Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 15-декабры № 607
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелеринде:
- 16-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча курулуш ченемдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |