Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 14-февралы № 81
"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 152, 2020-жылдын 9-июлундагы № 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө 2020-жылы айыл чарба жумуштарын өз убагында өткөрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардагы мезгилде "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен 1250000000,0 (бир миллиард эки жүз элүү миллион) сом суммасындагы каражатты "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун ишке ашырууга караштырсын, анын ичинде:
- "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктарга пайыздык ставкаларды субсидиялоого 250000000,0 (эки жүз элүү миллион) сом бөлүп берсин;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Айыл Банк" ААК) 500000000,0 (беш жүз миллион) сомду жана "РСК Банк" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "РСК Банк" ААК) 500000000,0 (беш жүз миллион) сомду төмөнкү шарттарда кредит берүү үчүн бөлүп берсин:
ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 3,5 пайыз, кийин ушул чарбаларга жылына 8 пайыз менен кайра кредит берилет;
- айыптык санкциялар - жылына 7 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен, жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 3 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - кредиттик портфель;
тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 1,5 пайыз, кийин ушул ишканаларга жылына 6 пайыз менен кайра кредит берилет (тиркемеге ылайык);
- айыптык санкциялар - жылына 3 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 12 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери - жарым жылда бирдей үлүштөр менен;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери - ар бир жарым жылда бирдей үлүштөр менен, жыл сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо - кредиттик портфель;
данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн:
- пайыздык ставка - жылына 3,5 пайыз, кийин ушул ишканаларга жылына 8 пайыз менен кайра кредит берилет;
- айыптык санкциялар - жылына 7 пайыз, мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына эсептелет;
- карыздын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - 8 ай, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин карызды жоюунун мезгилдери - ай сайын бирдей үлүштөр менен;
- эсептелген пайыздарды жоюунун мезгилдери - ай сайын;
- кайтаруу мөөнөтү - 12 ай;
- күрөөлүк камсыздоо - кредиттик портфель;
2) "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун ишке ашырууда катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
4) 2020-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидияларды каржыласын, ошондой эле "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун кийинки жылдары (субсидиялардын экинчи жана үчүнчү траншы) каржылоону караштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун тең каржылоо максатында төмөнкүлөргө өздүк эсептен каражат бөлүү сунушталсын:
- 300000000 (үч жүз миллион) сом - "Айыл Банк" ААК;
- 300000000 (үч жүз миллион) сом - "РСК Банк" ААК;
чакан айыл чарба өндүрүүчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга кредит берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн кредиттик аукциондорго катышуу аркылуу финансы каражаттарын тартуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) менен бирдикте "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 10-мартындагы № 26 (3098) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме |
"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоору
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 152, 2020-жылдын 9-июлундагы № 370 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
"Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө (экономиканын төмөнкү секторлоруна: мал чарба, балык чарба, балчылык, канаттуулар чарбасы, өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык), айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө, күнөскана чарбаларын өнүктүрүү, ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу төмөнкү категориялар боюнча мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет:
- "Айыл чарбасын каржылоо - Фермер" (мындан ары - "АЧК - Фермер") - чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрү, анын ичинде, жеке жактар;
- "Айыл чарбасын каржылоо - Кластер" (мындан ары - "АЧК - Кластер") - ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү, анын ичинде кластер түзүүчү кошумча нарк чынжырчасына (мындан ары - КНЧ) катышкан тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
Каржылоонун булактары: 2020-жылга карата республикалык бюджет, "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Айыл Банк" ААК), "РСК Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "РСК Банк" ААК) жана Долбоорду ишке ашырууда катышкан коммерциялык банктардын каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2020-жылдын март айы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар.
Долбоордун баяндалышы
Долбоордун алкагында 2020-жылы коммерциялык банктардын финансы каражаттары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн "АЧК - Фермер" категориясындагы субъекттерге, "Айыл Банк" ААКнын жана "РСК Банк" ААКнын финансы каражаттары - "АЧК - Фермер", "АЧК - Кластер" категорияларындагы субъекттерге, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына берилет.
Республикалык бюджеттин финансылык каражаттары ушул Долбоордун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоочу "Айыл Банк" ААКга, "РСК Банк" ААКга жана башка коммерциялык банктарга төмөнкүдөй түрдө багытталат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК жана ушул Долбоорду ишке ашырууга катышкан башка коммерциялык банктардын чыгымдарын 2020-2022-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан "АЧК - Фермер" категориясындагы субъекттерге жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредит бергендиги үчүн бөлүштүрүп субсидиялайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Айыл Банк" ААКга жана "РСК Банк" ААКга "ФСХ-Кластер" категориясындагы субъекттерге, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредит жайгаштырууга төмөнкү пайыздык ставкалар боюнча кредит берет:
- жылына 3,5 пайыз, кийин ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө (ФСХ-Кластер), данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканаларга кредит берилет;
- жылына 1,5 пайыз, кийин тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларга кредит берилет.
Тандоонун жана кредит берүүнүн тартиби ушул Долбоордун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле коммерциялык банктардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар өздөрүнө алышат.
Коммерциялык банктар айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоону ушул Долбоордун алкагында региондук КНЧга байланыштыруу менен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын (мындан ары - РАӨБ) иштелип чыккан сунуштамаларынын негизинде ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Долбоордун натыйжалуулугуна андан ары талдоо жүргүзүү үчүн топтолгон маалыматты (жарым жылда бир жолу) берүүгө укуктуу.
Коммерциялык банктар зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укуктары жок.
Кредит төмөнкү шарттарда берилет:
Максаттуу багыты | "АЧК-Фермер", "АЧК-Кластер" категориялары боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына айыл чарба продукцияларынын төмөнкү түрлөрү боюнча мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү: сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча, картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмөлөр (дан куурай, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), май чыгаруучу өсүмдүктөр, төө буурчак жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү |
Кредиттин өлчөмү жана мөөнөтү, сом менен | Кредиттин суммасы: 1) "АЧК-Фермер": - 150 миң сомго чейин 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо; - 150 миң сомдон 1 млн. сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө; 2) "АЧК-Кластер" - 1 млн. сомдон 10 млн сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө; 3) тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн - негизги каражаттарды сатып алууга - 1 млн. сомдон 50 млн. сомго чейин - 60 айга чейинки мөөнөткө, жүгүртүү каражаттарына - 36 айга чейинки мөөнөткө; 4) данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн - 10 айга чейинки мөөнөткө |
Кредит алуунун негизги шарттары жана категориялардын мүнөздөмөлөрү | 1. "АЧК-Фермер" үчүн: - жеке фермерлер, анын ичинде жеке жактар; - адистештирилген топторго (айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн чыгаруу), кооперативдерге бириккен фермерлер артыкчылыкка ээ болушат; - мал чарба секторунда - төмөнкүдөй шарттардын бири болгон учурда: а) ири мүйүздүү малдын 5 баштан кем эмес болуусу; б) кой-эчкинин 10 баштан кем эмес болуусу; в) 2 жылкыдан кем эмес болуусу; г) 100 канаттуудан кем эмес болуусу; д) балык чарба жана балчылык үчүн чектөөлөр жок; - өсүмдүк өстүрүү секторунда - 5 га чейин айыл чарба багытындагы жерлердин болуусу. 2. "АЧК-Кластер" үчүн: - КНЧга, кластердик өндүрүш системасына катышуу; - өзүнүн продукциясын берүү үчүн кайра иштетүүчү ишканалар, жеткирип берүүчүлөр жана дистрибьюторлор менен түзүлгөн келишимдердин болуусу. Өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндөгү кредиттин бардык категориялары үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр эсептелет: - айыл чарба багытындагы жеке менчик же ижарага алынган жердин болуусу, мындай жердин бар экендигин тастыктаган документ (мамлекеттик акт, күбөлүк, ижара келишими, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.); - Кыргыз Республикасынын резиденти; - юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодо турушу. Мал чарба секторундагы кредиттин бардык категориялары үчүн милдеттүү шарттар болуп төмөнкүлөр эсептелет: - айыл чарба жаныбарларын багуу жана көбөйтүү үчүн бардык керектүү шарттардын, анын ичинде кышкы мезгилде тоюттарды сактоо шарттардын болуусу; - Кыргыз Республикасынын резиденти; - юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай каттоодо турушу |
Каржылоо түзүмү | 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылануучу жана "Айыл Банк" ААК менен "РСК Банк" ААК тарабынан кошо каржылануучу каражаттар төмөнкүлөргө кредит берүүгө багытталат: 1) тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларына жана "АЧК - Кластер" - 1200 млн. сом (600 млн. сом - республикалык бюджет, 300 млн. сомдон - банктардын кошо каржылоосу); 2) данды жана азык-түлүк буудайын кайра иштетүүчү ишканалар - 400,0 млн. сом (республикалык бюджет) |
2. "АЧК - Фермер" категориясы (субсидиялоо): 1) мал чарбасы - 50%дан кем эмес; 2) өсүмдүк өстүрүү, бак өстүрүү - 50%дан ашык эмес | |
Акыркы пайыздык ставка | 10 пайыз - "АЧК-Фермер" үчүн; 8 пайыз - "АЧК-Кластер" жана данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн; 6 пайыз - тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздын негизги суммасын жоюу боюнча төлөмдөн толук бошотуу: "АЧК-Фермер" категориясы үчүн - 12 айга чейин; данды жана азык-түлүк буудайды кайра иштетүүчү ишканалар үчүн - 6 айга чейин |
Коммерциялык банктарга өз каражаттарынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөн жеңилдетилген мезгилден кыйла узак мөөнөттү белгилөөгө уруксат берилет.
Эгерде потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо, алар "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кепилдик фонду" ААК) кепилдик алуу үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.
Кепилдиктер "Кепилдик фонду" ААК менен кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга берилет.
2-глава. Кредит берүүнүн этаптары
"АЧК - Фермер" (чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрү)
1. Кредиттик каражаттардын багыты.
Кредит берүүнүн биринчи этабы өсүмдүк өстүрүү, мал чарба үчүн зарыл болгон өндүрүштүк материалдарды сатып алууга жумшалат.
Кредит берүүнүн кийинки этабы ("АЧК" долбоорунун алкагында) - чарбанын инфраструктурасын (мал кармоо шарттарын жакшыртуу, сугат системасын, асыл тукум жана үрөнчүлүк иштин алдыңкы технологияларын киргизүү, органикалык сертификациялоо ж.б.) түзүүгө жумшалат.
Чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн кредит алууда артыкчылык болуп төмөнкүлөр саналат:
- КНЧга катышуу;
- адистештирилген топторго, кооперативдерге биригүү;
- тубар малды жана асыл тукум жаныбарларын сатып алуу.
"АЧК - Кластер" (ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү)
II. Кредиттик каражаттардын багыты:
1. Айыл чарба инфраструктурасын түзүү (айыл чарба жаныбарларын кармоо шарттарын жакшыртуу, ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, электр энергиясы менен камсыздоо, тез куралуучу кампаларды куруу ж.б.).
2. Асыл тукум малын жана үрөндү жаңыртуу, көчөттөр, айыл чарба багытындагы жабдууларды сатып алуу.
3. Окутуу, квалификациясын жогорулатуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын камсыздоо боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү жана сертификаттоо боюнча консалтингдик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө.
4. Жүгүртүү каражаттарын толуктоо.
Ири айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн кредит алууда артыкчылык болуп төмөнкүлөр саналат:
- КНЧдагы мүчөлүк;
- кооперативдерге биригүү;
- асыл тукум жаныбарларын сатып алуу;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү.
Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары
Кредиттик каражаттардын багыты:
1. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана таңгактоо жабдууларын сатып алуу.
2. Инфраструктураны жакшыртуу (суу жана электр энергиясы менен камсыздоо, скважинаны оңдоо), соода-логистикалык борборлорду түзүү.
3. Квалификацияны жогорулатуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын камсыздоо боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү жана сертификаттоо боюнча консалтингдик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө.
4. Жүгүртүү каражаттарын толуктоо.
Тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кредит алууда артыкчылык болуп КНЧдагы мүчөлүгү саналат.
3-глава. Долбоорду ишке ашыруунун баяндалышы
Коммерциялык банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттин көлөмүн Кыргыз Республикасынын облустары боюнча бөлүп көрсөтүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү берет.
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкты талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу мезгилинин башталганы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, маалымат такталарына жана өздөрүнүн расмий сайттарына жарыялайт. Өтүнмөлөр коммерциялык банктардын атайын "өтүнмөлөрдү каттоо боюнча электрондук журналына" катталышы керек.
Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар ар бир айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдын иш жүзүндөгү кредиттин суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого табыштаманы жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептөө коэффициенттерине ылайык субсидиянын суммасын эсептейт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
Субсидиянын траншы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү ай аяктаганга чейин коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине которулат.
Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар берилген кредиттер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл, чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жарым жылда бир жолу берип турат.
Коммерциялык банктардын кредиттик иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
4-глава. Субсидияларды эсептөө
"АЧК - Фермер" категориясындагы субъекттердин пайыздык ставкалары боюнча субсидия берүүдө коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктардын ай сайын кредит берүү көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
- субсидиялоонун ставкасы пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан жылына 6,04 пайызды түзөт;
- 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 10,82 барабар. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 5,37 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы, бир бөлүгү - 4,14 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы жана бир бөлүгү - 1,31 эсептик коэффициент боюнча 2022-жылы которулат;
- 24 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 7,80 барабар. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 5,26 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы, бир бөлүгү - 2,54 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы которулат;
- 18 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 6,29 барабар. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 5,12 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы, бир бөлүгү - 1,17 эсептик коэффициенти боюнча 2021-жылы которулат;
- 12 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялар - субсидиялоонун 4,78 эсептик коэффициенти боюнча 2020-жылы которулат.
Субсидиялоонун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелип чыгат. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок 6,04 пайызды түзгөн субсидиялоонун ставкасы өзгөрүүсүз калат.
5-глава. Субсидияларды которуу
Эсептөөчү формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга үч транш менен которулат, анын ичинен:
- биринчи транш - коммерциялык банктар өткөн айда берген кредиттерге, субсидиялар ар бир айдын аягында которулат;
- экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар биринчи транш алынган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштар алынган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча маалымат берүүгө милдеттүү, мында карызын мөөнөтүнөн мурда төлөгөн зайымчылардын суммасы, датасы жана саны көрсөтүлөт. Субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди эсепке албастан өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча келип түшкөн маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6-глава. Тобокелдер жана коркунучтар
Кредиттик тобокелдикти коммерциялык банктар мүмкүн болушунча азайтат.
Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банктар тиешелүү актыны түзүп, зайымчыдан кредиттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылат жана пайыздык ставканы кредит алынган күндөн баштап жылына 30 пайыз өлчөмүндө белгилейт. "АЧК - Фермер" категориясы боюнча коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине алынган субсидиялардын каражаттарын кайтарып берүүгө милдеттендирилет.
Коммерциялык банктар тарабынан субсидиянын каражаттарын максатсыз пайдалануу тобокелдигин азайтуу максатында:
- Улуттук банк өзүнүн учурдагы ишинин алкагында инспектордук текшерүүлөр түрүндө кредиттин максатка ылайык пайдаланылышын текшерет;
- коммерциялык банктар Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү боюнча жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчётторду берип турушат;
- коммерциялык банктар тарабынан субсидиянын каражаттары атайлап башка максатта пайдаланылган факты аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидиянын траншына айыпты (которгон күндөн баштап) жылына 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставка боюнча эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айыптардын суммасы жана которулуп берилген субсидиялардын транштары субсидияларды максатсыз колдонгон фактылары табылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берилиши керек.
Эгерде зайымчылар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөсө, анда алдын ала жоюлган кредитти республикалык бюджеттен субсидиялоо боюнча тобокелдиктерин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кызматташуу жөнүндө коммерциялык банктар менен түзүлгөн макулдашууда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, түзөтүү жана кайтаруу механизмин караштырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокели:
- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ай аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияларды которуу тартибине ылайык которот;
- субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын төлөп берүү үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралат.
Табигый катаклизмдер коркунучу жана форс-мажордук жагдайлар:
- зайымчылар тарабынан форс-мажор, табигый катаклизмдер менен байланышкан кредиттин кайтарылбай калуу тобокели келип чыккан учурда коммерциялык банктар аны азайтуу боюнча өз алдынча чараларды көрөт;
- тобокелдиктерди азайтуу максатында коммерциялык банктар зайымчылар тарабынан агрокамсыздандыруу боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
7-глава. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга коммерциялык банктар мониторинг жүргүзөт, мында:
- кредитти максаттуу пайдаланууга аралыктан мониторинг жүргүзүү үчүн тармактык ведомстволордун санариптик кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу сунушталат: өсүмдүк өстүрүүдө - Географиялык маалымат системасы; мал чарбачылыгында (ири мүйүздү мал) - Жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо системасы (ЖИБС);
- кредит боюнча транзакциялар кредиттик графикке ылайык зайымчынын алыш-бериш эсебине акча каражатын которуу аркылуу жүргүзүлөт.
8-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 6 ай өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине негизги көрсөткүчтөр боюнча зайымчылар тарабынан кредитти максаттуу пайдалануу (кредит берүүгө чейин жана андан кийин) жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө анын тийгизген таасири жөнүндө топтомо маалыматты берет.