Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-октябры № 513
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш аракеттер планы), 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Программаны жана Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки айлык мөөнөттө Программаны жана Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын тийиштүү жылга бекитилген бюджеттердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен аткарышсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке Программаны жана Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик:
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны жана Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун;
- "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлиги" юридикалык жактардын бирикмеси (макулдашуу боюнча) менен бирдикте кабыл алынган Программанын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жана маалыматтык кампания өткөрсүн.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына Программанын жана Иш-аракеттер планынын иш-чараларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасын аткаруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/ Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) |
1. Жооптуу жергиликтүү жамаат | ||||||
1.1 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу | 1.1.1. ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттар алдында отчеттуулугу боюнча методикалык колдонмо иштеп чыгуу | 2019-жылдын 29-марты | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттар алдында отчеттуулугу боюнча методикалык колдонмо иштелип чыгарылган, ЖӨБ жана этностор агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген жана ЖӨБ органдарына жиберилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
1.1.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө эскерткичти иштеп чыгуу | 2018-жылдын 15-декабры | Жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө эскерткич иштелип чыгарылган жана ЖӨБ органдарына жиберилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
1.1.3. Жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары аркылуу социалдык заказга катышуусу тууралуу методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана практикага киргизүү | 2019-жылдын 28-июну | Жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары аркылуу социалдык заказга катышуусу боюнча методикалык колдонмо иштелип чыгарылган жана кабыл алынган | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), КЭУ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
1.1.4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн (ЖӨБ органдары жана жарандар үчүн) сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү процессине жарандарды тартуу жана жергиликтүү жамаатка жергиликтүү бюджеттен дем берүүчү гранттар практикасын жайылтуу жолу менен жарандык демилгелерди колдоо боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу | 2018-жылдын 15-декабры | Методикалык колдонмо иштелип чыгарылган, ЖӨБ жана этностор агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген жана ЖӨБ органдарына жеткирилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), КЭУ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
1.1.5. АКӨБ жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери жана АКӨБ шайлоо формалары боюнча "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-жылдын 14-декабры | АКӨБ жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери жана АКӨБ шайлоо формалары боюнча "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
1.2 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жаңы механизмдерин киргизүү | 1.2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын мамлекеттик органдар, акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар айрым акционердик коомдор менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2021-жылдын 15-декабры | ЖӨБ органдарынын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн регламенти иштелип чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
1.2.2. Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жылдын 14-декабры | Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгарылган жана КРӨА киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, УСИИ, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун камсыздалган жана туруктуу органдары | ||||||
2.1 | Жергиликтүү өз алдынча башкарууну экономикалык өнүктүрүү жана финансылык камсыз болууга жетишүү үчүн шарттарды түзүү | 2.1.1. ЖӨБ органдарын өнүктүрүүгө дем берүү үчүн жергиликтүү бюджеттерди теңдөө механизмин иштеп чыгуу | 2019-жылдын 30-сентябры | ЖӨБ органдарын өнүктүрүүгө дем берүү үчүн жергиликтүү бюджеттерди теңдөө механизмдери жөнүндө жобо ФМ буйругу менен бекитилген | ФМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
2.1.2. Жергиликтүү жамааттарда ишкердик субъекттерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2022-жылдын 15-декабры | Жергиликтүү жамааттарда ишкердик субъекттерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштар иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына пайдалануу үчүн жиберилген | ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.1.3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин аймактарды жана ЖӨБдү экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча окутуу | 2018-2019-жылдар | Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү менен байланышкан беш тема боюнча окутуу уюштурулган жана өткөрүлгөн | ЖӨБ жана этностор агенттиги, МКК (макулдашуу боюнча), ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.1.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген Региондук саясат концепциясынын алкагында ЖӨБ чөйрөсүндөгү иш-чараларды аткаруу үчүн инвестицияларды тартуу | 2018-2023-жылдар | Инвестицияларды тартуу боюнча (жыл сайын) 5тен иш-чара өткөрүлгөн | Инвестициялар агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.2 | ЖӨБ органдарынын башкаруунун туруктуулугун жана ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин кесиптик шайкештигин камсыз кылуу | 2.2.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди сунуштоо жана айыл өкмөтүнүн башчысына карата квалификациялык талаптарды жогорулатуу боюнча "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын 31-марты | Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан жана КРӨА киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
2.2.2. Укук колдонуу маселелери боюнча жооптуу катчыларды окутуу | 2018-2019-жылдар | 453 айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары окутуудан өткөрүлгөн | МКК (макулдашуу боюнча), КРПМБА (макулдашуу боюнча), ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЮМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.2.3. ЖӨБ органдарын "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өч ара аракеттенүү системасына кошуу | 2021-жылдын 25-марты | ЖӨБ органдары "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган | ЖӨБ жана этностор агенттиги, "ЭАБ" МИ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.3 | ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жөндөмдөрүн арттыруу | 2.3.1. "Бирдиктүү терезени" киргизүү менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жылдын 31-октябры | Сунуштар иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына жеткирилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
2.3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүмдүк камсыз болуу деңгээлине мониторинг жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу | 2020-жылдын 25-декабры | Программа иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына жеткирилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
2.4 | ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоо | 2.4.1. ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | 2018-2019-жылдар | Бардык облустарда окутуу жана тажрыйба алмашуу боюнча семинарлар өткөрүлгөн | ЖӨБ жана этностор агенттиги, МКК (макулдашуу боюнча), ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдар (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
3. Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо | ||||||
3.1 | Өнүктүрүү бюджеттери камтылган программалык-багытталган жергиликтүү бюджеттерди түзүү | 3.1.1. Жер казынасынан жана менчикти сатуудан кирешелерди башкаруунун принциптери жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 1-февралы | Жер казынасынан жана менчикти сатуудан алынган кирешелерди учурдагы чыгымдарга (өнүктүрүүгө багыттоо) пайдаланууга мыйзамдык чектөөлөр (жер казынасын жана муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар) киргизилген | ФМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ ЫӨ, ЖМА, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
3.1.2. ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин программалык бюджет жана бюджеттик инвестицияларды башкаруу маселелери боюнча окутууларды өткөрүү | 2019-2023-жылдар | Жыл сайын ЖӨБ органдарынын бардык кызматчыларын программалык бюджет жана бюджеттик инвестицияларды башкаруу менен байланышкан эки тема боюнча окутуулар өткөрүлгөн | ФМ, МКК (макулдашуу боюнча), КРПМБА (макулдашуу боюнча), ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
3.2 | Жергиликтүү жамааттын кирешелерди түзүүгө жана ресурстарды башкарууга катышуу деңгээлин жогорулатуу | 3.2.1. Жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча ЖӨБ органдарына сунуштарды иштеп чыгуу | 2018-жылдын 14-декабры | Сунуштар иштелип чыккан жана ЖӨБ органдарына жеткирилген | ФМ, МСК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
3.2.2. Муниципалдык менчикти инвентаризациялоого жана реестрлерди сайттарга жана ЖМК жайгаштырууга көмөктөшүү | 2018-жылдын 14-декабры | Бардык ЖӨБ органдарынын муниципалдык менчигин инвентаризациялоо жүргүзүлгөн, маалыматтар ЖӨБ жана этностор агенттигинин сайтына жайгаштырылган | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ММБФ, МТБМК, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
3.2.3. Электрондук сатууларды кошуп алганда, муниципалдык менчикти пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алуунун жана аткаруунун ачык-айкындыгын камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү | 2018-жылдын 14-декабры | Муниципалдык мүлктү ижаралоо келишимин электрондук форматта түзүү укугуна аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору иштелип чыккан жана КРӨА киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ММБФ, МТБМК, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен | ||
3.3 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү | 3.3.1. ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүpүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2020-жылдын 15-декабры | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү маселелери боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан жана белгиленген тартипте КРӨАга киргизилген | ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЭМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, КР ЖӨБ бирлиги (макулдашуу боюнча), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин алкагында, донордук каражаттардын эсебинен |
Эскертүү:
КРӨА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты; |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
Инвестиция агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик; |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы; |
КРӨ ЫӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
УСИИ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту; |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы; |
"ЭАБ" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы; |
КЭА | - | "Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы" коомдук бирикмеси; |
ЖӨБ органдары | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ЖӨБ бирлиги | - | "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги" юридикалык жактарынын бирикмеси; |
АКӨБ | - | аймактык коомдук өз алдынча башкаруу; |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар. |