Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтомуна |
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Коргоо объектилеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коргоо объектилеринин өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1. Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактардын жүрүш-туруш эрежелерин, өндүрүштү уюштуруу жана (же) уюмдардын, турак-жай фондунун жана башка объектилердин (мындан ары - коргоо объекти) аймактарын, имарат-жайларын күтүү тартибин белгилөөчү, өрткө каршы ченемдердин талаптарын камтыйт.
Ушул Эрежелердеги колдонулган негизги түшүнүктөр "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" жана "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мааниде колдонулат.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары, ушул Эрежелер жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу тармагын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле объектилерди долбоорлоодогу жана куруудагы ченемдер жана эрежелер жана алардын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптары болуп саналат.
2. Коргоо объектилерин менчиктөө укугу менен башка мыйзамдуу негизде пайдаланып жаткан (жеке ишкерлер) уюмдун жетекчиси (башка ыйгарым укуктуу кызмат адамы) (мындан ары - уюмдун жетекчиси) ар бир коргоо объектисине (жеке турак үйлөрдү кошпогондо) карата ушул Эрежелердин талаптарына ылайык, анын ичинде өндүрүштүк жана кампа багытындагы ар бир жарылуу, өрт коркунучу бар жайлар үчүн өзүнчө өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык нускаманы бекитет.
3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери жана кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнө караштуу мекемелердин коргоо объектилеринде бардык инженер-техникалык кызматкерлер, кызматчылар жана жумушчулар ушул Эрежелерди үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурууга;
2) коргоо объектисинде ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунду уюштурууга жана ички буйрук менен анын аткаруучу ишин бекитүүгө;
3) ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык коргоо объектисинде өрт-техникалык минимум боюнча өрткө каршы нускама жана сабак өткөрүүнү уюштурууга;
4) өндүрүштүк, администрациялык, кампа жана көмөкчү жайларда өрткө каршы катуу режим орнотууга (тамеки чегүүчү жерди аныктоого жана жабдууга, бир жолку сакталуучу сырьёнун жана даяр продукциянын жайгаштырылуучу жерин жана жол берилген өлчөмүн аныктоого, от менен аткарылуучу иштердин так тартибин, иш бүткөндөн кийин имарат жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартибин орнотууга) жана бардык жумушчулар жана тейлөөчү адамдар тарабынан бул талаптардын өтө катуу сакталышын дайыма көзөмөлгө алууга;
5) иш аяктагандан кийин, ушул Эрежелердин 9-тиркемесинде келтирилген журналды жүргүзүү менен ар түрдүү функционалдык дайындоосундагы бөлмөлөрдү карап чыгуу жана жабуу тартибин аныктоого;
6) мезгил-мезгили менен коргоо объектисиндеги өрт коопсуздугунун абалын, өрткө каршы күрөш жүргүзүүчү техникалык каражаттардын оң болушун, объектидеги өрт жагынан коргонуунун жана ыктыярдуу өрт өчүрүүчү дружинанын күжүрмөндүгүн текшерип турууга жана алардын ишин жакшыртуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө жана ушул Эрежелердин 8-тиркемесиндеги келтирилген журналга жазуу менен;
7) коргоо объектисин ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык белгилер менен камсыз кылууга.
4. Уюмдун жетекчиси өрт өчүрүүчү автомобилдерди өрт өчүрүү депосундагы жылуулук, электр менен жабдуу, телефон байланышы, бекем полу бар, дарбазасы жылытылган, өрттөн коргоочу жеке курамдын ишинин кадыресе жана коопсуз шарттарын камсыз кылууда ушул максат үчүн салынган зарыл болгон башка жасалгалары жана жабдуулары бар атайын бокстарда кармоону камсыз кылат.
5. Уюмдун жетекчиси өрт өчүрүүчү автомобилдердин жана мотопомпалардын, ошондой эле өрт өчүрүү үчүн ыңгайлаштырылган (кайра жабдылган жабдуулар) техниканын оң абалда болушун камсыз кылат.
6. Уюмдун жетекчиси өрт өчүрүүчү үчүн жабдылган (кайра жабдылган) ар бир мотопомпа жана техника менен иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөн мотористти (айдоочуну) бекитүүнү уюштурат.
7. Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча окуудан өтүп келген адамга гана коргоо объектисинде иштөөгө жол берилет.
Өрт коопсуздугунун чараларын адамдарга окутуу, өрткө каршы инструктаж өтүү жана өрт өчүрүү-техникалык минимумдан өткөрүү жолу менен ишке ашырылат.
Өрткө каршы инструктаж өткөрүүнүн жана өрт өчүрүү-техникалык минимумунан өтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн уюмдун жетекчиси аныктайт.
8. Инженер-техникалык кызматкерлерди, кызматчыларды жана жумушчуларды өрткө каршы даярдоо өрткө каршы инструктаждан (биринчи жана экинчи) жана өрт-техникалык минимум боюнча сабактардан турат.
9. Өрт-техникалык минимум боюнча коргоо объектилеринде өрткө каршы инструктаж жана сабак өтүү үчүн зарыл болгон көрсөтмө куралдар (плакаттар, схемалар, макеттер), ошондой эле өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын баардык түрлөрүнүн, өрт шаймандарынын жана коргоо объектисине орнотулган өрт байланышынын баардык үлгүлөрү менен жабдылган жайды бөлүп берүү зарыл.
10. Өрт-техникалык минимум программасын өтүп бүткөндөн кийин жумушчулар менен кызматчылардан зачеттор алынууга тийиш. Өрт-техникалык минимум боюнча өткөрүлгөн зачёттордун натыйжасы ушул Эрежелердин 6-тиркемесинде келтирилген журналдарда жазылат.
11. Кампаларда, өндүрүштүк, администрациялык жана коомдук жайларда заттар менен материалдар ачык сакталган, ошондой эле технологиялык орнотмолор жайгашкан жерлерде уюмдун жетекчиси өрт өчүрүү чөйрөсүндө иштеген ыйгарымдуу мамлекеттик органды чакыруу үчүн телефондун номери жазылган тактачанын болушун камсыз кылат.
12. Адамдар түнкүсүн боло турган коргоо объектилеринде (анын ичинде мектеп-интернаттарда, социалдык жактан тейлөөчү уюмдарда, карылар үйлөрүндө, балдар үйлөрүндө, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда, ооруканаларда жана балдар жайкысын эс ала турган объектилерде) уюмдун жетекчиси тейлөөчү адамдардын сутка бою кезметчилигин уюштурат.
13. Адамдар түнкүсүн боло турган коргоо объектисинде уюмдун жетекчиси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) күндүз жана түнкүсүн өрт чыккан учурда тейлөөчү адамдардын аракеттенүү тартиби жөнүндө инструкциянын, телефон байланышынын, электр фонарларынын (ар бир кезметчиге 1ден кем эмес фонарь), өрттөн улам уу заттардын чыгышынан адамдын дем алуу жана көрүү органдарын жекече коргоо каражаттарынын болушун;
2) өрт өчүрүү жагынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөлөрүнө түнкүсүн адамдар болгон коргоо объекти жайгашкан жердеги адамдардын саны жөнүндө маалыматты (анын ичинде түн ичиндеги, дем алыш жана майрам күндөрүндө) берүүнү (күн сайын).
14. Уюмдун жетекчиси тышкы өрт шатыларынын жана имараттар менен курулуштардын чатырларындагы (үстүндөгү) тосмолордун оң абалда болушун камсыз кылат, техникалык документтерге же андай буюмдардын паспортуна ылайык өрт шатыларын жана чатырдагы тосмолорду эксплуатациялык сыноодон өткөрүүнү 5 жылда 1 жолудан кем эмес уюштуруп, мындай сыноолордун тийиштүү протоколун түзөт, ошондой эле адамдарды бийиктен куткаруу каражаттарынын абалын мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өткөрөт.
§ 2. Коргоо объектилеринин аймагынын өрт коопсуздугу
15. Ишканалардын, уюмдардын, турак үйлөрдүн жана башка объектилердин аймагы, ошондой эле алардын айланасындагы аймак дайыма таза кармалууга жана системалуу түрдө өндүрүш калдыктарынан, күйө турган таштандылардан, түшкөн жалбырактардан жана кургак чөп-чардан тазаланууга тийиш. Кайра колдонууга болбой турган өндүрүш калдыктары менен ороп-таңгактоочу материалдар дайыма атайын бөлүнгөн жерге чыгарылып жана өз учурунда ташылып кетүүгө тийиш.
16. Баардык имарат-жайларга, өрт учурунда суу ала турган жерлерге эркин кирип-чыгуу камсыз кылынууга тийиш. Жолдун абалы атайын өрткө каршы автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө тоскоолдук кылбоого тийиш.
Имараттарга, курулуш жайларга жана өрт учурунда суу алынуучу жерлерге, ошондой эле өрт өчүрүүчү шаймандарга жана жабдууларга, өрт тууралуу кабар берүүчү каражаттарга жана стационардык өрт шатыларына бара турган жолчолор (жылдын баардык мезгилинде) дайыма ачык болууга жана түнкүсүн жарык берилүүгө тийиш. Өрт техникасы жайгашкан жерлерге шлагбаумдарды, бордюрларды коюуга, металл тосмолорду орнотууга, атайын автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө тоскоол болбой, жолду тарыткан тосмолорду коюуга тыюу салынат.
Өрт автотехникалары үчүн жолдордун талаптары шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча курулуш ченемдери менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Имарат-жайлардын жана курулуштардын ортосундагы өрткө каршы ачык жерди, өрт-куткаруу техникасын орнотууга ылайыкталган бурулуп кетүүчү жана атайын аянттарды, материалдарды, жабдууларды жана ар кандай идиштерди жыйноо үчүн унааларды токтотуу жана имарат-жайларды (орнотмолорду) куруу үчүн, от жагуу жана таштандыларды жана идиштерди жагуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
18. Жолдорду же өткөөлдөрдү оңдоо, аларды жабуу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн учурда оңдоо (курулуш) иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмчөсүндө мындай иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү жөнүндө тийиштүү маалымат берет жана айланып өтүүчү жолдун багытын көрсөткөн белгилерди коёт же оңдолуп жаткан жолдор менен өткөөлдөр аркылуу өтүүчү жолчолорду жасайт.
19. Объектилердин ичи менен өткөн өткөөлдөр жана темир жолдор өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүшүнө тоскоолдук кылбагандай болууга жана темир жолдун деңгээлинде туташ төшөлмөлөр салынууга тийиш. Өткөөлдөрдүн саны экиден кем болбоого тийиш. Өткөлдөөргө локомотивдерсиз вагондорду токтотууга тыюу салынат.
20. Коргоо объектисинин жарылууга коркунучтуу аралашма топтолуп калышы мүмкүн болгон участкаларында транспорт каражаттарынын өтүшүнө тыюу салынат. Бул турасында тийиштүү белгилер жана жазуулар коюлууга тийиш.
21. Жарылуу жана өрт коркунучу болгон коргоо объектилеринин аймагында (эгерде бул өндүрүштөгү технологиялык процесске байланышпаса), ошондой эле күйүүчү материалдар сакталган жана кайра иштетилген жерлерде ачык от жагууга тыюу салынат.
22. Имараттардын (жайлардын) подвал жана цоколь кабаттарынын терезелеринин жарык түшкөн жерлери таштандыдан жана ар кандай буюмдардан тазаланууга тийиш.
23. Лак, сыр материалдары салынган идиштер имарат жайдан 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан атайын аянтчаларда сакталууга жана капкактары жылчыксыз жабылууга тийиш.
24. Отунду короодо убактылуу сактоого уруксат берилет, ал имараттардан өрт гидранттарынан жана суу көлмөлөрүнөн 5 метрден кем эмес алыстыктагы атайын бөлүнгөн жерге жайгаштырылышы керек.
25. Коргоо объектисинин аймагында атайын бөлүнгөн жерде гана тамеки чегүүгө уруксат берилет, андай жер урналар, суусу бар идиштер менен жабдылууга жана аларга тийиштүү жазуулар жана белгилер коюлууга тийиш. Тамеки чегүүгө тыюу салынган аймакта көрүнүктүү жерлерге тыюу салган жазуулар же белгилер илинип коюлат.
26. Токойлуу жерде жайгашкан калктуу пункттардын айланасында тийиштүү иш-чаралар аткарылышы керек. Мындай жерде токойдон же чым-көңгө айланган жерден чыккан өрт имарат-жайларга жетпегидей болушу керек (өрткө каршы коргой турган тилкелер жасалып, ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, жайкысын кургак чөп-чар тазаланып турууга ж.б. тийиш).
27. Токойго (токойлуу парктарга) чейинки ар түрдүү багыттагы объектилер менен имараттардын өрткө каршы аралыктарын, чым-көңдөр иштетилген же ачык жаткан жерлердин аймагын ар түрдүү курулуштарды жана көмөкчү жайларды салууга, ошондой эле күйүүчү материалдарды, таштандыны, жыгачтын таарындыларын, курулуш жана башка күйө турган материалдарды топтоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
28. Айыл-кыштактардын жана шаардын калктуу конуштарынын аймагына, ошондой эле токой массивдерине 100 метрден жакын аралыктан ачык оттун жардамы менен ысытып, бийиктикке көтөрө турган күйүүчү материалдардан жасалган конструкциянын ичиндеги башкарылбас жасалгаларды учурууга тыюу салынат.
§ 3. Коргоо объектилеринин имарат-жайларынын өрт коопсуздугу
29. Коргоо объектилеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) үйдүн чатырларында, подвалдарда жана цоколь кабаттарда оңой от алуучу жана тез күйүүчү суюктуктарды, дары-дармекти, жарылуучу заттарды, пиротехникалык жасалгаларды, күйүүчү газ толтурулган баллондорду, аэрозоль кутучадагы товарларды, целлулоид жана башка өрт чыгаруучу жана жарылуучу заттар менен материалдарды сактоого жана колдонууга, үйдүн чатырчаларында чым-көң, таарынды жана башка тез күйүүчү материалдарды отун катары колдонууга;
2) көлөмдүү-план чечимдерди өзгөртүүгө жана өрт өчүргүчтөрдү, өрт туткаларын жана өрт коопсуздугун камсыз кылуучу башка системаларды колдонууну чектеп же өрткө каршы коргонуунун автоматтык системаларынын (автоматтык өрт сигнализациясы, өрт өчүрүүчү стационардык-автоматтык орнотмолор, түтүн таратуучу системалар, кабар берүү жана эвакуацияны башкаруу системалары) колдонуу зонасын азайтуучу инженердик коммуникацияларды жана жабдууларды жайгаштырууга, өрттү автоматтык кабарлоочуларды сырдоого же кагаз жабыштырууга;
3) бензинди, керосинди жана башка тез от алуучу жана күйүп кетүүчү суюктуктарды колдонуу менен имарат-жайларды тазалоого жана кийимдерди жууп-тазартууга, ошондой эле жалын чыгарган лампалар жана ачык отту колдонгон башка ыкмалар менен тоңуп калган түтүктөрдү жылытууга;
4) изоляциясы бузулганы көрүнүп турган электр зымдарын жана кабелдерди пайдаланууга;
5) бузук розеткаларды, рубилниктерди жана башка электр орнотмолорун пайдаланууга;
6) электр лампаларын жана жарык бергичтерди кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен ороого, ошондой эле жарык бергичтин конструкциясында каралган калпакчалары (жарык чачыраткычтары) жок жарык бергичтерди колдонууга;
7) ысыктан коргой турган жасалгасы жок, ошондой эле конструкцияда каралган ысыкты жөнгө салгычтары жок же бузулуп калган электр үтүктөрүн, электр плиткаларын, электр чайнектерин жана башка электр менен жылыган приборлорду пайдаланууга;
8) стандарт эмес (колго жасалган) электр жылыткыч приборлорду колдонууга;
9) даярдаган заводдун инструкциясына ылайык сутка бою иштей турган электр приборлорунан башка электр менен жылый турган приборлорду, ошондой эле тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган приборлорду сайылган бойдон кароосуз калтырууга;
10) электр жабдуулары орнотулган тактага күйүүчү (анын ичинде тез тутанган) заттар менен материалдарды жайгаштырууга;
11) ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде берилгендей химиялык заттар менен материалдарды сактоо боюнча талаптарды бузууга;
12) авариялык, курулуш-монтаж жана реставрация иштерин жүргүзгөн учурда электр узарткычтарды, өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча электр приборлорун саюу үчүн жасалбаган узарткычтарды, тор чыпкаларын убактылуу электр зымдарын пайдаланууга.
Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
30. Баардык коргоо объектилеринде өрт чыккан жана өзгөчө кырдаалдарда адамдарды жана материалдык байлыктарды эвакуациялоонун ар бир кабат боюнча ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде келтирилген мисалдарга ылайык пландары илинип коюлууга тийиш.
Эвакуация пландарында негизги жана авариялык эшиктер, ошондой эле өрт өчүрүүнүн жана байланыштын баштапкы каражаттары жайгашкан жерлер белгиленип коюлат. Эвакуациялоо пландарынын шарттуу белгилери ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде келтирилген.
31. Эвакуациялык эшиктердин каалгаларынын бекиткичтери ичинен ачкычсыз оңой ачуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Коргоо объектисинде өрт чыккан уюмдун жетекчиси өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү максатында өрт өчүрүүчүлөрдүн жабык жайларга киришин камсыз кылып берет.
32. Эвакуациялык жолдорду, эвакуациялык жана авариялык эшиктерди колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) эвакуация жолдоруна босоголорду (эшиктердин босоголорун кошпогондо), анык эшиктерге окшошкон жалган эшиктерди коюуга, жылдырма жана көтөрүлүп-түшмө эшиктерди жана дарбазаларды, айланма эшиктерди жана турникеттерди, ошондой эле элди эркин эвакуациялоого тоскоол болгон башка жасалгаларды орнотууга, түшө турган тепкичтердин жанына күзгүлөрдү жана кондиционерлердин тышкы блокторун орнотууга;
2) эвакуациялык жолдорду жана эшиктерди (анын ичинде өткөөлдөрдү, далистерди, коридорлорду, тамбурларды, галереяларды, лифт аянтчаларын, тепкичтер жайгашкан аянтчаларды, тепкичтердин тегерегин, эшиктерди, эвакуациялык люктарды) ар түрдүү материалдар, буюмдар, жабдуулар, өндүрүштүк таштандылар, калдыктар ж.б. көр-жерлер менен тосууга, ошондой эле эвакуациялык эшиктерге кулпу салууга жана мык кагып, биротоло бекитип салууга;
3) чыга бериштеги тамбурларга (квартиралар жана жеке турак үйлөрдү кошпогондо) кир жайгычтарды жана кийим илгичтерди, гардеробдорду жасап алууга, ошондой эле шаймандар менен материалдарды сактоого (анын ичинде убактылуу);
4) тепкичтер жайгашкан аянтчалардын, далистердин, холдордун жана тамбурлардын өзү жабылган эшиктеринин бекип калышына, ошондой эле эвакуация жолундагы өрттүн коркунучтуу факторлорунун жайылышына тоскоол болгон эшиктерди чыгарып салууга;
5) армирленген айнекти эшиктердин жана фрамуктардын кадимки эле айнектерине алмаштырууга;
6) лифт аянтчаларына кампачаларды, киоскторду, ларекторду жана башка ушул өңдүү нерселерди жайгаштырууга;
7) балкондор менен лоджиялардагы эшиктерди, люктарды, тышкы эвакуациялык тепкичтерди, сыртка чыккан жердеги жанаша секциялардын өткөөлдөрүн эмерек жабдуулар жана башка буюмдар менен тосуп салууга, балкондордун ортосундагы тепкичтерди алып салууга, квартиралардын балкондору менен лоджияларындагы люктарды ширетип салууга;
8) түтүн кирбей турган тепкич аянтчаларына алып келүүчү балкондорду, лоджияларды жана галереяларды айнектеп салууга;
9) тепкичтердин аянтчаларына жана кабаттардын далистерине кампачаларды жана башка көмөкчү жайларды салууга, ошондой эле тепкичтердин астына жана тепкичтердин аянтчаларына буюмдарды, эмеректи ж.б. күйүүчү материалдарды сактоого, тез от алган жана күйүп кетүүчү суюктуктар менен, электр зымдарын жана кабелдерди (далистерди жана тепкичтердин аянтчаларын жарык кылуучу электр зымдарын кошпогондо) өнөр жайлык газ түтүктөрүнө жана буу түтүктөрүнө трубопроводдор аркылуу өткөрүүгө;
10) куткаруучу жасалгалар бекитилген жерлердеги өткөөлдөрдү тосуп жана жаап салууга.
33. Эгерде, бул алардын милдети менен шартталса же колдонуу боюнча инструкциянын талаптарында каралса, жумуш убактысы бүткөндөн кийин өрткө каршы коргонуу системасын, кезметтик жарыкты, ошондой эле башка электр орнотмолорунан жана электротехникалык приборлордон башка кезметчи отурбаган имарат-жайдагы электр орнотмолорун жана тиричилик электр приборлорун иштеген бойдон калтырууга тыюу салынат.
34. Эвакуациялык эшиктерде же тикеден тике тышка чыга турган эшиктерде жана далистерде, тепкичтер жайгашкан аянтчаларда өрт учурунда авариялык жарык берүү системасына туташтырылган "ЧЫГУУ" деген эскерткич жазуу коюлууга тийиш.
35. Чатырдагы жыгач конструкциялар өрттөн коргой турган состав менен иштетилүүгө тийиш. Өрттөн коргоочу иштетүүнүн сапаты жыл сайын текшерилип турууга жана зарылчылыгы болсо жаңыртылууга тийиш.
36. Чатырлардын, техникалык кабаттардын, подвалдардын, электр такталардын жана желдеткич камералардын эшиктери кулпуланып жабылууга тийиш. Кулпунун ачкычы каалаган убакта алууга мүмкүн болгон белгилүү бир жерде (жогорку кабаттагы квартира, комендант, күзөткана) сакталууга тийиш.
Чатырлардын жана подвалдардын, техникалык кабаттардын эшиктерине ачкычтардын сакталган орду жөнүндө жазып коюу керек.
Чатырлардын секцияларынын ортосундагы эшиктер, ошондой эле өрткө каршы дубалдардын (өткөөлдөрдүн) эшиктери дайыма жабык болууга тийиш.
37. Дубалды беттөөчү материалдар күйө турган заттардан жасалышына (күйүүчү плёнка материалдарын чаптоо) тыюу салынат, алар ошондой эле жалпы далистердин, тепкич жайгашкан аянттардын, вестибюлдардын, холлдордун жана фойелердин дубалдары менен шыптары күйгөн учурда уулуу заттарды бөлүп чыгара турган күйө турган жасалгалоочу материалдардан болбошу керек, ошондой эле вестибюлдардын тепкич салынган аянтчаларынын жана лифттердин холдорунун полдору да күйүүчү материалдардан жасалбоого тийиш.
Эвакуация жолдорундагы (далистер, фойелер, вестибюлдар, холлдор) көрүүчүлөр кирген, көргөзмө, экспозиция, окуу залдары жана эл көп келген башка жайлардын полдору капталган материал полго чыкпагандай бекем бекитилүүгө тийиш.
Синтетикалык күйүп кетүүчү материалдардан жасалган килемдерди жана жол килемчелерин колдонууга тыюу салынат.
38. Өрт учурунда адамдарды эвакуациялоо үчүн көтөргүчтөрдү жана лифттерди пайдаланууга тыюу салынат.
"Өрт өчүрүүчүлөрдү ташуу" деген режимде иштей турган лифттерди уюмдардын пайдалануусунун тартиби уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилүүчү инструкция менен жөнгө салынат. Мындай инструкциялар тикеден тике лифттин кабинасын башкара турган органдарда илинип коюлууга тийиш.
Уюмдун жетекчиси калктын жардамга муктаж топтору жана башка жарандары үчүн коопсуз зона катары пайдалана турган лифттердин холлдорунун түтөбөй тургандыгын камсыз кылат, бул ишке өрткө каршы тосмолорду (өткөөлдөрдү) жана алардын оюктарын жаап койгон жерлерди, өрт посту жайгашкан жекече коргоо жана байланыштын тийиштүү каражаттарын, ошондой эле мындай зонанын багытын көрсөткөн өрт коопсуздугунун белгилерин оң абалда сактоо жолу менен жетишилет.
39. Эл массалык түрдө чогулган коргоо объектилеринде, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерде, улгайган адамдар жана саламаттыгы начарлаган адамдар жашаган үйлөрдө, стационардуу дарылоо жана саламаттыкты чыңдоо мекемелеринде терезелерге металл торчолорду орнотууга тыюу салынат.
40. Өрткө каршы дубалдардын жана тосмолордун оюктары жалын жана өрттөн чыккан продуктыларды жайылтпай турган коргоочу жасалгалар (өрткө каршы каалгалар, суу тосмолору, жабылмалар, шиберлер, түтүнгө каршы жасалгалар) менен жабдылууга тийиш, алар дайыма ишке жарактуу абалда болууга тийиш. Ар түрдүү коммуникациялар өрткө каршы тосмолор аркылуу өткөрүлгөн учурда алардын жана тосмолордун конструкцияларынын (бүткүл калыңдыгына) ортосундагы ачык күйбөй турган материал менен жылчыксыз бекитилүүгө тийиш.
41. Тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар менен газдар колдонулган цехтерде жана лабораторияларда борборлоштуруп ташуу жана аларды жумуш орундарына таратуу каралуусу зарыл. Башка баардык учурларда тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды ташуу үчүн атайын конструкциядагы коопсуз идишти колдонуу зарыл.
Цехтердеги сактоочу жайлар үчүн бир жолку сактоодогу тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктардын максималдуу жол берилүүчү саны нормативдик түрдө аныкталууга тийиш. Жумуш орундарында сменалык керектөөдөн ашпаган сандагы материалдар (колдонууга даяр түрүндөгү) сакталат. Анда идиштер бекем жабылууга тийиш.
42. Өндүрүш жайлары жана алардын жабдуулары мезгил-мезгили менен чаңдан жана башка күйүүчү калдыктардан тазаланып турууга тийиш. Калдык нерселер чаң түрүндө көп чыга турган жерде алардын өрт коопсуздугунун көрсөткүчтөрү аныкталууга тийиш.
43. Иштеген кызматкерлердин атайын кийими өзүнчө жайда сакталат. Ар бир бөлүмчө үчүн (өндүрүштүк операция) коргоо объектисинин администрациясы тарабынан май болгон кийимди таза кийимге алмаштыруу тартиби орнотулууга тийиш. Атайын кийимдин чөнтөктөрүндө май чүпүрөктөрдү жана аарчыгычтарды калтырууга тыюу салынат.
44. Бут кийимди имараттын ичинде кургатууга, ошондой эле кандайдыр бир күйүп кетүүчү материалдарды трубопроводдордун, жылытуу аппараттарынын жана приборлорунун үстүнө жаюуга тыюу салынат. Кийимдерди, бут кийимдерди кургатуу үчүн атайын жайды кароо зарыл.
45. Имарат-жайдын ичиндеги трубопроводдордун үстүңкү ысыган бетин материалдар тутанып кетпегендей, жарылууга коркунучтуу аралашма жарылып кетпегендей кылып күйбөй турган материалдар менен тосуп салуу керек.
46. Жарылуу коркунучу болгон жайларда жана орнотмолордо темир мык кагылган же такаланган бут кийимдер менен иштөөгө тыюу салынат.
47. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын пайда болушунун мүмкүнчүлүгү бар жайларда иштегенде урунган учурда учкун чыгарбаган металлдан жасалган аспапты колдонуу зарыл, ал эми кескен учурда аспапка консистенттик майды шыбоо керек.
48. Тетиктерди жууп жана майын кетире турган операцияларда өрт чыгарбай турган техникалык жуучу каражаттарды колдонуу зарыл.
49. Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар жана күйүүчү газдар сатылган, чыгарылган, кайра иштетилген жана сакталган объектилерде жардыргыч заттардын баардык түрлөрү чыгарылган объектилерде, өрт, жарылуу коркунучу жана өрт чыгуу коркунучу бар участкаларда тамеки чегүүгө тыюу салынат.
Уюмдун жетекчиси мындай жерлерге өрт коопсуздугунун белгилерин коюп, "Тамеки чегүүгө жана от жагууга тыюу салынат" деп жазып коюуга тийиш.
Атайын тамеки чеге турган жерлерге "Тамеки чегүүчү жер" деген белги илинет.
§ 4. Коргоо объектилерин жылытуудагы өрт коопсуздугу
50. От жагуучу сезон башталар алдында мештерди, буу казандарын, жылуулук генераторлорун, калорифердик орнотмолорду жана очокторду (каминдер), ошондой эле башка от жагуучу приборлор менен системаларды текшерүү жана оңдоо керек.
Күйүүчү конструкциялардан өрткө каршы бөлүп турган (алыстатылган) жасалгасыз, өлчөмү 0,5x0,7 метрден кем болбогон күйбөй турган материалдан жасалып, от жага турган жерге төшөлө турган темирсиз (жыгач же күйө турган материалдардан жасалган полдо), ошондой эле бөлүп турган жери (алыстатылган) жана от жагыла турган төшөлгөсү күйүп же бузулуп калган учурда мешти жана от жагыла турган приборлорду колдонууга тыюу салынат.
51. От жагуучу сезон башталаар алдында, ошондой эле от жагуу сезонунун ичинде морлордун жана мештердин (от жагылуучу приборлорду кошо) көөсүн тазалоо зарыл.
52. Буу казандарын жана башка жылуулук берүүчү орнотмолорду пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө инструкциядан өтпөгөн адамдарды иштетүүгө;
2) мунай продуктыларын жана жабдууларды колдонуунун техникалык шарттарында каралбаган башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды отун катары пайдаланууга;
3) жылуулук бере турган системадан суюк отун тамчылаган (газ чыккан) жылуулук берүүчү орнотмону, ошондой эле от жагылган жердеги жана ичинде отуну бар сыйымдуулуктагы чоргодон суюк отун чыккан учурда мындай жылуулук берүүчү орнотмолорду пайдаланууга;
4) форсункалары же газ күйө турган жерлери бузулганда отунду берүүгө;
5) алдын ала үйлөтпөстөн орнотмону иштетүүгө;
6) даярдаган ишкана тарабынан каралган контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор бузук болгондо же өчүрүлгөндө аны иштетүү;
7) кандайдыр бир күйүүчү материалдарды буу казандарында жана буу өткөргүчтөрүндө кургатууга;
8) түтүн чыгуучу морунун көөсү тазаланбаган катуу отун жагылуучу буу казандарын колдонууга.
53. Меш аркылуу от жагып жылытууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) от күйүп жаткан мешти кароосуз калтырууга, ошондой эле көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
2) отунду, башка күйүүчү заттарды жана материалдарды төшөлгөн темирдин бетине калтырууга;
3) көмүрдү, коксту жана газды отундун бул түрлөрүнө ылайыкталбаган мешке жагууга;
4) желдеткич жана газ каналдарын мор катары пайдаланууга;
5) мешти ашыкча какшытууга.
54. Имарат-жайларда (турак үйлөрдү кошпогондо) мешке от жагуу иш бүтөрүнө 2 саат калгандан кечиктирилбестен, ал эми адамдар сутка бою боло турган ооруканаларда жана башка коргоо объектилеринде оорулуулар уктарына 2 саат калганда токтотулууга тийиш.
Мештен чыккан күл менен шлак суу куюп өчүрүлүп, атайын бөлүнгөн жерге төгүлүүгө тийиш.
55. Товарлар, текчелер, витриналар, прилавкалар, шкафтар жана башка жабдуулар мештен 0,7 метрден жакын эмес жерге, ал эми мештин оозунан 1,25 метрден кем эмес жерге жайгаштырылат.
Металл мештерди колдонгон учурда жабдуулар мештен 2 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылууга тийиш.
56. Уюмдун жетекчиси түтүн чыккан морлордун жана дубалдын түтүн өткөн беттерин актатат.
57. Жылуулук өткөрүүчү аппараттарды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жылуулук өткөн жерлерден жылчык чыккан аппаратта жана анын ачып-жаап турган клапаны бузук болгондо, форсунканын корпусунун жылуулукту айдоочу аппарат менен кошулган жерлеринен жылчык чыкканда, морлору, электр кыймылдаткычтары жана коргой турган аппараттары бузук болгондо, ошондой эле электр кыймылдаткычынын ысыктан коргоочусу болбогондо жана башка бузуктарда иштөөгө;
2) отун куюлган бактары ачык аппаратта иштөөгө;
3) жөнгө салынбаган форсунка менен (отунду берүүсү бузулган) иштегенде;
4) аппараттын жана отун куюлган бактардын жанына күйгүчтүгү Г3-Г4 тобундагы материалдан тосмо коюуга. Материалдардын күйгүчтүк тобунун классификациясы, "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, жана тиешелүү курулуш ченемдер жана эрежелер менен аныкталат;
5) отун өткөн түтүктөрдү ачык жалын менен жылытууга;
6) жумушчу аралашманы карай турган тешикче аркылуу тамызууга;
7) жылуулукту айдаган аппарат иштеп жатканда шамдардын электроддорунун ортосундагы жылчыкты жөнгө салууга;
8) аба тарткан коллекторлордун коргоочу торчосу болбогондо жана бузулганда жылуулук айдоочу аппаратты иштетүүгө;
9) жылуулук айдоочу аппарат иштеп жатканда кароосуз калтырууга;
10) жылуулук айдоочу аппараттарды пайдалануу шартын бузууга, аларды бул максат үчүн ыңгайлашпаган жайга (жерге) жайгаштырууга.
58. Белги бергичи жана желдеткичи иштебеген учурда жылытуучу элементтерге электр кубатын берүүнү токтоткон бекиткичи жана электрика менен жылуулук коргоосу тарабынан каралган чыгып турган абанын температурасын башкарган автоматикасы оң абалда гана электр калориферлерди колдонууга жол берилет.
59. Калориферлерди пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) белги бергичин жана бөгөт койгучун өчүрүүгө;
2) электр калориферинин корпусу менен вентилятордун ортосундагы жумшак кыпчыткы үчүн күйүүчү материалдарды колдонууга;
3) электр калориферинен чыккан абаны аны даярдаган завод жол бергендегиден ашкан температурага жогорулатууга;
4) желдеткич иштебей калганда электр калориферин иштетүүгө (бөгөлүп калганын орнотмону иштетер алдында ар жолу текшерип туруу керек);
5) кийим-кечекти же башка күйүүчү материалдарды электр калориферинде же ага жакын жерде кургатууга.
§ 5. Коргоо объектилерин желдеткич системаларынын өрт коопсуздугу
60. Отту кармоочу жасалгалар (заслонкалар, шиберлер, клапандар), өрттү билгизе турган же өрт өчүрүүчү автоматтык жасалгалары бар желдеткич системаларын бөгөй турган жасалгалар, өрт чыкканда желдеткичти өчүрө турган автоматтык жасалгалар техникалык документтерде белгиленген мөөнөттө текшерилип турууга жана оң абалында болууга тийиш. Жылдыргычтарды иштете турган сезгич элементтер (жеңил калкыма кулпулар, күйө турган жеңил кыстырмалар, ысыкты сезген элементтер) ысык чаңдан топтолгон ыштан өз учурунда тазаланып турууга тийиш.
61. Желдеткич камераларга кандайдыр бир жабдууларды жана материалдарды сактоого тыюу салынат. Желдеткич камералар дайыма кулпуланууга тийиш. Желдеткич камераларга тиешеси жок адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
62. Гидрочыпкалар, чаң соргон, чаң кармаган жана желдеткич системасынын башка жасалгалары бузулганда жарылуу, өрт коркунучу бар жайларда технологиялык жабдууларды иштетүүгө тыюу салынат.
63. Желдеткич жасалгалар ысык жана жарылуу коркунучу бар заттарды өткөргөн өндүрүштүк жайларда баардык металл аба өткөргүчтөр, трубопроводдор, чыпкалар жана абаны соргон жасалгалардын башка жабдуулары жер менен туташтырылууга тийиш.
64. Желдеткич камералар, циклондор, чыпкалар, аба өткөргүчтөр ысык чаңдан жана өндүрүш калдыктарынан тазаланууга тийиш. Желдеткич жабдууларды текшерүү, профилактикалык кароо жана тазалоо ишкананын же цехтин жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Карап чыгуунун натыйжасы милдеттүү түрдө атайын журналга түшүрүлөт.
65. Жарылуу коркунучу бар же ысык чаң өткөн аба соргучтарда мезгил-мезгили менен тазалап туруу үчүн жасалга (люктар чыгарыла турган бирикмелер) болууга тийиш.
66. Өрт коркунучу бар жайларды тейлей турган желдеткич орнотмолорду өрттө же аварияда аларды иштетип же өчүрүп туруу үчүн аралыктан башкарыла турган жасалгасы болууга тийиш, алар ар бир имарат-жай үчүн атайын шартталган талаптарга ылайык иштеп жана оң абалда болушу керек.
67. Аба өткөргүчтөрүн оттон коргоонун сапатын чейрек сайын бир жолудан кем эмес текшерип туруу жана оттон коргой турган каптоосу бузулган учурда аны калыбына келтирүү боюнча чара көрүү зарыл.
68. Желдеткич системаларды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) отту кармай турган жасалганы өчүрүүгө же чечип салууга;
2) желдеткич каналдарды мор катары пайдаланууга;
3) желдеткич каналдарга газ менен иштей турган жылытуучу приборлорду кошууга;
4) аба өтө турган түтүктөргө, зонтторго топтолгон май ж.б. күйүүчү катмарларды күйгүзүүгө.
69. Өрттүн тикеден тике же кыйыр себепчиси болгон бузуктар байкалганда (желдеткичтин ашыкча иштеши, жумушчу дөңгөлөктөрдүн калактарынын кожухка урунуусу, подшипниктин ысып кетиши) желдеткичти дароо токтотуп жана аны бузугу толук оңдолгонго чейин иштетпөө керек.
§ 6. Коргоо объектилеринин электр орнотмолорунун өрт коопсуздугу
70. Баардык электр орнотмолор токтун кыска туташуусунан жана авариялык режимдерден коргой турган аппараттар менен жабдылууга тийиш.
Сактагычтардын калкыма тетиги андагы номиналдык токтун клеймосунда көрсөтүү менен калибрленүүгө тийиш.
71. Өрт жагынан коркунуч келтирген өтмө каршылык көрсөтүүгө жол бербөө максатында зымдар менен кабелдердин кылчаларын бириктирүү, учун бекитүү жана тарамдоо кыстыруунун, ширетүүнүн, каңдоонун же атайын кыскычтардын жардамы менен жүрөт.
72. Убактылуу электр тармагын түзүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Убактылуу иллюминациялык орнотмолорго, ошондой эле курулуш жана убактылуу оңдоо-куроо иштери жүргүзүлүп жаткан жерге ток берген электр зымдарына эрежеден четтөө катары уруксат берилет. Убактылуу электр тармагынын чыңалуусу 36 вольттон, ал эми өзгөчө коркунучтуу жерлерде (өзгөчө ным участкалар, кудуктар, металл резервуарлар, буу казандар) 12 вольттон ашпоого тийиш.
73. Курулуш аянтындагы убактылуу электр өткөргүчү изоляцияланган зымдан жасалууга, троско илинүүгө тийиш жана жумуш ордунан 2,5 метрден кем эмес, өткөөлдөрдүн үстүнөн 3 метр жана өтмөктөрдүн үстүнөн 6 метр бийиктикте ишенимдүү бекем мамыларга орнотулат.
74. Курулуш аянтынын аймагындагы жарык бере турган прожекторлор өзүнчө мамыларга орнотулат. Аймакка (курулуш аянтчасына) жарык берүү үчүн пайдаланылган прожекторлорду электр менен жабдуу өзүнчө тармак аркылуу ишке ашырылууга тийиш.
Прожекторлорду күйүүчү материалдардан жасалган чатырларга жана полимер жылуулагычтары бар имараттарга орнотууга тыюу салынат.
75. Көчмө жарык бергичтер коргой турган айнек калпакчалар жана торчолор менен жабдылат. Мындай жарык бергичтер жана башка көчмө электр аппаратурасы үчүн мүмкүн болгон механикалык таасирди эске алуу менен бул максатта атайын арналган жез кылчалуу зымдар жана ийкемдүү кабелдер колдонулат.
76. Аба менен өткөн электр берүү линиялары жана тышкы электр зымдары үйлөрдүн, бастырмалардын үстүнөн курулуш шатыларынын штабелдери аркылуу, ачык кампалардын жана башка күйүүчү материалдардын үстүнөн өтүшүнө, ошондой эле электр зымдарын жана кабелдерин өрткө каршы дубалдар, кампа, өндүрүштүк жана башка маанидеги имарат-жайлар аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
77. Аба менен өткөн электр берүү линиялары өрт коркунучу бар өндүрүштүк жана кампа имараттарынан, курулуштарынан, орнотмолорунан, бастырмаларынан жана күйүүчү материалдар штабелдеринен бир жарым эседен кем эмес бийиктиктеги мамылар аркылуу өтүүгө тийиш.
78. Өндүрүштүк кампа жана соода жайларында жана күйүүчү материалдар (кагаз, резина ж.б.), бар жерде, ошондой эле күйө турган кутучада буюмдар бар жерде электр жарык бергичтери күйбөй турган материалдардан жабык же корголгондой кылып жасалууга тийиш.
79. Жарык бере турган электр тармагын орноткон учурда жарык бергичтер күйө турган конструкциялардан жана күйүүчү материалдардан 0,5тен кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
80. Электр тармактарын жана электр приборлорун пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) изоляциясы бузулгандыгы көрүнүп турган электр зымдарын жана кабелдерин пайдаланууга;
2) бузугу бар розеткаларды, токту өткөргүчтөрдү, башка электр жасалгаларын пайдаланууга;
3) электр лампаларын жана жарык бергичтерди кагаз, кездеме жана башка күйүүчү материалдар менен ороп-чулгоого, ошондой эле жарык бергичтин конструкциясында каралган калпакчалары (нур чачыраткычтары) жок жарык бергичтерди пайдаланууга;
4) ысыктан коргой турган жасалгасы жок, ошондой эле конструкцияда каралган ысыкты жөнгө салгычтары жок же бузулуп калган электр үтүктөрүн, электр плиткаларын, электр чайнектерин жана башка электр менен жылыган приборлорду пайдаланууга;
5) стандарт эмес (колго жасалган) электр жылыткыч приборлорун колдонууга;
6) даярдаган заводдун инструкциясына ылайык сутка бою иштей турган электр приборлорун кошпогондо электр менен жылый турган приборлорду, ошондой эле башка тиричилик электр приборлорун, анын ичинде күтүү режиминде турган приборлорду сайылган бойдон кароосуз калтырууга;
7) электр жабдуулары орнотулган тактага күйүүчү (анын ичинде тез тутанган) заттар менен материалдарды жайгаштырууга;
8) авариялык жана башка курулуш-куроо жана реставрация иштерин жүргүзгөн учурда узарткычтарды, өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча электр приборлорун саюу үчүн жасалбаган узарткычтарды, тор чыпкаларды, убактылуу электр зымдарын пайдаланууга.
81. Авариялык жана эвакуациялык жарык берүүчү шамдар көз каранды эмес ток алуу булагына кошулууга тийиш.
Имарат-жайлардагы эвакуациялык жарык берүү, анын ток берүүчү булактары оң абалда болууга тийиш.
82. Электр кыймылдаткычтары дайыма майланып жана ысык чаңдан тазаланып турууга тийиш. Электр кыймылдаткычтарын кандайдыр бир материалдар менен жабууга тыюу салынат.
83. Иштин шарты боюнча кадыресе учкун чыгарган бөлүктөрү менен электр машиналары күйүүчү заттар жана материалдар жайгаштырылган жерден 1 метр аралыкта жайгаштырылууга же алардан күйбөй турган экран менен тосулуп коюлууга тийиш.
84. Орнотулуучу электр арматурасы (розеткалар, коробкалар) күйбөй турган тыгыздоочулар менен изоляцияланууга тийиш.
85. Жумуш бүткөндөн кийин электр тармактары, электр жабдуулары жана башка электрди керектөөчүлөр, анын ичинде тиричилик жайлары жана мобилдик (инвентардык) имараттар токтон ажыратылууга тийиш; электр энергиясын өчүрүү борборлоштурулууга тийиш.
86. Электр зымдарын жана кабелдерди, анын ичинде убактылууларын (полимер жылуулаткычы бар металл панелдер боюнча болот түтүктөр аркылуу өтө тургандарды кошпогондо) өткөрүүгө, ошондой эле электр аппараттарын, щиттерди жана башкаларды көрсөтүлгөн конструкцияларга бир метрден жакын жайгаштырууга тыюу салынат. Электр коммуникациялары менен конструкциялардын тосмолору кесилишкен жерде күйбөй турган материалдар менен жыш оролгон металл гильзалар болууга тийиш.
87. Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган ар кандай класстагы өрт коркунучу бар зоналар болгон жердеги кампа жайлар тосуп турган электр орнотмолорунда имараттын ичиндеги өчүрүп туруучу аппараттардын болгондугуна карабастан, тыштан күч жана жарык берүүчү тарамдарды өчүрүү үчүн аппараттар коюлууга тийиш, өчүрүүчү аппараттар күйбөй турган материалдан жасалган тосмо конструкцияны пломбулоо үчүн ыңгайлашкан күйбөй турган материалдан жасаган ящиктин ичине, ал эми ал жок болсо өзүнчө турган күйбөй турган мамыга орнотулушу керек.
88. Күйө турган негиз боюнча зымдарды ачык же жабык түрүндө өткөргөндө калыңдыгы 3 миллиметрден кем эмес жалпак асбест (же калыңдыгы 10 миллиметрден кем эмес шыбак) төшөө зарыл, ал зымдан же түтүктөн эки тарабына 10 миллиметрден кем эмес чыгып турууга тийиш.
89. Жарылуу, өрт коркунучу бар имаратка кире бериш жердин үстүнө жайгашкан жарык бергичтин өчүргүчтөрү имараттын тышкы бетине орнотулууга тийиш, ал жаан-чачын, чачыранды жетпегидей жерге же кадыресе оюкчанын ичине коюлат.
90. Жарылуу, өрт коркунучу бар жайларга, ошондой эле лабораториялык жел сормо шкафтардын ичине кадимки штепселдик ажыраткыч тетикти орнотууга тыюу салынат.
91. Электр зымдарынын салаңдап турушуна, алардын бири-бирине же имараттагы конструктивдүү элементтерге жана башка ар түрдүү нерселерге тийишип туруусуна тыюу салынат.
92. Муздаткычтарга (тиричилик муздаткычтарынан башка), өрт өчүрүүчү, белги берүүчү жана кезмектик жарык берүүчү автоматтык орнотмолорго ток жеткирүү үчүн кирме-бөлүштүрмө жасалгадан тартып электр энергиясын керектөөчүгө чейин өз алдынча электр тармагы каралууга тийиш.
93. Кийим үтүктөө үчүн атайын жай (орун) бөлүнүүгө тийиш. Колдонгондон кийин үтүктөрдү өрт коопсуздугуна жооптуу адамга кол койдуруп сактоого тапшырылышы керек.
94. Чакан имарат-жайларды жана майда соода ишканаларын (күркөлөр, павильондор, контейнерлер ж.б.) жылытуу үчүн колдонулуучу май менен жылыткан радиаторлордун жана жылуулук берүүчү электр панелдердин өзүнчө электрден коргоосу жана оң иштеген жылуулукту жөнгө салгычтары болууга тийиш.
95. Электр менен жылый турган жана электр тиричилик приборлорун заводдо даярдалган штепселдик кошкучтун жардамы менен гана токко саюуга уруксат берилет.
§ 7. Коргоо объектилерин статикалык электр кубулуштарынан коргоо
96. Чагылгандан коргоочу жасалгаларды жылына бир жолудан кем эмес карап, текшерип коюу зарыл. Жер менен туташкан жасалганын каршылык көрсөтүүсүн өлчөө 12 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
97. Чагылган тоскучтардын жерге туташтыргычтарын башка системалардын жерге туташтыргычтарынан бөлүү зарыл. Өндүрүштүк трубопроводдорду жерге туташтыргыч катары колдонууга тыюу салынат.
98. Статикалык электрден коргоочу системалардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик ишкана боюнча жалпысынан башкы энергетикке, ал эми айрым цехтер (участкалар боюнча) алардын начальниктерине жүктөлөт, башкы энергетик коргой турган жасалгаларды туура пайдаланууну жана аларды лабораториялык текшерүүнү уюштурууга, бул жасалгаларды колдонуу боюнча инструкция болууга тийиш. Цехтердин начальниктери коргоочу жасалгалардын абалынын тууралыгын камсыз кылууга, аларды өз учурунда текшерип жана оңдоп турууга милдеттүү.
99. Статикалык электр заряддарынын топтолуу коркунучтары боюнча өндүрүштүк процесстин мүнөздөмөсү жана заттардын электрлешүү ыкчамдыгын төмөндөтүүчү иш-чаралар, ошондой эле заряддардын өтүп кетишин камсыз кылуучу кошумча чаралар ишканалардын өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндөгү инструкцияларда көрсөтүлүүгө тийиш.
100. Статикалык электрден коргой турган жерге туташтыруучу жасалгаларды электр жабдуулары үчүн жерге туташтыруучу жасалгалар менен бириктирүүгө уруксат берилет.
101. Металл жана электр өткөрө турган металл эмес жабдуулар, трубопроводдор, желдеткич кутулар жана оромолор, трубопроводдордун жана аппараттардын термоизоляциясы имарат-жайларда, ошондой эле тышкы орнотмолордо, эстакадаларда жана каналдарда жайгашкан учурда эң кеминде экиден кем эмес точкада жерге туташтыруучу контурга кошулууга тийиш.
102. Өзүнчө орнотулган аппараттарды жана агрегаттарды өз алдынча жерге туташтыргычтар менен жабдуу же аларды жерге туташтыруунун жалпы контуруна кошуу зарыл.
Бир нече жерге туташтыруучу бөлүктөрдү ырааты менен жерге туташтыруучу өткөргүчкө кошууга тыюу салынат.
§ 8. Коргоо объектилеринин баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттары
103. Функционалдык дайындоосуна карабастан, баардык коргоо объектилер, ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык өрт өчүргүчтөр менен камсыз кылынууга тийиш, алар өрттү эң башында токтотуу жана өчүрүү үчүн пайдаланылат.
104. Өндүрүштүк жана кампалар жайгашкан имарат-жайларда жана ишканалар менен уюмдардын аймагында өрт өчүрүүнүн төмөнкүдөй баштапкы каражаттары коюлган атайын өрт өчүрүү такталары орнотулууга тийиш: күкүм түрүндөгү өрт өчүргүч - 2, көмүр кислоталуу өрт өчүргүч - 1, кум салынган үкөк - 1, шиш күрөк - 1, жалпак күрөк - 1, асбест же кийиз полотно - 1, лом - 2 (жеңил жана оор), багр - 2, балта - 2, чака - 2, суу толтурулган челек - 200 литрлик.
Кышкысын өрт өчүргүчтөр жана суу куюлган челек жылуу жерде сакталууга тийиш.
105. Кум толтурулган үкөктөрдүн көлөмү 0,5 м3 болууга тийиш. Үкөктүн конструкциясы кумду сузуп алуу үчүн ыңгайлуу жана жаан-чачын түшпөгүдөй болушу керек.
Жарылуу, өрт коркунучу боюнча Ан, Бн жана Вн категорияларындагы имарат-жайлар жана тышкы технологиялык орнотмолор үчүн ар бир 500 м2 корголо турган аянтка 0,5 м3 кум камдалат, ал эми жарылуу, өрт коркунучу боюнча Гн жана Дн категорияларындагы имарат-жайлар жана тышкы технологиялык орнотмолор үчүн - корголуучу аянттын ар бир 1000 м2ге 0,5 м3ден кем эмес кум даярдалат.
Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
106. Өрттүн очогун жок кылуу үчүн полотнонун туурасы 1,5 метр, узуну 2 метрден кем болбошу керек.
Полотно суу өтпөй турган жабык кутучага сакталып, өрт чыккан учурда дароо колдонууга мүмкүндүк берет.
107. Имаратка орнотулган өрт такталары мүмкүн болушунча имараттан чыккан эшикке жакыныраак, көрүнүктүү жана ыңгайлуу жерге жайгаштырылууга тийиш.
Ишканалардын аймагы 0,5 га аянтка 1 такта эсеби менен өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз кылынат.
108. Коргоо объектисиндеги өрт өчүргүчтөр дүрмөттөлүп, оң абалда жана колдонууга даяр болууга тийиш.
109. Өрт өчүргүчтөрдү жайгаштыруу, тейлөө жана колдонуу тартиби аны даярдаган заводдун инструкциясына, ошондой эле төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
1) өрт өчүргүчтөр полдон тартып өрт өчүргүчтүн түбүнө чейин 1,5 метрден ашпаган бийиктикте жана эшикти ачкан учурда анын четинен 1,2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш;
2) өрт өчүргүчтөрдү жайгаштыруу үчүн тумбанын же шкафтын конструкциясы жана тышкы жасалгасы анын ичинде сакталып турган өрт өчүргүчтөрдүн түрүн көз менен аныктоого боло тургандай жасалышы керек;
3) өрт өчүргүч анын корпусундагы инструктаждык жазуу көрүнүп тургандай орнотулушу керек.
110. Өрт өчүргүчтөрдү дайыма даяр жана коопсуз колдонуу максатында төмөнкү иштер жасалышы зарыл:
1) көбүктүү өрт өчүргүчтөрдү жылына бир жолудан кем эмес кайра заряддоо. Бир эле учурда алар гидравликалык басым менен текшерилет;
2) көмүр кислоталуу өрт өчүргүчтөр таразага тартуу аркылуу 3 айда бир жолу текшерилет. Ичиндеги зат азайып кеткени билинсе, аларды кайра заряддоо керек;
3) аэрозолдук өрт өчүргүчтөр жылына бир жолу гидравликалык басым менен текшерилет, ал эми өрт өчүргүчтүн дүрмөтү 3 айда бир жолу таразага тартуу аркылуу контролдонот;
4) күкүм менен иштөөчү өрт өчүргүчтөрдүн күкүмүнүн сапаты жылына бир жолу текшерилет, өрт өчүргүчтүн корпусунун бекемдиги жана материалдын жыштыгы гидравликалык басым менен сыналат.
111. Ишканадан кайра дүрмөттөөгө жөнөтүлгөн өрт өчүргүчтөр дүрмөттөлгөн өрт өчүргүчтөрдүн тийиштүү сандагысы менен алмаштырылат.
112. Эсептөөчү техника, телефон станциялары, музейлер, архивдер жайгашкан имараттарды коргоодо өрттү өчүрүүчү заттардын корголуп жаткан жабдуулар, буюмдар жана материалдар менен өз ара таасиринин өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Бул көрсөтүлгөн жайлар көмүр кислоталуу өрт өчүргүчтөр менен жабдылышы зарыл.
§ 9. Коргоо объектилеринде өрткө каршы сууну камсыз кылуу
113. Оңдоо иштерин жүргүзгөндө же өрт гидранттары же туткалары орнотулган суу түтүктөрүндө сууну токтоткондо, ошондой эле түтүктөрдөгү суу басымы талап кылынгандан азайтылганда бул туурасында өрт өчүрүү жагынан ыйгарымдуу мамлекеттик органга кабарлоо зарыл.
114. Ишкананын аймагында же ага жакын жерде табигый суу булактары (дарыялар, көлдөр, көлмөлөр) болгон учурда өрт өчүрүүчү автомобилдер кирип чыгууга жана жылдын каалаган мезгилинде суу сордурууга ыңгайлуу жолдор жана токтотмолор жасалууга тийиш.
115. Өрт өчүрүүчү резервуарлар, көлмөлөр, гидранттары жана сордургуч орнотмолору бар суу түтүктөрү дайыма техникалык байкоодо турушу, алардын оң абалда жана өрт чыккан учурда пайдаланууга дайыма даяр болушу зарыл.
116. Өрткө каршы суу булактары жайгашкан жерлерде "ПГ" (өрт гидранты) же "ПВ" (өрт суу сактагычы) тамга индекстери түшүрүлгөн жарык берилген же флуоресценттик көрсөткүчтөр коюлуп, аларга көрсөткүчтөн тартып суу алуучу жерге чейинки аралык сан менен жазылып коюлууга тийиш.
117. Өрт өчүрүүчү резервуарлардагы суунун запасын (аны өрт өчүрүү үчүн же машыгууларда пайдаланып койгондо) дароо толтуруп туруу зарыл.
Көбүк жасагычтарды жана анын аралашмасын кадимки болот резервуарларда сактоого уруксат берилет, бул максатта атайын каптам менен корголбогон темир бетон резервуарларын колдонууга уруксат берилбейт. Көбүк жасоочу резервуарларды имараттын ишине же талаптагыдай температура болгон шартта анын тышына орнотуу зарыл.
118. Жер астындагы өрт өчүрүүчү гидранттар бар кудуктардын люктарынын капкактары ылайдан, муздан, кардан, ал эми мамычасы суудан тазаланып турууга тийиш. Кышкысын өрт өчүрүүчү гидранттар тоңуп калбашы үчүн жылуу жерге коюлат.
119. Өрт өчүрүүчү гидранттар, колонкалар жана өрт туткалары ар бир алты айдан кечиктирилбестен техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп жана текшерилип турууга тийиш, анын натыйжасы атайын журналга жазылат же акты түзүлөт.
120. Суу толтурулган мунаралар жылдын баардык мезгилинде өрт техникасы менен суу алуу үчүн ыңгайлуу болушу керек.
121. Ички өрткө каршы суу түтүктөрүнүн туткалары жеңчелер жана өзөкчөлөр менен комплектилениши керек. Өрт жеңчелери кургак жана жакшы түрүлгөн (оролгон) болушу керек. Өрт жеңчеси клапанга (бурамага) жана өзөкчөлөргө туташтырылууга тийиш.
Жеңчелерди 6 айда бир жолудан кем эмес жандырып, кайра түрүп туруу зарыл.
122. Өрт туткасынын үкөгүнүн эшигине: "ПК" (өрт крандары) деген тамгалардан турган индекс, өрт туткасынын катар номери, жакынкы өрт өчүрүүчү бөлүктүн телефон номери жазылат.
§ 10. Коргоо объектилеринин өрт автоматикасы
123. Автоматтык орнотмолор аралыктан жана автоматтык түрдө иштебей калганда жеринен башкарылууга тийиш.
Ар түрдүү функционалдык дайындоосундагы коргоо объектилеринин өрт учурундагы кабарлоону жана эвакуацияны башкаруу системаларынын орнотмолору ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык аткарылышы керек.
124. Өз күчү менен орнотмолорду техникалык жактан тейлей албаган жана тейлөөчү адамдарды кармай албаган ишканалар адистешкен атайын уюмдар менен пландуу техникалык тейлөөгө келишим түзүүгө милдеттүү.
125. Техникалык тейлөө жана оңдоо иши жүргөн мезгилде, бул иштердин аткарылышы техниканы өчүрүү менен байланышса, коргоо объектисинин жетекчилиги анын өрт коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
126. Өрт өчүрүүнүн стационардык орнотмолорунда кабыл алуучу-контролдоочу аппаратураны тейлеген кезметтеги персоналга аппаратураны кароосуз калтырууга тыюу салынат.
127. Корголуучу имарат-жайларда иштеген адамдар үчүн орнотмо иштей баштагандыгы жөнүндө белги берилгенде алардын жасай турган аракети жана эвакуациянын тартиби жөнүндө инструкция иштелип чыгууга жана илинип коюлууга тийиш.
128. Сутка бою кезметте турган диспетчердик пункт жана адамдары бар башка имарат-жайлар телефон байланышы менен камсыз кылынууга тийиш.
129. Орнотмону пайдалануу үчүн жооптуу адам төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1) орнотмону техникалык тейлөөнү жана пландуу-алдын алып оңдоо иштерин өз учурунда жүргүзүү менен аны иштеген абалда кармоого;
2) тейлөөчү жана оперативдик персоналды окутууга, ошондой эле корголуучу жайларда иштеген жумушчулар менен кызматчыларга инструктаж өтүүгө;
3) зарыл болгон эксплуатациялык документтерди иштеп чыгууга;
4) орнотмолордун иштебей калган жана иштеп кеткен баардык учурлары жөнүндө бул орнотмолорду тейлей турган уюмга маалымат берүүгө.
130. Орнотмону пайдаланууга жооптуу адамдын коргоо объектисинде төмөнкү техникалык документтери ордунда болууга тийиш:
1) долбоордук документтер жана орнотмого аткаруу чиймелери;
2) орнотмону пайдаланууга кабыл алуу жана тапшыруу актысы;
3) жабдууларга жана приборлорго паспорттор;
4) монтаждалган жабдуулардын, тетиктердин, автоматташтыруу приборлорунун жана каражаттарынын ведомосту;
5) газ жана аэрозоль менен өрт өчүрүүчү орнотмолордун баллондорун дүрмөттөөгө паспорттор;
6) орнотмону пайдалануу боюнча инструкция;
7) орнотмону техникалык тейлөөнүн регламенттик жумуштарынын тизмеси;
8) техникалык тейлөөнүн план-графиги;
9) орнотмолорду техникалык тейлөө жана оңдоо катталган журнал;
10) оперативдүү (кезметтеги) персоналдын кезмет графиги;
11) оперативдүү персонал тарабынан кезметти тапшыруу жана кабыл алуу журналы;
12) орнотмонун бузугун каттоо журналы;
13) газ жана аэрозоль менен өрт өчүрүүчү орнотмолордун өрттү өчүрүүчү составы толтурулган баллондорду таразага тартуу журналы;
14) кызматтык инструкциялар.
1, 3, 4-кичи пункттары боюнча техникалык документтер монтаждоочу уюм тарабынан иштелип чыгат жана сунушталат, д кичи пункту боюнча - баллондорду дүрмөттөчү уюм, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-кичи пункттары боюнча - аталган ишти ишкананын администрациясы аткарат.
Мында "2" кичи пунктунда көрсөтүлгөн документтер өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү менен заказчынын милдеттүү түрдө катышуусунда подрядчы тарабынан жол-жоболоштурулат.
131. Тейлөөчү персонал орнотмолордун жасалышын жана иштөө принцибин, ушул эрежелердин, чыгарган заводдордун пайдалануу боюнча инструкцияларынын талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү.
132. Ток жүргөн бөлүктөрү ачык, изоляцияланбаган өндүрүштүк жабдуулар жайгашкан корголуучу жайларда орнотмо иштетилген учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрө турган жасалга болууга тийиш.
133. Чоң өрттү өчүрүүдө стационардык орнотмолорду пайдаланууда төмөнкү жасалгаларды оң абалда кармоо зарыл:
1) өзү жабылган эшик-терезелердин тетиктери;
2) кезметтеги персонал турган жайга тийиштүү белги берүүнү камсыз кылуучу автоматтык иштетүүнү өчүрүү үчүн жасалга;
3) үн жана жарык аркылуу өрттү кабарлагычтар.
134. Өрт өчүрүүчү автоматтык түзүлгөлөрдү пайдаланууда үн жана жарык аркылуу белги берүүчү приборлор коюлууга тийиш, алар бул жайларга өрт өчүрүүчү каражат чыгарылгандыгы тууралуу кабарлайт.
135. Ишканаларда өрт белгисин берүүчү кабыл алуу станциялары адамдар (кезметтеги персонал) дайыма сутка бою боло турган жайларга орнотулууга тийиш.
136. Күч жана жарык берүүчү тарамдар кесилишкен жерлерде, ошондой эле дубалдар, өткөөлдөр ж.б. аркылуу өткөргөндө өрт белгилерин билдирүүчү түзүлмөлөрдүн линиялык бөлүгүнүн трассалары резина же полихлорвинниль түтүкчөлөрү менен корголууга тийиш.
137. Кыш же бетон дубалдар аркылуу кабелдер жана зымдар металл же изоляциялык түтүктөрдүн ичи менен өтөт.
2-глава. Адамдардын дайыма жашоочу жана убактылуу туруучу коргоо объектилериндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Турак үйлөрдүн, мейманканалардын жана жатаканалардын өрт коопсуздугу
138. Турак үйлөрдүн квартираларында жана жатаканалардын бөлмөлөрүндө жарылуу, өрт коркунучун туудурган заттар жана материалдар колдонулган жана сакталган ар кандай устаканаларды жана кампаларды кармоого тыюу салынат.
Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
139. Газ түтүктөрүнүн газ баллондорунан жана приборлордон газ чыкканын текшерүү үчүн ачык отту колдонууга, тоңуп калган трубопроводдорду, инженердик коммуникацияларды жылытууга тыюу салынат. Тоңуп калган трубопроводдор, жабдуулар, инженердик коммуникациялар, газ баллондор, ысык суу, буу жана ысытылган кум менен жылытылат.
140. Квартираларда, турак жай бөлмөлөрүндө жана мейманканаларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) балкондордо жана лоджияларда, тепкичтер жайгашкан аянтчаларда, цоколдук аянттарда, подвалдарда, үйдүн чатырларында тез тутанган жана күйө турган суюктуктарды, газ баллондорун сактоого;
2) төшөнчүдө тамеки чегүүгө;
3) тамекинин түбүн балкондон же лоджиядан ыргытууга;
4) даярдалып жаткан тамакты плитага кароосуз калтырууга;
5) имаратта адамдар жүргөн учурда түнкүсүн тепкичтер жайгашкан жердеги жарыкты өчүрүүгө жана алардын эшигине кулпу салууга жана кыйынчылык менен ачыла турган илгичтерди салууга;
6) конок бөлмө менен ашкана бөлмөсү кошулган учурда газ түзүлүштөрүн (мештер, казандар, суу жылыткычтары) орнотууга.
141. Уюмдун жетекчиси мейманканага, мотелге, жатаканага жана убактылуу жашоого ыңгайлаштырылган башка имарат-жайларга келген жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелери менен тааныштырууну (кол койдуруп) камсыз кылат.
Мындай объектилерде чет өлкөлүк жарандар болгон учурда өрт жөнүндө кабарлоо жана адамдарды эвакуациялоону башкаруу системаларындагы билдирүүлөр, ошондой эле өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө эскерткичтер орус жана англис тилдеринде аткарылат.
142. Мейманкана комплекстеринин ресторандарында жана барларында жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү жайларда кооздук үчүн жана жасалгалоо максатында синтетикалык күйүүчү материалдарды колдонууга тыюу салынат.
143. Номердин же бөлмөнүн планына эвакуациялык эшиктерди жана ага баруучу жолдорду, өрт өчүрүүчү жана белги берүүчү каражаттар жайгашкан жерлерди көрсөтүү менен өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоонун жекече пландары мейманкалардын, мотелдердин, кемпингдердин жана жатаканалардын каалгаларынын ички бетине илинип коюлат.
Жекече пландардын үлгүсү - ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде келтирилген.
§ 2. Багбанчылык шериктештиктериндеги жана дача-курулуш кооперативдериндеги өрт коопсуздугу
144. Дача кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагына кире бериш жерлерге курулуп жаткан жана убактылуу имараттар жана курулмалар, аларга кирүүчү жолдор, өрт өчүрүүчү өткөөлдөр, өрт өчүрө турган суу булактары, өрт өчүрүүчү каражаттар кабарлоо жана байланыш каражаттары, өрт өчүрүү техникасы жайгашкан жерлер көрсөтүлгөн схемалар илинип коюлат.
Схема атмосферанын таасирине туруктуу материалдардан жасалат.
145. Дача-курулуш кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагында төмөнкү иштерди аткаруу зарыл:
1) өрт чыккан учурда элге кабар берүү үчүн үн чыгара турган атайын шаймандарды (сирена, коңгуроо, рельстин сыныгы ага урула турган темир таякчасы менен) орнотууга жана өрт өчүрүү максатында суу запасын түзүүгө;
2) жайкысын ар бир турак жай имаратынын жанына 200 литрден кем эмес суу толтурулган челектерди же өрт өчүргүчтү коюуга;
3) күйүүчү таштандыларды бир жерге чогултууга тыюу салынат. Керектелбей турган таштандыларды жана калдыктарды жыйноо үчүн дача кооперативдеринин жана багбанчылык шериктештиктеринин аймагында атайын жабдылган жерлерге капкагы жабыла турган металл сыйымдуулуктар орнотулат. Ал ар имараттардан жана курулмалардан 25 метрден кем эмес аралыкта бетондолгон же асфальтталган аянтчаларга коюлат.
146. Дача кооперативдери жана багбанчылык шериктештиктери сыйымдуулугу 25 м3дан кем болбогон өрт өчүрүүчү көлмөлөр менен жабдылат.
147. Өрт өчүрүүгө ылайыкташкан суу алынуучу жерлерге өрт өчүрүүчү авариялык-куткаруучу автомобилдерди жана мотопомпаларды коюу үчүн аянтчалар (пирстер) жабдылат.
148. Дача кооперативинин, багбанчылык шериктештигинин аймагында өрт өчүрүүчү такталар орнотулат, мында ар бир 20 участокко бирден такта коюлат.
149. Суу толтурулган мунараларда, ошондой эле жайкысын колдонулуучу суу түтүктөрүнүн системаларында (диаметри 100 миллиметр жана андан ашык) ар бир 120 метр жерге өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү техниканын суу ала турган жайлары ыңгайлаштырылат. Бул жайлар оң абалда болууга тийиш.
150. Дача кооперативинин, багбанчылык шериктештигинин күзөтчүсү турган жайга илинип коюлган табличкада өрттү өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакын жердеги эки бөлүмчөсүнүн жайгашкан так дареги жана телефондору көрсөтүлөт.
151. Дача, багбанчылык үйлөрү узакка жабылган учурда электр өчүрүлөт, газ баллондордун бурамалары (клапандары) бекем жабылат.
152. Турак жай курулуштары чатырга жете турган шатылар менен, ал эми чатырчалары анын чокусуна жете турган шатылар менен жабдылат.
153. Жайкысын аба ырайы кургакчыл, аптаптуу болуп жана шамал уруп турган шартта дача посёлкаларында жана багбанчылык участкаларында от жагууга, өрт опурталы бар иштерди жүргүзүүгө, мешке, ашкана очокторуна жана катуу отун менен иштөөчү буу казан орнотмолоруна от жагууга тыюу салынат.
154. Дачалардын жана багбанчылык үйлөрдүн аймагында тамак бышыруу үчүн көмүр жагылган атайын шаймандарды (мангал, барбекю, гриль) колдонгондо төмөнкү шарттардын сакталышы зарыл:
1) мангал (барбекю, гриль) турган жерди өрт өчүрүүчү заттын массасы 2 кг дан кем эмес же суу толтурулган, сыйымдуулугу 10 литрден кем болбогон бир өрт өчүргүч менен жабдуу;
2) көмүр жагылган атайын шаймандын (мангал, барбекю, гриль жана ошол сыяктуулар) четинен имараттарга жана курулмаларга чейинки минималдуу аралык (планда) 10 метрден кем болбоого тийиш.
155. Көмүр жагылган атайын шайманды (мангал, барбекю, гриль) төмөнкүлөргө жайгаштырууга тыюу салынат:
1) кургак чеп-чар бар жерге;
2) дарактардын түбүнө;
3) күйүүчү материалдардан жасалган бастырмалардын астына;
4) турак жай имараттарына, ошондой эле балкондорго жана лоджияларга;
5) чарба курулуштарына, гараждарга, үйлөрдүн чатырларына, түз жабылган чатырдын үстүнө.
156. Күйүп жаткан көмүрдү кароосуз калтырууга тыюу салынат. Тамак бышкандан кийин күйүп жаткан көмүргө суу сээп, толук өчүрүү керек.
157. Сыйымдуулугу 10 литрден ашкан газ баллондору үйдүн тышкы бетине металл шкафтын ичинде сакталат. Металл шкафтын корпусу желдеп турууга тийиш.
§ 3. Майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда жана табигый кырсык болгон кезде тигилүүчү боз үйлөрдүн жана чатыр шаарчаларынын өрт коопсуздугу
158. Баардык боз үйлөргө, чатырларга жана башка убактылуу курулмаларга (мындан ары - боз үйлөргө), өрт өчүрө турган сууга, ошондой эле өрт өчүрүүчү шаймандар менен жабдууларга (өрт өчүргүчтөр, өрт такталар) баруучу жол бөгөтсүз болууга тийиш.
159. Күйүп кете турган декорациялар жана жыгачтан убактылуу жасалган курулмалар күйбөй турган курам менен иштетилүүгө тийиш.
160. Фейерверктер, салюттар өтө турган жер пиротехникалык заттардын учкуну күйүп кете турган декорацияга, курулмаларга, боз үйлөргө жетпей турган аралыкта болушу керек.
161. Боз үйлөрдү тиккен учурда өрткө каршы ачыктарды калтыруу зарыл: топ боз үйлөрдүн башка имараттар жана курулмалардан аралыгы 15 метрден кем болбоого тийиш (топ боз үйлөрдүн саны - 10дон ашпайт); бир топтогу өзүнчө тигилген боз үйлөрдүн ортосундагы аралык 5 метрден кем болбоого, боз үйлөрдүн кварталдарынын ортосундагы (квартал - 100дөн ашпаган боз үй) аралык 30 метрден кем болбошу керек.
162. Боз үйлөргө жана убактылуу курулмаларга киргизилген электр жарыгы күйүп кетүүчү конструкциялар менен күйүүчү материалдардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек. Электр шамдары жабык же корголгондой (айнек плафондор менен) болушу же жарык чачыраткычтары күйбөй турган материалдардан жасалышы керек.
163. Боз үйдөн боз үйгө электр линиясын тартууда электр зымдары жерден 3,5 метрден кем эмес бийиктикте болушу жана салаңдап турбашы керек.
164. Боз үйлөрдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарык берүү үчүн тез от алган жана күйүүчү суюктуктар куюлган приборлорду жана керосин лампаларын колдонууга;
2) тамак даярдоо үчүн суюк же катуу отун жагылуучу мештерди коюуга жана пайдаланууга (катуу отун менен тамак даярдоо үчүн мешти боз үйдүн сыртына 3 метрден кем эмес жерге жайгаштырууга уруксат берилет. Мында мештин оозу жабылып тургандай болушу керек).
165. Чатырлар шаарчалары чагылгандан коргой турган каражаттар, өрттү кабарлаган байланыш каражаттары менен жабдылышы керек.
166. Чатырлар шаарчасынан 200 метрден алыс эмес радиуста сыйымдуулугу 100 м3дан кем болбогон өрт өчүрүүчү сыйымдуулукту жабдуу же табигый суу булагына бара турган жолду камсыздоо зарыл.
167. Чатырларды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жер токой жагынан жазылыгы 3 метрден кем эмес ачык тилке менен бөлүнүп, кургак чөптөн, куураган бутактардан тазаланууга тийиш, тышынан электр жарыгы берилип жана шаарчанын (лагердин) жайгашуусу көрсөтүлгөн белгилер коюлушу керек.
168. Чатырлар шаарчасы баштапкы өрт өчүрүү каражаттарынын топтому коюлган өрт өчүрүүчү такталар жана 200 литрден кем эмес суу сыйган идиштер менен камсыз болуусу кажет, мында 1 такта чатырлардын ар бир 2 тобуна эсептелет.
169. Чатырдын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салынат, бул үчүн урналар жана чакан өрттү өчүрө турган каражаттары бар атайын жай аныкталат.
170. Чатырлардын ичине жылытуучу приборлорду коюуга, электр киргизүүгө, ачык от жагууга тыюу салынат. Чатырларды жарык кылуу үчүн көтөрүп жүрмө электр фонарларын колдонуу керек.
171. Иш-чараларды өткөрүү үчүн от жагуучу аянт чатырлардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат жана баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылат.
172. Балдардын лагерлеринде чатырларды 40тан ашпаган баланы жайгаштыруу үчүн топ-топ кылып тигүү, топтордун ортосундагы аралыкты 15 метрден кем кылбоо керек. Бир чатырга 10дон ашпаган баланы жайгаштырууга уруксат берилет. Түнкүсүн чатырлардын ар бир тобунда тарбиячы болушу керек.
3-глава. Илимий жана билим берүү уюмдарынын, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүчү балдар мекемелеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
173. Лабораторияларда сменалык керектөөдөн ашпаган өлчөмдө тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды сактоого уруксат берилет. Суюктуктар имарат-жайларга жабык, коопсуз идиштер менен жеткирилет.
174. Эгерде соруучу шкафта аткарыла турган операцияларга тиешеси жок заттар, материалдар жана жабдуулар болсо, ошондой эле ал бузулса жана желдетүү системасы иштебесе, мындай шкафта иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
175. Тез от алуучу заттар менен иш жүргүзүлүп жаткан сормо шкафтардын жыгач бөлүктөрү оттон коргоочу лак менен сырдалат же күйбөй турган материалдар менен капталат.
176. Жумуш күнү бүткөндөн кийин иштетилген тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар атайын жабык идишке жыйналат жана андан ары бир ишке жаратуу үчүн лабораториядан алынып кетет.
Тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды канализацияга төгүүгө тыюу салынат.
177. Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган идиштер тажрыйба жүргүзүлгөндөн кийин өрт коопсуздугун чыгарбаган эритмелер менен жуулат.
178. Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин терезелерине жана балдар түнкүсүн боло турган имараттарга металл торлорду орнотууга тыюу салынат.
179. Окуу-өндүрүштүк устаканаларды өрткө каршы каптамы бар жана түздөн-түз тышка чыга турган эки эшиги бар жер төлөлөргө жайгаштырууга уруксат берилет.
180. Жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки мекемелерде асма шып каптамдарын жасоого, ошондой эле дубалдарды күйгөн учурда уулуу заттарды бөлүп чыгара турган материалдар менен каптоого тыюу салынат.
Курулуш материалдарын күйүүчүлүгү жана күйгөн мезгилде уулуулугу боюнча классификациялоо "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
181. Тейлөөчү персоналдын жашашына жана окуу жайларда турак жай үчүн ыңгайлаштырууга имараттын калган бөлүгүнөн өрткө каршы тосмолор, дубалдар же бөгөттөр менен бөлүнгөн жана өзүнүн тышка чыга турган эшиги бар жайларда гана уруксат берилет.
182. Тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды, пиротехникалык заттарды балдар окуй турган жана мектепке чейинки имараттарда сактоого тыюу салынат.
183. Көп кабаттуу имараттардын биринчи кабаттарындагы окуу жана балдар мекемелерине кенже балдарды жайгаштыруу зарыл.
184. Класстарга, кабинеттерге, устаканаларга, уктоо бөлмөлөрүнө, ашканаларга жана калган бөлмөлөргө эмерек коюуда адамдарды тоскоолсуз эвакуациялоо жана өрт өчүрүүчү каражаттарга жол ачуу камсыз кылынат.
185. Балдар мекемелеринде керебеттердин ортосундагы аралык 0,8 метрден кем эмес, борбордук негизги өткөөлдүн жазылыгы 1,2 метрден кем эмес болушу керек. Тумбочкалар, отургучтар жана керебеттер кирип чыккан жолду тоспоого тийиш.
186. Окуу класстарына жана кабинеттерге окуу процесстерин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон гана эмерек, приборлор, моделдер, керектүү буюмдар, окуу куралдары жайгаштырылат. Алар шкафтарда, текчелерде же туруктуу орнотулган жайларда сакталат.
187. Үйдүн чатырын таза кармап жана кулпулоо керек. Анын ачкычы сутканын каалаган учурунда алуу үчүн ыңгайлуу болгон белгилүү бир жерде сакталууга тийиш.
188. Окуу жайларында көрүнүктүү жерге өрткө каршы бурч уюштуруу зарыл. Бурчта мектептин персоналын жана окуучуларды өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө маалымат менен камсыз кылган плакаттар, окуу жайдын өрт өчүрүүчү дружинасынын тизмеси, өрт учурунда дружинанын мүчөлөрүнүн милдеттери илинип коюлат.
189. Балдар сутка бою тарбияланган мектептердин имараттарында жана мектепке чейинки балдар мекемелеринде телефон байланышы менен камсыз кылынган жумушчу персоналдын сутка бою кезмети белгиленет.
4-глава. Шайлоо участкаларынын объектилеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
190. Ар бир шайлоо участкасында иш башталарына 10 күн калгандан кечиктирилбестен шайлоо участогу жайгашкан коргоо объектинин (имарат-жай) жетекчисинин буйругу менен тийиштүү өрткө каршы режим белгиленет, ушул Эрежелердин жоболорун аткаруу камсыз кылынат, анын ичинде:
1) ички жана тышкы өрткө каршы суу түтүктөрүнүн туура иштеши (милдеттүү түрдө сууну агызуу менен), жарык берүүчү жана ток берүүчү тармак, түтүнгө каршы желдетүүчү каражаттар, өрт чыкканын автоматтык түрдө кабарлоо жана өрт өчүрүүчү системалар текшерилет, ошондой эле акты түзүү менен зарыл текшерүүлөр жүргүзүлөт. Баардык кемчиликтер шайлоо участогунун иши башталганга чейин четтетилет. Байкалган кемчиликтерди четтетүүнүн натыйжалары боюнча же кемчиликтин жок экендиги жөнүндө акты түзүлүп, шайлоо участогунун иштөөгө даяр экендиги жазылат (актылар шайлоо участогунун иши бүткөнгө чейин коргоо объектинде өрт коопсуздугунун камсыз кылынышы үчүн жооптуу адамда сакталат);
2) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын, өрт автоматикасын, байланыш жана кабарлоо каражаттарын колдонууга туруктуу даярдык жана бул каражаттардын туура иштеши камсыз кылынат;
3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөө үчүн тартылган персонал менен өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы аракеттер жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы инструктаж өткөрөт;
4) өрт чыккан учурда адамдарды кабаттар боюнча эвакуациялоо пландарын (схемаларын) жана адамдарды, бюллетендерди жана мүлктү эвакуациялоону камсыз кылуу боюнча тейлөөчү персоналдын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракетин аныктаган нускамалар иштелип чыгат жана көрүнүктүү жерге илинип коюлат. Өрт жөнүндө адамдарга кабар берүүнүн тартиби аныкталат, ошондой эле иш-чаралар башталганга чейин эвакуациялоо планын жана кабар берүү системасын иштеп чыгуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт;
5) тамак-аш даярдоочу жер белгиленет жана жылытуучу приборлорду пайдалануунун тартиби аныкталат;
6) тамеки тартуучу жер аныкталат жана жабдылат;
7) имарат-жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартиби белгиленет.
Шайлоо участкаларынын өрт коопсуздугу боюнча камсыз болушуна Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарга ылайык, коргоо объектинин (имараттын, бөлмөнүн) жетекчиси жооп берет.
191. Шайлоо участкалары өрткө туруктуулук даражасы I-II болгон имараттардын экинчи кабатынан жогору эмес жайгаштырылат. Цоколдук кабатта жана шайлоо участкасынын имаратынын үстүндө шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана тейлөөчү персоналдары үчүн жумушчу кабинеттер, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү жайгаштырылат.
Өрткө туруктуулук даражасы боюнча имараттарды классификациялоо "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана тийиштүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
192. Айыл жеринде өрткө туруктуулук даражасы III-V болгон имараттарга бир гана шайлоо участкасын жайгаштырууга уруксат берилет. Мында шайлоо участкасы биринчи кабатка жайгаштырылып, ал эми убактылуу соода жүргүзүү жана буфеттер, имараттын чегинен тышкары жакта уюштурулат.
193. Шайлоо участкасы телефон байланышы менен камсыз кылынат. Ар бир телефон аппаратына жакын жердеги өрт өчүрүү бөлүгүнүн телефон номери жазылган табличка коюлат (илинет).
194. Добуш берүү үчүн арналган столдорду, кабиналарды, урналарды жана жабдууларды жайгаштыруу адамдарды жана материалдык баалуулуктарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууну эске алуу менен имараттын периметри боюнча аткарылат.
195. Шайлоо участкалары иштеп жаткан мезгилде авариялык-калыбына келтирүү иштерин кошпогондо, ачык отту пайдалануу менен (от жагуу, таштандыларды, калдыктарды, бошогон идиштерди өрттөө жана электр-газ ширетүү жумуштарын жүргүзүү) байланышкан курулуш, оңдоо жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Аталган иштер тейлөөчү персоналдын туруктуу контролдоосу менен аткарылат.
196. Шайлоочуларды каттай турган, бюллетендерди бере турган жер, добуш берүүчү кабиналар, убактылуу соода түйүндөрү (буфеттер, лотоктор жана башка ушул сыяктуу жайлар) экиден кем эмес эвакуациялык бөлөк-бөлөк эшиктери болгон жайларга жайгаштырылат. Жайгаштырылган жабдуулар эвакуация жолдорунун жазылыгын азайтпаган жана өрт учурунда адамдарды эвакуациялоого тоскоол болбогон шартта имараттын вестибюлдарына ачык гардеробдорду коюуга жана убактылуу соода-сатыкты уюштурууга уруксат берилет.
197. Шайлоочулардын кыймылы кесилишкен жана беттешкен агымдарга жол бербегендей кылып уюштурулат. Адамдардын агымынын багыты көрсөткүч менен белгиленет.
198. Шайлоочуларды каттаган, бюллетень берген, добуш берген жайлардын эвакуациялык эшиктеринин көрсөткүчтөрү оң абалда болууга жана шайлоо участкасы иштеп жатканда пайдаланылууга тийиш. Эгерде "Чыгуу" деген көрсөткүчтөргө жарык киргизүү долбоордо каралбаса, мындай жайлар эвакуациянын багытын көрсөткөн көрсөткүчтөр менен камсыз кылынат.
199. Шайлоо участкаларын пайдаланууда эвакуация жолдорун, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарына баруучу жолдорду, электр энергиясын өчүрүүчү түзүлүштөрдүн жолун тосууга, ошондой эле добуш берүү менен байланышкан иш-чаралар өтүп жаткан учурда эвакуациялык кошумча эшиктерди жаап салууга тыюу салынат.
200. Электр энергиясы өчүрүлгөн учурда шайлоо участкасынын имараты авариялык жарык менен жабдылат.
5-глава. Маданий-агартуу мекемелеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Оюн-зоок жана маданий агартуу мекемелерине өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
201. Музейлерде жана сүрөт галереяларында экспонаттарды жана башка баалуу буюмдарды, ал эми цирктер менен зоопарктарда айбанаттарды эвакуациялоо планы иштелип чыгат.
202. Көрүүчүлөр залдарында жана трибуналарда бардык креслолор менен отургучтар бири-бирине бир катарга бириктирилет жана полго бекем бекитилет. Ложадан өз алдынча чыгып кете турган жер болгон учурда 12ден көп эмес адамды батырган ложаларда креслолорду (отургучтарды) бекитпей коюуга уруксат берилет.
200дөн ашпаган орду бар бий кечелери өткөрүлө турган көрүүчүлөр залдарында отургучтары бири-бирине милдеттүү түрдө бириктирилип, бирок полго бекитилбейт.
203. Сахна коробкасынын жыгач конструкциялары (колосниктер, сахнанын беттеми, асма көпүрөлөр, жумушчу галереялар) курулуш учурунда антипирендер менен абдан сиңдирилип иштетилет.
Аталган конструкциялар, ошондой эле күйүп кете турган декорациялар, сахнадагы жана көргөзмөдөгү жасалгалар, көрүүчүлөр жана экспозициялык залдардын, фойелердин, буфеттердин драптары мезгил-мезгили менен өрттөн коргой турган атайын курам менен иштетилип турат. Уюмдардын жетекчилери иштетүүнүн датасын, анын жарактуулук мөөнөтүн жана иштетүүнүн сапатын текшерүү актысын көрсөтүү менен бул ишти аткарган уюмдун тийиштүү актысын алууга тийиш.
204. Театр-оюн-зоок мекемелеринин сахна жасалгасынын чегинде бир эле учурда эки спектаклден ашпаган декорациялардын жана сахна жабдууларынын болушуна уруксат берилет. Сахнадагы декорациялар сакталган жер белгиленет. Декорацияларды, бутафорияларды, жыгач станокторду, откосторду, шаймандарды жана башка мүлктү трюмаларда, тепкичтердин марштарынын астындагы жана аянтчаларындагы колосниктерде жана жумушчу аянтчаларда (галереяларда), ошондой эле көрүүчүлөр залдарынын жер төлөлөрүндө сактоого тыюу салынат.
205. Коюлуучу оюндарды жасалгалоодо сахнанын планшетинин айланасы жазылыгы 1 метрден кем эмес эркин айлампа жол менен камсыз кылынат.
Спектакль бүткөндөн кийин баардык декорациялар жана бутафория чечилет жана сахнадан атайын кампаларга (сактоочу жайларга, сарайларга, сейфтерге) жыйналып кетет.
206. Сахнада тамеки чегүүгө, ачык от жагууга (факелдер, шамдар, канделябрлар), догоо түрүндөгү прожекторлорду, фейерверктерди жана от чыгарган башка жасалгаларды колдонууга тыюу салынат.
207. Бийиктиги көтөрүп турган конструкциянын төмөнкү алкагына чейин 12 метр жана андан ашык болгон спорт залдарында чоң өлчөмдөгү декоративдик жасалганы (залдын төбөсүнө чейин) пайдаланууда мындай жасалганы коргоо боюнча кошумча иш-чаралар (убактылуу суу пардаларын, тез чечиле турган бекиткичтерди монтаждоо) каралат.
208. Көрүүчүлөр үчүн убактылуу орундуктарды (жылдырма, чечилме, курама-жыйнама), ошондой эле жабык жана ачык спорттук курулмалардын трибуналарындагы отургучтарды күйгөн учурда өтө коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарган синтетикалык материалдардан жасоого тыюу салынат. Убактылуу орундардын астына кандайдыр бир күйүүчү материалдарды жана жабдууларды сактоого, ошондой эле техниканы коюуга тыюу салынат. Ар бир мелдеш башталар алдында убактылуу трибуналардын астындагы боштук күйүп кете турган таштандыдан жана кургаган чөптөн тазаланат.
209. Спорттук-көркөм өнөр майрамдарын өткөрүүдө, эл аралык мелдештерди же эл аралык иш-чараларды, ошондой эле маданий-оюн-зоок иш-чараларын ачууда жана жабууда трибуналарга фонду жайгаштыруу үчүн арналган эвакуациялык люктарга коюлуучу убактылуу отургучтар чыгарылгандай жасалат. Аларды тез чыгаруу үчүн шаймандар каралган жана бул ишти аткаруу үчүн тийиштүү сандагы адамдар бөлүнөт.
210. Спорт залдарында көрүүчүлөр үчүн отургучтарды жайгаштыруу туруктуу жана убактылуу трибуналардан көрүүчүлөрдүн карама-каршы же кесилишкен агымы болбогудай уюштурулат.
211. Үстү жабык спорттук курулмаларда көрүүчүлөрдүн отурушу үчүн убактылуу конструкцияларды бекитүү, ошондой эле помостторду, эстрадаларды, рингдерди бекитүү үчүн шаймандар оң абалда болушу керек. Бекиткичтери бузулган конструкцияларды орнотууга тыюу салынат.
212. Спорттук курулмаларда теле көрсөтүүнүн камералары коюлуучу жер трибуналардын катарларынын ортосундагы өткөөлдөргө жайгаштырылбоого жана өрт чыкканда адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
213. Көрүүчүлөр үчүн трибуналары бар спорт залдарында жасалма муз тоңдурулганда музду тазалай турган машинаны убактылуу коё турган (мелдеш, машыгуу, репетиция өткөрүү, оюн көрсөтүү мезгилинде) жер каралууга тийиш. Машиналар эвакуация жолдорунун эсептелген жазылыгы тарыбагандай кылып коюлат. Мелдеш, оюн көрсөтүү, машыгуу, репетиция бүтөөрү менен аларды атайын бөлүнгөн жайга алып кетишет. Муз тазалай турган машинага убактылуу турган жеринде май куюуга тыюу салынат.
214. Спорт шаймандарын, залдардын курама-чогултма конструкцияларын, залдарга салына турган каптамаларды жана башка материалдарды стеллажсыз сактоодо алар аянты 100 м2тан ашпаган штабелге жайгаштырылат. Штабелдин бийиктиги 2,5 метрден ашпайт жана көтөрүп турган конструкциянын төбөсүнөн 0,5 метрден төмөн болбошу керек. Штабелдердин ортосундагы жана штабелдер менен дубалдын ортосундагы өткөөлдүн жазылыгы 0,8 метрден кем болбоого тийиш. Кампалардын жана трибуналардын астындагы жайлардын эшиктеринин каршысындагы өткөөлдөрдүн жазылыгы эшиктердин жазылыгынан кем болбогондой жасалат. Өткөөлдөрдүн жана буюм-тайым коюлган жердин жазылыгы полго түшүрүлүүчү жакшы көрүнүп турган чектеген сызыктар менен белгиленет.
Стеллаждарга материалдарды жана спорт шаймандарын сактоодо алар стеллаждардын өлчөмүнөн чыгып калбагандай коюлат.
215. Курал-жарак тазалай турган жайларда май болгон чүпүрөктөрдү чогултуу үчүн металл үкөк каралат. Тирдин иши же ок атып машыгуу аяктагандан кийин бул үкөк тазаланат, ал эми ичиндегилер жалпы таштанды сакталган жерге чыгарылат.
216. Кызматкерлердин атайын кийими өзүнчө бөлүнгөн жана бул максат үчүн жабдылган жайларда сакталат. Ар бир мындай жай үчүн коргоо объектинин администрациясы май болгон атайын кийимди таза кийимге алмаштыруунун так тартибин белгилейт.
217. Спорт залдарында күйүүчү материалдарды, ошондой эле күйүүчү материалдардан турган конструкцияларды металл жана жыгачтан тургузулган тирөөч конструкцияларды бекиткен түйүндөрдүн астына сактоого тыюу салынат.
Салыштырма жылуулук бөлүп чыгаруусу жогору болгон жана күйгөн учурда өтө коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарган синтетикалык материалдарды колдонуу менен даярдалган спорттук шаймандарды сактоо үчүн пайдаланылуучу жайлар башка имарат жайлардан өрткө каршы бөгөттөр жана тосмолор менен бөлүнөт.
Спорт залдарында машыгуулардын жана мелдештердин ортосундагы мезгилде, ошондой эле алар бүткөндөн кийин синтетикалык материалдардан жумшак толтурулуп жасалган жерге түшүү үчүн чуңкурлар щиттер же брезент менен жабылат.
Залдардын чегинде штабелге жыйылган поролон маттар брезент менен жабылат.
218. Лазердик түзүлүштөрдү оюн коюу же иллюминациялык жарык берүү үчүн колдонууда лазерлердин генерациялык блоктору күйүүчү конструкциялардын жана декорациялардын үстүнкү бетинен бир метрден жакын эмес аралыкта күйбөй турган материалдардан жасалган негиздерге коюлат. Аталган иштер үчүн өрт коопсуздугу менен мүнөздөлгөн лазердик түзүлүштөр колдонулат.
219. Софиттерди жана рампттарды орнотууда күйбөй турган гана материалдар колдонулат. Софиттердин корпустары аларды кармап турган тростордон обочо болот. Прожекторлор менен софиттер күйбөй турган материалдардан жасалган декорациялар менен конструкциялардан 0,5 метрден кем эмес аралыкта орнотулат. Линза прожекторунан тартып күйүүчү декорацияларга чейинки аралык 2 метрден кем болбоого тийиш.
220. Пиротехникалык заттарды жана өрт чыгарышы мүмкүн болгон ачык от булактарын пайдалануу менен байланышкан атайын от жагуу зарыл болгон учурда фейерверк өткөрүп жаткан уюмдун жетекчиси өрттүн алдын алуу боюнча төмөнкүдөй чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат:
1) пиротехникалык заттарды жайгаштыруу схемасы, пайдаланылуучу буюмдардын мүнөздөмөсү;
2) фейерверктик, пиротехникалык заттарды сактай турган жана монтаждай турган пункттарды имараттарга жана курулмаларга чейинки аралыкты көрсөтүү менен ошол жерге байлоо схемасы жана кооптуу зонанын чегин көрсөтүү менен фейерверк өткөрүлө турган жерди чектеп тосуу схемасы;
3) фейерверктерди өткөрүүдө өрт коопсуздугунун чараларынын сакталышы үчүн жооптуу адамды дайындоо жөнүндө буйрук;
4) өрт өчүрүү каражаттарын жайгаштыруу схемасы;
5) өрттүн алдын алуу боюнча иш-чаралардын планы.
221. Пиротехникалык заттар аттырылганы жаткан аянттарда тамеки чегүүгө жана от жагууга, пиротехникалык каражаттарды контролсуз калтырууга тыюу салынат.
222. Фейерверктер орнотулган жерди аны өткөрүп жаткан уюм кайтарат.
223. Мындай аянт алгачкы өрт өчүрүү каражаттары (өрт өчүргүчтөр, суу же кум толтурулган идиштер) менен камсыз кылынат.
224. Фейерверк бүткөндөн кийин аянт иштетилбей калган заттарды жана пиротехникалык дүрмөттөрдүн элементтерин табуу жана жыйноо максатында кылдаттык менен каралып чыгат.
§ 2. Массалык иш-чараларды өткөрүүдөгү өрт коопсуздугу
225. Иш-чаралардын (кечелердин, жыйындардын, спектаклдердин, концерттердин, киносеанстардын, жаңы жылдык балатылардын) башталар алдында коргоо объектилеринин жетекчилери же бул иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу адамдар баардык имарат-жайлардын өрткө каршы режимин, эвакуациялык жолдор жана эшиктер ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келишин кылдаттык менен текшерип чыгууга, ошондой эле өрт өчүрүү, байланыш жана өрт автоматикасынын каражаттары ордунда жана оң болушуна ынанууга тийиш.
226. Эл көп чогулган иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө экиден кем эмес эвакуациялык эшиктери жана күйүүчү тосмолору бар имараттардын 2-кабатынан бийик эмес жайгашкан имараттар гана пайдаланылат.
227. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иш-чараларды терезелери тордолгон бөлмөлөрдө өткөрүүгө;
2) догоо түрүндөгү прожекторлорду, шамдарды жана тарсылдактарды колдонууга, фейерверктерди жана башка өрт чыгуу коркунучун туудурган жарык бергичтерди колдонууга;
3) от алып кетүүчү, башка жарылуу, өрт коркунучун келтирген иштерди жүргүзүүгө;
4) имараттын ичин караңгылатуу үчүн терезе тоскучтарды пайдаланууга;
5) отургучтардын катарларынын ортосундагы өткөөлдөрдүн жазылыгын азайтууга жана өткөөлдөргө кошумча креслолорду, отургучтарды коюуга;
6) иш-чара өтүп жаткан учурда жарыкты толук өчүрүүгө;
7) имарат-жайга элди долбоордук документтерде белгиленгенден ашык толтурууга;
8) колго жасалган электр гирлянддарын, жарык музыка түзүлүштөрүн, электромузыка аппаратурасын, балатыны айландыруучу түзүлүштөрдү колдонууга жана балаты гирлянддарынын өчүп-күйүүсүнө.
228. Ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди пайдаланууга жана учурууга тыюу салынат.
229. Пиротехникалык заттарды пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) салюттарды имараттарга жана курулмаларга 50 метрден жакын аралыкта, бак-дарактардын түбүндө жана бастырмалардын астында аттырууга;
2) аларды шамалдуу аба-ырайында колдонууга.
230. Жаңы жыл майрамдарын өткөрүүдө балаты имарат-жайдан чыгууга тоскоолдук кылбагандай эсеп менен бекем орнотулууга тийиш.
Балатынын бутактары дубалдан жана шыптан бир метрден кем эмес аралыкта болушу керек.
231. Балатыга жарык берүүдө (зымдардын ысып кетиши, лампочкалардын тез-тез күйүп кетиши, учкундун чыгышы ж.б.) кичине эле бузугу байкалганда иллюминация дароо өчүрүлүүгө жана алардын бузугу табылып жана оңдолгондон кийин гана иштетилүүгө тийиш.
6-глава. Медициналык уюмдардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Медициналык уюмдарга өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
232. Медициналык уюмдун жетекчиси стационардык дарылануудагы оорулуулардын саны жөнүндө маалыматты күн сайын өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирип турат.
233. Айыл жеринде жайгашкан медициналык уюмдар бир имаратка бир шаты эсебинде жөлөөчү шатылар менен жабдылат.
234. Өз алдынча басып жүрө албаган адамдарды туруктуу дарылаган ооруканалардын жана башка мекемелердин имараты 5 оорулууга (майыпка) бир замбил эсебинде замбилдер менен камсыз кылынат.
235. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кроваттарды коридорлорго, холлдорго жана башка эвакуация жолдоруна коюуга;
2) баллондордун кислородун оорулуулар жаткан палаталарга берүү үчүн резина жана пластмасса шлангдарын колдонууга;
3) бузук электр жабдууларын дарылоодо пайдаланууга;
4) оорулуулардын палаталарында жана оорулуулар жаткан башка жайларда үтүктөрдү, электр плиткаларын жана башка электр менен жылыган приборлорду пайдаланууга.
236. Суу кайнаткычтарды, суу жылыткычтарды жана титандарды орнотуу, медициналык аспаптарды стерилдөө, ошондой эле парафинди жана озокеритти жылытуу бул максаттар үчүн атайын ыңгайлаштырылган жайларда жүргүзүлөт. Аспаптарды жана прокладкаларды кайнатуу үчүн спиралдары жабык стерилизаторлор колдонулат. Бул максатта керогаздарды, керосин плиталарды жана примустарын колдонууга тыюу салынат.
237. Лабораторияларда, бөлүмдөрдө, врачтардын кабинеттеринде медикаменттер жана реактивдер (тез тутана турган жана күйүүчү суюктуктар - спирт, эфир) алардын бири-бирине туура келишин эске алуу менен 3 килограммдан ашпаган санда жабыла турган атайын металл шкафтарда сакталат.
238. Кислород менен күйүүчү газ баллондорун чогуу сактоого, ошондой эле бул баллондорду материалдык жана дарыкана кампаларында сактоого тыюу салынат. Кислород жана күйүүчү газ толтурулган баллондор атайын жайларда же бастырманын астында сакталат жана жылуулук булактарынан (жылытуучу приборлор, күндүн нуру) жана май заттарынын түшүшүнөн корголот.
§ 2. Физиотерапевттик кабинеттердин, анестезиология, реанимация жана ыкчам терапия бөлүмдөрүнүн, операция бөлүмдөрүнүн өрт коопсуздугу
239. Баардык дарылоочу электр аппараттары бузук болбоого тийиш, ишенимдүү жердештирүү, заводдун электр схемасы жана техникалык паспорту менен камсыз кылынат. Изоляциясы бузулган, аппаратурага кошулган жерлери жана кыскычтары бузулган электр зымдарын пайдаланууга тыюу салынат.
240. Электр жана жарык менен дарылаган кабинеттерде колдонулуучу аба өткөргөн катмарлары бар стерилизаторлор заводдо даярдалат жана күйбөгөн материалдардын үстүнкү бетине орнотулат.
241. Парафин жана озокерит атайын бөлүнгөн сормо шкафы бар жайда заводдон даярдалган жылыткычтарда же суу менен жылытылат. Жылыткыч коюлган стол ысыкка чыдамдуу материал менен жабылат. Парафинди же озокеритти ачык жалынга жылытууга тыюу салынат.
242. Имараттын жергиликтүү желдетүү системасынан аппараттар менен түзүлүштөрдөн бөлүндүлөрдү чыгаруучу жер үйдүн чатырынын жогорку чекитинен 2 метрден кем эмес бийиктикте болууга тийиш.
243. Операция жасалуучу жерде баңги каражаттар менен дары-дармектердин тутанып кетишине жол бербөө үчүн аларды иштен кийин бууланткычтан жылчыксыз жабылуучу идишке куюу зарыл. Мындай суюктуктарды канализацияга куюуга, ошондой эле наркоз учурунда бузук же учкун чыгарган электр жабдууларын колдонууга тыюу салынат.
244. Операциялык стол, наркоздук аппарат жана бүткүл электр-медициналык аппаратура жердештирилген өткөргүчтөрү бар коргоочу шина менен бириктирилет.
§ 3. Медициналык уюмдардын лабораторияларынын өрт коопсуздугу
245. Лабораторияларга кире берүүчү жерге жарылуу жана өрт коопсуздугу боюнча алардын категорияларынын көрсөткүчтөрү илинет.
246. Өндүрүштүк муктаждыктар үчүн тез от алуучу суюктуктар түтүк менен берилет же аларды ташуу үчүн атайын жабык сынбай турган идиш пайдаланылат. Түтүк түздөн-түз берилүүчү заттар пайдаланыла турган жерге имараттын сырты менен өткөрүлөт.
247. Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар сменада керектелүүчү өлчөмдөн ашпаган өлчөмдө, калың айнек же сынбай турган оозу бек жабылып, металл ящикке салынган идиште иш бөлмөлөрүндө сакталат, андай ящиктин ичи күйбөй турган материал менен ичтелип, капкагы болот. Мындай суюктуктарды полиэтилен идиште сактоого тыюу салынат.
248. Лабораторияларда заттар менен материалдар ассортименти боюнча гана сакталат. Химиялык өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында өрт же жарылуу чыгып кете турган заттарды бирге сактоого тыюу салынат.
249. Лабораториялык эмеректер менен жабдуулар адамдарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбагандай жайгаштырылат.
250. Өрт-жарылуу коркунучу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө үчүн арналган столдордун, стеллаждардын, соруучу шкафтардын үстүнкү бети жана капталдары күйбөй турган материалдар менен жабылат.
251. Уулуу же жарылуу коркунучу бар аралашмаларды колдонгон лабораториядагы баардык иштер күйбөй турган материалдардан жасалган жел сормо шкафтардын ичинде гана жүргүзүлөт, аларды дайыма оң абалда кармоо керек. Айнектери талкаланган же желдеткичтери бузук жел сормо шкафтарды пайдаланууга тыюу салынат.
Иш убагында жел сормо шкафтардын тарткычтары, эшиктери жана тоскучтары мүмкүн болушунча жабык болууга тийиш (кичинеден соруп туруу үчүн төмөн жагында анча чоң эмес жылчык калтырылат).
Сормо шкафта аткарылуучу операцияга тиешеси жок материалдар менен жабдуулар сакталып турса, анда иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Сормо шкафтар өзүнүн желдеткич каналдары бар желдетүү системасы менен жабдылат.
252. Кислота, щелоч жана башка химиялык активдүү заттар куюлган айнек идиштерди ташууда күйбөй турган материал менен ичтелген атайын металл же жыгач ящиктер колдонулат. Күкүрт жана азот кислоталарын сактоо үчүн жыгач ящиктерди, корзиналарды жана таарындыларды пайдаланууга тыюу салынат.
253. Суюк кислородду тез от алуучу заттар, майлар менен бир жерге сактоого болбойт.
254. Кыстырылган, суюлтулган жана эритилген күйүүчү газ толтурулган баллондор лабораториянын имаратынын сыртында металл үкөктөрдө сакталат. Алар желдеп турсун үчүн жылчыктар же торчолор жасалат.
Бул газдарды, ошондой эле кислородду лабораториялык бөлмөлөргө берүү борборлоштурулуп жасалат.
255. Лабораториянын баардык бөлмөлөрүн сордуруп-желдетүү иш башталарына 5 мүнөт калганга чейин жасалат жана иш бүткөндөн кийин өчүрүлөт.
256. Лабораторияларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тез тутанган жана күйүп кетүүчү суюктуктарды, ошондой эле күйүүчү материалдарды жылытуучу приборлорго, газ плитасына, башка от чыккан булактарга 1 метрден жакын жайгаштырууга;
2) иштетилген тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды канализацияга агызууга;
3) полду жана жабдууларды тез от алган жана күйүүчү суюктуктар менен жууп-тазалоого;
4) газ плитасы жана электр жылытуучу приборлор иштеп жатканда капыстан төгүлгөн суюктукту тазалоого;
5) өрт чыгаруу коркунучу бар белгисиз заттарды жана дары-дармекти иш ордуна жана иш бөлмөлөрүнө сактоого;
6) иш ордун, күйүп жаткан газ плитасын жана жылытуучу приборлорду кароосуз калтырууга;
7) тез от алган жана күйүүчү суюктук куюлган идиштерди ачык отко, ошондой эле тиричиликтеги электр жылытуучу приборлорго жылытууга.
257. Иш күнү аяктагандан кийин лабораториянын бөлмөлөрү үчүн жооптуу кызматкер приборлорду жана аппараттарды, газ жана суу крандарын текшерет, жалпы электр өчүргүчтү жана желдеткичти өчүрөт, ошондой эле күйүүчү жана тез от алуучу суюктуктардын, заттардын, реактивдердин калдыктарын, иштетилген суюктуктарды, калдыктарды, таштандыларды жана аарчылган май чүпөрөктөрдү лабораториядан алып кетет.
§ 4. Дарыканалардын жана дарыкана кампаларынын өрт коопсуздугу
258. Башка багыттагы имараттарга жайгашкан дарыканаларда тез от алган жана күйүүчү суюктуктардын жалпы өлчөмү 100 килограммдан ашпоого тийиш.
259. Өзүнчө турган дарыканаларда экиден ашпаган кислород баллондору сакталат, алар атайын оюктарга тикесинен коюлат жана байлагычтар менен бек бекитилет.
260. Дарыкана кампаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) продуктуларды транзиттик электр кабелдери өткөн бөлмөлөрдө, ошондой эле газ коммуникациялары жана май куюлган аппаратуралар бар бөлмөлөрдө сактоого;
2) продукцияны иретсиз сактоого жана аларды радиаторлорго жана үй жылыткан түтүктөргө жакын коюуга;
3) суу менен реакция жүрүп кете турган щелочтуу металлдар жана башка заттар сакталган кампа жайларга суу же ным кийимчен жана бут кийимчен кирүүгө.
261. Бастырманын астында нымдуу абадан же суудан бузулбаган, ысыбаган жана от алып кетпеген химиялык заттар гана сакталат.
262. Дарыкана кампаларындагы материалдык байлык ассортиментине ылайык сакталат, мында тез от алган суюктуктарды калган материалдар менен чогуу сактоого тыюу салынат.
263. Пластмасса буюмдары бөлмө температурасында желдетилүүчү, караңгы, кургак жайда жылытуу системасынан 1 метрден кем эмес аралыкта сакталат.
264. Дарыкана кампаларында өрт чыкканда же бир нерсе күйгөндө тийиштүү бөлүмчөлөрдүн жетекчилери уулуу жана жарылуу коркунучу бар заттардын бар экендиги жана сакталган жери жөнүндө өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери келери менен кабарлайт.
265. Өрт чыгуу коркунучу бар жана тез тутана турган суюктуктар толтурулган баллондорду кармаган туткасы бекем атайын ыңгайлаштырылган ящиктер же корзиналар менен эки киши ташыйт жүргүзүлөт. Чоң бөтөлкөлөр салынган корзиналар же ящиктер (салмагы 20 килограммдан ашкан), ошондой эле катуу идишке салынган заттар жүргөнү жумшак атайын тележка менен гана ташылат.
266. Өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар дары каражаттарын сактоочу жай күйбөй турган жана бекем орнотулган стеллаждар жана поддондор менен камсыз кылынат.
267. Тез тутанган жана күйүүчү суюктуктар эшигинин жазылыгы 0,7 метрден жана бийиктиги 1,2 метрден кем эмес орнотулган күйбөс шкафтарда сакталат.
268. 100 килограммдан ашык өлчөмдөгү тез тутануучу суюктук башка топтогу өрт чыгуу коркунучу бар заттар сакталган жайдан обочо жайгашкан, өзүнчө турган имаратта айнек же металл идиште сакталат.
269. Медициналык уюмдардын өндүрүштүк жайларындагы тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктар ысытуучу приборлордон жана эшиктерден обочо жерде атайын металл үкөктө 3 килограммдан ашпаган өлчөмдө сакталат.
270. Өрт чыгуу жана жарылуу коркунучу бар заттар сакталган жайдын тышына, ошондой эле эшиктеринин ич жагына "Өрт коркунучу бар", "Жарылуу коркунучу бар", "Тамеки чегүүгө тыюу салынат", "Өрт чыкканда 101 же 112 телефондоруна чалгыла" деген жазуулар көрүнүктүү жерлерге илинет.
271. Өрт жана жарылуу коркунучу бар заттар сакталган ар бир имараттын кире беришине "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу (жооптуу адамдын аты-жөнү)" деген тактача илинет. Жооптуу адам артып калган өрт жана жарылуу коркунучу бар заттарды жыйноо жана жумуш күндүн аягында башка чараларды жүргүзүү максатында имарат-жайды күн сайын карап чыгат.
272. Тез от алуучу суюктуктар сакталуучу контейнерлер суюктуктун буусу чыгып кетпеси үчүн капкагы тыгыз жабылуучу айнектен же металлдан жасалат. Тез от алуучу жана күйүүчү заттарды башка материалдардан жасалган контейнерлерде жана ачык контейнерлерде сактоого тыюу салынат.
273. Тез от алган же күйүүчү суюк дары каражаттарын төмөнкүдөй сактоого тыюу салынат:
1) толук толтурулган контейнерде. Толуу даражасы жалпы көлөмүнүн 90%нан ашпоо керек. Көп өлчөмдөгү спирт металл идиштерде сакталат, ал көлөмдүн 95%дан ашпаганын толтурат;
2) минералдык кислоталар (күкүрт, азот жана башка кислоталар менен) менен, кысылган жана суюлтулган газдар, тез күйгөн заттар, ошондой эле органикалык эмес туздар менен, органикалык заттар менен жарылуу коркунучу бар аралашмаларды (калий хлорады, калий перманганаты) жарылуу коркунучун пайда кылуучу.
7-глава. Соода ишканаларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Соода ишканаларына өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
274. Күйүүчү материалдарды, калдыктарды, таңгактарды жана контейнерлерди соода залдарында жана эвакуация жолдорунда убактылуу сактоого тыюу салынат. Аларды күн сайын топтолгонуна жараша жок кылып турушат. Ысык идишти имараттардын терезелерине өтө жакын коюуга тыюу салынат.
275. Күйүүчү же күйбөгөн товарларды терезе оюктары же түтүн чыгаруучу шахтасы жок жайларда күйүүчү таңгакта сактоого болбойт.
276. Ширеңке, одеколон, атыр, аэрозоль таңгактары жана өрт чыгаруу коркунучу бар башка товарлар атайын ыңгайлаштырылган жайда башка товарлардан белок сакталат.
Ок-дарылар жана пиротехникалык заттар өрткө каршы тосмолор менен бөгөлгөн жайларга орнотулган металл шкафтарда сакталат. Аталган шкафтарды жер төлөгө жайгаштырууга тыюу салынат.
277. Соода ишканаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) сатып алуучулар соода залдарында жүргөн учурда от жагууга;
2) эвакуация жолдоруна жана тепкичтер жайгашкан аянтчаларга саат оңдогон, гравердук пункттарды жана башка устаканаларды, ошондой эле дарыкана, гезит, китеп саткан жана башка күркөлөрдү жайгаштырууга;
3) аба шарларын толтуруу жана башка максаттар үчүн күйүүчү газ толтурулган баллондорду соода залдарына коюуга;
4) тепкич аянтчаларына, тамбурларга жана башка эвакуация жолдоруна соода, оюн аппараттарын жайгаштырууга жана товарларды сатууга;
5) тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды, күйүүчү газдарды (газ баллондорду, сырларды, лактарды, эриткичтерди, тиричилик химиясынын товарларын), аэрозоль кутучаларды, ок-дарыларды жана пиротехникалык заттарды башка багыттагы имараттарга жайгаштырган учурларда аларды сатууга.
278. Соода объектилери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш.
279. Адамдар көп келген жерде соода-сатык, жарнама акцияларын жана иш-чараларды жүргүзүүдө жетекчилер алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүшөт (келүүчүлөрдү чектейт, кошумча кезметчилерди коёт).
280. Базарларды ачык аянттарга же имараттарга (курулмаларга) жайгаштырууда өрт коопсуздугунун төмөнкүдөй чаралары аткарылат:
1) ачык базарлардын соода-сатык катарларынын үстүндөгү бастырмалар күйбөгөн материалдардан жасалат;
2) жабык базарларда тепкичтердин астындагы аянттарга, холлдорго жана коридорлорго соода уюштурууга тыюу салынат;
3) бастырманын жыгачтарын өрттөн коргоочу курам менен иштетилген жыгачтан жасоого уруксат берилет;
4) соода катарларынын ортосундагы ачык өткөөлдөрдү кездеме, кагаз, плёнка менен жабууга тыюу салынат.
281. Имараттарга жана курулмаларга орнотулуучу күркөлөр жана ларектор күйбөгөн материалдардан жасалат. Күйүүчү суюктуктарды, дезодоранттарды, кысылган газдарды сатуучу павильондор менен күркөлөр ушундай товарды саткан күркөлөрдүн тобунда же өзүнчө турган, күйбөй турган I, II жана III даражадагы отко туруктуу материалдан жасалат.
282. Жумуш убактысында товар жүктөө жана идиштерин түшүрүү сатып алуучуларды эвакуациялоочу эшиктер менен байланышпаган жолдор боюнча аткарылат.
283. Ар биринин сыйымдуулугу 1 литрден ашкан айнек идишке куюлган тиричилик химиясынын товарларын, лактарды, сырларды жана башка тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды, ошондой эле өрт коркунучу бар товарларды "Өрт коркунучу бар", "Отко жакын чачпа" деген эскерткич жазуулары бар этикеткасыз сатууга тыюу салынат.
Өрт чыгаруу коркунучу бар товарларды идиштерге бөлүштүрүү бул максат үчүн атайын ыңгайлашкан жайларда жүргүзүлөт.
§ 2. Соода павильондорунун жана күркөлөрдүн өрт коопсуздугу
284. Бөлүнгөн аймакта күркөлөрдү, ошондой эле аянты 20 м2ге чейинки бир кабаттуу павильондорду жайгаштыруу топ-тобу менен жүргүзүлөт. Бир топко өрткө туруктуулук даражасына карабастан 10дон ашпаган курулма жайгаштырылат. Топтордун ортосундагы жана алардан башка курулмаларга чейинки аралык 15 метрден кем болбоого тийиш.
Өрткө каршы аралыктар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле эрежелеринин топтомдору менен аныкталат.
285. Күйүүчү таштандыларды чогулткан жер күркөлөр менен павильондордон 15 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылат.
286. Таңгактоочу материалдарды жана шаймандарды сактоочу жайдын аянты 5 м2ден ашпоого тийиш.
287. Аянты 20 м2ге жетпеген бир кабаттуу павильондордун жана соода күркөлөрүнүн имараттарынын отко туруктуулук даражасы регламенттелбейт.
288. Калктуу конуштарга орнотулган күркөлөрдү жылытууда электр (май куюлган радиаторлорду, заводдо даярдалган жылытуучу панелдерди колдонуу менен), буу же суу колдонулат.
289. Калктуу конуштардан обочо жайгашкан күркөлөргө мешке от жагууга уруксат берилет.
290. Ысып кете турган лампалар салынган электр чырактарында коргоочу калпакчалар, ал эми люминесценттик лампаларда стартерсиз электр чырактары колдонулат.
291. Павильондун же күркөнүн жана курулмалар тобунун электр тармагын өчүрүүдө өчүрүүчү түзүлүш күйбөй турган негизге орнотулат.
8-глава. Коомдук тамактануу ишканаларынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коомдук тамактануу ишканаларына өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
292. Ресторандардын, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдарга келүүчүлөрдүн ашыкча толуп кетишине жол бербөөгө тийиш.
293. Коомдук тамактануу жайларындагы килемдер жана килем жолчолор полго бекем бекитилиши керек.
Полго салган буюмдар (килемдер, паластар) калориясы аз тутандыргыч булактардын (күйгүзгөн ширеңке, өчүрүлбөгөн тамеки ж.б.) кыска мөөнөттүү таасиринен күйүп кетпөөгө тийиш.
294. Чоң ресторандарда элди тейлеп жаткан кезметчиде дем алуу органдарын жекече коргоочу каражаттардын комплекси жана электр фонарлары болушу керек.
295. Коомдук тамактануу жайларында суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды жана дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат. Ошондой эле үйдүн шыбын күйгөн учурда уулуу газ чыгаруучу пластик материалдардан жана тез эрий турган керме пленкалардан жасоого тыюу салынат.
296. Тамак ичүүчү залдардагы столдордун жайгашуусу өрт чыккан учурда келүүчүлөрдү эркин эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
Ресторандарда, кафелерде, ашканаларда адамдарды эвакуациялоочу жолго алып келген негизги өткөөл бош калтырылышы керек. Анын жазылыгы 1,5 метрден кем эмести түзүп, андан айрым отуруучу жерлерге жол жабылбашы керек.
297. Коомдук тамактануу ишканаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) электр жана газ плиталарын, кактоочу, ысытуучу-кондитердик шкафтарды жана башка ысытуучу приборлорду иштеген бойдон кароосуз калтырууга;
2) газ түтүктөрү менен приборлордун газ чыккан жерин текшерүү үчүн ширеңкени же башка ачык оттун түрлөрүн колдонууга;
3) имараттын ичинде суюлтулган күйүүчү газ толтурулган же бош баллондорду сактоого жана пайдаланууга;
4) эвакуация жолдоруна гардеробдорду жана буфеттерди коюуга;
5) тамак ичүүчү залдардын дубалдарын жана терезелерин күйүүчү жана күйгөндө ууктуруучу синтетикалык материалдар менен жасалгалоого.
298. Башка багыттагы имараттарда (өзүнчө турган имарат кирбейт) жайгашкан коомдук тамактануу ишканаларында суюлтулган газ баллондорун пайдаланууга таптакыр тыюу салынат.
299. Газ баллондору имараттан тыш жердеги курулмаларда (шкафтарда же баллондордун үстүңкү бөлүгүн же редукторду жаап турган каптоочтордун астында) дубалдын коңулунда күйбөгөн материалдардан тосмолонуп жайгаштырылууга тийиш.
300. Газ баллондор сакталган курулуш жана шкафтар кулпу менен бекитилүүгө тийиш. Ал жерде жалюзилер же желдетүүчү коңулдар, ошондой эле "Өрт коркунучу бар газ" жана "Тамеки чекпе" деген эскерткич жазуулар болот.
301. Газды ташуу үчүн резина-кездеме жеңче (шланг) узуну 3 метрден ашпаган бир кесиндиден болууга жана бурулган жерлерде өтө ийилүүгө тийиш.
302. Коомдук тамактануу объектилери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен (өрт өчүргүчтөр) камсыз кылынышы керек.
303. Көп кабаттуу турак жай имаратынын биринчи кабатында жайгашкан коомдук тамактануу ишканаларында, жаратылыш газы менен иштеген газ жабдууларын орнотууга төмөнкү шарттарды сактаганга гана уруксат берилет:
1) отуруу орундарынын саны 50дөн кем эмес жана жалпы аянты 250 м2ге чейин болуусу;
2) газ жабдууларынын (жылытуудан тышкары тамак-аш жасоо, суу жылытуу) жалпы кубаты 10 м3/сааттан ашпоосу;
3) бөлмөдөгү жаратылыш газынын топтолуусу чегине жеткенде иштей турган метан жана углерод оксиди боюнча газдалуунун кабарлагычтарын кароо;
4) кабарлагычтардын импульсунан иштеген учурда газдын берүүсүн токтото турган тез иштөөчү электромагниттик клапан менен газдалуу кабарлагычтары бириктирилиши керек.
304. Жаратылыш газы менен иштеген газ жабдууларынын орнотулушу каралган бөлмөлөр атайын бөлүнүүгө жана төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) табигый жарыктандыруу;
2) дайыма иштеп турган, абаны улам алмаштырып туруучу үйлөмө-сормо желдетүү;
3) жарылуудан коргоочу электр жарыгы;
4) газ киргизилүүчү бөлмөнүн бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш;
5) өрт чыкканда, газ чыкканда, желдетүү системасы соро албай калганда, ошондой эле газдын зарыл болгон басымы бузулганда автоматтык түрдө газдын берүүсүн өчүрүү.
Газ плиталарын жана суу жылыткычтарын орнотууда бөлмөнүн ички көлөмү газ менен камсыз кылуу системаларын долбоорлоо жаатындагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык эсептелиши керек.
§ 2. Тамак-ашты (фаст-фуд, гриль) тез даярдоо объектилеринин өрт коопсуздугу
305. Тамак-ашты тез даярдоо объектилерин балдар, мектепке чейинки, мектеп, дарылоо мекемелеринин аймагына жана автомай куюучу станцияларда жайгаштырууга (өзүнчө турган) тыюу салынат.
306. Тамак-ашты тез даярдоо объектилерин таптакыр күйбөгөн же кыйынчылык менен күйгөн материалдан жасалган өзүнчө турган имараттарга жайгаштырууга уруксат берилет.
307. Тамак-ашты тез даярдоо объектилеринде газ баллондорун имараттын ичинде сактоого жана колдонууга тыюу салынат.
308. Күйүүчү газды колдонуу менен тамак-ашты тез даярдай турган жай газдын чыкканын таба турган атайын автоматтык түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
309. Тамак-ашты тез даярдай турган объектилерде суюлтулган газ баллондорун пайдалануу ушул Эрежелердин 299, 300, 301-пункттарына ылайык ишке ашырылат.
310. Тамак-ашты тез даярдай турган объектилер ушул Эрежелердин талаптарына ылайык алгачкы өрт өчүрүү каражаттары (өрт өчүргүч) менен камсыз кылынууга тийиш.
§ 3. Ачык от менен тамак-аш даярдалуучу ачык объектилердин (дандыр, мангал, жер астындагы жана жер бетиндеги мештер) өрт коопсуздугу
311. Коргоо объектинин аймагы дайыма таза кармалууга жана күйүүчү таштандылар менен кургак чөптөн тазаланып турууга тийиш.
312. Ачык мешти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эрежелердин жыйнактарына ылайык имараттардан жана курулмалардан 10 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
313. Көмүрдү жана жыгач отунду атайын бөлүнгөн жерге же өзүнчө жайга жайгаштыруу зарыл.
314. Мештин тышын күйүүчү жана кыйынчылык менен күйүүчү материалдар менен жасалгалоого тыюу салынат.
315. Коргоо объектисинин чатырын же бастырмасын күйбөгөн материалдардан жана металл конструкциялардан гана жасоо зарыл.
316. Коргоо объектилери күкүмдүү эки өрт өчүргүч, кийиз же асбест полотно жана 200 литрден кем эмес суу запасы менен камсыз кылынууга тийиш.
9-глава. Мончо-сауналардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
317. Саунада заводдо гана жасалган, мештин суткасына 8 сааттан ашык иштешине жол бербеген автоматтык система менен жабдылган мешти колдонуу зарыл.
318. Кургак ысык чыгаруучу камера жайгашкан жайдагы меш күйбөгөн материалдан жасалган негизге жайгаштырылат, мештен тартып кургак ысык чыгаруучу камеранын конструкциясынан үстүңкү бетинин күйүп кетүүчү (жыгач) каптамына чейинки аралык 1,25 метрден кем эмес болууга тийиш.
319. Кургак ысык чыгаруучу камеранын жогорку зонасында, ошондой эле камеранын конструкциясынын үстүнкү бетинин мешке жакын жыгач менен жасалгаланган четине температура 110 °Cге чейин жогорулап кеткенде мештин электр ысыткычтарынан электр энергиясын өчүрө турган түзүлүш (жылуулукту жөнгө салгыч) менен блокировкаланган температуранын датчиктери орнотулушу зарыл.
320. Таш-мешти, электр жылыткычтарын электр тармагына кошуу үчүн пайдалануучу электр зымдары, ошондой эле шам чырактар жана электро арматура жогорку температурадагы чөйрөдө пайдалануу шартына эсептелүүгө тийиш. Жылуулук берүүчү энергия жылыткычтарын электр тармагына кошуу кургак ысык чыгаруучу камеранын тышында жүргүзүлүүгө тийиш.
321. Кургак ысык чыгаруучу камеранын мешинин астындагы таза аба келүүчү каналды мезгили менен чаңдан жана башка нерселерден тазалап туруу зарыл.
322. Кургак ысык чыгаруучу камерадан аба сордургучту өзгөчөлөп жасоо жана түздөн-түз тышка чыгаруу зарыл.
323. Сауналарды салууда жана пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кургак ысык чыгаруучу камераны жасалгалоо үчүн ийне жалбырактуу дарактарды пайдаланууга, бул максатка бай теректи же кайыңды пайдалануу зарыл;
2) электр жылыткычын сайган бойдон кароосуз калтырууга;
3) мешти өчүрүлгөн же бузук жылуулукту жөнгө салгыч менен пайдаланууга;
4) колго жасалган жылуулук берүүчү энергия жылыткычтарын орнотууга;
5) саунанын ичинде электр менен жылытуучу тиричилик приборлорун атайын жабдылган жерден тышкары пайдаланууга.
324. Кургак ысык чыгаруучу камеранын жабдуулары бузулганда же күйүктүн белгилери болгондо аны пайдаланууну дароо токтотуу зарыл.
325. Бууландыруучу жайларда өрттү өчүрүү үчүн суу түтүгүнө туташтырылган чачыраткычы бар кургак түтүктөрдү орнотуу зарыл.
10-глава. Кампалык багыттагы объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Кампа объектилерине карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
326. Кампаларда буюм заттар менен материалдарды сактоо алардын өрт коркунучун чыгарган физикалык-химиялык касиеттерин (суу тийгенде, абага кошулганда кычкылданууга, өзүнчө ысып кетүүгө жана жалбырттоого жөндөмдүүлүгү), отту өчүрүүчү заттардын айкаштык жана бир тектүүлүк белгилерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Колдонулуучу өрт өчүрүүчү заттардын бир тектүүлүгүнө карабастан, кандайдыр бир башка материалдарды жана товарларды каучук же авторезина менен бир секцияда чогуу сактоого тыюу салынат.
327. Күйүүчү газ толтурулган баллондорду, тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган идиштерди, ошондой эле аэрозолдук кутуларды күндүн же башка жылуулуктун таасиринен коргоо зарыл.
328. Көп кабаттуу кампалардагы аэрозолдук кутуларды сактоого жайдагы кутулардын саны 150000 ден ашпаган учурда жогорку кабатта өрткө каршы жайда гана уруксат берилет.
Кампанын изоляцияланган жайында кампанын жалпы сыйымдуулугу 900000 кутудан ашпаганда 15000ден ашык куту сакталат. Кампалар чатырсыз имараттарда жайгаштырылууга тийиш, алардын сырты оңой бузулушу керек.
Жалпы кампаларда 5000ден ашпаган сандагы аэрозоль кутуларын сактоого уруксат берилет.
329. Ачык аянттарда же бастырмалардын алдыларында аэрозоль кутулары күйбөгөн контейнерлерде гана сакталууга тийиш.
330. Сактоонун стеллажсыз ыкмасы колдонулган кампа жайларда материалдар штабелдерге тизилет. Кампа жайлардын эшиктеринин каршысына туурасы 1 метрден кем эмес эркин өтүүчү жерлер камсыз кылынышы керек.
Кампаларда ар бир 6 метр сайын туурасы 0,8 метрден кем эмес узунунан кеткен өтүүчү жерлер салынат.
331. Кампа жайлардын ичиндеги жыгач конструкцияларды оттон коргоочу состав менен иштеп чыгуу зарыл.
332. Ал аркылуу транзиттик электр кабелдери, газ жана башка коммуникациялар өткөн жайларга кампаларды жайгаштырууга тыюу салынат.
333. Жарык бергичтерден сакталып жаткан товарларга чейинки аралык 0,5 метрден кем эмес жана күйүүчү курулуш конструкцияларынын үстүңкү бетине чейин 0,2 метрден кем болбошу керек.
334. Товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн арналган жайларда тамак-аш ичүү үчүн бөлмөлөрдү жана башка көмөкчү кызматтарды жасоого тыюу салынат.
335. Кампа жайларга товар жүгүртүүчүлөрдүн, эксперттердин, кладовщиктердин иш ордуларын тосуу үчүн ортотулган айнек тосмолор өрт чыккан учурда адамдарды же товардык-материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого тоскоолдук кылбоого тийиш.
336. Жүктөөчү-жүк түшүрүүчү жана транспорт каражаттарын кампа жайларга коюуга жана оңдоого тыюу салынат.
Рампага (платформага) түшүрүлгөн жүктөр жана материалдар иш күндүн акырында алынууга тийиш.
337. Кампалардын имараттарында идиштерди ачуу, бузугун текшерүү жана майда оңдоо жумуштары, продукцияны өлчөп ороо, өрт коркунучу бар суюктуктардын (нитросырларды, лактарды) жумушчу кошулмаларын даярдоо менен байланышкан баардык операцияларды сактоочу жерден изоляцияланган жайда жүргүзүү зарыл.
338. Автомобилдер, автожүктөгүчтөр жана автокрандар жана жүк көтөрүүчү техниканын башка түрлөрү бузугу жок учкун өчүргүчтөр болгон учурда 3 метрден аз аралыкта кесек тоют, булалуу материалдар сакталып турган скирдаларга, штабелдерге жана бастырмаларга кире алат.
339. Иш бүткөндөн кийин кампалардын электр жабдуулары токтон ажыратылат. Кампанын электр жабдууларын өчүрүүчү аппараттар кампанын тышында, күйбөгөн материалдардан жасалган дубалда же өзүнчө турган таянычта, шкафтын ичинде же пломбулап жана кулпу салууга ылайыкташтырылган көңдөйчөгө жайгаштырылышы керек.
340. Кампалардын жайларына кезметтик жарык киргизүүгө, ошондой эле газ плиталарын, электр жылытуучу приборлорду пайдаланууга жана штепселдик розеткаларды орнотууга тыюу салынат.
341. Материалдарды ачык аянтта сактоодо бир секциянын (штабелдин) аянты 300 м2ден ашык эмес, ал эми штабелдердин ортосундагы өрткө каршы тиликтер 6 метрден кем эмес болбоого тийиш.
342. Түтүн чыга турган терезеси жок подвал жана цоколь кабаттарындагы жайларда, ошондой эле бул кабаттар менен имараттардын жалпы тепкич аянттарында күйүүчү идишке күйүүчү материалдарды же күйбөгөн материалдарды сактоого тыюу салынат.
§ 2. Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар сакталган кампалардын өрт коопсуздугу
343. Резервуарларды жал кылып тосуунун көлөмү ушул жал кылып тосулган жердеги эң чоң резервуардын көлөмүнө бирдей болууга жана дайыма оң абалда кармалууга тийиш. Жал кылып тосулган жердин ичиндеги аянт тегизделет жана кум төгүлөт. Өрт өчүрүүнүн механизацияланган каражаттары үчүн жал аркылуу өтүүчү жерлерди жасоо ишкананын жетекчисинин уруксаты менен жүргүзүлөт. Мында жалдын бүтүндүгүн жана бийиктигин бузууга, ошондой эле резервуардык парктын чек арасы менен өтүүгө тыюу салынат.
344. Деңгээлди толтурууну контролдоо, автоматташтыруу жана өлчөө үчүн түзүлүштөрдүн линияларынан тышкары, резервуарларды жал кылып тосуунун ичине жана түздөн-түз резервуарларда электр жабдууларын орнотууга жана электр линияларын өткөрүүгө тыюу салынат.
345. Резервуардык парктагы өткөргүч түтүктөрдүн коммуникацияларында резервуар авария болгон учурда мунайды бир сыйымдуулуктан экинчисине сордуруп куюу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарыл.
346. Кыш мезгилинде резервуарлардын чатырындагы карды өз учурунда тазалоо, ошондой эле резервуардык парктын аймагындагы жолчорду жана өрт өчүргөн машиналар өтүүчү жолду кардан тазалоо зарыл.
347. Резервуардын чатырындагы төгүлгөн мунайды деңгээли өлчөнүп же сынамык алынгандан кийин дароо тазалоо, ал эми резервуардын чатырын кургагыча сүрүү керек. Чатырына сүргөн материалдарды жана кандайдыр бир материалдарды калтырууга тыюу салынат.
348. Жарылуу жана өрт коркунучу болгон жайларда жана резервуардык парктын аймагында углеводороддордун концентрациясын туруктуу контролдоо үчүн жарык жана үн белгилерин берген газоанализаторлорду орнотуу зарыл.
349. Резервуарлардагы мунайды жылытууга (белгиленген чегинде) жылыткычтардын үстүндөгү суюктуктун деңгээли 50 сантиметрден кем болбогон учурда уруксат берилет.
350. Резервуарлардагы илээшчек мунай тейлөөчү персоналдын туруктуу контролу астында буу менен гана жылытылат.
351. Мунай толтурулган резервуарларда жумуштар учкун чыгарбай турган аспапты пайдалануу менен гана аткарылат.
352. Корпусунун жиктеринде же негизги металлында же түбүндө жаракка пайда болсо, колдонулуудагы резервуар дароо бошотулат жана тазаланат.
Мунай толтурулган резервуардагы жаракаларды четтетүү боюнча от чыгаруу жана механикалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
353. Статикалык электр заряддары чыкпасы үчүн:
1) урунган учурда учкун чыгарбаган материалдан жасалган жана сынамык алгычтарга каңдалган ток өткөргүч тросчолору бар сынамык алгычтарды колдонуу;
2) статикалык электр заряддарын топтобогон кездемеден тигилген кийимди пайдалануу зарыл.
354. Жеңил тутанып кетүүчү мунай продуктуларын сордурууда же толтуруу учурунда сынамык алууга тыюу салынат.
355. Мунай продуктуларынын деңгээлин өлчөөнү жана сынамыгын алууну өлчөөчү түзүлүштөрдүн стационардык системалары менен жүргүзүү зарыл. Өзгөчө учурларда газ мейкиндиги 2,10 Па чейин ашыкча басым болгон резервуарларда деңгээлди өлчөөнү жана сынамык алууну өлчөөчү люк аркылуу кол менен жүргүзүүгө уруксат берилет.
356. Резервуардан деңгээлди өлчөө жана сынамык алуу үчүн кызмат кылган люктар жылчыксыз капкактар менен, ал эми өлчөөчү көзөнөк ич жагынан учкун чыгарбаган металлдан жасалган шакекчелер менен жабдылат.
357. Жылчыгы бар, ошондой эле крандары, өткөргүч түтүктөр бириккен жерлери, сальниктердин учу, жылдыргычтары, өрт өчүрүү жана муздатуу системалары бузулган, кооптуу резервуарларды пайдаланууга тыюу салынат.
358. Күкүрттүү мунай продуктылары сакталган резервуарлар үчүн пирофордук күкүрттүү темирди катмарлануудан тазалоо боюнча пландуу иштердин графиги иштелип чыгууга тийиш.
359. Колдонулуп жаткан резервуардык парктардын аймагандагы ачык отту (ширетүү, кесүү) колдонуу менен байланышкан курулуш жана монтаждоо иштери ишкананын башкы инженеринин жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана жүргүзүлөт.
360. Жалдын кылып тосулган жердин ичине жана жалга өткөргүч түтүктөрдү салуу жана оңдоо учурунда казылган траншеялар бул иштер бүткөндөн кийин дароо көмүлөт, ал эми жал калыбына келтирилет. Иште узак тыныгуу болгон учурда убактылуу жал жасалат.
361. Деңгээлди өлчөө жана сынамык алуу күндүз жүргүзүлүүгө тийиш. Түн ичинде сынамык алууда же деңгээлди өлчөөдө жарык кылуу үчүн жарылуу коркунучу жок аккумулятордук фонарларды гана колдонуу зарыл, аларды күйгүзүү жана өчүрүү "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен классификациясы аныкталган жарылуу коркунучу бар зонанын чегинен тышкары жерде гана ишке ашырылууга тийиш.
Жарылуу коркунучу бар зоналарда чөнтөк фонарларын колдонууга тыюу салынат.
362. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жылчыгы бар жабдууларды жана бекитүүчү арматураны колдонууга;
2) долбоордук документтерде белгиленген жалдын бийиктигин азайтууга;
3) кыйшыгы жана жаракасы бар резервуарларды, ошондой эле бузук жабдууларды, продукт өткөргүчтөрдү орнотуучу контролдоо-өлчөө приборлорун жана өрткө каршы стационардык түзүлүштөрдү пайдаланууга;
4) жал кылып тосулган жерге дарактарды, бадалчаларды, чөптүн уругун отургузууга;
5) сыйымдуулуктарды күйүүчү негизге орнотууга;
6) резервуарларды жана цистерналарды ашыра толтурууга;
7) чагылган учурунда мунайды жана мунай продуктыларын агызууга жана куюуга.
363. Аба өткөрүүчү клапандар жана от тоскучтар даярдаган заводдун техникалык документтеринин талаптарына ылайык текшерилет.
Аба өткөрүүчү арматураны кароодо клапандарды жана торлорду муздан тазалоо керек. Аларды жылытуу өрт коопсуздугун сактаган ыкмалар менен гана жүргүзүлөт.
364. Резервуардык парктын кампаларында өрт өчүрүүчү заттардын запасын кыйла чоң резервуардагы өрттү өчүрүү үчүн зарыл болгон санда камсыз кылуу керек.
365. Резервуардык паркта оңдоо иштери жүрүп жатканда резервуарлардын жал кылып тосулган жеринин ичиндеги аймакка тракторлор менен автомобилдер түтүн чыгуучу түтүктөгү учкунду өчүргүчтөр болгондо гана кирүүсү зарыл. Автотранспорттун колдонулуп жаткан же корголбогон резервуарга 20 метрден жакын жакындоосуна тыюу салынат.
366. Резервуардык парктын кызматкерлери пайдалануу процессинде, ошондой эле мүмкүн болгон аварияларда же өрт чыкканда зарыл болгон которууларды тез жана адашпастан жүргүзүү үчүн өткөргүч түтүктөрдүн жайгашуу схемасын жана бардык жылдыргычтардын арналышын билүүлөрү зарыл.
367. Эгерде оңдоо иштеринин алдында мунай өткөргүчтү мунайдан толук бошотуу мүмкүн болбосо, анда мунайдын агып кетишин болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл.
368. 60 м3ге чейинки сандагы күйгөндөгү температурасы 120 °Cден жогору болгон суюктуктарды идиште сактоо полу күйбөгөн материалдардан жасалган жана төгүлүп тапталган топурактын катмары 0,2 метрден кем болбогон шартта күйүүчү материалдардан жасалган жер астындагы сактоочу жайларда жүргүзүлөт.
369. Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды бир жайда идиште бирге сактоого алардын жалпы саны тез от алуучу суюктуктардыкы 200 м3ден ашпаган жана күйүүчү суюктуктардыкы 1000 м3ден ашпаган учурда уруксат берилет.
370. Сактоочу жайларда тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар бар челектерди кол менен коюуда алар полго эки катардан ашык эмес, күйүүчү суюктуктар бар челектерди механизациялык жол менен коюуда - 5 катардан ашык эмес, ал эми тез от алуучу суюктуктар - 3 катардан ашык эмес жайгаштырылышы керек.
Штабелдин туурасын 2 челектен ашырууга тыюу салынат. Челектерди ташуу үчүн негизги өтүүчү жерлердин туурасы 1,8 метрден кем эмес, ал эми штабелдердин ортосундагы аралык - 1 метрден кем эмес болууга тийиш.
371. Суюктуктар бүтүн идиште гана сакталат. Төгүлгөн суюктук дароо тазаланууга тийиш.
372. Идиштеги мунай продуктыларын сактоочу ачык аянттар топурак жасалган тосмо же аянтка өтүүчү пандустары бар 0,5 метрден кем эмес бийиктиктеги күйбөгөн туташ дубалча менен тосулушу керек.
373. Аянттын деңгээли жанаша аймактан 0,2 метрге жогору болууга жана агын сууларды буруп кетүүчү кювет менен курчалууга тийиш.
374. Бир жал кылып тосулган аянттын чегинде өлчөмү 25 х 15 метр жана бийиктиги 5,5 метр болгон, штабелдердин ортосундагы ачыктыктар 10 метрден кем эмес, ал эми штабель менен валдын (дубалчанын) ортосундагы ачыктык - 5 метрден кем болбогондой кылып челектердин 4төн ашпаган штабелдерин жайгаштырылууга тийиш.
Эки жанаша аянттын штабелдеринин ортосундагы ачыктык 20 метрден кем болбошу зарыл.
375. Аянтчалардын үстүнө күйбөгөн материалдан бастырма салууга уруксаат берилет.
376. Мунай продуктыларын куюштурууга, ошондой эле таңгактоочу материалды жана идишти түздөн-түз сактоочу жайларда жана жал кылып тосулган аянттар да сактоого тыюу салынат.
377. Күйүүчү газ баллондорду сактоо үчүн кампаларды үстү оңой ачылуучу бир кабат, чатырсыз имараттарга жайгаштыруу зарыл.
Газ баллондор сакталган жайлардын терезеси ак сыр менен сырдалышы же күндөн коргоочу күйбөгөн түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
Баллондор ачык аянттарда сакталганда аларды жаан-чачындан жана күндүн нурунан коргогон бастырмалар күйбөгөн материалдардан жасалышы керек.
378. Баллондор сакталган жердин айланасынан 10 метр аралыкта кандайдыр бир күйүүчү материалдарды сактоого жана от чыгарылуучу иштерди аткарууга тыюу салынат.
379. Баллондор коюлган шкафтар жана будкалар күйбөгөн материалдардан жасалууга жана аларда жарылуу коркунучу бар аралашмалардын пайда болушун болтурбоочу табигый шартта желдетилиши керек.
380. Күйүүчү газ толтурулган баллондор кислород, кыстырылган аба, хлор, фтор жана башка кычкылдандыргычтар толтурулган баллондордон, ошондой эле уулуу газ баллондорунан өзүнчө сакталууга тийиш.
381. Газды кыстырылган, суюлтулган жана эритилген абалда сактоону басымдын астында иштеген идиштерди жайгаштыруунун жана коопсуз пайдалануунун талаптарына шайкеш келген баллондордо ишке ашыруу зарыл. Баллондордун тышы ошол газ үчүн белгиленген түс менен сырдалууга тийиш.
382. Кислород бар баллондорду сактоодо жана ташууда майдын тамып кетишине жана баллондун арматурасына май материалдардын тийип кетишине жол берилбейт.
Кислород бар баллондорду кол менен жылдырууда анын капкакчасын кармоого тыюу салынат.
383. Тизген учурда баллондордун бири-бирине урунуусуна, калпакчаларынын жана баллондордун полго жыгылышына жол берилбейт.
384. 40тан ашык газ баллондору сакталган жайлар жарылуу коркунучунун концентрациясына жеткирбей турган бузугу жок газоанализаторлор менен жабдылышы зарыл. Газоанализаторлор болбогон учурда коргоо объектинин жетекчиси сынамык алуу жана контролдоо тартибин белгилейт.
385. Баллондордон газ чыккан учурда аларды кампадан коопсуз жерге чыгаруу керек.
386. Күйүүчү газ баллондор сакталган кампага таманына металл мык же така кагылган бут кийимчен адамдардын киришине жол берилбейт.
387. Башмактары бар күйүүчү газ толтурулган баллондор алардын жыгылышына жол бербөө атайын уячаларда, торчолордо же башка түзүлүштөрдө тикесинен коюлуп сакталууга тийиш.
Башмактары жок баллондор рамаларда же стеллаждарда горизонталдык абалда сакталат. Мындай учурда штабелдин бийиктиги 1,5 метрден ашпайт, ал эми клапандары сактоочу калпакчалар менен жабылат жана бир тарапты каратып коюлат.
388. Газ кампаларында кандайдыр бир башка заттарды, материалдарды жана жабдууларды сактоого тыюу салынат.
389. Күйүүчү газ кампалары жайгашкан жер табигый түрдө желдеп турушу керек.
§ 3. Айыл чарба продуктуларын сактоочу кампалардын өрт коопсуздугу
390. Кесек тоюттун запасы фермалардын имараттарынан өзүнчө болгон, дубалдары (тосмолор) күйбөгөн туюк жана отко туруктуулуугу EI-45тен кем болбогон тосмолор менен бөлүнгөн жанаша курулуш жайда сакталууга тийиш.
Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу боюнча классификациясы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
391. Мындай жанаша курулуш жайлардын эшиктери сыртты көздөй гана ачылууга тийиш.
392. Чөп сакталуучу жай топурактан жасалган тосмо жана зым тосмолору менен тосулат. Тараза чөп сакталуучу жайдын чегинен тышкары жайгашат.
Кесек тоюттардын үймөктөрү, бастырмасы жана штабелдери электр берүү линиясына чейин - 15 метрден кем эмес, жолго чейин - 20 метрден кем эмес жана имараттарга, курулмаларга чейин - 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашат.
393. Чөп кампаларынын тосмосунан жакынкы токойлорго чейинки аралык 20 метрден кем болбоого тийиш, ал эми анын периметри боюнча жазылыгы 4 метрден кем болбогон тилке менен курчалышы керек.
394. Өндүрүштүк-чарбалык комплекстин аймагындагы кесек тоют кампалары атайын бөлүнгөн аянтчага жайгаштырылуусу зарыл, анын үймөктөн 15 м аралыгы туурасы 4 метрден кем болбогон тилке менен курчалышы керек. Өзүнчө турган үймөктөрдүн негизги үймөктөн 5 метр аралыкта коргоочу тилкелери болууга тийиш.
395. Бир үймөк чөптүн негизинин аянты 150 м2ден ашып кетишине, ал эми престелген чөптүн (самандын) штабелдеринин аянты 500 м2ден ашып кетишине тыюу салынат.
396. Өзүнчө штабелдердин же үймөктөрдүн ортосундагы өрткө каршы ачыктык 20 метрден кем болбоого тийиш. Штабелдерди жана үймөктөрдү жуптап жайгаштырууга жол берилет, мында бир жуп болгон штабелдер менен үймөктөрдүн ортосундагы ачыктык 6 метрден кем эмес, ал эми жанындагы жуптардын ортосундагы 30 метрден кем эмес болушу керек. Эки жуптун ортосундагы ачыктыктагы үймөк 4 метрден кем эмес айдалган жер тилкеси болушу керек.
397. Үймөктөрдөн, бастырмалардан жана кесек тоюттун штабелдеринен электр берүү линияларына чейинки аралык 15 метрден кем эмес, жолго чейинки - 20 метр, имараттарга жана курулмаларга чейинки - 50 метрден кем болбошу керек.
398. Өзү түтөп күйүп кетиши мүмкүн болгон ным чөптүн үймөктөрүндө температураны контролдоп туруу жана анын көтөрүлүп кетишине жол бербөө зарыл. Температура 60 °Cден ашып кеткенде ысып бараткан чөптү өзүнчө бөлүп салуу зарыл.
399. Кесек тоют кампаларында иштеген тракторлор менен автомобилдерге учкун чыгарбай турган жабдууларды коюу зарыл, ал эми автомобилдердин үн басаңдаткычы бампердин асты менен алдын көздөй чыгарылат. Кесек тоют кампаларында учкун чыгарбаган жабдуусу жок тракторлор менен автомобилдерге иштөөгө тыюу салынат. Кампага кирердин алдында айдоочулар учкунду чыгарбоочу жабдуунун ишенимдүүлүгүн жана бузук эместигин текшерүүлөрү керек.
400. Тоюттардын түтүн чыгаруучу түтүктөргө, коллекторлорго же үн басаңдаткычтарга түздөн-түз тийгенде күйүп кетпеши үчүн жүк түшүрүп иштеген тракторлорго-тягачтарга жана автомобилдерге үймөктөргө 3 метрден жакын эмес токтоого уруксат берилет.
401. Автомобилдин кузовуна тоют жүктөлүп жаткан учурда кыймылдаткычты өчүрүү керек. Кампадан чыгууга автомобиль турган жерди кароодон жана түтүн чыгуучу түтүккө жакын чөптү (саманды) жыйнап кеткенден кийин гана уруксат берилет.
402. Кесек тоют кампаларында өрт чыкса өчүрүү үчүн 50 м3ден кем эмес суунун запасы болууга тийиш.
403. Түшүм жыйналар алдында дан эгиндеринин кампаларынын жана аны кургатуучу жайлардын пайдаланууга жарактуулугу текшерилет. Аныкталган мүчүлүштүктөр данды кургатууга жана кабыл алууга чейин четтетилет.
404. Дан кампалары өзүнчө турган имараттарга жайгаштырылат. Алардын дарбазалары сыртын көздөй тоскоолдуксуз ачылгандай кылып жасалат.
405. Эгинди төгүп сактоо учурунда анын үстүнөн тартып күйүүчү каптам конструкцияга, ошондой эле жарык бергичтер менен электр зымдарына чейинки аралык 0,5 метрден кем эмес болбошу керек.
Данды оюк аркылуу ташуучу жерлерде өрткө каршы тосмолорго отту өткөрбөй турган түзүлүштөр орнотулат.
406. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) дан менен кошо башка бир материалдарды жана жабдууларды сактоого;
2) кампа жайлардын ичинде кыймылдаткычтары ичинен күймө дан тазалоочу жана башка машиналарды колдонууга;
3) кампанын эки жагындагы дарбазалары жабык учурда жылып жүргөн механизмдерде иштөөгө;
4) катуу отун менен иштеген кургаткычтарды тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар менен, ал эми суюк отун менен иштегендерди -факелдин жардамы менен тутандырууга;
5) температураны контролдогон приборлору жана от өчкөндө отунду берүүнү өчүрүүчү автоматика, электр менен же ансыз күйгүзүүчү системасы бузук кургаткычтарда иштөөгө;
6) данды транспортердук лентанын деңгээлинен жогору үймөктөөгө жана лентанын транспортердун конструкциясына сүрүлүшүнө жол берүүгө.
407. Кургаткыч иштеп жатканда дандын температурасын контролдоо ар бир 2 сааттан кечиктирбестен сынамык алуу аркылуу ишке ашырылат.
Кургаткычтын жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдерин чаңдан жана дандан тазалоо ал иштегенден кийин бир сутка өткөндө жүргүзүлөт.
408. Жылып жүрмө кургаткыч агрегат дан кампасынын имаратынан 10 метрден кем эмес аралыкка орнотулат.
Кургатуучу мештер орнотулган учурда учкун чыгышына жол бербөө зарыл. Түтүн чыга турган түтүктөрү учкунду өчүрө турган түзүлүштөр менен жабдылат, ал эми алар күйүүчү конструкциялар аркылуу өткөн жерлерге өрткө каршы бөлүктөр орнотулат.
409. Дан кампаларында данды желдетүүдө желдеткичтерди күйүп кетүүчү дубалдардан 2,5 метрден кем эмес аралыкта орнотуу керек. Аба чыгаруучу жолдор күйбөгөн материалдардан жасалат.
410. Кургаткычтардагы механизмдердин подшипниктери жана башка сүрүлүүчү бөлүктөрү эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык дайыма майлап туруу зарыл.
411. Дан кургаткычтар иштеп жатканда тейлеген адамдар анын иштешин дайыма контролдоп туруулары керек.
412. Механизацияланган дан кампаларында төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:
1) төмөнкү ташуучу галереяны күйбөгөн материалдан жасоо жана жакшы желдетүүнү камсыз кылуу;
2) төмөнкү ташуучу галереядан сыртка чыгуучу жерин экиден кем эмес санда жасоо. Көп секциялуу кампаларда төмөнкү ташуучу галереядан сыртка чыгуучу жерлердин ортосундагы аралык 60 метрден ашпоого тийиш;
3) отко туруктуулугу III жана IV даражада болгон кампаларда жогорку конвейердик галереяны (аянтчасын) күйүүчү материалдардан жасоого, ал эми отко туруктуулук даражасы I жана II болгон имараттарда күйбөгөн гана материалдардан жасоого уруксат берилет.
413. Өндүрүштүк жана кампа жайлардын ичинде кыймылдаткычтары ичинен күйгөн машиналар менен жабдууларды колдонууга таптакыр тыюу салынат.
414. Дан сактоо үчүн аянты 1200 м2 ашпаган жерге өзүнчө турган күйүүчү материалдардан бастырмаларды курууга уруксат берилет.
415. Дандын өз-өзүнчө партияларын бөлүү үчүн жыгачтан жасалган стандарттуу дан тосмолорун колдонуу зарыл.
416. Кампанын бункерлери менен дубалдарынын ортосунда өтүүчү жерлер болгон учурда, алардын жазылыгы 0,7 метрден кем эмес болууга тийиш.
417. Баардык имараттарда жана жайларда жылытуучу элементтери ачык электр жылытуучу приборлордун пайдаланууга, ал эми жарылуу, өрт коркунучу бар жайларда электр жылытуучу приборлордун баардык түрлөрүн пайдаланууга тыюу салынат.
418. Продукцияны каптарда, баштыктарда, кутуларда сактоо үчүн кампаларда штабелдердин бийиктиги каптардын жогорку катары менен тосмонун же жабуунун чыгып турган элементтеринин ортосунда, ошондой эле электр тармактарынын, жарык бергичтердин ортосунда 1 метрден кем эмес ачык калтыруу менен аларды электр жүктөгүч аркылуу тийиштүү бийиктикке тоскоолсуз жыюуну эске алып жасалууга тийиш.
Идиштеги продукция поддондордо же стеллаждарда сакталат.
419. Наабайканаларда жана макарон чыгарган ишканаларда ун салынган каптарды жыюуда жазылыгы төмөнкүдөн кем болбогон өтүүчү жана жүрүүчү жолдорду калтыруу зарыл:
1) штабелдердин ортосундагы өтүүчү жерлер 0,8 метрден кем эмести түзөт;
2) штабелдерден дубалга чейинки аралык 0,7 метр;
3) электр жүктөгүчтөр үчүн өтүүчү жерлер - 3,0 метр;
4) көтөрүлүүчү платформасы бар тележкалар үчүн өтүүчү жерлер - 2,0 метр.
420. Данды кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларда кампанын ар бир тарабынан продукцияны идиште сактоо үчүн өтмө жолу бар экиден дарбаза болушу зарыл.
421. Үстү жылмакай жылытуучу приборлор колдонулат жана аларды чаңдан дайыма тазалап турууга мүмкүн болгондой бийиктикке жайгаштырылат.
§ 4. Жыгач материалдарын сактоочу кампалардын өрт коопсуздугу
422. Жыгач материалдары сакталуучу кампалар үчүн сакталган материалдардын сакталган материалдардын чектелген көлөмүн, өрткө каршы ачыктарды жана штабелдердин ортосундагы, ошондой эле штабелдер менен коңшу объектилердин ортосундагы өтүүчү жерлерди көрсөтүү менен штабелдерди жайгаштыруу пландары иштелип чыгат.
423. Штабелдердин ортосундагы өрткө каршы ачык жерлерге жыгач материалдарын, жабдууларды жыйнап коюуга тыюу салынат.
424. Штабелдерге бөлүнгөн жер чөп-чардан, күйүүчү таштандыдан жана калдыктардан тазаланууга тийиш же 0,5 метрден кем эмес калыңдыктагы кум, топурак же шагыл катмары менен жабылышы керек.
425. Ар бир кампа үчүн штабелдерди, баланс үймөгүн, чамындыларды жыйноо боюнча чараларды аныктоо менен, ишкананын кызматкерлерин жана техникасын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен өрттү өчүрүүнүн оперативдүү планы иштелип чыгат. Жыл сайын жазгы-жайкы өрт коркунучу бар мезгил башталаар алдында ишкананын баардык кезметтериндеги кызматкерлерин тартуу менен план иштелип чыгат. Жайкысын кампанын аймагын мезгил-мезгили менен сугарып туруу зарыл.
426. Кампаларда өрттү өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынан тышкаркы өрттү өчүрүүнүн оперативдүү пландарында аныкталган санда өрт өчүрүүчү техниканын ар кандай түрлөрүнүн запасы менен пункттарды жабдуу зарыл. Жыгач материалдары сакталган кампаларда өрттү өчүрүү үчүн суунун жетиштүү запасын камсыз кылуу керек.
427. Кампада жыгач материалдарын сактоо менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
428. Жыгач материалдары сакталган кампаларда жумушчулар үчүн тиричилик жайларын өрткө каршы ачыктыктарды сактоо менен өзүнчө имараттарда гана ачууга жол берилет.
Мындай жайларды жылытуу үчүн заводдон чыккан электр жылытуучу приборлорду гана колдонууга уруксат берилет.
429. Кыймылдаткычы ичинен күйгөн лебедкалар кесиле элек устундар жыйылган штабелдерден 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
Лебедкалардын айланасындагы аянтты кесиндилерден, жыгачтын кабыктарынан жана башка күйүп кете турган таштандылардан тазалап туруу зарыл. Кыймылдаткычтарга куюу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдар бир челектен ашпаган санда жана лебедкадан 10 метрден кем эмес жана жакынкы штабелден 20 метрден кем эмес аралыкта сакталат.
430. Жабык кампалардын полдору жана бастырмалардын астындагы аянттар күйбөгөн материалдардан салынат.
§ 5. Көмүр сактоочу кампа объекттеринин өрт коопсуздугу
431. Көмүр сактоочу аянттарды агын суу же жер астынан чыккан суу каптабагандай кылып пландаштыруу зарыл.
432. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жаңы казылган көмүрдү бир айдан ашык жатып калган көмүрдүн эски үймөгүнүн үстүнө жыюуга;
2) өзүнөн өзү күйүп кете турган очоктору даана байкалган көмүрдү кампаларга кабыл алууга;
3) күйүп жаткан көмүрдү транспортер тасмасы менен ташууга жана аны темир жол транспортуна же бункерге жүктөп жөнөтүүгө;
4) көмүр штабелдерин жылуулук булактарынын (буу өткөргүчтөр, ысык суу түтүктөрү, ысык аба каналдары) үстүнө, ошондой эле төшөлгөн электр кабелдеринин жана мунай-газ түтүктөрүнүн үстүнө жайгаштырууга.
433. Көмүрдү жыюуда жана сактоодо штабелдерге жыгачтын, кездеменин, кагаздын жана башка күйүүчү материалдардын түшүшүнө жол берилбейт.
Ар кандай маркадагы көмүр өз-өзүнчө штабелдерге жыйналат.
434. Узакка сактоо үчүн кампага түшкөн көмүрдү вагондордон түшүрүлөрү менен мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө штабелдерге жыйноо зарыл. Түшүрүлгөн көмүрдү эки суткадан ашык формасыз үймөктөп жана иретсиз сактоого тыюу салынат.
Штабелдер менен регламенттик иштерди аткаруу, ошондой эле механизмдердин жана өрт өчүрүүчү машиналардын өтүшү үчүн штабелдердин төмөнкү бетинин чегинен тосуп турган тосмого же крандын алдындагы жолдордун фундаментине чейинки аралык 3 метрден кем эмес, ал эми рельстин башынын тышкы чегине же авто жолдун четине чейинки аралык - 2 метрден кем эмес камсыз кылынат.
435. Кампаларда боорлоруна контролдук темир түтүктөрдү жана термометрлерди орнотуу же башка коопсуз ыкма менен көмүр штабелдериндеги температураны дайыма контролдоп турууну камсыздоо зарыл.
Температура 60 °Cден ашып кеткенде температура жогорулап кеткен жерлердеги штабелдерди тыгыздап, ысыган көмүрдү алып салуу же температураны төмөндөтүүчү башка коопсуз ыкмаларды колдонуу керек.
436. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) көмүрдү түздөн-түз штабелдерде суу менен өчүрүүгө же муздатууга. Күйүп жаткан көмүр аны штабелден чыгарып салгандан кийин гана суу менен өчүрүлөт;
2) өзү күйүп кеткен көмүрдү муздатылган же өчүрүлгөндөн кийин кайрадан штабелге салууга.
§ 6. Күйүүчү булалуу материалдарды (жип, кездеме, кебез, аркан, кагаз) сактоочу кампалардын өрт коопсуздугу
437. Баардык булалуу материалдар жабык кампаларда сакталууга тийиш. Айрым бир учурларда гана бастырманын астындагы ачык аянттарда сактоого жол берилет.
438. Булалуу материалдардын оромун түшүрүүдө, жүктөөдө же жыюуда алардын металл таңгагын жүк түшүргөн илмек менен чабууга тыюу салынат.
439. Штабелдеги буланын массасын 300 тоннадан ашырып жиберүүгө тыюу салынат.
440. Штабелдин өлчөмү 22х11 метрден, бийиктиги 8 метрден ашпагандай болушу керек.
441. Уюкта алтыдан ашпаган штабель же бастырма болушу зарыл, мында штабелдердин ортосундагы ачыктар 15 метрден кем эмес, бастырмалардын ортосу баардык багыттар боюнча 20 метрден кем болбошу керек.
442. Топто төрттөн ашпаган уюк (24 штабель же бастырма) болушу керек. Уюктардын ортосундагы аралык 30 метрден кем болбойт.
443. Сектордо төрттөн ашпаган топтор (96 штабель же бастырма) каралат. Топтордун ортосундагы аралык баардык багыттар боюнча 50 метрден кем болбойт.
444. Секторлордун ортосундагы аралыктын 100 метрден кем болушуна тыюу салынат.
445. Булалуу материалдар сакталуучу кампалар, бастырмалар жана аянттар ээлеген участокторду тосуу зарыл, мында тосмодон берки аралыгы 5 метрден кем болбошу керек.
446. Оңой күйүүчү булалуу материалдарды таңгак түрүндө гана сактоого уруксат берилет. Чачылган таңгакты өзүнчө участоктордо же атайын бөлүнгөн аянттарда сактоо керек жана алар биринчи кезекте кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.
447. Жабык кампаларда булалуу материалдардын таңгактарын жыюуну жазылыгы 2 метр болгон бир узатасынан кеткен өтүүчү жер жана ар бир эшиктин каршысына ушундай эле жазылыктагы туурасынан кеткен өтүүчү жер калгандай кылып жүргүзүү керек. Таңгактар бийиктиги боюнча анын чокусунан тартып электр жарык бергичтерге чейинки аралык 1 метрден кем болбогондой кылып жыйылат.
448. Өндүрүштүк калдыктарды чийки зат жана даяр продукция менен бирге сактоого тыюу салынат.
449. Ачык аянттардагы булалуу материалдардын штабелдерин жабуу, ал эми бастырмаларды баардык тарабынан брезент менен чоюп жабуу зарыл.
450. Булалуу материалдарды автомашиналар, тракторлор (тягачтар) менен ташыганда үстү брезент менен жабылат. Аларды ташып баратканда тамеки чегүүгө тыюу салынат.
451. Жабык кампалардын жана бастырмалардын астындагы өтүүчү жерлер, ошондой эле ачык аянттардагы штабелдердин ортосундагы ачык жерлер бош болууга тийиш.
452. Учкунду өчүргүчү жок темир жол жана автотранспортту булалуу материалдар сакталган бастырмаларга жана штабелдерге 5 метрден жакын, ал эми тракторлорду - 10 метрден жакын токтотууга тыюу салынат. Мындай жерлерге аралыкты чектей турган устундарды коюу зарыл. Автотранспорт булалуу материалдар сакталган жабык кампаларга, бастырмаларга жана штабелдерге түтүн чыккан түтүгү жайгашпаган жагы менен токтойт, мында үн басаңдаткычы бузугу жок учкун өчүргүч менен жабдылат.
11-глава. Транспорт объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Автомобиль транспортундагы өрт коопсуздугу
453. Ачык аянттарда транспорт каражатын майда-барат оңдоону өткөрүү жана күндөлүк техникалык тейлөөнү катуу жерде жүргүзүүгө уруксат берилет.
454. Транспорт каражатын майда-барат оңдоо жана күндөлүк тейлөө үчүн ар бир аянтка өрткө каршы шаймандардын топтому бар өрт өчүрүүчү такта орнотуу зарыл.
455. Гараждардын жайларын жана транспорт каражаты токтотулган ачык аянттарды өрт учурунда же башка өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялоого тоскоол келтире турган буюмдар жана жабдуулар менен тосууга тыюу салынат.
456. Гараждардын жайлары жана транспорт каражаты токтотулган ачык аянттар таза кармалууга тийиш. Агып кеткен күйүүчү-майлоочу материалдар кум менен жабылат жана дароо тазаланат.
457. Көп батирлүү турак жай имараттары, коомдук жайлар жайгашкан гараждарга, токтоочу жайларга күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоого тыюу салынат. Бензин жана дизель отуну үчүн 20 кг дан ашпаган, май үчүн 5 кг дан ашпаган кошумча сандагы күйүүчү-майлоочу материалдар сакталган башка гараждарда алар бекем жабылган металл идиште гана сакталат.
458. Автомобилдер токтотулуучу жайларды суу же аба менен желдетүүнү айкалыштырып жылытуу керек. Гараждарды кайтарган жайларда заводдо жасалган үстү жылмакай жергиликтүү жылытуучу приборлорду пайдаланууга уруксат берилет.
459. Транспорт токтотулган жайларда, бастырманын астында жана ачык аянттарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) транспорт каражатын токтотуу планынын ченеминен ашып кеткен санда коюуга, автомобилдер менен имараттардын (курулмалардын) ортосундагы аралыкты азайтууга;
2) чыгуучу дарбазаларды жана өтүүчү жерлерди тосуп салууга; темир, термиттик, ширетүү, сырдоо жана жыгач иштетүү жумуштарын аткарууга, ошондой эле тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды пайдалануу менен тетиктерди жууп-тазалоого;
3) май куюлган бактан, отунду өткөргөн системадан тамчы тамган учурда май куюлган бактарынын оозу ачык, ошондой эле электр жабдуулары бузук транспорт каражаттарын калтырууга;
4) транспорт каражаттарына күйүүчү-майлоочу материалдарды куюуга, ошондой эле аларды канализацияга же тегерегиндеги аймакка төгүүгө. Иштетилген күйүүчү-майлоочу материалдар, фильтрлер, чүпүрөк-чапырактар күйбөгөн материалдардан жасалган, капкагы жабылган челектерге чогултулат;
5) аккумуляторлорду заряддоону түздөн-түз транспорт каражатында, ошондой эле бул максат үчүн ыңгайлашпаган жайларда жүргүзүүгө;
6) кыймылдаткычтарды ачык от менен жылытууга, ачык отту жарык берүү үчүн пайдаланууга;
7) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды, ошондой эле күйүүчү газдарды ташуу үчүн транспорт каражаттарын жалпы токтотуучу жайларга коюуга;
8) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган идиштерди сактоого.
460. Газ түрүндөгү отун менен иштеген транспорт каражаттарын пайдаланууда:
1) газ берилүүчү системасы техникалык жактан бузук (жылчыгы бар) транспорт каражаттарын жабык жайга токтотууга тыюу салынат;
2) жабык жайда транспорт каражатын "өз кыймылы менен" жүргүзүүгө тыюу салынат;
3) транспорт каражаттарын сактоо үчүн арналган жайларда суюлтулган углеводород газын агызууга тыюу салынат;
4) кышкысын транспорт каражаттары гаражга коюлбаганда жана температура өтө төмөн болгондо кыймылдаткычты алдын ала жылытуу жана газ коммуникацияларындагы тоңду эритүү ысык суунун, буунун же ысык абанын жардамы менен жүргүзүлөт;
5) басымды контролдоо, газды иштеп чыгуу, кыймылдаткычты жылытуу, отундун ар кандай түрлөрүнө которуу жана газды чабыштыргычка берүү менен байланышкан системалар оң болууга тийиш. Суюлтулган углеводород газы бар баллондордогу сактоочу капкакчалар, ошондой эле күйүүчү майдын берилишин тосо турган электромагниттик капкакчалар оң абалда гана пайдаланылууга тийиш. Баллондорду текшерүү 2 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек;
6) жабык гараждарда-токтотуучу жайларда жана абанын температурасы 25 C°ден ашкан башка от жагылуучу жайларда суюлтулган углеводород газын пайдаланууга жана сактоого тыюу салынат;
7) жабык гараждарда-токтотуучу жайларда кыймылдаткычты аралыктан от алдырууга тыюу салынат.
461. Транспорт каражаттары (жекече транспорттон тышкары) ачык сакталган аянттар жана токтотуучу жайлар 10 техника бирдигине 1 трос (штанга) деген эсеп менен сүйрөтүүчү тростор жана штангалар менен камсыз кылынышы зарыл.
462. Аккумулятордук батареяларды заряддоо процессинде төмөнкү талаптарды сактоо зарыл:
1) учкундун чыгышына жол бербөө үчүн зымдардын батареянын клеммаларына тутуштырылган жеринин ишенимдүүлүгүн текшерүү;
2) батареялардын банкаларынын капкагын ачып коюу;
3) заряддоодо ток жүргүзүү жана заряддалган аккумуляторлорду аба тартуучу-абаны чыгаруучу желдеткичтер иштеп жатканда гана сактоо;
4) башка аккумуляторлордон өткөргүчтөрдү заряддалган ток өчүрүлгөндө гана өчүрүү;
5) бузулган өткөргүчтөрдү дароо жаңысына алмаштыруу.
463. Аккумулятордук станциялардын заряддоочу жайларында каңдоо иштери же каңдоочу лампаны пайдалануу менен жасалуучу иштер бул жай жакшылап желдетилген шартта батареяларды заряддоо токтотулгандан кийин 2 сааттан кем эмес убакыт өткөндөн кийин гана жасалууга тийиш. Каңдоо учурунда же каңдоочу лампа менен иштегенде жайды тынымсыз желдетип туруу зарыл. Каңдоо жүргүзүлгөн жер жайдын технологиялык жабдууларынан от өтпөй турган тосмо менен тосулат.
464. Аккумулятордук станциялардын жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тамеки чегүүгө, от чыгарууга, электр жылытуучу приборлорду пайдаланууга;
2) кислоталарды, щелочторду же электролитти бир кезмекке жете тургандан ашык санда сактоого.
465. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтер, участоктор жана бөлүмдөр сырткы дубалдарында терезе оюктары бар, отко туруктуулук даражасы II ден төмөн болбогон атайын жабдылган бир кабат имараттарда жайгаштырылат, аларга жанаша өндүрүштүк жайлардан өрткө каршы дубалдар тосулуп турат. Жууп-тазалап жана сырдай турган цехтерден туташ турган жайларга чыгуучу жер тамбур аркылуу аба киргидей болушу керек.
466. Имараттардын жогорку кабаттарына сырдоочу цехтерди жанаша жайлардан өрткө каршы дубалдар менен тосулган жана тепкич аянтчаларына өзүнүн чыга турган жери бар, тышкы дубалдарды бойлой жайгашкан өзүнчө бөлүнгөн жайларда жайгаштырууга уруксат берилет.
467. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтерди көп кабаттуу имараттардын подвал, цоколь жана биринчи кабаттарына жайгаштырууга тыюу салынат.
468. Сыр даярдоочу бөлүмдөр сырткы дубалында терезе оюгу бар жайга жайгаштырылат, анын өзүнчө эвакуациялык чыгуучу жери болот жана жанаша жайлардан күйбөй турган дубалдар менен тосулуп турат.
469. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, ошондой эле сырды даярдоочу бөлүмдөрдүн полдору күйбөй турган, электр өткөргөн, эриткичтерге туруктуу болгон жана учкун чыгарбаган материалдардан жасалууга тийиш.
470. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин дубалдарынын 2 метрден кем эмес болгон бийиктеги ички беттери булгануудан оңой тазалануучу күйбөгөн материал менен беттелет.
471. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, лак, сыр лабораторияларынын жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн жайларын өз алдынча механикалык абаны сооруучу-абаны чыгаруучу желдеткичтер менен жана сырдоочу камералардан, малма ванналардан, куя турган түзүлүштөрдөн, кол менен сырдоочу посттордон, кургатуучу камералардан, жууп-тазалоочу жана үстүңкү бетинин майын кетирүүчү участоктордон абаны сооруучу жергиликтүү желдеткич менен жабдуу зарыл. Жарылуу коркунучу бар концентрациялардын пайда болушун алдын алуу үчүн аталган жайларга автоматтык газ анализаторлору орнотулат.
472. Жууп-тазалоочу, сырдоочу цехтерде жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдө жылытуучу приборлордун үстүнкү бети жылмакай болууга жана 95 °Сден ашык ысыбоого тийиш. Кырдуу радиаторлорду колдонууга уруксат берилбейт.
473. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтерде, лак, сыр лабораторияларында жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдө жарылуудан коргой тургандай жасалган электр жабдууларын жана жарык бергичтерди пайдаланууга уруксат берилет.
Электр менен иштей турган түзүлүштөр, кнопкалуу электромагниттик иштеткичтер жууп-тазалоочу жана сырдоочу жайлардан тышкары орнотулууга тийиш.
474. Жууп-тазалоочу, сырдоочу цехтердин жана сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн көчмө технологиялык жабдуулары (шатылары, стремянкалары, такталары, кол арабалары ж.б.) урунганда жана сүрүлгөндө учкун чыгарбай турган коргоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
475. Жууп-тазалоочу жана сырдоочу цехтердин, сыр даярдоочу бөлүмдөрдүн жана лак, сыр лабораторияларынын бөлмөлөрү дайыма таза жана иреттүү кармалууга тийиш. Жайлар, жабдуулар жана жумуш орундары кезметине 1ден кем эмес жолу суу чүпүрөктөр менен тазаланат.
Төгүлгөн лак, сыр материалдары жана эриткичтер таарындынын жардамы менен алынып жана суу менен жуулууга тийиш.
Полду жууну, дубалдарды жана жабдууларды тазалоону өрт чыгарбай турган техникалык жуучу суюктуктар менен жүргүзүү зарыл. Бул максат үчүн өрт чыгаруучу органикалык эриткичтерди колдонууга тыюу салынат. Аарчыган материалдар колдонуудан кийин жабылуучу атайын металл үкөктөргө чогултулуп, ар бир кезметтен кийин жайдан тийиштүү жерге чыгарылат.
Лак, сыр материалдардан бошогон идиш цехтен чыгарылат жана атайын бөлүнгөн аянтчаларга капкактары бекем жабылган абалда чогултулат.
476. Жууп-тазалоо жана сырдоо процессинде статикалык электр заряддарын алып салуу үчүн баардык технологиялык жабдуулар, сыр чачыраткычтар, эриткичтер, лактар жана сырлар үчүн өткөргүч түтүктөр (жумшак шлангдар), ошондой эле сырдалуучу же жууп-тазалануучу айрым бир түйүндөр, тетиктер жана буюмдар жерге ишенимдүү жакшы кийирилет.
477. Адамдарда статикалык электр заряддарынын пайда болушун алдын алуу жана болтурбоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жумушчулар менен кызматчыларга синтетикалык материалдардан жана жибектен жасалган кийим кийүүгө, ошондой эле шакек, билериктерди тагынууга тыюу салуу;
2) цехтин жумушчу аянттарында жана помостторунда жерге туташтырылган зоналарды жасоо;
3) эшиктердин туткаларын, тепкичтердин кармоочторун, приборлордун саптарын жерге кийирүү;
4) кызматкерлерди ток өткөргөн бут кийим жана антистатикалык билериктер менен камсыз кылуу;
5) кызматкерлерди жылаңач колу менен жерге киргизилген металл буюмдарын же жабдууларды кармоо жолу менен өзүндөгү статикалык электр зарядын мезгил-мезгили менен өзүнөн чыгарып турууга, бирок бул ишти өрт коркунучу бар органикалык эриткичтердин же сырлардын жанында жасабоого милдеттендирүү.
§ 2. Темир жол транспортундагы өрт коопсуздугу
478. Кол жүк сакталган камералардагы жана жүк сакталган бөлүмдөрдөгү стеллаждар күйбөгөн материалдардан гана жасалууга тийиш. Антресолдорду жасоого тыюу салынат.
479. Паровоз деполорунда жана локомотивдер (паровоздор) запасынын базаларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) паровоздорду оту өчө электе депого коюуга, ошондой эле аларды сормо зонттордун чегинен тышкаркы токтотмолордо жагууга;
2) депонун токтотмолорунда жана белгиленбеген жерлерде отунун жана күлүн тазалоого;
3) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар, коркунучтуу жана башка күйүп кетүүчү жүгү бар кыймылдуу составды паровоздун отун тазалай турган жерден 50 метрден кем аралыкта токтотууга;
4) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар толтурулган цистерналарды, ошондой эле алдын ала пропаркадан өткөзбөстөн аталган суюктуктардан бошогон цистерналарды депонун токтотмосуна токтотууга;
5) отунду жана майды түздөн-түз бокстарда (токтотмолордо) чакага, идишке жана көмөкчү сыйымдуулуктарга агызууга;
6) тепловоздорго отун жана май куюуну технологиялык процессте белгиленбеген жерде жүргүзүүдө;
7) отун куюлуучу бактардын оозун ачык калтырууга.
480. Шлак жыйноочу канавалар күйүүчү материалдар сакталган кампалардан, ошондой эле отко туруктуулук даражасы IV жана V болгон имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылат. От жагылуучу жерлерди тазалоочу жерлердеги шлакка жана көөгө суу куюлуп жана дайыма тазаланып турушу керек.
481. Жууп-буулай турган станцияга (пункттарга) бөлүнгөн аянттар темир жолдон, жакынкы станциялык жолдордон 30 метрден кем эмес, ал эми коңшу темир жол имараттарынан жана курулмаларынан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
Цистерналарды тазалоо жүргүзүлүүчү аймактын участоктору мунай продуктуларынын жерге сиңип кетишин болтурбоочу катуу жабуу менен камсыз кылынышы керек.
482. Цистерналарды аларды тазалоочу жерлерге жеткирүүнү учкун чыгарбагычтар менен жабдылган тепловоздор менен гана жүргүзүү зарыл. Цистерналарды жеткизүүдө экиден кем эмес төрт октуу вагондорго бөгөт коюлат. Тепловоздорду тазалай турган жерлерге 20 метрден жакын токтотууга тыюу салынат.
483. Жууп-буулай турган станцияларга (пункттарга) тазалоого берилүүчү цистерналардын агызуучу приборлору, калпактарынын жана жүктөөчү люктарынын капкактары жабык болууга тийиш. Тазаланган цистерналар бузугу жок бекитүүчү арматура менен жабдылат.
484. Темир жолдор, эстакадалар, күйүүчү газ, тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар толтурулган өткөргүч түтүктөр, резервуарлар, цистерналар суюктукту агызууга жана толтурууга келгенде статикалык электрди буруп кетүү үчүн ишенимдүү жерге туташтыруу менен камсыз кылынышы зарыл.
485. Металлдан жасалган көчмө жана жылдырма шатылар жик кеткен жеринде жез илмектер жана резина жаздыкчалар менен жабдылууга тийиш.
486. От казандардын жана цистерналардын ичин аккумулятордук фонарлар менен гана жарык кылууга уруксат берилет. Фонарды цистернанын тышынан гана күйгүзүп жана өчүрүү керек.
487. Эстакадалар менен аянттарды мунай продуктуларынын калдыгынан кезметине 1 жолудан кем эмес тазалап жана ысык суу менен жууп туруу зарыл.
488. Жууп-буулай турган станциялардын (пункттардын) аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарылуудан корголбогон фонарларды, лампаларды жана жарык бергичтерди пайдаланууга;
2) кара металлдан же урунганда учкун чыгаруучу башка материалдардан жасалган аспаптарды пайдаланууга;
3) темир жолдордун, имараттардын жана курулмалардын үстүнөн аба аркылуу электр зымдарын өткөрүүгө;
4) цистернанын казанынын ичинде иштегенде болот пластиналар же мыктар кагылган бут кийимди пайдаланууга;
5) тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктардын калдыктарын суу жана конденсант менен кошо жалпы канализация тармагына жана ачык канаваларга төгүүгө;
6) цистернага адамдарды түшүрүү үчүн көчмө болот шатыларды, ошондой эле болот кагылган жыгач шатыларды колдонууга;
7) цистерналарды карап чыкканда анын ичине же тышына май аарчыган материалдарды калтырууга;
8) локомотивдерди тазалоочу депого жана эстакаданын астына киргизүүгө.
489. Темир жолдордун боюн бутак-сутактардан, кесинди калдыктардан жана бадалдардан, эски шпалдардан жана башка күйө турган таштандылардан таза кармоо зарыл. Мындай материалдар жан жолдордон өз учурунда ташылып кетүүгө тийиш.
490. Жолго төгүлгөн тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарга кум, топурак төгүп жана жан жолдун сыртына чыгарып салуу керек.
491. Шпалдар жана устундар перегондордо, станцияларда жана звено жыйноочу базаларда убактылуу сакталганда штабелге жыйылып коюлууга тийиш.
Штабелдин астындагы аянт жана аймак 3 метрден кем эмес аралыкта кургаган чөптөн жана башка күйүүчү материалдан тазаланууга же чөмөлөнүүгө тийиш.
492. Шпалдардын жана устундардын штабелдери курулуштардан жана курулмалардан 30 метрден кем эмес, поезддердин уюшкандыкта жүргөн жолунан - 10 метрден кем эмес, башка жолдордон - 6 метрден кем эмес аралыкта жана электр берүү жана байланыш линияларынын огунан мамынын бир жарымдан кем эмес бийиктигиндеги аралыкта жолдун нугуна жарыш жыйналууга тийиш. Шпалдардын штабелдеринин ортосундагы ачыктык 1 метрге чейин, ал эми штабелдердин ар бир жубунун ортосундагы ачыктык 20 метрден кем эмес болушу керек.
493. Чөптү, саманды жана отунду көпүрөдөн, темир жол курулмаларынан жана поезддердин уюшкандыкта жүргөн жолунан, ошондой эле электр берүү жана байланыш линияларынын зымынын астынан 50 метрден жакын аралыкка жыюуга тыюу салынат.
494. Темир жолдун боюна от жагууга жана кургак чырпыктарды, кесинди материалдарды күйгүзүүгө, ошондой эле куураган бутактар менен бадалдарды калтырууга тыюу салынат.
495. Көпүрөлөрдүн астындагы жер участоктору 50 метр радиуста куураган чөптөн, бадалдардан, бутак-сутактардан, күйүүчү таштандыдан дайыма тазаланып турууга тийиш.
496. Көпүрөлөрдө жана темир жолдун боюнда, алардын алдында жана аларга жакын жактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) материалдар жыйылган кампаларды, кемелер, плоттор, баржалар жана кайыктар үчүн токтотуучу жайды салууга болбойт;
2) керосин фонарларына жана бензомоторлуу агрегаттардын бактарына май куюуга;
3) арыштуу курулуштарды жана башка конструкцияларды мунай продуктуларынан тазаланбаган абалда сактоого;
4) көпүрөлөрдүн астына куураган чөптү, бадалды жана башка күйүүчү материалдарды жагууга.
497. Темир жол машина станцияларынын вагондорун токтотуучу темир жол өрт чыккан учурда жүрүүчү составды чыгарып кетүүнү жана бөлүп жайгаштырууну камсыз кылуу үчүн которгуч жебелер менен жабдылууга тийиш.
498. Өндүрүштүк устаканалар, мектептер, балдар мекемелери жайгашкан вагондор турак үйлөрдөн 10 метрден кем эмес өрткө каршы аралыктар менен өз-өзүнчө топ-топ кылып жайгаштырылат.
499. Темир жол машина станциялары жайгашкан жерлерде жасалма жана табигый суу менен камсыздоо булактары болбогон учурда вагондордун ар бир тобуна (15-20 бирдик) 50 м3 эсеп менен темир жол цистерналарында же башка сыйымдуулуктарда өрт өчүрүү муктаждыгы үчүн суунун запасын камсыздоо зарыл.
500. Ар бир көчмө түзүм өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруу үчүн жакынкы темир жол станциясы менен телефон байланышын камсыз кылуусу зарыл. Темир жол машина станцияларынын вагондорун токтотуучу пункттарда өрт жөнүндө кабарлоочу белги орнотулат.
§ 3. Суу транспортундагы өрт коопсуздугу
501. Кемелердин экипаждарынын бардык мүчөлөрү, ошондой эле кемеде иштөөчү жана кеме ишине байланыштуу милдеттерди аткаруучу башка адамдар өрт коопсуздугунун эрежелерин билүүгө жана аткарууга, өрт менен күрөшүүнүн практикалык көндүмдөрүн билүүгө, ал эми өрт чыккан учурда кеменин ырааттамасына ылайык айгай боюнча аракеттенүүгө милдеттүү.
502. Кемелердеги жүргүнчүлөр өрткө каршы режим менен тааныштырылышы керек жана өрт коопсуздугунун талаптарын аткарышы зарыл.
503. Бардык өрт кырсыктары жөнүндө, себептери жана элдерди куткаруу жана өрттү өчүрүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө кеменин капитаны жакын жерде жайгашкан өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диспетчердик кызматына жана кеменин ээсине маалымдоого милдеттүү.
504. Ишке жаңыдан кирип жаткан экипаждын бардык мүчөлөрү менен аларды кемеге жөнөтүүнүн алдында өрткө каршы инструктаж өткөрүлөт. Кемеге келгенден кийин жумуш ордунда алгачкы өрткө каршы инструктаж өткөрүлөт. Ушундай эле инструктаж кеменин күн тартиби боюнча милдеттерди өзгөртүүдө өткөрүлөт. Кайталоочу өрткө каршы инструктаж экипаждын бардык мүчөлөрү менен жыл сайын навигациянын алдында өткөрүлөт.
505. Жарылуучу, өрткө кооптуу жүктөрдү ташуучу кемелерде экипаждын мүчөлөрү кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча өрткө каршы кошумча даярдыктан ушул Эрежелердин 22-главасын окутуу менен өткөрүлөт.
506. Кемедеги өрт кырсыктары менен күрөшүү боюнча практикалык аракеттерди иштеп чыгуу максатында, кемелерде ай сайын машыгуулар, ал эми жүргүнчү ташуучу кемелерде айына эки жолу машыгуулар өткөрүлүп турат. Өрт менен күрөшүүнүн машыгуулары кеменин капитаны бекиткен өрт өчүрүү пландарынын бир вариантына ылайык жүргүзүлүшү керек.
507. Ар бир кеменин башкаруу рубкасында, машина бөлүгүндө, турак бөлмөлөрүнүн коридорлорунда, ар бир палубаларда көрүнүктүү жерлерде башкаруу постторунун, өрт крандарынын, өрткө каршы шаймандардын, ар кандай отсектерге жана полубага жеткирүү каражаттарынын эвакуациялоо жолдору жана эшиктери көрсөтүлгөн, ошондой эле күйүүчү отундардын цистерналарынын түтүкчөлөрүн аралыктан жабуу жерлери көрсөтүлгөн пландары илинип турушу керек.
508. Өрттү өчүрүү түзүлүштөрүн колдонуу тартиби жөнүндө нускамалар түзүлүштөрдү башкаруу постторунун бөлмөлөрүндө илинип турушу керек, алардын көчүрмөлөрү башкаруу рубкасынын авариялык папкасында сакталууга тийиш.
509. Кемеде тамеки чегүүгө атайын белгиленген жайларда гана уруксат берилет. Тамеки чегүү үчүн жайлар суусу бар темир урналар менен камсыздалышы керек жана "Тамеки чегүүчү жай" деген жазуу жазылат.
510. Кемелерде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды, чүпүрөктөрдү ачык жана күйүүчү тарада, ал эми май, бензин, керосин, лак, эритүүчүлөр сиңирилген өзү күйүп кетүүгө жөндөмдүү материалдарды - тобу менен, түктөрдө жана боолордо; боёкторду, лактарды, эритүүчүлөрдү жана башка жеңил өрттөнүүчү суюктуктарды - майлоочу кампалардан сырткары, ошондой эле чүпүрөктөр жана башка була материалдар менен биргеликте сактоого;
2) жылытуучу жана тиричилик электр каражаттарында, буу түтүктөрүндө кийимдерди, күйүүчү нерселерди жана материалдарды сактоого жана кургатууга;
3) ички тепкичтердин астына күйүүчү материалдарды сактоо кампасын жайгаштырууга;
4) өтмөлөрдү, негизги жана кошумча чыгуучу эшиктерди, өрттү өчүрүү каражаттарына келүүчү жолдорду тосууга, өтүүчү жолдордо кошумча жабдууларды жана инвентарды жайгаштырууга, ал эми оңдоп-түзөө мезгилинде күйүүчү газдардын, суюктуктардын жана кычкылтек түтүктөрүн жана жеңчелерин жайгаштырууга;
5) ачык от менен колдонууга (жалын, шам);
6) колдон жасалган электр жылытуучу каражаттарды колдонууга.
511. Авариялык чыгуучу эшиктин үстүндө авариялык электр кубаттуулук булагынан "ЧЫГУУ" деген күйүп турган табло орнотулууга тийиш.
512. Кемеде сутканын кайсыл убагында болбосун бардык бекитилүүчү бөлмөлөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгү болушу керек. Бекитилген эшикте ачкыч бөлмөнүн ички жагынан кулпунун ичинде калтырылбоого тийиш.
Эвакуациялоо жолунда жайгашкан эшиктерди кулпу менен бекитүүгө тыюу салынат.
513. Кемеде адамдар болгон учурда (экипаждын мүчөлөрү, жүргүнчүлөр, кемени оңдоочу уюмдун персоналы) эвакуациялоо жолдору дайыма жарык болуп турууга тийиш.
514. Элдерди эвакуациялоодо бузулган кеменин тепкичтерин жана торлорун убактылуу оңдогон учурда кеменин бөлмөлөрүнөн кошумча эвакуациялык жолдор каралышы керек.
515. Өрт чыккан учурда капитан дароо кырсык болгон жана кошуна бөлмөлөрдөн элдерди эвакуациялоо жана өрттүн очогун текшерүү жана аны өчүрүү чараларын көрөт.
516. Кемедеги өрттү өчүрүү өрттүн жайылуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кеменин өрттү өчүрүү планына ылайык уюштурулат.
517. Кемедеги өрт менен күрөшүүнүн алгачкы чаралары катары капитан төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) адамдардын өмүрүнө коркунуч түзүлгөн, жарылуу коркунучу, өрт тез жайылган бөлмөлөрдө жана багыттарда (эвакуация жолдорун) стационардык суу чачуучу системаларын жана суу тоскучтарын, эгер бар болсо ишке киргизүү, башка стационардык өрт өчүрүү системаларын жана өрткө каршы каражаттарды колдонууга даяр кылуу;
2) өрттүн очогун дароо герметизациялоо, авариялык отсектин вентиляция системасын токтотуу, өрттүн жана түтүндүн жайылуусуна бөгөт коюучу башка чараларды көрүү, аракеттерди өрттүн очогун чектөөгө жана өчүрүүгө багыттоо;
3) өрт болгон райондо электр энергиясын өчүрүү;
4) жүктү жана материалдык баалулуктарды өрттөн коргоо боюнча чараларды көрүү;
5) өрттү өчүрүүгө катышкан элдерди өрттүн кооптуу факторлорунан, электр тогу менен жабыркоодон, өрт өчүрүүдө колдонулган каражаттардын жагымсыз таасиринен коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу.
Өрттүн кооптуу факторлору "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
518. Жүргүнчүлөрдү куткаруу шашылыш чара катары каралууга тийиш жана өрт менен күрөшүү боюнча негизги аракеттер менен биргеликте уюштурулушу керек.
Эгерде адамдардын өмүрүнө же кеменин кыйроосуна коркунуч туулган учурда, ошондой эле күчтөр жана каражаттар элдин өмүрүн сактоо үчүн жана өрттү өчүрүү боюнча ишти аткарууга жетишсиз болсо, авариялык топтордун бардык курамын элди куткарууга колдонуу керек.
§ 4. Аба транспортундагы өрт коопсуздугу
519. Аба учактарын оңдоочу ангар курулмаларынын жана корпустарынын дарбазалары механикалык иштеткичи менен жабдылышы керек, жеңил ачылып жана бир же эки адамдын күчү менен ачылуучу ыктамасы болууга тийиш.
Дарбазалардын күйүүчү конструкциялары өрттөн корголушу керек (атайын эритме менен иштетилип же оттон коргоочу боёк менен капталат).
Аба учактарын оңдоочу ангар курулмаларын жана корпустарын күйүүчү пластик жана органикалык материалдар менен жылуулатууга тыюу салынат.
520. Ангар курулмаларында жана оңдоочу корпустарында турган бардык аба учактары эки жеринен жерге туташтырылышы керек.
521. Монтаждоочу аянтчалар, тактайлар, шаты, тепкичтер күйбөөчү материалдардан даярдалууга тийиш, аларды аба учактарынан ылдам алып салуу мүмкүндүгү каралышы керек.
Майланышкан тактайлар өз убагында жаңылары менен алмаштырылууга тийиш.
522. Аба учактарын ангар курулмаларына жана оңдоочу корпустарына киргизүүгө кыймылдаткычтары өчүрүлгөн соң 20 мүнөттөн кийин, бак күйүүчү майлардан бошотулгандан жана аккумуляторлору, кычкылтек баллондору чыгарылгандан кийин гана уруксат берилет, ал эми кычкылтек системасы кычкылтектен бошотулушу керек.
Аба учактарына жакын жайгашкан ангар курулмаларында жана оңдоочу корпустарда ишкананын күзөт кызматына өрт жөнүндө ыкчам маалымат берүү үчүн түз телефон байланышы же баскычтуу айгай сигналдары орнотулушу керек.
523. Ангар курулмаларында жана оңдоочу корпустарда турган аба учактары аларды тез эвакуациялоо үчүн буксирдик жабдыктары менен камсыздалууга тийиш.
Домкраттарга жана бош турган шассилерге орнотулган аба учактары арткы катарларга жайгаштырылышы керек. Эвакуацияланууга мүмкүн болбогон аба учактары стационардык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголушу керек.
524. Ар бир ангардык курулма жана оңдоочу корпус үчүн өрт учурунда аба учактарын коргоочу жана эвакуациялоочу пландар иштелип чыгып, көрүнүктүү жерлерге илиниши керек жана аларда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
1) атайын кызматтарды чакыруу тартиби;
2) аба учактарын эвакуациялоонун тартиби жана кезеги;
3) эвакуациялоого мүмкүн болбогон аба учактарын коргоо боюнча аракеттер;
4) колдонулуучу өрт өчүрүү каражаттары жана курулуш конструкцияларын коргоо;
5) эвакуациялоочу буксирдик каражаттар жана алардын жайгашкан жайлары;
6) аба учактарын эвакуациялоо үчүн элдин саны, аларды иш убагында жана эс алуу учурунда кабарлоо ыкмасы;
7) эвакуациялана турган аба учактарын жайгаштыруучу аянтчалар.
Жумушчуларды өрт учурунда көрүлүүчү аракеттерге үйрөтүү боюнча машыгуулар кварталда бир жолу өткөрүлүүгө тийиш.
525. Ангар курулмаларында жана оңдоочу корпустарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүүчү конструкциялардан жана материалдардан тосмолорду жана антресолдорду курууга;
2) аба учактарына күйүүчү жана майлоочу материалдарды куюуга;
3) кыймылдаткычтарды жүргүзүүгө, жылытууга жана сынап көрүүгө;
4) сырдоо иштерин жүргүзүүгө;
5) аба учактарында ачык отторду колдонууга жана ширетүү иштерин жүргүзүүгө;
6) күйүүчү майлоочу, лак, боёк материалдарын, кислоталарды сактоого;
7) түтүн чыгуучу түтүктөрү учкун өчүргүчтөр менен жабдылбаган атайын техникалардын кирүүсүнө;
8) дарбазаларды жана эвакуациялык эшиктерди тосууга;
9) кыймылдаткычтарды, тетиктерин жана түйүндөрүн өрткө кооптуу эриткичтер менен тазалоого.
526. Аба учактары токтоочу жайлардын (50 метр радиустагы аралыкта) аймагы дайыма кургак чөптөрдөн, таштандылардан, күйүүчү материалдардан тазаланып турушу керек. Калган күйүүчү майларды, колдонулган майларды төгүү үчүн атайын идиштер каралууга тийиш, ал эми колдонулган майланган материалдарды (чүпүрөктөрдү) чогултуу үчүн - тыгыз жабылуучу капкагы менен темир кутулар каралышы керек.
Майланган чүпүрөктөрдү, колдонулган майлар жана калдыктары жумуш күндүн аягында жыйналышы керек.
527. Токтоочу жайда, ошондой эле ангарда жана оңдоо корпустарында жайгашкан бардык аба учактары дайыма жерге туташтырылууга тийиш. Аба учактары токтоочу жайларда технологиялык жабдыктардын комплектинде стационардык жерге туташтыруучу тростору жок аба учактарын жерге туташтыруу үчүн бир башында казыгы жана экинчи башында кыстыргычы бар көчмө жерге туташтыруучу тростор болушу керек. Казыктар жана кыстыргычтар трос менен ширетүү же данекердеп бириктирилет. Болт менен кошууга тыюу салынат.
528. Аба учактары токтоочу жайларда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) отунду, майды жана башка оңой өрттөнүүчү жана күйүүчү суюктуктарды жерге төгүүгө. Төгүлүп кеткен учурда аларга тез арада кум себилип тазаланышы керек;
2) атайын бөлүнгөн жайлардан сырткары жерде тамеки чегүүгө;
3) иштеп жаткан механизация каражаттарын жана технологиялык жабдууларды, ошондой эле аэродромдук электр кубаттуулугуна кошулган аба учактарын кароосуз калтырууга;
4) өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттары жок кыймылдаткычтарды жүргүзүүгө же башка иштерди аткарууга.
529. Аба учактарында күйүүчү жана өрт жагынан кооптуу заттарды колдонуу менен аткарылган бардык иштер (май куюу, отун, май, кычкылтек жана гидравликалык системаларды тазалоо жана сыноо; кыймылдаткычтарды жууп тазалоо; органикалык эритүүчүлөрдү, желимди жана герметикти колдонуу менен жасалган иштер) өрт коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу кишинин көзөмөлү алдында аткарылышы керек.
Күйүүчү заттар колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан иштердин зоналарында башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул мезгилде аба учактары өчүрүлүшү керек.
530. Аба учактарында күйүүчү заттар колдонулган иштерди баштоонун алдында төмөнкүлөр аткарылууга тийиш:
1) аба учагын өчүрүү;
2) аба учагын жерге туташтыруучу контурга кошуу, жерге туташтыруучу казыктын контур менен ишенимдүү кошулгандыгын тактоо, аба учагына буксирдик сүйрөтүүчүнү кошуу;
3) желдетүү үчүн, ошондой эле өрт болгон учурда бардык элди эвакуациялоо максатында аба учагындагы бардык эшиктерди, терезелерди жана люктарды ачуу;
4) иштеп жаткан зонада жарылуудан корголгон көчмө кирүүчү жана чыгуучу желдетүү орнотмолорун орнотуу;
5) жумуш орундарында өрттү өчүрүү каражаттарын орнотуу, алдын ала алардын иштөөсүн текшерүү.
531. Аба учагындагы иштерге керектелүүчү күйүүчү заттар жумуш орундарына технологиялык шарттар менен чектелген өлчөмдө даяр түрүндө, атайын орнотмолордо, идиштерде же тарада жеткирилүүгө тийиш.
Күйүүчү заттар үчүн тара учкундарды жаратпаган материалдардан жасалып, анын конструкциялык аткарылышы суюктуктардын төгүлүүсүнө жол бербеши керек.
Күйүүчү заттарды жумуш орунда даярдоого же эриткичтер менен аралаштырууга тыюу салынат.
532. Жарылуу коркунучу бар зоналарда, ошондой эле отун, гидравликалык жана кычкылтек системаларында күйүүчү заттарды колдонуу менен иштерди жүргүзүүдө пайдаланган кол инструменттери учкун чыгарбоочу материалдардан даярдалышы керек.
Кычкылтек системаларын тейлөө үчүн колдонулуучу инструменти таза, майлардан тазаланган болуп, башка иштер үчүн колдонулбашы керек.
Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациясы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
533. Көтөрүп жүрүүчү чырактарды жана электр инструменттерин электр тармагына аба учагынан сырткары жерде кошуу керек.
Жарылуу коркунучу бар зоналарда отун, гидравликалык жана кычкылтек системалары менен иштөө үчүн көтөрүп жүрүүчү чырактар жарылуу коркунучу жок болуп жасалышы керек. Жарылуу коркунучу бар зоналарда электр инструменттерин колдонууга тыюу салынат.
Көтөрүп жүрүүчү чырактардын жана электр инструменттеринин бузулбагандыгы айына бир жолу, ошондой эле ишке берилүүнүн алдында текшерилүүгө тийиш.
534. Аба учактарында отко байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. Ширетүү иштерин жүргүзүүгө муктаждык жаралган учурда, тетиктер жана түйүндөр чечилип, аларды ширетүү атайын бөлмөлөрдө жүргүзүлөт.
535. Аба учактарынын кычкылтек системасы менен иштөөдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ушул эле учурда аба учагында башка иштерди жүргүзүүгө;
2) кычкылтек жабдуусунан 25 метрден жакын аралыкта жалын булактарын колдонууга;
3) кычкылтек системасында кычкылтек басымы болгон учурда түтүктөрдү чечүү иштерин жүргүзүүгө;
4) электр өткөргүчтөрдүн бекитүүчү боосу кычкылтек системасынын түтүктөрүнө тийгизүүгө же бекитүүгө.
536. Гидравликалык системасын толтуруу, тазалоо жана сыноо иштери атайын стендде жабык ыкма менен толтуруунун борттогу штуцерлери аркылуу жүргүзүлүшү керек. Иштерди аткаруу үчүн атайын чыгаруучу элементтерди, ыктамаларды жана инструменттерди гана колдонуу зарыл.
Гидравликалык системаны толтуруу, тазалоо жана сыноо иштерин жүргүзүү учурунда аба учагында башка иштер жүргүзүлбөшү керек.
Агым байкалган учурда гидро суюктуктардын берилишин ошол замат токтотуу керек. Толтуруу, тазалоо жана төгүү процессинде гайкаларды тартууга, бекитүүгө же системанын башка оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
537. Аба учкучтарына күйүүчү майды бортунда жүргүнчүлөр жок учурунда куюу керек. Кээде гана, бортунда жүргүнчүлөр болгон кезде, аба учагынын командиринин уруксаты менен арадагы аэропорттордо (токтоо убагы чектелген, токтоо жайы аэровокзалдан алыс болуп, метеошарттар начарлаган учурда) күйүүчү майды кошумча куюуга уруксат берилет.
538. Бортунда жүргүнчүлөр болгон кезде күйүүчү майды кошумча куюу учурунда төмөнкүдөй талаптар аткарылууга тийиш:
1) жүргүнчүлөргө жарыкты өчүрбөө же күйгүзбөө, зажигалка, ширеңкелерди колдонбоо, тамеки чекпөө же башка жол менен от чыгарбоо керектигин эскертүү;
2) май куюунун алдында эшиктердин жана "тамеки чекпе" деген жарык таблолору күйүп турушу керек;
3) аба учагынын негизги чыга бериштеринде тепкичтер орнотулушу керек жана аларга ээн-эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо керек;
4) жүргүнчүлөрдү эвакуациялоону жетектөө зарылдыгы болгондо, ар бир эшикте бортпроводник же экипаждын мүчөсү болууга тийиш.
Эгерде май куюу учурунда аба учагынын ичинде күйүүчү майдын буулары, агымы жана төгүлгөнү байкалса, бардык жүргүнчүлөр тез арада эвакуацияланууга тийиш, ал эми коркунуч жоюлганга чейин аба учагына май куюу токтолушу керек.
Бортунда жүргүнчүлөрү менен май куйган жерде аэродромдун өрт өчүрүү каражаттары жана өрттөн куткаруу бөлүктөрү болууга тийиш.
539. Отун жерге төгүлгөндө, ошондой эле аба учагынын ичинде жарылуу коркунучу бар аралашма табылган учурда же өрт чыгуунун башка коркунучу жаралган кезде, май куюу (төгүү) тез арада токтотулуп, өрт коопсуздугунун бардык чаралары көрүлүшү керек.
Мында май куюп (төгүп) жаткан кызматкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) май куюуну (төгүүнү) токтотууга жана электр кубаттуулукту өчүрүүгө;
2) май куюучу (төгүүчү) шлангдарды аба учагынан ажыратууга;
3) аэропорттун өрттөн куткаруу кызматын же жакынкы калктуу пункттун өрттү өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын чакырууга;
4) май куюучу каражаттарды аба учагынан 75 метрден кем эмес аралыкка алыстатууга;
5) аба учагынын үстүнөн жана ич көңдөйүнөн отунду жок кылуу, ал эми отун жерге төгүлгөн учурда - төгүлгөн жерди өрт өчүрүүчү көбүк менен алдын ала каптатып, аба учагын башка токтоочу жайга сүйрөп кетүүгө;
6) төгүлгөн отунду суунун, таарындынын, кумдун же чүпүрөктүн жардамы менен кетирүү.
540. Аба учактарын көчмө же көтөрүп жүрүүчү май куюу каражаттарынын жардамы менен май куюу да төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1) май куюу каражатын жерге туташтырылган отун идиштин жана аба учагынын ортосунда куюучу жана бөлүштүрүүчү түтүктөрүнүн узундугун эске алуу менен орнотууну;
2) май куюу каражатын жерге туташтырууну;
3) май куюу каражаты менен аба учагынын ортосундагы потенциалдарды ийилчээк металл тросун кошуу менен теңдештирүү;
4) тростун башын отун идишине кошуу жолу менен "куюу түтүгүнүн башы - отун идиши" электр байланышын камсыздоону;
5) кыймылдаткычтардын, электр жабдуулардын, үн басаңдаткычтардын, учкунду баскычтардын жана көчмө май куюу каражаттарынын башка учкун чыгарууга жана ысытууга жөндөмдүү булактарынын ишин дайыма контролдоп турууну.
541. Аба учагынын кыймылдаткычын жүргүзүү жана сынап көрүүнүн алдында өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын даярдыгын, ошондой эле токтоочу жайдагы башка аба учактарынын коопсуз жайгашканын текшерүү керек.
542. Жаңыдан орнотулган кыймылдаткычты биринчи жолу иштетүүнү жана сынап көрүүнү милдеттүү түрдө өрткө каршы автомобилдин өрттөн куткаруу кызматы болгондо гана жүргүзүү керек.
543. Аба учактарынын кыймылдаткычтарын жүргүзүү жана сынап көрүү учурунда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) аба учагында технологияда каралган өзгөчө учурлардан сырткары кандайдыр бир иштерди аткарууга;
2) май куя турган оозунан отундун, майдын жана атайын суюктуктардын болушун текшерүүгө;
3) аба учагынын кабинасын калтырууга же башкаруу пультун алаксып таштоого;
4) аба учагын жүктөөгө (жүгүн түшүрүүгө), жүргүнчүлөрдү отургузууга (түшүрүүгө).
544. Эгерде кыймылдаткычты жүргүзүүдө (сынап көрүүдө) өрт чыккан учурда, аны дароо өчүрүп, борттогу же жердеги өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу керек.
§ 5. Жарылуу, өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды ташуудагы өрт коопсуздугу
545. Кооптуу жүктөрдү ташыганда жүктүн сактыгын жана ташуу коопсуздугун камсыз кылуучу, жүктүн төгүлүп же чачылып кетишине жол бербеген бекем, сынбай турган тара жана таңгактар гана пайдаланылууга тийиш.
546. Күйүүчү газды, тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды ташыган автоцистерналар ишенимдүү жерге туташтырылуу менен, өрт өчүргүчтөр, кийиз, салмагы 25 кг кем эмес кум толтурулган идиштер менен жана жүктүн кооптуулугунун даражасына ылайык марка коюлушу керек, ал эми түтүн чыккан түтүктөрү бузулбаган учкун баскычтар менен жабдылууга тийиш.
547. Тез от алуучу, уу чыгарган, көздү ачыштырган, дат бастыруучу буу же газ бөлүп чыгарган, аба жана ным менен кошулганда коркунуч келтирген, жарылуу, өрт коркунучу бар жүктөр, ошондой эле кычкылдантуу касиетине ээ болгон жүктөр жылчыксыз таңгакталууга тийиш.
548. Айнек идиштеги кооптуу жүктөрдү бекем ящиктерге же тордомолорго (жыгач, пластмасса, металл) салып бекитип, бош жерин тийиштүү күйбөгөн жана суюктукту соруп алган материалдар менен толтуруу керек.
Бийиктиги оозу тыгындалган бөтөлкөлөр менен банкалардан 0,05 метр жапыз ящиктерди пайдаланууга тыюу салынат. Майдалап ташыганда айнек идиштеги кооптуу жүктү капкактуу жыгач ящиктерге салса болот.
549. Металл же пластмасса банкалардагы, бидондогу жана канистрдеги кооптуу жүктөрдү кошумча түрдө жыгач ящиктерге же торчолорго салуу керек.
550. Ар кандай топтогу кооптуу жүктөрдү, ошондой эле чогуу ташууга уруксаат берилбеген бир топко кирген айрым кооптуу жүктөрдү бир вагонго же контейнерге жүктөөгө тыюу салынат.
551. Вагонго кислота куюлган идиштерди жүктөгөндө, аны тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар куюлган идиштердин каршы тарабына коюу зарыл. Вагондогу баардык идиштер бири-бирине тыгыз жайгаштырылып жана бекем бекитилүүгө тийиш.
552. Уулуу газдар жана тез от алуучу уулуу газдар менен баллондорду, ошондой эле ушул газдардан бошотулган баллондорду контейнерлерде же вагондордо гана заттар менен материалдарды чогуу сактоо боюнча талаптарды аткарып ташыйт.
553. Күйүүчү жана уулуу газ баллондорду сактагыч калпакчаларын бир тарапка каратып, горизонталдык абалда жүктөө зарыл.
Бардык баллондордо коргой турган алкакчалары болгондо жана баллондор оодарылып же жыгылбай турган шартта гана газ баллондорду тикесинен ташууга уруксат берилет. Жүк эшикти көздөй ооп жыгылуусуна жол бербөө максатында эшиктердин оозу калыңдыгы 40 миллиметрден кем болбогон тактай менен тосулат.
Тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктар стандарттуу жылчыксыз жана пломбаланган челектерде ташылышы керек.
Изопропил нитратын жана саминди ташый турган вагондорду жүгү барда да, жүгү жокто да жүк жөнөтүүчүнүн (жүк алуучунун) адистери коштоп жүрүүгө тийиш.
554. Сыйымдуулугу 10 литр жана андан ашык тез от алуучу жана күйүүчү суюктук толтурулган айнек тараны тордолгон корзиналарга же жыгач торчолор менен тосулган абалда ташуу керек, ал эми 10 литрге чейинки айнек идиштерди бекем жыгач ящиктерге салып, козголбой тургандай кылып материалдарды төшөйт, алар катуу урунууга жол бербейт жана талкаланган учурда аккан суюктукту соруп алат.
555. Транспорт каражатында, ошондой эле бул заттарды камтыган ар бир жүк ордунда жарылуу, өрт коркунучу бар заттар ташылганда коопсуздук белгилери коюлат.
556. Автотранспортто жарылуу, өрт коркунучу бар заттардын чоң партиясын калктуу пункттардын аймагынан ташып өткөндө жүк ташуунун коопсуздук талаптарын так сактоо менен түнкүсүн гана жүргүзүлүүгө тийиш.
557. Жарылуу, өрт коркунучу бар заттарды ташууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тез от алуучу суюктуктарды жана күйүүчү газ толтурулган цистерналарды калктуу пункттун аймагынан күндүзгү убакта ташып өтүүгө;
2) ташыган унааны булкуп токтотууга;
3) күйүүчү газ баллондорду коргой турган башмаксыз ташууга;
4) транспорт каражатын кароосуз калтырууга.
558. Жалпы көлөмү 10 м3 ашкан суюлтулган көмүр суутек газын калктуу пункттардын аймагында газ куюучу көчмө станциялардан сатууга тыюу салынат.
559. Жарылуу, өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды жүктөгөн жана түшүргөн жер төмөнкүдөй жабдылууга тийиш:
1) иштөө шартында өрт коопсуздугун камсыз кылган атайын жабдуулар (мамыча, тосмо, трап, замбил) менен. Мында айнек идиштер үчүн уясы бар кол арабаларды же атайын замбилдерди пайдалануу керек. Айнек идишти эки адам көтөрө тургандай туткалары бар бузулбаган корзиналар менен ташууга уруксат берилет;
2) өрт өчүрүү жана авариялык жагдайларды жоюу каражаттары менен;
3) бузулбаган стационардык же убактылуу жарык бергичтер менен.
560. Жарылуу, өрт коркунучу бар жүктөрдү жүктөп-түшүргөн жерлерде отту ачык пайдаланууга тыюу салынат.
561. Пайдалана турган жүк жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдер бузулбаган болууга тийиш.
562. Жүк жүктөөнү же түшүрүүнү күтүп жаткан айдоочуларга жана машинисттерге, ошондой эле жүктү жүктөп же түшүрүп жаткан учурда транспорт каражатын кароосуз калтырууга тыюу салынат.
563. Жарылуу, өрт коркунучун келтирген заттар менен материалдарды жүктөөгө коюлган транспорт каражаттары (вагондор, кузовдор, чиркегичтер, контейнерлер) оң абалда болууга жана бөтөн нерселерден тазаланууга тийиш.
564. Идиш (таңгак) бузулганы, заттар чачылып же төгүлгөнү байкалганда бузулган идишти (таңгакты) дароо алып кетүү керек, пол тазаланып, төгүлгөн же чачылган жарылуу, өрт коркунучун келтирген заттар жыйналат.
565. Жарылуу, өрт коркунучун келтирген жүктү жүктөп-түшүргөн учурда жумушчулар таңгагындагы марка белгилеринин жана эскерткен жазуулардын талабын сактоого тийиш.
566. Автомобилдин кыймылдаткычы иштеп турганда, ошондой эле жаан учурунда, эгерде заттар менен материалдар сууга тийгенде от алып кетиши мүмкүн болсо, жарылуу, өрт коркунучу бар заттар менен материалдарды жүктөөгө-түшүрүүгө тыюу салынат.
567. Вагондордогу, контейнерлердеги жана автомобилдердеги жарылуу, өрт коркунучу бар жүктөр кыймыл учурунда оодарылбашы үчүн жакшылап бекитилиши керек.
§ 6. Автомай куюучу станциялардын өрт коопсуздугу
568. Автомай куюучу станциялардын ишканаларынын жетекчилери ушул бөлүмдүн жоболорунун негизинде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча нускаманы иштеп чыгууга тийиш, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мунай продуктуларын кабыл алуу тартиби, аларды сактоо жана керектөөчүлөргө берүү шарттары;
2) аймакты күтүү тартиби;
3) өрт өчүрүү каражаттарын күтүү, аларды аракетке келтирүү жана өрт чыкканда өрттү өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүн чакыруу эрежелери;
4) май болгон материалдарды жана кумду жыйноо, сактоо жана жок кылуу, атайын кийимди сактоо, жайларды жыйноо жана технологиялык жабдууларды тазалоо тартиби;
5) автомай куюучу станциялардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү.
569. Автомай куюучу станцияда өрт коркунучу чыккан учурда технологиялык системанын (өрткө каршы коргоо системасына электр берүүдөн башка) электр берүүсү өчүрүлүп, объекттин эксплуатациясын токтотуу менен анын аймагын транспорт каражаттарынан жана келүүчүлөрдөн бошотулат жана ушуну менен бирге өрт коркунучу бар жагдайды жоюуга киришүү керек.
570. Күйүүчү май көп эмес төгүлгөндө май чыккан жерди дароо токтотуп, өрт коркунучу бар кырдаалды жоюуга киришүү керек. Чоң аянтка күйүүчү май төгүлгөндө бүткүл аянт аба-механикалык көбүк менен жабылат жана отун авариялык резервуарга толугу менен төгүлгөнгө чейин көбүктү калыңдатып кармап турат.
571. Отун автоцистернага жакын жер ден төгүлгөндө автоцистернанын кыймылдаткычын от алдыруу жана аны автомай куюучу станциянын аймагынан алып кетүү (эгерде бул адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбесе) төгүлгөн отун күйө баштаганда же өрт чыгарбоо үчүн төгүлгөн кум тазалангандан кийин гана жүргүзүлөт. Күйүүчү май чоң аралыкка төгүлсө автоцистерна май төгүлгөн жерди айланып өтүп, автомай куюучу станциянын аймагынан дароо чыгып кетүүгө тийиш.
572. Автоцистернанын жабдуулары күйө баштаса, ар биринин көлөмү 50 литрден кем болбогон күкүмдүү өрт өчүргүчтөрдүн жана автоцистернанын штаттык өрт өчүргүчтөрүнүн жардамы менен өрттү өчүрүүгө киришүү керек, ал эми төгүлгөн май күйө баштаса, жогоркуларга кошумча түрдө ар биринин көлөмү 100 литрден кем болбогон аба-көбүк чачуучу өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен өрттү өчүрө баштоо керек.
573. Автомай куюучу станциялардын бардык кызматкерлери жана автоцистерналардын айдоочулары өрткө каршы атайын даярдыктан өтүшөт, ал өрткө каршы инструктаждан (өрт-техникалык минимум боюнча алгачкы жана кайталанган сабактардан) турат.
574. Имараттар менен курулмалардын ортосундагы өрткө каршы ачык жерлерди ар кандай заттарды жана материалдарды жыйноого, транспорт каражаттарын жайгаштырууга жана капиталдык же убактылуу объектилерди куруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
575. Автомай куюучу станциялардын аймагы боюнча транспорт каражатынын кыймылы бир багыттуу болууга тийиш. Мында өзүнчө кире турган жана чыга турган жерлер камсыз кылынат.
576. Автомай куюучу станциялардын аймагындагы жолдор, суу ала турган жана өрт өчүрүүчү каражаттарга бара турган жолдор дайыма бош болушу зарыл. Кышкысын бул жолдор кардан тазаланып турат.
577. Колдонуп жаткан аарчуучу материалды жана мунай продуктулары сиңген кумду жыйноо үчүн капкагы бекем жабылган металл ящиктер коюлушу керек. Аарчуучу материалдар жана мунай продуктулары сиңген кум автомай куюучу станциялардын чегинен чыгарылып, жумасына бир жолу жок кылынып турат.
578. Автомай куюучу станциялардын аймагында тамеки чегүүгө катуу тыюу салынат.
579. Автомай куюучу станциялар үчүн төмөнкүлөрдү көрүнүктүү жерге илип коюу зарыл:
1) өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдардын аты-жөнүн жана кызматын көрсөтүү менен табличкаларды;
2) өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрүнүн телефон номерлерин;
3) өрт коопсуздугунун чаралары боюнча нускамалар;
4) колдонгон жайларды, эвакуациялык чыгуучу эшиктерди, өрт өчүрүү жана сигнализация каражаттары жайгашкан жерлерди көрсөтүү менен имараттын пландары.
580. Автомай куюучу станциялар узундугу 3 метрден кем эмес унаа сүйрөтүүчү катуу штанга менен камсыз кылынат, ал автомай куюучу станциянын аймагынан күйүп жаткан транспорт каражатын шашылыш эвакуациялоо үчүн колдонулат.
581. Автомай куюучу станциялар коопсуздук белгилери жана жол белгилери, анын ичинде тамеки чегүүгө жана ачык отту пайдаланууга тыюу салган, жүргүнчүлөрдүн жана май куюлуп жаткан транспорттун кыймылын жөнгө салган белгилер менен камсыз кылынат.
582. Автомай куюучу станциянын имараты борбордук жылытуу системасы менен жабдылат.
Автомай куюучу станциялардын ичинде күйүүчү конструкцияларга жана материалдарга чейинки аралыкты сактоо менен заводдо даярдалган май менен жылыган электр приборлорун коюуга уруксат берилет. Жылуулук приборлоруна жана ар түрдүү түтүктөргө күйүүчү материалдарды (атайын кийимди, аарчуучу материалды) жайып коюуга, ошондой эле жылытуучу приборлорго кийимдерди жана бут кийимди кургатууга тыюу салынат.
Автомай куюучу станциянын аймагында жана имаратында жылытуучу орнотмолорду жана ачык от жагыла турган түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салынат.
583. Тейлөөчү персоналдын атайын кийими металл шкафтарда илинген бойдон сакталат.
584. Автомай куюучу станциялар өрт жайылып кетиши мүмкүн болгон айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген жерге, токойго, паркка ж.б. жакын жайгашкан учурда автомай куюучу станциялардын чек арасынын периметри боюнча үстүнөн от жайылбаган материалдардан аткарылган жер үстүнөн жабуу каралууга тийиш, же жазылыгы 5 метрден кем болбогон жер тилкеси айдалып салынат.
585. Автомай куюучу станциялардын технологиялык жабдуулары:
1) долбоордук, техникалык-эксплуатациялык документтерге жана техникалык шарттарга ылайык келүүгө тийиш;
2) бузулбаган контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор болушу керек;
3) жылчыксыз болот.
586. Төмөнкү учурларда технологиялык жабдууларды колдонууга тыюу салынат:
1) күйүүчү май төгүлсө;
2) контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор болбогондо, бузулганда, өчүрүлгөндө же текшерүү мөөнөтү өтүп кеткенде;
3) ар кандай бузулуусу аныкталганда.
587. Негизги жана көмөкчү технологиялык жабдуулар статикалык электрден корголушу керек.
588. Жарылуу коркунучу бар аралашмалар пайда болушу мүмкүн болгон зоналарда иштегенде кийимден жана бут кийимден учкун чыгарбай турган коопсуз инструменттерди колдонуу зарыл.
589. Колдонуудан чыккан резервуарларды ташуу, ордунан жылдыруу, орнотуу, оңдоо ичиндеги күйүүчү майдан толук тазаланып, суунун буусу менен буулантып, жылуу суу менен жууп, инерттүү газ менен үйлөтүп жана газ анализатордун жардамы менен жарылуу коркунучу бар аралашмалардын калбагандыгын текшергенден кийин гана ишке ашырылууга тийиш.
590. Автомай куюучу станциянын технологиялык системаларынын жылчыксыздыгын пневматикалык сыноодон өткөрүү үчүн күйбөгөн газдарды (азот, көмүр кычкыл газы) пайдалануу зарыл. Жабдуулардан жылчык табылган учурда автомай куюучу станцияны пайдаланууну токтотуу керек.
591. Автомай куюучу комплекстердин аймагында, имараттарында, курулмаларында, жайларында, технологиялык системаларында оңдоо иштерин жүргүзүүгө коргоо объектинин жетекчиси жазуу жүзүндө уруксат берет.
592. Автоцистерналардан күйүүчү майды куюп алуу жабык схема боюнча аткарылат. Резервуарлардын жана автоцистерналардын аба чыгаруучу түзүлүштөрүн кошпогондо, күйүүчү майдын буусунун айлана-чөйрөгө чыгышына жол берилбейт.
593. Автоцистерналардан күйүүчү майды куюп аларда резервуардагы отундун деңгээли ченелет жана коргоочу түзүлүштөрдүн бузулбагандыгы текшерилет. Куюп алуу процессин автомай куюучу станциянын кызматкерлери жана автоцистернанын айдоочусу көзөмөлдөп турат.
594. Резервуардагы отундун түрүн (бензин - дизель отуну) алмаштырууда кийинкиси мурда сакталган продуктудан жакшылап тазаланат жана резервуардын корпусуна же жер астындагы резервуарларга туташкан түтүктөрдүн көрүнүктүү жерине сакталып турган отундун түрү көрсөтүлгөн жазуу калтырылат.
595. Автомай куюучу станцияга отун толтурулган автоцистерналар кирген учурда анын аймагындагы бардык транспорт жана бөлөк адамдар чыгарылат. Автомай куюучу станцияда бир учурда эки же андан ашык автоцистернанын болушуна тыюу салынат.
596. Автоцистерналардан отунду куюп алууну станциянын экиден кем эмес кызматкери төмөнкү шарттар аткарылган учурда жүргүзүүгө тийиш:
1) май куюучу аянтта автоцистерналар үчүн ар биринин көлөмү 100 литрден кем болбогон эки көчмө өрт өчүргүч орнотулганда;
2) автоцистерналардын май куюучу аянтынан мунай продуктуларынан булганган атмосферадагы жаан-чачынды агызып кетүүчү лоток тосулганда жана куюлган отунду авариялык резервуарга бурган өткөргүч түтүк ачылганда;
3) автоцистерна жерге туташтырылганда.
597. Жезден жасалган жерге туташтырылган ийилчээк өткөргүч дайыма автоцистерналардын корпусуна жалгашып турат жана учунда жерге туташтыруучу түзүлүшкө туташтыруу үчүн түзүлүшү (кыскыч, бурамалуу учтук) болот.
Жерге туташтыруучу өткөргүчтөрдү автоцистернанын боёлгон жана булганган металл бөлүктөрүнө туташтырууга тыюу салынат.
598. Транспорт каражатына автомай куюучу станцияда май куйган учурда:
1) мотоцикл менен мотороллердин кыймылдаткычтары өчүрүлөт, алар колонкалардан 15 метрден кем эмес аралыкта от алдырышы жана токтотушу керек;
2) кыймылдаткыч от алдырылганга чейин айдоочу же автомай куюучу станциянын тейлөөчү персоналы транспорттун мунай продуктусунан булганган жерин кургата сүртүүгө тийиш;
3) жерге төгүлгөн мунай продуктусуна кум чачылат, ал эми май сиңген кум жана аарчуу материалдар капкагы бекем жабылган металл ящиктерге чогултулуп, иш күнү бүткөндөн кийин май куюучу станциянын аймагынан чыгарылып кетет;
4) май куюуга токтогон автомобилдин артында кезекте турган автомобилдин аралыгы 1 метрден кем эмес болууга тийиш.
599. Автомай куюучу станцияда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кыймылдаткычы иштеп жаткан транспорт каражатына май куюуга;
2) эгерде бул колдонуп жаткан технологиялык системанын техникалык-эксплуатациялык документтеринде жана техникалык шарттарында каралбаса, транспорт каражатынын жер астындагы резервуарлардын үстүнөн өтүшүнө;
3) чагылган учурунда жана атмосферада разряддардын пайда болуу коркунучу турганда резервуарларга күйүүчү майды толтурууга жана керектөөчүлөрдү тейлөөгө;
4) автомай куюучу станциянын аймагына учкунду өчүрүүчү менен жабдылбаган тракторлордун киришине;
5) автомай куюучу станциянын жабдууларын, имараттарын жана курулмаларын оңдоого тиешеси жок оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
6) жүргүнчүлөрү бар транспорт каражатына (төрттөн кем эмес эшиги бар жеңил автомобилдерди коштогондо) май куюп берүүгө;
7) жардыргыч заттар, кысылган жана суюлтулган күйүүчү газдар, тез тутанган жана күйүүчү суюктуктар, тез от алуучу материалдар, уу чыгаруучу жана радиоактивдүү заттар жана башка коркунучтуу заттар жана материалдар жүктөлгөн транспорт каражатынын киришине.
600. Автомай куюучу станциялар өрт чыккан учурда аны өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды дароо чакыруу үчүн телефон же радио байланышы, ошондой эле үндү катуу чыгаруучу система менен камсыздалышы зарыл.
601. Бардык автомай куюучу станциялар өрттү өчүрүү жөндөмүнө, өрттүн аянтына жана классына жараша ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген санда өрт өчүргүчтөр менен жабдылууга тийиш.
602. Өрт өчүргүчтөр жайгаштырылган жерге тийиштүү көрсөтүүчү белгилер коюлушу керек.
§ 7. Автомобилдик газ толтуруу станцияларынын өрт коопсуздугу
603. Автомобилдик газ толтуруучу станцияларда газ баллондуу автомобилдерде орнотулган баллондорду гана толтурууга болот.
604. Техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен баллондорду толтурууга тыюу салынат. Баллондордун газ менен толтурууга жарамдуулугу атайын бланктарда "Баллондор текшерилди" деген штамп жана аларды текшерүүгө жооптуу адамдын колу коюлуп ырасталышы керек.
605. Эгер газ куюучу колонкалардагы газдын басымы 1,6 МПадан жогору болсо, автомобилдик баллондорду толтурууга тыюу салынат.
606. Жабдууларды монтаждоо-демонтаждоодо суюлтулган газды куюп алууга жана куюуга тыюу салынат. Насостук-компрессордук бөлүмдүн желдеткичтери жабдууларды монтаждоонун жана демонтаждоонун учурунда иштеп турушу керек.
607. Автомобилдик газ толтуруучу станциялардын аймагында демонтаждалган жабдууларды оңдоого, ошондой эле аны эксплуатациялоо менен байланышпаган башка иштерди аткарууга тыюу салынат.
608. Автомобилдик газ толтуруучу станциялардын жарылуу коркунучу бар бөлмөлөрүндө абада пропан-бутан аралашмасынын болушунун анализин сменасына бир жолудан кем эмес жүргүзүү керек.
609. Автомобилдик газ толтуруучу станциялардын аймагында от иштерин жүргүзүүдө баллондорду газ менен толтурууга жана автоцистерналардан кысылган газды төгүүгө тыюу салынат.
610. От иштерин жүргүзүү учурунда насостук-компрессордук бөлүмдүн желдеткичи иштеп турушу керек. От иштери, эгер абада газдын болушу байкалган болсо, дароо токтотулушу керек.
611. Автомобилдик газ толтуруучу станциялардын аймагында жана имаратында тамеки чегүүгө тыюу салынат, ал жөнүндө эскертүүчү белгилер, жазуулар илинип турушу керек.
612. Кысылган газдын түтүктөрүн токту жерге тарттыруучу катары колдонууга тыюу салынат.
613. Кысылган газ үчүн жер алдындагы резервуарлар суюктуктун деңгээлинин көрсөткүчтөрү, манометрлер, сактагыч клапандар жана үлгү алгычтар менен жабдылышы керек.
Манометрлер жана үлгүлөрдү алуу үчүн штуцерлердин ички диаметри 3 миллиметрден көп болбошу керек.
Резервуарларда экиден кем эмес сактагыч клапандар, алардын алдына карап чыгуу үчүн эки клапандын бирин өчүрүүгө мүмкүндүк берген, үч жолдуу кранды орнотуу керек.
614. Сактагыч клапандардан газды кайрууну эч кандай арматурасы болбогон свечалар аркылуу аткаруу зарыл.
Бир үйлөөчү свечага (свечанын бийиктиги 3 метрден төмөн болбошу керек) бир нече сактагыч клапандарды кошууга болот.
615. Компрессорду алып келүү үчүн өткөрүүчү кайыш боолор тазалыкта кармалышы керек. Шкивдер жана кайыш боонун жанындагы бардык металл нерселер жерге тартылып турушу керек, өткөрүүчү кайыш боону тосмолоону кайыш боодон 20 см кем эмес аралыкта орнотуу зарыл.
616. Ички карап чыгууларды жана оңдоолорду өткөрүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1) резервуарды газдан толугу менен бошотуу;
2) резервуарларды басып токтотмолорду орнотуу жолу менен суюк жана буу фазаларынын өткөргүч түтүктөрүнөн бөлүп салуу;
3) резервуарларды буу же инерттик газ менен үйлөө;
4) үстүңкү ачык люк болгондо резервуарларды суу менен толтуруу;
5) гидравликалык сыноолорду өткөрүү;
6) резервуарларды суудан бошоткондон жана желдеткенден кийин анын төмөнкү бөлүгүнөн абанын сынамыгын алуу.
Эгер сынамыкта газдын өлчөмү, анын жалындоосунун төмөнкү чегинин 20%нан ашпаса, анда дем алуу органдарын коргоону эске алуу менен оңдоого же ичин карап чыгууга киришсе болот.
617. Автоцистерналарды жерге туташтырууну аталган Эрежелердин 597-пунктуна ылайык аткаруу керек.
618. Автомобилдер кысылган газды куюп алуу үчүн анын кыймылдаткычына кошулуп иштеген насостор менен жабдылган жана түтүн чыгуучу түтүгүндө иштеген учкун өчүргүчү болгон учурларды кошпогондо, автоцистерналарды бошотууда автомобилдердин кыймылдаткычы өчүрүлүшү керек.
619. Автомобилдик газ толтуруу станциялардын бардык бөлмөлөрү, автомай куюучу станциялардай эле, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен камсыз болушу керек, ал эми ар бир телефондук аппараттын жанында авариялык-куткаруу бөлүгүнүн телефон номери көрсөтүлгөн табличка илинип турушу керек.
12-глава. Өндүрүш багытындагы объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Өндүрүш объектилериндеги өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
620. Уюмдун жетекчиси өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар заттар жана материалдар менен иштегенде кутуларында же коштогон документтеринде көрсөтүлгөн маркалоонун жана эскерткен жазуулардын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
Бири-бири менен кошулганда өрт чыгарышы, жарылышы же күйүүчү жана уу газдарды (аралашмаларды) пайда кылышы мүмкүн болгон заттарды жана материалдарды бирге колдонууга, сактоого жана ташууга тыюу салынат.
621. Жабдуулардын пландуу-алдын алуучу оңдолушу жана профилактикалык кароосу долбоордо жана объектилик (цехтик) нускамаларда каралган өрт коопсуздугунун чаралары көрүлгөндө жана белгиленген мөөнөтүндө жүргүзүлөт.
622. Сормо түзүлүштөрдүн (шкафтардын, сырдоочу, кургатуучу камералардын), аппараттардын жана өткөргүч түтүктөрдүн конструкциясы өрт коркунучун чыгарган катмарлардын топтолушуна жол бербейт жана өрт коопсуздугунун ыкмаларын колдонуп аларды тазалоо мүмкүндүгүн камсыздайт. Тазалоо иштери уюмдун жетекчиси бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.
623. Технологиялык жабдууларга, өткөргүч түтүктөргө жана башка жерлерге коюлуучу учкунду өчүргүчтөр, учкун тоскучтар, жалынды кармоочу, тосуучу, чаңды жана металлды кармоочу жана жарылууга каршы түзүлүштөр, статикалык электр тогунан коргоочу системалар иштей турган абалда болууга тийиш.
624. Жабдууларды, буюмдарды жана тетиктерди жууп жана майын кетирүү үчүн күйбөй турган техникалык каражаттар, ошондой эле өрт чыгарбай турган коопсуз орнотмолор жана ыкмалар пайдаланылат.
625. Жөө адамдар жүргөн тоннелдерге жана өткөөлдөргө электр кабелдерин, газ, кислота, тез от алган жана күйүүчү суюктуктар өтүүчү түтүктөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.
626. Транзиттик электр тармагын, ошондой эле күйүүчү газдарды, тез от алган жана өрт чыгаруучу суюктуктарды өткөрүү түтүктөрүн кампалар жана өндүрүштүк жайлар аркылуу тартууга болбойт.
627. Жарылуу коркунучу бар участоктордо, цехтерде жана жайларда учкун чыгарбаган материалдан жасалган же жарылуу коркунучун келтирбеген инструменттер колдонулат.
628. Уюмдун жетекчиси жайлардын дубалдарын, шыптарын, полун, конструкцияларын жана жабдууларын чаңдан, таарындыдан жана күйүүчү таштандылардан тазалоону камсыздайт.
Тазалоонун мезгилин уюмдун жетекчиси белгилейт. Тазалоо чаңдын чыгышына жана жарылуу коркунучу бар чан, аба аралашмаларынын түзүлүшүнө жол бербей турган ыкмалар менен аткарылат.
629. Тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды, күйүүчү газдарды жумуш орундарына жеткирүү борборлоштуруп жүргүзүлөт. Аз өлчөмдөгү тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды жумуш орундарына атайын коопсуз идиште жеткирүүгө уруксат берилет.
630. Өрткө каршы дубалдардагы жана тосмолордогу технологиялык оюктар отту тосо турган түзүлүштөр менен корголот.
631. Жарым фабрикаттарды идишсиз ташуу үчүн шахта көтөргүчтөрүнүн жүктөөчү түзүлүштөрү жүктөө учурунда гана ачылуучу тоскучтар менен жабдылат.
632. Өрткө каршы эшиктердин өзү жабыла турган механизмдери бузулбаган болууга тийиш. Отту тоскон түзүлүштөр иш күнү өткөндөн кийин жабылат.
633. От тосуучулардын оң иштеши дайыма текшерилип турат жана анын отту өчүргөн тетиктери тазаланып, мембраналык клапандары текшерилет. Текшерүү мөөнөтү бекитилген цех көрсөтмөлөрүндө белгиленет.
634. Күйүүчү суюктук колдонулган гидравликалык системаларда бактагы майдын деңгээлин контролдоо коюлат.
Системадагы майдын басымы паспортто каралгандан жогору болушуна жол берилбейт.
Гидравликалык системалардан май чыгып жатканы байкалганда, аны дароо четтетүү зарыл.
§ 2. Жыгач иштетүү өндүрүшүндөгү өрт коопсуздугу
635. Жыгач тилүүчү рамаларды, устундарды тилүүчү, фрезердик-тилүүчү жана башка станоктор менен агрегаттарды төмөнкүлөр орун алганда иштетүүдө жол берилбейт:
1) араанын тосмого тийишинде;
2) тиштери жетишсиз же бирдей эмес чабылган арааны колдонууда;
3) майлоо жана муздатуу системалары бузулганда;
4) муздатуу системасындагы басым паспорттогудан төмөн болгон учурда жыгач тилүүчү раманын автоматтык түрдө токтотулушун камсыз кылуучу түзүлүшсүз иштетилгенде жана муздатуу, майлоо системалары бузулган учурда;
5) тилүүчү рамкасы кыйшайып кеткенде, жылдыргычтары бошоп жана туура эмес багытталганда;
6) подшипниктер 70 °Cден ашык ысып кеткенде.
636. Сырьенун бутоочу машинага берген конвейерлер металл тапкычтар менен жабдылат, металл буюмдар тийип кеткен учурда конвейерлер автоматтык түрдө токтойт жана үн аркылуу белги берет.
637. Бутоочу машинанын куйгучун тазалоо үчүн металл буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
638. Иштетүүгө кете турган технологиялык чамындылар, ошондой эле таарындылар пресске киргенге чейин металл тапкычтар аркылуу өткөрүлөт.
639. Жылмалоочу станоктордун алдында жыгач таарындыларынан жасалуучу такталар үчүн орнотулган металл тапкычтар сигнализация жана блоктолгон жылдыруучу түзүлүштөр менен жабдылат.
640. Тууралган жыгач чамындылары барган бункерлер жана калыпка салуучу машиналар аспирация системасы менен жабдылат, ал идиштин ичин копшуп турат жана толуп кеткендиги жөнүндө белги берген датчиктер менен жабдылат.
641. Ысык менен иштеген пресстин, жүктөп жана аны түшүрүп турган этажеркалардын үстүндө сормо зонт орнотулат, ал плиталар кошулуп жана ажырап жаткан учурда бөлмөгө чаңдын жана газдын бөлүнүп чыгышын жокко чыгарат.
642. Барабан кургаткыч жана кургак чамындылар жана чаң чыккан бункерлер өрттү автоматтык түрдө өчүрүүчү жана жарылууга каршы орнотмолор менен жабдылат.
643. Таарынды жана чаңдуу материалдарды жөнөтүү системасы оттун чыгышына жол бербей турган жасалгалар жана отту өчүрүүчү люктар менен жабдылат.
644. Жыгачтын чаңын жана башка жарылууга кооптуу чаңды жыйноо үчүн аспирациялык жана пневмотранспорттук системалар дайыма иштеп турган жарылууга каршы түзүлүштөр менен жабдылат.
645. Таарынды жыгач плиталарын жылуулук менен иштете турган камералар суткасына бирден кем эмес жолу чайырлардын жана жыгачтын пиролиз продуктуларынын калдыктарынан, чаңдан жана башка калдыктардан тазалап турат.
Таарынды жыгач плиталарын жылуулук менен иштете турган камералардан жарылуу коркунучу бар газдарды чыгарып туруу үчүн ар бир 15 мүнөттө сормо түтүктүн тоскучтарын эки-үч мүнөткө ачып туруу үчүн автоматтык түзүлүштөр болушу зарыл.
Көпшөк таарындылар толтурулган жеткире пресстелбеген плиталарды жылуулук менен иштетүүгө тыюу салынат.
646. Өзүнөн өзү күйүп кетишине жол бербөө үчүн жылуулук менен иштеткенден кийин жыяр алдында плиталар айлана-чөйрөдөгү абанын температурасына жеткиче ачык буфердик аянтчаларда муздатылат.
647. Камералардагы жана май ванналарындагы температура автоматтык түрдө контролдонууга тийиш.
648. Жагуучу газды пайдаланган кургатуучу барабандар учкун тоскучтар менен жабдылат.
649. Катмарлуу жыгач пластиктерди кесүүгө жана пресстелгенден кийин аларды бөлүктөргө бөлүп тилүүгө технологиялык регламентте белгиленген убактысынан мурда уруксат берилбейт.
650. Иш аяктагандан кийин муздата турган күйүүчү суюктук толтурулган ванналардын капкактары жабылат.
651. Күйүүчү суюктугу бар бардык ванналар имараттын тышында жайгашкан жер астындагы сыйымдуулуктарга суюктукту авариялык агызуучу түзүлүштөр менен жабдылат.
Ар бир ваннага жарылуу коркунучу бар аралашманы соруп алгыч коюлат.
652. Мөөнөтү менен иштетилген кургатуучу камералар жана калориферлер ар бир жолу өндүрүштүк таштандыдан жана чаңдан тазаланып турат.
653. Буу жана газ камераларынын аба кире турган жана соро турган каналдары өрт чыкканда жабылып калуучу атайын капкакчалар (шиберлер) менен жабдылат.
654. Газ менен кургатуучу камералар желдетүү токтоп калган учурда жагылуучу газдын келишин автоматтык түрдө токтоткон бузулбаган түзүлүштөр менен жабдылат.
Кургатуучу газ камераларынын алдына кургатуучу камерага учкунду өткөрбөй турган учкун тоскучтар коюлат.
Газ менен кургатуучу түзүлүштөрдүн, учкунду тосуучу тетиктеринин техникалык абалы дайыма текшерилип турат. Кургатуучу орнотмолордо жарака байкалса, аны пайдаланууга тыюу салынат.
655. Катуу жана суюк отун менен иштеген газ менен кургатуучу камералардын көөсү айына эки жолудан кем эмес тазаланып турат.
656. Отун жагылуучу-кургатуучу жери кургатуучу агенттин температурасын контролдогон бузулбаган приборлор менен жабдылат.
657. Майда жыгач буласынан жасалган плиталар үчүн кургатуучу камералар жыгач калдыктарынан суткасына бир жолудан кем эмес тазаланып турат.
Конвейер 10 мүнөттөн ашык токтоп калганда, кургатуучу камераны жылытуу токтотулат.
Кургатуучу камерада от чыкканда калориферлердин желдеткичтерин өчүрүп, стационардык өрт өчүрүү каражаттарын иштете турган түзүлүштөр менен жабдылат.
658. Сырье, жарым фабрикаттар жана сырдалган даяр буюмдар үчүн кургатуучу камералар (бөлмөлөр, шкафтар) температурасы жол берилген деңгээлден өтүп кеткенде жылытууну өчүрө турган автоматика менен жабдылат.
659. Жыгач такталар жогорку жыштыктагы ток менен кургатуу үчүн штабелдерге жыйыларда, ал жерде металл предметтер жок болууга тийиш.
§ 3. Агломерациялык өндүрүштө жана металлдашкан чорлорду чыгаруудагы өрт коопсуздугу
660. Өчүрүлбөгөн акиташ отко туруктуулук даражасы II ден төмөн болбогон атайын жайда сакталат, жерден полдун бийиктиги 0,5 метрден жогору болушу керек.
661. Металлдашкан чор сакталуучу жер ным тийүүдөн ишенимдүү корголууга тийиш.
662. Сапат талаптарына жооп берген металлдашкан чор кургак инерттүү газды берүү системасы менен жабдылган бункерден түшүрүлөт. Бункердин ашыкча басымы 200 Па кем эмес (суу мамысы 20 мм) болууга тийиш.
663. Температурасы 100 °Cден ашкан чорлор атайын түзүлүш менен аянтка ташталат. Мында лентага суу берүү зарыл.
664. Аянтка ташталган чорлор жүктөгүчтөрдүн жардамы менен 0,5 метрден ашпаган катмар менен жаткырылып, суу көп куюлат.
665. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өчүрүлбөгөн акиташты ным жайда күйүүчү жана ным материалдар менен сактоого;
2) катып калган акиташты жумшартуу үчүн сууну колдонууга;
3) температурасы 100 °Cден ашкан ысык агломератты берүүгө (аны администрация контролдойт);
4) оңой күйгөн (резинабитум, синтетика) материалдардан транспортер тасмасын жасоого;
5) ным чорлорду кампага ташууга;
6) транспорт галереяларында, чор кайнаган, майдаланган, жүктөлгөн жана түшүрүлгөн жерлерде металлдашкан чаңдын 5 миллиметрден ашык катмарланып топтолуп калышына.
§ 4. Домна, болот эритүү, электр менен болот эритүү жана ферро эритүү өндүрүшүндөгү өрт коопсуздугу
666. Домна, болот эритүү мештеринде, конвертерлерде, миксерлерде, сузгучтарда жана эриген металл үчүн башка сыйымдуулуктарда футеровканын абалы жана тууралыгы текшерилет.
667. Чоюн, шлак чыгарууда жана болот, ферро эритмелерин куюуда суу же ным материал аралашкан сузгучту, калыпты жана башка идиштерди пайдаланууга тыюу салынат. Куюучу жерди технологиялык регламентте каралбаган күйүүчү материалдардан арылтуу керек.
668. Куюучу машиналарды башкаруучу пульттар, оодаруучу машиналардын кабиналары, болотту үзгүлтүксүз куюп турууну башкарган пункттар жана эриген металлды жана шлакты чыгарган жерге жакын жайгашкан башкаруу пульттары металл тор менен тосулган, ысыкты соргон айнек менен айнектелген жана экиден кем эмес эшиги бар күйбөөчү материалдан жасалат.
669. Куюучу жерге жакын жайгашкан кабелдик тоннелдерге, май подвалдарына кире бериштер, ошондой эле эритилген металл ташылуучу жерлер эриген металлдын түшүп кетишинен бийиктиги 300 миллиметрден кем эмес отко туруктуу босоголор менен тосулат.
670. Металл, шлак куюучу жана температурасы жогору болгон башка зоналардагы электр механизмдеринин кабелдери, электр жабдуулары жана гидроприводдордун түзүлүштөрү механикалык урунуудан, нур менен келүүчү ысыктын таасиринен, ошондой эле эриген металлдын жана шлактын чачырашынан корголот.
§ 5. Прокаттык, трубопрокаттык жана метиздик өндүрүштөгү өрт коопсуздугу
671. Башкаруу жана борбордоштуруп майлоо системаларынын май өткөрүүчү түтүктөрү күйбөөчү материалдардан жасалат.
672. Гидропривод системалары май түтүктөрү үзүлгөн учурда жылдыргычтарды автоматтык түрдө тосуу үчүн атайын түзүлүш менен жабдылат.
673. Майлоо жана гидравлика системасын колдонууда майдын чыгышына жол берилбейт. Ар бир кезмет сайын май чыккан жерлери таарынды же чүпүрөк менен тазаланып турат.
674. Майлоо үчүн системада өсүмдүк майын жана малдын майын пайдаланганда ушундай продуктулар сиңген текстиль же була материалдардын күйүп кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу чараларды көрүү керек.
675. Май чарбасын иштетүүдө ар кандай ачык отту пайдаланууга, май подвалдарында жана май толтурулган жабдууларга жакын жерде учкундун чыгышына жол бербөө керек.
676. Май подвалдары жана кабелдик тоннелдер аларга жумуш аянтчасынан ширенди, учкун жана башка тутантуучу нерселер түшүп кетишине жол бербөө үчүн жабык кармалууга тийиш.
677. Өрт чыккан учурда тоннелдердин жана май подвалдарынын желдеткич жабдуулары автоматтык түрдө өчүрүлөт.
678. Подшипник тетиктерин расконсервациялоо үчүн ванналар, ошондой эле мазут куюлган бактар өрт чыккан учурда күйүүчү суюктуктарды куюп алуу үчүн цехтин тышына жайгаштырылган авариялык челектер менен камсыздалат.
679. Жарылуу коркунучу бар коргоочу газдар пайдаланылуучу участоктордо жарылуу коркунучу бар концентрация топтолгонун көрсөтүп эскертүүчү автоматика оң абалда кармалууга тийиш.
680. Автоматика кол менен иштетиле турган жылдыргычы белгиленген инерттүү газды коё берүүчү түзүлүш менен кайталанат.
681. Коргоочу чөйрөнүн басымы түшүп кеткенде коргоочу газдагы термикалык иштетүүчү түзүлүштөрдүн иштешине тыюу салынат.
682. Травилдөөчү бөлүмдөрдө, суутек бөлүнүп чыгуучу участоктордо электр жабдуулары жана желдеткич системалар жарылуудан сакталгыдай кылып жасалат.
683. Металлды термикалык иштетүүдө эриген натрий толтурулган ванналарды коргоочу газсыз пайдаланууга тыюу салынат. Натрий толтурулган ваннага суунун же нымдуу материалдардын түшүп кетишине жол берүүгө болбойт.
684. Станоктордо титандан жана анын эритмелеринен жасалган түтүктөрдү иштетүүдө (кесүүдө) кесүүчү зонада муздатуучу эмульсияны колдонуу менен кесүүгө уруксат берилет.
685. Титан эритмелеринен жасалган түтүктөрдү термикалык иштетүүдө темир учкуну менен тийишип кетишине жол бербөө керек. Мындай түтүктөрдү жасоодо селитра ванналарын колдонууга болбойт.
686. Жумуш орундарында титандын жана анын эритмелеринин таарындысын, кырындысын жана башка калдыктарын сактоого тыюу салынат. "Титан калдыктары" деп жазылган контейнерлер дайыма иштеп туруучу желдеткичи бар атайын кургак жайда сакталат. Андай бөлмөдө күйүүчү суюктуктарды, химикаттарды жана башка от алып кетүүчү материалдарды сактоого тыюу салынат.
687. Сыртында дат басууга каршы каптоосу бар металл буюмдарды каптоосу өзүнөн өзү күйүп кетүүчү температурадан ашкан температурага чейин ысытууга тыюу салынат.
§ 6. Сырдоочу, чайкоочу, майын кетирүүчү жана жуугуч цехтердин, участоктордун, түзүлүштөрдүн өрт коопсуздугу
688. Тетиктерди нитро, бензин жана башка тез от алуучу суюктардын негизиндеги суюктуктарды пайдаланып жууганда, сырдаганда, лактаганда бул иштерди өрт өчүрүүчү натыйжалуу каражаттар менен камсыз кылынган жана эвакуациялоочу жолдор көрсөтүлгөн өзүнчө жайларда же бөлөк турган өндүрүштүк участоктордо жүргүзүү зарыл.
689. Сырдоочу цехтердин (участоктордун) сырды даярдоочу бөлүмдөрү өз алдынча тышка чыга турган жолдор менен камсыздалат.
690. Тез от алуучу каражаттарды колдонуп сырдоочу жана жууп-тазалоочу жайлардын полдору бир нерсе урунганда учкун чыкпоочу күйбөс материалдардан жасалууга тийиш.
691. Мындай жайлардын ички дубалдарынын бети 2 метрден кем эмес бийиктиктеги күйбөс, оңой тазалануучу материал менен капталууга тийиш.
692. Сырдоо, тетиктерди жууп-тазалоо иштери сырдоочу шкафтардан, ванналардан, камералардан жана кабиналардан абаны соруп желдетип турган түзүлүштөр иштеп турган учурда гана жүргүзүлөт. Түзүлүштөрдүн иштеши, ошондой эле нитро негиздеги, бензин жана тез от алуучу суюктуктар колдонулган сырды, лакты, жуугучту жана майын кетиргичти берүү жумуштары желдетүү системасы менен айкалыштырылат.
693. Сырдоочу шкафтардан, камералардан жана кабиналардан абаны соро турган желдеткичтерди суу кошкучсуз (гидравликалык чыпкаларсыз) же күйүүчү сырлардын жана лактардын бөлүкчөлөрүн кармап калуучу башка натыйжалуу түзүлүштөрсүз иштетүүгө тыюу салынат.
694. Сордурулуучу абаны каналга кире бериште орнотулган гидравликалык чыпкаларда милдеттүү түрдө тазалоо менен полдогу торчодогу камерасыз сырдоочу түзүлүштөрдөн башка учурларда абаны киргизүүчү жана алып чыгуучу желдеткич каналдарды полдун астына орнотууга тыюу салынат.
Торчонун астындагы чуңкур туруктуу деңгээлди автоматтык түрдө кармап туруу менен тереңдиги 0,5 метрден кем болбогон суу катмары менен толтурулат.
695. Лак, сыр материалдар борту бар түстүү металлдан жасалган түбү металл жумушчу идишке куюлат.
696. Кезмети аяктагандан кийин сырдоочу жабдуулар желдеткичти иштетүү менен күйүүчү калдыктардан күн сайын тазаланууга тийиш.
697. Үстүңкү бетин нитро сырлардын калдыктарынан тазалаган учурда металл конструкцияны ургулоого жана түстүү эмес металлдан жасалган кыргычтарды колдонууга болбойт.
698. Кабиналарда жана аба соргучтарда сырдын калдыгын күйгүзүү үчүн отту колдонууга тыюу салынат.
699. Өрт коопсуздугунун көрсөткүчтөрү аныкталбаган лак, сыр материалдарды, эриткичтерди, жуугуч жана майын кетирүүчү суюктуктарды колдонууга тыюу салынат. Мындай материалдар тийиштүү анализден кийин гана, алардын өрткө опурталдуу касиеттерин аныктап жана коопсуз пайдалануу үчүн чараларды иштеп чыккандан кийин гана пайдаланылат.
700. Буюмдарды жана тетиктерди жууп жана майын кетирүү үчүн күйбөөчү аралашмалар, пасталар, эриткичтер жана өрт жагынан коопсуз техникалык жуугуч каражаттар колдонулууга тийиш.
701. Валиктер клеттен чыгарылгандан кийин жабык механикалык жуугуч камерада тазаланат.
702. Жарылууга жол бербөө үчүн щелочтуу ваннанын үстүңкү бетине көмүрдүн, көөнүн майлоочу материалдардын түшүшүнөн сак болуу керек.
703. Каустикалык сода, селитра, присадкалар атайын жабдылган жайда сакталышы керек.
704. Кислоталар сакталуучу жер кокустан төгүлүп кеткен Кислотаны дароо нейтралдаштыруу үчүн бордун, акиташтын же соданын даяр аралашмалары менен камсыздалат.
705. Лак, сыр материалдар колдонулуучу жерге даяр түрүндө берилүүгө тийиш. Лактардын жана сырлардын баардык түрүн даярдоо жана аралаштыруу өрткө каршы баардык талаптарга жооп берген атайын бөлүнгөн жайда же ачык аянтчада жүргүзүлөт.
706. Электростатикалык талаасы бар сырдоочу камераларда абаны соруучу желдеткич өчкөн учурда электростатикалык талаа жаралуучу түзүлүштөгү чыңалуу автоматтык түрдө жок болот.
707. Полду, дубалды жана жабдууларды күйүүчү эриткичтер менен жууганга болбойт. Полго төгүлгөн лак, сыр материалдар жана эриткичтер дароо тазаланууга тийиш.
708. Технологиялык шарттары боюнча же көлөмү чоң болгондуктан желдеп туруучу камераларда же шкафтарда кургатууга болбой турган сырдалган буюмдарды кургатууну желдеткичтер жана автоматтык өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылган участокто уюштуруу зарыл.
709. Лак, сыр материалдар куюлган идиштер жылчыксыз жабылууга жана имараттар менен жабдуулардан 20 метрден кем эмес аралыкта жайгашкан атайын аянттарда сакталууга тийиш.
§ 7. Жеңил өнөр жай ишканаларындагы өрт коопсуздугу
710. Ишкананын аймагы жана өндүрүштүк аянттары күйө турган таштандыдан жана калдыктардан күн сайын тазаланууга тийиш. Ишкананын аймагында күйүүчү калдыктарды, булаларды, жиптерди, чаңды ачык сактоого тыюу салынат. Аларды жыйноо үчүн капкактуу металл үкөктөр коюлушу керек. Калдыктар атайын жабдылган автомобилдер жана идиштер менен ташылып чыгып турат. Булалуу материалдарды брезент менен жаппай ташууга катуу тыюу салынат.
711. Сырьену, жабдууларды жана материалдарды имаратка жакын сактоого тыюу салынат.
712. Зарыл учурда сырье, жабдуулар жана материалдар атайын жабдылган ачык аянттарга же бастырмалардын астыларына сакталат, мындайда сактоочу жер менен имараттардын ортосунда ачык аралык, болууга тийиш.
713. Аймакты жашылдандыруу үчүн гүлдөгөн учурда бариктерин, була заттарын чыгаруучу жана уругу түшүүчү бак-дарактарды тигүүгө, ошондой эле аларды өрткө каршы атайын ачык аралыктарга отургузууга тыюу салынат.
714. Баардык өндүрүштүк жайларды дайыма таза кармап, сырье, даяр продукция жана жабдуулар менен толтуруп салбоо керек. Сакталып турган сырьенун жана даяр продукциянын саны кезметте керектелүүчү-жасалуучу (сутка бою иштечү режимде - суткалык керектелүүчү) сандан ашпоого тийиш.
715. Өндүрүштө колдонулган күйүүчү жана тез от алып кетүүчү суюктуктар жылчыксыз жабылган металл идишке, кезметтеги керектөөдөн (үч кезметтүү режимде - суткалык керектөөдөн) ашпаган санда сакталат.
716. Колдонулуучу технологиялык жабдуулар күн сайын - (сырье алгачкы жолу иштетилген цехтерде - кезметте 1 жолудан кем эмес), ал эми электр жабдуулары, жарык бергичтер, электр зымдары, өрткө каршы техникалык каражаттар (өрттү кабарлагычтар), курулуш конструкциялары, анын ичинде каптоочу материалдар - жумасына 1 жолудан кем эмес ага отурган күйүп кетүүчү чаңдан тазаланып турууга тийиш. Мында чаң тазалоочу каражаттарды пайдалануу зарыл.
717. Үйлөтөөрдүн жана тазалоонун алдында технологиялык жабдууларды өчүрүү керек.
718. Технологиялык жабдуулардын кошулган жерлери жана туташуулары жакшылап жабылып, өндүрүштүк жана кампа жайларындагы аба өткөргүчтөрдүн туташкан жерлери күйбөс материал менен же Г1 тобундагы материалдар менен гана жылчыксыз бүтөлөт, алардын өрт коркунучу боюнча классификациясы тиешелүү курулуштук ченемдер жана эрежелер менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзамдары менен аныкталат.
719. Цехтерде учма эриткичтер пайдаланылган жерлер бууну соруп жана кармап калгычтарга берүүчү системалар менен жабдылат.
720. Вентиляторлордун ишиндеги авариялык режимди үн менен билдирген жана резервдеги агрегаттарды автоматтык түрдө иштеткен система оң абалда болууга жана мезгил-мезгили менен текшерилип турууга тийиш.
721. Булалуу материалдарды, күйүүчү катуу заттарды майдаланган (тууралган) түрүндө баштапкы иштетүүдөн өткөрүүчү технологиялык линиялар, машиналар жана аппараттар башка заттарды кармап калуу үчүн бузугу жок жасалгалар (таш тоскучтар, магниттик коргоочу) менен камсыздалууга тийиш.
722. Материалдардын от алып кетүү же жарылуу коркунучу бар аралашмалардын жарылуу коркунучу түзүлүүчү жайларда тышкы бетинин температурасы 45 °Cден жогору болгон трубопроводдордун, жабдуулардын, челектердин, продукт өткөргүчтөрдүн сырткы беттери күйбөй турган материал менен капталган, оңой менен күйбөөчү оң абалдагы ысыкты тосуучу изоляциясы менен жабдылууга тийиш.
723. Иштегенде статикалык электр заряды топтолушу мүмкүн болгон технологиялык жабдууларды антистатикалык түзүлүшү оң болгон учурда гана пайдалануу керек.
724. Продуктуларды майдалоочу, суюлтуучу, тароочу, чаңдатуучу жана чачыратуучу аппараттар, челектер, агрегаттар, башка жабдуулар менен металл конструкциялар аркылуу кошулбаган өзүнчө турган машиналар, аппараттар, агрегаттар жакшылап жерге туташтырылууга тийиш.
725. Өндүрүштүк жана кампа жайлардын ичинде ичтен күйүүчү кыймылдаткычтуу машиналар менен жабдууларды колдонууга тыюу салынат.
726. Валдардын жана подшипниктердин ысып кетишинин жана кыйшаюусунун алдын алуу үчүн алар мезгили менен, кезметте кеминде бир жолу текшерилүүгө тийиш.
727. Жабдуулардын чегиндеги электр зымдарын агрессивдүү чөйрөдөн коргоо зарыл. Металл жеңчелер жабдуулардын кыймылсыз бөлүктөрүнө бири-биринен 400 миллиметрден алыс эмес жайгашкан атайын бириктиргич темирлер менен бекитилүүгө тийиш.
728. Желдеткич жана пневмо-транспорттук түзүлүштөрдү пландуу алдын алуучу оңдоолорду күн сайын болуучу кароого киргизүү зарыл. Баардык түзүлүштөр ар бир оңдоодон кийин ишкананын жетекчиси дайындаган жооптуу адам тарабынан көрсөткүчтөрүн өлчөө жана паспортторуна белги коюу менен текшерилип турууга тийиш.
729. Желдеткич түзүлүштөр күйүүчү жана жарылуучу заттарды өткөрүүчү өндүрүштүк жайларда баардык металл аба өткөргүчтөр, өткөргүч түтүктөр, абаны соруп чыгаруучу түзүлүштөрдүн чыпкалары жана жабдуулары жерге экиден кем эмес орунда туташтырылышы керек.
730. Абасында тез от алган же жарылуу коркунучу бар заттар (газ, буу, чаң) болушу ыктымалдуу жайларга орнотулган желдеткичтердин конструкциясы жана материалдары, ошондой эле желдеткич системанын башка жабдуулары учкун чыгуу мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
731. Өрткө каршы тосмолор коюлган жерге орнотулган аба өткөргүчтөрдүн от алдырбай турган автоматтык түзүлүштөрү (капкакчалары, шиберлери, клапандары) оң абалда болууга жана ишке жарактуулугу айына 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш.
732. Желдеткичтерден жана аба үйлөткүч машиналардан кийин коюлган чаңдын гравитациялык жол менен тунушу үчүн сыйымдуулуктарды (аспирациялык шахталарды, чаң тунуучу камераларды) эксплуатациялоого тыюу салынат.
733. Сырье, өндүрүш калдыктары жана өндүрүштүк чаң, даяр продукция күйө баштаганы байкалары менен дароо өрттү өчүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана коргоо объектинин өрткө каршы ыктыярдуу түзүмүнө билдирүү керек. Тейлөөчү персоналды эвакуациялоо боюнча чара көрүлөт, баардык жабдуулар токтотулат жана токтон ажыратылат, ишкананын жетекчилигине кабар берилет.
734. Авария алдындагы коркунучтуу факторлор пайда болору менен баардык транспорт жабдуулары токтотулат жана кылдат текшерилет. Алар бузуктун себеби табылып жана жоюлгандан кийин гана иштетилет.
735. Технологиялык линия автоматтык түрдө токтогондо ишти токтотууга сигнал берген түзүлүштү аныктап, анын иштеп кетүү себебин табуу жана жоюу зарыл. Кийинки иштетүүнүн алдында технологиялык линия материалдардан бошотулат жана бузугу оңдолот.
736. Тутануу очоктору жоюлгандан кийин бардык аба өткөргүчтөр, чыпкалоочу камералар, чаң камералары (чаң подвалдары), ошондой эле технологиялык машиналар кылдаттык менен тазаланганга чейин желдетүүчү жана пневмотранспорттук түзүлүштөрдү иштетүүгө тыюу салынат.
737. Өрттү өндүрүштүн чаң түрүндөгү калдыктарын көздөй сууну багыттап жиберип өчүрүүгө тыюу салынат.
13-глава. Айыл чарба багытындагы объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы өзгөчөлүктөр
§ 1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү объектилердеги өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
738. Жаныбарлар жана канаттуулар үчүн жайларда устаканаларды, кампаларды, автотранспорт, тракторлор, айыл чарба техникасы токтой турган жайларды жасоого, ошондой эле фермаларды тейлөөгө байланышпаган иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Бул жайларга түтүн чыгуучу түтүгү учкунду өчүргүч менен жабдылбаган тракторлордун, автомобилдердин жана айыл чарба машиналарынын кирүүсүнө тыюу салынат.
739. Сүт товар фермаларында 20 жана андан ашык мал болгон учурда аларды тобу менен байлоо ыкмасын колдонуу зарыл.
740. Фермалардын чатырларында кесек тоют сактаган учурда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) чатырын күйбөс материалдан жасоо;
2) жыгачтан жасалган шыптарды жана күйүүчү жылуулагычты чатыр жагындагы бетин 3 см калыңдыкта чопо менен шыбоо же күйбөй турган жылуулагыч менен жабуу керек;
3) чатырдагы электр зымдарын механикалык бузулуудан коргоо зарыл;
4) морлордун тегереги 1 метр аралыкта тосмолонот.
741. Көчмө ультрафиолет түзүлүштөрдү жана алардын электр жабдууларын күйүүчү материалдардан 1 метрден кем эмес жерге коюу керек.
742. Кыркын пунктунда жүндүн кезметтеги кыркылгандан ашык топтолушуна жана өткөөлдөр жана чыгуучу жолдор жүн салынган түктөр менен тосулуп калышына тыюу салынат.
743. Аммиак селитрасы отко туруктуулугу I же II даражадагы, шыпсыз бир кабаттуу, полу күйбөй турган жайларда сакталууга тийиш. Күчтүү таасир этүүчү кычкылдандыргычтар (магний жана кальций хлораттары, суутектин перекиси) отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын өзүнчө бөлмөлөрүндө сакталат.
744. Фермалар жана айыл чарбалык башка корголуучу объектилер ийне жалбырактуу токойго жакын жайгашса, курулуштар менен токойдун ортосунда болсо жазгы-жайкы өрт коркунучу бар мезгилде бульдозердин, соконун жана башка кыртышты иштетүүчү жабдуулардын жардамы менен өрттөн сактоочу тилкелер жасалат.
745. Айыл чарба ишканаларынын аймагында (эгерде бул айыл чарба өндүрүшүнүн ушул участогунун технологиясы менен байланышпаса), ошондой эле пахта, зыгыр, кара куурайдын буласы жана башка күйүүчү материалдар сакталган жана иштетилүүчү жерлерде ачык от жагууга (от, факель) тыюу салынат.
§ 2. Аралаш тоют чыгаруучу заводдордун жабдууларын пайдалануудагы өрт коопсуздугу
746. Жем туурагычтардын балкаларында жараканын жана башка кемчиликтердин болушуна жол берилбейт.
747. Учкун чыкпашы үчүн жем туурагычтын балкасынын башка конструкцияларга тийип кетишине жол берилбейт.
748. Жем туурагычты иштетүү кылдаттык менен текшерилгенден кийин гана жүргүзүлөт, анда башка бир нерселер жана майдаланылган продуктулар болбошу керек. Жем туурагычты иштеткенге чейин ротордун балкаларынын комплектиленишин, бекиткичтерин жана туташууларын, электеринин бүтүндүгүн текшерүү зарыл.
749. Бузук жери байкалары менен бузуктун себебин жоюу үчүн жем туурагыч дароо токтотулушу керек. Иштетерде жем туурагыч бош иштетилет, андан кийин майдалануучу зат салына баштайт.
750. Гранулдагычты иштетер алдында төмөнкүлөр текшерилет:
1) металл заттар түшүп кетпеши үчүн магниттик коргогучтун болушу жана абалы;
2) машинада башка заттардын жоктугу, механизмдер менен приборлордун оңдугу.
751. Гранулдагычтар үчүн заводдо жасалган сактагыч штифтерди пайдалануу керек.
Аларды өлчөмдөрү жана механикалык мүнөздөмөлөрү белгисиз металл стержендер менен алмаштырууга тыюу салынат.
§ 3. Ун жана акшак тартуучу заводдорду иштетүүдөгү өрт коопсуздугу
752. Валиктүү станоктор иштегенде төмөнкүлөр камсыз кылынууга тийиш:
1) механизмдин (автоматтык жол менен башкарылган айлануучу станоктор үчүн) бир калыпта иштеши, ошондой эле жарык менен белги бергичтин оң абалда болушу;
2) дан же башка продукту валиктин бүтүндөй узатасы боюнча үзгүлтүксүз жана текши берилиши.
753. Станоктордун продуктусуз, валиктери кабышып, кыйшайып жана огунан тайыган абалда иштешине тыюу салынат.
754. Калбырлоочу машиналардын, таш ылгагычтардын, сепараторлордун кузовдорунда чаңды өткөрбөгөн материалдардан жасалып, чыгаруучу түтүктөр менен бекем туташтырылган ийкемдүү бириктиргичтерди гана пайдалануу зарыл.
755. Кебектен арылтуучу машинаны бөркүн чыгарып, бузук керме түзүлүшү менен, быдырлуу дисктерин бош бекитип же кургатуучу тегеректерсиз иштетүүгө тыюу салынат.
756. Кебектен арылтуучу жана жылмалоочу машиналардын дисктеринде, валиктеринде жана декаларында жарака же бузуктардын болушуна жол берилбейт. Андай бузуктар болсо же дисбаланс болсо кебектен арылтуучу машинаны пайдаланууга тыюу салынат.
757. Валик-дека станоктун барабанынын иштөөчү жылчыгын жана орнотулушун контролдоо керек.
758. Электр энергиясы берилбей калганда электромагниттик сепараторлор электромагниттерге продукту берүүнү токтотушун алдын ала караштыруу зарыл.
§ 4. Нан бышыруучу ишканалардын өрт коопсуздугу
759. Суюк отун менен иштеген мештерге отун от жагылуучу бөлүмдөн бөлөк, өзүнчө жайгашкан челектерден берилет.
760. Мештерге от жагууда жана эксплуатациялоодо ишкананын жетекчиси бекиткен нускаманы так сактоо зарыл.
761. Каналдуу мештердин от жагылуучу жана газ чыгуучу жерлеринин жогору жагына жарылуудан сактоочу клапандар орнотулат. Жарылуудан сактоочу клапандын минималдуу аянты - 0,05 м3 болууга тийиш.
762. Мештерди жылуулук жана газ түрүндөгү заттар чыккандай кылып желдеткич жасалгалар менен жабдуу зарыл. Соруучу желдеткич шахталарды тазалоо ишкананын жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлөт.
763. Газ түрүндөгү же суюк отун менен иштеген мештерде төмөнкүдөй авариялык жагдайларда отун берүүнү автоматтык түрдө токтотуучу түзүлүш каралууга тийиш:
1) күйүүчү жерине жана күйгүзүүчү түзүлүштөргө суюк отундун жана абанын берилиши токтогондо (суюк отун менен иштеген мештер үчүн);
2) ысытуу системасында ысытуучу газдардын температурасы ченемден ашып кеткенде;
3) конвейер токтогондо.
764. Авариялык учур болгондо бышып жаткан оокатты чыгаруу үчүн мештер кол менен иштетилүүчү резервдик механизм менен камсыздалат.
765. Меш толбой калганда ал ашыкча ысып кетпеши жана бүткүл продукция чыгарылгыча кароосуз калтырбоо үчүн меш контролдонуп турат.
766. Мештин конвейери кезмет алмашкан сайын күкүмдөн тазаланууга тийиш.
767. Нан бышуучу калыптарды жана табактарды тазалоочу жабдуу күкүмдөрдү жана чаңды жыйноочу түзүлүш менен камсыздалат.
Майлагыч түзүлүштө майды чачыратпоо караштырылат.
Металл калыптар жана табактар атайын ылайыкталган мештерде гана кызытылат. Калыптарды өндүрүштүк мештерде кызытууга тыюу салынат.
§ 5. Айыл чарба продукциясынын технологиялык процесстериндеги өрт коопсуздугу
768. Жабдуулар өндүрүмдүүлүгү жана арналышы боюнча технологиялык схеманын талаптарына ылайык пайдаланылат.
769. Дан эмес продуктуларды (шротторду, жмыктарды, гранулданган чөп унун) силостордо жана эгин элеваторлорунун бункерлеринде кабыл алып сактоого тыюу салынат.
770. Жүгөрү даны имараттын тышына орнотулган тик шахталык кургаткычтарда гана кургатылат.
771. Жүгөрү данын сактаганда аны көп которуштурууга болбойт.
772. Күрүч, акшак, гречка даны сыйымдуулугу акшак заводунун 1-2 сутка иштөөсүнө жеткен бункердик типтеги кампаларда сакталууга тийиш.
Аларды ачык аянтта бастырманын астында сактоого болбойт.
773. Ишканага түшкөн шроттордун партиясынан лаборатория үлгүлөрдү тандап алат жана анда канча бензин бар экенине тандап контроль жүргүзөт.
Бензин жыттанган шротторду жүктөөгө тыюу салынат.
774. Эгин, жом жана шрот сакталган баардык силостор сөзсүз түрдө температураны аралыктан контролдой турган приборлор менен жабдылууга тийиш.
775. Жмыхтарды жана шротторду сактоо температурасы тышкы абанын температурасынан 5 °Cден ашпоого тийиш.
776. Температурасы жана жылуулугу жогору болгон шрот жана жмых биринчи кезекте иштетилүүгө тийиш, калган учурларда жмыхтар менен шротторду иштетүү кезеги анын ишканага түшүшүнө жараша белгиленет.
777. Өзү тутанып кетүүсү мүмкүн болгон жмыхты, шротту жана башка ун түрүндөгү сырьену жайгашкан идишинен башка бош идиштерге мезгил-мезгили менен которуштуруп туруу зарыл. Мындай которуштуруу бункерлерде жана силостордо сырьену үзгүлтүксүз сактоонун жол берилүүчү мөөнөттөрүнүн негизинде иштелип чыккан план-график боюнча жүргүзүлөт.
778. Эндей сакталган гранулданган чөп же тоюттук ундун температурасы жогорулап, өз алдынча тутануу белгилери байкалганда мындай партиянын температурасы күн сайын текшерилүүгө тийиш. Ундун мындай партиясы биринчи кезекте берилет.
779. Өндүрүш калдыктарын ташуу үчүн өзү агуучу, механикалык транспортту жана чаңдын чыгышына жол бербеген пневмотранспортту пайдалануу зарыл.
780. Көп жатып чапташып калган продуктуларды сактоо жана чыгарууну камсыз кылуу үчүн силостордун (бункерлердин) атайын конструкциялары жана чыгарууну жеңилдетүүчү жүк түшүрүүчү механизмдер пайдаланылат.
§ 6. Дан өсүмдүктөрдү жыйноодогу жана айыл чарба продукциясын камдоодогу өрт коопсуздугу
781. Түшүм жыйноо башталганга чейин анда иштөөчү баардык адамдарга өрткө каршы инструктаж өткөрүлүүгө тийиш. Ал эми түшүм жыйноочу агрегаттар жана автомобилдер өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары (комбайндын баардык типтери жана тракторлор - 2 өрт өчүргүч, 2 шиш күрөк жана 2 шыпыргы), бузугу жок учкун тоскуч менен жабдылат жана алардын күйүүчү май берүүчү, от алдыруучу жана майлоочу системалары жөнгө салынат.
782. Кылкандуу дан эгиндери бышаардын алдында эгин талаасынын токойго, шалбаа тилкеге, автомобиль жана темир жолдорго жанаша жерлери эни 4 метрден кем эмес тилке кылып чабылып жана соко менен айдалышы керек.
783. Дан эгиндерин жыйноо массивдерди аянты 50 гектар дан ашпаган участокторго бөлүү менен башталат. Участоктордун ортосунда эни 8 метрден кем эмес аянттар чабылып, дароо жыйналат. Чабылган жерлердин ортосу эни 4 метрден кемитпей айдалат.
784. Убактылуу талаа стандары эгин талаасына, кырманга 100 метрден жакын жайгаштырылбашы керек. Талаа стандарынын, кырмандардын аянтынын тегереги эни 4 метрден кем эмес тилке кылып айдалат.
785. Аянты 25 гектардан ашык эгин талааларын оруп жатканда өрт чыкса күйгөн зонаны тегерете айдоо үчүн соколуу трактор коюлат.
786. Кырмандар имараттар менен курулмаларга 50 метрден, ал эми эгин талаасынан 100 метрден кем эмес аралыкта болот.
787. Талаа шартында мунай продуктулары кургак чөптөн, күйүүчү таштандылардан тазаланган жана эни 4 метрден кем эмес айдалган аянтта, же кырмандан, чөп жана саман үймөктөрүнөн, эгин талаасынан 100 метрден жана имарат-жайлардан 50 метрден кем эмес аралыктагы атайын аянтта сакталат жана куюлат.
788. Дан эгиндери жыйналып жана тоют даярдалып жаткан мезгилде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тракторлордун, өзү жүрүүчү шассилердин жана автомобилдердин капотсуз же капотторун ачып иштешине;
2) кыймылдаткычтын радиаторлорундагы чаңды күйгүзүү үчүн каңдоочу лампаларды колдонууга;
3) автомашиналарга түнкүсүн талаа шартында май куюуга.
789. Айыл чарба ишканаларынын жетекчилери өскөн чөптү, орулган эгиндин калган сабактарын, саманды өрттөө боюнча иштерди (мындан ары - аңызды күйгүзүү) өрт коопсуздугунун төмөнкү чараларын сактоо менен жүргүзүшөт:
1) аңызды өрттөөнүн алдында кызматкерлерге, ошондой эле бул иш-чаранын катышуучуларына өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо жөнүндө, өрт өчүрүү ыкмалары жөнүндө инструктаж берет;
2) аңыз күйгүзгөн учурдагы жооптуу адамдар дайындалат;
3) токой массивдерине жанаша участоктордо аңыз күйгүзүү иштерин жүргүзүүдө бул иштерге бир сутка калганда токойдун ээлерине кабар берилет;
4) аңыз күйгүзүү учурунда бир өрт өчүрүүчү автоцистерна же ылайыкташтырылган техника, бир соколуу трактор, өрт өчүргүчтөр, күрөктөр сыяктуу өрт өчүрүү каражаттары менен жабдылган патрулдук посттор коюлат;
5) айыл чарбалык өрттөөнүн алдында күйгүзүлүүчү айыл чарба аянтынын тегереги эни 8 метрден кем эмес кылып айдалат жана аянты 25 гектардан ашпаган участокторго бөлүнөт;
6) өрт коюлуучу участокторго жакын жердеги токой массивдери, майда токойлор, талааны коргоочу тилкелер жана бак-дарактар орто аралыгы 8 метрден кем эмес кылып айдалат;
7) аңыз күйгүзүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 метрден ашпаган учурда жүргүзүлөт, айдалган участоктордо бул иш жооптуу адамдардын жана жумушчулардын контролу менен жасалат;
8) от тез жайылып кетпеши үчүн күйгүзүү шамалга каршы тараптан башталат;
9) күйгүзүү аяктагандан кийин өрттөлгөн аймактын периметри кылдаттык менен текшерилип чыгат, чок калган жана от өчпөй турган жерлер аныкталат жана өчүрүлөт, кайра тутанып кетишине жол бербөө үчүн 3 саат бою күзөт коюлат.
§ 7. Чөп унун даярдоодогу жана сактоодогу өрт коопсуздугу
790. Чөп унун даярдоо үчүн агрегаттар бастырманын астына же атайын жайга орнотулат. Бастырманын жана андай жайдын күйүүчү материалдан жасалган конструкциясы күйбөй турган состав менен иштетилет.
791. Күйүүчү май куюлуучу челек агрегат турган бөлмөнүн сыртына орнотулат. Күйүүчү май жүрө турган түтүктөр экиден кем эмес вентиль менен жабдылат (бири - агрегатка, экинчиси - челектин түбүнө коюлат).
792. Кургатуучу барабанда продукт күйө баштаса өрт чыкканга чейин даярдалган 150 кг кем эмес продукт жана өрт өчүрүлгөндөн кийин алынган 200 кг кем эмес продукт жалпы сактоочу жайга коюлбайт, ал өзүнчө коопсуз жерге чыгарылат жана 48 сааттан кем эмес байкоодо турат.
793. Даярдалган жана мүшөккө салынган ун температурасын түшүрүү үчүн 48 сааттан кем эмес убакытка бастырманын астында сакталууга тийиш.
794. Унду өзүнчө турган кампада же өрткө каршы дубалдары жана шыбы, ишенимдүү желдеткичтери бар жайда, башка заттар менен материалдардан бөлөк сактоо зарыл.
795. Кампага ным өтпөшү керек. Унду үйүп сактоого тыюу салынат.
796. Ун салынган мүшөктөр бир катарга экиден мүшөк кылып бийиктиги 2 метрден ашпаган штабелдерге жыйылат. Катар аралыктар 1 метрден кем эмес, ал эми дубалды бойлой аралык - 0,8 метр болот.
797. Сакталып турган ун өзүнөн өзү күйүп кетпеши үчүн анын температурасын мезгил-мезгили менен контролдоп туруу зарыл.
§ 8. Пахта буласын жыйноо, ташуу, кургатуу, сактоо жана алгачкы иштетүү учурундагы өрт коопсуздугу
798. Пахта жыйымы башталганга чейин ага тартылган баардык адамдар өрткө каршы инструктаждан өткөрүлөт, ал эми пахта жыйноочу машиналар, ташуучу тракторлор, автомобилдер өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттар менен жабдылат (пахта жыйноочу машиналар - эки өрт өчүргүч, эки шиш күрөк жана өлчөмү 2x2 метр болгон бир кийиз, трактор менен автомобилдер - бир өрт өчүргүч, бир шиш күрөк), бузугу жок учкун тоскучтар жана жөнгө салынган май берүүчү, от алдыруучу жана майлоочу системалар менен камсыздалат.
799. Пахта жетилип калганда пахта талааларына жакын жайгашкан токойдун, талаалардын, автомобиль жана темир жолдордун ортосундагы чөптөр чабылып, эни 4 метрден кем эмес тилке түрүндө айдалат.
800. Пахта жыйымында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) пахта талаасында тамеки чегүүгө жана от чыгарууга;
2) бункери пахтага толгон пахта жыйноочу машинаны талаага калтырууга, талаадан май куюуга;
3) гидравликалык системасы жана электр жабдуулары иштебей калган, учкун тоскучтары жок пахта жыйноочу машиналарды пайдаланууга;
4) пахта жыйноочу машинаны пахта кургатуучу аянтка токтотууга.
801. Пахта эндей ташылганда үстүнө брезент жабылат. Автомашиналардын кузовунун же чиркегичинин полунда жылчык болбоого тийиш.
802. Тракторлорду, автомобилдерди, пахта жыйноочу машиналарды токтотуучу жер, аларды оңдоо, майлоо жана май куюу пахта сырьесун табигый жол менен кургаткан аянттан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек.
803. Пахта буласы табигый жол менен кургатыла турган аянтты турак үйлөрдөн, коомдук имараттардан, оңдоочу устаканалардан 150 метрден кем эмес аралыкта, ал эми жогорку вольттуу жана төмөнкү вольттуу электр берүү линияларынын мамыларынын бийиктигинен 1,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
804. Пахта кургатылып жаткан аянтта өрттү суу куюп өчүрүү үчүн 50 м3 кем эмес өлчөмдө суу менен камсыздоо керек.
805. Пахта буласын табигый жол менен кургата турган аянттарды асфальттоо же калыңдыгы 5 см дан кем болбогон чопо топурак менен таптап жасоо керек. Пахтаны транспорт жүргөн жолго кургатууга тыюу салынат.
806. Технологиялык жабдуулардагы чаңдын чыгышын болтурбоочу түзүлүштөр (герметизация тетиктери, чаңды соргучтар) оң абалда болууга тийиш.
807. Жабдууларга жана курулуш конструкцияларына конгон пахтанын чаңын, ошондой эле топтолгон пахта буласын кезмет сайын 1 жолудан кем эмес алып тазалап туруу керек.
808. Ташты, металлды жана башка нерселерди кармап кала турган түзүлүш оң абалда болууга тийиш.
809. Авариялык токтотуудан кийин агрегаттар бузугу оңдолгондон кийин гана иштетилет.
810. Тасмалуу транспортёрдун кардан валдары жана ремень аркылуу кыймылга келүүчү бөлүктөрү айлануучу тетиктерге пахта тийбегидей бузугу жок капкактар менен жабылат.
811. Пахта жыйноочу машиналардын кыймылдуу тетиктери жана валдарынын моюндары пахтанын чаңынан жана буладан тазаланып турууга тийиш. Тазалоонун мезгилдүүлүгү айыл чарба ишканасынын жетекчиси тарабынан белгиленет.
812. Тасма үзүлгөн, ошондой эле жумушчу органдар элеватордун капталына урунган учурда элеватордун кыймылдаткычын автоматтык түрдө коргоочу түзүлүштүн бузук болушуна жол берилбейт.
813. Элеватордун каптоочун бүткүл периметри боюнча тыгыз (жылчыксыз) жабылышын камсыздаган ишенимдүү илмектери жана жумшак төшөмдөрү бар жеңил ачыла турган люктар менен жабдуу зарыл.
814. Транспортерлор ылдыйкы тасмадан пахта буласын алып салуу үчүн бузугу жок атайын түзүлүш менен жабдылат.
815. Пневмотранспорттун системасына кирген машиналар менен аппараттардын жерге туташкан бөлүгү оң абалда болууга тийиш. Пахта буласын желдеткич аркылуу механикалык оодарыштырууга тыюу салынат.
816. Үймөктөрдүн ортосундагы өрткө каршы аралык 15 метрден кем эмес, ал эми үймөктөрдүн топторунун ортосундагы аралык 30 метрден кем эмес болушу керек.
817. Үймөктөрдү бузганда пахта ташыган машиналар, механизмдер жана автопоезддер бири-биринен 30 метр аралыкта гана болушу керек.
818. Машиналар менен агрегаттарда пайда болуучу бузуктарын оңдоо аларды өчүрүп жана үймөктөн 5 метрден кем эмес алыстаткандан кийин гана жүргүзүлөт.
819. Кургатуучу түзүлүштү иштетүүдө төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:
1) жылуулук менен жабдый турган каражаттардын (жылуулук генераторлорунун) оң болушун;
2) жылуулук чыгаруучу түзүлүштөрдөгү контролдоочу-өлчөөчү приборлордун жана коопсуздук автоматикасынын кынтыксыз иштешин;
3) шнек токтоп калганда барабандын кыймылдаткычынын өчүрүлүшү камсыздалгыдай болуп барабандын жана шнектин кыймылдаткычынын иштөөсү токтотулушун;
4) кургатуучу камеранын жана ток бергичтин эшиктеринин жылчыксыз жабылышын;
5) барабандын жана шнектин секцияларын маалы менен пахтадан тазалап туруу.
820. Пахтаны кургатуу үчүн колдонулган жылуулук чыгаруучу түзүлүштөр обочо жайларда күйбөс конструкциялардан жасалууга тийиш.
821. Кургатуучу түзүлүштү такай көзөмөлдөө зарыл. Чыгып жаткан пахта сырьесунун температурасы 70 °Cден ашып кетишине тыюу салынат. Кургатуучу барабандан саргарган пахта чыга баштаса, дароо пахтаны берүү токтотулуп, жылуулук бергич жана механизмдер өчүрүлөт. Ал эми кургатуучу барабандан түшкөн пахта күйө баштаган учурда кургаткыч дароо токтотулат, түтөгөн пахта өчүрүлөт жана чыгарылат.
Кургаткычтын ишин пахтанын ысып же күйүп кетүү себеби кылдаттык менен текшерилип жана жоюлгандан кийин гана улантуу керек.
822. Пахта буласы таңгакталып гана сакталат. Ачылган таңгактар ар бир кезметтин акырында кайра таңгакталат.
823. Пахта буласы таңгакталып ачык аянтта сакталганда пахтанын стандарттуу штабелинин өлчөмү: узатасынан 22 метр, туурасы 11 метр жана бийиктиги 8 метрден ашпоого тийиш.
824. Ачык аянттагы жыйылган пахта штабелдеринин баары брезент менен жабылышы зарыл.
825. Пахта таңгактары бастырманын астына эни 2 метрден кем эмес туурасынан өтө тургандай жол калтырып жыйылат: полдун аянты 300 м2ден 600 м2ге чейин болсо - 1 өткөөл; полдун аянты 1200 м2 болсо - 3 өткөөл; полдун аянты 1800 м2 болсо - 4 өткөөл, бирдей аралыкта жасалат. Пахта буласынын таңгактарын жыюуда чокусунан чатырга чейин же ферманын төмөнкү тилкесине чейин 1 метрден кем эмес аралык болушу керек.
826. Жабык кампаларда пахта буласынын таңгактары эни 2 метрден кем болбогон өткөөлдү узатасынан калтыруу менен жана ар бир эшиктин тушуна ошондой эле кенендиктеги туурасынан кеткен өткөөлдөрдү калтыруу менен жайгаштырылат.
Кампанын ичине кандайдыр бир тосмолорду жана конторкаларды салууга тыюу салынат.
827. Автомашиналар менен тракторлор жабык кампаларга, бастырмаларга жана пахта жыйылган штабелдерге түтүн чыккан түтүктүн каршы тарабы менен токтотушу керек, мында түтүн чыккан түтүктөрү учкунду тоскучтар менен сөзсүз түрдө камсыз кылынышы керек.
Транспорт каражаты пахта буласы жыйналган бастырмалар менен штабелдерге 3 метрден жакын токтотулушуна тыюу салынат.
828. Пахта заводдорунда жана кабыл алуучу пункттарда 2400 тоннадан ашык пахта сакталган учурда жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктүн болушу зарыл.
Пахта сырьесунун көлөмү 2400 тоннага чейин болгондо өрттү көлмө-сайлардагы суу менен өчүрүүгө уруксат берилет.
829. Пахта тазалоочу заводдордо, пахта камдоочу пункттарда өрт өчүрүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакырууга мүмкүнчүлүк берген телефон байланышы болушу зарыл.
§ 9. Атканалардын жана жем сактоочу жайлардын өрт коопсуздугу
830. Атканалардын имаратында 2 же андан ашык өз алдынча дарбазалары болуп, дарбазанын астына босого, тепкич, чуңкур жасоого тыюу салынат.
Аттарды чыгаруу үчүн дарбазалар менен эшиктер сыртын көздөй гана ачылышы керек. Дарбазалар оңой ачылуучу илгичтер менен гана жабылат. Кышкысын аткананын дарбазаларынын жана эшиктеринин алдындагы баардык аянт кардан тазаланып турат.
831. Атканаларда өрт чыкканда учурда байлоодогу аттарды бир эле мезгилде баарын тең бошотуп жана чыгарып кетүүгө мүмкүндүк бере тургандай түзүлүштөр болушу керек.
832. Атканаларды жетиштүү сандагы нокто, жүгөндөр, жабуулар, аттарды чыгаруу жана байлоо үчүн керектүү башка жабдыктар менен камсыз кылуу керек.
833. Малга тоют даярдай турган жай аткананын башка бөлмөлөрүнөн күйбөй турган материалдардан жасалган конструкциялар (дубалдар жана тосмолор) менен бөлүнүүгө тийиш.
834. Атканаларга электр зымдары изоляторлордо, тростордо, болот түтүктөрдүн ичинде же кабелдер менен ачык киргизилет. Чаңды, сууну жана нымды өткөрбөгөн электр жарык бергичтерин гана пайдаланууга уруксат.
Токту бөлүштүрүүчү такталар, өчүргүчтөр, сактагычтар тамбурларга же аткананын тышкы дубалдарына күйбөй турган материалдардан жасалып орнотулат.
835. Аткананын ичине жемдин суткалык запасы болуучу жемкана, ошондой эле төшөлгөлөрдү сактоочу жай салууга уруксаат берилет.
Жемдин негизги запасы атайын кампаларда сакталууга тийиш.
836. Жемкана, ошондой эле төшөлгөлөр сакталуучу жер башка бөлмөлөрдөн өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүп турууга жана өзүнүн эшиктери болууга тийиш.
837. Атканадан аттарды аман-эсен эвакуациялоо үчүн өрт чыккан учурга карата жылкыларды эвакуациялоонун планын иштеп чыгуу зарыл.
838. Атканада электр тармагын пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) электр зымын мал турган жердин үстү менен өткөрүүгө;
2) электр зымдарынын астына чөп, саман жыйноого;
3) электр зымдарын жана кабелин аткана аркылуу транзит менен алып өтүүгө;
4) кубаттуулугу жарык бергичтин ошол түрү үчүн жол берилгенден күчтүү лампаларды колдонууга;
5) жарык бергичтерди зымдын өзүнө илип коюуга.
839. Атканада төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) устаканаларды, кампаларды, автотранспорт токтоткучтарды салууга, ошондой эле малды тейлөөгө байланышпаган кандайдыр бир жумуштарды жасоого;
2) ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу, түтүн чыгуучу жери учкун тоскучтар менен жабдылбаган транспорт каражатынын киришине;
3) дарбазаларга алардын автоматтык түрдө жабылышы үчүн пружиналарды жана блокторду орнотууга;
4) имараттын ичине жарык берүү үчүн керосин чырактарын, шамдарды жана бузук электр фонарларын пайдаланууга;
5) убактылуу мештерди коюуга;
6) чөптү, жемди, төшөлгүнү тамбурларга жана өткөөлдөргө, аткананын чатырына сактоого;
7) тамеки чегүүгө жана ачык отту пайдаланууга.
14-глава. Мунай продуктулары менен жабдуучу ишканаларда өрт коопсуздугун камсыздоонун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Мунай продуктулары менен жабдуучу ишканалардагы өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
840. Мунай базаларынын, мунайды куюучу жана сордуруучу станциялардын аймагы бийиктиги 2 метрден кем болбогон күйбөгөн материалдан жасалган тосмо менен курчалууга тийиш.
841. Ишкананын аймагынын бош аянттарында жазы жалбырактуу дарактарды жана бадалдарды тигүүгө, ошондой эле газондорду өстүрүүгө уруксаат берилет. Резервуарларды тегерете тосулган жалдын ичине дарактарды жана бадалдарды отургузууга тыюу салынат.
842. Корголуучу объектинин аймагында от жагууга, таштандыларды, калдыктарды күйгүзүүгө, шам, керосин чырактарды, башка ачык отторду пайдаланууга тыюу салынат.
843. Автотранспорт каражаттарынын корголуучу объектинин аймагы боюнча өтүшү бекитилген жүрүү схемасына ылайык жүргүзүлөт.
844. Тамеки чегүү үчүн дайындалган жерге "Тамеки чегүүчү жер" деп жазылып коюлат жана суу толтурулган идиш же кум салынган ящик, ошондой эле 5 литрлик өрт өчүргүч коюлат.
845. Мунай базаларында жана мунай сордуруучу жана мунай продуктулары сакталуучу станцияларда өрт өчүрүүчү каражаттардын техникалык абалына такай контролдо болот.
846. Катып калган мунай продуктуну, өткөргүч түтүктөрдөгү музга айланган жана кристалл-гидрат пробкаларды ысык суу, буу, ысыган кум жана өрт чыгарбоочу башка ыкмалар менен эритүү керек.
847. Жарылуу коркунучу бар зоналардагы жумуштар учкун чыгарбай турган аспаптар менен аткарылат. Жез ачкычтарды жана аспаптарды пайдаланган учурда жез менен капталган жерлеринин бүтүндүгү жана аны өз учурунда калыбына келтирүүгө контроль камсыз кылынууга тийиш.
Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациясы "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
848. Статикалык электр заряддарына жол бербөө үчүн урунганда учкун чыгарбаган материалдардан жасалган жана жерге туташтыргыч менен жабдылган сынамык алгычтар колдонулууга тийиш. Жерге туташтыргыч өткөргүчтөр резервуардын чокусундагы жерлештиргичтин клеммасына туташтырылат.
849. Резервуарлардын понтондорун иштетүүдө понтонду статикалык электрден сактоо үчүн ийилчээк перемычкалардын оң абалда болушу камсыздалат.
850. Резервуарлардын ички бетин пирофордук катмарлардан жана коррозия продуктуларынан тазалоо уюмдун жетекчиси бекиткен график боюнча такай жүргүзүлүүгө тийиш.
851. Резервуарды тазалоодо чыккан кирлерди жана тунмаларды мунай продуктулары сакталган зонадан чыгарып кеткиче ным абалда сактоо зарыл.
852. Резервуарлардын пирофордук катмарларынын сынамыктары уюмдун жетекчисинин уруксаты менен атайын даярдалган адамдар тарабынан гана алынууга тийиш.
§ 2. Электротехникалык түзүлүштөрдүн, автоматташтыруу жана байланыш каражаттарынын өрт коопсуздугу
853. Ишкананын аймагы тышкы жарык берүү менен камсыз кылынат, жарык тейлөөчү персонал дайыма боло турган жерден күйгүзүлүүгө тийиш.
854. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жарылуу коркунучу бар зоналарда аны жасаган завод койгон жарылуудан коргоо белгиси жок электр жабдууларын пайдаланууга;
2) жарылуудан корголгон электр жабдууларын коргоо системасы бузулган учурда пайдаланууга;
3) жарылуудан корголгон электр жабдууларынын конструкциясын өзгөртүүгө;
4) электр берүү линияларын жарылуу коркунучу бар зоналардын аймагынын үстүнөн жана бул зоналардагы электр берүү линияларынын мамыларынын 1,5 бийиктигинен кыска аралыкта алып өтүүгө;
5) бузулган (тешиги, кесиги, жаракасы бар) шланг кабелдерди пайдаланууга;
6) жерлештиргич жана жерге туташтыруучу зым катары ичинде күйүүчү газдар, суюктуктар бар технологиялык өткөргүч түтүктөрдү, ошондой эле даттан сактоочу изоляциясы бар өткөргүч түтүктөрдү пайдаланууга.
855. Электр жабдууларын сактоо үчүн жерлештирүү, чагылгандан коргоо, статикалык электрден сактоо үчүн жерлештирүүнүн жалпы контуру болууга тийиш.
856. Чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү чагылган түшө турган сезондун алдында жылына бир жолудан кем эмес карап чыгуу зарыл, кароонун жана өлчөөнүн натыйжалары чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү эксплуатация журналына жазылат.
857. Электр берүү үзгүлтүккө учураганда ишкана тышкы электр тармагынан өчүрүлүүгө тийиш. Кайталап иштетүү жарылуудан корголбогон электр жабдуулары орнотулган жайларда жана тышкы түзүлүштөрдө жарылуу коркунучу бар аралашманын жок экендиги газ анализатордун жардамы менен аныкталгандан кийин гана болот.
858. Жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар цехтерде приборлорду оңдоо отту жана жогорку температураны пайдалануу менен байланышкан каңдоо, ширетүү жана башка иштерди колдонбостон, муздак ыкма менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Иштеп жаткан технологиялык аппараттар жана өткөргүч түтүктөр менен байланышкан автоматтык контролдоо жана жөнгө салуу приборлорун майда, утурумдук оңдоо иштерине мындай приборлор технологиялык жабдуулардан ажыратылып жана басымы чыгарылгандан кийин гана уруксат берилет. Мында да ачык отту пайдаланууга тыюу салынат.
859. Жарылуу коркунучу бар жайларга орнотулган автоматика каражаттарын оңдоодо, сыноодо жана текшерүүдө кадыресе (жарылуудан корголбогон) аткарылган жабдууларды кыска убакытка колдонууга от иштерин жүргүзүүгө коюлуучу баардык талаптар аткарылган шартта гана уруксат берилет.
§ 3. Магистралдык мунай продуктуларын өткөргүчтөрдүн линиялык бөлүгүнүн өрт коопсуздугу
860. Мунай продуктуларын өткөргүчтөрдүн трассасынын баардык жерлерине оңдоочу жана авариялык бригадалардын транспортунун жана механизмдеринин эркин барышын камсыз кылуу зарыл.
861. Магистралдык өткөргүч түтүктүн трассасында мунай продуктуларынын жердин үстүнө чыгып калганы байкалганда линиядагы кыдырып текшергичтер бул жөнүндө мунай сордуруучу станциянын диспетчерлерине дароо билдирүүгө жана алардын көрсөтмөсү боюнча аракеттенүүгө тийиш. Суюктук чыгып жаткан жер 20 метр радиуста тосулуп жана коопсуздуктун эскертүү белгилери илинүүгө тийиш. Түнкүсүн авария болгон жер кызыл жарык белгилер менен (жарылуудан корголгон фонарлар) жарык кылынат.
862. Суюктук калктуу конушка, темир жолго, шоссе жолдорго жана башка курулуштарга жакын жерде чыгып жатканы аныкталганда линиялык кыдыруучулар оңдоо-калыбына келтирүү бригадасы келгенге чейин суюктук чыгып жаткан жерден айланып өтүүнү уюштурушуп, жергиликтүү администрацияларга жана өрт өчүрүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирип, элге ачык отту пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө кабарлоого, ошондой эле мунай продуктулары чыгып жаткан жерге бөтөн кишилердин барышына жол бербөөгө тийиш.
863. Авария болгон жерди өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз кылуу, зарыл болсо күзөт уюштуруп жана мунай подуктуларынын башка коммуникациялар менен тармактарга өтүшүнө жол бербей турган чаралар көрүлүүгө тийиш. Газдуулук канча экени такай контролдонот.
864. Аварияны жоюучу жер 5 метр радиуста чөбүнөн тазаланат, ал эми мунай продуктулары сиңип кеткен жер тазаланат жана топурак менен көмүлөт.
865. Тракторлорду, автомобилдерди жана ичинен күйүүчү кыймылдаткычтуу башка агрегаттарды мунай продуктулары чыккан жерге 30 метрден жакын коюуга болбойт.
866. Өткөргүч түтүктүн үстүнөн 0,3 метр жана ага жетпеген тереңдикте, ошондой эле газ топтолгон чуңкурларда же кудуктарда ачуу жумуштары урунганда учкун чыгарбаган аспаптар менен гана аткарылууга тийиш.
867. Калктуу пункттагы мунай продуктулары өтүүчү трассага "Нефтепродуктопровод" деген жазуусу бар белги коюлат жана мунай продукту жердин үстүнө чыкканы аныкталган учурда кайрыла турган телефондун номери жазылат.
868. Мунай продуктуларын өткөргүч түтүктүн абалы көз жүгүртүп, ошондой эле өткөргүч түтүктү эксплуатациялоо процессинде пайда болгон бузулган жерлерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү атайын приборлор жана жабдыктар менен такай контролдонот.
§ 4. Мунай продуктуларын айдатуучу насостук станциялардын өрт коопсуздугу
869. Насостук станциялардын ичинде насостордун жана өткөргүч түтүктөрдүн жылчыксыздыгы такай контролдонот. Насостордун сальниктеринен жана өткөргүч түтүктөрдүн кошулган жерлеринен мунай продуктулары чыга баштаса дароо оңдолот.
870. Ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарды жайгаштыруучу жайлар насостор жайгашкан жерден газды өткөрбөөчү, күйбөй турган дубалдар менен тосулушу зарыл. Жеңил от алып кетүүчү суюктуктар үчүн насостор коюлган жайларда жалпак ремендүү кыймыл бергичтерди пайдаланууга тыюу салынат.
871. Насостор жайгашкан жердеги полдор жана лотоктор такай суу менен жуулуп турууга тийиш. Мунай продуктуларынын топтолуп кетишине жол берилбейт. Төгүлгөн мунай продуктуларын кетирүү үчүн насос жабдуулары коюлган жайлар резина шлангдары бар суу түтүк менен жабдылат. Насостун канализацияга агып кирген жерлериндеги гидравликалык бекиткичтер дайыма карап текшерилип турат.
872. Сүрүлүп туруучу бөлүктөрдүн майы, подшипниктердин, сальниктердин жана насостордун температурасын байкоого алуу зарыл. Насостордун туура иштөөсүнүн режимин бузган кандайдыр бир бузуктар байкалганда аны токтотуп, бузугун оңдоо керек.
873. Мунай продуктуларын убактылуу көчмө айдатуучу станциялар менен өткөрүүдө төмөнкүдөй чаралар аткарылууга тийиш:
1) станция магистралдык өткөргүч түтүктүн трассасынан 25 метрден жакын эмес жайгаштырылат жана ачык, тегизделген аянтка орнотулат, ал эми айдатуучу агрегаттар иштеген учурда титирөөнү жана жылышып кетүүнү болтурбоочу металл алкактарга жакшылап бекитилет;
2) насостон мунай чыга баштаса мунай продуктуларынын ичтен күйүүчү кыймылдаткычка тийбеши үчүн кыймылдаткычтар насостордон металл жабуу менен тосулат;
3) кыймылдаткычтардын түтүн чыгуучу түтүктөрү ысыкты өткөрбөгөн күйбөс материал менен капталат, ал эми алардын учу жерди оюп жасалган бункерлерге киргизилет;
4) мунай продуктулары чыгышы мүмкүн болгон жерлер (өткөргүч түтүктүн туташкан жерлери жана насостордун сальниктүү бириккен жерлери) агып чыккан мунай продуктуну коопсуз жерге буруп кетүү үчүн дренаж түзүлүштөр менен жабдылат;
5) станцияны токойлуу жерге жайгаштырган учурда сордуруучу агрегаттардын айланасы дарактардын жалбырактуу түрлөрү өскөн жер 20 метр радиуста, ийне жалбырактуу дарактар өскөн жер - 50 метр радиуста тазаланат жана жазылыгы 4 метрден кем болбогон минералдашкан тилке менен курчалат, ал эми аймагы бак-дарактан, чамындылардан, кургаган чөптөн тазаланат;
6) резервдеги күйүүчү май сакталган жер сордуруучу станциядан кеминде 30 метр аралыкта жайгашат, чөп-чары тазаланат жана жазылыгы 4 метрден кем эмес минералдашкан тилке менен курчалат.
874. Убактылуу сордуруучу станция иштеп жаткан учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) үн басаңдаткычы бузук кыймылдаткычты иштетүүгө;
2) жарык берүү үчүн ачык типтеги шамчырактырды пайдаланууга (бул максатта жарылбай турган электр аккумулятордук фонарларды колдонуу керек);
3) ачык отту колдонууга (от жандырууга), тамеки чегүүгө, ширетүү жана башка от чыгуучу иштерди жүргүзүүгө;
4) урунганда учкун чыгарган аспапты пайдаланууга.
875. Магистралдык түтүктөрдүн трассаларындагы ар бир убактылуу мунай сордуруучу станцияда өрт өчүрүү үчүн суу запасы жана өрт өчүргүч мотопомпа болууга тийиш.
§ 5. Темир жол агызуучу-куюучу эстакадалардын өрт коопсуздугу
876. Мунай базаларынын жана куюучу пункттардын (станциялардын) аянттарында, агызуучу-куюучу түзүлүштөр орнотулган магистралдык продукт өткөргүчтөрдө авария болгондо жана мунай акканда суюктуктун бурма лотокторго же арыктарга тоскоолсуз агып кетиши каралууга тийиш, агып кетүүчү жерлер гидравликалык бекиткичтер аркылуу агындыны жыйноочу жер же өндүрүштүк канализация менен кошулууга тийиш.
877. Агызуучу-куюучу түзүлөштөрдүн эки тарабында же өзүнчө турган темир жолдордогу көтөргүчтө белги бергичтер - контролдук мамычалар коюлууга тийиш, тепловоздорго андан өтүп кетүүгө тыюу салынат.
878. Агызуучу-куюучу маршруттарды бош турган темир жол эстакадаларына берүүнү мунай базаларынын персоналы контролдоого тийиш. Токтотуучу башмактарды темир жол транспортунун кызматкерлери орнотот. Агызуучу-куюучу түзүлмө жайгашкан темир жолдордо тепловоздордун жүрүшүнө тыюу салынат.
879. Агызуучу-куюучу түзүлмөлөр, өткөрүү түтүктөрү жана түтүктүү арматура маалы менен каралып жана пландуу түрдө алдын ала оңдолуп турат. Байкалган бузуктары жана суюктук аккан жерлери дароо оңдолот. Агызуучу түзүлмөнүн бузук бөлүгү иштетилбеши керек.
880. Темир жол цистерналарын сорттоо жана бири-биринен чечүү агызуучу жана куюучу эстакаданын чегинен тышкары жүргүзүлүүгө тийиш. Мунай продуктуларын агызуу-куюу операцияларынын учурунда эстакадада атылып чыккан буунун температурасы 61 °Cге жетпегенде манёвр иштерин аткарууга жана кийинки маршрутту бошогон жолго салууга тыюу салынат. Жылчыксыз агызуу түзүлмөнүн жардамы менен жүргүзүлгөн агызуу операцияларынын учурунда мунай продуктулары куюлган темир жол цистерналарын бошогон эстакадага берүүгө уруксат берилет.
881. Темир жол цистерналарындагы суюктукту агызуу жана куюу жана андан чыгаруу булкуп-жулкпастан жумшак аткарылышы керек. Агызуучу-куюучу түзүлмөлөрдүн аймагында металл башмактуу темир жол цистерналарын токтотууга жана фиксациялоого тыюу салынат. Бул максат үчүн жыгач төшөлгөлөр же учкун чыгарбаган металлдан жасалган башмактар колдонулат.
882. Жеңил от алган суюктуктарды агызуу да же куюуда цистерналардын капкактарын жабууда, шлангдарын жана башка шаймандарын темир жол цистерналарына туташтырууда урунуштурууга жол берилбейт. Куюу жана агызуу операцияларынын учурунда колдонулуучу аспап урунганда учкун чыгарбаган материалдан жасалууга тийиш. Куйган учурда шлангдын учун цистернанын түбүнө чейин түшүрүү зарыл; чачыратпоо үчүн суюктукту анын деңгээлиндегидей өлчөмдө куюу керек. Цистерналардын люктарынын капкактарына резина кыпчыткычтар коюлат.
883. Атмосферада электр разряддары чыгып турганда мунай продуктуларын куюуга тыюу салынат.
884. Агызуучу-куюучу операцияларда жергиликтүү жарык берүү үчүн жарылбай турган аккумулятордук фонарларды колдонуу зарыл.
885. Темир жолдогу агызуучу-куюучу эстакадада тез от алган мунай продуктулары үчүн өткөөл көпүрөчөлөр буроолору көрүнбөгөн жыгач жаздыкчалар менен жабдылат.
886. Темир жол цистерналарын ордунан жылдыруу жана агызуучу жана куюучу жерге жеткирүү үчүн рычаг катары темир ломдорду жана башка темир буюмдарды колдонууга тыюу салынат. Темир жол цистерналары лебёдкалардын жардамы менен гана жылдырылууга тийиш.
887. Техникалык кароодон өткөн белгилери жок, ошондой эле мунай продуктуларын куюуга тоскоол болгон аккан жерлери же башка ачык бузугу бар темир жол цистерналарын суюктук куюуга кабыл алууга тыюу салынат.
888. Мунай продуктуларын агызуу же куюу алдында баардык которуучу вентилдердин, жылдыргычтардын тууралыгы, ошондой эле агызуучу-куюучу түзүлмөлөрдүн тууралыгы, шлангдардын же телескопиялык өткөрүү түтүктөрдүн кошулган жерлеринин жыштыгы текшерилиши керек.
889. Темир жол цистерналарынын люктарын ачкан учурда жана шлангдарын ордуна коюуда бул операцияны жасаган адамдар люктун жел келген тарабында турууга тийиш.
890. Темир жол цистернасына суюктукту куюп жатканда аккан жерлери байкалса, аны толук четтетмейин бул цистернага куюуну дароо токтотуу керек. Эгерде агууну токтотууга мүмкүн болбосо, цистерна куюлган мунай продуктусунан бошотулат жана жөнөткөн станцияга кайтарылат.
891. Темир жол цистерналарынын бузулган төмөнкү куюучу шаймандарын конструкциясында каралбаган учкун чыгаруучу аспаптар менен ачууга тыюу салынат. Агызуучу-куюучу коллекторго цистернанын төмөнкү агызуучу шайманы цистернанын дөңгөлөктөрүнүн астына башмактар (жөлөктөр) орнотулуп жана локомотив бул жолдон алынгандан кийин гана туташтырылууга тийиш.
892. Мунай продукту темир жол цистерналарына куюлуп бүткөндөн кийин куюучу эстакадалардын үстүндө жайгашкан шлангдар, көтөргүчтөр жана коллекторлор мунай продуктуларынан бошотулуп, ал эми темир жол цистерналардын капкактары жылчыксыз жабылууга тийиш.
893. Темир жол цистерналарындагы агызуучу-куюучу түзүлмөдөгү катып калган мунай продуктулары буу менен, ошондой эле бул максаттарда эксплуатацияга берилген атайын жылыткычтар менен гана жылытылышы керек. Ачык отту пайдаланууга тыюу салынат.
894. Темир жол цистерналарындагы илээшкек мунай продуктуларын буу шайманы менен жылыткан учурда аталган шайман 0,5 метрден кем эмес тереңдикке мунай продуктуларынын ичине толук чөгөрүлгөндөн кийин гана иштей баштайт. Жылытып жаткан учурда мунай продуктунун температурасы жогорулаганда ал цистернадан ташып кетишине жол бербөө зарыл.
Электр жылыткычтар менен жылытып жаткан учурда мунай продуктуларын вагон-цистерналардан куюп алууга тыюу салынат.
895. Тез от алган мунай продуктуларынын төмөнкү куюлушу жылчыксыз куюу шаймандары аркылуу гана жүргүзүлөт.
896. Электрлешкен темир жолдордо жайгашкан агызуучу-куюучу эстакадалардын темир жолдорунда эки бөлүп турган жик орнотулууга тийиш: биринчиси - агызуу фронтунун чегинен тышкары, экинчиси - туюктун жебесинин жанында.
897. Төмөнкү температуранын шартында темир жол системаларына куюу бул цистерналарды абанын температурасы алда канча жогору болгон райондорго ташып барганда мунай продуктунун көлөмүнүн кеңейишин эске алуу менен ишке ашырылышы керек.
898. Темир жолдорду, эстакадаларды, өткөрүү түтүктөрүн, телескоп түтүктөрүн жана шлангдардын учтарын жерге туташтыруу керек. Жерге туташкан түзүлмөлөрдүн каршылыгы жылына 1 жолудан кем эмес текшерилет.
899. Темир жол эстакадаларынын эвакуациялык жана жумушчу шатыларын оң абалда кармоо керек.
900. Темир жол эстакада туюктарынын аягына орнотулган лебёдкалар оң абалда болууга тийиш. Мунай продуктуларын агызуучу жана куюучу операцияларды жүргүзүүдө лебёдканын тросу жандырылган абалда болууга тийиш.
§ 6. Мунай продуктуларын бөлүштүрүп жана майдалап куюп берүүчү авто куюучу эстакадалардын өрт коопсуздугу
901. Куюучу түзүлмөлөр жайгашкан оперативдүү аянтчаларды катуу төшөлмөлөр менен жабдуу жана ар кандай суюктуктардын гидравликалык бекиткич аркылуу өндүрүштүк-агызма канализацияга же атайын топтогучка үзгүлтүксүз агып чыгышын камсыздоо зарыл.
902. Бир эле учурда оперативдүү аянтчада турууга жол берилген автомашиналардын санын уюмдун жетекчиси белгилейт.
903. Аймакка жана оперативдүү аянтчага бузук автомобилдердин киришине, ошондой эле ишкананын аймагында аларды оңдоого тыюу салынат.
904. Мунай продуктуларын ташууга ылайыкталган автоцистерналар куюучу эстакаданын жерге туташтырылган контуру менен бириктирүү үчүн туташтыруучу түзүлмөлөр менен жабдылышы керек; автоцистерналардын үн басаңдаткычтары учкун тоскучтар менен жабдылат жана кыймылдаткычтын же радиатордун астына алдыга карай жайгаштырылат. Автоцистерналар 100-200 мм узундукта жерге тийип турган туташтыруучу чынжыр жана эки өрт өчүргүч, кийиз, кургак кум толтурулган челек жана күрөк менен камсыздалышы керек.
905. Ишкананын кире беришинде жана мунай продуктуларын куйган аянтчада ишкананын персоналы автоцистерналардын бузук эместигин жана өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыз болгондугун текшерүүгө тийиш.
906. Автоцистернага мунай продуктулары куюлуп жатканда анын кыймылдаткычы өчүрүлүшү керек. Мында айдоочу куюу процессин контролдоп турат. Автоматтык түрдө куюу учурунда айдоочу бул система үчүн инструкцияда каралган аракеттерди аткарат. Кыймылдаткыч иштеп турганда мунай куюуга кыймылдаткычты от алдыруу кыйынчылык келтирген төмөн температуранын шартында гана уруксат берилет.
907. Өрт чыккан учурда автоцистернаны буксировкалоо үчүн мунай куюучу эстакаданы трос же штанга менен камсыз кылуу зарыл.
908. Куюп бүткөндөн кийин шлангдар (учтуктар) андан мунай продуктулары толук куюлуп алынгандан кийин автоцистернанын куюлуучу оозунан чыгарылууга тийиш. Автоцистернанын оозу урунбагыдай кылып этияттык менен жабылат.
909. Автоцистерналардын айдоочуларына мунай продуктуларын ташууда өрт коопсуздугун сактоо боюнча чаралар жөнүндө инструктаж (күбөлүк берүү менен) өткөрүлөт.
910. Мунай продуктусун ашыра куюуга (толуп төгүлүүгө) жол берилген учурларда мунай куюлуп жаткан автоцистернанын кыймылдаткычын от алдырууга тыюу салынат.
911. Мунай продуктуларын идишке куюп берүүнү ишкананын тейлөөчү персоналы гана ишке ашырат. Мунай продуктуларын берүүнүн алдында тейлөөчү персонал куюла турган идишти карап чыгууга тийиш. Бузулган идишке мунай продуктуну куюуга тыюу салынат.
912. Иштелип чыккан мунай продуктуларын жыйноочу жана жүктөп жөнөтүүчү пункттарды, ошондой эле регенерациялык түзүлмөлөрдү мунай продуктуларын чекене жөнөткөн зонага жайгаштыруу зарыл. Мунай продуктуларын кабыл алуу жана жөнөтүү ишкананын персоналы тарабынан же алардын катышуусунда жүргүзүлөт.
913. Дүрт күйүү температурасы 120 °C жана андан төмөн болгон иштетилген мунай продуктулары үчүн агызуучу-куюучу төр жабык сакталууга тийиш.
914. Көө толуп кетишине жол бербөө үчүн кернейлүү мештин жана куб түрүндөгү курулманын мору суткасына бир жолудан кем эмес тартипте суунун буусу менен үйлөтүлүп турат.
§ 7. Аянтчанын ичиндеги, технологиялык өткөрүү түтүктөрүнүн жана түтүктүү арматуранын өрт коопсуздугу
915. Мунай базалардын, куюучу жана сордуруучу станциялардын өткөрүү түтүктөрүнө технологиялык схемалар түзүлөт, аларда ар бир өткөрүү түтүгүнө белги, ал эми тиреген арматурага номер коюлат. Тейлөөчү персонал аварияда жана өрт учурунда жылдыргычтарды иштете билүү үчүн өткөрүү түтүктөрүнүн технологиялык схемасы менен таанышат.
916. Орнотулган арматурасы менен технологиялык өткөрүү түтүктөрү эксплуатацияга берүү алдында кошулган жерлеринин бекемдигин жана жыштыгын текшерүүгө гидравликалык сыноодон өткөрүлөт.
917. Жердин үстүндөгү өткөрүү түтүктөрүнүн жана алардын мамыларынын коркунуч келтирип салаңдап калышына жана деформацияланышына жол бербөө үчүн алардын бекиткичтеринин абалы дайыма көзөмөлдө болот. Өткөрүү түтүктөрүнүн, асмалардын жана мамылардын бузугу дароо четтетилип турууга тийиш.
918. Сүрүүдө же өткөрүү түтүгүнө урунганда учкун чыгаруучу болот зымдардын жана башка шаймандардын жардамы менен өткөрүү түтүгүндө пайда болгон тыгындарды тазалоого тыюу салынат.
919. Өткөрүү түтүктөрүн жана анын жылдыргыч тетиктерин ачык от менен жылытууга болбойт. Бул максатта буу, ысык суу же ысык кум гана, ошондой эле заводдон чыккан электр жылыткычтары пайдаланылат.
920. Мунай продуктулары толтурулган өткөрүү түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
§ 8. Мунай газ өнөр жай объекттеринин өрт коопсуздугу
921. Скважиналарды бургулоо, сыноо, капиталдык оңдоо үчүн жер үстүндөгү жабдуулар, контролдоочу станциялар өндүрүштүк жана турак жайлар, кампа жайлар, чыгындыларга каршы түзүлмөлөрдүн бутактары, кирүүчү жолдор, вертолет аянттары ар бир конкреттүү район үчүн шамалдын басымдуулук кылган багытын эске алуу менен жайгаштырылууга тийиш.
922. Орнотмого бөлүнгөн аймакты жер үстүндөгү жана жер астындагы өткөрүү түтүктөрүнөн, кабелдерден бошотуп, дарактардан, чөп-чардан тазалоо керек.
Транспорттун жана өрт техникасынын орун которушу үчүн жердеги курулмалардын айланасында жазылыгы 10-12 метр келген аянтчалар каралууга тийиш.
Аймакты пландаштырууда суюктуктарды куйган жеринен жана жер үстүндөгү курулуштардан атайын амбарларга (тутмаларга) агызып кетүүчү жолдор каралууга тийиш.
923. Курулмалардын калканчтары күйбөгөн материалдардан жасалат. Башка учурларда конструкциясы өрттөн коргоочу состав менен иштетилет.
924. Күйүүчү майлардын идиштери жана орнотмолору жер үстүндөгү жайлардан, жабдуулардан, өткөрүү түтүктөрүнөн 20 метрден кем эмес жайгаштырылууга тийиш. Күйүүчү майлардын орнотмолору насостор, сыйымдуулугун өлчөгүчтөр, эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилер менен жабдылышы керек. Алар орнотулган жерге келе турган жолдор салынып жана күйүүчү-майлоочу материалдардын сакталган көлөмүнө жараша туюк жал менен тосулат.
925. Арматура же аппараттарды бириктиргичтер орнотулган жерден тышкары жарылуу өрт коркунучу бар технологиялык системалардын өткөрүү түтүктөрүндө фланец жана разъемдук бириктиргичтерге тыюу салынат. Жарылуу коркунучу бар технологиялык системаларда жумшак шлангдарды колдонууга тыюу салынат.
926. Күйүүчү продуктуларды сордурган насостордун жана компрессорлордун соруучу жана кызытуучу линияларында бекитүүчү, кесип салуучу жана сактоочу түзүлүштөрдү кароо зарыл.
927. Күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай продуктунун чыгып жатканы, жылчык пайда болгондугу, агып жаткандыгы байкалган учурда бузулган жерди дароо оңдоп, мунай аккан жерлер кылдат тазаланышы керек.
928. Күйүүчү-майлоочу жана тез от алуучу материалдарды жарылуу өрт коркунучу бар курулмалардын ичине сактоого тыюу салынат.
929. Өрт өчүрүүчү каражаттар өрт коркунучу бар жерге (күйүүчү майлардын түзүлүштөрүнүн күч жана насос блогу, электр станциясы, скважиналардын оозу) жакын жайгаштырылууга тийиш.
930. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын түтүнү чыккан линиялар скважиналардын оозунан 15 метрден, тосмо дубалдан (түптөлгөн жерден) 5 метрден жана чатырдын (бастырманын) чокусунан 1,5 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштырылат. Түтүн чыгуучу түтүктөрдү кыймылдаткычтын, түптөлгөн жердин, төшөлмөнүн астына салууга тыюу салынат.
Түтүн чыгуучу линия дубал, тосмо, чатыр (бастырма) аркылуу өткөн жерлерге түтүктүн 3 диаметринен кем эмес жылчык калтыруу керек. Ушул жерге ысык өтпөгөн тыгыздагыч жана күйбөгөн тоскуч коюлат.
Түтүн чыгуучу линиялар учкун тоскучтар менен жабдылат.
931. Төмөнкү температурада тоңуп калышы мүмкүн болгон жабдуулар жана өткөрүү түтүктөрү ачык отту колдонууга жол бербей турган жылуулагычтар менен камсыз кылынат.
932. Өрт жана жарылуу коркунучу бар жайларда, түптөлгөн жерлердин астында, газ чыгышы мүмкүн болгон жерлерде, күйүүчү-майлоочу материалдар, мунай продуктулары, күйүүчү газдар жана реагенттер сакталган сыйымдуулуктарга жакын жерде ачык от колдонууга жана тамеки чегүүгө тыюу салынат. Тамеки чегүү үчүн өрт коопсуздугу сакталган зонада атайын жабдылган жайды караштыруу жана ал жерди тийиштүү жазуу менен белгилөө зарыл.
933. Газданган учурда, күйүүчү-майлоочу материалдар, мунай продуктулары менен булганган жерде газ, от менен жана ширетүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
934. Күч, бургулоо жана мунай алуучу жабдуулар, коргоо объектинин калканчтары жана аймагы дайыма өрт чыкпагыдай коопсуз абалда кармалууга, ар кандай күйүүчү-майлоочу материалдардын жана мунай продуктуларынын төгүлүүсүнөн үзгүлтүксүз корголууга тийиш.
§ 9. Газды кайра иштетүү өнөр жай объекттеринин өрт коопсуздугу
935. Жарылуу коркунучу бар аралашмалардын топтолушу мүмкүн болгон заводдун аймагында автомашиналардын, тракторлордун, мотоциклдердин өтүшүнө тыюу салынат. Мындай участоктордо өтүүгө тыюу салган белгилер орнотулууга тийиш.
936. Жарылуу өрт коркунучу бар цехтердин жана түзүлмөлөрдүн аймагына автомашиналардын, тракторлордун, көтөрүүчү-транспорт жана курулуш механизмдеринин киришине мүмкүн болгон токтотуучу жайларды, жүрүү маршруттарын жана коопсуздук чараларын көрсөтүү менен уюмдун жетекчисинин уруксаты боюнча гана аткарылууга тийиш.
937. Жарылуу коркунучу бар жайларда жана газ коркунучу бар жерлерде темир такалуу бут кийим менен иштөөгө тыюу салынат.
938. Жарылуу коркунучу бар цехтерде транспорт арабаларынын дөңгөлөгүн урунганда учкун чыгарбаган металл же резина шиналары менен жабдуу зарыл. Канализациянын карай турган кудуктарынын капкактары дайыма жабык болууга жана 10 см катмарда кум менен жабылууга тийиш.
939. Өрт учурунда өнөр жай канализациясынын тармагы боюнча оттун таралышына жол бербөө үчүн атайын кудуктардын ичине гидравликалык бекиткичтерди орнотуу зарыл. Ар бир гидравликалык бекиткичте аны түзүп турган суунун катмары 0,25 метрден кем эмес бийиктикте болууга тийиш.
940. Гидравликалык бекиткичтер технологиялык аппаратура коюлган жайлардан, технологиялык түзүлүштөрдүн аянтчаларынан, топтолгон жана өзүнчө турган резервуарлардан, жылдыргыч түйүндөрдөн, аппараттардын тобунан, насостун, буу казан, агызып-куюучу эстакадалардан чыгуучу баардык жерлерге орнотулат. Гидравликалык бекиткичтин конструкциясында аны тазалоого ыңгайлуулук каралган.
941. Канализацияларды бузук же туура эмес жасалган гидравликалык бекиткичтер менен, ошондой эле мындай бекиткичтерсиз пайдаланууга тыюу салынат.
942. Жарылуу өрт коркунучу бар продуктуларды канализациялык системаларга агызууга тыюу салынат. Бул максаттарда атайын сыйымдуулуктар каралууга тийиш.
943. Канализацияга агызганда өндүрүштүк агын суулардын температурасы 40 °Cден ашпоого тийиш.
944. Жарылуу коркунучу бар өндүрүштүк жайларга орнотулган желдеткич системасынын металл аба өткөргүчтөрү жер менен туташтырылууга тийиш.
945. Желдеткичи иштебеген жабдууну иштетүүгө тыюу салынат.
946. Күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар газ менен иштеген аппаратура жана коммуникация жайгашкан жабык жайларды сутка бою желдетип туруу зарыл.
947. Зыяндуу же жарылуу коркунучу бар аралашмалардын кокусунан интенсивдүү бөлүнүшү мүмкүн болгон өндүрүштүк жайларда механикалык авариялык желдеткичтерди орнотуу керек.
948. Датчик-газоанализаторлордун таасири астында автоматтык түрдө иштөөчү авариялык-механикалык желдетүүнү, мындан тышкары өндүрүштүк жайдын тышкы эшигинде жайгашкан кнопкалардын жардамы менен аралыктан иштөөчү авариялык желдетүүнү камсыздоо керек.
949. Өндүрүштүк жайда өрт чыккан учурда желдетүү системасы өчүрүлүшү керек.
950. Жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүштүк жайларды ысык сууну, бууну жана жылуу абаны пайдаланган борборлоштурулган системалар менен жылытуу зарыл.
951. Өрт чыккан учурда жана анын тарап кетүү коркунучунда аба менен жылытуу системасы дароо өчүрүлүүгө тийиш.
952. Темир жол цистерналарын толтуруу үчүн эстакадалардын куюучу көтөргүчтөрү жерге туташтырылууга тийиш. Темир жол рельстери агызып-куюучу фронттун чегинде өз ара электр менен бириктирилет жана электр тартуучу тармактын жерге туташтыруусу менен байланышпаган жерге туташтыруучу түзүлмөгө кошулат.
953. Күйүүчү газдар толтурулуп жана куюлуп жаткан автоцистерналар жерге туташкан түзүлмөгө кошулууга тийиш. Жерге туташтыруучу зым катары кесилиши 6 мм2ден кем болбогон ийилгич (көп кылчалуу) жез зым пайдаланылат.
954. Резина шлангдардын металлдан жасалган уучтары жана тез чечиле турган түзүлмөлөрү шлангдын тышынан же ичинен оролгон ийилгич (көп кылчалуу) жез зымдын жардамы менен жерге туташтырылууга тийиш. Жерге туташтырган зымдын экинчи учу продукт өткөргүчтүн металл бөлүгүнө туташтырылат.
955. Чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү жылына бир жолудан кем эмес карап чыгуу зарыл. Жерге туташтыруучу түзүлмөлөрдүн каршылыгын өлчөө 12 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
§ 10. Факель чарбасын эксплуатациялоодогу өрт коопсуздугу
956. Факелдер аралыктан тутандырылууга тийиш.
957. Иштеп жаткан баардык факелдерди кезметтеги күйгүчтөр менен камсыз кылуу зарыл.
958. Факелдин айланасындагы 50 метрден кем эмес радиустагы аймак тосулууга жана эскерткич белгилер менен белгиленүүгө тийиш.
959. Факелдин аймагындагы тосмолордун чегинде кудуктарды, чуңкурчаларды жана башкаларды казууга болбойт.
960. Факелдик түтүккө кирер алдында газ түтүктөрүндө карап көрүүгө жана оңдоого жетимдүү болгон от тоскучтарды орнотуу зарыл.
961. Магистралдык-факелдик түтүктө жалпы сепаратор каралууга тийиш, ал факель мамычасынан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгашат. Факелдик түтүктү сепаратор тарапка жантайтып жайгаштыруу зарыл.
962. Жалпы факелдик системага төмөнкүлөрдү багыттоого тыюу салынат:
1) жабдууда күйүүчү газдын топтолушу тутануунун төмөнкү чегинен 50%дан төмөн болгондо жабдууну үйлөткөндөн кийинки инерттүү газды;
2) аппараттардан жана түтүктөрдөн сүрүп чыгарылган абаны, ошондой эле таза инерттүү газды;
3) бузулууга, кычкылданууга, полимерлешүүгө, жылуулукту бөлүп чыгарууга ыңгайлуу жана факель газ түтүгүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектөөгө жөндөмдүү болгон продуктуларды.
15-глава. Газ чарбасында өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
963. Газ түтүктөрүн куруу, монтаждоо, эксплуатациялоо, газ отунун колдонуучу агрегаттарды жана шаймандарды тейлөө боюнча иштерге, газды жиберүү боюнча, ошондой эле күйүп бүткөн продуктуларды жиберүү үчүн түтүн чыгуучу түтүктөрдү орнотуу жана эксплуатациялоо боюнча иштерге газ чарбасында коопсуз иштөө методдоруна үйрөнгөн жана уюмдун жетекчиси бекиткен комиссияга сынак тапшырган жумушчулар жиберилет.
964. Коомдук максаттагы жана тиричилик тейлөө ишканаларында газ шаймандарынын жанында көрүнүктүү жерде ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен түзүлгөн газды туура жана коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар илинип турушу керек.
Көрсөтүлгөн объекттерде газ чарбасына жооптуу тараптар газ шаймандарын эксплуатациялоо менен байланышкан кызматкерлерди газ шаймандарын коопсуз колдонуу боюнча инструктаждан өз убагында өткөрүүгө милдеттүү.
965. Турак үйлөргө газ жогору турган уюм бекиткен нускама боюнча аларга жашоочулар киргенге чейин жиберилиши керек.
Эгерде газ турак үйлөргө жашоочулар киргенден кийин жиберилсе, газ чарбасы турак-жай-эксплуатациялык уюмдарды жана ошол үйлөрдүн тургундарын газ жиберилчү күн жана тургундардын үйлөрүндө болушунун зарылдыгы жөнүндө маалымдашы керек.
966. Театр жана кинотеатрлардын буфеттеринде жана кафелеринде газ жабдууларын орнотууга тыюу салынат.
Дарылоочу, амбулатордук-бейтапкана мекемелеринде, бала бакчалардын жана яслилердин ашканаларында өрткө каршы аралыкты сактоо менен өзүнчө имараттарда жайгаштырылган тамак даярдоо кызматтарынын, борбордук даярдоочу бөлмөлөрүндө, лабораторияларда жана стоматологиялык бейтапканаларда гана борборлоштурулган газ менен камсыздоону кароого болот.
967. Желим материалдан курулган газ түтүктөрү бир кесиндиден жасалып, 10 метрден ашпаган узундукта жана дубалга атайын скобалардын жардамы менен бекитилиши керек. Түтүктөр дубалдар, эшиктер, терезелер аркылуу өтпөшү керек. Газ түтүктөрүнө, шаймандарга, редукторго кошулган жерлерде түтүктөр гофриленген учтуктарга кийилип, ишенимдүү жана жылчыксыз кошулууну камсыздоочу темир каамыттардын жардамы менен бекитилиши керек. Зым каамыттарын колдонууга тыюу салынат.
968. Газ түтүктөрү күйүп бүткөн ысык продуктулар жана ысытылган же эритилген металл менен тийишүү мүмкүндүгү бар жерлерге, ошондой эле коррозиялык-активдүү суюктуктардын төгүлүшү же чачырашы мүмкүн болгон жерлерге төшөлбөшү керек, газ түтүктөрүн ачык жылуулук нурдануусунан да коргоо зарыл.
969. Газ түтүктөрүн лифттердин шахталары, желдеткич шахталар жана каналдар, ошондой эле түтүн чыгуучу түтүктөр аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
970. Адам өтүүчү жерлерде газ түтүктөрү полдон тартып түтүктүн түбүнө чейин санаганда 2,2 метрден кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы керек.
971. Жылытуу үчүн колдонулуучу газдык сыйымдуу суу жылыткычтар, чакан көлөмдөгү жылытуучу от казандары жана күйүп бүткөн продуктуларды түтүн чыгаруучу түтүккө жөнөткүчү менен башка жылытуучу газ шаймандары, ошондой эле жылытуучу жана жылытуучу-бышыруучу мештер коопсуздук автоматикасына ээ болушу керек.
972. Газга ылайыкталган мештердин от жагуучу эшикчелери коридор тарапта же адамдардын узак убакыт болуусуна ылайыкталбаган башка бөлмөдө жайгаштырылышы керек.
973. Газга ылайыкталган мештердин от жагуучу эшикчелери чыккан бөлмөлөр желдеткич каналга же форточкасы бар терезеге, же сыртка чыгуучу, ашканага (тамбурга) чыгуучу эшикке ээ болушу керек. Мештин от жагуучу эшикчесинин алдында 1 метрден кем эмес эндиктеги өтмө болушу керек.
16-глава. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Курулуш аймактарынын, имараттардын жана жайлардын өрт коопсуздугу
974. Курулуш аянтындагы өрткө каршы аймакта жайгашкан баардык курулуштар жана курулмалар курулуш башталганга чейин бузулууга тийиш.
975. Курулуштун аймагындагы өндүрүштүк, кампа жана көмөкчү имараттар жана курулмалар курулуш уюмунун долбоорунун курамында иштелип чыккан башкы планга ылайык жайгаштырылууга тийиш.
976. Аянты 5 гектар жана андан ашкан курулуш аймагында аянттын карама-каршы тараптарынан экиден кем эмес кире турган жолу болушу зарыл. Мындай жол жылдын баардык учурунда өрт өчүргөн автомашиналардын өтүшү үчүн жарактуу болгондой жасалышы керек. Кире турган дарбазанын жазылыгы 4 метрден кем болбоого тийиш.
Курулуш аянтына кире берген жерде курулуп жаткан жана көмөкчү имараттардын жана курулмалардын кире турган жолдорунун, эшиктердин, суу булактарынын, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарынын чийилген пландары илинип коюлууга тийиш.
977. Курулуп жана пайдаланылып жаткан баардык имараттарга (анын ичинде убактылуу имараттарга да), өрт өчүрүүчү суу булактарына, өрт өчүрүү шаймандарына, курулуш материалдары, конструкциялар жана жабдуулар ачык сакталган жерге ээн-эркин кирүү камсыз кылынууга тийиш.
Курулуп жаткан имараттарга алып баруучу жолдор негизги курулуш иштери башталганга чейин бүткөрүлүшү зарыл.
978. Имараттардын ортосундагы өрткө каршы ылайыкталган ачык жерлерди материалдарды, жабдууларды, салынуучу идиштерди сактоого жана автомобилдердин туруучу жайына пайдаланууга тыюу салынат.
Түтүктөрдү же кабелдерди жол аркылуу орнотууда аны өткөрө турган жерлер, көпүрөчөлөр же убактылуу айланып өтүүчү жерлер салынат. Оңдоо иштерин жүргүзүү же жолдорду, өтмөктөрдү убактылуу жабуу тууралуу өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакын жердеги бөлүмдөрүнө дароо билдирүү зарыл.
979. Күйүүчү материалдардын ачык кампалары ээлеген аянттар, ошондой эле күйүүчү материалдардан жасалган өндүрүштүк, кампа жана көмөкчү курулуштар кургак чөптөн, түшкөн жалбырактан жана күйүүчү таштандыдан тазаланат.
980. Ачык аянтта сакталган күйүүчү курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар, ошондой эле күйүүчү таңгактагы жабдуулар жана жүктөр аянты 100 м2 тан кем эмес жерде текши тизилип же тобу менен жайгаштырылууга тийиш.
981. Айрым блок-контейнерлер жана тиричилик вагончолору 10дон ашпаган санда топтоштурулуп жайгаштырылууга тийиш. Мындай курулмалардын топторунун ортосундагы жана алар менен башка курулуштардын ортосундагы аралык 15 метрден кем болбошу керек.
Убактылуу курулуштар курулуп жаткан жана башка имараттардан 15 метрден кем эмес аралыкта же өрткө каршы туюк дубалдардын түбүндө жайгашат.
Өрткө каршы аралыктар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдары жана эрежелердин жыйнактары менен аныкталат.
982. Курулуп жаткан имараттарда ушул бөлүмдүн жоболору сакталган шартта убактылуу устаканаларды жана кампаларды жайгаштырууга уруксат берилет (күйүүчү заттар жана материалдар сакталган кампаларды, кымбат жана баалуу жабдуулар сакталган кампаларды, ошондой эле күйүүчү таңгактагы жабдуулар турган кампаларды, күйүүчү материалдарды иштеп чыгуу менен байланышкан өндүрүштүк жайлар менен жабдууларды кошпогондо).
Курулуп жаткан имараттарда күйүүчү полимер жылуулагычтар менен корголбогон металл түркүк конструкциялардан жана панелдерден жасалган убактылуу кампаларды, устаканаларды жана административдик-тиричилик жайларын жайгаштырууга тыюу салынат.
983. Аянты 300 м2 жана андан ашык ашканалардын кире беришине же корголуучу жайдын ичине үн жана жарык сигналы чыгарылып, өрттү автоматтык кабарлоо менен жабдылууга тийиш.
984. Өчүрүлбөгөн акиташ өзүнчө турган жабык кампада сакталууга тийиш. Мындай имараттардын полу жерден 0,2 метрден кем эмес деңгээлге көтөрүлүүгө тийиш. Өчүрүлбөгөн акиташты сактоодо ага нымдын тийишине жол берилбейт.
Акиташты өчүрүү үчүн чуңкурлар ал сакталган кампадан 5 метрден кем эмес жана башка имараттардан жана кампалардан 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
985. Коргоо объекттерин реконструкциялоодо, кеңейтүүдө, техникалык жактан кайра жабдууда, капиталдык оңдоодо жана кезеги менен пайдаланууга берүүдө курулуп жаткан бөлүгүн иштеп жаткан бөлүгүнөн 1-типтеги убактылуу өрткө каршы тосмолор жана 3-типтеги тосмолор менен бөлүү зарыл. Мында имараттардын жана курулмалардын бөлүктөрүнөн адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарынын бузулушуна тыюу салынат.
986. Курулуп жаткан имараттарды, убактылуу курулмаларды, ошондой эле көмөкчү жайларды баштапкы өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз кылуу зарыл.
987. Өрткө каршы ички суу түтүгү жана өрт өчүрүүнүн долбоордо каралган автоматтык системалары коргоо объектини салуу менен бир эле мезгилде монтаждалууга тийиш.
Өрткө каршы суу түтүгүн жасалгалоо иштери башталар алдында, ал эми өрт өчүрүүнүн жана кабарлоонун автоматтык системаларын жөндөө иштери башталган учурда ишке киргизүү керек.
988. Долбоордо каралган өрт өчүрүүчү деполор биринчи кезекте курулат.
989. Негизги курулуштарды жана курулуш базасын куруп баштаганга чейин өрт техникасын жана ыктыярдуу өрткө каршы түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн атайын жылытылган жайлар каралууга тийиш.
§ 2. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү тартиби
990. Бийиктиги 3 кабат жана андан ашык имараттарды курууда тепкичтер тепкич аянтчасы менен бир мезгилде монтаждалууга тийиш.
991. Тепкич аянтчаларында жыгач шатылар эки кабаттан ашпаган имараттарда гана колдонулат.
992. Күйбөгөн тепкичтер курулуш мезгилинде бузулуудан коргоо үчүн күйүүчү материалдар менен капталат.
993. Долбоордо каралган тышкы өрт шатылары, көтөргүчтөр курулуп жаткан имараттын чатырындагы кургак түтүктөр жана тосмолор тиреп турган конструкцияларды монтаждагандан кийин дароо эле орнотулууга тийиш.
994. Бийик имараттардан жана курулмалардан адамдарды эвакуациялоо үчүн күйбөгөн материалдардан экиден кем эмес шаты курулуштун бүтүндөй мезгилине коюлууга тийиш.
995. Күйүүчү материалдардан жасалган калыптарды бир учурда үч кабаттан ашырбай монтаждоо керек. Бетон тийиштүү бекемдикте катыгандан кийин жыгач калыптар жана шатылар алынып ташталат.
996. Имараттардын жана курулмалардын ичинде күйүүчү заттар жана материалдар менен бир эле мезгилде ачык отту колдонуу менен байланышкан курулуш-монтаждоо жумуштарына тыюу салынат.
997. Металл конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу максатында аларды коргоо боюнча иштер имаратты салуу менен бир эле мезгилде жүргүзүлүүгө тийиш.
998. Имаратта күйүүчү материалдар болгон учурда дубалдардагы жана тосмолордогу оюктар аркылуу өрттүн таралышына жол бербөө боюнча чара көрүү зарыл (ички жана тышкы дубалдардын жиктерин жана кабаттардын ортосундагы тосмолорду бүтөө, отко туруктуулуктун талап кылынган чегин камсыз кылуу менен инженердик коммуникациялар өткөн жерлердин жылчыктарын бүтөө).
999. Күйүп кетүүчү жылуулагычтарды коюу жана гидроизоляциялык төшөлмөлөрдү орнотуу, цемент-кум аралашмасынан катмарлоо, коргой турган шагыл катмарын төшөө, күйүүчү жылуулагычтарды колдонуу менен тосуучу конструкцияларды монтаждоо аянты 500 м2ден ашпаган жана оңой күйбөй турган жылуулагычтардын аянты 1000 м2ден ашпаган участкаларда жүргүзүлүүгө тийиш.
1000. Өндүрүштүк имараттарда темир бетон плиткаларына 30 миллиметрден кем эмес күйүп кетүүчү жылуулагычтарды пайдаланууда цемент-кум аралашмасынан катмарлоо, темир бетон плиткаларынын ортосундагы жикти жакшылап бетондоо зарыл.
1001. Өндүрүш жайларында күйүүчү жылуулагычтын жана чатырды жаба турган түрүлгөн материалдардын санын кезметтик керектөөдөн ашык санда сактоого тыюу салынат.
1002. Күйүп кетүүчү жылуулагыч курулуп жаткан имараттын тышында өзүнчө турган жайда же атайын аянтта сакталууга тийиш.
Иш кезмети бүткөндөн кийин пайдаланылбай калган күйүп кетүүчү жылуулагычты, ошондой эле жылуулагычтары бар монтаждалбаган панелдерди жана үйдүн чатырын жаба турган түрүлгөн материалдарды имараттын ичинде же үстүндө, ошондой эле өрткө каршы ачыктарда калтырууга тыюу салынат.
1003. Күйүүчү жылуулагычтары бар панелдердин металл каптамдары бузулганда аны механикалык бириктиргичтердин (бурамалардын) жардамы менен оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүүгө тийиш.
1004. Полимердик жылуулагычтары бар панелдерди монтаждоо, полимердик жылуулагычтарды орнотуу, чатырын жабуу боюнча иштер башталганга чейин долбоордо каралган баардык тосмолор жана имараттан чыгуулар (тепкич аянтчаларынан, тышкы шатылар боюнча) салынууга тийиш. Өрт чыкканда кабар берүү үчүн кире беришке телефон же башка байланыш каражаттарын орнотуу зарыл.
1005. Аянты 1000 м2 жана андан ашык жерге үйдүн чатырын күйүүчү жылуулагычтарды колдонуу менен салган учурда өрт өчүрүү максаттары үчүн убактылуу өрткө каршы суу түтүгүн кароо керек.
1006. Үйдүн чатырында гидро жана буу изоляциясы, панелдерди күйүүчү жылуулагычтар менен монтаждоого байланышкан иштерди жүргүзүүдө электр менен ширетүү жана башка отту колдонгон жумуштарды аткарууга тыюу салынат.
Ачык отту колдонуу менен байланышкан баардык иштер күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган материалдарды колдонгонго чейин аткарылууга тийиш.
1007. Калың катмарлуу түрүлгөн материалдарды эрите турган агрегаттар темир бетон плиталар жана күйбөй турган жылуулагыч каптамдар колдонулган учурда гана пайдаланылууга тийиш.
1008. Үйдүн чатырындагы агрегаттарга күйүүчү май куюу эки өрт өчүргүч жана кум салынган ящик менен камсыз кылынган атайын жайда жүргүзүлүшү керек. Агрегаттарга куюлуучу майды жана алардын бошоп калган идиштерин үйдүн чатырында сактоого тыюу салынат.
§ 3. Мастика, битум, полимер жана башка күйүүчү заттар жана материалдар менен иштөөдөгү өрт коопсуздугу
1009. Жарылуу, өрт коркунучун туудурган буу бөлүп чыгарган күйүүчү заттар менен иштеген (күйүүчү курамды даярдоо жана аны пайдалануу) жайлар жана жумушчу зоналар абаны соруп тазалай турган желдетүү менен камсыз кылынышы зарыл.
1010. Күйүүчү заттарды пайдаланууда алардын санын кезметтик керектөөдөн ашырып жиберүүгө тыюу салынат. Күйүүчү заттар куюлган идиштерди пайдалануу алдында гана ачып, иш бүткөндөн кийин бекем жабуу жана кампага тапшыруу керек.
Күйүүчү заттар куюлган идиштер жаңы курулуш жайларынан обочо жерде атайын жайда сакталууга тийиш.
1011. Күйүүчү заттардын калдыктарын атайын жабык идишке жыйнап жана атайын бөлүнгөн жерге таштоо керек.
1012. Полду күйүүчү заттар менен сырдоо бул иштерге жооптуу болгон адамдын байкоосу астында 100 м2 ден ашпаган аянтта табигый жарык менен жүзөгө ашырылышы керек. Иштер бөлмөнүн эшигинен алыс турган жактан башталат, ал эми коридорлордо бөлмөдөгү иш аяктагандан кийин улантылат.
1013. Желим, мастика, анын ичинде синтетикалык чайырлардан жасалган лак, сыр материалдарын колдонуу жана плитка түрүндөгү, түрүлгөн полимер материалдарын чаптоо иштери баардык курулуш-монтаждоо жана санитардык-техникалык жумуштар аяктагандан кийин имараттын ичин биротоло сырдоо алдында жасалууга тийиш.
1014. Күйүүчү заттарды пайдалануу менен иш жүргүзгөндө учкун чыгарбай турган материалдардан (алюминий, жез, пластмасса, коло) жасалган аспаптарды колдонуу керек. Күйүүчү заттар менен иштегенде колдонулуучу аспаптар жана жабдуулар ачык аянтта же желдеткичи бар жайда жууп-тазаланат.
1015. Күйүүчү заттар жана материалдар менен (түрүлгөн, плитка түрүндөгү, эпоксиддик чайырлар, күйүүчү заттарды камтыган мастикалар) иштерди өрт-техникалык минимум программасы боюнча окуудан өткөн жана иш баштоо алдында өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө инструктаж берилген адамдар жүргүзөт.
Күйүүчү заттар жана материалдар менен иш жүргөн жайларды өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - 100 м2 аянтка эсептелген эки өрт өчүргүч жана кийиз менен камсыз кылуу зарыл.
1016. Күйүүчү заттар желдеткич менен жабдылган күйбөгөн материалдардан салынган өзүнчө турган курулуштарда, ошондой эле терезелери жана өз алдынча эвакуациялык эшиктери бар обочо жайларда сакталат.
1017. Өрт коркунучу бар заттар жана полимер материалдар менен иштөө курулуштун өрткө каршы абалы үчүн жооптуу болгон адамдардын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
1018. Изоляциялык жана битумдук мастикалар капкактары күйбөгөн материалдардан жасалган бекем жабылган бузугу жок атайын казандарда эритилет жана жылытылат. Казандар 3/4 ашырбай толтурулат. Казанга кургак толтургуч куюлат.
Битумду кайнатуу казанын үйдүн чатырында орнотууга тыюу салынат.
1019. Битум казанын ачык абага орноткон учурда анын үстүнө күйбөгөн материалдардан бастырма салынат. Казандын жанында өрткө каршы каражаттардын комплекти (өрт өчүргүчтөр, күрөктөр жана кургак кум) болууга тийиш. Мастиканы жана битумду кайнатуучу жана жылытуучу жер бийиктиги 0,3 метрден ашпаган тосмо менен курчалат. Казандын от жагылган оозун күйбөй турган материалдан ачылып-жабылма капкакча менен жабдуу зарыл. Битумдук курам жылытылып жаткан казанды кароосуз калтырууга болбойт.
1020. Мастиканы жана битумду эритүү жана жылытуу жайы атайын бөлүнгөн аянтчада жана төмөнкүдөй аралыкта жайгашат:
1) отко туруктуулук даражасы V, IV болгон имараттардан жана курулмалардан 30 метрден кем эмес;
2) отко туруктуулук даражасы III болгон имараттардан жана курулмалардан 20 метрден кем эмес;
3) отко туруктуулук даражасы I, II болгон имараттардан жана курулмалардан 10 метрден кем эмес.
1021. Мастика отко төгүлүп жана күйүп кетпеши үчүн казанды жантайтып, анын оттун үстүндө жайгашкан кыры карама-каршы жагынан 5-6 см ге бийик болгондой жайгаштыруу керек.
1022. Жумуш бүткөндөн кийин казандын оту өчүрүлүп, суу куюлат.
1023. Суюлтулган газ менен иштеген учурда экиден ашпаган газ баллондору иштеп жаткан казандардан 20 метрден кем эмес аралыкта күйбөй турган материалдардан жасалган желдетилген шкафтарда сакталууга тийиш.
1024. Мындай шкафтар дайыма кулпу салынып сакталышы керек.
1025. Имараттын ичиндеги битум курамы электр менен жылый турган челектерде ысытылат. Жылытууда ачык отту колдонууга тыюу салынат.
1026. Битум мастикасы менен иштөөдө, алар:
1) ысык битум мастикасы жумуш ордуна (кабаттарга) капкагы бекем жабылган атайын металл челектерде механизацияланган катмар менен жеткирилүүгө тийиш. Капкактары челек жыгылганда ачылып кетпей турган бекитүүчү түзүлмөлөр менен камсыз кылынат. Мастиканы үстү ачык идиште ташууга тыюу салынат;
2) курулуш конструкциясына насос менен тикесинен бекитилген болот түтүктөр боюнча агызбай жеткирилет. Горизонталдык участкаларга мастиканы ысыкка чыдамдуу шланг аркылуу берүүгө уруксат берилет.
1027. Жылытылган битум жыгач аралаштыргыч менен гана аралаштырылат.
1028. Битумду эриткичтер менен аралаштырылган жерден 50 метр радиуста ачык отту пайдаланууга тыюу салынат.
§ 4. Ширетүү иштерин жүргүзүүдөгү өрт коопсуздугу
1029. Ширетүү жана ачык отту колдонуу менен жүргүзүлгөн башка от иштери ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык аткарылат.
1030. Ширетүү жана от иштери жүргүзүлгөн жер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) туруктуу - бул максаттар үчүн атайын жабдылган цехтерде, устаканаларда же ачык аянтчаларда уюштурулган иштер үчүн;
2) убактылуу - от иштери курулуп же реконструкцияланып жаткан имараттарда, турак үйлөрдө жана башка курулмаларда, жабдууларды оңдоо же курулуш конструкцияларын монтаждоо максатында ишканалардын аймагында уюштурулган жайларда жүргүзүлгөн учурда.
1031. От иштерин колдонуунун туруктуу жайларын 10дон ашык посттордо уюштурууда (ширетүүчү, кесүүчү устаканалар) борборлоштурулган электр жана газ менен жабдуу каралат.
1032. 10дон ашык ширетүүчү посттору бар ширетүүчү устаканаларда ар бир пост үчүн кислород жана күйүүчү газ толтурулган бирден запас баллондун болушуна уруксат берилет. Запас баллондор күйбөгөн материалдардан жасалган тосмолордун ичинде же устаканага улай салынган атайын жайларда сакталат.
1033. Ширетүү иштери туруктуу жүргүзүлгөн жайлардын полу күйбөгөн материалдардан жасалат. Тетиктерди алдын ала ысытпастан, ширетүү жүргүзүлгөн жайларда күйбөгөн негизге туурасынан кесилген жыгачтан пол салууга уруксат берилет.
1034. Ширетүү жана башка от иштерин белгиленген тартипте техникалык минимумдан өткөн жана өрт коопсуздугунун эрежелери боюнча зачет тапшырган адамдар өткөрөт.
1035. Ачык аянтчаларда жана атайын устаканаларда от иштерин жүргүзүүнүн туруктуу жери уюмдун жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
1036. Убактылуу электр менен ширетүү жана башка от иштерин жүргүзгөн жай уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана аныкталат.
1037. Курулуш аянтчаларында жана өрт жагынан коопсуз болгон жерлерде өрт-техникалык минимумдун программасын жана ушул Эрежелердин жоболорун өздөштүргөн тийиштүү квалификациясы бар адистер гана жазуу жүзүндө уруксат албастан от иштерин жүргүзүшөт.
1038. Убактылуу (бир жолку) от иштерин жүргүзүүгө уруксат иш кезметине гана берилет. Эгерде бир нече кезмет же күн бою ушундай эле иштер жүргүзүлө бере турган болсо, коргоо объектинин администрациясынан кайталап уруксат алуу талап кылынбайт.
Мындай учурларда аталган иштердин орду кайталап каралгандан кийин ар бир кийинки иш кезметине администрация тарабынан мурда берилген уруксат ырасталат, бул туурасында тийиштүү жазуу жазылат. От иштерине өз учурунда контролдоону камсыз кылуу максатында курулуштун администрациясынан мындай иштерге уруксат аталган иштер жүргүзүлөөр алдында ыктыярдуу өрткө каршы түзүлгөн мекемеге берилет.
1039. От иштери жүргүзүлө турган жер өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары (өрт өчүргүч, кум толтурулган ящик жана күрөк, суу куюлган чака) менен камсыз кылынат. Коргоо объектинде ички өрткө каршы суу түтүктөрү бар болсо от иштери жүргүзүлүп жаткан жерге өрт крандарынан жеңчелер тартылат. От иштерине тартылган баардык жумушчулар өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын иш жүзүндө пайдаланууну билүүгө тийиш.
1040. От иштерин жүргүзүүгө жооптуу адам иш ордунда өрт өчүрүү каражаттарынын бар экендигин текшерет.
1041. Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар жайларда от иштерин туруктуу жүргүзгөн жерди жайгаштырууга тыюу салынат.
1042. От иштерин жүргүзүү каралган технологиялык жабдуулар төмөнкү жол менен жарылуу-өрт коопсуздугу абалына келтирилет:
1) жарылуу коркунучу бар заттардан арылтуу;
2) колдонуудагы коммуникацияларды өчүрүү (от иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүү үчүн пайдаланылуучу коммуникацияларды кошпогондо);
3) алдын ала тазалоо, жууп чыгуу, буулантуу, желдетүү, сорбция, флегматизация иштери.
1043. Технологиялык жабдуулардын ичиндеги буулантуу үчүн берилүүчү суу буусунун температурасы күйүүчү буунун (газдын) өз алдынча от алуу температурасынын 80% тете деп кабыл алынат.
1044. Технологиялык жабдуулар андагы буу (газ) от алып кетүү чегине жетпегенде же электростатикалык коопсуз режимде болгон учурда жуулат.
1045. От иштери жүргүзүлгөн жерлер, жабдуулар жана коммуникациялар буу жана чаң аба аралашмалары жарылуу коркунучун түзбөй турган жана тутануу булактарына жол бербей турган ыкма менен тазаланат.
1046. Металлдын ысыган бөлүкчөлөрү жанаша жайгашкан жайларга, коңшу кабаттарга түшүшүнө жол бербөө максатында баардык карай турган, технологиялык жана башка люктар (люкчалар), тосмолордогу, дубалдардагы жана бөлүп турган жерлердеги желдетүүчү, монтаждык жана от иштери жүргүзүлүүчү башка оюктар (тешиктер) күйбөй турган материалдар менен жабылат.
1047. От иштери жүргүзүлүп жаткан жерлер күйүүчү заттардан жана материалдардан тазаланат.
1048. От иштери жүргүзүлүп жаткан жайларда, аларды башка жайлар менен бириктирген баардык эшиктер, анын ичинде тамбур шлюздардын эшиктери жылчыксыз жабылат. Терезелер жылдын мезгилине, бөлмөнүн температурасына, от иштеринин узактыгына, көлөмүнө жана коркунуч даражасына жараша мүмкүн болушунча ачык болот.
1049. Жарылуу коркунучу бар аралашмалардын топтолушу мүмкүн болгон жерлерди от иштерин жүргүзүү алдында желдетүү керек.
1050. Конструкцияларында күйүүчү материалдар пайдаланылган имараттардагы жана жайлардагы ширетүү жана кесүү иштери жүргүзүлүүчү жер күйбөгөн материалдан туташ тосмо менен бөгөлөт. Мында тосмонун бийиктиги 1,8 метрден кем эмес, ал эми тосмо менен полдун ортосундагы жылчык - 0,5 метрден ашпагандай болушу керек. Ысыган бөлүкчөлөр учуп түшүшүнө жол бербөө үчүн жылчыктар көзөнөктөрүнүн өлчөмү 1,0 х 1,0 миллиметрден ашпаган күйбөген материалдан жасалган тор менен тосулат.
1051. От иштери башталаар алдында жана иштеп жатканда аталган иш жүргүзүлүп жаткан технологиялык жабдуулардын буу-газ-аба чөйрөсүнүн абалы жана коркунучтуу зонадагы абал көзөмөлгө алынат.
Коркунучтуу зонада же технологиялык жабдууда күйүүчү заттар көбөйүп же флегматизатордун топтолушу буулардын (газдардын) жарылуу коопсуздугунун жол берилген чектүү концентрациясынын маанисине чейин төмөндөп кеткен учурда от иштери дароо токтотулат.
1052. Технологиялык жабдуулардын люктарын жана капкактарын ачууга, продуктуларды түшүрүүгө, которуштурууга жана куюуга, аларды ачык люктар аркылуу жүктөөгө, ошондой эле от иштери жүргүзүлүп жаткан жерде газдын жана чаңдын көбөйүп кетишинен улам өрттүн чыгышына жана жарылууга алып келиши мүмкүн болгон операцияларга тыюу салынат.
1053. Иштеги тыныгууларда, ошондой эле иш кезметинин акырында ширетүүчү аппаратура электр тармагынан өчүрүлөт, шлангдары суурулат жана күйүүчү суюктуктар менен газдардан бошотулат, ал эми каңдоочу лампалардын басымы толугу менен түшүрүлөт.
1054. Иш бүткөндөн кийин баардык аппаратура жана жабдуулар атайын бөлүнгөн жайга (ордуна) ташылып барат.
1055. От иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) бузук аппаратура менен ишке киришүүгө;
2) күйүүчү сырлар (лактар) менен жаңы эле сырдалган конструкцияларда жана буюмдарда от иштерин жүргүзүүгө;
3) май, бензин, керосин жана башка күйүүчү суюктуктар менен булганган кийимди жана кол каптарды пайдаланууга;
4) ширетүүчү кабиналарда кийим-кече, тез от алган жана күйүп кетүүчү суюктуктарды жана башка күйүүчү материалдарды сактоого;
5) шакирттердин, өрт коопсуздугунун техникасы боюнча квалификациялык күбөлүгү жана талону болбогон кызматкерлердин өз алдынча иштешине;
6) электр зымдарынын кыстырылган, суюлтулган жана аралаштырылган газ толтурулган баллондор менен тийишип кетишине;
7) күйүүчү жана уу чыгаруучу заттар толтурулган, ошондой эле басым астында жана электр чыңалуусунда турган аппараттарда жана коммуникацияларда иш жүргүзүүгө;
8) от иштери менен бир учурда үйдүн чатырындагы гидроизоляцияны жана буу изоляциясын орнотууга, күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган жылуулагычтар менен панелдерди монтаждоого, күйүүчү лактарды, желимдерди, мастикаларды жана башка күйүүчү материалдарды колдонуп полдорду каптоого жана жайларды жасалгалоого;
9) жабык жайларда жана бөлмөлөрдүн ичинде электр ширетүүчү менен газ ширетүүчүнүн (газ менен кескич) бир убакта иштешине.
1056. Күйүүчү жана оңой менен күйбөй турган жылуулагычтар менен жеңил металл конструкциялардан жасалган имараттардын элементтеринде от иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
1057. Курулуп жаткан муздаткычтардагы электр менен ширетүү иштери күйүүчү материалдардан жасалган катмардан (шыбак, бетон же армобетон беттемелери) бошотулган жана өрткө каршы тилкелери бар камераларда жана бөлмөлөрдө жүргүзүлөт.
1058. Коомдук жана турак жай имараттарын капиталдык оңдоодон жана реконструкциялоодон өткөрүүдө от иштери күйүп кетүүчү конструкциялардын күйүшүнө жана учкундардын чачыроосуна каршы чаралар көрүлгөндөн кийин аткарылат.
1059. Өндүрүштү жана от иштерин жүргүзүүнү токтотпостон ишкананын администрациясы цехтерди капиталдык оңдоодон жана реконструкциялоодон өткөрүүдө бул мезгилге өрт коопсуздугун күчөтүү планын иштеп чыгат.
1060. Өрт коркунучу көбүрөөк жерлерде, от иштеринин көлөмү чоң болгондо, ошондой эле бийикте иштегенде өрт өчүрүүчү посттор (тейлөөчү персоналдан, ыктыярдуу өрткө каршы түзүлүштөрдөн) коюлат.
Бийикте иштеген жумушчуларда электроддук күйүктөрдү чогултуу үчүн металл кутулар каралат.
Катуу шамалда бийиктеги от иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
1061. Уюмдун жетекчиси же өрт коопсуздугу үчүн жооптуу башка кызмат адамы убактылуу от иштери аяктагандан кийин 3-5 сааттын аралыгында ал жерди текшерүүнү камсыздайт.
1062. Изоляциясы жок же изоляциясы бузулган зымды, ошондой эле стандарттуу эмес коргоо аппараттарын колдонууга тыюу салынат.
1063. Ширетүүчү зымдар престөөнүн, ширетүүнүн, каңдоонун же атайын кыстыргычтардын жардамы менен туташтырылат. Электр зымдарын электроддорду кармоочуга, ширетилүүчү буюмга жана ширетүүчү аппаратка кошуу эбелектүү бурама менен бекитилген жез кабель учтуктарынын жардамы менен жүргүзүлөт.
1064. Ширетүүчү аппаратка, бөлүштүргүч щиттерге жана башка жабдууларга, ошондой эле ширетүү иштери жасалып жаткан жерге туташтырылган зымдар жакшылап изоляцияланат жана зарыл жерлерде жогорку температурадан, механикалык же химиялык таасирлерден корголот.
1065. Электр менен ширетүүчү машиналардын кабелдери (зымдары) кислород түтүктөрүнөн 0,5 метрден кем эмес аралыкта, ал эми ацетилендин жана башка күйүүчү газдардын түтүктөрүнөн 1,5 метрден кем эмес аралыкта жайгашат.
Айрым учурларда газ түтүгү корголгон металл түтүктүн ичинен өткөрүлгөн шартта көрсөтүлгөн аралыктын кыскартылышына уруксат берилет.
1066. Ширетилип жаткан буюмду ширетүүчү ток булагы менен кошкон артка өткөргүч катары ар кандай профилдеги болот же алюминий шиналары, ширетүүчү плиткалар, стеллаждар жана ширетилип жаткан конструкциянын өзү колдонулат. Мында алардын кесилиши ысытуунун шарттары боюнча ширетүүчү токтун коопсуз өтүшүн камсыз кылышы керек.
1067. Артка өткөргүч катары пайдалануучу айрым элементтерди өз ара кошуу буроолордун, струбциндин же кыскычтардын жардамы менен жасалат.
1068. Жарылуу, өрт коркунучу болгон имараттарда жана курулмаларда электр менен ширетүү иштерин жүргүзүүдө ширетилип жаткан буюмдан тартып ток булагына чейинки артка өткөргүч изоляцияланган гана зымдан жасалат, изоляциянын сапаты боюнча ал электроддорду кармоочуга туташтырылган түз өткөргүчтөн кем болбоого тийиш.
1069. Ички темир жолдорду, жерге туташтыруу же нөлдөн түшүрүү зымдарын, ошондой эле имараттардын, коммуникациялардын металл конструкцияларын жана технологиялык жабдууларды кайта өткөргүч катары пайдаланууга тыюу салынат.
1070. Ширетүүчү генераторлор жана трансформаторлор, ошондой эле ачык абада орнотулган баардык көмөкчү шаймандар жана аппараттар нымга каршы изоляция менен жабык жерде жана күйбөгөн материалдардан жасалган бастырмалардын астында болууга тийиш. Бул учурда ширетүү эки зымды колдонуу менен жүргүзүлөт.
1071. Кол менен ширетүү үчүн электр кармагычтын конструкциясы ишенимдүү кыскыч жана электроддорду тез алмаштыргыч менен камсыз кылынат, ошондой эле иште убактылуу тыныгуу болгондо же ал кокусунан металл буюмдарына түшкөндө анын корпусунун ширетилип жаткан тетикке кыска туташуу мүмкүнчүлүгүн болтурбайт. Электроддорду кармоочтун туткасы күйбөгөн диэлектр жана ысыкты өткөрбөгөн материалдардан жасалат.
1072. Ширетүүдө заводдон жасалган, ширетүүчү токтун номиналдык өлчөмүнө ылайык келген электроддор колдонулат.
Электроддорду алмаштырууда алардын калдыгы (күйүгү) ширетүү иштери жүрүп жаткан жерге коюлган атайын металл жащикке салынат.
1073. Электр менен ширетүүчү түзүлүш иштеп жаткан учурда жерге туташтырылат. Ширетүүчү түзүлүштөрдөгү негизги электр менен ширетүүчү жабдууларды жерге туташтырууда тышкары буюмга бараткан өткөргүч (артка өткөргүч) туташтырылган ширетүүчү трансформатордун экинчи оромунун кыстыргычы түздөн-түз жерге туташтырылат.
1074. Агрегат жана ишти баштоочу аппаратура күн сайын иш бүткөндөн кийин тазаланат. Ширетүүчү жабдууну техникалык тейлөө жана пландуу алдын алып оңдоо графикке ылайык жүргүзүлөт.
1075. Электр ширетүү иштерин жарылуу, өрт коркунучу бар зоналарда жүргүзгөндө:
1) конструкциясында догоону ("разряд" түрүндөгү ток берүү булагы) кайталап кызыткан учурда электрод менен ширетилүүчү буюмдун ортосундагы чыңалууну жогорулаткан импульстук генераторлору бар туруктуу ток булактары же убактылуу токтун атайын булактары пайдаланылат;
2) өрт коркунучу бар зоналарда чаңдан тазалоо үчүн оор болгон жерлер 1 литр аралашманы 1 м2 жерге эсептөө менен эки пайыздуу көбүрткүч аралашма менен тазаланат;
3) тикесинен жана шыптык абалда ширетүү диаметри 4 миллиметрден ашпаган электроддор менен аткарылат. Мында ширетүүчү токтун өлчөмү төмөнкү горизонталдык абалда ширетүүдөн 20%дан төмөн каралат;
4) электр менен ширетүүчү түзүлүштү иштетүү алдында электроддорду кармоочуда электроддун жоктугу текшерилет.
1076. Туруктуу ширетүү иштери күйбөй турган материалдардан жасалган конструкциялары менен атайын бөлүнгөн ширетүүчү устаканада жүргүзүлөт, ал жерде ацетилен генераторлору, кислород баллондору жана ширетүү посттору үчүн өзүнчө жайлар бар. Ацетилен генераторлору үчүн бөлүнгөн жайлар желдетүү жана жеңил алып салууга боло турган конструкциялар менен камсыз кылынат. Жер теле жайларына генераторлорду коюуга тыюу салынат.
1077. Көчмө ацетилен генераторлорун пайдаланууга уруксатты карамагында бул генераторлор турган коргоо объектинин администрациясы берет.
1078. Көчмө ацетилен генераторлору ачык аянтка коюлат. Алардын убактылуу иштөөсүнө жакшы желдеген жайларда уруксат берилет.
1079. Ацетилен генераторлору от иштери жүрүп жаткан жерге, ошондой эле компрессорлор менен желдеткичтер абаны соруп жаткан жерге 10 метрден жакын жайгаштырылбайт жана айланасы тосулуп коюлат.
1080. Ацетилен генератору коюлган жерге "Башкаларга кирүүгө болбойт - өрт чыгат", "Тамеки чегүүгө болбойт", "От чыгарууга болбойт" деген тактачалар илинип коюлат.
1081. Иш бүткөндөн кийин кечме генератордогу кальций карбиди иштетилет. Генератордон чыгарыла турган акиташ калдыгы ушул максатта даярдалган идишке салынат жана ылай чуңкурга же атайын бункерге төгүлөт.
1082. Ачык ылай чуңкурлардын чети тосулуп коюлат, ал эми жабыктары күйбөгөн тосмолор, сормо желдеткич жана ылайды алып кетүү үчүн люктар менен жабдылат.
1083. Ылай турган жерден 10 метр аралыкта тамеки чегүүгө жана ачык от колдонууга тыюу салынат, бул туурасында тийиштүү тыюу салуучу белгилер илинет.
1084. Аппаратуранын, күйүүчү бөлүктүн, кескичтердин жана редукторлордун туташтыруучу ниппелдериндеги газ-уулоочу шлангдар ниппелдин узатасы боюнча экиден кем эмес жеринен оромонун же жумшак байлоочу зымдын жардамы менен бекем бекитилет.
Суу бекиткичтеринин ниппелдерине шлангдар жылчыксыз кийгизилет, бирок бекитилбейт.
1085. Кальций карбиди кургак, желдетилген жайда сакталат.
Кальций карбидин сактоочу кампаларды жер төлө жайларына жана төмөн жайгашкан суу каптап кетүүчү жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат.
Механизацияланган кампаларда кальций карбиди салынган барабандар тикесинен үч катар коюлуп сакталат, ал эми механизация болбогон жерде узатасынан коюлуп үчтөн ашпаган катарга жана тикесинен коюлганда эки катардан ашырбай сакталат. Барабандардын кабаттарынын ортосуна калыңдыгы 40-50 миллиметр болгон тактай коюлат.
Кальций карбиди салынган барабандар штабелдерге жыйылгандан кийин алардын ортосундагы аралыктын жазылыгы 1,5 метрден кем болбоосу каралган.
1086. Кальций карбидинин орто аралыктагы кампасы болбосо, ацетилен орнотмолору жайгашкан жайларда бир эле учурда 200 килограммдан ашпаган кальций карбидин сактоого уруксат берилет, булардын ичинен бирден ашык барабанды ачык коюуга болбойт.
1087. Кальций карбидинин ачылган барабандары суу өткөрбөгөн капкактар менен корголот.
1088. Кальций карбиди салынган барабандар сакталган жана ачылган жерде тамеки чегүүгө, от чыгарууга жана учкун чыгара турган аспаптарды колдонууга тыюу салынат.
1089. Газ баллондору оозу бурап бекитилген сактоочу капкакчалары менен гана сактоого коюлат жана ташылат. Баллондорду ташыган учурда булкуп-жулкууга жана урунуштурууга жол берилбейт. Ширетүү иштери жүрө турган жерге баллондор атайын кол араба, замбил, чана менен жеткирилет.
1090. Газ баллондору сактоодо, ташууда жана колдонууда күндүн нурунан жана башка жылуулук булактарынан корголот.
1091. Бөлмөлөргө коюлган баллондор жылытуучу приборлордон жана мештерден 1,5 метрден кем эмес аралыкта, ал эми ачык от жагылган жылуулук булактарынан - 10 метрден кем эмес жерге жайгаштырылат.
Газ күйгөн жерден (горизонтал боюнча) аны коё берип турган рампа (топтошкон) түзүлүштөрүнө чейинки аралык 10 метрден, ал эми кислород же күйүүчү газ толтурулган өзүнчө баллондорго чейинки аралык - 5 метрден кем болбоого тийиш.
Кислород баллондорун жана күйүүчү газ толтурулган баллондорду, ошондой эле кальций карбидин, сырларды, майларды бир жерге сактоого тыюу салынат.
1092. Ширетүүчү устаканага бештен ашпаган кислород жана бештен ашпаган ацетилен запас баллондорун жайгаштырууга болот.
Иш ордунда экиден ашпаган: жумушчу жана запас баллондун болушуна уруксат берилет.
1093. Кислород же күйүүчү газ баллондору бошогондон кийин аларга карата да толтура баллондорго колдонгон сыяктуу эле коопсуздук чаралары колдонулат.
1094. Газ менен ширетүү же газ менен кесүү иштери жүргүзүлгөндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тоңуп калган ацетилен генераторлорун, өткөргүч түтүктөрдү, бурамаларды, редукторлорду жана ширетүү түзүлүштөрүнүн башка тетиктерин ачык от же ысыган нерселер менен жылытууга;
2) кислород баллондорунун, редукторлордун жана башка ширетүүчү жабдуулардын ар түрдүү майлар, май кийимдер жана чүпөрөктөр менен аралашып кетүүсүнө жол берүүгө;
3) бир суу бекиткичинен эки ширетүүчүнүн иштешине;
4) ашыкча гранулданган кальций карбидин жүктөөгө же аны аппараттын көзөнөгүнө темир зымдын жардамы менен түртүп киргизүүгө, ошондой эле карбид чаңында иштөөгө;
5) кальций карбидин ным корзинага же суу болгон учурда газ топтогучта жүктөөгө, ошондой эле генераторлор "карбидге суу" принцибинде иштеп жатканда алардын көлөмүнүн жарымынан ашыгына карбид салынган корзиналарды жүктөөгө;
6) кислороддуу күйүүчү газдын шлангын жана күйүүчү газдардын кислород шлангын үйлөтүүгө, ошондой эле иш учурунда шлангдарды өз ара алмаштырууга;
7) узундугу 30 метрден ашкан шлангдарды, ал эми монтаждоо иштеринде - 40 метрден ашкан шлангдарды колдонууга, аларды колдонууга белгиленген тартипте жазуу жүзүндө уруксат берилгенден кийин гана жол берилет;
8) газ өткөн шлангдарды толгоого, бүктөөгө же кыстырууга;
9) газ чогулган жерде ацетилен болгон учурда генераторду көчүрүүгө;
10) андагы газдын басымын атайлап көбөйтүү жолу менен же кальций карбидин бир учурда жүктөөнү көбөйтүү менен ацетилен генераторлорунун иштешин күчөтүүгө;
11) кальций карбиди салынган барабандарды ачуу үчүн жез аспаптарды, ошондой эле ацетилен аппаратурасын каңдоочу катары жана ацетилен менен иштөө мүмкүн болгон башка жерлерде жезди колдонууга.
§ 5. От менен иш жүргүзүүдөгү өрт коопсуздугу
1095. Кесүү иштеринде бензин жана керосин колдонулса, жумуш орду электр менен ширетүү иштериндегидей эле тартипте уюштурулат. Өзгөчө көңүл тез от алган жана күйүүчү суюктуктарды төгүп албоого жана туура сактоого, кесүү режимин жана күйүүчү май куюлган челектерди туура сактоого бурулат.
1096. Бензин жана керосин менен кесүү жумуштары жүргүзүлгөн жерде күйүүчү майдын запасы кезмектик керектөөдөн ашпаган өлчөмдө сакталат. Күйүүчү май от иштери жүргүзүлгөн жерден 10 метрден кем эмес аралыкта урунбай турган жана бекем жабылган атайын идиште сакталат.
1097. Бензин жана керосин менен кесүү жумуштары жүргүзүлгөндө башка аралашмалар жана суу кошулбаган күйүүчү май колдонулат. Челекти күйүүчү май менен 3/4 ашык толтурууга тыюу салынат.
1098. Күйүүчү май куюлган челек бузулбашы жана жылчыксыз жабылышы керек. Челекте манометр, ошондой эле ичиндеги басымдын 5 атмосферадан ашып кетишине жол бербей турган сактоочу клапан болот.
10 атмосфера басымга суу менен текшерилбеген, күйүүчү суюктук аккан челектер же бузук насос колдонулбайт.
1099. Бензин менен кесүү иштерин баштаар алдында анын бүткүл арматурасынын оң иштеши, ниппелдердеги шлангдардын бекем бекитилиши, бүктөмө гайкалардагы жана бөрктөрдөгү миздин тууралыгы текшерилет.
1100. Кескичтин бууланткычын жумуш ордунда куюлган тез от алуучу жана күйүүчү суюктуктарды тутандыруу аркылуу жылытууга тыюу салынат.
1101. Күйүүчү май куюлган челек кислород баллондорунан жана ачык оттон 5 метрге жетпеген жана жумуш ордунан 3 метрге жетпеген аралыкта болууга тийиш. Мында челекти иш учурунда ага жалын же учкун тийбегендей жайгаштыруу керек.
1102. Бензин жана керосин колдонуп кесүү иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) күйүүчү май куюлган челектеги абанын басымы кескичтеги кислороддун жумушчу басымынан ашып кетишине;
2) кескичтин бууланткычын кызарып кеткиче ысытууга, ошондой эле иш учурунда кескичтин бөркүн жогору каратып тикесинен илип коюуга;
3) кескичке кислород же күйүүчү майды берип жаткан шлангды бүктөп, толгоп же кыстырууга;
4) кислород шлангын кескичке бензинди же керосинди берүү үчүн пайдаланууга.
1103. Каңдоо иштерин жүргүзүүдө жумуш орду күйүүчү материалдардан тазаланат, ал эми 5 метрге жетпеген аралыктагы күйүүчү материалдардан турган конструкциялар күйбөгөн материалдардан жасалган экрандар менен корголот же суу төгүлөт.
1104. Каңдоочу лампалар толугу менен оң болууга тийиш жана текшерүүнүн жыйынтыгын жана датасын атайын журналга жазуу менен бир айда бир жолудан кем эмес бекемдиги жана жылчыксыздыгы текшерилип турат. Мындан тышкары контролдук, гидравликалык сыноолор жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
1105. Ар бир каңдоочу лампа заводдук-гидравликалык сыноонун жыйынтыгы жана жол берилүүчү жумушчу басымы көрсөтүлгөн паспорт менен камсыздалат. Лампалар берилген басымга жараша жөндөлгөн пружиналуу сактоочу клапандар менен жабдылат.
1106. Каңдоочу лампаларга күйүүчү май толтуруу жана аларды тутандыруу бул максатта атайын бөлүнгөн жайда жасалат. Лампаларды толтурууда күйүүчү майдын төгүлүп кетишине жана ачык отту колдонууга жол берилбейт.
1107. Каңдоочу лампадан жалындын чыгышына жол бербөө үчүн лампага куюлуучу күйүүчү май башка бир аралашмалардан жана суудан тазаланат.
1108. Каңдоочу лампанын жарылуусуна жол бербөө үчүн төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) керосин менен иштеген лампаларга бензин же керосин менен бензиндин аралашмасын куюуга;
2) паспартто көрсөтүлгөн жумушчу басымдан ашырып аба толтуруу менен лампанын резервуарындагы басымды жогорулатууга;
3) лампанын резервуарынын 3/4 көлөмүнөн ашырып күйүүчү май куюуга;
4) лампа күйүп жатканда же али муздай электе аба чыгарган бураманы жана май куюучу тыгынды ачып салууга;
5) ачык оттун жанында лампаны оңдоого, ошондой эле ага күйүүчү май куюп же андан башка идишке куюштурууга, тамеки чегүүгө.
§ 6. Жылытуу түзүлүштөрүн жайгаштыруудагы, пайдалануудагы жана имараттын ичин кургатуудагы өрт коопсуздугу
1109. Мобилдүү (инвентардык) имараттарды жылытуу үчүн буу жана суу калориферлерин, ошондой эле заводдо жасалган электр жылыткычтарын пайдалануу керек.
1110. Тамбурлардагы кургаткычтардын түзүлүшүн имараттын чыга бериш жерине жасоого тыюу салынат.
1111. Курулуш иштери жүрүп жатканда полимер жылыткычтуу металл конструкциялуу имараттарда от жагуучу түзүлүштөрдү имараттын тышына же өрткө каршы дубалдын сыртына жайгаштыруу менен аба же суу аркылуу жылыткан системалар гана колдонулат.
1112. Инфра кызыл нур менен иштей турган көчмө жана стационардык түзүлүштөр оту өчкөндө газ берүүнү токтотуп коё турган автобөгөттөө менен жабдылышы зарыл.
1113. Полго орнотулуучу инфра кызыл нур чыгарган газ менен иштеген көчмө түзүлүштөр жылышпай турган атайын төшөлмө менен камсыз кылынат. Газ баллон түзүлүштөн жана башка жылытуучу приборлордон 1,5 метрден кем эмес, ал эми электр эсептегичтерден, токту өчүргүчтөрдөн, розеткалардан жана башка электр приборлорунан 1 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек.
Жалын чыккан жерден күйүүчү материалдардан жасалган конструкцияга чейинки аралык 1 метрден кем болбоого тийиш.
Кургатуучу жердин эң алыскы бурчунан тартып туташтырган жерге чейинки аралык 30 метрден ашпоосу керек. Түзүлүш газ тармагынан көбүрөөк алыстап кетсе, болот түтүктөрдөн убактылуу газ түтүгү өткөрүлөт, ал эми ага күйүүчү жерди кошуу жумшак шлангдар аркылуу жасалат.
Жумшак шлангдар туташтыруунун жылчыксыздыгын камсыз кылуучу бурамалуу жана гайкалуу хомуттардын жардамы менен редукторго жана өткөргүч түтүккө туташтырылууга тийиш. Жумшак шлангдар бүктөлбөстөн жана кесилбестен 2 метрден кем эмес бийиктик аркылуу өткөрүлөт.
1114. Инфра кызыл нур чыгарган газ күйгөн түзүлүш иштеп жаткан жерге күйүүчү заттарды жана материалдарды сактоого, ошондой эле аларды колдонуу менен иштөөгө тыюу салынат.
1115. Инфра кызыл нур чыгарган отту колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштеп жаткан түзүлүштү кароосуз калтырууга;
2) керамикасы бузулган, ошондой эле жалын туура эмес чыгып жатканы байкалган күйгүчтү пайдаланууга;
3) бөлмөдө газ жыттанганда түзүлүштү пайдаланууга;
4) күйгүчтүн жылуулук чыгарган жалынын күйүүчү материалдар, газ баллондору, газ түтүктөрү, электр зымдары турган жакка бурууга;
5) газ түзүлүшүн бир эле учурда катуу отун менен жылый турган түзүлүштөр менен бирге пайдаланууга.
§ 7. Суюк жана газ түрүндөгү отун менен иштеген жылуулук генераторлорун монтаждоо жана пайдалануудагы өрт коопсуздугу
1116. Абаны жылытуучу түзүлүштөр курулуп жаткан имараттан 5 метрден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
200 литрден ашпаган отун куюлган сыйымдуулук абаны жылыткычтан 10 метрден кем эмес алыстыкта жана курулуп жаткан имараттан 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат. Аба жылыткычка келүүчү отун металл түтүк аркылуу берилет.
Отун өткөргүчтөрдүн бириккен жерлери жана арматурасы заводдо даярдалып, отун акпагандай болууга тийиш. Сарптоо багынан чыккан түтүккө өрт же авария учурунда түзүлүшкө отун берүүнү токтото турган бурама коюлат.
1117. Газ менен иштеген түзүлүштү монтаждоодо жана пайдаланууда:
1) жылуулук чыгаруучу түзүлүштөрдө заводдун паспорту бар стандарттуу күйгүчтөр коюлат;
2) күйгүчтөр үзгүлтүксүз туруктуу жалын чыгарып турат жана агрегаттын жылуулук чыгаруусун зарыл жөнгө салуунун чегинде күйгүчтүн ичин көздөй өтпөйт;
3) жылуулук берүүчү түзүлүштөр коюлган жердеги желдетүү абаны саатына 3 жолу алмаштыра алат.
1118. Жылуулук чыгарган түзүлүштөрдү пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) отунду өткөргүчтөрдөн жылчык чыккан түзүлүштө иштөөгө, форсунканын корпусу жылуулук чыгарган түзүлүш менен жылчыксыз бириктирилбесе, түтүн чыккан жердин бузугу болсо, андан күйгөн продуктунун жыты бөлмөгө тараса, электр кыймылдаткычтары жана иштетүүчү аппаратурасы бузук болсо, ошондой эле электр кыймылдаткычынын жылуулуктан коргогучу болбосо жана башка бузуктары чыкса;
2) жөнгө салынбаган (отун туура эмес күйгөн) форсунка менен иштөөгө;
3) отун өткөргүчтөрдү туташтыруу үчүн резина же полихлорвиниль шлангдарын жана муфталарын колдонууга;
4) түзүлүштүн жана анын отун толтурулган багынын жанына күйүп кете турган тосмо коюуга;
5) отун өткөргүчтөрдү ачык жалын менен жылытууга;
6) кыска мезгилге токтотулган жылуулук чыгаргыч түзүлүштү аба менен үйлөтпөстөн иштетүүгө;
7) жумушчу аралашманы карай турган көзөнөкчө аркылуу тутандырууга;
8) жылуулук чыгаруучу түзүлүш иштеп жаткан учурда шамдардын электроддорунун ортосундагы жылчыкты жөнгө салууга;
9) аба тарткан коллекторлордо коргой турган торчосу болбогон учурда жылуулук берүүчү түзүлүштү иштетүүгө.
§ 8. Электр калориферлерин монтаждоодогу жана пайдалануудагы өрт коопсуздугу
1119. Заводдо жасалган, сигнализациясы жана тоскучтары туура иштеген, желдеткичи иштебегенде жылытуучу элементтерге электр энергиясын бербеген жана чыккан абанын температурасын контролдогон автоматикасы бар жана электр, жылуулук берүүнү коргогон жөнгө салгычы бар электр калориферлерин гана монтаждоого жана пайдаланууга жол берилет.
1120. Электр калориферин монтаждоо, ишке даярдоо, иштетүү даярдаган заводдун паспортунда баяндалган тартипте аткарылууга тийиш.
1121. Электр калориферинин корпусу менен желдеткичтин ортосундагы жумшак кыстыргы үчүн күйүүчү материалдарды колдонууга тыюу салынат.
1122. Электр калориферлерин пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) сигнализацияны же бөгөт койгучту өчүрүүгө;
2) электр калориферинен чыккан абанын температурасы аны даярдаган завод белгилегенден жогорулап кетишине жол берүүгө;
3) желдеткичи иштебеген электр калориферин иштетүүгө (түзүлүштү ар бир жолку иштердин алдында бөгөт койгучу текшерилип турат);
4) кийимди же башка күйүүчү материалдарды электр калориферине же ага жакын кургатууга;
5) электр калорифери орнотулган жайга күйүүчү заттарды жана материалдарды сактоого.
§ 9. Өрткө каршы суу менен жабдууну, өрт өчүрүү жана байланыш каражаттарын күтүү
1123. Туруктуу иштеген тышкы суу түтүк тармагын салуу жана өрт өчүрүүчү гидранттарды орнотуу, ошондой эле өрттө колдонулган суу көлмөлөрүн жана башка суу булактарын куруу негизги курулуш иштери башталганга чейин өрт өчүрүү үчүн аларды пайдаланууга боло тургандай эсеп менен аткарылышы керек.
1124. Суу менен жабдуучу туруктуу иштей турган курулуш негизги курулуш иштери башталганга чейин аяктабаган учурларда убактылуу өрткө каршы суу түтүктөрү салынып, же өрт өчүргөн резервуарлар коюлуп калууга тийиш.
1125. Өрт өчүргөн убактылуу резервуарлардын (көлмөлөрдүн) сыйымдуулугу, алардын саны, жайгаша турган жери курулуучу коргоо объектинин долбоордук документтеринде аныкталат.
1126. Курулуш аймагында жайгашкан жасалма суу көлмөлөрү жылууланууга жана өрт өчүргөн автомобилдердин бурулушу үчүн 12x12 метр аянттагы кирүүчү жолдор менен камсыздалууга тийиш. Эгерде курулушка жакын жерде табигый суу булактары (көл, көлмө, суу) болсо, өрт өчүрүүчү автомобилдер үчүн токтотуучу жайларды жасоо зарыл. Кышкысын ал жерде "тоңбой турган" көлчүктөр жасалууга тийиш.
1127. Ички өрткө каршы суу түтүктөрү жана өрт өчүрүүчү автоматтык системалар коргоо объекти менен бир эле учурда салына баштоого тийиш. Өрткө каршы суу түтүгү жасалгалоо иштери башталганга чейин пайдаланууга берилет. Ал эми өрт өчүрүүчү автоматтык системалар жана сигнализациялар бүтүрүп жөнгө салуу иштери башталган учурга (кабелдик курулмаларда кабелдерди жаткырганга чейин) бүткөрүлөт.
1128. Курулуп жаткан имараттар, убактылуу курулуштар, ошондой эле көмөкчү жайлар өрт өчүрүүчү баштапкы каражаттар менен камсыз кылынат.
1129. Курулуп жаткан ар бир коргоо объектинде өрт өчүрүүчү бөлүктөрдү чакыруу үчүн байланыш каражаты болууга тийиш. Курулуш аймагында сутканын каалаган учурунда байланыш менен камсыз кылууга болот. Ар бир телефондун (радиостанциянын) жанына өрт өчүрө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруунун тартиби жөнүндө тактайчаны, өрт учурунда иштей тургандардын аракети жөнүндө эскерткичти, өрткө каршы мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн күжүрмөн бөлүктөрүнүн тизмесин, өрт өчүрүү үчүн күч жана каражат тартуунун тартибин илип коюу керек. Курулуш аймагынын көрүнүктүү жерлерине айгай (тревога) белгисин бере турган үн белгилерин (коңгуроо, сирена) орнотуу, анын жанына "Өрт сигналы" деген жазууну илип коюу зарыл.
17-глава. Энергетика объектилериндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү
§ 1. Энергетика объектилериндеги өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1130. Энергетикалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баардык инженердик-техникалык кызматкерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын ушул Эрежелерди үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурууга;
2) өрт өчүрүүчү-техникалык комиссияны жана ыктыярдуу өрт өчүрүүчү дружинаны түзүүгө, ошондой эле ушул Эрежеге ылайык алардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого;
3) аймакта, өндүрүштүк жайларда (цехтерде, лабораторияларда, устаканаларда, кампаларда ж.б.), ошондой эле административдик жана көмөкчү жайларда өрткө каршы катуу режим орнотууга;
4) ишкананын персоналы жана подряддык уюмдар тарабынан жабдууларды оңдоодо, реконструкциялоодо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө ширетүү жана башка өрт коркунучу бар иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн конкреттүү тартибин аныктоого;
5) ар бир өндүрүштүк участок жана имарат-жайлар боюнча өрт коопсуздугуна жооптуу кызмат адамдарын дайындоого;
6) ишканада өрт коопсуздугунун абалын, өрт өчүрүүчү техникалык каражаттардын, суу менен жабдуу, байланыш системаларынын жана өрткө каршы коргонуучу башка түзүлүштөрдүн тууралыгын маалы менен текшерип туруунун тартибин орнотууга. Өрткө алып келүүчү кемчиликтер байкалганда аны жоюунун зарыл чараларын көрүүгө.
1131. Отун-энергетикалык комплексинин ар бир ишканасында ишкананын жетекчиси өрт коопсуздугу боюнча төмөнкүдөй документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш:
1) өрт өчүрүү орнотмолорун тейлөө боюнча инструкция;
2) өрт чыкканда сигнализация орнотмолорун тейлөө боюнча инструкция;
3) ишканада өрт өчүрүүнүн оперативдүү планы;
4) персоналдын өрткө каршы машыгуу өткөрүү, окуу жана билимин текшерүү, өрттөн коргоо системасына техникалык көзөмөл жүргүзүү пландары жана графиктери, ошондой эле башка документтер.
1132. Электр станцияларынын жана подстанцияларынын аймагында чөптү маалы менен чаап жана ташып кетүү зарыл.
Ишкананын аймагында жана ага чектеш аянтта 100 метрден жакын жерге кургак чөп сактоого тыюу салынат.
1133. Негизги жана көмөкчү жабдууларда баардык иштер: механизация каражаттары, анын башка шаймандары, чыгарылган жабдуулары, калдыктар менен материалдар жумуш ордунан жыйналып кетип, буу өткөргүчтөрдүн изоляциясы калыбына келтирилип, өрт коопсуздугу жана эмгек коопсуздугу боюнча иш-чаралар аткарылып бүткөндөн кийин гана отун-энергетикалык түзүлүштөрдү иштетүүгө киришүүгө уруксат берилет.
§ 2. Катуу отунду чаң түрүндө даярдоо жана жагуу үчүн түзүлүштөрдүн өрт коопсуздугу
1134. Жаңыдан монтаждалган же капиталдык оңдоодон өткөн чаң даярдоочу түзүлүштөрдү ишке киргизүү кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин жана уюмдун жетекчиси тарабынан дайындалуучу, бул түзүлүштөрдү иштетүү жана пайдалануу тажрыйбасы бар жооптуу адамдын жетекчилиги менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.
Пайдаланууга берер алдында негизги жана көмөкчү жабдуулар түйүндөр боюнча же бош тегеретүү менен комплекстүү сынап көрүү жүргүзүлүүгө тийиш.
1135. Жабдууларды сыноо максатында иштетүү алдында же комплекстүү сынап көрүүдө башкаруу, коргоо, бөгөө жана байланыш каражаттары аракетке келтирилүүгө, ошондой эле алдын ала сактоочу түзүлүштөр текшерилүүгө жана өрт өчүрүү каражаттары ишке даярдалууга тийиш.
1136. Түзүлүштөр ишке киргизилгенге чейин өткөргүч түтүктөрдүн жана жабдуу элементтеринин баардык ысыган үстүнкү беттерин күйбөй турган жылуулук өткөрбөс материалдар менен тосуу боюнча иштер аяктоого тийиш.
Ысык өткөргүч түтүктөрдөгү жана жабдуулардагы жылуулук изоляциясы кабелдик линияларга жана мунай продуктылары менен күйүүчү газдары бар өткөргүч түтүктөргө 3 метрден жакын жайгашкан жерлери кошумча түрдө металл же башка күйбөй турган каптамдар менен оролууга тийиш.
1137. Чаң-даярдоочу түзүлүштөрдү иштетүү, анын ичинде оңдоодон кийин иштетүү бардык оңдоо, изоляциялоо жана жөнгө салуу иштери толук бүтүп, байкалган кемчиликтери, өзгөчө жарылуу жана өрт коопсуздугу жагындагы кемчиликтери жоюлгандан кийин, ошондой эле курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштеринде колдонулуучу курулуш шатылары жана башка шаймандар алып салынгандан кийин гана аткарылууга тийиш.
1138. Чаң даярдоочу түзүлүш иштегенде анын алдын ала сактай турган тетиктеринин бүтүндүгү тышын карап чыгуу жолу менен кезметтеги персонал тарабынан кварталына 1 жолудан кем эмес текшерилип турууга тийиш.
Баардык алдын ала сактоочу клапандары чаң даярдоочу түзүлүш системасында болуп өткөн жарылуудан (тарсылдактан) кийин текшерилип турууга тийиш.
1139. Чаң даярдоочу системанын алдын ала сактоочу түзүлүштөрүнүн оозу жайгашкан жердин каршысына жаңы кабелдик трассаларды 10 метрден жакын жайгаштырууга тыюу салынат.
Көрсөтүлгөн аралыктан өткөн кабелдик трассалар 5 метрден кем эмес узундуктагы металл кожухтар (кутулар) менен корголууга же алдын ала сактоочу клапандардын түбүнө тоскуч калканчтар коюлууга тийиш.
1140. Жайлардын ичин тазалоо маалы менен жүргүзүлүп турат, анткени топтолгон чаңдын куюндоосу чоң коркунуч келтирет. Сууну майда кылып чачыратып чаң чыкпагандай нымдаштырып алууга уруксат берилет.
1141. Чаң даярдоочу түзүлүштүн кадыресе иштешин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жайларга жана жабдууларга тамчылаган же күйгөн отундун жана башка жалын чыгарган булактардын түшүшүнө жол бербөө;
2) жабдуудагы чаңдатуу чордонун дароо жок кылуу;
3) жайдын ичинде жана курулуш конструкцияларында отундун чаңынын жана тутанган очокторунун пайда болушуна жол бербөө;
4) системага инерттүү же түтөгөн газдарды берүү жолу менен кислороддун көлөмдүү концентрациясын (16%га чейин) чаң тоскон түзүлүштөр менен жабдууларда төмөндөтүү боюнча техникалык иш-чараларды аткаруу;
5) чаң тоскон түзүлүштөргө туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана алардын ишинин технологиялык режимин, өзгөчө чаң системаларын иштетүүдө жана токтотууда, ошондой эле чаң-аба кошулмасынын температурасынын жол берилген деңгээлден жогорулашына алып келүүчү отунду берүүдөгү үзгүлтүктөр болгон учурда сактоо.
1142. Чаңдаган бункерлерде, тегирмендерде жана башка чаң тоскон жабдууларда өрт өчүрүү үчүн бууну колдонууга айрым бир учурларда, бул иштер чаңды нымдаштырууга жана чаң топтогон механизмдердин иштебей калышына, ошондой эле өз алдынча тутанып кетүүнүн жана жарылуунун булагы болуп саналган чаңдын жабышуусуна жана топтолушуна алып келбеген шартта гана уруксат берилет.
1143. Чаң тоскон түзүлүш иштеп жатканда люктарды жана башка оюктарды ачууга тыюу салынат.
Чаңдын сапырылып кетишинин жана жарылуу коркунучунун, ошондой эле отундун түтөгөн очокторунун чачырашынын алдын алуу максатында чаң тоскон түзүлүш токтогон учурда люктарды жана оюктарды этияттык менен ачуу керек.
1144. Имараттын ичинде, ошондой эле чаң токтоткон түзүлүштөрдүн өзүндө ширетүү жана башка өрт чыгуу коркунучу бар иштер ушул Эрежелерде баяндалган өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо менен аткарылууга тийиш.
1145. Чаң токтоткон жабдуунун ичинде жана тышында тутанган жалынды жана өрттү өчүрүү үчүн чаңдын кошумча сапырылып учуусун пайда кыла турган өрт өчүрүүнүн суу жана көбүк менен аткарылуучу каражаттарын (компакттуу агызуу менен) колдонууга тыюу салынат.
Өрт өчүрүүчү крандар сууну чачыратып берген стволдор менен комплекттелүүгө тийиш.
§ 3. Энергетика объектилеринин казан орнотмолорунун өрт коопсуздугу
1146. Төмөнкү учурларда казанга от жагуу операциясын баштоого тыюу салынат:
1) технологиялык жабдуулардын номиналдык режимди камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген, ошондой эле өрт чыгарышы мүмкүн болгон бузуктары болсо;
2) казандын ишинин негизги параметрлерин аныктоочу контролдоп-өлчөөчү приборлор (анын ичинде каттай турган) иштебегенде;
3) башкаруу тизмегинде, ошондой эле казанды токтотууда иштөөчү технологиялык коргоодо жана бөгөттөөдө бузулган жерлери болсо.
1147. Желдетүү учурунда бекитүүчү жана жөнгө салуучу аппараттар от жакканда, газ жүргүзгөндө, аба өткөргөндө жана күйгүчтөрдө желдетилбеген (токтоп калган) зоналардын түзүлүшүнүн алдын алууну камсыз кылгыдай, ошондой эле жарылуу коркунучу бар аралашмалардын казан системасына түшүшүнүн алдын алгыдай абалда орнотулууга тийиш.
1148. Арматуранын сальниктеринин, форсункалардын же өткөргүч түтүктөрдүн бошоп калышынан улам аккан же тамчылаган мазутка кум чачылып жана дароо тазаланууга тийиш. Мазут аккан жерди жакшылап сүртүп салуу керек.
1149. Казан орнотмолорунун жарылуу, өрт коркунучун туудурган жабдууларында ширетүү жана башка өрт чыгаруучу иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
§ 4. Генерациялоочу энергетикалык орнотмолордун өрт коопсуздугу
1150. Энергетикалык агрегаттардын даярдыгын текшербей туруп, ошондой эле параметрлери жана контролдук көрсөткүчтөрү технологиялык инструкцияларда жол берилгендегиден айырма болсо, аларды иштетүүгө тыюу салынат.
1151. Май өткөргүчтөрдүн ширетилген жиктери монтаждан жана оңдоо-ширетүү жумуштарынан кийин кылдаттык менен текшерилүүгө (ультра үн дефектоскопиясы же башка методдор менен) тийиш. Заводдо даярдалган ширетилген жиктерге турбинаны жасаган заводдун документтери болууга тийиш.
1152. Энергетикальгк орнотмолордун май өткөргүчтөрүнүн фланецтүү бириккен жиктери үчүн жумшак жана май токтобогон материалдан жасалган, резина, полиэтилен ж.б. кыпчыткычтарды колдонууга тыюу салынат.
1153. Манометрлер алмашылгандан, ошондой эле ар бир учурда электр станциясынын башкы инженери беките турган атайын программа боюнча жөнгө салуу иштери жүргүзүлгөндөн жана майын толуктап куйгандан башка учурларда май өткөргүчтөрдө жана май системасынын жабдууларында система иштеп жатканда иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
Аталган иштер башталар алдында энергетикалык орнотмонун зонасындагы тейлөөнүн негизги белгилеринде өрт өчүрүү каражаттары иштөөгө даярдалышы керек. Зарылдыкка жараша жөнгө салуу жана которуштуруу иштери жүргүзүлүп жаткан бүткүл мезгилге ыктыярдуу өрт өчүрүү дружинасынын посттору коюлууга тийиш.
1154. Май бактарына толуктап куюу май өткөргүчтөрү боюнча борборлоштурулуп жүргүзүлүүгө тийиш.
Майды көчмө челектер менен энергетикалык орнотмолордун май куюлуучу бактарына жеткирүү жолу менен май системасын камсыз кылууга тыюу салынат.
1155. Май өткөргүчтөрүнө 10 метрден жакын жайгашкан баардык күйүүчү каптамдардын күйбөй турган жылуулук изоляциясынын бүтүндүгү үзгүлтүксүз контролдонууга тийиш. Жылуулук изоляциясынын үстүнкү бетин турбиналык майдын түшүшүнөн жана урунуудан сактоо үчүн ага металл же башка күйбөй турган материал жабылышы керек.
1156. Буу өткөргүчтөрүнүн жылуулук изоляциясы жарым жылда кеминде 1 жолу каралып турууга тийиш. Жылуулук изоляциясынын көөп чыккан же катмарланган жерлери байкалса, атайын журналга жазылып, ал боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүгө тийиш, анткени мындай жерге майдын агып түшүшү жалындын чыгышына алып келет.
1157. Эгерде май системасын иштетүүдө же пайдаланууда май өткөргүчтөрүндө күчтүү термелүү же май системасынын бекемдигинин бузулушуна коркунуч түзүүчү гидравликалык соккулар пайда болсо, энергетикалык түзүлүш авариялык түрдө токтотулууга тийиш.
1158. Турбо генератордун май куюлган багын суу менен муздатууну стационардык бөлүп кеткич менен жабдыганда сууну бере турган бекиткич түзүлүштүн пломбу салынган кол менен иштеткичи бул агрегаттын май куюлган багынын айланасындагы өрттөн коопсуз жерге жайгаштырылууга тийиш. Иштеткич кызыл түскө боёлуп, жанына "Өрт чыкканда ачуу керек", ошондой эле "№... май багы" деп жазылган тактаны илип коюу керек.
1159. Суу менен муздатуу постторунун, май системасынын кароочу люктарынын, термопарлардын, энергетикалык орнотмолордун температуралык системасынын жанына коюлган электр жарык берүүчү арматура корголгон жерде болууга тийиш.
1160. Энергетикалык орнотмолор төмөнкү учурларда авариялык түрдө дароо токтотулат:
1) агрегаттын же май системасынын бузулушуна алып келүүчү, ошондой эле водороддук муздатуунун тыгыздоо системанын бузулушун жана кийинки өрттү пайда кылуучу агрегаттын, май өткөргүчтөрдүн же гидросоккулардын капыстан термелүүсү пайда болгондо;
2) газ турбина орнотмолорунда отун өткөн түтүктөрдөн отун ага баштаганда, ошондой эле от күйгөн камераларда же газ өткөргүчтөрдө жарылуу (тарсылдаган үн) чыкканда;
3) подшипниктерден жана түптөрүндөгү тыгыздагычтардан түтүн же учкун чыкканда;
4) агрегаттын корпусунан май көп агып, жайылуу жана жалын чыгаруу коркунучун келтирсе;
5) агрегаттагы май болгон изоляция же майдын тутанышы байкалганда;
6) машина залынан өрт чыкканда, өрт факторлору тейлөөчү персоналга коркунуч келтирсе жана агрегатты кадыресе пайдалануу мүмкүн болбой калганда.
Өрттүн коркунуч келтирген факторлору "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталат.
1161. Водород менен муздатылган машиналар авариялык түрдө токтотулган баардык учурларда төмөнкү иштерди жасоо зарыл: агрегатка күч келтирбей жана токтото баштоо; водородду атмосферага чыгаруу үчүн тосулган арматураны ачуу; бүткүл агрегаттын токтошун жана водороддун басымынын төмөндөшүн күтпөстөн, инерттүү газды борборлоштурулган системадан машинанын корпусуна берүү; байкаларлык аралыкты түзүү үчүн газ постунан водород берген өткөргүч түтүктү чыгарып таштоо; өрт өчүрүү каражаттарын колдонууга даярдоо.
Персоналдын конкреттүү аракети жергиликтүү нускамага жана өрт өчүрүүнүн оперативдүү карточкасына түшүрүлүүгө тийиш.
1162. Газдарды берүүнүн борборлоштурулган системаларындагы аварияларды же аларды оңдоону кошпогондо, генератордун газ постторунун (синхрондук компенсаторлордун) жанына алардын корпусун водород же инерттүү газ менен толтуруу үчүн газ баллондорду орнотууга тыюу салынат.
1163. Агрегаттардын корпустарында, аппараттарда жана водород толтурулган газ өткөргүчтөрдө өрт коркунучу бар иштерди (ширетүү, жылмалоо, каңдоо ж.б.) жүргүзүүгө тыюу салынат.
1164. Турбогенераторлордун жана синхрондуу компенсаторлордун (өрт өчүрүү түтүктөрү, туташтыргыч бөрктөр, вентилдер жана манометрлер) атайын ящиктерине, ошондой эле гидрогенераторлордун жанындагы бекитүүчү клапандарга орнотулган суу берүүчү түзүлүштөрдүн техникалык абалы маалы менен текшерилүүгө тийиш. Аталган вентилдер жана клапандар пломбуланышы керек.
1165. Аба менен муздаган турбогенератордун (синхрондуу компенсатордун) жана гидрогенератордун күйүп бараткан оромун генераторлор өчүрүлгөндөн кийин өрт өчүрүүнүн көчмө каражаттарынын (өрт өчүргүчтөр, өрт крандары) жардамы менен атайын карай турган жана технологиялык люктар аркылуу кол менен өчүрүүгө персоналга уруксат берилет.
1166. Тосмолорду тиреген металл конструкцияларды ысытуу коркунучун алып келип, энергетикалык орнотмолордо же көмөкчү жабдууларда өрт чыкканда коопсуздук чараларын сактоо менен аларды муздатууга карата токтоосуз чаралар көрүлүүгө тийиш.
§ 5. Дизелдик жана көчмө электр станцияларынын өрт коопсуздугу
1167. Өзүнчө турган дизелдик электр станциялары бүткүл периметри боюнча тосулууга, ошондой эле өрт өчүрүүчү техника кире турган автожолдору болууга тийиш.
Көчмө дизелдик электр станцияларын орнотууда курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык имараттарга жана курулмаларга чейинки өрткө каршы ачык жерлер сакталууга тийиш.
1168. Электр станциясы туруктуу телефондук же байланыштын башка түрлөрү менен камсыздалууга тийиш.
1169. Резервуарлардан май куюучу бактарга күйүүчү отунду берүү кол насостордун же электр менен иштеген насостордун жардамы менен аткарылууга тийиш.
Бактарды чака же челектерди колдонуу менен толтурууга тыюу салынат.
1170. Персонал отун куюлган бактардын толтурулушун контролдоого милдеттүү, ал жерде диаметри май толтуруучу түтүктүн диаметринен чоң диаметрдеги куюштуруучу түтүктөр болууга тийиш. Куюштуруучу түтүк авариялык кабыл алуучу резервуар менен жылчыксыз туташтырылышы керек. Куюштуруучу түтүккө бекиткич жылдырмаларды (вентилдерди) орнотууга тыюу салынат.
1171. Оңдоо иштеринде бир нече кыймылдаткычтын түтүн чыккан түтүктөрүн жалпы бир түтүккө бириктирүүгө тыюу салынат. Бир каптоочтун астында жалпы көп тарамдуу түтүк жасоого уруксат берилет.
1172. Машина залынын чегинде түтүн чыгуучу өткөргүч түтүктөрдүн жылуулук изоляциясынын оң иштеши маалы менен текшерилип турат.
Суу менен муздатылуучу түтүн чыккан өткөргүч түтүктөргө жылуулук изоляциясы талап кылынбайт.
1173. Электр станциясынын имаратынын күйүп кетүүчү курулуш конструкцияларынын түтүн чыгуучу түтүктөр менен тийишкен жерлеринде өрткө каршы төмөнкүдөй зарыл иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) имараттын чатырындагы жана түтүн чыгуучу түтүктөр өткөн дубалдарда жылуулук изоляциясынын бар-жок экендигине карабастан түтүн чыккан түтүктүн дубалынан 0,5 метрден кем эмес аралыкта күйбөй турган бөлгүчтөр орнотулушу керек. Түтүктөн 1 метрге чейинки аралыктагы жыгач конструкциялар өрттөн коргоочу аралашма менен иштетилүүгө тийиш;
2) түтүн чыккан түтүктү айланта үйдүн чатырында жазылыгы түтүктөн тарта 0,5 метрден кем эмес күйбөй турган материалдардан бөлүп тургуч коюлууга тийиш;
3) түтүн чыккан түтүк үйдүн чатырынан 2 метрден кем эмес бийик жайгаштырылат;
4) түтүн чыккан түтүк узатасынан жайгаштырылса, анын учуна бетон же кыштан үн баскыч (чуңкурча) жасалып, имараттан тышкары жайгаштырылат. Үн баскыч маал-маалы менен тазаланып турат.
1174. Дизелдик электр станциялар иштегенде агрегаттын блогунун жана түтүн чыккан түтүктүн жанындагы коллектордун тыгыз бекитилиши дайыма текшерилип турат.
Коллектордон учкун чыкса, бузулган жери оңдолгонго чейин агрегатты иштетүүгө тыюу салынат.
1175. Агрегаттарды пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кыймылдаткычты жеңил от алдыруу үчүн цилиндрлерине же клапандарына тез от алган суюктуктарды куюуга;
2) агрегат иштеп жатканда, ошондой эле кыймылдаткыч жана түтүн чыккан түтүк муздай электе бакка май куюуга;
3) электр станциясынын ичиндеги отун бактарын чаканын же башка идиштердин жардамы менен толтурууга;
4) ачык отту (каңдоочу лампаларды, факелдерди ж.б.) пайдалануу менен имараттын ичиндеги өткөргүч түтүктөрдү, арматураны жана жабдууларды жылытууга;
5) жабдуулардын ысыган жерине атайын кийимди кургатууга;
6) өндүрүштүк жайлардын өткөөлдөрүн жана имараттардын чыга бериш жерлерин тосууга, ошондой эле электр станциясынын атайын жайларынан тышкары жерде жабдууларды жана башка материалдарды сактоого.
1176. Агрегат төмөнкү учурларда дароо токтотулууга тийиш:
1) цилиндрлерде жана подшипниктерде тыкылдоо жана башка үндөр күчөгөндө;
2) подшипниктерден же картерден түтүн чыкканда, ошондой эле күйгөн майдын жыты келгенде;
3) муздатуу системасында суу берүү токтогондо же муздатуу системасынын түтүн чыккан түтүгүнөн буу чыкканда;
4) айлануу жыштыгын жөнгө салгыч иштен чыкканда;
5) үн баскычтан тарсылдаган үн чыкканда;
6) сүрүлгөн бөлүктөр менен механизмдер майланбаганда же сапатсыз майланганда;
7) агрегаттагы отун өткөргөн түтүктөр же май түтүктөрү айрылганда;
8) жайдын ичинде өрт чыгып, агрегатка же адамдарга коркунуч келтиргенде.
§ 6. Электр станцияларынын жана подстанциялардын бөлүштүргүч түзүлүштөрүнүн өрт коопсуздугу
1177. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн бөлмөлөрүндө жана коридорлорунда бөлүштүргүч түзүлүшкө тиешеси жок кампаларды жайгаштырууга, ошондой эле электрдик техникалык жабдууларды, запастык бөлүктөрдү, күйүүчү суюктук куюлган идиштерди жана ар түрдүү газ толтурулган баллондорду сактоого тыюу салынат.
1178. Электрдик техникалык жабдууларды ылайдан жана көөдөн тазалоо үчүн өрт чыгарбай турган жуучу аралашмалар жана дары-дармектер пайдаланылууга тийиш. Техникалык себептерге байланыштуу атайын жууй турган каражатты колдонуу мүмкүн болбогон айрым бир учурларда бир жолку пайдалануудан ашпаган көлөмдө күйүүчү суюктуктарды (эриткичтерди, бензинди ж.б.) колдонууга уруксат берилет.
1179. Күйүүчү суюктуктарды пайдаланууда урунбаган материалдан жабылуучу идиштер гана колдонулат.
1180. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдө ширетүү жана башка өрт чыгаруучу иштерди өрткө каршы чараларды аткаргандан кийин чыгарып кетүүгө болбогон жабдууда гана жасоого уруксат берилет.
1181. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн кабелдик каналдары жана жер үстүндөгү ачык бөлүштүргүч түзүлүштөгү кабелдик лотоктор күйбөй турган такталар менен дайыма жабылып турууга тийиш. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн чуңкурчаларына жана башка курулмаларга кабель киргизген жерлер отко туруктуулугу 0,75 сааттан кем болбогон күйбөй турган тыгыздагыч болушу керек.
1182. Ачык бөлүштүргүч түзүлүштүн аймагында мезгил-мезгили менен чөптү чаап жана жыйнап кетүү зарыл.
Коргоо объектинин айланасында жана тосмого жакын аянттарда кургак чөптү күйгүзүүгө тыюу салынат.
1183. Ачык бөлүштүргүч түзүлүштүн аймагындагы айрым участокторго декоративдик бадалчаларды же жазы жалбырактуу жапыз өскөн дарактарды, анын ичинде мөмө-жемиш дарактарын өстүрүүгө уруксат берилет, мында алар жалпы аймакты тосуп калбагандай, ошондой эле дарактар менен ток өткөргөн бөлүктөрдүн ортосундагы аралык электр менен тосуп коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргандай болууга тийиш.
1184. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштүн ичиндеги баштапкы өрт өчүрүү каражаттары кире бериштерге жайгаштырылышы керек. Жабык бөлүштүргүч түзүлүштү секцияларга бөлгөн учурда өрт өчүрүүчү посттор тамбурларга жана тепкичтер жайгашкан аянтчага жайгаштырылышы керек.
Өрт өчүрүү каражаттарынын жайгашкан жерин көрсөткөн түшүндүрүүчү белгилер жана жазуулар ачык бөлүштүргүч түзүлүштүн аймагындагы айлампа жолдорго коюлушу керек.
1185. Көчмө өрт өчүрүүчү техника ачык бөлүштүргүч түзүлүшкө орнотулган учурда (өрт өчүрүүнүн оперативдүү планына ылайык) жердештирилген участоктор белгиленүүгө жана жабдылууга тийиш.
§ 7. Кабель чарбасындагы өрт коопсуздугу
1186. Баардык кабель курулмалары (кабаттар, туннелдер, шахталар, каналдар, галереялар, эстакадалар), ошондой эле жабык атайын металл коробалар же ачык жаткырылган кабель линиялары энергетика ишканаларынын кабелдик чарбасына кирет.
Уюмдун жетекчисинин буйругу менен кабель чарбасы бүт бойдон же участоктор боюнча кабелдик линияларды ишенимдүү эксплуатациялоону камсыз кылуу жана зарыл болгон курулуш-монтаждоо, оңдоо иштерин жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тийиштүү цехтерге бекитилип берүүгө тийиш.
1187. Баардык кабель курулмасы тийиштүү цехтин начальниги бекиткен график боюнча маалы менен каралып турушу керек.
Карап чыгуунун жыйынтыгы жана байкалган кемчиликтер оперативдүү журналга жана жабдуулардын кемчиликтери катталган журналга (же картотекага) түшүрүлүүгө тийиш.
1188. Кабелдик курулмалар таза кармалууга тийиш.
Кандайдыр бир кампаларды, устаканаларды салууга, ошондой эле материалдар менен жабдууларды, анын ичинде пайдаланылбаган кабелдерди сактоого тыюу салынат.
1189. Кабелдик курулмаларга суу жана буу, катуу отундун чаңы, май, мазут же башка күйүүчү суюктуктардын (ошондой эле алардын суу эмульсияларынын) тийгендиги байкалса, ага жол бербөө боюнча дароо чара көрүлүшү керек.
1190. Баардык кабель сакталган жайлар персонал тарабынан туруктуу тейленбей турган жайларга кирет, ошондуктан алар жабык болууга тийиш.
1191. Кабелдик курулмаларда 50 метрден аз эмес аралыкта жакынкы эшикти көрсөткөн белгилер орнотулууга тийиш.
Секциялык тоскучтардын эшиктеринен жакынкы эшикке чейинки жолдун көрсөткүчү (схемасы) илинүүгө тийиш. Кабелдик курулмалардан чыгуучу люктардын жанына орнотулуучу шаты туннелден (кабаттан) өтүүгө тоскоол болбошу керек.
1192. Кабелдик курулмаларда адамдар болгон учурда (айланып чыгууда, оңдоо иштеринде) өрт өчүрүү орнотмолорун белгилүү багыт боюнча иштетүү кол менен башкарууга которулууга, ал эми адамдар чыгып кеткенден кийин кайра автоматтык режимге которулууга тийиш. Бул мезгилде өрт өчүрүүчү орнотмонун иш режими өзгөргөндүгү тууралуу оперативдүү журналга жазылат.
Кабелдик курулмалардын автоматтык өрт өчүрүүчү стационардык орнотмолорун оңдоо иштери кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
1193. Кабелдердин тышкы пластик каптамасы (шлангдары) бузулганы байкалса, аларды оңдоо же бузулган жерин алмаштыруу үчүн шашылыш чаралар көрүлүшү керек.
1194. Кабелдик курулмалардын секциялык тосмолорунун эшиктери өз алдынча жабылууга, жакынкы эшик тарапка ачылууга жана бекем тирегич коюлууга тийиш.
Кабелдик курулмаларды пайдаланууда көрсөтүлгөн эшиктер жабылган абалда турушу керек.
Кабелдик жайларды желдетүү шарттары боюнча эшиктерин ачып коюуга уруксат берилет, мында имараттын тийиштүү бөлмөсүндөгү өрт белгисин берүүчүнүн импульсунан автоматтык түрдө жабылууга тийиш. Эшиктердин өзү жабылуучу түзүлүшү техникалык жактан бузук болбошу керек.
1195. Кабелдерди алмаштырууда же жаңыларын салууда кабелдик трассалардын отко күйбөгөн бекемдигин калыбына келтирүү аткарылып жаткан иштерге наряд жабылганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
1196. Кабелдик линияларды пайдаланууда жабдуулар менен жылытуу булактарынын жол берилген ченемдерден ашыкча ысып кетишине жол берилбейт.
1197. Энергетикалык ишканалардын жаңы жана кеңейтилүүчү бөлүкторүнүн кабелдик курулмалары кабыл алуу актысын толтуруу менен пайдаланууга кемчиликсиз кабыл алынууга тийиш.
1198. Энергетикалык ишканалардын кабелдик курулмаларын курулуш конструкциялары, өрткө каршы тосмолор, өзү жабылган эшиктер жана башка өрткө каршы иш-чаралар аркылуу кабелдик линиялардын өткөөлүн тыгыздатмайын, ошондой эле өрт өчүрүүнүн долбоордо каралган автоматтык орнотмолору болмоюн пайдаланууга, кабыл алууга тыюу салынат.
1199. Реконструкция же оңдоо иштерин жүргүзүүдө күйүүчү полиэтилен изоляциялуу кабелдерди колдонууга тыюу салынат.
1200. Май толтурулган кабель түзүлүштөрүнө май киргизген жайларда ошол түзүлүшкө тиешеси жок күйүүчү жана башка материалдарды сактоого тыюу салынат.
1201. Реконструкция жана оңдоо жумуштары жүрүп жатканда кандайдыр бир транзиттик коммуникацияларды кабелдик курулмалар аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.
§ 8. Күч трансформаторлорунун жана май реакторлорунун өрт коопсуздугу
1202. Трансформаторлорду жана май реакторлорун ишенимдүү пайдалануу жана алардын өрт коопсуздугу төмөнкүчө камсыздалууга тийиш:
1) номиналдуу жана жол берилүүчү иш режимдерин сактоо менен;
2) майдын сапатынын ченемдерин жана өзгөчө анын изоляциялык касиеттерин жана температуралык режимдерин сактоо менен;
3) жабдууларды муздатуу, жөнгө салуу жана коргоо түзүлүштөрүн оң абалда кармоо менен;
4) негизги жана көмөкчү жабдууларды, автоматика жана коргоо түзүлүштөрүн оңдоону сапаттуу аткаруу менен.
1203. Трансформаторлордун жана реакторлордун астындагы майды кабыл алуучу түзүлүштөр, май жүргүзгүчтөр (же атайын дренаждар) авария учурунда майдын акпоосу жана анын кабелдик каналдарга жана башка жайларга түшпөөсү үчүн оң абалда болууга тийиш.
1204. Майды кабыл алгычтын борттогу тосмолорунун чегинде төгүлгөн шагыл таза кармалууга тийиш жана жылына 1 жолудан кем эмес жуулуп турушу керек.
Шагыл катуу булганса (чаң, кум) же май болуп калса, жазында жана күзүндө таза жуулушу керек.
Шагылдын бетинде мунай продуктулары 3 миллиметрден кем эмес калыңдыкта катып калганда же өсүмдүктөр өнүп чыкканда жана аны жууганга мүмкүн болбой калганда шагыл алмаштырылууга тийиш.
1205. Майды кабыл алуучу түзүлүштөрдүн борттогу тосмолору жерден 150 миллиметрден кем эмес бийиктикте бүткүл периметри боюнча ачык калтырбастан, шагыл төгүлүүгө тийиш.
Трансформаторлор жана май реакторлору тоголотуп чыгарылган жерлерде борттогу тосмосу майдын агып келишине жол бербөөгө тийиш, ал оңдоо учурунда оңой ташып кетип, кийин калыбына келтириле турган материалдан жасалат.
1206. Трансформаторлордун май кабыл алгычтарын жана май реакторлорун борт жасап тосууда кабелдик каналдардын дубалын пайдаланууга (ыңгайлаштырууга) тыюу салынат.
1207. Ачык бөлүштүргүч түзүлүштөгү трансформаторлордон жана май реакторлорунан майды кабыл алуу үчүн авариялык сыйымдуулуктар жылына 2 жолудан кем эмес жолу, ошондой эле көз ачырбаган жаандан, эриген кардан же өрттү өчүргөндөн кийин текшерилип турууга тийиш. Стационардык деңгээл ченегичтер ишке жарактуу абалда болууга тийиш.
1208. Трансформаторлор жана май реакторлору жабдылган стационардык өрт өчүрүүчү түзүлүштөр техникалык жактан бузук болбоого жана долбоорго ылайык келүүгө тийиш.
Бул түзүлүштүн өткөргүч түтүктөрүнүн системасы жана бекиткен арматурасы кызыл түскө боёлууга тийиш.
1209. Өрт өчүрүүчү стационардык орнотмонун ишин жана трансформаторду же май реакторун өрт өчүрүүчү состав менен сугаруунун толуктугун текшерүү аларды өчүргөндөн (8 саатка жана андан ашык убакытка) жана оңдогондон кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Сыноонун жыйынтыгы оперативдүү журналга, ал эми сын-пикирлер - бузуктарды каттоо журналына (картотекага) жазылат.
1210. Трансформатордун түтүнү чыккан түтүктүн оозу жакын жайгашкан жабдууларга жана имарат-жайга, ошондой эле персонал өткөн жолго (30 метрден жакын) багытталбоого тийиш. Зарыл учурларда артка кайтара турган тосмо орнотулушу керек.
1211. Шагылдын үстүндө же май кабыл алгычта майдын жаңы тамчысы байкалары менен анын чыгып жаткан жерин табуу жана иштеп жаткан жабдууда коопсуздук чараларын сактоо менен аны болтурбоо (фланецтерди тарттыруу, жараканы ширетүү) боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
1212. Трансформатордо (же май реакторунда) өрт чыкканда эгерде релелик коргоонун аракетинен өчүрүлбөсө, ал баардык чыңалуу тармагынан өчүрүлүүгө жана жерге туташтырылууга тийиш. Персонал өрт өчүрүүчү стационардык орнотмону (эгерде болсо) иштетүүнү контролдоого, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырууга жана андан ары өрттү оперативдүү өчүрүү планы боюнча аракеттенүүгө тийиш.
1213. Трансформатордо же май реакторунда өрт чыкса, анын корпусунан майды агызууга тыюу салынат, анткени бул оттун анын оромосуна тарашына алып келет жана өрт өчүрүүнү оордотот.
1214. Өрт техникасы орнотулган жерде жерге туташтыруу жабдылууга жана белги коюлууга тийиш.
1215. Эгерде долбоордо каралган өрт өчүрүү түзүлүштөрүнүн ишке толук даярдыгы камсыз кылынбаса, электр станцияларында жана подстанцияларда трансформаторлорду жана май реакторлорун пайдаланууга тыюу салынат.
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 1-тиркеме |
Өнөр жай, айыл чарба мекемелери жана курулуучу, реконструкциялануучу, кайра профилденүүчү имараттар жана курулмалар үчүн өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча ТАБЛИЦА
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталышы | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр-кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Өндүрүштүк имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун категориялары: |
|
|
|
|
|
| Имараттардын, курулмалардын жана бөлмөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча категориялары "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат |
| А жана Б
| 400-500 | 2 | 2 | 1 |
| 1 | |
| В | 500-600 | 2 | 1 |
|
|
| |
2 | Мунара жана көпүрө түрүндөгү, консолдук тик тургузулган крандар, экскаваторлор жана башка чоң механизмдер | Бир механизмге | 1 | 1* |
|
|
| * көмүр кычкылдуу өрт өчүргүчтөрдү күкүмдүү өрт өчүргүчкө алмаштырууга уруксат берилет |
3 | Эсептеп чыгуучу борборлор, машиналык эсептегич станциялар, китепканалар, архивдер жана долбоордук-конструктордук бюролор | 100 | 2 | 2* |
|
|
| * көмүр кычкылдуу өрт өчүргүчтөрдү күкүмдүү өрт өчүргүчкө алмаштырууга уруксат берилет |
4 | Күйүүчү суюктуктарды куюучу ыкчам аянтчалар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - идишке; | Аянтчага | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
| - цистернага |
| 4 |
| 2 |
| 2 |
|
5 | Өзүнчө турган суюлтулган күйүүчү газдары бар идиштер: | Бир идишке |
|
|
|
|
|
|
| - сыйымдуулугу 50 м3 чейин; |
| 2 |
| 1 |
| 1 |
|
| - сыйымдуулугу 50дөн 100 м3 чейин |
| 4 |
| 2 |
| 2 |
|
6 | Суюлтулган күйүүчү газы бар чийки зат жана товардык парктар | Идиштин ар бир блогуна 1000 м3 чейин |
4 |
| 1 2 |
| 1 2 |
|
7 | Суюк күйүүчү затты берүүчү орун (эритүүчү суюктук, лак, краска) майда жана өлчөлүп коюлган катуу күйүүчү зат | Аянтчага |
4 |
| 1 2 |
| 1 2 |
|
8 | Темир жол төгүүчү-куюучу эстакадасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - бир жактуу | 50 п.м | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
| - эки жактуу | ошол эле | 4 |
| 2 |
| 2 |
|
9 | Автомобилдик төгүүчү-куюучу | 2 стоянкага | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
10 | Өрт посту (тактасы жана шкафтар) ишкананын аянтында | 5000 м2 | 2 |
| 4 күрөк | 2 чака | 2 | Эскертүү: тактада болушу керек - 2 лом, 3 багор, 2 балта |
11 | Дизелдүү станциянын имараты | 1 дизелге | 2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
12 | Куткаруучу кызматынын жана өрт депосунун имараты | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
13 | Күйүүчү чатырлар же күйүүчү жылууланган жабуулар | 200 м2 чатыр аянтка | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
14 | Автомашина токтотуучу ачык жай | 100 м2 | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
15 | Электромотордуу | 50 м2 | 2 | 2 |
|
|
|
|
16 | Желдеткичтердин жана калориферлердин имараты | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
17 | Суу топтоочу курулма, насостук станциялар | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
18 | Электрстанциялары жана подстанциялар: | 25 м2 Генераторго дизелге |
|
|
|
|
|
|
| - башкаруу пульту; |
| 1 | 1 |
|
|
|
|
| - машина залы; |
| 1 | 1 |
|
|
|
|
| - электри күчтүү ички күйүүсү менен кыймылдаткыч |
| 1 | 1 | 1 |
| 1 |
|
19 | Трансформаторлуу станциялар | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
|
|
|
20 | Аккумулятор станциясынын (цехинин) бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
21 | Көчмө электростанция | Орнотмого | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
22 | Механикалуу жана механикалык чогултуучу цехтер (устаканалар) | 600 м2 | 2 | 2 | 1 |
|
|
|
23 | Электр-газ-ширетүүчү устаканалар | 200 м2 | 2 | 2 |
|
|
|
|
24 | Жыгач иштетүүчү жыгач цехтери | 100 м2 | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
25 | Сырдоочу жана лак краскалоочу устаканалар | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
26 | Компрессорлуу орнотмо | 200 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
27 | Насостук станциялар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - ЖЖС сордуруучусу; | 50 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
| - КС сордуруучусу | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
28 | - катуу күйүүчү зат; | 2 мешке | 2 |
|
|
|
|
|
| - суюк жана газ-сымал отун менен иштетилүүчү отказандар | ошондой эле | 2 |
| 1 |
|
|
|
29 | Гараждар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - автомобиль сактоочу бөлмөлөр; | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
| - автомобиль тейлөөчү бөлмөлөр; | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
| - автомобиль сактоочу бастырма; | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
| - автомобиль сактоочу ачык аянт | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
30 | Таратуучу май колонкалары | 1 колонкага | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
31 | Электрокарлар туруучу имарат | 100 м2 | 2 | 1 | 1 |
|
|
|
32 | Лабораториялар | 1 бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
33 | Өрт депосу | 100 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
34 | Контролдук-өткөрүүчү пункт | Пунктка | 2 |
|
|
|
|
|
35 | Телефондук станция жана радиотүйүн | 1 бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
36 | Тамеки чегүүчү жай |
| 1 |
|
|
|
|
|
37 | Курулуш орнотмолору | 40 п.м | 2 |
|
| 1 |
|
|
38 | Короо аянты | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
| 5000 м2 аянтка бир комплект өрт тактасы |
Даярдоо боюнча ишканалар, уюмдар жана мекемелер үчүн өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча ТАБЛИЦА
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталышы | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2х2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Элеваторлор Элеватордун иш имараты |
Кабатка |
1 |
|
|
|
|
|
2 | Силостун үстүндө жайгашкан кабат | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
3 | Силостун астында жайгашкан кабат | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
4 | Темир жол, суу жана автомобиль транспортторунан кабыл алуучу түзүлүш | Ар бир түзүлүшкө | 1 |
|
|
|
|
|
5 | Цех, таштандылар камерасы | 1 цехке | 1 |
|
|
|
|
|
6 | Стационардык дан кургаткыч | Кабаттарга | 1 |
|
|
|
|
|
7 | Дан кургаткычтын от жагуу бөлмөсү | Ар бир 2 мешке | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
8 | Ун комбинаттары жана акшак заводу |
|
|
|
|
|
|
|
| Дан тазалоочу цех | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
9 | Тарттыруу цехи | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
10 | Кесүү цехи | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
11 | Кургатуучу-бууга кармоочу цех | 150 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
12 | Талкалоочу цех же бөлүмчө | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
13 | Унду өлчөп салуучу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
14 | Таштанды талкалоочу жана сорттоочу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
15 | Жумшак идишти оңдоочу жана кагып чыгаруучу цех | 100 м2 | 1(*) | 1 |
| 1(**) |
|
|
16 | Идиштеги даяр продукцияларды көчүрүү транспорттук галереясы | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
17 | Аралаш тоют заводдор жана уруктарды иштеп чыгуу заводу |
|
|
|
|
|
|
|
| Чачылма аралаш тоюттардын жана тоют кошундусун чыгаруучу цех | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
18 | Аралаш тоюттарды күкүмдөө жана майдалоо цехи | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
19 | Аралаш тоюттардын таштандысын тазалоо цехи | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
20 | Чөптүү унду даярдоочу цех | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
21 | Чөп майдалоочу цех | 100 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
22 | Үрөн иштетүүчү заводдор жана цехтер | 150 м2 | 1 |
|
| 1(**) |
|
|
23 | Аралаш тоют дандын жана данды көчүрүүчү транспорттук галерея | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
24 | Кампалар Идишсиз унду, аралаш тоюттарды жана акшактарды сактоочу кампалар, бөлүмчөлөр, корпустар | 150 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
25 | Идиштеги акшактын жана ундун кампасы | 100 м2 |
|
|
| 1(***) |
|
|
26 | Механизацияланган дан кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - кампанын секциясы; | 100 м2 | 1 |
|
| 1(***) |
|
|
| - үстүңкү транспортердук галерея; | 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
| - астыңкы транспортердук галерея | 25 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
27 | Механизацияланган буудай кампага караган кургатып-тазалоочу бурана (СОБ) | Ар бирине | 1 |
|
|
|
|
|
28 | Имараттарды бириктирүүчү конвейердик галереялар жана эстакадалар | Ар бир 15 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
29 | Механизацияланбаган дан кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
30 | Күнжара кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
31 | Аралаш тоют кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
32 | Чийки аралаш тоют кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
33 | Дан жана ун таштандысынын кампасы | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
34 | Иштетиле элек жумшак идиштин кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
35 | Иштетилген жумшак идиштин кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
36 | Материалдык кампалар | 200 м2 | 2 |
|
| 1(***) |
|
|
37 | Идиштеги күйүүчү жана майлоочу материалдар кампасы |
|
|
|
|
|
|
|
| - ОЖС сактоодо; | 75 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
| - КС сактоодо; | 100 м2 | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
38 | Резервуардык парктар КММ | Ар бир 2 резервуарга | 2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
39 | Өзүнчө резервуар КММ: |
|
|
|
|
|
|
|
| - сыйымдуулугу 100 м3 чейин; |
| 1 | 1 | 1 |
|
|
|
| - сыйымдуулугу 100 м3 жогору | 1 резервуарга | 2 | 2 | 1 |
|
|
|
40 | Химикаттар кампасы | 50 м2 | 2 | 2 | 1 | 1(***) | 1 |
|
41 | Тактай кампалары | 300 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
42 | Көмүр кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
43 | Чөп сактоочу бастырма | 1 бастырмага | 2 |
|
| 1 |
|
|
44 | Штабель (скирда) чөп | 1 штабелге | 2 |
|
| 1 |
|
|
45 | Чөп престөөчү орнотмо | 1 орноткучка | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
Эскертүү. Сноскада айрым жайларга, бөлмөлөргө кошумча талаптар көрсөтүлгөн.
(*) - бирок 2ден кем эмес өрт өчүргүч;
(**) - ички өрт өчүрүүчү кран жокто;
(***) - ар бир секциянын сыртына, эшиктин маңдайына 0 °C температурадан кем эмес.
Чийки пахта кампалары, имараттары, цехтери жана бунттары үчүн өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча ТАБЛИЦА
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталышы | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Көзөмөлдөө посту | Ар бир постко | 1 |
|
| 1 |
|
|
2 | Тараза посту | Ошол эле | 1 |
|
| 1 |
|
|
3 | Кургатуучу-тазалоочу цехтер: |
|
|
|
|
|
|
|
| - от жагуучу бөлүм, көмүр менен иштөөчү; | Ар бир 2 мешке | 1 |
|
| 1 |
|
|
| - суюк зат менен от жагуучу бөлүм; | ошол эле | 1 | 1 |
| 1 | 1 |
|
| - кургатуучу бөлүмчө; | 1 барабанга | 1 |
|
| 1 |
|
|
| - тазалоочу бөлүмчө | 1 бөлүмчөгө | 1 |
|
| 1 |
|
|
4 | Перевалки | Ар бирине | 2 |
|
| 1 |
|
|
5 | Механикалык цехтер | 600 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
6 | Электр-газ менен ширетүүчү цехтер | 200 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
7 | Жыгач иштетүүчү цехтер | 100 м2 | 2 | 2 |
| 1 |
|
|
8 | Насостук станция (суу басымдуу) | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
9 | Аккумулятордук | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
10 | Көмүр кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
11 | Тилинген тактай кампасы | 500 м2 | 4 |
|
| 2 |
|
|
12 | Трансформатордук подстанциялар | 1 трансформаторго | 1 | 1 |
|
|
|
|
13 | Дизелдик электростанциялар | 1 агрегатка | 1 | 1 |
|
|
|
|
14 | Электротакта бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
| Кошумча диэлектрикалык килем, кайчы, өтүк жана мээлей менен камсыз кылуу керек |
15 | Идиш кампасы жана асмалар | Бастырма | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
16 | Идиштеги мунайзаттарды өзүнчө сактоочу бөлмө | Бөлмөгө | 2 | 1 |
|
| 1 |
|
17 | Чийки-пахтаны сактоочу жабык кампа | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
18 | Чийки-пахтаны сактоочу бастырма же аянт | 300 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
19 | Пахта чөнтөгү | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
20 | Пахта жыйноочу машина | 1 унаага | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
21 | Пахта ташуучу поезд, чийки-пахтаны ташуучу автомобиль же | 1 вагонго, (транспортко) | 1 | 1 |
|
|
|
|
22 | Тазалоочу цех | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
23 | Дизелдик, куюучу жана пресстөөчү цехтер | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
24 | Чийки-пахтаны сактоочу аянт жана бастырма | 100 м2 | 2 | 1 |
| 1 |
|
|
Эскертүү. | 1. Бөлүмгө жана цехке 2ден кем эмес өрт өчүргүч болушу керек; 2. Пахта заводдорун жана пахта даярдоочу пункттарды өрткө каршы жогорку басымдагы суу түтүктөрү менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр керектелет: - бир резервдеги өрт колонкаларынан өрткө каршы суунун сарпталышынын 10 л/с, эсепке алганда; - 1 колонкага диаметри 66 и 51 мм болгон 250 метр - суу жеңдери; - 1 колонкага диаметринин чачкычы 19 и 13 мм болгон - 2 ствол. |
Административдик, кызматтык-тиричилик имараттары жана бөлмөлөрү үчүн өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча ТАБЛИЦА
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталышы | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр-кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Кызматтык бөлмөлөр |
|
|
| 1* 1* |
|
| Ар бир кабатка 2ден кем эмес өрт өчүргүч ошол эле |
| - коридору болгондо; | 20 п.м | 1* |
|
|
|
| |
| - коридору жок | 200 м2 | 1* |
|
|
|
| |
2 | Массалык, чиймелик, жарык көчүргүчтүү, ротатордук архивдер ж.б. | 100 м2 | 1 | 1* |
|
|
| Көмүр кычкылынын ордуна күкүмдүү өрт өчүргүчтү колдонууга болот |
3 | Радиотүйүндөр | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
| 1 |
|
4 | Сезондуу жана курулуш иштери болуучу жерлерде адамдардын жашоосу үчүн көчмө үй-вагондор | 1 үй-вагонго | 1 |
|
| 1* |
| Жайкы мезгилде орнотулат |
5 | Нан жабуучу мештер: |
|
|
|
|
|
|
|
| - катуу отун менен; | 2 мешке | 1 |
|
|
|
|
|
| - суюк отун менен |
| 1 | 1 |
|
|
|
|
6 | Медпункттар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - оорулууну кабыл алуучу бөлмө; | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - дарыларды сактоочу бөлмө | 50 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
7 | Ашкана жана буфеттер: |
|
|
|
|
|
|
|
| - тамак ичүүчү бөлмө; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - тамак даярдоочу бөлмө | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
8 | Цехтердеги жана өзүнчө имараттардагы тиричилик бөлмөлөрү | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
9 | Клубдар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - сахна; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - көрүүчү зал; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - кызматтык бөлмөлөр, костюмдар сакталуучу ж.б.; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - өтмөктөр, коридорлор, вестибюлдар ж.б. | 50 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
10 | Оператордун бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
11 | Ийримдер үчүн бөлмө | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
12 | Китепкана, окуу залы | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
13 | Мейманканалар, жатаканалар: |
|
|
|
|
|
| Ар бир кабатка 2 өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - коридору болгондо; | 15 п.м | 1 |
|
|
|
| |
| - коридору жок | 100 п.м | 1 |
|
|
|
| |
14 | Кийим кургатуучу, кийим сактоочу | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
Кампалар жана кампа жайлары үчүн өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча ТАБЛИЦА
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталыштары | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр-кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Жабык кампалар Күйбөгөн катуу заттардын жана материалдардын кампасы | 500 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
2 | Суу менен өз ара аракеттешпеген күйүүчү катуу химиялык заттардын кампасы | 150 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 | Жайкы мезгилде кампаларда өрткө каршы суу түтүктөрү жок учурда суусу бар челектер орнотулат |
3 | Целлюлоза жана була материалдар кампасы | 200 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
| Ошол эле |
4 | Пластмасса жана синтетикалык каучук кампасы | 150 м2 | 2 | 1 |
| 1 | 1 | Ошол эле |
5 | Майдаланган күйүүчү заттардын кампасы: - |
|
|
|
|
|
|
|
| - ачык сакталуудагы; | 200 м2 | 2 | 1 |
| 1 |
| Ошол эле |
| - жабык сакталуудагы | 300 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
| ошол эле |
6 | Абада жана сууга тийгенде от алышуучу катуу заттар кампасы | 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
7 | Химиялык реактивдер кампасы | 150 м2 | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
8 | Катуу кычкылданткычтар жана индикаторлор кампасы | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 |
|
9 | Күйбөөчү суюктуктардын кампасы (кислотадан тышкары) | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
10 | Идиштеги күйүүчү суюктуктардын кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - жалындоо температурасы 45 °Cка чейин; | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
| - жалындоо температурасы 45 °Cтан жогору | 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
11 | Абада жана сууга тийгенде өзүнөн өзү күйүүчү суюктуктар кампасы | 50 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
12 | Жарылуучу заттар жана кара дарылар кампасы | 100 м2 | 2 |
| 1 | 1 | 1 | Кампанын имаратынын сыртында |
13 | Газ баллондор кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - күйбөгөн газ менен; | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - күйүүчү газ менен; | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| -толтурулбаган | 300 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
14 | Кислоталар кампасы (идиште) | 200 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
15 | Кальций карбиди кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - ортодогу; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - негизги | 500 м2 | 6 |
|
|
|
|
|
16 | Техникалык мүлк кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - таңгагы жок; | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - күйүүчү таңгакта сактоодо | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
17 | Чарба кампасы: |
|
|
|
|
|
|
|
| - оңой күйүүчү материалдар болгондо; | 200 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| - оңой күйүүчү материалдар болбосо | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
18 | Жумшак идиштер кампасы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
19 | Таңгакталган айнек кампасы | 400 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
20 | ЖКС жана КС идиште сакталган жер алдындагы же жарымы жер алдындагы кампалар | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
21 | Моделдер кампасы | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
22 | Тери, резина жана тери менен резинадан жасалган буюмдар кампасы | 200 м2 | 1 |
| 1 | 1 | 1 |
|
23 | Кампалар жана сактоочу жайлар: |
|
|
|
|
|
| Жайкы мезгилде ар бир имаратка 4 челектен кем эмес суу |
| - дан, атайын азыктар, ундар; | 200 м2 | 1 |
|
| 1 |
| |
| - азык-түлүк, фураж; | 300 м2 | 1 |
|
| 1 |
| |
| - күйүүчү материалдар болгондо чарбалык; | 200 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
| |
| - күйүүчү газдуу баллондор; | 300 м2 | 2 |
|
|
|
| |
| - булалуу күйүүчү материалдар; | 100 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
| |
| - уу химикаттар; | 100 м2 | 1 | 1 |
|
|
| |
| - аммиак селитрасы, аммиак суусу жана суюк аммиак; | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | |
| - кургак минералдык жер семирткичтер; | 500 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 |
| |
| - кальций карбиди | 100 м2 |
| 2 | 1 |
|
| |
24 | Даяр текстилдик, тор кийимдер жана галантерея өнөр жай продукциялары кампасы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
25 | Материалдык кампа жана техникалык шаймандар кампасы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
26 | Ширеңке кампасы | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
27 | Жашылча сактоочу кампа | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
28 | Турак үйлөрдө жайгашкан картошка-жашылча кампасы | Ар бир сактоочу жайга | 1 |
|
|
|
|
|
29 | Туз, колчедан жана ушуга окшогон минералдык заттардын кампасы | 500 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
30 | Ачык кампалар Таңгактар, дүмүрлөр, бөздөр, кагаздар ж.б. кампалары | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
31 | Отун кампасы | 250 м2 | 1 |
|
| 1 |
|
|
32 | Мунай продукту куюлуучу идиштерди (челектерди) сактоочу ачык аянт | 300 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
33 | Мунай продуктуларын идиште (челекте) сактоочу ачык аянт | 200 м2 | 2 |
| 2 |
|
|
|
34 | Штабелдеги пахта кампасы | Ар бир штабелге | 2 |
| 1 | 1 |
|
|
35 | Тилинген жыгач материалдар кампасы | 300 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
36 | Жыгач таралар кампасы | 100 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
37 | Карагай кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
38 | Чым көң жана жыгач көмүрүнүн кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
39 | Таш көмүр кампасы | 500 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
40 | ЖКС жана КС кампасы | 200 м2 | 2 |
| 2 |
| 1 |
|
41 | Резервуарда ЖКС жана КС кампасы | Ар бир резервуарга | 2 |
| 1 |
|
|
|
42 | Кампалар, чөп, саман топтолгон пункттар | Ар бирине | 2 |
|
| 1 |
|
|
43 | Майда жыгач материалдарынын кампасы | 200 м2 | 2 |
|
| 1 |
|
|
44 | Темир буюмдарынын кампасы | 600 м2 | 2 |
|
|
|
|
|
45 | Күйүүчү суюктуктар менен сырьелук жана товардык парктар | 2 резервуарга | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
46 | Кысылган газ менен сырьелук жана товардык парктар | 100 м3 сыйымдуулуктагы | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
Коомдук имараттар үчүн өрт өчүрүү каражаттарынын ЧЕНЕМИ
№ | Имараттардын, курулмалардын жана түзүлүштөрдүн аталыштары | Канча аянтка эсептелген (м2) | Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын аталышы | Эскертүү | ||||
Өрт өчүргүчтөр | Кум салынган ящик (сыйымдуулугу 0,5 м3 кем эмес) жана калак күрөгү | Суу куюлган челек (0,2 м3 кем эмес) жана чака | Кийиз, асбест же таар (өлчөмү 2x1,5 м, 2x2 м кем эмес) | |||||
Күкүмдүү (ОП-4, ОП-5) | Көмүр-кычкылы (ОУ-2, ОУ-5, ОУ-8) | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 | Соода ишканалары Универмагдар, өнөр жай товарлары дүкөндөрү | 100 м2 | 2 |
| 1 |
|
|
|
2 | Ири универмагдар (500 м2) | 150 м2 | 4 |
| 2 |
|
|
|
3 | Целлулоид буюмдарын сатуу боюнча өз алдынча дүкөндөр же аларга караштуу бөлүмдөр | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
| Бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
4 | Тамак-ашты тез даярдоочу объекттер (гриль, фаст-фуд ж.б.) | 50 м2 же бир соода орунга | 2 |
|
|
| 1 | Бөлмөгө эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| Тамак-ашты ачык отко даярдоо (мангал, тандыр, улуттук мештер) |
| 2 |
|
| 1 | 1 | эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
5 | Шарап жана тиричилик химия дүкөнү | 50 м2 | 2 |
| 1 |
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
6 | Айыл-чарба базарлары | 15 соода орунга | 2 |
| 1 |
|
|
|
7 | Жабык базарлар (павильондор) | 100 м2 | 2 |
| 1 |
|
|
|
8 | Палаткалар жана базардан сырткары дүкөнчөлөр | Бир палаткага | 1 |
|
|
|
|
|
9 | Лифттин машина бөлүмү | Ар бир бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
10 | Менчик турак үйлөр, бакчадагы үйлөр жана айыл жергесиндеги башка курулуштар | Ар бир имаратка | 1 |
|
|
|
| Андан сырткары челек суусу жана чакалары менен |
11 | Маданий мекемелер Музейлер, сүрөт жана көркөм галереялары, фондду сактоо жайы, көргөзмө, экспозициялык жана окуу залдары, китепканалар ж.б. | 50 м2 |
| 1 |
|
|
| Ар бир бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
12 | Театрлар, клубдар, маданият үйлөрү (сарайлар) сценасы менен, цирктер: |
|
|
|
|
|
|
|
| - сахна, манеж; | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| Эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - жумушчу галереялар; | 25 м2 | 1 |
|
|
|
| ошол эле |
| - сахнанын трюму жана цирктин манежи; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - сахнага, манежге жакын коридорлор жана өтмөктөр; | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| ошол эле |
| - кызматтык бөлмөлөр (бутафордук, костюмдук, тигүү, кассалар, желдеиүүчү ж.б.); | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - вестибюль, фойе, буфет; |
| 1 |
|
|
|
| ошол эле
|
| - устаканалар (декоративдүү, живопистүү, жыгач кооздоочу); | Көчмө каражаттардын ар бир түрүнө | 1 |
|
|
|
| ошол эле |
| - цирктеги жаныбарлар үчүн жайлар; | 25 м2 | 1 |
|
|
| 1 | өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес. Атканада аттарды чыгарууга керектүү санда жүгөндөр жана жамынчылар болушу керек |
| - жаныбарларды жана көчмө цирктерди ташуучу автомобилдер, фургондор, темир жол вагондору ж.б.; | 25 м2 | 1 |
|
|
| 1 | ошол эле |
| - жарык берүүчү галереялар, электр цехтер, жөнгө салгычтар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - киноаппараттар бөлмөсү, проекция бөлмөсү | 50 м2 | 1 |
| 1 |
|
| ошол эле |
13 | Маданият эстеликтери:
|
|
|
|
|
|
| Жай мезгилинде суу түтүктөрү жок жерде орнотулат |
| - күйбөөчү имараттар;
| 100 м2 | 1 |
| 1 |
|
| |
| - жыгачтан оймо-чиймелер | 50 м2 | 1 |
|
| 1 |
| |
14 | Декорация жана күйүүчү чарба материалдарынын кампасы | 50 м2 | 1 |
|
| 1 |
| Ошол эле |
15 | Кир жуучу жайлар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
16 | Типографиялар | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
17 | Кондиционерлер, калорифер жана желдеткичтер бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
18 | Оңдоп-түзөөчү устакана | Эки машинага | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
19 | Күйүүчү суюктуктарды сактоочу жай | Бөлмөгө | 1 |
| 1 |
| 1 |
|
20 | Фильмдерди сактоочу жай | 200 м2 | 1 |
|
|
| 1 | Ошол эле |
21 | Жарнамаларды сактоо үчүн кампа | Бөлмөгө | 2 |
|
|
|
|
|
22 | Социалдык стационардык мекемелер, калыбына келтирүүчү борборлор, социалдык жардам борбору, балдар үйлөрү, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар жайгашкан бөлмөлөр, уктоо корпустары | 100 м2 | 2 |
|
| 1 |
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
23 | Ашкана, мончо-кир жуучу жай, кампалар, кошумча бөлмөлөр жана башка чарба курулуштары | Бөлмөгө | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
24 | Мал чарба курулуштары | 100 м2 | 1 |
| 1 | 1 |
|
|
25 | Балдарга билим берүүчү жана дарылоочу мекемелер Жалпы билим берүүчү мектептер, мектеп-интернаттары, ден-соолукту чыңдоочу балдар мекемелери, ясли жана балдар үйү, эне жана балдар үйү, оорукананын, санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн уктоо корпустары | 100 м2 | 2 |
|
|
|
| Ар бир кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
26 | Ашкана, кошумча бөлмөлөр | Бөлмөгө | 1 |
| 1 |
|
|
|
27 | Медициналык пункттар (дарыкана, мед. пункттар ж.б.) | 50 м2 | 1 |
|
|
|
| Бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
28 | Клубдар, кино көрсөтүү жайлары жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жайлар, клубдун сахнасы, эстрада | 25 м2 | 1 | 1 |
|
|
|
|
29 | Көрүү залы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
30 | Кызматтык жана клуб бөлмөлөрү (артисттердин бөлмөлөрү, бутафорияларды жана жасалгаларды сактоо жайлары, костюмердик бөлмө, сүрөтчүнүн бөлмөсү ж.б.) | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
31 | Клубдун устаканасы | 25 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
32 | Ийримдер өткөрүлүүчү бөлмөлөр | 2 чектеш бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
33 | Сүрөт бөлмөсү, кабинеттер, окуу залы, китепканалар ж.б. | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
34 | Киноаппараттар бөлмөсү | Бөлмөгө | 1 | 1 | 1 |
|
| Ар бир кино проекторго бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
35 | Радио түйүнү | Бөлмөгө | 1 | 1 |
|
|
|
|
36 | Коридорлор жана өтмөктөр | 10 п.м | 1 |
|
|
|
|
|
37 | Ашкана: |
|
|
|
|
|
|
|
| - түштөнүү залы; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - ашкана | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
38 | Муздатуучу камералары бар машина бөлүмү | 25 м2 |
| 1 |
|
|
|
|
39 | Кошумча бөлмөлөр, идиш-аяк сактоочу ж.б. | 2 чектеш бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
40 | Балдардын чыгармачылык үйү: |
|
|
|
|
|
|
|
| - чыгармачылык ийримдер бөлмөсү; | 100 м2 | 1 |
|
|
|
|
|
| - жыгач кооздоочу устакана бөлмөсү; | 50 м2 | 1 | 1 |
| 1 |
|
|
| - синтетикалык материалдарды кайра иштетүүчү бөлмө; | 25 м2 | 1 | 1 | 1 |
|
|
|
| - авто жана авиамоделдерди жасоочу бөлмө | 25 м2 | 1 |
| 1 |
|
|
|
41 | Административдик бөлмөлөр: |
|
|
|
|
|
|
|
| - коридору болгондо; | 15 п.м | 2 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - коридору жок | 200 м2 | 2 |
|
|
|
| кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
42 | Жатаканалар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - коридору болгондо; | 15 п.м | 1 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - коридору жок; | 300 м2 | 1 |
|
|
|
| |
| - жашоочулар үчүн жалпы ашкана | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
| |
43 | Күйүүчү материалдар болгондо чарба кампасы | 200 м2 | 1 |
|
|
|
| Кире бериштин сыртына |
44 | Жашылча сактоочу жай | 200 м2 | 1 |
|
|
|
| Кире бериштин сыртына |
45 | Автомашиналардын ачык токтоочу жайы | 100 м2 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
|
46 | Интернаттардын атайын корпустары, устаканалар, сактоочу жайлар, фильмотекалар, Ашканалар, кошумча бөлмөлөр жана интернаттардын уктоо корпустары | 100 м2 | 1 |
|
|
|
| Кабатка эки өрт өчүргүчтөн кем эмес |
47 | Окуу жайлардын алдындагы устаканалар: |
|
|
|
|
|
|
|
| - жыгач кооз доочу; | 50 м2 | 1 |
|
| 1 |
| Ар бир өзүнчө бөлмөгө бир өрт өчүргүчтөн кем эмес |
| - металл иштетүүчү | 100 м2 | 1 |
| 1 |
| 1 | ошол эле |
48 | Облустук, район аралык жана райондук фильмотеканын фильм сактоочу жайлары | Сактоочу жайга | 2 |
| 1 |
| 1 |
|
49 | Ашканалар, кошумча бөлмөлөр | Бөлмөгө | 1 |
|
|
|
|
|
Эскертүү. 1. Бул таблицада аталбаган бөлмөлөр үчүн алгачкы өрт өчүрүү шаймандарын таблицада аталган башка жайлардагыга окшош эле, алардын өрт кооптуулугун эске алуу менен колдонуу керек.
2. Жалпы билим берүүчү жана жаш балдар мекемелеринин, фермалардын, устаканалардын, гараждардын, кампалардын, башка объекттердин аянттарында же ишканалардын участкаларында таблицада аталган алгачкы өрт өчүргүч шаймандар менен катар эле ар бир 5000 м2ге ушул Эрежелердин 104-пунктуна ылайык алгачкы өрт өчүргүч шаймандары бар өрт тактасы орнотулушу керек. Алгачкы өрт өчүргүч шаймандары бар такта сезондуу жана курулуш иштери жүрүп жаткан жерде адамдар убактылуу болгон аянттарда, ошондой эле беш же андан көп көчмө вагон-үйлөр болгондо орнотулушу керек.
3. Өрт өчүргүчтөр жана өрт өчүрүүнүн башка шаймандары бөлмөлөрдүн көрүнүктүү жана оңой жетүүчү жерлерине, мүмкүн болсо чыга беришке жайгаштырылышы керек.
4. Ченемде каралгандан аянты азыраак өзүнчө цехтер, лабораториялар, кампалар жана кошумча өндүрүш жайлары эң аз аянтка каралгандай эле шаймандар менен камсыздалат.
5. Бир жалпы имаратта бири-биринен күйбөгөн дубалдар менен бөлүнбөгөн өрт коопсуздугуна карата ар кандай түрдөгү өндүрүштөр жайгашса, анда бул бөлмөлөрдүн бардыгы кыйла кооптуу өндүрүш ченемдери боюнча өрт өчүргүч шаймандар менен камсыздалат.
6. Мекеменин аймагында орнотулган өрт өчүрүүчү шаймандарды кыш мезгилинде жылытылуучу бөлмөдө сактоо керек, чечилген ордуна шаймандын кайсы жерде жайгашкандыгы жөнүндө билдирүү тактасы илиниши керек.
Айыл чарба машиналары үчүн өрт өчүрүүчү каражаттардын ТИЗМЕСИ
№ | Айыл чарба машиналарынын аталышы | Өрт өчүргүчтөр | Шиш күрөк же сапердук күрөк | Швабра |
1 | Өзү жүрүүчү комбайндар | 1 | 2 | 2 |
2 | Мотору бар прицептүү комбайндар | 1 | 2 | 2 |
3 | Мотору жок прицептүү комбайндар | 1 | 1 | 2 |
4 | Чиркегичтүү жатка |
| 1 | 2 |
5 | Учкаштырма жатка |
| 1 | 2 |
6 | Тракторлор | 1 | 1 |
|
7 | Өзү жүрүүчү шассилер | 1 | 1 |
|
8 | Учкаштырма комбайны бар өзү жүрүүчү шассилер | 2 | 2 |
|
Эскертүү.
Дан жыйноочу өзү жүрүүчү комбайндар, ошондой эле ушул тизмеде көрсөтүлбөгөн калган айыл чарба машиналары эки өрт өчүргүч менен камсыздалышы керек.
Май куюучу станциялар үчүн алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын ЧЕНЕМДЕРИ
№ | МКС имараттарынын жана курулмаларынын аталышы | Аянты м2 | Порошоктуу өрт өчүргүч, даана | Көмүр кычкыл-газдуу өрт өчүргүч ОУ-2, даана | Ичинин кеңдиги 0,5 м3 болгон үкөк кум салынган | Кийиз, же 1,8x1,8 м2 болгон өрт жапкыч, даана | ||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 | Кыймылсыз май куюучу бекеттер жана түйүндөр | Ар бир 100 м2 аянтка | 4 | 2 | 1 | 2 | 1 | 1 |
2 | Контейнердик, модулдук май куюучу бекет |
| 2 | 1 | 1 | 2 | 1 | 1 |
3 | Оператордук, дүкөн, тамактануу түйүнү |
| 1 | - | - | 1 | - | - |
4 | Техникалык тейлөө бекети, унаа жуугуч |
| 2 | - | - | 1 | 1 | 1 |
Эскертүү.
Ящиктин конструкциясы күрөк менен кумду оңой алууга ыңгайлуу жана ага суу тийбегендей болушу керек.
МКСдагы көбүктөндүргүчтүн запасына керектөөлөрдүн ЧЕНЕМДЕРИ
№ | Мунай продуктулары | 1 м2 аянт мунай продуктуларын өчүрүү эсеби менен көбүктөндүргүчтүн саны (литр менен) | Эскертүү |
1 | Жалындануу температурасы 28 градус жана андан темен болгон мунай жана мунай продуктулары | 15 | Өчүрүү аянты 2.11.03-93 СЧжЭге ылайык эсептелет |
2 | Ошол эле, жалындануу температурасы 28 градустан жогору болгон | 10 | -//- |
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 2-тиркеме |
Химиялык заттарды жана материалдарды сактоонун ТАРТИБИ
Тобу | Заттар | Заттар | Сактоочу жайлардын түрү |
I | Жарылуучу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү заттар: - азот кислоталуу калий, азот кислоталуу натрий, азот кислоталуу кальций, азот кислоталуу барий, калийдин перхлорады, бертелов тузу ж.б. | IIа, IIв, III, IVa, V, VI | Отко туруктуу кампалардын изоляцияланган бөлүмдөрү |
II | Кысылган жана суюлтулган газдар: |
|
|
| а) күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар газдар: ацетилейен, суутек, блаугаз, метан, аммиак, көмүртек, хлорметил, этилен кычкылы, бутилен, бутан, пропан ж.б.; | I, IIа, III, IVa, IVб, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар же ачык аба алдындагы бастырма. Инерттүү жана күйбөөчү газдар менен бирге сактоого уруксат берилет. Жалпы кампалык жайлардын изоляцияланган бөлүмдөрү |
| б) инерттүү жана күйбөөчү газдар: аргон, гелий, неон, азот, көмүр кычкыл газы, көмүртектүү ангидрид ж.б.; | III, IVa, IVб, V, VI | |
| в) күйүүнү кармап туруучу газдар: кычкылтек, кысылган жана суюк абалдагы аба | I, IIа, III, IVa, IVб, V, VI | ошол эле |
III | Суудан жана абадан өзүнөн-өзү күйүүчү жана өзүнөн-өзү жалындоочу заттар: |
|
|
| а) калий, натрий, кальций, кальций карбиди, фосфорлуу кальций, фосфорлуу натрий, цинк чаңы, натрий кычкылы, барий кычкылы, алюминий чаңы жана упасы, Реней тибиндеги никелдүү катализатор ж.б. Ак же сары фосфор; | I, Ila, IIб, IIв, IVa, IVб, V, VI | Жалпы отко туруктуу кампалардын изоляцияланган бөлумдөрү. Фосфор өзүнчө суу алдында сакталат |
| б) үчэтилалюминий, диэтилалюминий хлориди, үчизобутилалюминий ж.б. | I, Ila, IIб, IIв, IIIa, IV, V, VI | атайын отко туруктуу кампалар |
IV | Оңой жалындоочу жана күйүүчү заттар: |
|
|
| а) суюктуктар: бензин, бензол, күкүрт көмүртеги, ацетон, скипидар, толуол, ксилол, амилацетат, жеңил чийки мунай, лигроин, керосин, алкоголдор - спирттер, эфир, органикалык майлар; | I, Ila, IIб, IIв, III, IVб, V, VI | Атайын отко туруктуу кампалар, орлор, жер төлөөлөр, резервуарлар, цистерналар, металл чоң челектер бөлүнгөн отко туруктуу имараттар |
| б) катуу заттар: целлулоид, кызыл фосфор, нафталин, күйгүзүүчү ширеңкелер | I, Ila, IIб, III, IVб, V, VI | |
V | Жалындоого алып келүүчү заттар: бром, азот жана көмүр кислотасы, хромдуу ангидрид, марганцевокычкыл калийи | I, Ila, IIб, III, IVa, V, VI | Башка топтордун заттарынан изоляцияланган |
VI | Оңой күйүүчү заттар: пахта, саман, була, жут, көбүк, көмүртек, торф, мурда күйгөн жыгач көмүр, өсүмдүк жана жаныбарлардын көөлөрү | I, Ila, IIб, IIв, III, IVa, IVб, V | Ошондой эле |
Эскертүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн таблицада саналбаган жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар заттарды сактоо зарыл болгон учурда, аларды бирге сактоо жөнүндө маселе алардын жарылуу жана өрт чыгуу коркунучунун даражасы аныкталгандан кийин жана өрттүн алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чечилиши керек.
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 3-тиркеме |
Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө НУСКАМА
Ушул Нускама өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө жалпы объекттик жана цехтик нускамаларды иштеп чыгуунун, бекитүүнүн жана колдонуунун тартибин аныктайт.
1. Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө жалпы объекттик нускама
1.1. Нускама ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иштелип чыгат.
1.2. Нускама ишкананын жана уюмдун өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адамдар тарабынан иштелип чыгат, өрттүн алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат жана ишкананын жана мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
1.3. Нускама өндүрүштүк окуу системасында үйрөтүлөт жана ишканалардын, уюмдардын аймактарында жана административдик, жайларында атайын жабдылган такталарда илинет.
1.4. Нускамада кийинки маселелер чагылдырылышы керек:
1.4.1. Аймакты, имараттарды жана жайларды, анын ичинде эвакуациялык жолдорду кармоонун тартиби.
1.4.2. Жарылуу-өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды сактоонун жана ташуунун тартиби жана ченемдери.
1.4.3. Тамеки чегүүчү, ачык отту колдонуучу жана от иштерин жүргүзүүчү жерлер.
1.4.4. Күйүүчү заттарды жана материалдарды чогултуунун, сактоонун жана жок кылуунун, атайын кийимдерди күтүүнүн жана сактоонун тартиби.
1.4.5. Иш аяктагандан кийин жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартиби.
1.4.6. Өрт чыккан учурда иштеп жаткан адамдардын милдеттери жана аракеттери.
2. Өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө цехтик нускама
2.1. Нускама ушул Эрежелердин, эксплуатациялоо боюнча нускамалардын жана буюмдарга, заттарга жана материалдарга карата техникалык шарттардын талаптарына, ошондой эле конкреттүү өндүрүш, жай, цех, участок, түзүлүш үчүн өрт коопсуздугу боюнча маселелерди чагылдырган башка ведомстволук ченемдик документтерге ылайык иштелип чыгат.
2.2. Нускама ишкананын жана уюмдун башкы адистердин катышуусу менен тиешелүү бөлүктүн жетекчиси тарабынан иштелип чыгат жана объекттин жетекчиси (башкы инженери) тарабынан бекитилет.
2.3. Нускама өндүрүштүк окуу системасында үйрөтүлөт жана өндүрүштүк жайдын, цехтин, участоктун өзүндөгү, түзүлүштүн жанындагы эң көрүнүктүү жерде илинет.
2.4. Нускамада кийинки маселелер чагылдырылышы керек:
2.4.1. Аймакты, жайларды, түзүлүштөрдү, анын ичинен эвакуациялык жолдорду кармоонун тартиби.
2.4.2. Аларды сактабоо өрттүн чыгышына алып келүүчү өндүрүштүн айрым процесстери үчүн атайын иш-чаралар.
2.4.3. Жарылуу-өрт коркунучу бар заттарды жана материалдарды сактоонун жана ташуунун тартиби жана ченемдери.
2.4.4. Тамеки чегүүчү, ачык отту колдонуучу жана от иштерин жүргүзүүчү жерлер.
2.4.5. Күйүүчү заттарды жана материалдарды чогултуунун, сактоонун жана жок кылуунун, атайын кийимдерди күтүүнүн жана сактоонун тартиби.
2.4.6. Контролдоочу-ченөөчү приборлордун алардан четтөө өрттүн чыгышына же жарылууга алып келүүчү чектик көрсөткүчтөрү.
2.4.7. Өрт чыкканда иштеп жаткандардын милдеттери жана иш-аракеттери, анын ичинен:
- өрт өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды чакыруунун эрежелери;
- технологиялык жабдууларды авариялык токтотуунун тартиби;
- желдеткичти жана электр жабдууларын өчүрүүнүн тартиби;
- өрт өчүрүү каражаттарын колдонуунун тартиби;
- күйүүчү заттарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоонун тартиби;
- бөлүктүн бардык жайларын карап чыгуунун жана өрт чыгуу-жарылуу коркунуч абалынан коопсуз абалга өткөрүү тартиби.
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 4-тиркеме |
Эвакуациялоо планы
Эвакуациялоодо адамдардын так, уюшкандыктагы кыймылын камсыздоо жана дүрбөлөң чыгышын болтурбоо максатында коомдук имараттар үчүн өрт чыккан учурда имараттардан адамдарды эвакуациялоонун планы иштелип чыгат. Аларды адамдар көп болуучу өндүрүштүк имараттар үчүн да иштеп чыгуу талап кылынат.
Алгач имараттын планировкасын, эвакуациялоодо адамдардын кыймылынын мүмкүн болгон схемаларын карап чыгуу керек. Жөнөкөй планировкадагы объекттер үчүн кыймыл маршруттарын логикалык ой жүгүртүүнүн негизинде аныктоого болот. Өтө татаал учурларда кыймылдын ар кандай схемаларындагы эвакуациялоо убактысынын эсептөөлөрү жүргүзүлөт жана эвакуациялоого минималдуу убакыт кеткен схема тандалат.
Эвакуациялоо планы графикалык жана тексттик бөлүктөрдөн турат. Пландын графикалык бөлүгүн төмөнкүдөй түрдө иштеп чыгышат. Ватмандын бетине имараттын кабаттарынын пландары чийилет. Кабаттардын планировкалары ар кандай болгон учурда эвакуациянын пландарын ар бир кабат үчүн түзүшөт, ал эми бирдей болгон учурда кабаттарды көрсөтүү менен бир план түзүлөт жана ал кайсыл кабатка тиешелүү экендиги көрсөтүлөт. Кабаттардын планын конструкцияларды бир линия кылып чагылдырып, адамдар кирбеген чакан бөлмөлөрдү көрсөтпөстөн жөнөкөйлөтүүгө болот. Бирок бардык эвакуациялык чыгуучу эшиктер жана жолдор көрсөтүлүшү керек. Жайлардын аталыштары кабаттардын пландарында түздөн-түз көрсөтүлөт, же болбосо бардык жайларга номер коюлат жана жайларды экспликациялоодон өткөрүшөт. Эвакуациялык чыгуучу жерлерге жана тепкичтерге номер коюлат. Бул эвакуациялоо планынын түшүндүрмө жазуусун кыскартууга жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Эвакуациялоо планында эшиктер ачык түрүндө көрсөтүлөт. Эгер эксплуатациялоодо айрым чыгуучу эшиктер жабык болсо, эвакуациялоо планында эшиктин өтмөгүн жабык кылып чагылдырышат жана ачкычтар сакталуучу жер "Сырткы эшиктин ачкычы салынган үкөк" деген жазуу менен белгиленет. Эгер тышкы өрт өчүрүүчү тепкичке чыгуучу эшик болсо, анда планда "Өрт өчүрүү тепкичине чыгуучу жер" деген жазуу жазылат жана түшүндүрмө жазууда, ал чыгуучу эшикти качан колдонуу керек экендигине түшүндүрмө берилет. Планда эвакуациялоо жолдорунун ишенимдүүлүгүнө жана аз убакытты талап кылгандыгына жараша адамдардын кыймылынын маршрутун көрсөтүүчү багыттагычтар тартылат.
Имараттын тышка же вестибюлга чыгуучу жерлери бар бир нече тепкич аянтчаларынын ичинен айрымдары кыйла ишенимдүү болот, себеби алар дайыма эксплуатацияланат. Алар дайыма ачык, түтүндөн коргогучу бар болот, ал эми айрымдарына ишеним азыраак жана өрт чыккан учурда тез эле түтүн толуп кетет (мисалы, ачык тепкич, кадимки типтеги тепкич аянтчасы же көп кабаттуу имараттагы абаны тирөөчү аз ишенимдеги тепкич аянтчасы), же кадимки учурда сыртка чыгуучу эшиктер жабык болушат. Ошондуктан эвакуациялык чыгуучу жерлерди тегиз жашыл багыттагыч менен белгиленген негизги (ишенимдүү) кыймыл маршруттары жана пунктирлүү жашыл багыттагычтар менен белгиленген резервдик (анча ишенимдүү эмес) кыймыл маршруттары деп бөлүштүрүү керек. Графикалык бөлүктүн эскертүүсүндө, эгер негизги маршруттарды колдонууга мүмкүн болсо, эвакуациялоонун резервдик маршруттары боюнча адамдарга багыт көрсөтүү сунуш кылынбай тургандыгы көрсөтүлөт.
Практика көрсөткөндөй, өрт чыкканда ар убакта эле адамдарды тепкич аркылуу сыртка чыгарууга мүмкүн боло бербейт. Адамдар сырттагы жайык жерлерге, стилобаттарга жана башка аба зоналарына чыгуу менен көп учурда аман калышат. Эгер андай зоналар болсо, анда аларга чыгуучу жолдор эвакуациялоо планында резервдик катары көрсөтүлөт.
Орундардын амфитеатрдык жайгаштыруусу бар оюн-зоок жана спорт курулмаларында адамдардын кыймылдарынын маршруттарын көрсөтүүдө ар бир эшик (люк) кайсыл жерлерди тейлерин, кайсы көрүүчүлөрдү кайсы чыгуучу жерлерге багыттоо керек экендигин кылдат аныктоо керек.
Кыймыл маршруттарынан тышкары, кол менен өрт жөнүндө маалымдагычтар, өрт өчүргүчтөр, өрт өчүрүүчү крандар, телефондор жана башка жабдуулар жайгашкан жерлер да белгиленет.
Керектелүүчү белгилөөлөрдүн айрымдары 1-сүрөттө көрсөтүлгөн.
Эвакуациялоо планынын графикалык бөлүгүндө төмөндөгүдөй жазууларды жасашат, мисалы, "Мектеп имаратынан балдарды эвакуациялоонун планы". Андан ары кабаттын номери белгиленет. Графикалык бөлүктүн сол тарабынын ылдый жагындагы бурчта шарттуу белгилөөлөр келтирилет жана түшүндүрмө жазуулар жайгаштырылат. Оң тарабынын жогорку бурчунда "Бекитемин" деген сөздүн алдында мекеменин жетекчисинин колу үчүн орун калтырылат, ал эми оң тарабынын жогорку бурчунда жайлардын экспликациясы жайгаштырылат жана планды түзүүчүнүн колу коюлат. Эвакуациялоо планын өрттүн алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу керек, бул жөнүндө сол тарабынын жогорку бурчунда тиешелүү жазуулар жазылат.
Эвакуациялоо планынын графикалык бөлүгү айнек алдындагы алкакта көрүнүктүү жерде, адатта кабатка кирүүчү жерде илинет. Эвакуациялоо планынын тексттик бөлүгү объекттин жетекчиси тарабынан бекитилет жана ал өрт чыккан учурдагы иш-аракеттердин тизмесин, иш-аракеттердин тартибин жана ырааттуулугун, аткаруучулардын кызматын жана аты-жөнүн камтыган таблица түрүндө болот. Буюрулуучу иш-аракеттер кылдат ойлонулуп жана так көрсөтүлүшү керек.
Биринчи иш-аракет - өрт өчүрүү командасын чакыруу. Чакыруу так болушу үчүн анын тексти берилет. Экинчи иш-аракет - эвакуациялоо жөнүндө жарыялоо. Эвакуациялоо жөнүндө чечимди ким кабыл алары көрсөтүлөт, жарыялоонун тексти берилет. "Өрт чыкты" деген кыйкырык адамдардын жашоосуна эч кандай коркунуч болбогон учурда да, адамдардын курмандыгына алып келген дүрбөлөңдү жараткан учурлар да белгилүү. Ошондуктан адамдар көп жүрүүчү залдары бар имараттарда өрт чыккандыгы жөнүндө эмес, техникалык бузулуулар жөнүндө айтуу максатка ылайыктуу, мисалы, "Шаардык электр станциясындагы аварияга байланыштуу 6 мүнөттөн кийин жарык өчүрүлөт. Имаратты бошотууңуздарды суранабыз. Сатылган билеттер эртең да жарайт". Жарыя шашылбастан, өкүм жана ишенимдүү тон менен жасалышы керек экендиги көрсөтүлөт. Эвакуацияны жарыялоо ыкмасы да көрсөтүлөт: мисалы, кезметтеги администратор жарыялоонун катуу сүйлөөчү системасын иштетет, мында бүтүндөй имарат боюнча алдын-ала даярдалган текст трансляцияланат.
Андан ары адамдарды имараттан эвакуациялоону камсыздоо боюнча конкреттүү иш-аракеттер сүрөттөлөт: бардык эвакуациялык чыгуучу эшиктерди ачуу, аларды көздөй эвакуациялоо планынын графикалык бөлүгүнө ылайык адамдарды багыттоо.
Балдар мекемелеринен балдарды эвакуациялоодо мугалимдер жана тарбиячылар балдарды эвакуациялоого даярдашы керек (оюндарды, тамак ичүүнү токтотуу жана зарыл болгон учурда балдарды тез кийинтүү); эвакуациялоо планына ылайык кыймылдардын тартиби жана багыты, чогулуучу жерди жарыялоо керек; кыймылдын багыты боюнча эшиктерди ачуу; балдарды чыгаруу; балдар чыгарылгандан кийин имарат боюнча өрттүн жайылуу ылдамдыгын азайтуу максатында эшиктерди жабуу; балдардын баарын эвакуациялоо планында каралган жерде чогултуу; зарыл болгон учурларда балдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү; тез жардамды чакыруу; зарыл болгон учурда балдарды куткарууну уюштуруу; тизме боюнча балдардын бардыгын текшерүү жана жыйынтыктарды балдар мекемесинин башчысына же анын ордун алмаштырган адамга билдирүү керек. Ар бир мугалим же тарбиячы өзүнө тиешелүү балдардын тобу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат, ошондуктан эвакуациялоо планынын тексттик бөлүгүндө ким балдардын кайсыл тобун имараттан алып чыгары жазылат. Жабыр тарткандарга тез жардам көрсөтүү үчүн кайда кайрылуу керек экендиги, тышкы эшиктердин ачкычтары сакталган жерлер жана түнкү убакта тейлөөчү персоналдын иш-аракеттери да көрсөтүлөт.
Оюн-зоок мекемелеринен адамдарды эвакуациялоодо билетчилер жана контролёрлор төмөнкүлөргө милдеттүү: көрүүчү комплексттин көрүүчү залынын жана башка жайларынын эшиктерин ачуу; эвакуациялоо планына ылайык кыймылдын жолдорун эвакуациялангандарга көрсөтүү; бардык көрүүчүлөр жайдан чыккандыгын текшерүү; залдан адамдар чыккандан кийин анын эшиктерин жабуу; зарыл болгон учурда алгачкы жардамды көрсөтүү; тез жардамды чакыруу жана куткарууну уюштуруу; эвакуацияга жооптуу адамга эвакуациянын жыйынтыктары жөнүндө билдирүү жана анын кийинки көрсөтмөлөрүн аткаруу. Бир нече катар сахналуу оюн-зоок мекемесинде спектакль учурунда өрт чыкканда сахнанын машинисти алгач өрткө каршы, андан кийин антракттык көшөгөнү жабат; спектаклди алып барган режиссер авансценага чыгат жана спектаклдын токтошу жөнүндө жана жайдан чыгуу керек экендиги жөнүндө көрүүчүлөргө жарыялайт; жарыктандыруучу көрүүчү залга жана эвакуациялык жолдорго толук жарык берет, ал эми электр тармагы бузулган учурда авариялык жарыктандырууну күйгүзөт; билетчилер жана контролёрлор эшиктерди ачышат, өз орундарына туруп адамдардын агымын эвакуациялоо планына ылайык багыттап турушат; залдан бардык көрүүчүлөр чыккандыгын текшеришет; эшиктерди жабышат жана гардеробщиктерге жардам көрсөтүү үчүн гардероб тарапты көздөй бет алышат.
Дарылоо мекемелеринен эвакуациялоодо басып жүрүүчү бейтаптар үчүн бөлүмдөрдөгү врачтар жана медайымдар өздөрүнүн палаталарынын жанынан орун алышат да, эшиктерди ачышат, бейтаптарды кийинип, жайдан чыгуусун суранышат, эвакуациялоо планына ылайык кыймылдын багытын жана чогулуучу жерди көрсөтүшөт. Кабаттарда жана палаталарда эч ким калбагандыгын текшерип, врачтардын жарымы чогулуучу жерге барышат, ал эми калган врачтар жана медайымдар баса албаган бейтаптарды эвакуациялоого жардам көрсөтүү үчүн жөнөшөт. Чогулган жерде врачтар тизме боюнча бейтаптарды текшеришет, аларга керектүү медициналык жардамды көрсөтүшөт, дарылоо мекемесинин жетекчисине эвакуациялоонун жыйынтыктары жөнүндө билдиришет жана анын көрсөтмөлөрү боюнча андан кийинки иш-аракеттерди жасашат. Түнкү мезгилде, персоналдын саны аз болгон учурда, айыгып калган бейтаптарды бардык бейтаптарды эвакуациялоого жооптуу болгон кезметтеги дарыгерлердин жана медайымдардын жетекчилиги алдында баса албаган бейтаптарды эвакуациялоо үчүн тартуу каралат.
Иш-аракеттердин ушул сыяктуу тизмесин башка имараттар (курулмалар) үчүн, алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштеп чыгуу керек.
Андан ары эвакуациялоо планынын тексттик бөлүгүндө өрт өчүрүү бөлүктөрү келгенге чейинки өрттү өчүрүү жана өрттүн, эвакуациялоонун жана мүлктү коргоонун ж.б. абалы жөнүндө аларды так маалымдоо жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Иштин конкреттүү участокторуна жооптуу аткаруучулардын кызматы жана аты-жөнү көрсөтүлгөн таблицанын графасына өзгөчө көңүл бөлүнөт. Таблицанын алдында эвакуациялоо планын түзгөн адамдын жана план менен таанышкан адамдардын колдору болушу керек. Эвакуациялоо планынын үлгүсү 2-сүрөттө берилген.
Эвакуациялоо планын иш жүзүндө аткарылышын ал түзгөндөн кийин дароо эле ишке ашырышат жана андан кийин маал-маалы менен жылына бир жолудан кем эмес кайталап ишке ашырып турушат. Иш жүзүндө текшерип көрүү үчүн окууларды уюштуруунун демилгечиси объекттин өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адам болушу керек. Окуулар практикалык түрдө ар бир конкреттүү иш-аракетти аткаруу менен жүрүшү керек: өрт өчүрүү бөлүктөрүн чакыруу, өрттүн чыгышы жөнүндө жарыялоо, чыгуучу эшиктерди ачуу, буйрутмаларды, көрсөтмөлөрдү берүү, өрт өчүрүү бөлүгүнүн жетекчисине өрттөгү жагдай жөнүндө маалымат берүү ж.б. Окуулар атайын журналда окуу өткөрүлгөн датаны, катышкан адамдарды, окуулардын жетекчисин, окуулар боюнча эскертүүлөрдү жана каалоолорду көрсөтүү менен катталат.
Эвакуациялоонун толук планы (графикалык жана тексттик бөлүктөрү) күзөт өтөөчү персоналда жана өрт коопсуздугуна жооптуу адамда атайын папкада сакталат.
Объектти текшерүүдө өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери эвакуациялоо планын түзүүнүн сапатын аныктайт; андан кийин эвакуациялоо планынын практикада аткарылышы боюнча окууларды каттоо журналы боюнча планда көрсөтүлгөн бардык кызматкерлер окуулар жүргүзүлгөн учурда өздөрүнүн милдеттерин аткарышкандыгын аныктайт жана алардын арасынан кызматкерлердин эвакуациялоо планы боюнча өз милдеттерин билишин тандап текшерет.
Эвакуациялоо планынын дагы бир түрү катары эвакуациялоонун жекече планы саналат, аны мейманканалар жана жатаканалар үчүн түзүү зарыл. Мындай форматы А4 (210x297 мм) көлөмдөгү пландар мейманкананын ар бир номеринде (жатакананын бөлмөлөрүндө) көрүнүктүү жерде айнек же пленка алдында жайгаштырылат. Ошондой эле кадимки сыяктуу эле, эвакуациялоонун жекече планы графикалык жана тексттик бөлүктөрдү камтыйт.
Графикалык бөлүгүн кадимки эвакуациялоо планы үчүн түзгөндөй кылып түзүшөт, бирок эвакуациялоо жолдорун ар бир конкреттүү бөлмө үчүн чагылдырышат. Эвакуациялоо планы тиешелүү болгон жай "Сиздин номер..." деген жазуу менен белгиленет.
Эвакуациялоонун жекече планынын тексттик бөлүгү өрт чыккан учурда келүүчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмесин жана өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө кыскача эскертмелерди камтыйт. Жазуулар жана текст кыргыз, орус тилдеринде, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуучу мейманканалар үчүн англис тилинде да жазылат. Эвакуациялоонун жекече планынын үлгүсү 3-сүрөттө көрсөтүлгөн. Эвакуациялоонун жекече планындагы сүрөттүн алдында өрт коопсуздугунун эрежелери жөнүндө эскертмени жайгаштырышат, анын тексттик үлгүсү коргоо объекттери үчүн өрт коопсуздугунун типтүү эрежелеринде көрсөтүлгөн.
Өрт чыккан учурда адамдарды эвакуациялоо планына нускаманы түзүүнүн ҮЛГҮСҮ
Макулдашылды: Бишкек шаары боюнча ӨКМБнын начальниги аты-жөнү _____________________ 20__-ж. "__" _________________ |
| Бекитемин: № ____ оорукананын башкы дарыгери аты-жөнү ____________________ 20__-ж. "__" _________________ |
Ооруканада өрт чыкканда адамдарды эвакуациялоо планына НУСКАМА
№ | Персоналдын аракеттери | Аткаруунун тартиби | Аткаруучу |
1 | Өрт өчүрүүчү команданы чакыруу | Башкы дарыгердин, күзөтчүнүн бөлмөсүндө орнотулган телефон боюнча "101" же "112" номерине чалып, билдирүү жасоо: "№ ____ ооруканада өрт чыкты. Дареги: ... үй .... Жер төлөө өрттөнүп жатат. Билдирүү жасаган башкы дарыгердин аты-жөнү" | Өрттү биринчи болуп байкаган кызматчы |
2 | Сырткы эшиктерди ачтыруу | Вестибюлдун сырткы эшиктерин эки жакка экөөнү тең ачуу. Башка сыртка чыгуучу эшиктердин ачкычтарын алып, аларды тез ачуу, чыгуучу жолдорду мүмкүн болгон бардык тоскоолдуктардан арылтуу. Имараттан чыгып жаткан бейтаптардын баарын чогулуучу жерге - клубдун имаратына багыттап жөнөтүү | Гардеробчулар |
3 | Өрт жана эвакуациялоо тартиби жөнүндө маалымдоо. Түтүндөн коргоо жана жогорулатуучу өрт насос системаларын иштетүү | Күзөтчүнүн бөлмөсүндө жайгашкан "Өрт чыкканы жөнүндө маалымдоо системасын иштетүү" кнопканы басуу менен маалымдоо системасын аракетке келтирүү. Белги берүүчү лампалардын көрсөтүүсү боюнча өрт автоматикасынын тактасынан жогорулаткыч өрт насостору, кабаттагы коридордон түтүндү жок кылуучу эки орнотмо, тепкичтин бурулушундагы № 1 аянтчада аба тирегич орнотмосу жана лифт шахталарындагы аба тирегич орнотмосу аракетке келгенин текшерүү. Эгерде бул орнотмолор автоматтык түрдө аракетке келбесе, аларды кол менен тактадагы "Түтүндөн коргоону желдеткичтерди жүргүзүү" жана "Өрт насосторун жүргүзүү" эки кызыл баскычын басуу менен аракетте келтирүү | Оорукана боюнча күзөтчү, анын жардамчысы (оорукана боюнча күзөтчүнүн нускамасына ылайык) |
4 | Басып жүрүүгө жөндөмдүү бейтаптарды эвакуациялоо | Бейтаптарды кулактандыруу керек: "Радио түйүн боюнча азыр айтылган маалыматтарга байланыштуу, палаталардан чыгуу зарыл. Тартипти сактоо менен тепкичти көздөй жөнөңүздөр". Кыймылдын багытын көрсөтүү керек: эң эле ишенимдүү, түтүн каптабаган сырткы аба зонасы аркылуу кабаттардагы кирүүчү эшиктери бар № 2 тепкичке багыттоо. Эгер коридорду түтүн каптап, тепкичке чыгууга мүмкүн болбосо, анда алдын ала анын ичинде аба тирегичи бар экендигин аныктап туруп (бул тепкичке кирүүчү эшикти ачууда бир топ аракет талап кылынат, тепкичтин бурулушундагы аянтчадан басым менен аба удургуп кирет), түтүн каптабаган № 1 тепкичти көздөй жөнөтүү. Эгер эки тепкичти тең пайдаланууга мүмкүн болбосо, бейтаптарды коопсуз зонага багыттоо керек (ачык террасага). Акыбалы жакшы, басып жүрүүчү бейтаптардан жатып дарыланган бейтаптарды эвакуациялоо үчүн медиктерге жардамдашуусун өтүнүү. Адамдар чыккандан кийин палаталардын эшиктерин, тепкичтин бурулушундагы эшиктерди жана лифттик холлду бекем жабуу. Зарыл болгон учурда эвакуацияланууга жетишпей калган оорулууларды куткаруу боюнча чараларды көрүү | Кабаттарда жүргөн дарылоочу врачтар, медайымдар, санитаркалар |
5 | Жатып дарыланган бейтаптарды эвакуациялоо | Арабалар жана носилкалар сакталган бөлмөнү ачуу, анда сакталган 20 арабаны жана 50 носилканы алуу. Бейтаптарга радио түйүнү боюнча айтылган билдирүүгө байланыштуу, алардын коопсуздугу үчүн террасага көчүрүп жатышкандыгын кабарлоо. Палаталардын эшиктерин ачуу, бейтаптарды сүйрөп жана көтөрүп чыгаруу, палаталардын эшигин жабуу. Бейтаптарды ачык террасага чыгаруу, террасага чыгуучу эшикти бекем жабуу жана зарылдыкка жараша бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү. Бейтаптарды тизме боюнча текшерүү жана оорукананын жетекчилигине билдирүү. Зарыл болгон учурда бейтаптарды куткаруу боюнча чараларды көрүү | Кабаттарда жүргөн врачтар, медайымдар, санитаркалар |
6 | Өрт өчүргөн команданы тосуп алуу | Көчөгө, башкы кирүүчү дарбазанын алдына чыгуу. Өрт өчүрүүчү команданы күтүү. Үч өрт гидранттын жайгашкан жерлерин көрсөтүү. Караулдун башчысын өрт чыккан жерге узатуу. Өрт өчүрүү командасынын жетекчисине өрттүн чыккан жерин, анын жайылуу жолдору жана адамдарды эвакуациялоонун жыйынтыктары жөнүндө кыскача маалымат берүү | Оорукана боюнча күзөтчү жана анын жардамчысы |
7 | Өрттү өчүрүү | Ички өрт кранынын шкафын ачуу, кол түйүнүн жаюу, өрт кранынын вентилин ачуу, өчүрүүгө киришүү | Күжүрмөн эсепке ылайык ыктыярдуу өрт дружинасынын мүчөлөрү |
8 | Мүлктү эвакуациялоо | Биринчи кезекте башкы дарыгердин кабинетиндеги документтерди, физиотерапиялык бөлүмдөгү медициналык жабдууларды, терапия жана хирургия бөлүмдөрүндөгү медициналык жабдууларды эвакуациялоо. Электр тармагынан медициналык жабдууларды өчүрүү. Экинчи кезекте жабдууларды жана эмеректерди эвакуациялоо. Мүлктү коргоо | Чарба иштери боюнча башкы дарыгердин орун басары: Аты-жөнү Ал жок болгон учурда: Аты-жөнү жана техникалык персонал: аты-жөнү |
Нускаманы башкы дарыгердин чарба иштери боюнча орун басары (аты-жөнү) түздү.
1-3-сүр. графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 5-тиркеме |
Имараттарда жана курулмаларда өрт чыкканда адамдарды маалымдоо жана аларды эвакуациялоону башкаруу системаларын орнотууга ТАЛАПТАР (негизги жоболор)
Бул талаптар өрт жөнүндө маалымдоо системаларын орнотууда, имараттардан жана курулмалардан эвакуациялоону башкарууда жетекчиликке алынуучу негизги талаптарды камтыган методикалык документ болуп саналат.
1. Жалпы жоболор
1.1. Өрт тууралуу адамдарды маалымдоо жана алардын эвакуациялоосун башкаруу системалары төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- имараттын бардык бөлмөлөрүнө үн белгилерин, зарыл учурларда жарык белгилерин берүүнү;
- өрт чыккан учурда ооз эки билдирүү трансляциясын;
- имараттын айрым зоналарына же бөлмөлөрүнө өрт чыккан жер жөнүндө, жеке коопсуздугун камсыздаган аракет кылуунун жана эвакуациялоонун жолдору жөнүндө билдирүүлөрдү жиберүүнү;
- эвакуациялоонун талап кылынган багытына үн жана жарык көрсөткүчтөрү менен коштоону;
- эвакуациялык жарыкты күйгүзүүнү;
- адамдар болушу мүмкүн бардык бөлмөлөр менен эки тараптуу байланышты.
Ар кандай багыттагы имараттардан (курулмалардан) өрт тууралуу маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу ыкмалары жана каражаттары ушул талаптардын таблицаларында келтирилген.
1.2. Өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары маалымдоо ыкмасына жараша төмөнкүлөргө бөлүнөт: жарык; үндүк; сүйлөө; айкалышкан.
Жарык белгисин берүүгө негизделген, өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: күйүп турган табло, жарык көрсөткүчтөрү, жарык белгилери же электр энергиясынын булагына кошулганда гана сигналдык маалымат берген башка жабдуулар.
Үн сигнализациясына негизделген өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: гудокту, коңгуроонун катуу добушун, шыңгыроону, сиренаны жана электр энергиясынын булагына кошулганда гана сигналдык маалымат келген башка үндүк түзүлүштөрдөн.
Сүйлөө сигнализациясына негизделген өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: микрофондорду, магнитофондорду, үн күчөткүчтөрдү, катуу сүйлөгүчтөрдү.
Өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системаларынын айкалышкан түрү өзүнө жарык, үндүк жана сүйлөө сигнализациясынын түзүлүштөрүн камтыйт.
1.3. Башкаруу принциби боюнча өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары төмөнкүлөргө бөлүнүшөт: кол менен; жарым автоматтык; автоматтык.
1.4. Имаратта же курулмада өрт чыккан учурда өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары эвакуацияны толук ишке ашыруу үчүн керектелген убакытта, бирок эвакуациянын эсептик узактыгынан аз эмес убакыт аралыгында иштеши керек.
1.5. Өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары эвакуациянын иштелип чыккан пландарын ишке ашырууну камсыз кылышы керек. Өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системаларынын трансляциялык түйүнү жана аппаратурасы маалымдоо сигналдарын бүтүндөй имарат боюнча бир убакытта, ал эми зарыл болгон шартта анын өзүнчө бөлүктөрүнө (кабаттарына, секцияларына ж.б.) ырааттуу жиберүүнү камсыз кылууга тийиш. Бардык адамдарды бир убакытта гана маалымдоону камсыз кылуучу системалар бул талаптардын таблицасында көрсөтүлгөн имараттарда жана курулмаларда орнотууга уруксат берилет.
1.6. Үндүк, сүйлөө маалымдоолорунун саны, алардын орнотулушу жана кубаттуулугу адамдар болуучу жайлардын бардыгында тиешелүү угумдуулукта болушу керек. Маалымдагычтардын үнүн катуу чыгарган же басаңдаткан жөндөгүчтөр болбошу керек жана электр түйүнүнө ажыратуучу каражаттарсыз эле кошулушу керек.
Радиотрансляциялык түйүн объектте бар болсо, адамдарды өрт жөнүндө ал аркылуу маалымдоого уруксат берилет. Радиотрансляциялык түйүндүн түзүлүштөрү жана түйүн аппаратурасынын курамы бул талаптарды эске алуу менен аткарылышы керек.
1.7. Өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу системалары жайгашкан бөлмө имараттардын биринчи кабатындагы тепкичтин бурулушундагы аянтчага кире бериште жайгашууга тийиш. Электр энергиясын колдонгон маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу түзүлүштөрү механикалык таасирлерден жана бийик температурадан корголушу керек.
1.8. Жарык таблолору жана эвакуациянын багытын көрсөткүчтөр адамдарга арналгандыктан, алардын көз алдында жайгашуусу керек.
Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системалары кырдаал өзгөргөн учурда же эвакуациянын кадимки шарттары бузулганда, зарылдыкка жараша башкаруучу командаларды ыкчам түзөтүп турууну камсыз кылышы керек, ал үчүн магнитофондон фонограмманы трансляциялоодон сырткары ооз эки маалымдоону жана микрофон аркылуу башкаруучу буйрутмаларды түз трансляциялоону да караштырышы керек.
1.9. Айрым зоналарда маалымдоону токтотуп туруу менен адамдарды бир мезгилде эмес эвакуациялоону уюштуруу сунушталган имараттардагы маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системаларында жарык жана үндүк маалымдоо жана эвакуациялоону башкаруу сигналдары башка багыттагы сигналдардан айырмаланып турушу керек. Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системаларынын аппараттык инерциялуулугу минималдуу болушу керек.
1.10. Ири көлөмдөгү, көп кабаттуулуктагы же татаал объекттик-пландык чечимдери бар коомдук имараттарда өрт жөнүндө маалымдоо жана эвакуацияны башкаруунун автоматташтырылган системаларынын түзүлүштөрү алдын-ала каралышы керек.
2. Системаларды тандоо
2.1. Маалымдоо жана эвакуацияны башкаруу системаларынын тибин тандоо имараттын функционалдык максаты, зал бөлмөлөрүнүн чоңдугу, негизги контингенттин саны жана психофизикалык өзгөчөлүктөрү менен аныкталат (таблицаны караңыз).
2.2. Маалымдоо зонасын аныктоо үчүн баштапкы көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
объекттин өрт коркунучу боюнча өзгөчөлүктөрү;
өрттүн кооптуу факторлору жайылууга мүмкүн болгон жолдору;
адамдарды эвакуациялоонун шарттары.
2.3. Татаал көлөмдүк-пландалган түзүмү бар ири объекттерде өрт коркунучу жана эвакуацияны башкаруу жөнүндө маалымдоочу, радиотүйүн менен коштолгон диспетчердик пульттар каралышы керек. Анын курамына эвакуациялоонун шарттарын жана өрттүн себептери боюнча жагдайларды ыкчам көзөмөлгө алуучу түзүлүштөр кириши керек.
2.4. Маалымдоо системасынын түрүнө карабастан (кол менен же автоматтык түрдө) долбоорду даярдоо стадиясында түзүлүштүн өз алдынча иштеп кетишине же капысынан аракетке келишине жол бербеген түзүлүштөрдү кароо керек.
Ар кандай багыттагы имараттарда өрт коркунучу жөнүндө адамдарды маалымдоо системаларынын талап кылынган типтери
Имараттар | Маалымдоо ыкмасы | Маалымдоо каражаттары | Маалымдоо каражаттарынын орнотулган орду | Маалымдоонун мүнөзү |
Сыйымдуулугу 100 адамдан ашпаган мейманканалар жана жатаканалар | Үн | Коңгуроолор, сиреналар | Турак жай, административдик жана кызматтык жайлар | Маалымдоо бүтүндөй имарат боюнча бир убакытта жүргүзүлөт |
Сыйымдуулугу 100 адамдан ашык мейманканалар жана жатаканалар: - бийиктиги 9 кабатка чейин; | Үн, сөз | Коңгуроолор, үн күчөткүчтөр | Турак жай, административдик жана кызматтык жайлар | Административдик жана кызматтык жайларда маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. 3-кабатта же андан төмөнкү кабатта өрт чыккан учурда маалымат бүткүл имарат боюнча бир убакытта берилет. Өрт 4-кабатта жана андан жогорку кабатта чыккан учурда маалымдоо алгач 4 жана анын үстүндөгү кабатка, андан кийин 4-кабаттан жогорку башка баардык кабаттарга берилет |
- бийиктиги 9 кабаттан бийик | үн, сөз, жарык | үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр | турак-жай, административдик жана кызматтык жайлар, эвакуация жолдору, зал бөлмөлөр | баардык административдик, кызматтык жана көмөкчү жайларда маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Жарык белгилери жана коопсуздук сигналдары бүткүл имаратта бир убакытта иштетилет. Турак жай жана зал бөлмөлөрүндө маалымат алгач өрт чыккан кабатта жана андан жогорку эки кабатта берилет, андан кийин маалымдоо зоналар боюнча ишке ашырылат, башкача айтканда сигнал өрт чыккан кабаттын үстүндөгү ар бир эки-үч кабатка ырааты менен, 30 секунддан ашпаган интервалда жиберилет |
Соода, коомдук тамактануу жана тиричилик кызматтарын көрсөтүү ишканалары: - аянты 800 м2ге жетпеген; | Үн, сөз | Коңгуроолор, сиреналар жана мегафондор | Административдик жана кызматтык жайлар | Маалымдоо бардык бөлмөлөрдө бир убакытта жүргүзүлөт |
- аянты 800 м2ден ашык | үн, сөз | коңгуроолор, сиреналар жана үн күчөткүчтөр | зал, административдик, көмөкчү жана кызматтык бөлмөлөр | өрт 1-кабатта чыккан учурда маалымдоо бүткүл имарат боюнча бир убакытта жүргүзүлөт. Өрт 2-кабатта чыккан учурда маалымдоо алгач ошол кабаттын өзүнөн башталат |
Соода, коомдук тамактануу жана тиричилик кызматтарын көрсөтүү ишканалары: - бийиктиги 2 кабаттан ашпаган; | Үн, сөз, жарык | Коңгуроолор, сиреналар, үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр | Зал, административдик, көмөкчү жана кызматтык бөлмөлөр | Баардык административдик, кызматтык жана көмөкчү бөлмөлөрдө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Залдарды маалымдоо алгач өрт чыккан кабатта, андан кийин - жогору турган кабаттарда жүргүзүлөт |
- бийиктиги 2 кабаттан ашык | үн, сөз, жарык | коңгуроолор, сиреналар, үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр | зал, административдик, көмөкчү жана кызматтык бөлмөлөр | баардык залдарда өрт чыккан учурда жарык белгилер жана жолду көрсөткүчтөр күйөт |
Театрлар, клубдар, кинотеатрлар, көрүүчүлөр үчүн трибуналары бар спорт залдар | Үн, сөз, жарык | Үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр, жарык болуп көрсөтүүчү табло | Залдарда, көрүүчүлөр үчүн трибуналарда | Баардык административдик, кызматтык, көмөкчү жана техникалык бөлмөлөрдө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Баардык эвакуациялык жолдордо жана чыгуучу жерлерде көрсөткүчтөр жана белгилер күйгүзүлөт. Залдарда эвакуацияга байланышы жок баардык жарык белгилери жана көрсөткүчтөрү өчүрүлүшү керек |
Музейлер, көргөзмөлөр, ар кандай кабаттуулуктагы жана бийиктиктеги көргөзмө залдар | Үн, сөз, жарык | Коңгуроолор, сиреналар, үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр | Көргөзмө залдар, административдик, кызматчы жана көмөкчү бөлмөлөр | Баардык административдик, кызматтык, көмөкчү жана техникалык бөлмөлөрдө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Маалымдоо залдарда эвакуациянын вариантын эске алуу менен жүргүзүлөт. Жарык белгилерин жана көрсөткүчтөрүн иштетүү эвакуациянын вариантына ылайык болот |
Оорулардын алдын алуучу-дарылоочу мекемелер, балдар, маданий оюн-зоок мекемелер: - бир кабат; | Үн | Коңгуроолор, телефондор | Административдик жана кызматчы бөлмөлөр | Баардык административдик, кызматтык, көмөкчү жана техникалык бөлмөлөрдө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт |
- эки кабат жана андан бийик | үн, сөз | коңгуроолор, телефондор, үн күчөткүчтөр | административдик жана кызматтык бөлмөлөр | администрация адамдарды эвакуациялоо жөнүндө чечими кабыл алганга чейин калктын негизги контингенти маалымдалбайт |
Санаторийлер: - бийиктиги 5 кабатка чейинки; | Үн, сөз | Коңгуроолор, үн күчөткүчтөр | Палаталар, административдик бөлмөлөр | Маалымдоо бүтүндөй имарат боюнча бир убакта жүргүзүлөт |
- бийиктиги 5 кабаттан ашык | үн, сөз | коңгуроолор, үн күчөткүчтөр | палаталар, административдик, бөлмөлөр жана эвакуациялоо жолдору | баардык административдик, кызматтык жана көмөкчү бөлмөлөрдө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Жарык белгилери жана коопсуздук сигналдары бүткүл имарат боюнча бир убакытта ишке киргизилет. Турак жай жана зал бөлмөлөрүн маалымдоо алгач өрт чыккан жана андан жогору турган эки кабатта жүргүзүлөт, андан кийин маалымдоо зоналар боюнча ишке ашырылат, башкача айтканда, сигнал өрт чыккан кабаттан жогору турган ар бир эки-үч кабатка 30 секунддан ашпаган интервал менен ырааттуу жиберилет |
Жалпы билим берүүчү мектептердин, интернат мектептердин, пионердик лагерлердин, балдар жана өспүрүмдөр үчүн санаторийлердин жана пансионаттардын уктоочу корпустары | Үн, сөз | Коңгуроолор, сиреналар, үн күчөткүчтөр | Бөлмөлөр, палаталар, административдик жана кызматтык бөлмөлөр | Маалымдоо алгач өрт чыккан кабатта, андан кийин жогору турган кабаттарда жүргүзүлөт |
Мектептердин, интернат мектептердин жана атайын орто окуу жайларынын окуу корпустары | Үн, сөз | Коңгуроолор, үн күчөткүчтөр | Класстар, залдар, устаканалар, административдик жана кызматтык бөлмөлөр | Маалымдоо бүткүл имарат боюнча бир убакытта жүргүзүлөт |
Өндүрүштүк имараттар | Үн, сөз | Коңгуроолор, сиреналар, үн күчөткүчтөр | Цехтер, административдик, кызматтык жана кампа бөлмөлөр | Маалымдоо бүткүл имарат боюнча бир убакытта жүргүзүлөт |
Башкармалардын, долбоорлоочу-конструкторлук жана илимий-изилдөөчү уюмдардын имараттары, жождордун окуу корпустары: - бийиктиги: 5 кабатка чейинки; | Үн, сөз | Коңгуроолор, үн күчөткүчтөр | Лабораториялар, залдар, административдик, кызматтык бөлмөлөр | Маалымдоо бүткүл имарат боюнча бир убакытта жүргүзүлөт |
- 5 кабаттан бийик, 9 кабатка чейинки | үн, сөз, жарык | коңгуроолор, үн күчөткүчтөр, жарык белгилер жана көрсөткүчтөр | лабораториялар, залдар, административдик, кызматтык, көмөкчү бөлмөлөр, эвакуациялоо жолдору | баардык административдик, кызматтык, көмөкчү жана зал бөлмөлөрүндө маалымдоо бир убакытта жүргүзүлөт. Лабораторияларда, цехтерде, эсептөө борборлорунда маалымдоо өрт чыккан кабатта жана андан жогорку кабаттарда гана болот |
Эскертүү. Зал бөлмөлөрүндө сөз менен айтып гана маалымдоого болот.
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 6-тиркеме |
Өрткө каршы ыкмалардын минимуму боюнча НУСКАМА ЖАНА САБАКТАР
I. Өрткө каршы нускама
Жумушчулар жана кызматчылар кызматка кабыл алынып жатканда өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө баштапкы нускамадан, андан кийин кызмат ордунда - кайталап нускамадан өтүүгө милдеттүү.
Өрткө каршы баштапкы нускамадан өтүүгө жолдомону ишкананын кадрлар бөлүмү берет.
Кызматка кайрадан кабыл алынган жумушчуларга жана кызматкерлерге баштапкы өрт коопсуздугу боюнча баштапкы нускамадан өтмөйүнчө жумушка киришүүгө уруксат берилбейт.
Баштапкы нускама көрсөтмөлүү агитациянын каражаттары, нускамалар жана ушул Эрежелер, ошондой эле объекттерде болгон өрт өчүрүүнүн жана байланыштын каражаттарынын үлгүлөрү менен жабдылган атайын жайда өткөрүлүшү керек.
Нускаманы өрт өчүрүү ишканасынын начальниги, өрттүн алдын алуу боюнча инструктор же күзөт кароолдун начальниги өткөрөт; штаттагы өрт коопсуздугунун кызматкерлери жок болгон ишканаларда нускаманы цехтин, кампанын ж.б. инженердик-техникалык персоналы өткөрөт.
Кайталап нускамадан өткөрүү цехте, кампада ж.б. өрт коопсуздугу үчүн жооптуу адам тарабынан өткөрүлөт, бул нускама милдеттүү түрдө жумушчулардын жана кызматкерлердин бир цехтен экинчи цехке барганында цехтин, кампанын, лабораториянын же өндүрүштүк жабдуунун коопсуздугунун шарттарына жараша өткөрүлүшү керек.
Өрткө каршы баштапкы нускаманы өткөрүүгө 1 сааттан аз эмес убакыт бөлүү керек. Нускама алуучулар төмөнкүлөр менен тааныштырылат:
иштеп жаткан ишканалар, өрткө каршы эрежелер жана нускамалар менен;
тамеки чегүүгө, ачык отко тыюу салынган жана башка коопсуздук чараларын колдонуу зарыл болгон өндүрүштүк участоктор, өрт айрыкча опурталдуу деп саналган жерлер менен;
өрттүн чыгышынын мүмкүн болуучу себептери жана аларды болтурбоо чаралары менен;
өрт чыккан учурдагы практикалык аракеттер (өрт өчүрүү кызматын чакыруу, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо) менен.
Өрткө каршы кайтадан нускамадан өткөрүүдө нускоочу өрт коркунучу айрыкча опурталдуу өндүрүштүк түзүлүштөр, өрттүн жана оттун чыгышын болтурбоо чаралары жөнүндө айтып берип, тамеки чегүүчү жайды көрсөтүп, жаңы келген адамды цехтеги өрт өчүрүүчү каражаттар менен тааныштырып, жакынкы телефон кайсы жерде экенин көрсөтүп, өрт чыккан учурдагы жүрүм-турумдун эрежелерин түшүндүрүп берүүгө тийиш.
Өрткө каршы нускамадан өткөрүү милдеттүү түрдө өрт өчүрүүнүн жана маалымдоонун цехте болгон каражаттарын колдонуу жана маалымдоо ыкмаларын практикалык түрдө көрсөтүү менен коштолушу керек.
II. Өрткө каршы ыкмалардын минимуму
Өрткө каршы ыкмалардын минимумунун максаты жогорку өрт коркунучу бар цехтерде, лабораторияларда, устаканаларда иштеген жумушчулардын жана кызматкерлердин жалпы техникалык билимдерин жогорулатуу, өндүрүш процессинин технологиялык өзгөчөлүктөрүнүн негизинде келип чыккан өрт коопсуздугунун эрежелери менен тааныштырууну, ошондой эле иштеген адамдарды өрт өчүрүүнүн жана маалымдоонун болгон каражаттарын колдонуу ыкмаларына толук үйрөтүү максаттарын көздөйт.
Өрткө каршы ыкмалардын минимуму боюнча сабактарды өткөрүү тартиби ишкананын, мекеменин жетекчисинин буйругу менен жарыяланат.
Өрткө каршы ыкмалардын минимуму боюнча сабактарды цехтин, лабораториянын, устакананын өзүндө өткөрүү керек.
Өрт жагынан опурталдуу цехтери жок өнөр жай ишканаларында адистердин айрым категориялары (электр ширетүүчүлөр, электриктер, кампалык чарбалардын жумушчулары ж.б.у.с.) өрткө каршы ыкмалардын минимумун үйрөтүү боюнча жалпы объектилик топторду уюштурууга болот.
Өрткө каршы ыкмалардын минимуму боюнча программаны окутуу аяктаганда жумушчулар жана кызматкерлер зачет тапшыруулары керек. Өрткө каршы ыкмалардын минимумун ийгиликтүү тапшыргандар деп, өрт чыккан учурдагы аракеттерди жана өрттү өчүрүүнүн жана маалымдоонун каражаттарын колдонуу ыкмаларын, өндүрүштүк жабдуулардын, агрегаттардын жана сырьёлордун, полуфабрикаттардын, продукциянын өрткө опурталдуулугун, өрт коопсуздугу боюнча цехтеги эрежелерди (нускамаларды) билген адамдар саналат.
Өрткө каршы ыкмалардын минимумунда төмөнкү темаларды үйрөнүү максатка ылайыктуу болот:
№ 1 тема (2-6 саат)
"Объекттеги өрт коопсуздугунун чаралары"
Өндүрүштүн кыскача мүнөздөмөсү жана технологиялык процесстин өрт коркунучу. Сырьенун жана даяр продукциянын өрт коркунучунун жалпы баасы. Өрттүн чыгышынын себептери: электр ширетүү иштеринин учкундары жана отту этиятсыздык менен колдонуу, тамеки чегүү, отканалардын жана башка жабдуулардын учкундары, өчүрүлбөй калган шлак жана күл, электр түзүлүштөрүнүн бузулушу, шаймандарды жана электр жылыткычтарды колдонуу эрежелерин бузуу, нускамаларды жана технологиялык регламенттерди бузуу, ушул себептер боюнча өрттүн алдын-алуу чаралары.
Ишкананын аймагынын курамы, өрткө каршы суу менен камсыздоо булактарынын аралыктары. Өрткө каршы эрежелердин жана өндүрүштүн технологиялык процессинин бузулганы аныктаган учурда жумушчулардын жана кызматкерлердин аракеттери. Өрт коопсуздугунун маселеси боюнча нускамалар жана буйруктар. Ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарын уюштуруунун жана анын ишинин тартиби. Ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундарынын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктер жана сыйлыктар.
№ 2 тема (5-10 саат)
"Цехте жана жумуш ордунда өрт коопсуздугунун чаралары"
Цехтеги (лабораториядагы, устаканадагы) колдонулуучу химиялык заттардын жана материалдардын, агрегаттардын жана түзүлүштөрдүн колдонуунун өрт коопсуздугунун мүнөздөмөсү. Өндүрүштүк түзүлүштөрдүн, машиналардын жана аппараттардын иши бузулган учурларда тейлөөчү персоналдын аракети. Цехтеги, кампадагы жана окуп жаткан шакирттин жумуш ордундагы өрткө каршы иштин режими. Жумушчулар жана кызматкерлер үчүн белгиленген өрт коопсуздугунун эрежелери.
Өрттүн, жарылуунун же авариянын болушунун ыктымалдуу себептери. Өрт, авария же жарылуу коркунучу болгон учурда тейлөөчү персоналдын аракеттери: ток менен иштеп жаткан өндүрүштүк жабдууларды, агрегаттарды жана продукту өткөргүчтөрдү өчүрүү эрежелери, авариялык жардамды чакыруу ж.б.
Жумушка киришүүдө, жумуш учурунда жана жумуш аяктаганда өрттүн чыгышынын алдын алуу максатында аткаруу керек болгон өрт коопсуздугунун чаралары.
Ыктыярдуу өрт кошуунунун (күжүрмөн курамдын) цехтик бөлүмүнүн ишинин тартиби.
№ 3 тема (1 саат)
"Өрт өчүрүү жардамын чакыруу"
Ишканада жана цехте болгон байланыш жана сигнализация каражаттары, жакын арадагы телефондук байланыш аппараттарынын, маалымдагычтардын, электрдик өрт коркунучу жөнүндөгү сигнализациянын, өрт коркунучу жөнүндө үн менен белгилерди берүүнүн каражаттары.
Өрт чыккан учурда ал каражаттарды колдонуунун эрежелери, өрт жөнүндө телефон аркылуу билдирүүнүн тартиби.
№ 4 тема (2 саат)
"Өрткө каршы жабдуулар жана шаймандар, өрт чыккан учурда аларды колдонуунун тартиби"
Ишканадагы өрт өчүрүүчү каражаттардын, өрткө каршы жабдуулардын жана шаймандардын (өрт өчүргүчтөр, ички өрт крандары, суу толтурулган челектер, кум салынган ящиктер, өрткө каршы кездемелер, өрт өчүрүүнүн стационардык түзүлүштөрү) аталыштары, алардын арналышы жана турган жери. Спринклер жана дренчер жабдуулар жөнүндө жалпы түшүнүк, өрт өчүрүүнүн атайын түзүлүштөрү (көмүр кислоталуу, көбүктүү ж.б.).
Ишканадагы өрт өчүрүүчү каражаттарды жай жана кыш мезгилдериндеги шарттарда кармоонун тартиби.
Өрткө каршы шаймандардын жана өрттү өчүрүү үчүн жабдуулардын отту өчүрүүчү каражаттарын пайдалануунун тартиби.
№ 5 тема (2 саат)
"Өрт чыккан учурдагы аракеттер"
Имараттын ичинде же ишкананын аймагында түтүндү, жалынды же өрттү байкаган учурда жумушчулардын жана кызматкерлердин аракеттери.
Өрт жөнүндө өрттү өчүрүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматка, газдан сактоочу жана авариялык кызматтарга маалымдоонун, ошондой эле келген кызматтарды тосуп алууну уюштуруунун тартиби. Зарыл болсо технологиялык жабдууларды, коммуникацияларды, электр жабдууларын жана желдеткичтерди өчүрүү. Колдо болгон өрт өчүрүүчү каражаттар менен өрттү өчүрүү; стационардык от өчүрүүчү түзүлүштөрдү иштетүүнүн, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоонун тартиби.
Өрт өчүрүү кызматтары келгенден кийинки жумушчулардын жана кызматкерлердин аракеттери (жең түтүктөрүн алып барууга жардамдашуу, материалдык баалуулуктарды эвакуациялоого катышуу жана өрт өчүрүүнүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча башка иштерди аткаруу).
Ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуундун цехтик бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн күжүрмөн топтун табели боюнча милдеттери.
Өрткө каршы ыкмалардын минимумунун темаларын окутууда ишканага мүнөздүү болгон өрт чыккан учурлар жөнүндө айтып берүү. Материалды жакшы түшүнүү үчүн окуу максатында ар түрдүү экспонаттарды, айрым өрт коркунучу бар өндүрүштүк жабдуулардын фотосүрөттөрүн жана плакаттарды, макеттерин же тетиктерин кеңири колдонуу абзел. Ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуундардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин толук түшүндүрүп, жумушчулар жана кызматкерлер менен аларды күжүрмөн топтордун табелине жараша үйрөнүү керек.
№ 1 жана 2 темаларды даярдоодо ушул Эрежелер менен цехтик нускамалардын же технологиялык регламенттердин тиешелүү бөлүмдөрү үйрөнүлөт.
Жумушчуларды жана кызматкерлерди бир цехтен экинчи бир цехке которууда алар өрткө каршы ыкмалардын минимумун кайтадан № 2, 4, 5 темалар боюнча өтүшү керек.
Өрткө каршы (баштапкы жана кайтадан) нускамадан өтүү жөнүндө ушул тиркемелерде көрсөтүлгөн журналдарда катталат.
№ 6 тема (2 саат)
"Өрт болгондо дарыгерге чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү"
Жабыркагандын сырткы көрүнүшү боюнча алгачкы диагноз коюу жана оор жаракаттан шок болгон, күйүктүн ар кандай түрүндө, тумчугууда, канаганда, урунганда, сыныкта жана жаракатта дарыгерге чейинки туура жардамды көрсөтүү.
Жардам көрсөтүүдөгү тыюу салынган иш-аракеттерди так үйрөнүү (ордунан жылдыруу, ар кандай майларды колдонуу, денеге кирип кеткен нерселерди чыгаруу, күйгөндө жабышып калган кийимди чечүү ж.б.).
Жүрөккө массаж жасоонун жана жасалма дем алдыруунун ыкмаларына үйрөтүү.
Тез жардам кызматын чакыруунун тартиби жана жакын аралыктагы медициналык мекемелердин даректерин билүү.
20__-жылы жаңы кабыл алынып жаткан инженердик-техникалык кызматкерлерди, кызматчыларды жана жумушчуларды баштапкы жетекчилик көрсөтмөдөн өткөрүүнү КАТТОО ЖУРНАЛЫ
№ | Күнү, айы | Жетекчилик көрсөтмөдөн өткөн адамдын аты-жөнү | Кайсы цехке жумушка жөнөтүлүп жатат, кызматы | Жетекчилик көрсөтмөдөн өтүп жаткан адам өткөн жетекчилик көрсөтмөнүн аталышы | Жетекчилик көрсөтмөнү өткөргөн адам | Өрткө каршы жетекчилик көрсөтмөдөн өткөн адамдын кол тамгасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Цехке кайрадан жумушка киришип жаткан адамды жумуш ордунан кайталап өткөрүүчү өрткө каршы жетекчилик көрсөтмө берүүнү КАТТОО ЖУРНАЛЫ
№ | Жетекчилик көрсөтмөнү өткөн адамдын аты-жөнү | Жетекчилик көрсөтмөдөн өтүп жаткан адамдын штаттык саны боюнча кызматы | Жетекчилик көрсөтмөнү өтүп жаткан адам өткөн жетекчилик көрсөтмөнүн аталышы | Жетекчилик көрсөтмөдөн өткөн адамдын кол тамгасы | Жетекчилик көрсөтмөдөн өткөргөн адамдын кол тамгасы | Эскертүү |
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 7-тиркеме |
Өрт коопсуздугунун белгилери
1. Өрт коопсуздугунун белги берүүчү түстөрү
1.1. Төмөнкүдөй белги берүүчү түстөр бекитилген: кызыл, сары, жашыл жана көк. Белги берүүчү түстөрдүн мааниси 1-таблицада келтирилген.
1-таблица
Белги берүүчү түс | Белги берүүчү түстүн негизги мааниси | Контрасттык түс |
Кызыл | Тыюу салуу, түздөн-түз коркунуч, өрт өчүрүү каражаттары | Ак |
Сары | Эскертүү, коркунучтун ыктымалдыгы | Кара |
Жашыл | Милдеттендирме, коопсуздук | Ак |
Көк | Көрсөтмө, маалымат | Ак |
Кызыл белги берүүчү түс төмөнкү учурларда колдонулат:
а) өрт коопсуздугунун белгилеринин көрсөткүчтөрүндөгү жазууларда жана өрт коопсуздугун түшүндүргөн белгилерде жана символдордо;
б) өрт техникасын белгилөөнүн кийинки типтеринде:
өрт суу түтүктөрүнүн тейлеген насос станциялардын өрт насосторунда жана өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунда; өрт өчүрүү орнотмолорунун аракетке келтирүү каражаттарында, өрт мотопомпаларында; түтүн соргучтарда; өрт өчүрүү жабдууларында (колонкалар, крандардын вентилдери, гидрант-колонкалардын жердеги бөлүктөрүндө, жогорулатылган көбүк генераторлору, лафеттик сөңгөк, жер алдындагы гидранттардын капкактары); кол түрүндөгү аракетке келтирүүсү менен өрт коркунучун кабарлоочуларда; өрт өчүргүчтөрдө, анын ичинде жылма көмүр кислоталуу өрт өчүргүчтөр жана өрт өчүрүүнүн орнотмолорунда; өрт өчүрүү шаймандарында (чакалар, ящиктер, кум салгычтар, крандардын кол кассеталары); өрт өчүрүү шаймандарынын кармагычтарында (багрлар, күрөктөр);
в) өрт шаймандарын жана өрт өчүргүчтү бекитүү үчүн ак түстөгү щиттин жээктегичи. Жээктегичтин эни 30 мм дан 100 ммга чейин болушу керек.
Спинклердик жана дренчердик сугаргычтарды, кошулуучу түтүктөрдү жана башка стационардык түрдө орнотулган өрт техникасынын же ыкчам таанууну талап кылбаган, анын элементтеринин түрлөрүн Кызыл түстөгү лак материалдары менен боёгонго жол берилбейт.
1.2. Сары белги берүүчү түстү мүмкүн боло турган коркунучту эскертүү үчүн колдонуу керек.
Объекттердин жана элементтердин эскертүүчү боёгу (өндүрүштүк жабдуулардын ачык кыймылдуу бөлүктөрүнөн: айланма кармагычтар, маховиктер, станоктордун кыймылдуу көзөңдөрү, крандардын багыттагычтары ж.б. тышкары) бурчу 45-60 градус кыйшайган, эни 30 мм ден 200 мм ге чейинки эни 1:1 катышындагы сары белги берүүчү жана кара түстөрдүн кезектеме тилкелер түрүндө болушу керек. Тилкенин кеңдигин объекттин өлчөмүнө жана белги көрүнө турган аралыкка жараша аныктоо керек.
1.3. Жашыл белги берүүчү түсүн эвакуациялык же кошумча чыгуучу эшиктер жана жарык таблолору (жашыл фондо ак түстөгү жазуу), декомпресстелген камералар, белги берүүчү лампалар үчүн колдонуу керек.
1.4. Көк белги берүүчү түсү көрсөткүч белгилер үчүн колдонулат.
2. Өрт коопсуздугунун белгилери. Форма. Түс. Көлөм. Максаты
2.1. 2-таблицада коопсуздук белгилеринин төрт тобу аныкталган.
2-таблица
Топтун номери | Белгинин аталышы | Белгинин формасы | Эскертүү |
1 | Тыюу салуучу | Сүрөт | Белгиге же табличкага түшүндүрмө жазууларды келтирүүгө болот (жаңы киргизилген белгилер үчүн) |
2 | Эскертүүчү | Сүрөт | Белгиге же кошумча табличкага түшүндүрмө жазууларды келтирүүгө болот |
3 | Милдеттендирүүчү | Сүрөт | Белгиге түшүндүрмө жазууларды келтирүүгө болот |
4 | Көрсөтмө берүүчү | Сүрөт | Белгиге түшүндүрмө жазууларды келтирүүгө болот |
2.2. Өрт коопсуздугунун белгилеринин аракетин тактоо, чектөө же арттыруу керек болгон учурларда түшүндүрмө жазуулары же көрсөткүчтүү багыттагычы бар тик бурчтуу формадагы кошумча табличкаларды колдонууга уруксат берилет.
2.3. Кошумча табличкаларды коопсуздук белгилеринин астында горизонталдуу же анын оң жагына вертикалдуу жайгаштыруу керек. Кошумча табличканын узундугу диаметрден ашпашы керек же өрт коопсуздук белгисинин тиешелүү тарабынын узундугуна туура келиши керек.
2.4. Өрт коопсуздук белгилеринин жана кошумча табличкалардын көлөмдөрү байкоочуга карата аралыкка карап, ошондой эле 3-таблицада көрсөтүлгөн белгилердин колдонуу аймагына туура келиши керек.
3-таблица
Белгинин өлчөмүнүн номери | Белгинин байкоочуга чейинки аралыгы (м) | Белгилердин көлөмдөрү, мм | Кошумча табличкалардын өлчөмү | Белгини колдонуу аймагы | ||
тыюу салуучу белги (сырткы диаметри), милдеттендирүүчү белги (квадраттын тараптары) | эскертүүчү белги (үч бурчтуктун капталдары) | Көрсөтмө берүүчү (тик бурчтуктун тараптары) | ||||
1 | 20 чейин | 280 | 360 | 280x360 | 280x85 280x110 360x120 360x180 | Бөлмөлөрдүн эшиктеринде |
2 | 20дан 40ка чейин | 360 | 450 | 360x450 | 360x120 360x140 450x140 450x180 | Чакан жана орто бөлмөлөрдө |
3 | 40тан 50гө чейин | 560 | 710 | 560x710 | 560x170 560x220 710x210 710x280 | Чоң бөлмөлөрдө жана бөлмөлөрдөн сырткары |
4 | 50дөн 70ке чейин | 710 | 900 | 710x900 | 710x210 710x280 900x260 900x360 | Чоң бөлмөлөрдө жана бөлмөлөрдөн сырткары |
5 | 70тен 100гө чейин | 900 | 1120 | 900x1120 | 900x260 900x360 1120x340 1120x450 | Чоң бөлмөлөрдө жана бөлмөлөрдөн сырткары |
Эскертүү.
1. Эскертүүчү белгилер үчүн үч бурчтуктун теориялык жагын беришет (бурчтарды тоголоктоону эске албай).
2. Түшүндүрмө жазуусу бар кошумча табличкалардын бийиктигин жазуунун саптарынын санына карап көбөйтүүгө уруксат берилет.
3. Бурчтарды тоголоктоонун радиусу төмөнкүдөй болушу керек:
үч бурчтуу формадагы белгилерде - капталдары 0,05;
квадрат формадагы белгилерде - капталдары 0,04;
тик бурчтук формасындагы белгилерде жана табличкаларда - кичинекей капталдары 0,02.
4. Чакан көлөмдөгү белгилерди колдонууга уруксат берилет. Көлөмдөрдүн ортосундагы айкалышы 3-таблицада көрсөтүлгөнгө төп келиши керек.
2.5. Өндүрүштүк жабдуулар жана таралар үчүн коопсуздуктун тыюу салуучу жана эскертүүчү белгилеринин көлөмдөрү 4-таблицада көрсөтүлгөндөргө ылайык болушу керек.
4-таблица
Жабдуулар үчүн белгилердин өлчөмү | Жабдуулар үчүн белгилердин көлөмдөрүнүн номерлери | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |
Сырткы диаметри, мм | 20 | 30 | 40 | 60 | 80 | 120 |
Үч бурчтуктун капталдары, мм | 25 | 40 | 50 | 80 | 100 | 160 |
2.6. Кошумча табличкалар алар менен бирге колдонгон белгинин сигналдык түсүнө ээ болушу керек. Алардагы көрсөтүүчү багыттагычтарды 1-таблицада көрсөтүлгөн контрасттык түс менен аткаруу керек.
Кара түстөгү багыттагычтары жана түшүндүрмө жазуусу бар ак түстөгү кошумча табличкаларды колдонууга уруксат берилет.
2.7. Белгилердин жана табличкалардын габариттик көлөмдөрүнөн четтөөнүн чеги + же -2%.
2.8. Тыюу салуучу белгилер
2.8.1. Айрым иш-аракеттерге тыюу салуу үчүн арналган белгилер.
2.8.2. Белгилер төмөнкүдөй болушу керек: ичинде ак түстөгү талаасы, белгинин контуру боюнча ак кыюусу жана ички ак талаада капталынан чийилген кызыл түстөгү сызыктуу (эңкейиштин бурчу 45 градус, жогорку сол жагынан ылдый оңду карай), кара түстөгү символикалык элес сүрөтү бар кызыл түстүү айлана. Кызыл түстөгү шакектин энинин сырткы диаметри 0,09-0,1 барабар болушу керек, ал эми капталдаган кызыл сызыктын энинин сырткы диаметри - 0,08, белгинин контуру боюнча ак кыюунун энинин сырткы диаметри - 0,02.
Кызыл түстөгү шрифт менен аткарылган түшүндүрмө жазуусу бар тыюу салуучу белгилерди колдонууга уруксат берилет. Бул учурда капталдагы кызыл сызыктын кереги жок.
2.8.3. Тыюу салуучу белгилердин мааниси, элес сүрөтү жана орнотуу орду 5-таблицада көрсөтүлгөн.
5-таблица
№ | Мааниси | Сүрөтү | Орнотуу орду |
1 | Ачык отту пайдаланууга тыюу салынат | Сүрөт | Өрт жана жарылуу-өрт коркунучу бар материалдар жана заттар сакталган кампалардын эшиктеринин сыртында, ошол кампалардын ичинде; көрсөтүлгөн материалдар жана заттар менен иштеген участокторго кирүүчү жерлерде; жарылуу же тез күйүү коркунучу бар жабдууларда; өрт жана жарылуу-өрт коркунучу бар материалдарды жана заттарды сактоо жана транспортировкалоо тараларында |
2 | Тамеки чегүүгө тыюу салынат | Сүрөт | 1-белги болгон жерлердин баарында жана ууландыруучу заттар болгон жерлерде |
3 | Кирүүгө (өтүүгө) тыюу салынат | Сүрөт | Кооптуу аймактарга кирүү зоналарында, ошондой эле бөтөн адамдар үчүн кирүүгө болбогон бөлмөлөрдө жана зоналарда |
4 | Суу менен өчүрүүгө тыюу салынат | Сүрөт | Өрт чыккан учурда суу менен өчүрүүгө (щелочтуу металлдар ж.б.) тыюу салынган материалдарды сактоо жана иштөө үчүн арналган бөлмөлөрдүн жана жайлардын кире беришинде |
5 | Түшүндүрмө жазуусу бар тыюу салуучу белги | Сүрөт | Түшүндүрмө жазуу айткан кооптуу абал менен байланышкан жайларда жана зоналарда |
6 | Электр жылыткыч шаймандарын колдонууга тыюу салынат | Сүрөт | Өрт коопсуздугун сактоо үчүн электр жылыткыч шаймандарын колдонууга тыюу салынган зоналардын кире беришинде |
2.9. Эскертүүчү белгилер
2.9.1. Бул белгилер иштеп жаткан адамдарды мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө эскертүү үчүн арналган.
2.9.2. Белгилер: бурчтары тоголоктолгон, сары түстөгү, чокусу менен жогору караган тик бурчтуу үч бурчтук, капталынын эни 0,05 болгон кара түстөгү кыюусу бар жана кара түстөгү символикалык элестүү сүрөтү менен болушу керек.
2.9.3. Эскертүүчү белгилердин мааниси, элестүү сүрөтү жана орнотуу орду 6-таблицада көрсөтүлгөн.
6-таблица
№ | Мааниси | Элес сүрөтү | Орнотуу орду |
1 | Абайла! Оңой күйүүчү заттар | Сүрөт | Кампалардын кирүүчү эшиктеринде, кампалардын ичинде, сактоо жайларында, оңой күйүүчү заттар менен иштеген участокторго кирүүчү жерлерде |
2 | Абайла! Жарылуу коркунучу | Сүрөт | Кампалардын эшиктеринде, кампалардын ичинде, сактоо жайларында, жарылуу коркунучу бар материалдар жана заттар менен иштеген участокторго кирүүчү жерлерде, ал заттарды сактоо жана транспортировкалоо тараларында |
3 | Абайла! Башка коркунучтар | Сүрөт | Мүмкүн болуучу коркунуч жөнүндө эскертүү зарыл болгон жерлерде; т түшүндүрмө жазуусу бар табличкалар менен гана колдонулат |
2.10. Буйруучу белгилер
2.10.1. Бул белгилер эмгектин конкреттүү коопсуздук талаптарын (иштегендерди коргоо каражаттарын милдеттүү колдонуу, эмгектин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү), өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууда жана эвакуациялоо жолдорун көрсөтүү үчүн гана иштегендердин айрым аракеттерине уруксат берүү үчүн багытталган белгилер.
2.10.2. Белгилер төмөнкүдөй болушу керек: эни квадраттын капталынын 0,02 ак кыюусу бар жашыл түстөгү квадрат жана квадрат формасындагы ак талаасы ичинде бар, анын капталы жашыл түстөгү квадраттын капталынын 0,7 барабар. Ак түстөгү квадрат талаанын ичинде кара түс менен символикалык элес сүрөт же түшүндүрмө жазуулар жазылышы керек. 7-таблицанын 1-белгисинде түшүндүрмө жазуу кызыл түс менен жазылышы керек. 7-таблицанын 2 жана 3-белгилери бүтүндөй талаа боюнча жашыл фондо болушу керек, ал эми символдор жана контур боюнча кыюулар ак түстө болушу керек.
2.10.3. Белгилердин мааниси, элес сүрөтү жана орнотуу орду 7-таблицада көрсөтүлгөн.
7-таблица
№ | Мааниси | Элес сүрөт | Орнотуу орду |
1 | Өтмөк бош болсун! | Сүрөт | Өрт өчүрүү техникасы менен эвакуациялык же кошумча эшиктер жайгашкан жерлерге кирүүчү жолдордо |
2 | Бул жерден чыгуу керек! | Сүрөт | Эвакуациялык же кошумча эшиктерде, эвакуациялоо жолдорунда. Эвакуациялоо жолдорунда багыттоочу сызыктары бар кошумча табличканы колдонушат. Эскертүү: 1. Белгини түз жана күзгүдөн чагылгандай абалда жасашат. 2. Табличкадагы багыттоочу сызыктын багыты эвакуациялоонун багыты жана белгиде көрсөтүлгөн чуркап бара жаткан адамдын кыймылынын багыты менен дал келиши керек. 3. Багыттоочу сызыгы бар табличканы горизонтко карай 30 градус бурчтанган белгинин алдына жайгаштырууга болот. 4. Багыттоочу сызык табличканын бетинен рельефтүү бөлүнүп турушу керек. |
3 | Эшик жабык болсун | Сүрөт | Өрт учурунда чыгуучу эшиктердин, ошондой эле башка багыттагы эшиктердин эки тарабы тең коопсуздук үчүн жабык абалы болуусу талап кылынат |
2.11. Көрсөтүүчү белгилер
2.11.1. Бул белгилер ар түрдүү объекттердин жана каражаттардын, медициналык жардам пункттарынын, суу ичүүчү пункттардын, өрт өчүрүү постторунун, өрт крандарынын, гидранттардын, өрт өчүргүчтөрдүн, өрт коркунучу жөнүндө билдирүү пункттарынын, кампалардын, устаканалардын жайгашкан ордун көрсөтүүгө багытталган.
2.11.2. Белгилер төмөнкүдөй болушу керек: көк түстөгү тик бурчтук контуру боюнча ак кыюу менен кыюуланган, эни 0,02 тик бурчтуктун кичине тарабынан ичинде ак квадраты бар, анын тарабы тик бурчтуктун кичине тарабынын 0,7 барабар. Ак квадраттын ичинде кызыл түстөгү символикалык элес сүрөт же түшүндүрмө жазуулар болушу зарыл.
2.11.3. Көрсөтүүчү белгилерде багыттоочу сызыкты жана объектке чейинки аралыкты белгинин төмөн жагында (ак квадраттын алдында) ак түс менен көрсөтүүгө уруксат берилет.
2.11.4. Белгилердин мааниси, элес сүрөтү жана орнотуу орду 8-таблицада көрсөтүлгөн.
8-таблица
№ | Мааниси | Элес сүрөт | Орнотуу орду |
1 | Өрт өчүргүч | Сүрөт | Багыты боюнча жана өрт өчүргүчтөрдүн жайгашуу ордунда |
2 | Өрт жөнүндө билдирүү пункту | Сүрөт | Өрт жөнүндө билдирүү пунктун көрсөтүү үчүн өндүрүштүк бөлмөлөрдө жана анын аймагында |
3 | Өрт өчүрүүчү суу булагы | Сүрөт | Өрт өчүрүүчү машиналарды коюу үчүн өрт өчүрүүчү көлмөлөрдүн ордунда же аны көздөй бараткан жерде |
4 | Өрт өчүрүүчү кран | Сүрөт | Өрт өчүрүүчү кран жайгашкан жерде |
5 | Өрт өчүрүүчү кургак түтүк орноткуч | Сүрөт | Сууну туташтыруу жана берүү үчүн өрт өчүрүүчү кургак түтүк орноткуч жайгашкан жерде |
6 | Түтүндү жана жылуулукту жок кылууну башкаруу органдары | Сүрөт | Түтүндү жана жылуулукту жок кылууну башкаруу органдары жайгашкан жана аны көздөй багытталган жерде |
7 | Конструкцияны ачуу орду | Сүрөт | Өрт болгон учурда ачууга арналган курулуш конструкцияларынын участоктору жайгашкан жана аны көздөй багытталган жерде |
2.12. Коопсуздук белгилерин тик бурчтук формадагы бирдиктүү блокко түшүндүрмө жазуу менен айкалыштырууга жол берилет. Коопсуздук белгиси блоктун сол бөлүгүндө жайгаштырылышы керек. Блоктун бийиктиги белгинин бийиктигинен 15% жогору (3-таблица боюнча), блоктун узундугу - анын бийиктигинен 2 же 3 эсе жогору болушу керек. Блок тик бурчтуктун кичине тарабынын узундугунун эни 0,05 болгон кыюу менен кыюуланышы керек. Анын түсү коопсуздук белгисинин сигналдык түсүнө туура келиши керек.
Түшүндүрмө жазууну ак фондо кызыл түс менен жазуу керек. Чоң тарабына блоктун вертикалдуу жайгашышына уруксат берилет.
2.13. Эвакуациялык же кошумча чыгуучу эшиктерди жарык болуп туруучу "Чыгуу" деген жашыл фонго ак түстөгү жазуу менен белгилөө керек.
3. Техникалык талаптар
3.1. Белги берүүчү түскө ээ беттер, коопсуздук белгилери сыяктуу эле, түстөрдүн жана белгилердин түшүндүрмө маанисин ар дайым так кабыл алууну камсыздаган абалда болушу керек.
3.2. Белги берүүчү түстөрдү лак жана боёк материалдарын, порошок полимердик боёкторун, желимдерди жана башка материалдарды колдонуу менен аткаруу керек.
3.3. Объекттерди белги берүүчү түстөргө боёо үчүн жана коопсуздук белгилерин түс менен жасалгалоо үчүн колдонулган материалдар берилген мүнөздөмөлөргө, ошондой эле объекттин материалына жана аны эксплуатациялоо шарттарына туура келген түстөрдү алууну камсыз кылышы керек.
3.4. Боёк менен жабуу бир кылка, эч кандай бүртүкчөлөрсүз, тактары жок болушу керек, катмарланбашы жана ал жапкан беттин эксплуатациялык касиеттерин начарлатпашы керек.
3.5. Түс өзгөргөндө жана анын талаптарына жооп бербегенде объекттердин белги берүүчү түстөрүн жана коопсуздук белгилеринин түстүк жасалгаларын жаңыртып боёо же белгини жаңысы менен алмаштыруу керек. Ошондой эле белгилер бузулуп же сынып калса да, жаңысына алмаштыруу зарыл.
3.6. Коопсуздук белгилери жалпак же көлөмдүү конструкцияга ээ болушу керек. Эки учурда тең символдорду жана түшүндүрмө жазууларды белгинин бир же эки тарабына тең жазуу керек.
3.7. Көлөмдүү белгилердин конструкциясы корпустардын бардык кошулуу тыгыздыгын, бекиткичтердин ишенимдүүлүгүн, ошондой эле техникалык кызмат көрсөтүүдө жана оңдоодо монтаждын жана демонтаждын жөнөкөйлүгүн камсыз кылышы керек.
3.8. Караңгы учурда же көрүү шарттары начар болгондо колдонулган белгилер жарык менен жарык кылынышы керек. Караңгы мезгилде белгилердин, табличкалардын жана блоктордун көрүүгө ыңгайлуулугун камсыз кылуучу бардык түзүлүштөр, алардын түсүн өзгөртпөшү, ошондой эле жарык учурда алардын көрүнүшүн начарлатпашы керек.
3.9. Өрт коопсуздугунун белгилери жана эвакуациялык же кошумча чыгуу эшиктерин көрсөткүчтөр жарык кылуу үчүн өздүк автономдуу электр энергиясынын булагы менен камсыздалышы керек.
3.10. Коопсуздук белгилери болгон жалпак белгилер, табличкалар жана блоктор калыңдыгы 0,5тен 1,5 мм чейин болгон жалпак металлдан даярдоо керек, ошондой эле желимден же жыгачтан жасоого да болот, эгерде андан жасалган белгилер ар кандай атмосфералык шарттарда бекемдикти, катуулукту жана чыдамдуулукту камсыз кыла алган шарттарда.
3.11. Белгилерди, табличкаларды жана блокторду бекитүү үчүн ыңгайлашкан жабдуулар боз же боз-күмүш түскө боёлушу керек.
3.12. Жарылуу жана өрт коркунучу бар бөлмөлөрдө, ал бөлмөлөрдүн эшиктеринде, ошондой эле жарылуу жана өрт коркунучу бар технологиялык орнотмолордун жанындагы ачык аянтчаларда орнотулган жасалма жарыкталышы бар коопсуздук белгилери корголушу керек. Коопсуздук белгилеринин коргоо даражасы курулуш нормаларында жана эрежелеринде белгиленген, жарылуу жана өрт коркунучу боюнча алар жайгашкан жерлердин категорияларына туура келиши керек.
. |
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 8-тиркеме |
Өрткө каршы абалды байкоо ЖУРНАЛЫ ____________________________________________ (объекттин аталышы)
№ | Мөөнөтү, убактысы жана текшерүүчүнүн аты-жөнү | Өрткө каршы табылган кемчиликтердин аталышы, аларды жоюу үчүн кимге жана кандай сунуштар берилди | Кемчиликтерди жоюу мөөнөтү | Жоюуларды белгилөө. Текшерүүчүнүн колу | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерине 9-тиркеме |
Жумуш күнү аяктагандан кийин ар кандай функциялык багыттагы бөлмөлөрдү жабуу алдында карап чыгуу ЖУРНАЛЫ
№ | Кампанын, лабораториянын, бөлмөлөрдүн аталыштары | Карап чыгуунун мөөнөтү жана убактысы | Карап чыгуунун жыйынтыктары | Карап чыккан адамдардын аты-жөнү | Карап чыккан адамдардын кол тамгасы | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|