Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-июну № 356
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 22-январдагы № 20, 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун өркүндөтүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4 жана 109-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеги, 2-тиркемеге ылайык;
- Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар, 3-тиркемеге ылайык;
- Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык;
- Фискалдык маалыматтардын операторуна карата талаптар, 5-тиркемеге ылайык;
- Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери, 6-тиркемеге ылайык;
- Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графиги, 7-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1, 9 жана 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 11-пунктундагы "2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун 1-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте ушул токтомду аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү менен контролдук-кассалык машиналардын убактылуу реестрин түзсүн жана ага контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга шайкеш келтирүү жол-жоболорусуз ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер пайдаланган реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын моделдерин киргизсин.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ушул токтом менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптарга жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген контролдук-кассалык машиналар каттоого алынбайт;
2) салык органдарында катталган, реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы жок эски үлгүдөгү контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер алар оң абалда болгон шартта гана 2020-жылдын 1-июлуна чейин колдонууга укуктуу;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды пайдаланган субъекттер аларды өткөрүү мөөнөтү аяктаганга чейин жана ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген графикте белгиленген шарттарда колдонууга укуктуу;
4) контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен сатып алуучулар же кардарлар менен акчалай эсептешүүлөрдө алдын ала төлөө (аванс) жана аягында төлөө (кредит) сыяктуу кассалык эсептешүү операцияларын аткаруу боюнча субъектке карата талаптар 2021-жылдын 1- июлунан тартып күчүнө кирет.
5) товарларды идентификациялоо (товарларды маркалоо) каражаттарынын коддору жөнүндө маалыматтын кассалык чектерде чагылдырылышын милдеттүү түрдө камсыз кылуу жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же фискалдык маалыматтардын операторуна реалдуу убакыт режиминде берүү тууралуу талаптарды аткаруу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 22-январдагы № 20, 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2020-жылдын 1-июлунан тартып:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын моделдерине карата техникалык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрин бекитүү жана аны түзүү эрежелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
2) 2022-жылдын 31-декабрынан тартып:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| 2-тиркеме |
Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмеги
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 22-январдагы № 20 , 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакцисына ылайык)
1. Ушул Тизмек Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык иштелип чыккан жана ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмегин, ошондой эле ККМди пайдалануудан бошотуу шарттарын жана мөөнөтүн аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө накталай/электрондук акча, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөр, эгер ушул Тизмекте башкача көрсөтүлбөсө, иштин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча ККМ пайдаланбастан жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) баалуу кагаздарды сатуу;
2) лотереялык билеттерди сатуу;
3) шаардык коомдук транспортто жүрүү үчүн жол жүрүү билеттерин жана талондорду сатуу;
4) поезддердеги жүргүнчүлөр жүрүүчү вагондордо жана самолёттордо чай жана башка коомдук тамак-аш азыктарын сатуу;
5) жеке мүнөздөгү (гувернантка, бала багуучу, бакчачы, үй кызматчылары) жана мал кайтаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын жана төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү, алардын накталай чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу операцияларынан сырткары;
7) Кыргыз Республикасынын диний уюмдардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн диний уюмдардын диний буюмдарды жана диний адабиятты диний имараттарда жана көчөдөгү күркөлөрдө сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле ырасым, диний ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрү.
3. Белгилүү мөөнөткө чейин ККМди колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу субъекттердин тизмеги жана ККМди колдонуудан бошотуу мөөнөттөрү 1-таблицада берилген.
1-таблица
№ | Субъекттер тарабынан ыктыярдуу патенттин негизинде ишке ашырылуучу иштин түрлөрү | Бошотуу мөөнөттөрү | |||
Бишкек жана Ош шаарларында | башка административдик-аймактык бирдиктерде | ||||
| соода борборлорунда жана үйлөрүндө жайгашкан, аянты 10 (он) кв. метрге чейинки түйүндөрдө товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу | 2021-жылдын 1-июлуна чейин | 2022-жылдын 1-январына чейин | ||
| убактылуу түйүндөрдү (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулмаларды) пайдалануу менен коомдук тамактануу түйүндөрүндө кызматтарды көрсөтүү | 2021-жылдын 1-июлуна чейин | 2022-жылдын 1-январына чейин | ||
| соода залынын аянты 20 (жыйырма) кв. метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулмаларда товарларды сатуу | 2021-жылдын 1-июлуна чейин | 2022-жылдын 1-январына чейин | ||
| жеңил транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу (такси кызмат көрсөтүүлөрү) боюнча кызматтарды көрсөтүү | 2022-жылдын 1-январына чейин | 2022-жылдын 1-июлуна чейин | ||
| калктан айнек идиштерди, утилдештирилүүчү чийки затты жана металл сыныктарын кабыл алуу | 2022-жылдын 1-январына чейин | 2022-жылдын 1-июлуна чейин | ||
| базарлардын, чакан базарлардын, көргөзмөлөрдүн, жарманкелердин аймагында жайгашкан төмөнкүлөрдөн тышкары товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү же жумуштарды аткаруу: | 2022-жылдын 1-апрелине чейин | 2022-жылдын 1-октябрына чейин | ||
| - дүкөндөрдөн; |
|
| ||
| - жайгашкан жеринин туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү, атайын жабдылган жана соода жүргүзүүгө арналган имараттарда жана курулуштарда жайкашкан стационардык соода объекттеринен; |
|
| ||
| - баалуу металлдардан жана таштардан жасалган зер буюмдарын сатуучу соода түйүндөрүнөн; |
|
| ||
| - окшош жайланыштырылган жана товардын көрүнө болушун, сакталышын камсыз кылуучу, соода залынын аянты 20 (жыйырма) кв. метр жана андан ашык болгон павильондордон, контейнерлерден жана башка стационардык эмес соода түйүндөрүнөн |
|
| ||
| тамак-аш азыктарынан тышкары, гүл өстүрүүчүлүк продукциясын жана айыл чарба продукциясын, эл керектөөчү товарларды аянты 7 (жети) кв. метрге чейинки күркөлөрдө жана ларектордо чекене сатуу | 2022-жылдын 1-апрелине чейин | 2022-жылдын 1-октябрына чейин | ||
| гезит-журнал күркөлөрүндө гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды сатуу | 2022-жылдын 1-июлуна чейин | 2023-жылдын 1-январына чейин | ||
| квас, сүт жана сергитүүчү суусундуктарды цистернадан/челектерден чекене сатуу жана автомобилден жашылчаларды, жемиштерди жана башка айыл чарба продукциясын сатуу | 2023-жылдын 1-январына чейин | 2023-жылдын 1-январына чейин | ||
| азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды колго көтөрүп майда чекене сатуу, кол арабада, себеттерде, лотоктордо (анын ичинде атмосфералык жаан-чачындан каркастар менен корголгон, полиэтилен плёнка, калың кездеме, брезент ж.б. менен капталган) сатуу | 2024-жылдын 1-январына чейин | 2024-жылдын 1-январына чейин | ||
| мейманкана кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана батирлерди суткасына ижарага берүүдөн тышкары, жеке менчик кыймылсыз мүлктү турак жай үчүн жалдоого берүү (ижарага берүү) | 2024-жылдын 1-январына чейин | 2024-жылдын 1-январына чейин | ||
|
|
7-тиркеме | |||
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графиги
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514, 2021-жылдын 22-январдагы № 20 , 2021-жылдын 31-мартындагы № 123 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул График Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген контролдук-кассалык машиналарга (мындан ары - ККМ) өтүү жана колдонуу мөөнөттөрүн белгилейт.
2. Ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталган жана ККМ пайдаланган субъекттер, эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, аларды ушул Графиктин 1-таблицасында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин пайдаланууга укуктуу.
3. Ушул Графиктин 2-пунктунда көрсөтүлгөн ККМди колдонууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 2-пункутчасына ылайык аларды 2021-жылдын 1-июлунан кечиктирбеген мөөнөттө толуктап иштеп чыккан (модернизацияланган) шартта гана жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясында) Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга карата убактылуу техникалык талаптарга жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген ККМди колдонууга жол берилбейт жана 2021-жылдын 1- июлунан тартып АМСтен каттоодон чыгарылууга тийиш.
5. Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМге өтүү жана колдонуу мөөнөттөрү 1-таблицада берилген.
1-таблица
№ | Субъекттер жүргүзгөн иштин түрлөрү | Өтүү жана колдонуу мөөнөттөрү |
1-этап (Бишкек жана Ош шаарларында) | ||
1 | Соода аянты 200 кв. метрден ашык стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2021-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен |
2 | Отуруучу орундун саны 200дөн көп жана/же аянты 300 кв. метрден ашык болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2021-жылдын 1- июлунан кечиктирбестен |
3 | Дарыканаларда дары каражаттарын сатуу | 2021-жылдын 1- июлунан кечиктирбестен |
4 | Стационардык жайларда медициналык кызматтарды көрсөтүү жана медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрү | 2021-жылдын 1- июлунан кечиктирбестен |
5 | Соода аянты 100дөн 200 кв. метрге чейинки стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2021-жылдын 1- октябрынан кечиктирбестен |
6 | Соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү | 2021-жылдын 1- октябрынан кечиктирбестен |
7 | Отуруучу орундун саны 100дөн 200гө чейин жана/же аянты 200 кв. метрден ашык болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2021-жылдын 1- октябрынан кечиктирбестен |
8 | Соода аянты 100 кв. метрге чейинки стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
9 | Отуруучу орундун саны 100гө чейин болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
10 | Милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иш | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
11 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн, автотранспорт каражаттарына май куюучу станцияларда мунай продуктуларын сатуудан тышкары, экономикалык иштин башка түрлөрү | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
2-этап (башка административдик-аймактык бирдиктерде) | ||
1 | Соода аянты 200 кв. метрден ашпаган стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
2 | Отуруучу орундун саны 200дөн көп жана/же аянты 300 кв. метрден ашык болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2022-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
3 | Дарыканаларда дары каражаттарын сатуу | 2022-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен |
4 | Стационардык жайларда медициналык кызматтарды көрсөтүү жана медициналык лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрү | 2022-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен |
5 | Соода аянты 100дөн 200 кв. метрге чейинки стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2022-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен |
6 | Соода борборлорунда жайгашкан түйүндөрдө товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү | 2022-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен |
7 | Отуруучу орундун саны 100дөн 200гө чейин жана/же аянты 200 кв. метрден ашык болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2022-жылдын 1-июлунан кечиктирбестен |
8 | Соода аянты 100 кв. метрге чейинки стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу | 2022-жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен |
9 | Отуруучу орундун саны 100гө чейин болгон коомдук тамактануу жайларынын кызмат көрсөтүүлөрү | 2022-жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен |
10 | Милдеттүү патенттин негизинде жүргүзүлүүчү иш | 2023-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |
11 | Жогоруда көрсөтүлбөгөн, автотранспорт каражаттарына май куюучу станцияларда мунай продуктуларын сатууну кошпогондо, экономикалык иштин башка түрлөрү | 2023-жылдын 1-январынан кечиктирбестен |