Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-декабры № 604
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2018-жылдын 24-августу, № 70-71) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга чегерүүлөр";
2) 127-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3) 128-беренесиндеги "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 129-беренесиндеги "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5) 130-беренесинде:
- 2-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө" деген сөздөр "Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды (бизнес-долбоорлорду) ишке ашырууга багытталган каражаттар башка максаттарга пайдаланылбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|