Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомуна) |
Контролдук-кассалык машиналарды пайдалануунун типтүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү эрежелер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана соода операцияларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун негизги эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларын жүргүзүүдө же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө накталай акча/электрондук акча, банктык төлөм карталары жана башка төлөм инструменттери аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөр контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу жана контролдук-кассалык чекти кагаз жүзүндө жана/же автоматтык окууга жарактуу түрдө берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
3. Субъекттерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга шайкештик жол-жобосунан өткөн, байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан техникалык корутунду алган жана контролдук-кассалык машиналардын реестрине киргизилген ККМдин моделдерин гана колдонууга уруксат берилет.
4. ККМди каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык ишке ашырылат.
5. Ушул Типтүү эрежелердин сакталышын салык кызматынын органдары контролдошот.
6. Ушул Типтүү эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат;
1) кассир-операционист - милдетине ККМди колдонуу аркылуу сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү операцияларын жүргүзүү кирген субъекттин жооптуу адамы;
2) кассалык орун - сатып алуучулар (кардарлар) менен соода операцияларында, кызматтарды көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда бир же бир нече кассир-операционисттердин иштөөсү үчүн арналган соода залынын аянтынын бөлүгү;
3) кассалык ящик - бир нөөмөт ичинде накталай акча каражаттарын салуу жана сактоо үчүн арналган кассалык орундун атайын бөлүгү;
4) соода залы - соода операцияларында, кызматтарды көрсөтүүдө же жумуштарды аткарууда сатып алуучуларды (кардарларды) тейлөө үчүн арналган жайдын атайын жабдылган негизги бөлүгү.
Ушул Типтүү эрежелерде колдонулуучу башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган мааниде пайдаланылат.
2. Кассир-операционисттин ишин уюштуруу
7. Соода объектинин кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана керектөөчүлөрдү (кардарларды) тейлөө Кыргыз Республикасынын соода ишин жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен соода жүргүзүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу эрежелерине ылайык ишке ашырылышы керек.
8. Сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү операцияларын жүргүзүү үчүн субъекттер сатып алуучулардын (кардарлардын) соода залына эркин кирүүсүн камсыз кылууга милдеттүү, анда кассалык орун жана сатууга сунушталган товарлардын ассортиментин, көрсөтүлүүчү кызматтардын же аткарылуучу иштердин тизмеги жайгаштырылуучу жер уюштурулушу тийиш.
9. Кассалык орун ККМ, накталай эмес формада эсептешүүдө колдонулуучу аппараттык перифериялык түзүлүштөр (POS-терминалдар) жана кассалык ящик менен жабдылууга тийиш.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматты милдеттүү түрдө берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган, кызматтар көрсөтүлгөн жана жумуштар аткарылган учурда кассалык орун товарлардын коддорун окуучу атайын жабдуулар жана товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алууну программалык камсыздоо менен жабдылууга тийиш.
11. Кассалык орунда, анын ичинде кассалык ящикте субъекттердин, кассир-операционисттердин жана соода объектинин башка кызматкерлеринин жеке накталай акча каражаттарын жана мурдагы кассалык нөөмөттөрдөгү накталай акча каражаттарын сактоого тыюу салынат.
12. Мурдагы кассалык нөөмөттөгү акча каражаттары жумуш нөөмөтүнүн аягында же кийинки нөөмөт башталганга чейин инкассацияланууга жана кассалык орундан тышкары, бул максат үчүн багытталган башка жерлерде сакталууга тийиш.
3. Контролдук-кассалык машиналарды ишке даярдоо
13. Техникалык минимум көлөмүндө ККМди колдонуу боюнча эрежелерди өздөштүргөн жана ушул Типтүү эрежелерди билген адамдардын ККМде иштөөсүнө жол берилет. Иштөөгө жол берилген адамдар менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлөт.
14. Субъекттер соода объектинин иши башталаардын алдында төмөнкүлөргө тийиш:
1) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүү үчүн зарыл болгон санда майда купюрлар менен, ошондой эле ККМдин колдонулуучу тиби үчүн каралган тийиштүү өлчөмдөгү чектик ленталар жана башка чыгымдалуучу материалдар менен кассир-операционистти камсыз кылууга;
2) кассир-операционистке иш башталганга чейин берилген накталай акча каражаттарын ККМге киргизүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө;
3) кассир-операционистке ККМдин оң абалда экендигине жана жумуш ордунун ишти баштоого даярдыгына ынануу менен иштин баштоо жөнүндө көрсөтмө берүүгө.
15. Кассир-операционист ККМде иштеп баштаардын алдында төмөнкүлөргө тийиш:
1) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө колдонулуучу ККМдин жана башка жабдуулардын оң абалда экендигин текшерүүгө жана кассалык чектердин мөөрлөрү үчүн түзүлүштө чектик ленталардын болушун текшерүүгө;
2) нөөмөттүн ачылышы жөнүндө отчетту түзүүгө жана сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө майдалоо үчүн алынган суммадагы акчаны ККМге киргизүү операциясын жүргүзүүгө.
16. Эгерде ККМ жумушчу режимге которулбаса, кассир-операционист себебин аныктоого жана аны жоюуга тийиш. Эгерде бузууларды четтетүү боюнча бардык аракеттер ККМди жумушчу абалга келтирбесе, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органы жана/же фискалдык маалыматтардын оператору менен байланыш жок экендигин аныкталган учурда, кассир-операционист ККМди техникалык тейлөө борборуна (мындан ары - ТТБ) бул тууралуу кабарлоого тийиш.
4. Нөөмөт ичиндеги кассир-операционисттин иши
17. Кассир-операционист нөөмөт ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ККМдин ошол моделин пайдалануу боюнча колдонмого ылайык суммаларды киргизүү операцияларын жүргүзүүгө;
2) сатылып жаткан товардын баасына же көрсөтүлүүчү кызматтарга же аткарылган жумуштарга прейскурантка (менюга) ылайык бир сатып алуучу (кардар) үчүн ККМдин индикаторунун көрсөтмөсү боюнча же эсептөөчү түзүлүштөрдүн жардамы менен сатып алынган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн же жумуштардын жалпы суммасын аныктоого жана аны сатып алуучуга (кардарга) айтууга;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча милдеттүү түрдө маалымат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган учурда товарлардын коддорун окуучу атайын жабдуу аркылуу товардын кодун окууну камсыз кылууга жана товар жөнүндө (аталышы, коду, саны, 1 (бир) бирдик үчүн баасы) маалыматы бар контролдук-кассалык чекти берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар сатылган учурда товарлардын коддорун окуучу атайын жабдуу аркылуу маркалоонун кодун окууну камсыз кылууга жана товарларды маркалоо белгиси бар контролдук-кассалык чекти берүүгө;
5) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө:
- сатып алынган товардын, кызмат көрсөтүүнүн жана жумуштун жалпы суммасын так атоого;
- сатып алуучудан (кардардан) төлөө ыкмасы (накталай же накталай эмес) жөнүндө суроого;
- кагаз жүзүндөгү контролдук-кассалык чекти берүү мүмкүн болбогон учурда, бул тууралуу эсептешүү жүргүзгөнгө чейин сатып алуучуга (кардарга) билдирүүгө;
- сатып алуучу (кардар) товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар үчүн акыны төлөм инструменттери аркылуу накталай эмес формада төлөгөн учурда, эсептешүүнү Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- сатып алуучу (кардар) накталай формада төлөгөн учурда андан товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар үчүн акча алууга;
- алынган акчанын суммасын сатып алуучунун (кардардын) көзүнчө өзүнчө коюуга жана бул суммага ККМден контролдук-кассалык чекти басып чыгарууга;
- кайтарылып берилүүчү сумманы атоого жана аны сатып алуучуга (кардарга) контролдук-кассалык чек менен бирге берүүгө.
18. Сатып алуучу (кардар) эсептешүүгө чейин абоненттик номерин же электрондук почта дарегин берген учурда, кассир-операционист электрондук формадагы контролдук-кассалык чекти сатып алуучунун (кардардын) берилген абоненттик номерине же электрондук почтасынын дарегине жибериши керек (сатып алуучуга (кардарга) электрондук формада маалыматты берүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда).
19. Сатып алуучунун (кардардын) макулдугу боюнча контролдук-кассалык чекти шилтеме (QR-код, интернет сайт, мобилдик тиркеме жана башка ыкмалар аркылуу чекти алуу үчүн атайын код) гана көрсөтүлгөн кыскартылган маалымат менен кагаз жүзүндө берүүгө жол берилет, ал аркылуу сатып алуучу (кардар) чектин толук электрондук вариантын ала алат. Мында контролдук-кассалык чекте субъекттин жана ККМдин реквизиттери, чектин номери, катталган датасы жана убактысы жана чектин жыйынтык суммасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.
20. Сатып алуучу (кардар) реквизиттери бар электрондук формадагы контролдук-кассалык чекти ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык сервисин же электрондук түзүлүштөр үчүн башка программалык камсыздоону (планшет, уюлдук телефон) пайдалануу менен, ыйгарым укуктуу салык органынын мындай маалыматтык сервисине сатып алуучунун (кардардын) кирүүсүн камсыз кылган кассалык чектин QR-кодун окуу аркылуу өз алдынча ала алат.
21. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же жумуштар боюнча акча каражаттары ошол ККМден мурда берилген контролдук-кассалык чек болгон учурда гана кайтарылып берилет. Кайтарып берүү операциясы кайтарып берүү таризделген чектин катар номерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт жана учурдагы жана мурдагы нөөмөттөрдүн нөөмөттүк жыйынтыгын азайтпайт (өзгөртпөйт).
22. Сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кассир-операционист ККМдин функционалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй кайтарып берүү операциясын жүргүзөт:
- толук кайтарып берүү гана функциясы болгон учурда - кайтарып берүү чеги кайтаруу таризделүүчү контролдук-кассалык чектин бардык реквизиттерин көрсөтүү менен таризделет жана нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы жана контролдук-кассалык чек менен кошо берилет. Сатып алуучу (кардар) товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жарымын кайтарып берген учурда кайтарып берүү чеги бардык контролдук-кассалык чекке таризделет жана калган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө жаңы контролдук-кассалык чек чыгарылат жана сатып алуучуга (кардарга) тапшырылат;
- жарым-жартылай кайтарып берүү функциясы болгон учурда - кайтарып берүү чеги кайтарылуучу товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча гана реквизиттерди көрсөтүү менен таризделет жана нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына сатып алуучунун (кардардын) жазуу жүзүндөгү арызы менен берилет. Мында кайтарып берүү таризделген контролдук-кассалык чек товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жарымын кайтарып берүү жөнүндө кассир-операционисттин белгиси менен сатып алуучуга (кардарга) кайтарылат.
23. Туура эмес контролдук-кассалык чек чыгарылган учурда, жарабай калган чекке кайтарып берүү чеги таризделет, ал нөөмөттүн аягында субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына туура эмес чыгарылган чек жана субъекттин атына түшүнүк кат менен кошо берилет.
24. Кайтарып берүү операциясын жүргүзүү үчүн кассалык ящикте накталай акча каражаты жетишсиз болгон учурда, кассир-операционист субъекттен же субъекттин жооптуу кызмат адамынан кайтарып берүү операциясын жүргүзүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү накталай акча каражатын алышы керек жана ККМге акча салуу операциясын жүргүзүү жолу менен ККМге аталган сумманы киргизет.
25. Сатуучунун, заказ кабыл алуучунун иш ордуна ККМ орнотулган учурда аларга кассир-операционисттин милдеттери жүктөлөт.
26. Нөөмөт ичинде ККМ бузулуп калган учурда, анын ичинде ыйгарым укуктуу салык органы жана/же фискалдык маалыматтардын оператору менен байланыш жок экендиги аныкталган учурда, кассир-операционист себебин аныктоого жана бул тууралуу ТТБга билдирүүгө тийиш.
27. Кассир-операционист сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө квитанциялардын бланктарын колдонууга жана квитанциялардын бланктарын эсепке алуу журналына тиешелүү жазууларды киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда жана мөөнөттө мындай эсептешүүлөр боюнча кассалык чекттерди чыгарууну камсыз кылууга милдеттүү.
5. Кассир-операционисттин ишинин аякташы
28. Кассалык нөөмөт аяктаганда кассир-операционист төмөнкүлөргө тийиш:
1) сатып алуучулар (кардарлар) менен эсептешүүдө майдалоо үчүн иш башталаардын алдында алган толук суммага ККМге акча төлөө операциясын жүргүзүүгө;
2) ККМде нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүгө жана түшкөн акчаны жана башка төлөм документтерин даярдоого;
3) кассалык отчетту түзүүгө жана субъектке же субъекттин жооптуу кызмат адамына кириш ордери боюнча кассалык отчет менен бирге түшкөн акчаны берүүгө.