Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) мектепке чейинки билим берүүгө жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүчүлүгүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык типтери жана түрлөрү үчүн милдеттүү болуп саналган мектепке чейинки билим берүүнүн негизги документи болуп саналат.
Мамлекеттик стандарт мамлекет жана башка кызыкдар субъекттер тарабынан көрсөтүлүүчү жана ишке ашырылуучу билим берүү, медициналык, укуктук, уюштуруучулук кызматтарга жана иш-чараларга карата талаптардын жыйындысын билдирет. Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки курактагы балдарга жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү жана багууну камсыздоого багытталат, максаттарды, милдеттерди, базистик мазмунду, системалуулукту жана мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги принциптерин билдирет.
Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде, "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган принциптерге, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо жана коопсуз чөйрөнү түзүү жаатындагы башка ченемдик укуктук документтердин принциптерине негизделет.
2. Ушул Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
тарбиялоо - коомдук көрүнүш, педагогикалык процесстин катышуучуларынын (ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, педагогдор, коомчулук) өз ара аракеттенүү процесси, анда баланы өнүктүрүүгө жана өз алдынча өнүгүүсүнө түрткү берүүчү методдор жана ыкмалар колдонулат;
тарбиячы - наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү боюнча адис, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында багуу, кароо, өнүктүрүү, тарбиялоо жана билим берүү боюнча иш алып барат;
экинчи тил (Т2) - баланын эне тилинен жана/же биринчи тилинен кийин билген тили. Коомдо тилди билгендердин жана экинчи тил үчүн табигый чөйрөнүн болгондугу менен чет тилинен айырмаланат;
гендер - ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; аялдардын жана эркектердин ортосундагы мамилелердин жашоонун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде саясатта, экономикада, укукта, идеологияда жана маданиятта, билим берүүдө жана илимде көрүнүүчү социалдык аспектиси;
гендердик стереотиптер - эркектер менен аялдардын ортосундагы социалдык айырмачылыктар жөнүндө ошол мезгилде ошол коом үчүн туруктуу түшүнүктөр;
гендердик теңчилик - аялдардын (кыздардын) жана эркектердин (эркек балдардын) бирдей укуктук статусу жана аны ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, алар адамдарга жынысына карабастан жашоонун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн эркин пайдаланууга шарт түзөт;
гувернантка (гувернер) - үйдөгү тарбиячы, үй-бүлөлөрдөгү балдардын насаатчысы, тарбиялоо жана баштапкы окутуу үчүн жалданган адам;
басмырлоо - расасынын, терисинин түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же башка ишенимдеринин, улуттук же социалдык тегинин, мүлктүк абалынын, төрөлүүсүнүн же башка жагдайлардын белгилерине негизделген бардык айырмачылык, жокко чыгаруу, чектөө же артык көрүү, максатка же натыйжага ээ жок кылуу же бардык адамдардын бирдей башталышта бардык укуктарын жана эркиндигин таануусун, пайдалануусун же жүзөгө ашыруусун төмөндөтүү;
майыптуулук белгиси боюнча басмырлоо - майыптуулук себеби боюнча бардык айырмачылык, жокко чыгаруу же чектөө, анын максаты же натыйжасы болуп адамдын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же бардык башка чөйрөдөгү бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин башкалар менен бирдей таанууну, ишке ашырууну жана жүзөгө ашырууну төмөндөтүү же тануу саналат;
атайын билим берүүгө муктаж балдар - дене-бою, психикасы, социалдык, когнитивдик өнүгүүгө өзгөчө муктаж жана адистердин жана коомдун социалдык жардамына, реабилитациялоосуна, ошондой эле үй-бүлөнүн өзгөчө көңүл буруусуна муктаж балдар;
мектепке чейинки билим берүү уюму - баланы багууда, аны окутууда, тарбиялоодо, өнүктүрүүдө жана мектепке даярдоодо мамлекеттин заказын, үй-бүлө менен коомдун суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлгөн 6 айдан 7 жашка чейинки балдарга арналган уюм;
мектепке чейинки топ - билим берүү уюмдарынын алдында түзүлгөн мектепке чейинки курактагы балдардын тобу;
мектепке чейинки билим берүү программасы (негизги) - балдарды өнүктүрүүнүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунунун милдеттүү минимумун белгилөөчү ченемдик документ;
ден соолук - бул оорунун жана жабыркоонун жоктугу гана эмес, бул толугу менен дене-бой, жан дүйнө жана социалдык жактан бакубаттуу болгон абал;
инклюзивдик чөйрө - окутуу чөйрөсү, анда ар кандай билимдерге муктаж бардык окуучулар өздөрүн ыңгайлуу сезет жана билим берүү процессине толугу менен катышат. Инклюзивдик чөйрөнү түзүү үчүн билим берүү уюму ар бир баланын атайын билим берүүгө муктаждыктарын эске алышы, сапаттуу билим алуу максатында бул муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылышы керек;
инклюзия - атайын керектөөлөргө ээ балдар менен иштөө процесси;
инклюзивдик билим берүү - аялуу категориядагы, анын ичинде атайын керектөөлөргө ээ балдарга аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү менен жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу билим берүү;
маалыматтык билим берүү технологиялары - педагогикалык максаттарга жетүү үчүн атайын техникалык каражаттарды (жеке компьютер, мультимедия) колдонуучу билим берүү чөйрөсүндөгү компьютердик технологиялар;
билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары - МКТ) - заманбап билим берүүнүн окуу процессинде МКТ каражаттарын колдонуунун психологиялык-педагогикалык негиздерин эске алуу менен ар кандай формада алынуучу маалыматтын мультимедиясы интеграцияланган чөйрөдө иш алып баруунун технологияларын өздөштүрүүнү билдирет;
мектепке даярдоо класстары - мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн ар кандай моделдеги башталгыч мектептин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын алдында түзүлүүчү топтор;
когнитивдик өнүктүрүү - таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;
коммуникативдик көндүмдөр - жашоодогу ар кандай жагдайларда күнүмдүк баарлашуу үчүн колдонулуучу базалык көндүмдөр;
компетенция - баланын белгилүү бир чөйрөдөгү натыйжалуу жемиштүү иши үчүн зарыл болгон аны тарбиялоого, билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
компетенттүүлүк - белгилүү бир кырдаалда (инсандык, кесиптик жана окутуу) билимдердин жана жөндөмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонуу үчүн зарыл болгон адамдын өнүгүү деңгээли;
лицензия - билим берүү жаатында мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун күбөлөндүрүүчү документ;
көп тилдүү билим берүү - балдардын сабактардын мазмунун өздөштүрүүсү жана тилдик көндүмдөрүн жакшыртуу максатында билим берүү процессинде эки же андан ашык тилди колдонуу;
көп тилдүү (билингвалдык) программалар - билим берүү программалары, анын жүрүшүндө балдар бүтүндөй билим берүү процессинде экинчи (максаттуу) тилдин чөйрөсүнө жарым-жартылай же толугу менен тартылышат;
мектепке чейинки билим берүү уюмуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо - мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин байкоо жана баалоо, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык процессин Мамлекеттик стандартка ылайык уюштуруу;
бала багуучу - балдарды/баланы багуу тапшырылган жеке жак;
тарбиячынын жардамчысы - баланы багуу жана педагогикалык процессти уюштурууда тарбиячыга жардам көрсөтүү тапшырылган жеке жак;
билим берүүнүн натыйжалары - компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүү үчүн билим берүү процессинин алкагында дидактикалык каражаттар менен максатка багытталып калыптануучу баланын жетишкендиктери, келечектүү жана календардык пландарды, методикалык материалдарды, сабактардын мазмунун иштеп чыгуу жана баланын жетишкендиктерин/билимдерин, көндүмдөрүм жана жөндөмдөрүн жыйынтыктап баалоо үчүн негизги багыт болуп саналат;
жооптуу жак - бала багуу боюнча кызмат көрсөткөн, балдарга билим берген жана аларды баккан, ошондой эле лицензиялардын негизинде иштин аталган түрлөрүн уюштурган жана балдардын өмүрү, коопсуздугу жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик тарткан уюмдаштыруучу, бирге уюмдаштыруучу, директор, педагогикалык кызматкер, тарбиячынын жардамчысы, медициналык кызматкер, ашпозчу, гувернантка, бала багуучу;
мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери - жетекчилер (директорлор), методисттер, тарбиячылар, бардык адистиктеги мугалимдер, психологдор, логопеддер, музыкалык жетекчилер;
билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы (жылдык, календардык-тематикалык) - мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмүн, мазмунун белгилөөчү, сабактардын мезгилдүүлүгүн, жүктөмүн, балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрүнө жана иштин түрлөрүнө ылайык келген тематиканы аныктаган ченемдик документ;
көп маданияттуу (интермаданий) мамиле - түрдүү улуттагы, расадагы, диний ишенимдеги, курактагы адамдар менен көп түрдүү чөйрөдө тынчтыкта жана ынтымакта жашай билүүнү камсыздоочу компетенттүүлүктөрдү жана баалуулуктарды калыптандырууга багытталган билим берүү. Мектепке чейинки билим берүү системасы балдардын маданий, этникалык жана диний өзгөчөлүгүн эске алуу менен тең укуктуулук принцибинин негизинде ишке ашырылат;
портфолио - жеке жактын иштеринин (сүрөттөрүнүн, фотолордун, жасаган нерселеринин) кыскача баяндамасы, топтому, алар иштин кандайдыр бир түрүндө анын билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн илгерилетүүнү иллюстрациялайт;
психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо - ар тараптуу натыйжалуу өнүктүрүүнү, социалдаштырууну, ден соолукту сактоону жана чыңдоону камсыз кылуу, өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында атайын билим берүүгө муктаж балдарды комплекстүү коштоо;
эрте аныктоо жана кийлигишүү - окуучуларды өнүктүрүүгө, ошондой эле баланын ата-энесин, үй-бүлөсүн жана социалдык чөйрөсүн колдоого багытталган иш-чаралардын топтому, алар окуучунун өнүгүүсүнүн абалы аныкталгандан кийин дароо ишке ашырылат;
өнүктүрүүчү чөйрө - оюн жана өз алдынча иштөө процессинде балдардын ден соолугун, коопсуздугун сактоого, ар тараптан өнүгүүсүнө мүмкүндүк берүүчү ыңгайлуу шарттарды түзүү жана берүү;
эрте өнүктүрүү - баланын жашоосунун биринчи күндөрүнөн тартып 3 жашка чейин дене-бой жактан, эмоционалдык жана интеллектуалдык жактан натыйжалуу өнүгүшүнө багытталган чаралардын комплекси (натыйжасы);
сүйлөө речинин көндүмдөрү - балдардын сүйлөө речинин иш-аракетинин негизги түрлөрүндөгү (сүйлөө, укканды кабыл алуу, окуунун жана жазуунун баштапкы көндүмдөрүн калыптандыруу) жөндөмдөрү;
эне (биринчи) тили - бала наристе куракта аны курчаган чоң кишилерди тууроо аркылуу үйрөнгөн, ата-энесинин же алардын бирөөсүнүн тилине дал келген тил;
өз алдынча билим алуу - бул кесиптик чеберчиликти өнүктүрүүгө карата биринчи баскыч, анын натыйжасы болуп балдар менен иштөөнү өркүндөтүү, жаңы тажрыйбаны ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү саналат;
үй-бүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуудан же баланы тарбияга алуунун башка түрлөрүнөн келип чыгуучу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө шарт түзүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү;
үй-бүлөлүк окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо - мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында бардык билим алуучулар үчүн алардын каалоосу боюнча жеткиликтүү болгон мектепке чейинки билим алуу формасы. Билим берүүнүн альтернативдик түрлөрүнө кирет;
социалдаштыруу - өзүнө социалдык жүрүм-турумду, социалдык көндүмдөрдү, социалдык ыңгайлашууну камтыган социалдык тажрыйбаны индивид (бала) тарабынан активдүү өздөштүрүү жана кайталап өндүрүү процесси жана натыйжасы;
атайын мектепке чейинки билим берүү уюму - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн окутуу-билим берүү уюму, ал балдарды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессин уюштуруу, алардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо үчүн коом жана мамлекет алдында жоопкерчилик тартат;
атайын билим берүү кызматтары - билим берүү чөйрөсүндөгү тар профилдүү адистер тарабынан (логопед, тифло-, сурдопедагог, атайын педагог) атайын билим алууга муктаж окуучуларга аларды окуу процессине киргизүүгө/интеграциялоого шарт түзүүчү кызматтар;
багуу - мектепке чейинки курактагы балдарга санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу жол-жоболорду жүргүзүү, тамак-ашын жана аларды кароону уюштуруу;
максаттуу тил - баланын эне тили (биринчи эмес) эмес тил. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы көп тилдүү билим берүү программаларында максаттуу тил билим берүү процессиндеги тилдердин бири болуп саналат. Максаттуу тил катары көп учурларда экинчи тил жана/же чет тили колдонулат;
окутуунун электрондук каражаттары - кандайдыр бир предметтик чөйрө чагылдырылган программалык каражаттар, бул же тигил өлчөмдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттары менен аны изилдөөнүн технологиясы ишке ашырылат, балдардын өнүгүүсүндөгү курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен окутуу ишинин ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн шарттар камсыздалат.
3. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун, окуучуларды окутуу жана өнүктүрүү жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, мектепке чейинки билим алган бүтүрүүчүнү даярдоонун деңгээлине карата талаптарды;
2) балдарга сапаттуу билим берүүнү, өнүктүрүүнү жана тарбиялоону, багууну ишке ашыруу жана коопсуз инклюзивдик чөйрө үчүн талаптарды;
3) мектепке чейинки билим берүү системасынын иштөөсү үчүн педагогикалык, медициналык, материалдык ресурстарды;
4) үзгүлтүксүз билим алууда жана өмүр бою окутууда кийинки циклдерде билим алуусун улантуу үчүн баланын функционалдык, инсандык сапаттарын;
5) балдарды коомдун жарандары катары азыркы турмуштун шарттарына даярдоону;
6) адам укуктарына, гендердик теңчиликке жана социалдык инклюзиянын 3 деңгээлине: таанып-билүү, баалуулук-эмоционалдык жана практикалык деңгээлдерине негизделген балдардын негизги көндүмдөрүн өнүктүрүү.
4. Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки курактагы балдарды башталгыч мектептин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын вариативдик моделдеринин базасында жана балдарды өнүктүрүү борборлорунда окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуу максатында ар кандай мектепке чейинки билим берүү программаларында колдонулуучу критерийлердин сыпаттамасын камтыйт. Белгиленип жаткан критерийлер мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн категорияларына багытталган:
1) мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында сутка бою/күн бою мектепке чейинки билим берүү жана багуу;
2) мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында балдарды белгиленген милдеттүү жүктөмгө ээ мектепке даярдоо боюнча кыска убакыттагы топтор жана класстар;
3) менчигинин түрүнө карабастан, вариативдик түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмунун шарттарында балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүү (балдарды өнүктүрүү борборлору, жамааттык бала бакчалар, үй-бүлөлүк балдар үйлөрү, энелер мектеби, жеке менчик бала бакчалар, кыска убакытта болуу менен бала бакчалары, мектептердин алдындагы мектепке чейинки топтор);
4) мектепке чейинки билим берүү боюнча программалар;
5) балдар менен билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы;
6) жол берилген жүктөмдүн (сабактардын, оюндардын) көлөмү;
7) балдардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын коррекциялык-тарбиялоо ишин уюштуруу;
8) балдарга билим берүүдө жана аларды багууда педагогикалык ыкмаларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр.
5. Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын планы жана мектепке чейинки билим берүү программалары Мамлекеттик стандартта белгиленген сабактардын саатынын бекитилген ченемдеринен ашпоого тийиш.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун, ошондой эле балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын сапаттуу жана натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтык камсыздоо каралат.
7. Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүнүн, билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жана балдарды багууга лицензияга ээ жактардын аткаруулары үчүн милдеттүү болгон талаптарды аныктайт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү стандарттарын, мектепке чейинки билим берүү программаларын, методикалык жана башка адабияттарды;
2) балдар менен билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планын;
3) жол берилген жүктөмдүн (сабактардын, оюндардын) көлөмүн;
4) балдардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын коррекциялык-тарбиялоо ишин уюштурууну;
5) инклюзивдик жана көп тилдүү билим берүү боюнча ишти уюштурууну;
6) балдарды өнүктүрүү процессине гендердик аспектилерди киргизүүнү;
7) зордук-зомбулук жана басмырлоо орун албаган, ар бир бала өз алдынча өнүгүүгө укуктуу ээ болгон өнүктүрүүчү, ырым-жырымсыз толеранттуу чөйрөнү;
8) балдарга билим берүүдө жана аларды багууда педагогикалык ыкмаларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү;
9) билим берүү процессиндеги инновациялык педагогикалык технологияларды ишке ашырууну;
10) стандарттын талаптарынын сакталышын контролдоону, мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана баалоону.
8. Өнүктүрүүчү кошумча сабактардын жана режимдик учурлардын пландары курактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен сааттардын бекитилген ченемдеринен ашпоого тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун, ошондой эле балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын сапаттуу жана натыйжалуу иши үчүн зарыл болгон маалыматтык камсыздоо каралат.
9. Контролдоону, мониторинг жүргүзүүнү, баалоону ишке ашыруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик стандарттын талаптарын колдонуу төмөнкүлөргө негизделген:
1) балдарды өнүктүрүүнүн натыйжаларын эсепке алууга;
2) педагогдордун ишине кесиптик баа берүүгө;
3) аталган мектепке чейинки билим берүү уюмуна же башка кызмат көрсөтүүчүгө жекече мамиле жасоого;
4) иштин натыйжаларымын Мамлекеттик стандарттын талаптарына шайкеш келишине.
3-глава. Мамлекеттик стандартты колдонуу чөйрөсү
10. Мамлекеттик стандарттын талаптарын төмөнкү учурларда аткарууга милдеттүү:
1) билим берүүнүн аймактык башкаруу органдары, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар, ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, коомдук, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар жактар;
2) балдарга билим берүү жана багуу боюнча кызмат көрсөткөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарын лицензиялоодо;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана балдарга билим берүү жана багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишин пландоодо;
4) педагогикалык кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда;
5) мектепке чейинки билим берүүнүн программаларын иштеп чыгууда;
6) пландарды, окуу-методикалык колдонмолорду, атайын курстарды жана тренингдерди түзүүдө, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн.
11. Мамлекеттик стандарт төмөнкү шарттарды сактоону талап кылат:
1) балдардын билим берүү уюмдарында, 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо класстарында жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын башка вариативдик формаларында жана программаларында балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнүн жана аларды багуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн;
2) мектепке кирүүдө балдардын бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрүн;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектепке чейинки билим берүү программаларынын ар кандай түрлөрүн жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактарды тандоону;
4) билим берүү уюмунун ишине ата-энелерди, үй-бүлөнү, мыйзамдуу өкүлдөрдү, жамаатты жана башка кызыкдар жактарды бирдей өнөктөштүк тартууну;
5) баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого негизделген билим берүү процессин демократиялаштырууну;
6) билим берүүнүн гендердик аспектилерин милдеттүү киргизүү менен билим берүү процессин программалык жана илимий-методикалык камсыздоонун сапатын жогорулатууну;
7) атайын билим алууга муктаж, анын ичинде майыптуулугу бар балдарга инклюзивдик билим берүүнү жана алар менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын ишке ашырууну;
8) билим берүүчү сабактардын жана балдар менен өнүктүрүүчү оюндардын планына ылайык жүктөмдүн жол берилген көлөмүн аныктоону;
9) бала менен өз ара мээримдүү мамилелерди түзүүнү;
10) коопсуз оюн жана өнүктүрүү чөйрөсүн түзүүнү;
11) балдар менен иштөө программасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууну;
12) кыздарды жана эркек балдарды гендердик социалдаштыруу процессинде натыйжалуу тарбиялоонун психологиялык-педагогикалык шарттарын сактоону;
13) билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар тарабынан Мамлекеттик стандарттын талаптарынын сакталышын контролдоону, мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана баалоону.
4-глава. Мамлекеттик стандартты ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери
12. Мамлекеттик стандартты ишке киргизүү төмөнкү максаттарга жетүүнү камсыз кылат:
1) ар бир баланын мектепке чейинки билим алуусунун жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик кепилдикти камсыздоо;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын муктаждыктарын эске алуу менен аларды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
13. Мамлекеттик стандартты ишке киргизүү төмөнкүдөй милдеттерге жетүүнү камсыздайт:
1) балдардын дене бой жактан, психикалык саламаттыгын, алардын эмоционалдык бакубатчылыгын коргоо жана чыңдоо, атайын билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүү;
2) балдардын курактык, жеке, жыныстык, психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүүчү, коомдогу гендердик ролдорду бөлүштүрүүнүн патриархалдык системасын таңуулоосуз тарбиялоонун гендердик аспекттерин эске алуучу көп маданияттуу инклюзивдик чөйрөнү түзүү;
3) балдарды мектепке милдеттүү даярдоо жана алардын социалдык ыңгайлашуусу;
4) педагогикалык процесске карата заманбап талаптарды аныктоо;
5) заманбап гендердик-сезимтал жана социалдык-инклюзивдик мамилелердин негизинде мектепке чейинки билим берүү адистеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
6) мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар тарабынан иштин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү.
14. Талаптарды аныктоо:
1) билим берүү процессинин мазмунуна, деңгээлине жана сапатына карата;
2) билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактарга жана балдар менен ойноого карата;
3) тамактанууну уюштурууга карата;
4) өнүктүрүүчү чөйрөгө карата;
5) коопсуз чөйрөнү камсыздоого карата;
6) жетекчилерге жана педагогдорго карата;
7) ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө карата;
8) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо системасына карата.
15. Жеткиликтүүлүк жана төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзүү:
1) ар бир баланын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусу, анын ичинде инклюзивдик мамиле менен;
2) атайын билим алууга муктаж балдар менен коррекциялык-педагогикалык иш жүргүзүү;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмун жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактарды лицензиялоо процессин өркүндөтүү.
16. Билим берүү процессинин мазмуну төмөнкүлөргө багытталат:
1) балдарды социалдык ыңгайлаштырууга;
2) балдардын таанып-билүү жана сүйлөө речин өнүктүрүүгө;
3) балдардын психологиялык-эмоционалдык бакубатчылыгына;
4) балдардын ден соолугун сактоого жана алардын дене бой жактан өнүгүүсүнө;
5) балдардын толук өнүгүүсүн камсыздоо үчүн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, үй-бүлөлөр менен бирдей өнөктөштүк өз ара аракеттенүүгө;
6) балдарды адамдын укуктарын урматтоочу жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана улуттук баалуулуктарга, бай элдик үрп-адаттарга жана каада-салттарга үйрөтүүгө;
7) атайын билим алууга муктаж, анын ичинде майыптуулугу бар балдар менен коррекциялык-педагогикалык ишти жүргүзүүгө;
8) балдарды мектепке сапаттуу даярдоого.
17. Мамлекеттик стандарттын талаптарын аткарууда күтүлүүчү натыйжалар:
1) Кыргыз Республикасында сапаттуу мектепке чейинки билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, анын ичинде ар кандай вариативдик формаларды жана балдарга, ошондой эле атайын билим алууга муктаж балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жактардын натыйжалуу иши;
3) мектепке чейинки курактагы балдардын курактык, жеке өзгөчөлүктөрүн жана билим алууга муктаждыгын эске алуу менен аны окутуу жана ар тараптуу өнүктүрүү.
5-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү ишинин принциптери
18. Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү ишинин негизги принциптерин бекитет:
1) ар бир бала улутуна, үй-бүлөсүнүн социалдык статусуна, жынысына, өнүгүүдөгү өзгөчөлүктөрүнө карабастан мектепке чейинки билим алууга укуктуу;
2) баланын балалыктын бардык этаптарында (ымыркай, наристе жана мектепке чейинки курактагы) толук баалуу жашоосу, балалык өнүгүүсүн байытуу (амплификация);
3) өздөрү жашаган дүйнөнү активдүү таанып-билүүчү балдардын жеке жөндөмдөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
4) кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана аларды сапаттуу көрсөтүү;
5) балдардын социалдык, маданий, тилдик, жеке, турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү жана калыптандыруу;
6) толеранттуулукту, үй-бүлөдөгү, курбулары жана чоң кишилер менен маданий, тилдик, жеке, гендердик өз ара мамилелерди эске алуу менен көп маданияттуу билим берүүнү өнүктүрүү;
7) дени сак жана ар тараптуу өнүккөн инсанды өнүктүрүү үчүн баланын өзүн-өзү баалоосун жашоодогу маанилүү компонент катары таануу;
8) баланы өнүктүрүүдөгү иштин ар кандай түрлөрүнүн өз ара байланышын камсыздоо;
9) курчап турган дүйнөнү активдүү таанып-билүү жана моделдөө аркылуу балдарга экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү;
10) баланын өнүгүүсүнө шарт түзүүчү күнүмдүк оюндар, сабактар, көнүгүүлөр, тапшырмалар аркылуу эрежелерди сактай билүү;
11) адилеттүүлүк жана баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
12) ишенимдүү, достук жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүндө таанып-билүүчүлүк, дене бой жана социалдык жактан өнүктүрүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү.
19. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар жеке муктаждыктарды эске алат жана төмөнкүдөй милдеттенмелерди аткарат:
1) балдарга толук жана ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүндүк берген практикалык тажрыйбага, функциялык сабаттуулукка ээ болууну камсыз кылуучу иш-чараларды, өнүктүрүүчү сабактарды жана оюндарды өткөрүү боюнча ресурстарды тандоо;
2) жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү, билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү;
3) балдардын оюндарын, өнүктүрүүчү сабактарды жана иштин башка түрлөрүн киргизүү;
4) балдардын жашоо-тиричилигин жана ден соолугун коргоо, ар тараптуу кыймылдык активдүүлүктү, ден соолукту чыңдоо, тамактанууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
5) балдардын жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү жана педагогикалык процессти уюштурууда кийинки кадамдарды пландоо үчүн мониторингдин натыйжаларын пайдалануу.
6-глава. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын мазмунунун жол берилген минимуму
20. Билим берүүчүлүк-программалык документация (программа) Мамлекеттик стандартка ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын камсыз кылуучу максаттарды, милдеттерди, мектепке чейинки билим берүүнүн мазмунун аныктайт.
21. Мектепке чейинки билим берүү программалары ийкемдүү болууга жана курактык өзгөчөлүктөрдү, мотивацияны жана социалдашууну эске алуу менен мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
22. Мектепке чейинки билим берүүдө төмөнкү программалар колдонулат:
1) мектепке чейинки билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык иштелип чыгат.
Негизги билим берүү программасынын түзүмү максаттарды, милдеттерди, пландалган натыйжаларды, билим берүү процессинин мазмунун жана уюштурууну камтыйт, окуучулардын социалдык ийгиликтүүлүгүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү, ден соолугун сактоону жана чыңдоону камсыздоо менен алардын жалпы маданиятын, руханий-адеп-ахлактык, жарандык, социалдык, инсандык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн, өз алдынча өнүгүүсүн жана өзүн-өзү өркүндөтүүсүн калыптандырууга багытталган;
2) комплекстүү программа баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоочу балдар менен иштөөнүн бардык негизги багыттарын камтыйт;
3) парциалдык программа баланын өнүгүүсүнүн бир же бир нече багытын камтыйт;
4) коррекциялык-өнүктүрүүчү программа - ишке ашыруу балдардын жашоо-турмушун уюштурууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдүн комплексин киргизүүнү, болжолдуу режимдерди түзөтүүнү жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун өзгөчө өнүктүрүүчү чөйрөсүн түзүүнү болжолдоочу программа;
5) ар кандай багыттагы билим берүү программалары: көркөм-эстетикалык цикл, этномаданий, культурологиялык, интеллектуалдык-өнүктүрүүчү, коммуникативдик-сүйлөө, экологиялык, дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу программалар кирүүчү кошумча программалар;
6) көп тилдүү окутуу программалары - ушул пунктта көрсөтүлгөн программалардын кайсынысынын негизинде болбосун эки же андан ашык тилди колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн болгон программалар.
23. Мектепке чейинки билим берүү программалары балдарды өнүктүрүүнүн төмөнкү тармактарын интеграциялоого багытталган:
1) дене бой жактан өнүктүрүүгө;
2) когнитивдик өнүктүрүүгө;
3) сабаттуулук жана коммуникациялык өнүктүрүүгө;
4) социалдык жана эмоционалдык өнүктүрүүгө;
5) чыгармачылык жана эстетикалык өнүктүрүүгө.
24. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү карайт:
1) баланы ар тараптуу жана сапаттуу окутууну, өнүктүрүүнү жана тарбиялоону камсыздоо үчүн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, үй-бүлөлөр менен бирдей өнөктөштүк өз ара аракеттенүүнү;
2) балдарды адам укуктарын урматтоочу жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана улуттук баалуулуктарга, бай элдик үрп-адаттарга жана каада-салттарга үйрөтүүгө;
3) баланы социалдык ыңгайлаштырууга;
4) атайын билим берүүгө муктаж балдар менен коррекциялык-педагогикалык жана медициналык-психологиялык ишти жүргүзүүгө;
5) балдарды мектепке сапаттуу даярдоого.
25. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) балдардын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүн;
2) балдардын муктаждыктарын эске алуу менен окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоону;
3) билим берүү процессинде өнүктүрүүнү интеграциялоону;
4) окутуунун атайын уюштурулган формасы катары сабактарды;
5) оюндарды жана чыгармачылык ишти;
6) балдарга келечекте коомдогу басмырлоочу мүнөздөмөлөрдү айырмалоого жана алардын жолун жолдобоого жардам берүүчү гендердик социалдашуусун;
7) балдардын жеке жана биргелешкен аракетинин оптималдуу айкалышын;
8) мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүүнүн максаттуу багыттарын.
26. Көп тилдүү билим берүүнүн программалары ишке ашыруучу топтордо интеграциялоо иштин ар кандай түрүн уюштуруу (оюн, окуу жана талкуулоо, таанып-билүүчүлүк изилдөө, өз алдынча чыгармачылык, өзүн-өзү тейлөө, активдүү иш) аркылуу гана эмес, билим берүү ишинде да түздөн-түз ишке ашырылат.
7-глава. Топторду курак боюнча бөлүү жана комплекттөө
27. Балдарды багуу жана билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын жана оюндардын планын аткаруу ченемдерди сактоодо жана топторду комплекттөөдө ар бир курактык этапта мектепке чейинки курактагы балдарды окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун зарыл деңгээлин камсыз кылат.
28. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда топторду комплекттөө топторду чегине жеткен толтурууга жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жүргүзүлөт:
1) наристе курактагы биринчи топ (6 айдан 1 жашка чейин) - 10 балага чейин;
2) наристе курактагы экинчи топ (1,5 жаштан 2 жашка чейин) - 15 балага чейин;
3) топто эки курактагы балдар болсо (1,5 жаштан 3 жашка чейин) - 10 баладан көп эмес;
4) биринчи кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) - 20 балага чейин;
5) экинчи кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) - 20 балага чейин;
6) орто топ (4 жаштан 5 жашка чейин) - 25 балага чейин;
7) улуу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) - 25 балага чейин;
8) даярдоочу топ (6 жаштан 7 жашка чейин) - 25 балага чейин;
9) топто ар кандай курактагы балдар (3-7 жаш) болгон учурда - 20дан ашпаган бала (оптималдуу - 15 бала);
10) мектепке даярдоо класстары (6 жаштан 7 жашка чейин) - 30 балага чейин.
29. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун вариативдик модели катары ар кандай курактагы мектепке чейинки топту түзүү мүмкүнчүлүгү каралат. Топтун толтурулушу - 20-25 бала.
30. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация медициналык-психологиялык-педагогикалык текшерүү жүргүзөт жана баланын атайын билим алуу муктаждыгын аныктайт, алынган натыйжалардын негизинде жеке окутуу программасын иштеп чыгат жана баланы ушул Мамлекеттик стандарттын 28-пунктунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун курактык топтун бирине жиберет, бирок ар бир курактык топто өнүгүүсү бир аз бузулган 1-3 баладан ашпайт.
31. Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында топторду комплекттөө алардын өзгөчөлүктөрүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана балдардын курактарын эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) атайын мектепке чейинки билим берүү уюмунун топтору балдардын курагын жана алардын өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен комплекттелет:
- кенже топ - 3 жаштан 4 жашка чейинки курактагы балдар;
- орто топ - 4 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдар;
- улуу топ - 5 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар;
- даярдоочу топ - 6 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар;
2) угуусу бузулган балдар:
- дүлөй балдар үчүн (2 жаштан 7 жашка чейинки курактагы) - 6 баладан ашык эмес;
- начар уккан балдар үчүн (2 жаштан 7 жашка чейинки курактагы) - 6 баладан 8 балага чейин.
Дүлөй жана начар уккан балдарды бир топто бирге тарбиялоого жол берилбейт;
3) сүйлөө речи олуттуу бузулган балдар:
- сүйлөө речи олуттуу бузулган (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 10 бала;
- сүйлөө речи фонетикалык-фонематикалык жактан жетилбеген (4 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 12 бала;
- ар кандай формадагы кекечтиги бар (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 12 бала.
Коррекциялоо программасы боюнча окуган жана сүйлөй алган мектепке чейинки курактагы балдар (7 жашка толо электер) жалпы типтеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которулат;
4) көрүүсү бузулган балдар:
- азиз балдар (сокур) (3 жаштан 7 жашка чейинки) үчүн - 6 балага чейин;
- начар көргөн, көзү чалыр (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 6 баладан 8 балага чейин.
5) интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар:
- интеллекти бузулган (жеңил даражада байкалган, анын ичинде орточо даражада байкалган - 3 жаштан 7 жашка чейин) балдар үчүн - 6 баладан 10 балага чейин;
6) психикалык өнүгүүсү бузулган балдар (3 жаштан 7 жашка чейин) үчүн - 6 баладан 10 балага чейин;
7) оор бузулууларга эз балдар үчүн (эки же андан ашык) (3 жаштан 7 жашка чейин) - 5 балага чейин;
8) таяныч-кыймылдоо аппараты бузулгандар 6 баладан 8 балага чейин толтуруу менен 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар кабыл алынат;
9) мектепке чейинки атайын билим берүү уюмунда кургак учуктун интоксикациясы бар балдардын топтору уюштурулат, аларга 15 балага чейин толтурулуу менен 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар кабыл алынат.
32. Үйдө багуунун (эртеден-кечке чейин) алкагында бир багуучу адамга балдардын санынын катышы:
- төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин: 3 балага чейин;
- 3 жаштан 7 жашка чейин: 5 баладан ашык эмес;
- 3 жашка чейинки 1 же 2 баланы баккан учурда: катыш 1 (тарбиячы) - 3 (бала).
33. Сапаттуу вариативдик модель катары мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмунда ар башка курактагы балдардын мектепке чейинки тобун түзүү мүмкүнчүлүгү каралат.
34. Ушул Мамлекеттик стандарттын 31-пунктунда көрсөтүлгөн курактык топтордун бирине өнүгүүсү жеңил бузулган 1-3 баланы тартууда кошумча штаттык бирдиктер талап кылынбайт.
35. Ден соолугунан муктаждыктары чектелген бала жумасына 1 саатка чейин мектепке чейинки билим берүү уюмунда адистештирилген жардамды алууга укуктуу (сабактарга убакыт 20-30 мүнөттөн бөлүштүрүлүшү мүмкүн).
8-глава. Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы
36. Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын планы (мындан ары - План) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) балдарды мектепке чейинки окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун түзүмүнө, максаттарына, милдеттерине жана мазмунуна тиешелүү ченемдердин комплекси;
2) балдардын өнүгүүсүнүн жеке, курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык сабактардын узактыгын, жумалык жүктөмүн, тематикасын жана мазмунун;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмунун вариативдик жана кошумча программаларын иштеп чыгуу үчүн негизди;
4) сабактардын расписаниесин, күндүн режимин жана календардык пландарды түзүүнү.
37. Пландын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюму жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар календардык планды, перспективдүү пландарды иштеп чыгат.
38. Пландын мазмуну жана түзүмү:
1) Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын жана балдарды багуунун планы:
№ | Сабактардын аталышы | Наристе курактагы 2-топ (1,5 жаштан 2 жашка чейин) | 1-кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) | 2-кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Орто топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Улуу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) | Даярдоочу топ (6 жаштан 7 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу жана сүйлөө речин өнүктүрүү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сүйлөө речин өнүктүрүү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | - | - | 1 | 2 |
4 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | - | - | 1 | 1 | 1 | 2 |
5 | Сенсордук өнүктүрүү боюнча дидактикалык оюндар | 3 | 3 | - | - | - | - |
6 | Конструкциялоо | - | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Көркөм адабият | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
9 | Дене тарбия сабактары | 2 | 2 | 3 | 3 | 3 | 3 |
10 | Жабыштыруу | - | 1(*) | 1(*) | 1(*) | 1(*) | 1(*) |
11 | Аппликация | 1(*) | |||||
12 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | |
13 | Кыргыз тили (**) (орус тилдүү топтор үчүн) же орус тили (**) (кыргыз тилдүү топтор үчүн) | - | - | - | 1 | 2 | 2 |
| Бардыгы | 11 | 12 | 12 | 13 | 15 | 17 |
| Узактыгы | 8-10 мүнөт | 10-12 мүнөт | 12-15 мүнөт | 15-20 мүнөт | 20-25 мүнөт | 25-35 мүнөт |
2) Сүйлөө речи бузулган балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын жана багуунун планы:
№ | Сабактардын аталышы | 1-кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) | 2-кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Орто топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Улуу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) | Даярдоочу топ (6 жаштан 7 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сүйлөө речин өнүктүрүү |
| 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | - | 1 | 2 |
4 | Математика | - | 1 | 1 | 1 | 2 |
5 | Конструкциялоо | - | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Логопед менен сабактар | - | 5 | 5 | 5 | 5 |
7 | Музыка | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
8 | Дене тарбия | 2 | 3 | 3 | 3 | 3 |
9 | Жабыштыруу, аппликация | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
10 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
11 | Дидактикалык оюндар | - | Жумасына 5 жолу жеке иштөө | - | - | - |
12 | Кыргыз тили | - | - | - | 1 | 1 |
13 | Логопеддин тапшырмасы боюнча тарбиячынын коррекциялык сабактары | - | 5 | 5 | 5 | 5 |
| Бардыгы | 8 | 26 | 21 | 23 | 25 |
| Сабактын узактыгы | 10-12 мүнөт | 15 мүнөт | 20 мүнөт | 25 мүнөт | 30 мүнөт |
3) Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы:
№ | Сабактардын аталышы | 2-кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Орто топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Улуу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) | Даярдоочу топ (6 жаштан 7 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Сүйлөө речин өнүктүрүү | 2 | 2 | 2 | 2 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | 1 | 2 |
4 | Математика | 1 | 1 | 1 | 2 |
5 | Жабыштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Аппликация (конструкциялоо) | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Логопед менен сабактар | 5 | 5 | 5 | 5 |
9 | Дарылоо-дене тарбиясы (массаж), кыймылдоо (физикалык терапия) | 2 | 2 | 2 | 2 |
10 | Адаптациялык дене тарбия, дене тарбия | 2 | 2 | 2 | 2 |
11 | Оюн | 1 | 1 | 1 | 1 |
12 | Тарбиячынын коррекциялык сабактары (чакан топтор боюнча) | 5 | 5 | 5 | 5 |
13 | Кыргыз тили | - | - | 2 | 2 |
14 | Музыкалык сабактар | - | - | 2 | - |
| Бардыгы: | 22 | 22 | 27 | 27 |
| Сабактардын узактыгы | 15 мүнөт | 20 мүнөт | 25 мүнөт | 30 мүнөт |
4) Интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы:
№ | Сабактардын аталышы | Курактык топтор | |||
I топ | II топ | III топ | IV топ | ||
1 | Дене тарбия | 3 | 3 | 3 | 3 |
2 | Оюн | 6 | 6 | 6 | 6 |
3 | Сүрөт тартуу | 3 | 3 | 4 | 4 |
4 | Конструкциялоо | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 2 | 2 | 3 | 3 |
6 | Сүйлөө речин өнүктүрүү | 2 | 2 | 3 | 3 |
7 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | 2 | 2 | 3 | 3 |
8 | Музыкалык сабактар | 3 | 3 | 3 | 3 |
| Бардыгы: | 23 | 23 | 26 | 26 |
| Сабактын узактыгы | 12-15 мүнөт | 15 мүнөт | 20-25 мүнөт | 25-30 мүнөт |
5) Дүлөй жана угуусу начар балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы
№ | Сабактардын аталышы | 1-кенже топ | 2-кенже топ | Орто топ | Улуу топ | Даярдоочу топ |
1 | Сүйлөө речин өнүктүрүү | 2 | 2 | 2 | 4 | 4 |
2 | Угуп кабыл алуусун өнүктүрүү | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
3 | Математика | 1 | 1 | 1 | 3 | 3 |
4 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Конструкциялоо, аппликация | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Дене тарбия | 3 | 3 | 3 | 3 | 3 |
6 | Жабыштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
9 | Оюн | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 14 | 14 | 14 | 19 | 19 |
| Сабактын узактыгы | 10-12 мүнөт | 10-12 мүнөт | 12-15 мүнөт | 20-25 мүнөт | 25-30 мүнөт |
6) Азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы:
№ | Сабактардын аталышы | Кенже топ | Орто топ | Улуу топ | Даярдоочу топ |
1 | Сүйлөө речин өнүктүрүү | 2 | 2 | 2 | 2 |
2 | Көрүп кабыл алуусун өнүктүрүү | 2 | 3 | 3 | 3 |
3 | Математика | 1 | 2 | 2 | 2 |
4 | Грамматика | - | 1 | 2 | 3 |
5 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 2 | 2 |
6 | Дене тарбия | 2 | 2 | 2 | 2 |
7 | Жабыштыруу, аппликация | 1 | 1 | 1 | 2 |
8 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 | 2 |
9 | Плео тарбиялоо | 1 | 1 | 1 | 1 |
10 | Микро-, макро предметтерге багыт алуу | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 12 | 13 | 17 | 19 |
| Сабактын узактыгы | 10-12 мүнөт | 12-15 мүнөт | 20-25 мүнөт | 25-30 мүнөт |
Эскертүү:
(*) Сабактар бир жумадан кийин кезектештирилет.
(**) Кыргыз/орус тилдерин үйрөнүүдө балдардын саны 25 жана андан ашык болгон учурда чакан топторго бөлүү каралат.
Тилге үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларын колдонууда көп тилдүү чөйрөнү түзүү шартында бош мезгилде сабактарда башка тилди (көп тилдүү билим берүү) параллелдүү үйрөнүү каралган.
Мектепке чейинки билим берүү программаларынын алкагында мамлекеттик, расмий жана башка тилдерге окутуу мектепке чейинки билим берүү принциптерине ылайык келүүчү методикалар боюнча жүргүзүлөт.
Окутуунун алкагында мамлекеттик, расмий жана башка тилдерге окутуу, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган элдердин жана улуттук топтордун улуттук жана маданий салттары менен тааныштыруу каралган.
39. Вариативдүү моделдеги мектепке чейинки билим берүү уюмдары/балдарды өнүктүрүү борборлору үчүн өнүктүрүүчү сабактардын болжолдуу ырааттамасы.
Эскертүү: өнүктүрүүчү сабактардын өтүлүшү жумасына 3 жолу 2 сааттан болжолдонууда.
№ | Убакыт | 1-күн | 2-күн | 3-күн |
1 | 25 мүнөт | Айлана чөйрө менен тааныштыруу | Сүйлөө речин өнүктүрүү (театралдаштырылган оюндар) | Көркөм адабият |
2 | 10 мүнөт | Таза абада кыймылдуу оюндар | ||
3 | 25 мүнөт | Сабаттуулукка окутуу | Кызыктуу математика | Сүрөт тартуу |
4 | 10 мүнөт | Таза абада кыймылдуу оюндар | ||
5 | 25 мүнөт | Конструкциялоо | Жабыштыруу/аппликация | Кыргыз/орус тилдери |
6 | 15 мүнөт | Музыкалык-дидактикалык оюндар/оюн-зооктор | ||
7 | 10 мүнөт | Балдар жана ата-энелер менен жеке иш алып баруу | ||
40. Вариативдик моделдеги мектепке чейинки билим берүү уюмдары/өнүктүрүү борборлору үчүн өнүктүрүүчү сабактардын болжолдуу расписаниеси.
Эскертүү: ата-энелердин балдар менен биргелешип иш алып баруусу жумасына 2 жолу 3 сааттан каралган.
№ | Убакыт | 1-күн | 2-күн |
1 | 20 мүнөт | Кызыгуулары боюнча оюндар (стол үстүндө, дидактикалык ж.б.) | Кызыгуулары боюнча оюндар (стол үстүндө, дидактикалык ж.б.) |
| 15 мүнөт | Дене тарбиялык тыныгуу | |
2 | 25 мүнөт | "Китепченин үйү" (сөз өстүрүү, көркөм адабият, театралдаштырылган иш) | Конструкциялоо, сенсордук өнүктүрүү (пазлдар, мозаика, лего ж.б.) |
| 15 мүнөт | Дене тарбиялык тыныгуу | |
3 | 25 мүнөт | Көркөм сүрөт (сүрөт тартуу, жабыштыруу, аппликация) | "Mен жана курчап турган дүйнө" |
| 15 мүнөт | Музыкалык-дидактикалык оюндар | Кыймылдуу оюндар |
4 | 25 мүнөт | Кызыктуу математика | Көркөм сүрөт/сюжеттик-ролдук оюндар |
| 30 мүнөт | "Бирге ойнойбуз" (ата-энелер менен биргелешип иш алып баруу) | "Бирге ойнойбуз" (ата-энелер менен биргелешип иш алып баруу) |
41. 10 саат болуучу топтор үчүн болжолдуу күн тартиби.
№ | Иш-чара | Убактысы |
1 | Балдарды эртең мененки кабыл алуу, оюндар, гигиеналык процедуралар (балдарды эртең менен кабыл алууга төмөнкүлөр кирет: ата-энелер менен баарлашуу, баланы кароо, эгерде топто карантин киргизилген болсо, анда температурасын өлчөө; жеке иш алып баруу, күн ачык болсо, балдарды эртең менен кабыл алуу участокто жүргүзүлөт, эртең мененки гимнастика) | 8.00-8.30 |
2 | Эртең мененки тамактануу | 8.30-9.00 |
3 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | 9.00-10.40 |
4 | Сейилдөөгө даярдануу. Сейилдөө | 10.40-11.50 |
5 | Сейилдөөдөн келүү, түшкү тамактанууга даярдануу | 11.50-12.10 |
6 | Түшкү тамактануу | 12.10-12.50 |
7 | Уктоого даярдоо. Уктоо | 12.50-14.50 |
8 | Балдарды акырындык менен ойготуу, аба ванналары, гигиеналык процедуралар | 14.50-15.20 |
9 | Түштөн кийинки тамактануу | 15.20-15.40 |
10 | Оюндар, өз алдынча иштөө. Сейилдөөгө даярдануу, сейилдөө, кыймылдуу оюндар | 15.40-16.40 |
11 | Сейилдөөдөн келүү, кечки тамактанууга даярдануу. Кечки тамактануу (Эгерде мектепке чейинки билим берүү уюмунда кечки тамактануу каралбаса, оюндардын жана сейилдөөнүн убактысы узартылат) | 16.40-17.30 |
12 | Балдардын үйүнө кетиши (Ата-энелер менен баарлашуу, жеке иш алып баруу) | 17.30-18.00 |
42. 11 саат болуучу топтор үчүн болжолдуу күн тартиби.
№ | Иш-чара | Убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу | 7.30-8.15 |
2 | Эртең мененки тамактануу | 8.15-8.45 |
3 | Сабактарга даярдануу | 8.45-9.00 |
4 | Сабактар | 9.00-10.30 |
5 | Сейилдөөгө даярдануу | 10.30-10.45 |
6 | Сейилдөө | 10.45-11.50 |
7 | Түшкү тамактанууга даярдануу | 11.50-12.10 |
8 | Түшкү тамактануу | 12.10-12.45 |
9 | Уктоого даярдануу | 12.45-13.00 |
10 | Уктоо | 13.00-14.50 |
11 | Ойгонуу, ден соолукту чыңдоочу процедуралар | 14.50-15.00 |
12 | Түштөн кийинки тамактануу | 15.00-15.20 |
13 | Оюндар, өз алдынча иштөө | 15.20-16.00 |
14 | Сейилдөө | 16.00-17.00 |
15 | Кечки тамактануу | 17.00-17.30 |
16 | Тынч оюндар | 17.30-18.10 |
17 | Үйгө кетүү | 18.10-18.30 |
43. Вариативдик моделдеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын/өнүктүрүү борборлорунун болжолдуу күн тартиби.
Эскертүү: экинчи смена 13.00-15.00.
№ | Иш-чара | Убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу | 9.00-9.30 |
2 | Сабактарга даярдануу. Сабак | 9.30-11.30 |
3 | Эркин оюн Балдар жана ата-энелер менен биргелешкен иши | 11.30-12.00 |
4 | Балдардын кетүүсү | 12.00 |
44. Кыска убакыт (3 саат) болуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн режимдик учурлар.
Эртең менен болуучу (3 саат) топтор үчүн болжолдуу күн тартиби.
№ | Иш чара | Убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу, оюндар (балдарды эртең менен кабыл алууга төмөнкүлөр кирет: бала жөнүндө ата-энелер менен баарлашуу, күн ачык болсо, балдарды эртең менен кабыл алуу участокто жүргүзүлөт) | 8.30-9.00 |
2 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | 9.00-10.40 |
3 | Сейилдөөгө даярдануу. Сейилдөө, оюндар | 10.40-11.30 |
4 | Балдардын кетүүсү | 11.30 |
Күндүз болуучу (3 саат) топтор үчүн болжолдуу күн тартиби
№ | Иш-чара | Убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу, оюндар (балдарды эртең мененки кабыл алууга төмөнкүлөр кирет: бала жөнүндө ата-энелер менен баарлашуу, күн ачык болсо, балдарды эртең менен кабыл алуу участокто жүргүзүлөт) | 12.00-12.30 |
2 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | 12.30-14.10 |
3 | Сейилдөөгө даярдануу. Сейилдөө, оюндар | 14.10-15.00 |
4 | Балдардын кетүүсү | 15.00 |
Эскертүү:
1. Балдар канчалык кичине болсо, ошончолук сабактардын ортосундагы аралык көбүрөөк болушу керек.
2. Ар бир топтогу балдар менен иш алып баруудан кийин жакшылап желдетүү жана нымдуу тазалоо зарыл.
9-глава. Өнүктүрүүчү чөйрө
45. Өнүктүрүүчү чөйрө баланын өнүгүүсүнүн бардык тармактарына чоң таасирин тийгизет. Ал мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүнүн курактык, физиологиялык, тилдик, социалдык жана башка муктаждыктарына жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык коопсуз психологиялык, дене бой жактан, социалдык, үйрөтүүчү, материалдык-техникалык жана башка шарттарды түзүүнү камтыйт. Өнүктүрүүчү чөйрөнү имараттардын ичинде жана андан тышкары түзүү каралган.
46. Өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүдө төмөнкү мамилелер колдонулат:
- баланын өнүгүүсү жана окуусу үчүн коопсуз жана ден соолукту сактоочу мейкиндикти түзүү: чөйрө коопсуз, ар бир баланын муктаждыктарына ыңгайлашкан (анын ичинде атайын билим алууга муктаж балдар), стимул берүүчү, балдарга изилдөөгө, ойноого жана окууга түрткү берүүчү болушу керек. Чөйрө санитардык-гигиеналык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келиши керек;
- психологиялык жактан ыңгайлуу социалдык чөйрөнү түзүү: чөйрө билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын (балдар, ата-энелер, педагог жана коомчулук) өз ара түшүнүүсүнө жана өз ара аракеттенүүсүнө негизделиши керек, анда бала коомчулукка таандыктыгын сезет, чөйрөнү пландоого жана уюштурууга катышат, тегерегиндегилерге сый мамиле жасайт;
- инсандык багытталган мамиле: чөйрө ар бир баланын жана жалпысынан топтун муктаждыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эске алып, балдардын ар түрдүү иш-аракети үчүн ыңгайлуу болушу зарыл (когнитивдик, физикалык, социалдык-эмоционалдык жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү);
- көп маданияттуу/мультимаданий (интермаданий) мамиле: чөйрө этникалык, маданий, социалдык, лингвистикалык көп түрдүүлүктү эске алууга, балдарда ар биринин бирдейлигин жана баалуулугун таанууга негизделген бири-бирине карата боорукер мамилени калыптандырууга, ар кандай маданияттын өкүлдөрүнө карата сый мамилени өнүктүрүүгө тийиш;
- мультимодалдык мамиле: чө йрөдө кабыл алуунун ар кандай үстөмдүк кылуучу түрлөрүнө ээ: аудиалдык (угуу), визуалдык, кинестетикалык, кыймылдык, дискреттик (аналитикалык) балдарды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттар каралышы керек;
- дифференциацияланган мамиле: өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүдө ар бир балага бала үчүн жеткиликтүү деңгээлде жана оптималдуу темпте анын жөндөмдүүлүктөрүн максималдуу өнүктүрүү жана таанып билип муктаждыктарын канааттандыруу үчүн шарттарды камсыздоо зарыл. Чөйрөдө ар кандай жеткиликтүү, балдардын өнүгүүсүнө шарт түзүүчү ресурстар жана материалдар болушу керек. Өнүктүрүүчү чөйрөнү уюштурууда ар бир баланын өз алдынча өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар каралышы керек;
- гендердик сезимтал мамиле: мындай мамиледе кыздар менен эркек балдар бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болгон гендердик теңчиликти илгерилетүүгө багытталган ыкмалар колдонулат, мындай ыкманы колдонуунун максаты болуп баланын өзүн-өзү баалоосун, өзүнө ишенүүсүн өнүктүрүү, бир жыныстын экинчи жыныска үстөмдүк кылуусу жок жайлуу чөйрөдө балдарды чектөөчү гендердик стереотиптерден бошотуу эсептелет.
47. Өнүктүрүүчү чөйрө төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) санитардык-гигиеналык эрежелерге жана ченемдерге ылайык коопсуз болууга жана ден соолукту сактоого тийиш;
2) бардык балдардын, анын ичинде атайын билим алууга муктаж балдардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга тийиш;
3) иш-аракеттин ар кандай түрлөрүн: оюн, таанып-билүүчү, кыймылдык (майда жана чоң моториканы өнүктүрүү), чыгармачылык жана изилдөөчүлүк активдүүлүктү камсыздоочу функционалдуу жана трансформациялануучу болууга тийиш;
4) ар бир баланын эмоционалдык бакубаттыгын камсыздап, өз алдынчалыкты, өзүн көрсөтүүнү, ошондой эле тандоо укугун колдоого жана стимул берүүгө тийиш;
5) көп түрдүүлүктү, инклюзивдүүлүктү, көп маданияттуулукту жана гендердик сезимталдыкты эске алуу менен ар түрдүү өнүктүрүүчү жана окутуучу материалдарды камтып, вариативдүү болууга тийиш;
6) сүйлөө речин, сабаттуулугун колдоого жана стимул берүүгө, баланын жеке жана курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутуу шарттарын өнүктүрүшү керек;
7) балдардын бардык ресурстарга эркин ээ болуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш;
8) чөйрө ар бир балага жайлуу жана достук мамиледе, зомбулуктан эркин болууга тийиш;
9) программалык милдеттерге, көп функционалдуулукка, вариативдүүлүккө жана экологиялык коопсуздукка ылайык китептер, өнүктүрүүчү оюнчуктар, окутуучу материалдар, дидактикалык жана өнүктүрүүчү окуу куралдар жана көргөзмө материалдар менен жабдылууга тийиш.
48. Өнүктүрүүчү чөйрөгө ички жана тышкы мониторинг ушул Мамлекеттик стандарттын 77-пунктуна ылайык туруктуу жана системалуу негизде жүргүзүлүшү керек.
10-глава. Материалдар жана жабдуулар
49. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын катуу жана жумшак инвентарь менен камсыз кылуу Мамлекеттик стандартка жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
50. Эмерек Мамлекеттик стандарт жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдер боюнча типтүү жабдуулардын тизмесине ылайык ар бир курактык топтогу балдардын курагына жана боюна, санына шайкеш келүүгө тийиш.
51. Дидактикалык материалдар жана оюндар балдардын курагына, жеке өзгөчөлүктөрүнө, кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш.
52. Материалдар жана жабдуулар, оюнчуктар, спорттук инвентарь, эмерек коопсуздук талаптарына жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш.
53. Окутуунун мультимедиялык техникалык каражаттары билим берүү программаларына шайкеш келүүгө тийиш.
11-глава. Балдардын ден соолугу
54. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерге ылайык дене боюнун өнүгүүсү жана ден соолугун чыңдоо үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш.
55. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда алдын алуу максатында медициналык тейлөө жана балдардын ден соолугунун абалына системалык медициналык байкоо жүргүзүү медициналык персонал тарабынан ишке ашырылат.
56. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда штаттык медициналык кызматкер каралган, ал төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) балдардын дене боюнун жана нервдик-психикалык өнүгүүсүн, күн тартибинин сакталышын, ден соолукту чыңдоочу алдын алуу иш-чараларынын жүргүзүлүшүп жана тамактанууну уюштурууну контролдоону;
2) баланын ден соолугунун абалына ылайык, дене тарбия көнүгүүлөрүнүн түрлөрүн жана сабактарды өткөрүүнүн узактыгын эске алуу менен дене боюна келтирилген күчтүн ченемдерине байкоо жүргүзүүнү;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык персоналынын катышуусу менен ден соолукту чыңдоочу процедураларды.
57. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун штатында дарыгер-педиатрлар жана медициналык кызматкерлер жок болгон учурда бул ишти мектепке чейинки билим берүү уюму жайгашкан жер боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык персоналы аткарат.
58. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмумун медициналык пунктунда, ошондой эле ар бир топто тез жардам аптечкасы болушу керек.
Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууну медициналык кызматкерлердин өтүнмөлөрү боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары жүргүзөт.
Дары каражаттары атайын бөлүнгөн, балдар жете албаган жерде сакталат.
59. Балада адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган абал пайда болгон учурда ата-энесине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү жана баланы жакынкы дарылоо-профилактикалык уюмуна тез арада жеткирүү керек.
60. Курч респиратордук оорулардын саны көбөйгөн мезгилде ар бир баланы эртең мененки кароо уюштурулат.
Ооруп калган балдар оорунун жайылышын алдын алуу жана аларга алгачкы дарыгерлик же тез жардам көрсөтүү максатында башкалардан бөлүнөт.
Эгерде инфекциялык ооруга шектенсе же пайда болсо, баланын белгиленген карантин аяктаганга чейин мектепке чейинки билим берүү уюмуна келүүсүнө жол берилбейт.
61. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун персоналы жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар:
1) оорулардын, өзгөчө инфекциялык оорулардын алдын алуу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкерден инструктаж өтүшөт;
2) гигиеналык шарттарды сактоону, сабактарды өтүүнү, топто күн тартибин уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекиткен графикке ылайык милдеттүү үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
62. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна аныктоодо медициналык маалым катты жана эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүүгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун персоналына анын деп соолугу жөнүндө туруктуу негизде маалымдап турууга милдеттүү.
63. Санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эпидемияга каршы режимдин эрежелеринин сакталышын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнүн аймактык борборлорунун медициналык кызматкерлери контролдошот.
12-глава. Балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу
64. Режимди катуу сактоо мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын рационалдуу, балансталган, сапаттуу тамактануусунун негизги талаптарынын бири болуп саналат.
65. Тамактанууну уюштуруу боюнча зарыл болгон документтердин тизмеси:
1) тамактанууну уюштуруу боюнча жогору турган уюмдардын буйруктары;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчисинин балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө буйругу;
3) "Болжолдуу/перспективдүү менюнун" (технологиялык карталар) болушу;
4) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу боюнча бекитилген методикалык сунуштар;
5) балдар үчүн күнүмдүк меню жөнүндө ата-энелерге маалыматтын болушу;
6) негизги тамак-аш азыктарын киргизүү графигинин болушу;
7) топтордо тамактанууну уюштуруу үчүн даяр продукцияны берүү графигинин болушу;
8) порциялардын ченемдери - балдар үчүн курагына ылайык тамактын грамм боюнча көлөмү;
9) азык-түлүк сакталуучу жайдан тамак-аш блогуна тамак-аш азыктарын берүү графиги;
10) күнүмдүк меню - кийинки күнгө карата талап;
11) чийки продукцияны бракераждоо журналы;
12) даяр продукцияны бракераждоо журналы;
13) 3-тамакты витаминдештирүү журналы;
14) топтоочу ведомость;
15) тамак-аш блогунун кызматкерлерин медициналык кароону каттоо журналы;
16) тамак-аш блогунда санитардык-эпидемиологиялык режимди аткаруу боюнча нускамалардын болушу.
66. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууга карата негизги талаптар:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларынын тамактануусу үчүн арналган тамак-аш азыктары Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техникалык регламенттеринде белгиленген талаптарга шайкеш келиши;
2) суткалык энергияны чыгымдоого карата тамак-аш рационунун калориялуулугун сактоо;
3) балдардын курактык керектөөлөрүнө жана организминин өзгөчөлүктөрүнө тамак-аш рационунун химиялык курамынын, калориялуулугунун, өлчөмүнүн (массасынын) айкалышы;
4) рациондогу тамак-аш заттарынын (белоктор, майлар жана углеводдор, ошондой эле малдан алынган белоктор жана өсүмдүктөрдөн алынган майлар) балансталган катышы;
5) биологиялык жана тамак-аш баалуулугун, жогорку органолептикалык касиетин жана тамак-аш заттарынын сиңиримдүүлүгүн сактоо максатында тамак-ашты даярдоо технологиясын, азыктарды сактоо, иштетүү эрежелерин сактоо;
6) азыктардын, анын ичинде жашылчалардын, мөмө-жемиштердин кеңири ассортиментин пайдалануу;
7) жылдын кыш-жаз мезгилдеринде (ноябрдан майга чейин) даяр тамактарды (3-тамак) поливитаминдүү кошулмалар же "С" витамини менен милдеттүү түрдө витаминдештирүү;
8) тамактануу режимин так сактоо;
9) тамак-аштын жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу;
10) азыктардын шайкеш келүүсү, алардын өз ара алмашымдуулугу;
11) балдардын жеке өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде алардын кээ бир тамактарды жана азыктарды которо албастыгын эске алуу.
67. Тамактанууну уюштурууну контролдоо:
1) санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер менен бекитилген талаптарды аткаруу;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында атайын документтерди жүргүзүү;
3) балдардын тамактануусун уюштуруу жана ага жоопкерчилик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана медициналык кызматкерлерге, билим берүүнүн аймактык башкаруу органдарына/бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
13-глава. Балдардын коопсуздугу
68. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмунун аймагындагы жайдын ичинде да, ошондой эле сыртында да балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди жетекчиликке алууга;
2) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жарандык коргонуу, өрткө каршы, радиациялык коопсуздук, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматтары менен бирдикте балдарды жана персоналды эвакуациялоо боюнча үзгүлтүксүз окууларды өткөрүү;
3) табигый кырсыктарда эвакуациялоо боюнча уюмдун кызматкерлери, ошондой эле ата-энелер менен сабактарды өткөрүүгө жана аларга эвакуациялоо учурунда балдар турган жер жөнүндө кабарлоого;
4) балдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча нускаманы билүүгө;
5) өрт коопсуздугу боюнча нускаманы билүүгө;
6) жашоо-тиричилик коопсуздугун уюштуруу боюнча балдар менен сабак өтүүгө;
7) балдардын иш-аракеттеринин бардык түрлөрүндө коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандырууга;
8) жайды жана ага жанаша аймакты зарыл болгон өрткө каршы жабдуулар менен камсыз кылууга;
9) өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялоо планынын болушу;
10) жеткиликтүү жана көрүнүктүү жерде телефондун жана кызматтардын телефон номерлеринин (өрткө каршы бөлүк, тез медициналык жардам, милиция, жарандык коргонуу, өрткө каршы, радиациялык коопсуздук, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы аймактык башкаруу органы) болушу.
Ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн телефон номерлери ар бир топто болууга тийиш.
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары жана балдарга билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жана аларды багууга лицензиясы бар жактар ата-энелерге балдардын коопсуздугуна кепилдик берүүгө милдеттүү.
14-глава. Имараттар жана участоктор
69. Имараттар, жайлар жана участоктор төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш:
1) имаратты техникалык эксплуатациялоо жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жайлаштырууга, күтүүгө жана анын иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга;
3) атайын муктаждыктары бар балдар үчүн зарыл болгон шаймандар менен жабдуу ченемдерине.
15-глава. Мектепке чейинки билим берүүнүн жетекчилерине жана педагогикалык кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар жана кесиптик компетенциялар
70. Мамлекеттик стандарт балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жетекчилерге жана педагогикалык кызматкерлерге төмөнкү квалификациялык талаптарды аныктайт:
1) педагогикалык билиминин милдеттүү түрдө болушу (мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө артыкчылыктуу);
2) соттуулугунун же медициналык каршы көрсөтмөлөрүнүн жоктугу, бул жөнүндө тийиштүү документтер (маалым каттар) берилиши керек, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат;
3) педагогикалык кызматкерлерди мектепке чейинки билим берүү адистиги боюнча милдеттүү түрдө кайра даярдоо;
4) 5 жылда 1 жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүү;
5) кесиптик ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
6) жалпы педагогиканы, наристе жана мектепке чейинки курактагы баланын психологиялык өнүгүүсүн, анын ичинде эркек жана кыз балдарды гендердик социалдаштыруу процессинде натыйжалуу тарбиялоону билүү;
7) мектепке чейинки билим берүүнүн теориясын, методикасын жана балдар менен иштөөнүн заманбап технологияларын билүү.
71. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик компетенциялары.
Педагогдун негизги кесиптик милдети - балдардын гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.
Бул үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кызматкери төмөнкү кесиптик компетенцияларга ээ болуусу керек:
1) интеллектуалдык-педагогикалык - алган билимин, тажрыйбасын натыйжалуу окутуу жана тарбиялоо үчүн кесиптик ишинде колдоно билүү, педагогдун инновациялык ишке жөндөмдүүлүгү;
2) маалыматтык - педагогдун өзү, тарбиялануучулар, ата-энелер жана кесиптештери жөнүндө маалыматтарынын көлөмү;
3) жөнгө салуучу - педагогдун өз жүрүм-турумун башкара, сезимдерин контролдой билүүсү, рефлекске жөндөмдүүлүгү, стресске туруктуулугу;
4) коммуникативдик - маанилүү кесиптик сапат, ал сүйлөө көндүмдөрүн, уга билүүнү, кайгысын тең бөлүшүүнү, бирөөнү түшүнүүнү, өтүнүчтөргө жооп берүүнү, иш-аракеттеринин алдыңкы түрүн - оюнду уюштуруу, ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр жана жамаат менен конструктивдүү мамилелерди түзө билүү.
72. Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында өзүнүн кесиптик компетенцияларын аларды өнүктүрүүнүн төмөнкү негизги жолдору аркылуу жакшыртуу зарыл:
1) квалификацияны жогорулатуу курстары, окутуучу тренингдер, семинарлар;
2) изилдөө, эксперименталдык иш;
3) инновациялык иш, жаңы педагогикалык технологияларды өздөштүрүү;
4) педагогикалык конкурстарга, методикалык бирикмелердеги мастер-класстарга активдүү катышуу;
5) маалымат агымында багыт алууну жана заманбап технологияларды пайдаланууну билүү;
6) жеке педагогикалык тажрыйбасын талдоону жана жалпылоону билүү;
7) баланын өнүгүү динамикасын жана билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн натыйжаларын байкоого мүмкүндүк берүүчү талдоо жүргүзүү;
8) үзгүлтүксүз өз алдынча билим алуу.
Калыптанган кесиптик компетенциялар педагогдорго кесиптик милдеттерди чечүүнүн натыйжалуу ыкмаларын тандоого, кесиптик милдеттерин чыгармачылык менен аткарууга, өз квалификациясын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү түзүүгө, эң негизгиси - мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
16-глава. Ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү
73. Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу педагогикалык кадрлардын даярдык деңгээлинен жана үй-бүлө менен мектепке чейинки билим берүү уюмунун наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелеринде өз ара тыгыз аракеттенүүсүнөн түздөн-түз көз каранды болот.
74. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мектепке чейинки билим берүү ишин жүргүзгөн уюмдун Уставы, билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия, окутуу жана өнүктүрүүчү программалык документтер жана билим берүү ишин уюштурууну жана жүргүзүүнү регламенттеген башка документтер менен таанышууга;
2) билим берүүнүн жана өнүктүрүүнүн мазмуну, окутуунун жана тарбиялоонун колдонулуучу ыкмалары, билим берүү технологиялары, ошондой эле баланын өнүгүүсүнө жүргүзүлгөн мониторинг менен таанышууга;
3) балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) баланы тарбиялоого, анын билим алуусуна кам көрүүгө, курагына жана жөндөмдөрүнө жараша анын иш-аракеттерин жетектөөгө;
5) баланын толук кандуу билим алуусу, өнүгүүсү, тарбиялоо, ден соолугун чыңдоо жана анын үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча жашоосуна даярдоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
6) балдарды психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияда текшерүүдө, текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоодо жана корутунду даярдоодо катышууга.
75. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого;
2) ички тартиптин эрежелерин, билим берүү уюму тарабынан каралган локалдык ченемдик актылардын талаптарын сактоого;
3) балдардын ар-намысын сыйлоого;
4) билим берүү жана өнүктүрүү ишин жүргүзгөн мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин ар-намысын сыйлоого;
5) ошол уюмдун Уставында аныктаган формада билим берүү ишин жүргүзгөн уюмду башкаруу иштерине катышууга.
76. Билим берүүнүн аймактык башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө төмөнкүлөр боюнча жардам беришет:
1) наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү маселелери боюнча ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө консультативдик жана методикалык жардам көрсөтүү;
2) ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн билим берүү жана өнүктүрүү ишине катышуусу үчүн шарттарды түзүү;
3) балдарды тарбиялоодо, алардын ден соолугун коргоодо жана чыңдоодо, жеке жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө жана алардын өнүгүүсүндөгү бузулууларды зарыл болгон оңдоодо ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө колдоо көрсөтүү;
4) баланын билим алуу маселеси боюнча ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр менен өз ара аракеттенүү, аларды билим берүү ишине түздөн-түз тартуу, анын ичинде үй-бүлөнүн керектөөлөрүн аныктоонун жана билим берүү демилгелерин колдоонун негизинде үй-бүлө менен биргеликте билим берүү долбоорлорун түзүү аркылуу.
17-глава. Каржылоо
77. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
78. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
18-глава. Мамлекеттик стандарттын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо
79. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткаруу, билим берүү ишинин натыйжаларын, педагогикалык процесстин проблемалуу жактарын жана күтүлүүчү натыйжаларды аныктоо, ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртуу боюнча бир катар негизги маселелерди чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен аны өркүндөтүү боюнча максаттуу багытталган аналитикалык негиздүү иштерди жүргүзүү (шарттардын, процесстин жана натыйжалардын сапаты) максатында ушул Мамлекеттик стандарттын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык индикаторлор боюнча тышкы жана ички мониторинг жүргүзүлүүдө.
80. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун же балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдардын ишине тышкы мониторинг Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Тышкы мониторинг жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүшү мүмкүн.
81. Ички мониторинг мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилери жана педагогдору тарабынан ишти жакшыртуу максатында жана ушул Мамлекеттик стандарттын жана программалардын ченемдерине ылайык балдарга билим берүү жана аларды өнүктүрүү процессине, алардын жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү жана контролдоо аркылуу жүргүзөт.
82. Мониторингдин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүк деңгээлин жана мектепке чейинки билим алган 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын санын аныктоо;
2) менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрү менен наристе жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү кызматтарын көрсөтүү;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө балдардын болуу убактысы;
4) наристе жана мектепке чейинки билим берүү программалары боюнча билим берүү ишинин мазмуну, билим берүү жана өнүктүрүү процессин уюштуруу;
5) балдардын өнүгүүсүнүн жана ден соолугунун деңгээли;
6) мектепке чейинки билим берүү уюмун кадрдык камсыздоо;
7) материалдык-техникалык камсыздоо;
8) өнүктүрүүчү жана коопсуз чөйрөнү уюштуруу үчүн шарттар;
9) үй-бүлө жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү механизмдери;
10) башкаруу жана натыйжалуу иш.
83. Натыйжалуу жана объективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы жана анын аймактык бөлүмдөрү же мектепке чейинки билим берүү уюму тарабынан профилдик билими жана мектепке чейинки билим берүү жаатында иш тажрыйбасы бар адистерден турган, ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен жумушчу топ (3 адамдан кем эмес) түзүлөт.
84. Мониторингдин коюлган максатына жана милдеттерине жараша маалымат чогултуунун ар кандай ыкмалары (анкеталоо, интервью алуу, сурамжылоолор, тесттер, маектешүүлөр) пайдаланылышы мүмкүн.
85. Мониторингдин жыйынтыгы жумушчу топ тарабынан талданат жана педагогикалык процесстин жана билим берүү ишинин проблемалуу жактарын чечүү үчүн колдонмо катары сунушталышы мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемеси |
1 жаштан 7 жашка чейинки балдардын өнүгүүсү үчүн багыт катары курактык ченемдер
№ | Көндүмдөр | 1 жаштан 2 жашка чейин | 2 жаштан 3 жашка чейин | 3 жаштан 4 жашка чейин | 4 жаштан 5 жашка чейин | 5 жаштан 6 жашка чейин | 6 жаштан 7 жашка чейин |
1. Физикалык өнүктүрүү жаатындагы билим берүүнүн натыйжалары | |||||||
1 | Дене тарбия | Өз алдынча турганды жана отурганды билет. Өз алдынча же бир жагынан колдоо менен баса алат | Чуркаганды, эки буттап секиргенди, бутунун башы менен отуруп турганды, полдо жаткан тоскоолдукту аттап өткөндү, бутунун учу менен басканды билет | Кыймылдардын негизги түрлөрүн аткаруунун кадимки көндүмдөрүнө ээ (чуркоо, секирүүлөр, жылып түшүү, ыргытуу, эки кол менен топту тосуу, бурулуулар) | Жашоодогу маанилүү кыймылдарды өз алдынча жасайт (ар кандай ылдамдыкта чуркоо, бир буттап жана эки буттап алдыга, капталга, ордунда туруп секирүү, тең салмактуулукту кармоо, кадамдардын ар кандай түрлөрүн жасоо) | Негизги кыймылдарды жасоодо чыгармачыл мамилесин көрсөтөт (алыскы аралыкка басат, тепкичтер менен чыгат, устундун үстү менен басат, анча бийик эмес отургучтан секирип өтөт, кыймылдардын координациясы жакшы) | Курагына ылайык келген сапаттык жана сандык көрсөткүчтөргө жетүү менен кыймылдардын негизги түрлөрүн жасайт (ар кандай темите чуркоо, турникке асылуу, басуу же чуркоо учурунда буттарын алмаштыруу менен секирүү, велосипедди, самокатты жакшы тебүү) |
2 | Өз алдынча кыймылдоо активдүүлүгү | Оюнчук менен ойноп жатып мурда үйрөнгөн аракеттерди жасайт. Жанында ойнойт, мейкиндиктеги ачык, көңүлдү буруучу предметтерди өз алдынча таба алат | Чоң кишинин колдоосуз жана жардамысыз өз алдынча негизги аракеттерди жасайт | Биргелешкен оюндарда кадимки эрежелерди сактай алат | Өз алдынча ар кандай оюндарды ойной жана оюндун бардык эрежелерин сактай алат | Балдардын тобу менен кыймылдуу оюндарды уюштуруу көндүмдөрүнө ээ | Өз кыймылдарын эркин башкара жана оюндун эрежелерин түшүнүү менен жасай билет. Кыймылын кадимки өз алдынча контролдоо калыптанган |
3 | Маданий-гигиеналык көндүмдөр | Чоң кишинин жардамы менен жуунуу, кийимин кийүү, чечүү боюнча кадимки көндүмдөрдү аткарат | Жеке гигиенанын кадимки көндүмдөрүнө ээ | Жеке гигиенанын эрежелерин билет жана сактайт | Гигиеналык процедураларды аткаруунун ырааттуулугун билет | Гигиеналык процедураларды өз алдынча аткарат | Гигиеналык процедураларды өз алдынча аткаруу жана өз ара жардам берүү көндүмдөрүнө ээ, ден соолукту чыңдоонун бардык ыкмаларын билет жана аткарат |
4 | Сергек жашоо көндүмдөрү |
| Бир жери ооруса чоң кишилерге билдирет | Дени сак болуу деген өзү үчүн эмнени билдире тургандыгын баяндап берет. Кооптуу кырдаалдарда этият болот | Бала бакчада өзүн алып жүрүүнүн кадимки эрежелерин билет жана сактайт. Өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана курт-кумурскаларга мамиле кылганды билет | Коопсуздук эрежелерин түшүнүү менен аткарат. Ден соолукту чыңдоочу процедуралардын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнөт | Организмди чыңдоонун ыкмаларын жана келбетти туура сактоону билет. Өзүнүн жана башкалардын ден соолугун кантип сактоо керек экендигин айтып бере алат |
2. Когнитивдик өнүктүрүү жаатындагы билим берүү натыйжалары | |||||||
5 | Курчап турган дүйнөнү таанып-билүү | Өзү, үй-бүлөсү жөнүндө маалыматты билет. Жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, жакынкы чөйрөдөгү предметтерди тааныйт. Тирүү жандыктарды, өсүмдүктөрдү айырмалайт, аларга кызыгат | Ар бир нерсени билүүгө умтулат, адамдарга жана алардын кылган аракеттерине өзгөчө кызыгат, жаныбарларга боорукерлик менен мамиле кылат | Жаратылыштагы, аба-ырайындагы жөнөкөй өзгөрүүлөрдү байкоого жана айтууга жөндөмдүү. Өсүмдүктөрдү багуу боюнча чоң кишилер менен биргеликте кадимки эмгектик тапшырмаларды аткарат | Тирүү, жансыз жаратылыштын жана коомдук жашоонун жөнөкөй себептик-натыйжалык байланыштарын түшүнөт. Жаратылышта өзүн алып жүрүүнүн айрым ченемдерине ээ | Көрүнөө-аракет жана көрсөтмө-сүрөттөө планында таанып-билүүчүлүк тапшырмаларды системалаштырат, топтойт жана аткарат. Окшоштукту жана айырмачылыкты табууга жөндөмдүү. Курчап турган дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн түшүнөт. Өсүмдүктөрдүн белгилерин жана касиеттерин, жаныбарлар жашаган чөйрөнү билет | Мүнөздүү жана маанилүү белгилерди бөлүүнүн негизинде айлана-чөйрөнүн объектилери жөнүндө түшүнүктөрдү жалпылайт. Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү майда айырмалоочу белгилери боюнча айырмалайт жана атайт. Жандуу чөйрөнүн жашоочуларына кам көрүп. Жаңы турмуштук кырдаалдарга туш болууда этияттыкты сактайт |
6 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөр | Чоң кишинин көрсөтмөлөрүн түшүнөт жана курчап турган мейкиндикте предметти таба алат | Мейкиндикте багыт алуунун баштапкы көндүмдөрүнө ээ | Убакыт, мейкиндик жөнүндө жөнөкөй ой туюмун билдире алат | Убакыт (сутканын бөлүктөрүн: эртең менен, күндүз, түн; күндөр: бүгүн, кече, эртең); тез, жай түшүнүктөрү жөнүндө билет | Геометриялык фигуралардын түзүмдүк мүнөздөмөлөрүн, түз жана тескери тартипте сандык мамилелерди айырмалайт | Объекттерди ар кандай белгилери боюнча классификациялайт; сөздөрдүн жардамы менен мейкиндик-убакыт мамилелерин аныктайт; логикалык ой жүгүртүү ыкмаларына ээ |
7 | Предметтердин касиеттеринде багыт алуу | Кийинки белгилердин бири (чоңдук, форма) боюнча бир түрдүү предметтерди топтойт. Төрт негизги түстү айырмалайт | Негизги түстөрдү, предметтердин формасын, чоңдугун, фактурасын айырмалайт | Салыштыруу ыкмасы (үстүнө коюу, коюп көрүү) менен предметтердин мүнөздүү айырмачылыктарын билет жана атайт | Сезип, угуп жана жытын сезип кабыл алуунун негизинде предметтердин белгилерин жана мүнөздүү айырмачылыктарын атайт | Таанып-билүү категориясы катары предметтердин касиеттерин жана белгилерин карайт | Предметтерди багытына жана адамдын жашоосунда колдонууга жараша жасоо үчүн пайдаланылуучу ар кандай материалдардын касиеттери жана ар түрдүүлүгү жөнүндө билет |
8 | Маалымат менен иштөө |
| Маалыматтын ар кандай булактарына кызыгат | Эски менен жаңы маалыматтын айырмасын аныктайт | Жаңы маалымат алуунун зарылдыгын түшүнөт | Жаңы маалыматты түшүнөт жана аны бере алат, ал кимге кызыктуу боло тургандыгын түшүндүрөт | Алынган маалыматты талдайт жана аны түшүнүү менен пайдаланат |
9 | Издөө жана эксперименттик иш-аракет | Ар кандай тереңдиктерге (көзөнөктөргө) предметтерди алардын тереңдигинин формасына жараша киргизе алат | Чоң кишинин жардамы аркылуу ар кандай предметтер менен эксперимент жүргүзөт (ажыратуу, бириктирүү, конструкциялоо) | Тааныш материалдар менен өз алдынча эксперимент жасайт | Жаңы материалдар менен максаттуу эксперимент жасайт, аларды моделдейт жана предметтердин ортосундагы кыйла жалпы белгилерди бөлөт | Экспериментти ырааттуу жана натыйжалуу жүргүзөт, жөнөкөй себептик-натыйжалык байланыштарды аныктайт | Эксперименттик иште максат коюуну, натыйжага жетишүүнү билет |
10 | Конструктивдүү көндүмдөр | Чоң кишинин жардамы менен жөнөкөй конструкцияларды түзгөндү билет | Чоң кишинин көрсөтүүсү боюнча жөнөкөй конструкцияларды кайра жасай алат (үстүнө коюуну, салууну, коюп көрүүнү билет) | Ар кандай ыкмалар менен вариациялоо аркылуу куруу материалдарын колдонууну билет. Алардын негизги деталдарын билет жана атайт | Конструкция үчүн материалды тандоодо өз алдынчалуулукту көрсөтөт, курулуштарды жасоого умтулат | Конструкциялоонун бир катар жөнөкөй жалпыланган ыкмаларын билет жана ар кандай натыйжаларды алуу үчүн бир эле ыкманы колдонот | Аппликация же сүрөт түрүндөгү геометриялык фигуралардан реалдуу жана абстракттуу объекттерди практика жүзүндө моделдөөнү билет |
3. Социалдык жана эмоционалдык өнүктүрүү жаатындагы билим берүү натыйжалары | |||||||
11 | Жүрүм-турум маданиятынын көндүмдөрү | Жүрүм-турумдун кадимки ченемдерин билет. Оң таасирдүү адаттар калыптанган | Жүрүм-турумдун ченемдерин жана эрежелерин түшүнөт, саламдашуу, коштошуу, ыраазычылык билдирүү сөздөрүн колдонот | Адамдык мамилелер жөнүндө түшүнүккө ээ, эмоциялык абалды түшүнөт | Жакындарына жана айланасындагы адамдарга кадимки кам көрүүнү көрсөтөт | Зарыл болгон учурларда жардам сурай алат, башка адамдардын каалоосун сыйлайт | Практикалык иште жүрүм-турумдун базалык ченемдерин, этикетти, жаратылышта өзүн алып жүрүү эрежелерин эске алат. Жүрүм-турум эрежелерин бузган учурда түшүнгөндүгүн көрсөтөт |
12 | Чоң кишилер жана курдаштары менен өз ара аракеттенүү | Чоң кишини кунт коюп укканды билет, анын көрсөтмөлөрүн аткарат. Татаал эмес тапшырмаларды эстеп калат жана аткарат | Жакын адамдарына, курдаштарына карата боорукерлигин, ак ниеттүүлүгүн, тилектештигин көрсөтөт | Курдаштары менен туруктуу оюн бирикмелерине кире алат жана таанып-билүү темаларында чоң кишилер менен баарлаша алат | Чоң кишилер менен биргеликте эмгектик иш-аракеттерди аткарат. Курдаштарынын арасындагы өзүнүн ордун жана "МЕН" дегенди түшүнөт | Чоң кишилер жана курдаштары менен кызматташууну, жалпы максатты коюуну жана алардын натыйжаларын талкуулаганды билет | Чоң кишилер менен биргелешкен иш-аракеттерге достук мамиледе кошулганды билет, пайдалуу болууга жана канааттанууга умтулат |
13 | Адеп-ахлактык ченемдер жөнүндө түшүнүк | Каалоолорун билдирүү жана айланадагылар менен өз ара мамилени жакшыртуу үчүн зарыл болгон сөздөрдү колдоно билет | "Жакшы деген эмне, "жаман" деген эмне экендигин билет жана түшүнөт | Өзүнүн жоругун жана жомоктогу каармандардын жоруктарын баалаганды билет | Коомдо өзүн алып жүрүүнүн адеп-ахлактык ченемдерин жана эрежелерин сактайт | Жүрүм-турумдун адеп-ахлактык ченемдерин сактайт, жакшы жоруктарына кубанат, канааттанат, ченемдерди бузган учурда капаланат | Өзүнүн жана башка элдердин этикалык ченемдерин жана баалуулуктарын билет, эмпатияны, толеранттуулукту көрсөтөт. Бул курактык топтун түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болгон коомдук тартиптин эрежелерин сактоо боюнча көндүмдөргө ээ |
4. Чыгармачыл жана эстетикалык өнүктүрүү жаатындагы билим берүү натыйжалары | |||||||
14 | Музыкалык чыгармачылык | Татаал эмес кыймылдар менен бийлөөчү мелодиянын шаңдуу мүнөзүн билдиргенди билет | Тон менен кошулуп ырдаганды билет, ырлардын сөздөрүн эстеп калат, бир нече аракетти бир учурда аткара алат (ырдайт, алакан чабат, айланат, колдорун кыймылдатат, дене бою менен тегеренет) | Музыкалык чыгарманын темпин жана ритмин айырмалайт, бийиктиги боюнча үндөрдү айырмалайт, мелодиянын башталышына жана аякташына реакция кылат | Созуп ырдайт, сөздөрдү так айтат; бий, музыкалык-ритмикалык кыймылдарды аткарат | Балдардын музыкалык аспаптарында ойноонун жөнөкөй көндүмдөрүнө ээ, музыканын үнүнүн негизги касиеттерин айырмалайт. Ырдоону импровизациялоонун жөнөкөй көндүмдөрүнө ээ | Мелодияны жана аккомпанементтөөчү музыкалык аспапты айырмалайт. Балдар үчүн аспаптарда ойноо, ырдоо жана бийлөө учурунда минордук жана мажордук үндү кабыл алат жана кайра кайталайт |
15 | Көркөм иш |
| Кагаздын бетин ачык түстүү тактар менен, чиймелер менен толтурат. жалпак, тегерек формаларды жабыштырып жасайт | Жабыштырып жасоо көндүмдөрүнө ээ (көзөнөктөрдү жасайт, предметтерди жасалгалайт). Кагаздын бетине вертикалдык, горизонталдык толкун сымал сызыктарды сызганды билет | Сүрөт тартуу үчүн керектүү негизги техникалык көндүмдөргө жана жөндөмдөргө ээ | Тапшырмага ылайык сүрөт тартуунун техникалык ыкмаларын жана каражаттарын өз алдынча тандайт | Өз алдынча ар кандай техникалык каражаттарды колдонот, ишти жаңы деталдар менен толуктайт жана кооздойт |
16 | Курчап турган дүйнөнү эстетикалык кабыл алуу | Ачык түстөгү боекторду көңүл коюп карайт, суктануусун, кубануусун билдирет | Оюнчуктарды кароодо кубанууну, эмоционалдык мамилесин билдирет, алардын ачык түсүн, кооздугун белгилейт | Сүрөт искусствосунун ар кандай түрлөрүнө кызыгат, материалдарды абайлап пайдаланат | Геометриялык формаларды жана өсүмдүк элементтерин белгилүү бир ритмге ылайык мейкиндикте жайгаштырат. Музыканын бийлөөчү мүнөзүн эмоция менен кабыл алат, курчап турган дүйнөнүн кооздугун байкайт | Декоративдик искусствого, дизайнга кызыгуусун билдирет жана иштин ыкмаларын тандайт жана негиздейт, иш үчүн материалдарды сарамжалдуу пайдаланат, жаратылыштын, кийимдин кооздугуна жана бөлмөнүн жыйналгандыгына эмоциясын билдирет | Предметтин түсүнүн жана формасынын, башка эмоционалдык факторлордун негизинде айлана-чөйрөдөгү объекттерге жана искусствонун ар кандай түрдөгү чыгармаларына карата өзүнүн мамилесин калыптандырат |
5. Сабаттуулук жана коммуникациялар жаатындагы билим берүү натыйжалары | |||||||
17 | Баарлашуу маданияты | Жөнөкөй сүйлөм менен айтылган өтүнүчтү аткара алат | Курдаштары менен баарлаша алат | Чоң кишинин сүйлөгөн сөзүн түшүнөт, суроолорду укканды жана аларга жооп бергенди билет | Чоңдор, балдар менен баарлаша жана алардын өтүнүчтөрүн аткара алат | Коомдук жайларда коммуникациянын эрежелерин билет жана аларды сактайт | Сөз менен баарлашуу; сөзү жок каражаттар менен баарлашуу эрежелерин; сүйлөө этикасын билет |
18 | Сүйлөө речинин грамматикалык түзүлүшү | Жөнөкөй сөздөрдү колдонууну билет жана аларды түшүндүрө алат | Түшүнүктүү болуш үчүн өз оюн билдире алат | Керектүү сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууну билет | Чоң кишинин суроолорунун жардамы менен татаал бирикме жана татаал-багыныңкы сүйлөмдөрдү тиешелүү түрдө түзө алат | Сүйлөө речине карата сын мамилесин билдире алат жана грамматикалык жактан туура сүйлөөгө умтулат | Сөз айкаштарын жана сүйлөмдөрдү грамматикалык жактан туура түзөт. Сүйлөө речинде тааныш сөздөрдүн татаал формаларын колдонот |
19 | Сүйлөө маданияты | Үндүү жана артикуляциялык жактан жеткиликтүү үнсүз тыбыштарды так айта алат | Үндүү жана үнсүз тыбыштарды туура артикуляциялай алат | Сөздөрдүн айтылышына көңүл коюп угуу менен так айта алат | Эне тилинин бардык тыбыштарын туура айта алат | Тыбыштарды дифференциялоо, интонациялык дааналыктын ар кандай ыкмаларын колдонуу аркылуу сөздөр менен активдүү ойногонду билет | Таза, туура, так сүйлөйт; тыбыштарды даана классификациялайт, шарттуу тыбыштык белгилердин жардамы менен муундарды жана сөздөрдү түзөт |
20 | Сөз байлыгы | Чоң кишилер айткан сөздөрдү жана фразаларды туура кайталайт | Өзү, үй-бүлө мүчөлөрү, жакшы көргөн оюнчуктары жөнүндө суроолорго жооп бере алат | Бардык иш-аракеттерди, предметтерди. көрүнүштөрдү, алардын белгилерин жана сапаттарын атайт | Көрүнөө көрсөтүлгөн кырдаалга таянбастан сөздөрдү колдонууну, сүйлөө речинде этиштерди активдештирүүнү билет | Сүйлөө речинде антонимдерди, синонимдерди колдонуу менен сөздүн көп маанилүүлүгүн түшүнөт | Сөз түзүү көндүмдөрүнө ээ. Сөздүн маанисин түшүндүргөндү жана сүйлөө речинде предметтердин белгилерин, касиеттерин колдонгонду билет |
21 | Байланыштыруучу сүйлөө речи | Өтүнүчүн сөз жана кыска фраза менен билдиргенди билет, тапшырманы кунт коюп угат жана аны башка айта алат | Каалоолорун, сезимдерин, оюн билдирүү үчүн сөздөрдү колдонгонду билет | Картиналарды, предметтерди кароо учурунда суроолорго туура жооп бере алат, жандуу жана жансыз жаратылышка байкоо жүргүзө алат | Баарлашуунун, диалогдун негизги формасын билет. 2-3 сүйлөмдөн турган сөздөрдү пайдалана алат | Сүйлөө речинин ар кандай сөз түркүмдөрүн, эпитеттерди жана салыштырууларды колдонуу менен монолог түзө алат | Картина, берилген тематика боюнча жөнөкөй жайылтылган сүйлөмдөрдү колдонуу менен байланыштуу, ырааттуу аңгеме түзөт |
22 | Чыгармачылык менен сүйлөө речи | Оюнчуктар менен татаал эмес чакан инсценировкалардын сюжетин түшүнөт жана аларды аракеттери менен окшоштуруп туурай алат | Манжа оюндары үчүн тамаша сөздөрдү, ырларды жатка айтат | Персонаждардын мүнөздөө үчүн интонациялык көркөм сүйлөө речинин жөнөкөй ыкмаларын колдонгонду билет | Билген жомокторун айтат, оюнчуктар менен чакан аңгемелерди түзөт | Окуяларды ойлоп чыгарат, өтмө жана каймана маанидеги сөздөрдү түшүнөт жана колдонот | Ар кандай окуяларды айтат, жомокторду ойлоп чыгарат, рифма жана сөз менен оюндарга кызыгат |
23 | Чыгармаларды кабыл алуу | Тиешелүү картиналарды колдонуу менен кыска аңгемелерди, ырларды, тамашаларды түшүнөт | Элдик оозеки чыгармаларга эмоциясын билдире алат | Персонажга, ар кандай окуяларга өз мамилесин билдире алат | Өзүнө жаккан бир канча чыгармаларды атай, оюнда адабий образдарды колдоно алат | Китептерге кызыгат, ырларды жатка көркөм окуй алат | Тааныш чыгармалардын текстин аны кароо менен айтып берет |
24 | Сабаттуулуктун негиздери |
|
|
|
| Тыбышты угуп аныктайт, айтылган тыбыш менен сөздөрдү байкайт, сөздөр менен иштөөдө үч тыбыштан турган сөздөргө тыбыштык талдоо жүргүзөт, тыбыш, тамга, муун, сөз, сүйлөм жөнүндө түшүнүк калыптанган. Басым жасалуучу муунду угат жана бөлөт | Тыбыштардын айтылышына жана угулушуна талдоо жүргүзүүдө билимин колдонот. Үч жана төрт тыбыштуу сөздөргө тыбыштык талдоо жүргүзөт, тыбыштарды мүнөздөйт |
25 | Максаттуу (экинчи) тилдеги көндүмдөр |
|
| Чоң киши кайрылган сөздү түшүнөт жана ага тиешелүү түрдө реакция кылат. Сүйлөө речинде эмоцияларын билдирет жана ар кандай интонацияларды колдонот. Максаттуу тилдин тыбыштарын туура айтат. Берилген темага жөнөкөй монолог түзөт. Максаттуу тилге жана ага байланышкан маданиятка кызыгуусун билдирет | Балдар жана чоң кишилер менен кыска диалогду демилгелейт, колдойт жана аягына чыгарат. Чоң кишинин багыт берүүчү суроолорунун жардамы менен жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзөт, өз алдынча 2-3 сүйлөмдөн турган байланыштуу аңгемени түзөт. Көрсөтмө материалдын жардамы менен жомокту айтып берет, максаттуу тилге жана маданиятка кызыгуусун билдирет | Күнүмдүк баарлашуудагы жөнөкөй жагдайларды өз алдынча чече алат. Өз алдынча жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзөт. Чоң кишинин багыт берүүчү суроолорунун жардамы менен татаал бирикме жана татаал-багыныңкы сүйлөмдөрдү түзөт. Баарлашуунун ар кандай жагдайларында сүйлөө этикасынын эрежелерин сактайт. Эң аз дегенде 5 сүйлөмдөн турган байланыштуу аңгемени өз алдынча түзөт, балдар үчүн жөнөкөй жомокторду айтып берет. Максаттуу маданияттын негизги майрамдарын жана каада-салттарын баяндап берет | Күнүмдүк баарлашуудагы жөнөкөй жагдайларды өз алдынча чече алат. Чоң кишилер жана балдар менен максаттуу тилде баарлашууну демилгелейт. Сүйлөө речинде ар кандай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдү өз алдынча колдонот, баарлашуунун ар кандай жагдайларында сүйлөө этикасынын эрежелерин сактайт. 7 жана андан ашык сүйлөмдөрдөн турган байланыштуу аңгемени өз алдынча түзө алат, жөнөкөй баяндарды ойлоп табат. Өзүнүн жана максаттуу маданиятка сый мамилесин көрсөтөт |
|
| Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартынын 2-тиркемеси |
Мектепке чейинки билим берүүнү аяктоо этабында 7 жашка балдарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары
1. Дене боюнун өнүгүүсү
1. Негизги маданий-гигиеналык сапаттарга ээ болгон, дене бою өнүккөн, дене тарбия көнүгүүлөрүнө кызыгуусун билдирет.
2. Чоң жана майда моторика өнүккөн; өз алдынча кийингенди, боосун байлаганды, топчуларын топчулаганды, буюмдарды чогултканды, кайчыны колдонгонду, калем сапты кармаганды билет.
3. Негизги кыймылдарды жасай алат, кыймылдуу, көтөрүмдүү, өзүнүн кыймылдарын контролдой жана аларды башкара алат.
4. Денесинин абалын тез жана координациялуу өзгөртө алат, түз сызык менен басат, бир буттап секирет, топту ыргытат жана тосот.
5. Өнүккөн чуркоо, секирүү, секирип өтүү керектөөлөрүнө ээ.
2. Когнитивдүү өнүгүү
6. Интеллектуалдык активдүүлүктү көрсөтөт.
7. Салыштырууну, жалпылоону, талдоону, системалаштырууну, классификациялоону, жыйынтык чыгарууну, предметтердин, кубулуштардын жана иш-аракеттердин ортосундагы байланыштарды таба алат.
8. Таанып-билүү кызыгуусун көрсөтөт, көңүлдөнүү менен эксперимент жүргүзөт, болжолдоону жана тапкычтыгын билдирет.
9. Кайраттуу күч-аракеттерди, эркин иш-аракеттерди жасоого, каалоо-тилектерин дароо билдирүүгө, баштаганды аягына чыгарууга жөндөмдүү.
10. Өзүнүн иш-аракеттерин өз алдынча пландаштыра алат, ишти натыйжалуу аткарууга умтулат.
11. Көңүл буруу:
- кунт коюп көңүл буруу калыптанат;
- тапшырманы 15-20 мүнөт алаксыбастан аткарат;
- предметтердин ортосундагы 7-10 айырмачылыкты табат;
- көз алдында 8-10 предметти кармай алат;
- сунушталган үлгү боюнча тапшырманы өз алдынча аткарат;
- оймо-чиймелерди же кыймылды даана окшоштуруп кайталайт;
- бирдей предметтерди таба алат;
- мейкиндикте багыт ала алат.
12. Эс тутум:
- сунушталган 7-8 предметти же айтылган сөздөрдү эстеп калат;
- ырларды, табышмактарды эстеп калат жана айтып берет;
- аңгемелерди же жомокторду текстке жакындаштырып айтып берет;
- сюжеттик картинанын мазмунун эстеп калуусу боюнча айтып берет;
- бардык майда-чүйдөсүн эстөө менен өзүнүн жашоосундагы окуялар жөнүндө айтып берет.
13. Ой жүгүртүү:
- предметтерди белгилүү бир белгилери боюнча топторго жалпылайт, классификациялайт;
- топтордо жалпы белгилерине ылайык келбеген "ашыкча" предметти негиздүү табат, талдайт;
- окуялардын ырааттуулугун түзөт жана сүрөттөр боюнча байланыштуу баяндарды түзөт;
- жөнөкөй логикалык тапшырмаларды аткарат;
- фигуралардан логикалык катарды түзөт;
- бири-бирине ылайык келген предметтерди мааниси боюнча байланыштыруу менен тандайт;
- логикалык байланыштарды табуу менен байкоо, изилдөө, эксперимент жүргүзүүгө жөндөмдүү;
- таанып-билүүгө кызыгуусун көрсөтөт, ар кандай предметтерге жана кубулуштарга тиешелүү суроолорду берет, себептик-натыйжалык байланыштарга кызыгат (кантип? эмнеге? эмне үчүн?), жаратылыштын кубулуштарына жана адамдардын кылык-жоруктарына түшүндүрмөлөрдү өз алдынча ойлоп табууга аракет кылат.
14. Элестетүү:
- өнүккөн элестетүү жөндөмүнө ээ, ал иштин ар кандай түрлөрүндө, биринчи кезекте оюнда ишке ашырылат;
- оюнда, чыгармачыл иште фантазиясын көрсөтөт;
- үн чыгарып кыялдана, үндөр жана сөздөр менен ойной алат;
- шарттуу жана реалдуу кырдаалды, анын ичинде оюндагы жана окуудагы кырдаалды айырмалайт.
15. Кабыл алуу:
- маалыматты оозеки да, ошондой эле жазуу жүзүндө да кабыл алат (сүрөт, белги, схема, символдор түрүндө);
- күздүн, кыштын, жаздын, жайдын белгилерин; эртең мененки, күндүзгү, кечки, түн ичинде иш-аракеттерди аныктайт;
- сүрөттүн фрагменти боюнча бөлүк таандык болгон бүтүндү аныктайт;
- сүрөттө эмне тартылгандыгын, маанилүү деталдар кайсы жерге жетишпегендигин билет;
- сүрөттөгү, геометриялык фигуралардагы жетишпеген деталдарды толуктап тартат.
16. Майда моторика:
- сүрөт тартуунун ар кандай ыкмаларында карандашты жана кистти эркин колдоно алат;
- сүрөттө бир нече предметти, аларды бирдиктүү мазмунга бириктирүү менен тартат;
- контурдан чыкпастан сүрөттөргө штрихтерди түшүрөт же боёйт;
- чакмак же сызык дептерде жаза алат;
- жөнөкөй сүрөттөрдү, оймо-чиймелерди окшоштуруп тарта алат;
- пластилин, топурак, камыр, кагаз, кездеме, кайчы, конструктор, мозаика, пазл, боо, шуру, топчулар менен ар кандай нерселерди жасай алат.
17. Сүйлөө речин өнүктүрүү:
- бардык тыбыштарды туура айтат;
- керектүү тыбыштын сөздөгү ордун аныктай билет;
- сүйлөөдө жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү колдонот;
- ээн-эркин баарлаша алат;
- чоң киши тарабынан сунушталган тема боюнча предмет, сүрөт жөнүндө чакан аңгемелерди түзөт;
- чакан адабий чыгармаларды ырааттуу жана көркөм айтып бергенди билет.
3. Сабаттуулук жана коммуникация
18. Оозеки сүйлөө речин жетиштүү деңгээлде жакшы сүйлөйт, бардык тыбыштарды айтат.
19. Сөздөрдөгү тыбыштарды бөлө алат.
20. Өзүнүн оюн жана каалоолорун билдире, баарлашуу учурунда сүйлөө речин түзө алат.
21. Укканды, муун менен окуганды, символдор менен жазганды, талкуу жүргүзгөндү, суроолорду бергенди билет.
22. Балдар адабияттарындагы чыгармалар менен тааныш.
23. Сабаттуулук өбөлгөлөрү түзүлүүдө.
4. Социалдык-эмоционалдык өнүгүү
24. Иштин ар кандай түрлөрүндө, чоңдор жана курдаштар менен өз ара мамилелерде жүрүм-турумдун социалдык чендерин жана эрежелерин, коопсуз жүрүм-турумдун жана жеке гигиенанын эрежелерин сактайт.
25. Иштин негизги маданий ыкмаларына ээ, иштин ар кандай түрлөрүндө - оюн ойноодо, баарлашууда, таанып билүү-изилдөө ишинде, конструкциялоодо демилгесин билдирет жана өз алдынчалуулугун көрсөтөт.
26. Өзүнө алектенүүнүн түрүн, биргелешкен иш-аракеттер боюнча катышуучуларды тандоого жөндөмдүү.
27. Дүйнөгө, эмгектин ар кандай түрлөрүнө, башка адамдарга жана өзүнө жакшы мамиле кыла алат, өзүн урматтоо сезимине ээ.
28. Курдаштары жана чоңдор менен активдүү өз ара аракеттенет, биргелешкен оюндарга катышат.
29. Оюндун ар кандай формаларын жана түрлөрүн билет, шарттуу жана реалдуу кырдаалдарды айырмалай билет, ар кандай эрежелерге жана социалдык чендемдерге баш иет.
30. Байланышты түзөт жана колдойт, өзүнүн эмоционалдык абалын контролдойт, башкалардын эмоционалдык абалын түшүнөт, өзүнүн иш-аракеттерин башка адамдардын иш-аракеттери менен координациялоого аракет кылат.
31. Келишүүгө, башкалардын кызыкчылыктарын жана сезимдерин эске алууга, башкалардын ийгиликсиз нерселерине кошо кайгырууга жана ийгиликтерине кубанууга, өзүнүн сезимдерин, анын ичинде өзүнө болгон ишеним сезимин адекваттуу көрсөтүүгө жөндөмдүү, келише албастыктарды жоюуга аракет кылат, жардамды кабыл алат жана көрсөтөт.
32. Өзү жөнүндө, өзү жашаган социалдык жана маданий дүйнө жөнүндө билет: өзүнүн толук атын, жашын, туулган датасын жана күнүн, дарегин, шаарын, өлкөсүн, планетаны, ата-энесинин, жакын туугандарынын толук аттарын, алардын кесиптерин билет.
33. Төмөнкү тармактар боюнча кадимки түшүнүктөргө ээ:
1) жандуу жана жансыз жаратылыш: жапайы жана үй жаныбарлары жана алардын балдары, курт-кумурскалар, канаттуулар, суу жандыктары жөнүндө;
2) өсүмдүктөр: жашылчалар, жемиштер, жер-жемиштер, бак-дарактар, гүлдөр;
3) математика: жуманын күндөрү, айлар, жыл мезгилдери;
4) тарых (өлкөнүн маанилүү окуяларын) ж.б.
34. Ар кандай чөйрөлөрдө өз билимине жана билгичтигине таянуу менен жеке чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү.
35. Өзүн-өзү контролдойт жана өзүн-өзү баалайт, индивидуалдуулукту көрсөтүүгө умтулат.
36. Мектепке, мугалимдерге, окууга, өзүнө позитивдүү мамилени; мектепке барууга каалоосун көрсөтөт.
37. Мектеп окуучусунун жаңы социалдык позициясын кабыл алууга жөндөмдүү.
5. Чыгармачыл жана эстетикалык өнүгүү
38. Баланын чыгармачыл жөндөмдүүлүгү сүрөт тартууда, жомокторду ойлоп табууда, бийлөөдө, ырдоодо, драматизациялоодо билинет.
39. Курчап турган дүйнөнүн кооздугун кабыл алууга жөндөмдүү.
40. Сүрөттү, искусствонун башка чыгармаларын кыялга батып кароодон эстетикалык канааттануу алууга жөндөмдүү.
41. Түстөрдү жана кошумча түстөрдү айырмалай алат, аларды аралаштыруудан башка боёкторду жана кошумча түстөрдү ала алат.
42. Боёктор, карандаштар, пластилин, камыр, чопо, кагаз, кездеме, жараксыз жана табигый материалдар менен иштөөдө чыгармачыл идеяларды ойлоп табат жана аткарат.
43. Ырдаганды, бийлегенди, театралдык коюуларда, ролдук оюндарда кичине ролдорду аткарууну жакшы көрөт.
44. Ушул Мамлекеттик стандартта аныкталган негизги багыттар мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнү улантуунун негизи болуп саналат жана мектепке чейинки курактагы балдарда мектепке чейинки билим берүүнү аяктоо этабында окууга карата өбөлгөлөрдү калыптандырууну божомолдойт.