Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 362 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызжылуулукэнерго" МИ) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп саналат.
2. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин бирдиктүү системасын анын борбордук аппараты, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү түзөт.
4. Толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызтеплоэнерго" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
5. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргызжылуулукэнерго" МИ";
2) расмий тилде: "ГП "Кыргызтеплоэнерго".
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч., 88.
7. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук абалы
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргызжылуулукэнерго" МИге бекитип берилген мүлккө карата укуктук ээлик кылат жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин уюштуруучусу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишин жалпы жетектөөчү жана координациялоочу, тармактык маселелер боюнча ишин стратегиялык пландоону ишке ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну контролдойт.
9. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча обочолонгон мүлкү бар жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкана болуп саналат.
10. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өз ишинин предметине жана максаттарына ылайык ушул Уставда белгиленген жарандык укуктары бар юридикалык жак болуп саналат жана ага ушул иш менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
11. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү эмблемасы, бланктары бар.
12. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин негизги иш түрлөрү болуп: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо түрүндө сатуу, электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу; керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу саналат.
13. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин негизги максаттары болуп жылуулук, электр жана суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жылуулук жана суу менен камсыздоо жаатында социалдык багыттагы мамлекеттик программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу саналат.
14. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин негизги милдеттерине чыгымдарды азыраак кетирүү менен керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы, ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо кирет.
15. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ сот органдарында жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана/же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
16. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө тапшырма (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
17. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ жарандык мыйзамдарга ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарды алууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
18. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү түзө алат, аларды түзүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгилеген тартипте ишке ашырылат.
19. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде өзүнүн борбордук аппараты, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу жүзөгө ашырат.
20. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин курамына төмөнкү филиалдар кирет:
1) "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Кара-Балта шаары, Өнөр жай зонасы;
2) "Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Токмок шаары, Шамси көч., 59а;
3) "Караколдогу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Каракол шаары, Р.Люксембург көч., 66;
4) "Беловодскдеги райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы" филиалы, Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Ломоносов көч., 1а;
5) "Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Орловка шаары, Кирпичная көч., 25;
6) "Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Нарын шаары, Чаначев көч., 22;
7) "Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Жалал-Абад шаары, Сузак көч., 26;
8) "Канттагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кант шаары, Токтогул көч., 60;
9) "Караколдогу "Жылуулук" ишканасы" филиалы, Каракол шаары, Фучик көч., 24а;
10) "Чолпон-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Чолпон-Ата шаары, 3-кичи району, н/ж;
11) "Бостеридеги жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы, Бостери көч., 18;
12) "Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Балыкчы шаары, Озерный көч., 212;
13) "Жумгалдагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы" филиалы, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы, Ленин көч., 101;
14) "Таластагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Талас шаары, Почтовая көч., 4а;
15) "Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси" филиалы, Ош шаары, Голубев көч., 3;
16) "Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Майлуу-Суу шаары, Верхняя көч., 2;
17) "Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Таш-Көмүр шаары, Чыныбаев көч., 111;
18) "Кочкор-Атадагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кочкор-Ara шаары, Пионер көч., 32;
19) "Кетмен-Төбөдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалы, Кара-Көл шаары, Кетмен-Төбө ш.т.к., Шамшыкал көч., н-ж;
20) "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалы, Нарын облусу, Жумгал району, Миң-Куш айылы, 17-аянтча, Пионер көч. 16;
21) "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна" филиалы, Бишкек шаары, Багыж чолок көч., 78;
22) "Республикалык адистештирилген комбинат" филиалы, Бишкек шаары, Фучик көч., 7а;
23) "Чүйдөгү "Кристалл" ишканасы" филиалы, Чүй облусу, Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көч., 86.
21. Ушул Устав аркылуу жөнгө салынбай калган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
22. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) буу казандардын жана көмөкчү жабдуулардын, бардык объектилердин, курулмалардын жана коммуникациялардын ишин чарба жүргүзүү укугунун негизинде камсыздайт;
2) откананы жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык тейлөөнү, оңдоону, техникалык эксплуатациялоону жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
3) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, буу казандар менен откана жабдууларын монтаждоочу, пландуу-алдын алуучу, оңдоочу-калыбына келтирүүчү иштерди аткарат;
4) откана чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте жылуулук, электр жана суу менен жабдуу, саркынды сууларды чыгаруу объекттерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
6) бир түзүлүштүн - когенерациялык орнотмонун ичинде электр жана жылуулук энергиясын айкалыштырып өндүрөт же технологиялык процесстердин жоготууга учурай турган энергетикалык потенциалын электр жана жылуулук энергиясына кайра айландырат (когенерация);
7) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
8) ишканаларды жана уюмдарды жаңы технологиялар жана стандарттык эмес жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өркүндөтөт;
9) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
10) жылуулук, электр энергиясы менен ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
11) отунду, сарпталуучу материалдарды, буу казан жана откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле күйүүчү отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын эсебинен сатып алат;
12) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун кыйла заманбап формаларын, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
13) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, анын ичинде суу түтүк-канализациялык чарбанын бардык объекттери жана инженердик курулмалары менен бирге отказандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
14) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам ишти уюштурат;
15) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгек жана коопсуздук техникасын сактоого даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
16) радиоактивдүү заттарды (товарларды, мүлктөрдү жана транспорт каражаттарын) ташуу, көмүү, утилизациялоо жана дезактивациялоо боюнча иштерди жүргүзөт;
17) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
18) өз компетенциясынын чегинде жылуулук, электр жана суу менен жабдуу жаатында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып андан ары кароого жана демилгелөөгө мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;
19) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөрдөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
23. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен кыймылсыз мүлк жана автотранспорттук каражаттарды сатып алууга;
3) жараксыз болуп калган жабдуулар менен башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык баланстан чыгарууга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
5) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишине таандык маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
6) белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлерин окутуу, консультациялоо үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
7) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек келишимдердин жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишин жүргүзүүгө;
10) башкаруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциациялар, бирликтер, фонддор формасындагы коммерциялык эмес жана коммерциялык уюм болуп саналган бирикмелерге катышууга (мүчөлүк кылуу);
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга;
13) "Кыргызжылуулукэнерго" МИ ишин жүргүзүүгө жардам көрсөткөн, бирок "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин системасынын кызматчысы болуп эсептелбеген адамдарды сыйлоонун белгиленген түрлөрүн колдонууга.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИ ушул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
24. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация өткөрүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчёт берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
25. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишин башкы директор жетектейт, аны кызматка мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервиндеги адамдардын арасынан мамлекеттик башкаруу органдын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору кызматка үч жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иш жүргүзөт.
26. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашып, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бошотулат.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишинин жыл жыйынтыгы боюнча отчётун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директорун ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
27. "Кыргызжылуулукэнерго" МИде башкы директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Башкы директордун орун басарлары "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
Башкы директордун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
28. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директорунун орун басарлары төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишине жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директорунун орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
29. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директоруна жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктары менен милдеттерин аткаруу жана ошондой эле алардын ишин баалоо мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
30. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ болгондор, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызматынан мурда бошотулгандар;
4) жеке менчик формасына карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук жана менчик формасына карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
31. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору:
1) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишине жалпы жетекчилик кылат жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИ финансылык (бухгалтердик) отчётторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлктүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) алдыга коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат;
4) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
8) өз компетенциясынын чегинде "Кыргызжылуулукэнерго" МИ системасында эмгектенген кызматкерлер тарабынан сөзсүз аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду, регламентти, нускаманы, тартипти жана методикаларды жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин системасындагы эмгектенген бардык жумушчулар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү ички документтерди орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин борбордук аппаратынын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Мында башкы директордун алмашуусу аларды өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт;
11) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же жоюу боюнча чечим кабыл алат;
12) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин бекитилген бюджетине ылайык филиалдын же өкүлчүлүктүн директорунун сунушу боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИ филиалдарынын же өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык ырааттамасын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет;
13) башкы директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
14) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн чарбалык жана финансылык ишин текшерүүнү (ревизияны жана аудитти) уюштурат;
15) туруктуу жана убактылуу негизде жумушчу, техникалык жана көмөкчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду бекитет;
16) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
17) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын иштеп чыгып, мамлекеттик башкаруу органына бекитүүгө киргизет;
18) келерки финансылык жылга карата "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруу органына макулдашууга киргизет;
19) келерки финансылык жылга карата "Кыргызжылуулукэнерго" МИ бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө берет;
20) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө берет;
21) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчётту бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
22) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдайт жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
23) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашырат;
24) откана чарбасынын объекттеринин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдалануусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
25) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
26) кызматтык нускамаларды, кызматка квалификациялык талаптарды, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
27) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
28) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин иш режимин орун басарлары менен макулдашуу боюнча бекитет;
29) белгиленген тартипте "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин атынан ишеним каттарды берет;
30) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу чараларын көрөт;
31) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директорунун орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте сунуш киргизет;
32) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
33) коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды камтыган пландарды иштеп чыгат жана кабыл алат, ошондой эле коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стимулдарын түзүүгө жана укуктук жактан агартууга багытталган чараларды көрөт;
34) өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
35) мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын жыйынында өзүнүн иши жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин иши тууралуу отчёт берет;
36) жарандык мыйзамдарга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген иш-аракеттерди кошпогондо, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.
32. Башкы директор жок болгон учурда "Кыргызжылуулукэнерго" МИиин ишин башкы директордун буйругу менен аныкталган башкы директордун орун басары жетектейт.
Башкы директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган башкы директордун орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
33. Башкы директордун орун басарлары өз карамагына таандык маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, өздөрү тейлеген багыттар боюнча иштерди уюштурушат. Башкы директордун орун басарлары буйруктарга кол коюшат жана башкы директордун буйругу менен аныкталган "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин айрым маселелери боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алышат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсеби жана отчёттуулугу
34. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" жана "Республикалык адистештирилген комбинат" филиалдарынан тышкары толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принциптеринин негизинде иш алып барат, ошондой эле өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар.
35. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы "Кыргызжылуулукэнерго" МИ тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) анын ишинин максаты жана негизги багыттары;
2) тармагы жана рыногу, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздеме;
4) анын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана уюштуруучулук планы;
6) финансылык планы жана тобокелдиктерди талдоо.
36. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчётун, анын ичинде "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчётту берет.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин алдын ала бюджетинин долбоорун 31-декабрга чейинки мөөнөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат.
37. "Клиргызжылуулукэнерго" МИнин борбордук аппаратын, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кармоого кеткен чыгымдар, өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен каржыланат.
38. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунун негизинде таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
39. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын уставдык капиталына салууга же башкача ыкмаларды колдонуу аркылуу аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башкарууга укугу жок.
40. Республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жана кайтарылгыс негизде:
1) калктын жылуулукка жана ысык сууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында "Кыргызжылуулукэнерго" МИ тарткан зыяндар компенсацияланат (субсидиялар);
2) "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын жана "Республикалык адистештирилген комбинат" филиалын кармоого кеткен чыгашалар каржыланат.
41. Продукциянын (жылуулук же электр энергиясынын) өздүк наркын аныктоо, жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди түзүү отун-энергетикалык комплекси субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир филиал үчүн, алардын өзгөчөлүгүн жана экономикасын эске алуу менен өз алдынча жүргүзүлөт.
42. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ жарандык мыйзамдарда каралган тартипте кредиттик келишимдерди же зайымдык келишимдерди түзүү жолу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу менен зайымдык каражаттарды тарта алат.
43. Мамлекеттик зайымдык каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн бюджеттик кредиттер түрүндө "Кыргызжылуулукэнерго" МИге берилиши мүмкүн.
44. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу иштери "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылуучу чарба жүргүзүү укугунун негизинде менчик ээси тарабынан берилген мүлк;
2) өндүрүштүк-чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет элдик жактар менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде айрым иштерди аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн келип түшкөн кирешелер;
4) финансы-кредиттик мекемелердин кредиттери жана ссудалары;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары жана гранттары;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
45. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ өзүнүн жеке өндүрүштүк-чарбалык ишинен алган кирешесинин эсебинен же башка булактардын эсебинен кайрадан түзгөн, алган же сатып алган мүлк, кирешелери жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана чарба жүргүзүү укугунда "Кыргызжылуулукэнерго" МИге бекитип берилет.
46. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мүлктү пайдалануунун негизинде алынган "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин таза пайдасынын бөлүгү (50 пайыздан кем эмес) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсеби аркылуу андан ары отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которулат.
47. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин өндүрүштүк-чарбачылык ишинин натыйжасында алган пайдасы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык чегерүүлөр жана бюджетке болгон төлөмдөр, кредиттер жана башка зайымдык каражаттар төлөнгөндөн кийин "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин карамагында калат жана уставдык максаттарды ишке ашырууга жумшалат.
48. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир календардык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин, "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башкы директору бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчёт берет:
1) ички аудиторго;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
3) мамлекеттик башкаруучу органга;
4) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
7-глава. Аудит
49. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИ тышкы аудит жүргүзүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка аудиторду жалдоого укуктуу.
50. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин түзүмүндө ички аудитор кызмат орду каралышы мүмкүн.
Ички аудиторду күтүүгө кеткен каражаттар "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жылдык бюджетине ылайык каржыланат.
51. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ички аудитору төмөнкүдөй контролдук жол-жоболорду өткөрөт:
1) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жылдык бюджетинин толук жана негиздүү аткарылышын текшерүү боюнча;
2) "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин активдерин натыйжалуу пайдаланууну жана сактоону текшерүү боюнча;
3) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана жетиштүүлүгүн баалоо боюнча.
Ички аудитке байланыштуу "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин башка маселелери "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен жөнгө салынат.
"Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ички аудиторунун ички аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчёту "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин финансы-чарбалык ишинин жылдык отчётуна киргизилиши керек.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
52. "Кыргызжылуулукэнерго" МИни кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
53. "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана жоюуда пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.