Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 9-июлу № 370
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун кредиттик каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-февралындагы № 81 "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунда:
- 1-главасынын таблицасынын "Каржылоо түзүмү" сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Каржылоо түзүмү | 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу жана "Айыл Банк" ААК менен "РСК Банк" ААК тарабынан кошо каржылануучу каражаттар төмөнкүлөргө кредит берүүгө багытталат: 1) тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларына жана "АЧК - Кластер" - 1200 млн. сом (600 млн. сом - республикалык бюджет, 300 млн. сомдон - банктардын кошо каржылоосу); 2) данды жана азык-түлүк буудайын кайра иштетүүчү ишканалар - 400,0 млн. сом (республикалык бюджет) |
2. "АЧК - Фермер" категориясы (субсидиялоо): 1) мал чарбасы - 50%дан кем эмес; 2) өсүмдүк өстүрүү, бак өстүрүү - 50%дан ашык эмес |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы № 59 (3131) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |