Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-июну № 366
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинде:
токтомдун аталышы жана 1-пункту "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү" деген сөз менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-аракеттер планында:
- 1.2-пунктунун 1.2.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1.2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик органдар, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар айрым акционердик коомдор менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2021-жылдын 15-декабры | ЖӨБ органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламенти иштелип чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
";
- 2.2-пунктунун 2.2.3-пунктчасында "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын 31-марты" деген сөздөр "2021-жылдын 25-марты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.3-пунктундагы мамлекеттик тилдеги текстиндеги "жамааттын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин" деген сөздөр "маанидеги маселелерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.3-пунктунун 2.3.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2.3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүмдүк камсыз болуу деңгээлине мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу | 2020-жылдын 25-декабры | Программа иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына жеткирилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
";
- 3.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3.3 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү | 3.3.1. ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын 15-декабры | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелери боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан жана белгиленген тартипте КРӨАга киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЭМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КР ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |