Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 9-июлу № 372
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылар менен белгиленген тартиптерди колдонуу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана карантиндик объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга жана Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдон (көзөмөлдөн) өтүүгө тийиш болгон карантинге алынган продукциялардын (карантинге алынган жүктөрдүн, карантинге алынган материалдардын, карантинге алынган товарлардын) тизмегине, "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик тирүү объекттерди, жер кыртышын жана топуракты ташып кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы № 59 (3131) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |