Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 372 токтомуна) |
|
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелери
1. Ушул Эрежелер Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантиндик объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга жана Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш болгон карантинге алынган продукциялардын (карантинге алынган жүктөрдүн, карантинге алынган материалдардын, карантинге алынган товарлардын) тизмегине ылайык иштелип чыкты.
2. Карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты (мындан ары - объекттер) мамлекеттик жөнгө салуунун предмети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмегине киргизилген кенелердин, нематоддордун жана курт-кумурскалардын карантиндик тирүү түрлөрү (ТЭИ ТН коду анын ичинен 0106 41 000 8, анын ичинен 0106 49 000 1);
- 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмегине киргизилген карантиндик тирүү фитопатогендик бактериялар, вирустар (ТЭИ ТН коду анын ичинен 3002 90 500 0, анын ичинен 3002 90 900 0);
- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантиндик объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга киргизилген жер кыртышы жана топурак (ТЭИ ТН коду анын ичинен 2530 90 000 9, анын ичинен 3824 99 960 9).
3. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына объекттерди ташып кирүүгө илимий уюмдарга (мындан ары - арыз ээси) уруксат берилет, алардын уставдык максаты илимий жана (же) илимий-техникалык ишти жүргүзүүнү караштырат.
4. Ушул Эрежелер Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден илимий-изилдөө максатында Кыргыз Республикасына ташылып кирүүчү объекттерге карата колдонулбайт.
5. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүгө уруксат (мындан ары - уруксат) болгон учурда объекттер Кыргыз Республикасынын аймагына илимий изилдөөлөр үчүн киргизилет.
6. Уруксатты алуу үчүн арыз ээси ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арызды (мындан ары - Арыз) ыйгарым укуктуу органга тапшырат, ага жеткирип берүү жөнүндө келишимдин (макулдашуунун) жана илимий уюмдун юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтин (күбөлүк) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет.
7. Арыздагы жана ага тиркелген документтердеги маалыматтын аныктыгы боюнча арыз ээси жоопкерчилик тартат.
8. Ыйгарым укуктуу орган уруксат алуу үчүн берилген документтерди 10 жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана уруксат берүү же уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат жана 1 жумуш күндүн ичинде бул жөнүндө арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт. Уруксат берүүдөн баш тартылган учурда, чечимде баш тартуунун себептери көрсөтүлөт.
9. Уруксат берүүдөн баш тартууга макул болбосо, арыз ээси административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
10. Кыргыз Республикасынын аймагына объекттерди ташып кирүүдө, сактоодо жана которуштурууда объекттердин ар бир үлгүсүн обочолоо шарттары Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин жайылып кетүү коркунучунун жоктугун толук камсыз кылууга тийиш.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ташылып кирүүчү жер кыртышында жана топуракта карантиндик зыяндуу объекттердин, ошондой эле карантиндик зыяндуу эмес организмдердин болушуна жол берилет.
11. Ыйгарым укуктуу орган Арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Арызда көрсөтүлгөн объекттерге илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турган жерлердин илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө обочолоо шарттарына объекттин шайкештигин текшерет.
Текшерүү жүргүзө турган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы арыз ээсине текшерүү күнүн жана убактысын билдирет.
12. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 1 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык карантиндик тирүү объекттерге, жер кыртышына жана топуракка илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн жерлердин обочолоо шарттарына шайкештигин текшерүү жөнүндө акт (мындан ары - Акт) түзөт, бул актыда текшерүүнүн жыйынтыктары, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө обочолоо шарттарына объекттерге илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жерлердин шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө корутунду берилет.
13. Актынын негизинде, ошондой эле Арызда камтылган маалыматтарды эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүгө төмөнкү учурларда уруксат берилет, эгерде:
- жер кыртышында жана топуракта карантиндик зыяндуу организмдин жоктугу/болушу же жер кыртышында жана топуракта карантиндик зыяндуу объект болуп саналбаган организмдердин болушу жөнүндө Арызда көрсөтүлсө;
- объекттерге илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жерлерде карантиндик зыяндуу объекттерди жашоо жөндөмүнөн ажыратууну жана илимий изилдөөлөрдү аяктагандан кийин таңгакты зыянсыздандырууну камсыз кылуу шарттары болсо;
2) карантиндик тирүү зыяндуу объекттерди ташып кирүүгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:
- объекттерге илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турган жерлерде обочолоо шарттары сакталганда;
- объекттерге илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турган жерлерде карантиндик зыяндуу объекттерди жашоо жөндөмүнөн ажыратууну жана таңгакты зыянсыздандырууну камсыз кылуу шарттары болсо;
3) объекттерди ташып кирүүгө төмөнкү учурларда жол берилбейт:
- Арыз толук эмес же так эмес толтурулса жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин жайылуу жана (же) булгануу мүмкүндүгүн болтурбоо чаралары арыз ээси тарабынан сакталбаса;
- объекттерге илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турган жерлер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө обочолоо шарттарына шайкеш келбесе.
14. Уруксатка (үч нускада) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюлат жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Уруксаттын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тийиштүү өткөрүү пунктуна жөнөтүлөт, үчүнчү нускасы - Арыз жана тиркелген документтер менен ыйгарым укуктуу органда сакталат.
Уруксат берилген күндөн тартып 6 ай бою жарактуу жана акысыз негизде берилет.
15. Уруксаттын жарактуулугу төмөнкү учурларда токтотулат:
- берилген мөөнөтү бүткөндөн кийин;
- илимий уюм жоюлган (өзгөртүп уюштурулган) учурда;
- уруксат берилгенден кийин, аны алуу үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын так эместиги аныкталса.
16. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына башка мамлекеттерден объектти ташып кирген учурда ыйгарым укуктуу орган импортер өлкөнүн ыйгарым укуктуу органына уруксат берүү жана анын жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берет.
17. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн объекттер келип түшкөн учурда объекттердин ташылып киришин, ошондой эле таңгактын бүтүндүгүнүн жана уруксатта аталган маалыматтардын тактыгынын шайкеш келүүсүн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары контролдойт.
|
| Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелерине 1-тиркеме |
___________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүгө № ______ УРУКСАТ
Ушул документ _________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аты-жөнү, юридикалык жана так дареги)
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын аймагына
_______________________________________________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы жана жөнөтүүчүнүн дареги)
_______________________________________________________________________________________________
карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты _______________________________________
(карантиндик тирүү объекттердин,
_______________________________________________________________________________________________
жер кыртышынын жана топурактын аталышы)
__________________________________________________________________ ташып кирүүгө уруксат берет.
1. Ташып кире турган объекттер ___________________________________________________________________
(таңгактын сыпатталышы ж.б.)
_______________________________________________________________________________________________
2. Жүрүү маршруту ______________________________________________________________________________
(ташып кирүү пункту жана Евразия экономикалык
_______________________________________________________________________________________________
бирлигинин мамлекети аркылуу транзити)
_______________________________________________________________________________________________
3. Карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу ташып кирүүгө уруксат берилет
_______________________________________________________________________________________________
(өткөрүү пунктунун аталышы)
_______________________________________________________________________________________________
4. Карантиндик тирүү объекттер, жер кыртышы жана топурактар багытталган жерге келгенден кийин төмөнкү карантиндик иш-чаралар аткарылууга тийиш ________________________________________________________
(карантиндик иш-чаралардын тизмеги)
_______________________________________________________________________________________________
20__-ж. "__" ____________ 20__-ж. _____________ чейинки мөөнөткө берилди
Жетекчи | _______________________ | _______________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.О. |
|
|
Уруксат үч нускада берилет.
|
| Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелерине 2-тиркеме |
|
| ______________________________________ (өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аталышы) ______________________________________ (арыз ээсинин толук аты-жөнү, дареги) |
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүгө уруксат берүү жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын аймагына _______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
(теманын аталышы)
___________________________________________________________ темада илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
үчүн __________________________________________________________________ даана __________________
______________________________________________________________________________________________
(карантиндик тирүү объекттердин, жер кыртышынын жана топурактын
______________________________________________________________________________________________
аталышы)
ташып кирүүгө уруксат берүүңүздү суранабыз.
Карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү зарылдыгынын негиздемеси
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөтү: __________________________________________________________
Карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүүнүн болжолдуу мөөнөтү ________
Жеткирүү жолу: __________________________________________________________________________________
Экспорттоочу өлкө: _______________________________________________________________________________
Транзит өлкөлөрү ________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________________
Евразия экономикалык бирлигинин ташып кирүү пункту ______________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
Карантиндик тирүү объекттер, жер кыртышы жана топурак турукташкан өлкө ____________________________
Билдирилген өткөрүү пункту ______________________________________________________________________
Жеткирилүүчү жана сакталуучу жер _______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________
Тиркеме: ______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
________________________________________ |
| _______________________________ |
(өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу) |
| (аты-жөнү) |
|
|
|
М.О. |
|
|
"__" _______________ 20__-ж.
|
| Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелерине 3-тиркеме |
______________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Карантиндик тирүү объекттерге, жер кыртышына жана топуракка илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн жерлердин обочолоо шарттарына шайкештигин текшерүү жөнүндө № ______ АКТ
20__-ж. "__" _________________
Мен ___________________________________________________________________________________ кызмат
адамы: _______________________________________________________________________________________
(толук аты-жөнү, кызмат орду, түзүмдүк бөлүм)
______________________________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аты-жөнү, дареги)
карантиндик тирүү объекттерге, жер кыртышына жана топуракка илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турган жерлердин обочолоо шарттарына шайкештигин текшердим.
Текшерүүнүн натыйжасында, төмөнкүдөй жыйынтыкка келдим:
1. Арыз жана тиркелген документтер ______________________________________________________________
(шайкеш келет/шайкеш келбейт)
2. Имарат жана жабдуу обочолоо шарттарына _____________________________________________________
(шайкеш келет/шайкеш келбейт)
3. Карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты жашоо жөндөмүнөн ажыратууну жана таңгакты зыянсыздандырууну камсыз кылуу боюнча шарттары _______________________________________
(шайкеш келет/шайкеш келбейт)
_______________________________________ |
| ___________________________ |
(арыз ээсинин колу) |
| (аты-жөнү) |
_______________________________________ |
| ___________________________ |
(кызмат адамынын колу) |
| (аты-жөнү) |
Акт эки нускада түзүлөт, биринчи нускасы арызга тиркелет, экинчи нускасы арыз ээсинде калат.