Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык корутунду берүү жана контролдук-кассалык машиналардын реестрин түзүү тартиби
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) контролдук-кассалык машиналардын реестрине (мындан ары - ККМ реестрине) киргизүү жана чыгаруу тартибин, ошондой эле ККМдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык талаптарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө техникалык корутунду (мындан ары - техникалык корутунду) берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
1) арыз ээси - анын кайрылуусу боюнча байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан техникалык корутундуну берүү жөнүндө маселе каралган жак;
2) ККМди экспертизалоо боюнча орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келиши боюнча ККМдин моделдерине, фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүштөрүнө жана фискалдык эс тутумга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча функцияларды өз алдынча аткаруучу ата мекендик уюм.
Ушул аныктаманын максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте аккредитациядан өткөн ата мекендик уюмдар ККМди экспертизалоо боюнча орган болуп саналат;
3) ККМ реестри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келишине карата белгиленген тартипте ырастама алган ККМдин ар бир модели боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын жыйындысы;
4) техникалык документтер - төмөнкүлөрдү камтыган документтердин топтому:
- ККМдин шайкештик сертификаттарын;
- ККМдин программалык сыпаттамаларын;
- техникалык паспортту, техникалык мүнөздөмөлөрдүн сыпаттамасын, оңдоо боюнча документтерди, күбөлөндүрүү методикаларын жана аппараттык ККМдин жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн же фискалдык эс тутумдун түстүү сүрөтүн;
- ККМде фискалдык жана фискалдык эмес режимде басылып чыгуучу, түзүлгөн чектер менен отчеттордун үлгүлөрү.
5) ККМге эксперттик корутунду - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга ККМдин моделинин, фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн жана фискалдык эс тутумдун шайкештиги жөнүндө корутунду, ал ККМди экспертизалоо боюнча орган тарабынан берилет, анда ККМдин төмөнкүлөр боюнча талаптарга шайкештиги жөнүндө маалыматтар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш:
- ККМди санкцияланбаган модификациялоодон жана фискалдык маалыматтарга аларды өчүрүү же оңдоо максатында жетүүдөн коргоо боюнча;
- фискалдык маалыматтарды корголгон түрдө сактоо жана өткөрүп берүү боюнча;
- байланыш каналдарын пайдалануу боюнча.
6) эксплуатациялоо документтери - иштеп чыгуучу, системалык администратор жана пайдалануучу үчүн колдонмону камтыган, ККМди пайдалануу, анын ичинде фискалдаштыруу боюнча, эсептешүү операцияларын жүргүзүү жана фискалдык жана кассалык отчетторду алуу боюнча толук нускаманы камтыган документтердин пакети.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. ККМдин ар бир модели субъектке же аны андан ары субъектке сатуу үчүн башка адамга сатылганга чейин байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкештик жол-жобосунан, ошондой эле ККМдин реестрине киргизүү жол-жобосунан өтүшү керек.
4. ККМдин моделдери байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМдин реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы ККМдин реестрин жүргүзөт:
1) программалык ККМдин:
- ыйгарым укуктуу салык органы жана/же фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО) менен туруктуу байланышта иштеген;
- ыйгарым укуктуу салык органы жана/же ФМО менен байланыш жок болгон мезгилде байланыш калыбына келээри менен автоматтык түрдө өткөрүлүп берилүүчү кассалык операциялар боюнча маалыматтарды шифрленген жана өзгөрбөгөн түрдө сактоону камсыздоочу аппараттык-программалык же программалык чечимдер бар;
2) аппараттык ККМдин:
- маалыматтарды берүүчү кошумча орнотулган түзүлүшү (модем) жана фискалдык эс тутуму (мындан ары - ФЭ) бар;
- конструкциясында фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн (мындан ары - ФМБТ) же ФЭ моделдерин көрсөтүү менен маалыматтарды берүү түзүлүшү (модеми) же ФЭ жок, туюк корпуста салынган, алар болгон учурда ККМ маалыматтарын пайдаланууга уруксат берилген.
6. ККМ реестри төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) уюштуруу-укуктук формасын, ошондой эле алардын байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен, ККМди иштеп чыгуучунун толук аталышын жана идентификациялык салык номерин;
2) ККМдин моделинин, анын ичинде конструкциясында ФМБТ же ФЭ моделдерин көрсөтүү менен маалыматтарды берүү түзүлүшү (модеми) же ФЭ жок, туюк корпуста салынган, алар болгон учурда ККМ маалыматтарын пайдаланууга уруксат берилген ККМдин моделинин аталышы;
3) ККМ жана/же ФМБТ/ФЭ иштелип чыккан дата;
4) ККМдин модели ККМ реестрине киргизилген дата;
5) оң жагына техникалык корутунду берилген дата жана номери;
6) ККМге эксперттик корутундуну берген ККМди экспертизалоо боюнча органдын толук аталышы;
7) ККМдин моделдери пайдаланылышы мүмкүн болгон иштин чөйрөсү (акча алмаштыруу бюросу, нотариус, күрөөкана ж.б.), анын ичинде ККМди Интернет тармактарындагы электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен эсептешүү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн бир гана автоматтык түзүлүштөрдө гана пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар;
8) ыйгарым укуктуу салык органы жана/же ФМО менен байланыш жок мезгилде ККМдин функционалдык иштөө мүмкүнчүлүгү.
7. Арыз ээлеринин кайрылууларын кароо максатында байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу салык органынын жана улуттук коопсуздук жаатындагы, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнөн турган курамда ведомстволор аралык комиссия түзүүнү демилгелейт.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы жана иштөө регламенти байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан демилгеленген биргелешкен буйрук менен макулдашылат жана бекитилет.
9. Ведомстволор аралык комиссия ККМ боюнча сунуштаган чечимдерге техникалык баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттерди жана ККМди экспертизалоо боюнча органдын адистерин тартууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу салык органы байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга себептерин жана далилдүү жүйөлөрүн көрсөтүү менен ККМ реестрине киргизилген ККМдин моделдеринин ККМ жана/же ФМӨТ/ФЭ моделдеринин техникалык талаптарына шайкештигин кайра кароо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө кайрылууга укуктуу.
11. ККМ моделдеринин техникалык талаптарына шайкештик жол-жобосунан өтүү үчүн арыз ээлери байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуулары жана эркин формадагы арызы менен бирге төмөнкүлөрдү берүүлөрү керек:
1) ККМди иштеп чыгуучу же анын расмий өкүлү менен түзүлгөн ККМди жана/же ФМБТ/ФЭни жеткирүү, техникалык жана кепилдик жактан колдоо жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн, анда моделдери жана кепилдиктеги жана кепилдиктен кийинки оңдоо шарттары айтылат. Эгерде арыз ээси ККМди иштеп чыгуучу болсо, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуучунун ККМге автордук укугун ырастаган документтер берилет;
2) ККМдин моделинин бир нускасы;
3) кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү техникалык документтер;
4) кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү эксплуатациялоо документтери;
5) ККМге эксперттик корутунду. Эксперттик корутунду ушул Тартипте каралган учурларда арыз ээси тарабынан берилет;
6) ККМ жана/же ФМБТ/ФЭ иштеп чыгуучу бекиткен фискалдык маалыматтарды модификациялоо, редакциялоо же өчүрүү фактыларын аныктоо үчүн текшерүү инструменттери жана методдору.
12. Байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсинен документтердин толук пакетин жана ККМдин моделинин бир нускасын алгандан кийин арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде аны маалыматтардын толуктугуна карата карап чыгат жана документтердин толук пакети берилген учурда документтерди жана ККМ моделин кароо үчүн ведомстволор аралык комиссиянын чогулушун демилгелейт.
13. Ведомстволор аралык комиссия 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ККМдин моделинин ККМге техникалык талаптарга шайкештигин карап чыгуу жол-жобосун жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча ККМ моделинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө чечим чыгарат.
14. Арыз ээси ККМге эксперттик корутундуну берген учурда, ведомстволор аралык комиссия төмөнкү функциялардан тышкары, ККМге карат техникалык талаптарга шайкештигин карап чыгат:
- ККМди санкцияланбаган модификациялоодон жана фискалдык маалыматтарга аларды өчүрүү же оңдоо максатында жетүүдөн коргоо;
- фискалдык маалыматтарды корголгон түрдө сактоо жана берүү;
- байланыш каналдарын пайдалануу.
15. Арыз ээсинин ККМге эксперттик корутундусу болбогон учурда, ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ККМдин толугу менен шайкеш келишин кароосу тийиш. Кароонун жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ККМ боюнча сунушталган чечимдерди техникалык баалоо үчүн программалык продукттар жаатындагы көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу.
16. Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө чечим чыгарылган учурда, байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине тийиштүү корутундуну берет.
17. Байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкештиги жөнүндө техникалык корутундуну берүүнүн жыйынтыгы боюнча аны ыйгарым укуктуу салык органына жиберет;
2) берилген техникалык корутундулардын реестрин ведомствонун расмий сайтында жарыялайт.
18. Ыйгарым укуктуу салык органы ККМдин моделинин техникалык талаптарга шайкештиги жөнүндө техникалык корутундуну алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ККМдин көрсөтүлгөн моделин ККМ реестрине киргизет, ал ведомствонун расмий сайтында жарыяланат.
19. Байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ККМдин моделинин техникалык талаптарга шайкеш эместиги тууралуу техникалык корутундунун негизинде ыйгарым укуктуу салык органы ККМ моделдерин ККМ реестринен чыгарат.
20. ККМдин моделинин нускаларынан ал ККМ реестрине киргизилгенден кийин техникалык талаптарга шайкеш эместиги, анын ичинен ККМдеги фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүү жана ККМдин программалык камсыздоосун санкцияланбаган модификациялоо аныкталган учурда, ККМдин бул модели техникалык корутундунун негизинде ККМ реестринен чыгарылууга тийиш. ККМдин моделинин ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш эместиги ырасталган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан колдонулган ККМдин ошол моделинин нускалары субъекттерге 10 (он) жумуш күн мурун алдын ала кабарлоо менен ыйгарым укуктуу салык органынын каттоосунан алып салынууга жана техникалык корутундуну алган күндөн баштап ККМ реестринен чыгарылууга тийиш.
21. ККМге карата техникалык талаптар өзгөртүлгөн учурда, мурда ККМ реестрине киргизилген жана жаңы кабыл алынган ККМге карата техникалык талаптарга шайкеш келбеген ККМдин моделдеринин нускалары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, ККМге карата жаңы кабыл алынган техникалык талаптар күчүнө кирген күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күн субъекттер тарабынан колдонулат жана ККМ реестринен чыгарылууга тийиш эмес.
22. ККМге карата жаңы кабыл алынган техникалык талаптарга шайкеш келбеген, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган жана субъекттер тарабынан колдонулган ККМ моделдеринин нускалары 90 (токсон) календарлык күн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка мөөнөт аяктаганда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан техникалык тейлөө борборлорун, ФМО жана субъекттерди 10 (он) жумуш күн мурун алдын ала кабарлоо менен 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде каттоодон алып салынууга жана ККМ реестринен чыгарылууга тийиш.