүлөр алынган учурда | Салык кызматы органдарынын талабы боюнча ишке бөгөт коюуда АККМ бардык кассалык операциялардын ишине бөгөт коюуга тийиш, нөөмөттү жабуудан сырткары, жана салык кызматы органдарынын талабы боюнча АККМге бөгөт коюлгандыгы жөнүндө билдирүүнү экранга чыгарууга жана/же кассалык чекке басып чыгарууга тийиш | |
5 | АККМ төмөнкүлөргө жол бербеши керек: |
|
1) АККМ колдонуучу программалык бөлүктү өзгөртүүгө; |
| |
2) ушул Талапта көрсөтүлгөн АККМ функцияларын өзгөртүү каралган АККМдин программалык бөлүгүн автоматтык жаңылоого; |
| |
3) фискалдык эс тутумда сакталган маалыматтарга түзөтүү киргизүүгө; |
| |
4) фискалдык маалыматтарды фискалдык эс тутумга сактабастан фискалдык белгиси жок басып чыгарууга жиберүүгө; |
| |
5) өзгөртүү үчүн жана фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды алуу үчүн башка аппараттык-программалык каражаттарды жана программаларды АККМге туташтырууга; |
| |
6) ЫСО жана/же ФМОго фискалдык эмес режимде туташтырууга |
| |
2. ЫСО жана/же ФМО маалыматтарды жиберүү жана кабыл алууга карата талаптар | ||
6 | Фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана алар ЫСО жана/же ФМОдон алынгандан кийин маалыматтарды жиберүү-кабыл алуу убактысы10 секунддан ашык болбошу керек |
|
Эскертүү.
1-3-таблицаларда берилген шарттуу белгилер:
"ККМ" | - | контролдук кассалык машиналар; |
"АККМ" | - | аппараттык контролдук кассалык машина; |
"ПККМ" | - | программалык контролдук кассалык машина; |
"ФМЖТ" | - | фискалдык маалыматтарды жиберүү түзүлүшү; |
"QR код" | - | матрицалык код (эки өлчөмдүү штрих код); |
"ЫСО" | - | ыйгарым укуктуу салык органы; |
"ФМО" | - | фискалдык маалыматтар оператору; |
"VPN (Virtual Private Network)" | - | виртуалдык жабык тармак. |
4. Фискалдык эс тутумга жана фискалдык маалыматтарды жиберүү түзүлүшүнө коюлган талаптар
7. Фискалдык эс тутум блок түрүндөгү конструкцияда же ККМдин курамында, аны таасир этүүнүн механикалык жана башка түрлөрүнөн коргоону камсыздоочу, жалпы ККМ аталышындагы каптооч алдында болушу керек. Фискалдык эс тутумдун башка жайгаштырууларына жол берилбейт.
8. Фискалдык эс тутум 24 сааттан ашык эмес убакыттагы нөөмөт аяктаганга чейинки контролду камсыздашы керек.
9. Фискалдык эс тутум фискалдык маалыматтардын суткалык отчету менен контролдук-кассалык чектерин түзөтүү киргизилбеген, энергияга көз каранды, узак убакытка сакталуучу корголгон түрдө камсыздоочу бир же бир нече фискалдык эс тутум түзүлүшүнө ээ болушу шарт.
10. Фискалдык эс тутум түзүлүшү фискалдык маалыматтарды каттоону жана сактоону төмөндөгүлөр боюнча камсыздоосу керек:
1) эксплуатациялоонун жүрүшүндө (фискалдык режимде) кайрадан жаздыруу жана/же селективдүү өчүрүүлөргө кандай гана шарттар болбосун жетүүгө мүмкүн болбогон 1000ден кем эмес сандагы суткалык (нөөмөттүк) отчетторду;
2) 30 (отуз) күндөн кем эмес аралыкта, кийинкилери ККМ фискалдык режимге которулган учурдан баштап катары менен, кайрадан жаздыруу жана/же селективдүү өчүрүүлөргө кандай гана шарттар болбосун жетүүгө мүмкүн болбогон контролдук-кассалык чектерди.
11. Фискалдык эс тутуму толуп калган учурларда бир гана контролдук-кассалык чектер боюнча фискалдык маалыматтарды нөлгө түшүрүү функциясын, 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана, ККМ фискалдык эс тутумга которулган учурдан тартып кийинкилерин катары менен пайдаланууга жана аларды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго чектердин өтмө катар номерлерин ырааты менен сактоо аркылуу жиберүүгө жол берилет.
12. Фискалдык эс тутумда каттала турган маалымат 4-таблицада берилди.
4-таблица
Жазуунун түрү | Реквизит | Реквизиттин разряддуулугу (ондук белгилер) | Жазуулардын саны |
ККМ номери | ККМ заводдук номери | 7ден кем эмес | 1 |
ККМ фискалдаштыруу | ККМ каттоо номери | 6дан кем эмес | 1 |
Субъекттин ИНН | 14төн кем эмес | 1 | |
ФМЖТ номери(*) | 7ден кем эмес | 1 | |
ФЭ номери(*) | 7ден кем эмес | 1 | |
ККМ фискалдаштыруу номери | 6дан кем эмес | 1 | |
Фискалдык отчет алуу үчүн пароль | 5тен кем эмес | 1 | |
Эсептешүү операциялары | Эсептешүү операциясынын түрүнүн коду | 2ден кем эмес |
|
Чектин номери | 4төн кем эмес |
| |
Негиздүү чектин номери | 4төн кем эмес |
| |
Чек катталган датасы | 6дан кем эмес |
| |
Чек катталган убактысы | 6дан кем эмес |
| |
Контролдук-текшерүүчү код; | 6дан кем эмес |
| |
Товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштардын аталышы | 24төн кем эмес |
| |
Товардын коду | 10дон кем эмес |
| |
Кызмат көрсөтүүнүн же жумуштун коду | 5тен кем эмес |
| |
Маркалоо коду | 70тен кем эмес |
| |
1 бирдик үчүн баа | 6дан кем эмес |
| |
Товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштардын саны | 6дан кем эмес |
| |
Товардын, кызмат көрсөтүүнүн же жумуштардын суммасы | 6дан кем эмес |
| |
Чек боюнча сумманын жыйынтыгы | 6дан кем эмес |
| |
Салыктын жыйынтык суммасы | 6дан кем эмес |
| |
Төлөмдүн түрүнүн коду (накталай же накталай эмес) | 1ден кем эмес |
| |
Нөөмөттү жабуу | Нөөмөттүн отчет берген датасы | 6дан кем эмес | |
Нөөмөттү жабуу номери | 4төн кем эмес | 1000ден кем эмес | |
Нөөмөттүк эсептешүү операцияларынын жыйынтыгы | 9дан кем эмес | ||
Кызматтык маалымат (милдеттүү) | Жазуулардын контролдук суммасы. | Өндүрүүчү өзү аныктайт | |
Фискалдык эс тутумда каттала турган жыйынтыктардын мазмунундагы үтүрдүн жайгашкан орду | |||
Эскертүү.
4-таблицада берилген шарттуу белгилер:
"ФМЖТ" | - | фискалдык маалыматтарды жиберүү түзүлүшү; |
"ФЭ" | - | фискалдык эс тутум. |
(*) маалымат жиберүү модулу жана/же фискалдык эс тутум жок ККМ моделдери үчүн талаптар.
13. Маалымат жиберүү модулу жана/же фискалдык эс тутум жок ККМ моделдеринде, ушул Талаптарды аткарылышын камсыз кылуу максатында фискалдык маалымат жиберүү жана/же фискалдык эс тутум түзүлүштөрүн туташтыруу мүмкүнчүлүгү каралышы керек, аларда ККМди туташтыруу үчүн көзөнөгү болуусу зарыл.
Фискалдык маалымат жиберүү жана фискалдык эс тутум түзүлүшүнүн конструкциясы ачылбай турган корпуста даярдалышы керек жана ККМде иштөөдө, штаттык приборлорду, жабдууларды жана керектүү материалдарды пайдалануу менен техникалык тейлөөдө механикалык, электрмагниттик жана башка таасирлерден корголууга тийиш.
5. Контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштырууга карата талаптар
14. ККМ фискалдык эмес жана фискалдык режимдеги иштерди камсыз кылуусу керек.
15. Фискалдык эмес режим ККМдин фискалдык маалыматтарды каттоодон башка бардык, фискалдык белгилерди түзүү жана басып чыгаруу, фискалдык отчетту алуу жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго маалыматтарды берүү сыяктуу функцияларын колдоого тийиш.
16. Фискалдык режим эксплуатациялоо боюнча документтерге толугу менен шайкештикте ККМдин ишин камсыздоосу керек. ККМ программасы менен таризделген бардык документтер (фискалдык маалыматтар камтылбаган документтерден башкасы), ККМдин конкреттүү моделинин эксплуатациялоо документинде көрсөтүлгөн жана фискалдык маалыматтарды түзүү иши аяктагандан кийин гана басып чыгарылган так айырмалоочу белгиде болууга тийиш.
17. ККМди фискалдаштырууда төмөндөгү реквизиттер киргизилет:
1) заводдук номери/ККМ версиясынын номери;
2) фискалдык маалыматтарды же фискалдык эс тутумду (маалыматтарды жана/же фиcкалдык эс тутумду жиберүү модулу жок ККМ моделдери үчүн) жиберүүчү түзүлүштүн номери;
3) ККМдин каттоо номери;
4) субъекттин жеке салык номери;
5) аутентификациялоо коду;
6) фискалдаштыруу өткөрүлгөн күн.
18. Жетүүнүн биринчи паролу жана фискалдаштырууну өткөрүү тартиби ККМдин конкреттүү моделинин эксплуатациялоо боюнча документинде көрсөтүлүшү керек.
6. Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар
19. ТКБ төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
1) субъект менен - ККМди сутканын 24 (жыйырма төрт) сааты, аптанын 7 (жети) күнү режиминдеги техникалык, кепилдик берүүчү жана сервистик камсыздоо боюнча келишимдердин негизинде;
2) ФМО менен - өз ара аракеттенүү макулдашуусунун негизинде.
20. ТТБда төмөнкүлөр болууга тийиш:
1) ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү менен алардын моделдери жана аталышы, тапшырылгандардын саны жана мөөнөтү көрсөтүлгөн тапшыруулар жөнүндө, ККМди техникалык жана кепилдик берүү жагынан колдоо тууралуу келишим. Эгерде, ТТБ ККМди иштеп чыгуучу болуп саналса, анда ТКБ Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ККМ, ККМди иштеп чыгуучуга берилген автордук укукту далилдөөчү документтерге ээ болушу керек;
2) техникалык камсыздоо үчүн ТКБ бекитип берген чекене баанын жана тарифтердин өлчөмүн көрсөтүү менен ККМ камсыздоочу моделдердин тизмеси;
3) ККМди орнотуу, эксплуатациялоо жана оңдоп-түзөө боюнча адистик көндүмдөрүн далилдөөчү ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү тарабынан берилген колдонуудагы сертификаттары бар кызматчылар;
4) ККМге күнү-түнү техникалык жана сервистик жактан колдоо көрсөтүп камсыздоо үчүн материалдык-техникалык база.
21. ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген (мындан ары - ККМ реестри) контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген гана ККМдин моделдерин сатууга, кепилдик берүү жана техникалык, сервистик тейлөөгө;
2) ФМО менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүү жана ККМди анын маалымат системасы менен интеграциялоону камсыздоого;
3) сутканын 24 (жыйырма төрт) сааты, аптанын 7 (жети) күнү режиминде ККМдеги техникалык бузулуулар пайда болгон учурларда сервистик кызмат көрсөтүүлөр үчүн керектүү сандагы кызматчыларды иштетүүгө;
4) ФМОго реалдуу убакыт режиминде ФМОнун маалыматтык системасы аркылуу фискалдык маалыматтарды жиберүү боюнча ККМдин ишин күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү ишке ашыруу жана мындай жиберүү болбогон учурларда ККМдеги бузулууну 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде жокко чыгарууга;
5) субъекттер жана салык кызматынын органдары кайрылган учурларда ККМде пайда болгон бузулууну 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде жокко чыгаруу;
6) ККМдин бузулууларын жокко чыгаруу боюнча субъекттердин кайрылууларынын журналын жүргүзүү, анда оозеки түрдөгү, кат жүзүндөгү/электрондук кайрылуулар, кайрылуунун күнү жана убактысын көрсөтүү менен так жазылат;
7) белгиленген мөөнөт ичинде ККМдеги бузулууну жокко чыгаруу мүмкүн болбогон учурларда, аны ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына каттоо керек жана оңдоо учурунда субъектке бузулган ККМдин ордуна башка ошол сыяктуу иштеген, ошондой техникалык мүнөздөмөлөргө ээ ККМди кайтарымсыз негизде берип туруу керек;
8) өз милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогон учурларда, субъекттерге, ФМОго жана ыйгарым укуктуу салык органына өз милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой жаткан учурга чейинки, 90 (токсон) календарлык күн ичинде кат жүзүндө билдирүү жиберүү керек;
9) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык субъекттерден алынган маалыматтардын жана башка дайындарды коргоону камсыз кылуу;
10) ККМге, анын ичинде фискалдык маалыматтарга уруксатсыз жетүүдө коопсуздукту камсыздоо.
22. ТТБ Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын кылмыштуу жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат:
1) ККМдеги фискалдык жана башка маалыматтардын уруксатсыз өзгөртүү үчүн, ошондой эле ККМдин программалык камсыздоосу алар ККМ реестрине киргизилгенден кийин уруксатсыз модификациялоо үчүн;
2) ушул Талаптардын 19-пунктунда жана ФМО менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбаган үчүн;
3) мамлекетке же субъектке зыян алып келүүчү иш-аракеттер/аракет кылбоо үчүн.
23. ТКБнын жоопкерчилиги ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМО маалымат системасы берген отчеттордун жыйынтыгына, салык кызматынын органдарынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ТКБ жана субъекттердин иш-аракеттерин контролдоону ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын контролдук иш-чараларына жараша аныкталат.
24. ТКБ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ФМОнун кызмат адамынан макулдашууну тиешелүү түрдө аткарууну талап кылууга;
2) өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө ФМОнун кызмат адамдарына гана жеткиликтүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырлардын сакталышын талап кылууга;
3) салык кызматынын органдарынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ТКБ жана субъекттердин иш-аракеттерин контролдоону ишке ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү же аракеттенбөөсү боюнча чечимдерге даттанууга;
4) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына каттоо жүргүзүү, кайра каттоо, каттоодон чыгаруу жана ККМдин ишине мониторинг жүргүзүү үчүн ФМО аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу;
5) ФМОнун маалыматтык системасы менен иштеген өзүнүн кызматчыларын, өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин тиешелүү түрдө окутууга;
6) субъект келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган учурларда ККМди камсыздоо боюнча келишимди бузууга.